Сабактын темасы: Газ абалынын параметрлери.
Сабактагы өтүлүүчү материалдар жана тапшырмалар:
Газ абалынын параметрлер;
Бойль-Мариоттун, Гей-Люссактын, Шарлдын закондорунун графиктерин көрсөтүшөт;
Изохоралык, изотермалык жана изохоралык процесстердин формуласын пайдаланып маселе иштегиле;
Сабактын критерийлери:
Газ абалынын аныктоочу параметрлердин байланышын аныктай алса;;
Бойль-Мариоттун, Гей-Люссактын, Шарлдын закондорунун графиктерин көрсөтө алса;
Изохоралык, изотермалык жана изохоралык процесстердин формуласын пайдаланып маселе иштесе;
Өзүн-өзү контролдоо сезимине ээ болуп сын көз карашын өнүктүрүүгө, терең жана кеңири ой жүгүртүүгө тарбияланышса;
Сабакка активдүү катышса;
Кайталоо үчүн жана жаңы темага өбөлгө түзүүчү суроолор:
Молекулалык-кинетикалык теориянын негизги үч жобосун айтып бергиле?
Заттын санынын формуласы кандай жазылат ?
Менделеев – Клайперондун теңдемесин көрсөткүлө
Кельвин шкаласы менен Цельсий шкаласынын ортосундагы айырманы аныктагыла
Жаңы тема:
Газдардагы башка нерселердеги кубулуштарды түшүндүрүү үчүн дайыма эле молекулалык-кинетикалык теорияга кайрылып отурбастан макротелолордун, газдардын айрым молекулаларынын гана эмес, нерсени түзгөн бүткүл молекулага тиешелүү болгон бир аз сандагы физикалык чоңдуктар менен мүнөздөлөт. Алар: көлөм V, басым Р, температура Т болуп эсептелет.
Ар кандай макроскопикалык нерсе, же макронерселердин системасы термодинамикалык система деп аталат.
Нерсенин молекулалык түзүлүшүн эске албастан эле термодинамикалык системанын абалын мүнөздөөчү чоңдуктар макроскопикалык (термодинамикалык) параметрлер деп аталат.
Газдын абалын аныктоочу параметрлер жогорудагы V1Р1Т1 менен эле чектелип калбайт. Газдардын аралашмасы жөнүндө сөз жүргөндө, анын ар бир компонентинин концентрациясын да эсепке алууга тийиш болот.
Үч параметрдин бирөө турактуу болуп, калган эки параметрдин ортосундагы сандык көз карандылык газ закондору деп аталат.
Газдын температурасын турактуу кармап, басым менен көлөмдүн ортосундагы көз карандылык изотерма (“изос” – “бирдей”, “термос” – “жылуу” деген латын сөздөрүнөн алынган) процесси деп аталат.
Бул процесс англиялык окумуштуу Бойль, француз окмуштуусу Мариотт тарабынан изилденгендиктен Бойль-Мариотт закону деп аталган.
Турактуу температура кезинде газдын берилген массасынын басымы газдын (берилген массасынын) көлөмүнө тескери пропорциялаш болот же турактуу температура кезинде газдын берилген массасынын көлөмүнүн басымына болгон көбөйтүндүсү турактуу чоңдук болот. Бул процесс (1-сүр.) графикте изотерма сызыгын берет. Бойль-Мариотт закону идеалдык газдар үчүн толук аткарылат да реалдык газдар үчүн жакындаштырылган закон болуп эсептелинет.
Газдын (Р) басымы турактуу болуп, (V) көлөм менен (Т) температура арасындагы көзкарандылык изобара (“изос” – турактуу, “барос” – басым, оордук, салмак, грек сөзү) процесси деп аталат. Бул процессти ачкан француз окмуштуусунун урматына Гей-Люссак закону деп аталат.
Турактуу басым кезинде газдын берилген массасынын көлөмү температурага түз пропорциялаш болот.
2-сүрөттөгү графикте V көлөмү менен абсолюттук Т температурасынын ортосундагы көзкарандылык көрсөтүлгөн. Бул сызык изобара сызыгы деп аталат.
.
Параметрлердин ичинен V көлөмү турактуу болгон учурду карайлы.
Турактуу көлөм кезинде газдын берилген массасынын басымы температурага түз пропорциялаш өзгөрөт. Бул процесс изохора (“изос” – бирдей, “хорема” – сыйымдуулук, көлөм деген грек сөзү) процесси деп аталат.
Бул закон 1787-жылы аны ачкан француз окмуштуусу Шарлдын урматына Шарль закону деп аталып, төмөнкүчө жазылат:
3-сүрөттөгү графикте Р басым жана Т температуранын арасындагы көзкарандылык туюнтулган изохора сызыгы көрсөтүлгөн.
Бышыктоо: Маселе иштөө
№502 Р. Басымы 0,2 МПа жана температурасы 15
газдын көлөмү 5л. Нормалдуу шартта мындай массадагы газдын көлөмү канчага барабар?
Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
Р1=0,2МПа2105Па t1=15 =288K V1=5л510-3м3 Р2 = 101325Па T2 = 273K V2 - ? | | Жообу: |
№503 Р. ЗИЛ-130 автомобилинин кыймылдаткычынын цилиндрдеги кысуу тактынын акырында жумушчу аралашмасынын температурасы 50
ден 250
ге чейин жогоруласа, ал эми көлөмү 0,75л ден 0,12л ге чейин кичирейсе, андагы басым кандайча болуп калыптанат? Баштапкы басым 80кПа га барабар.
Берилди | Формула | Чыгаруу |
t1 = 50 323К t2 = 250 = 523K V1=0,75л7,510-4м3 V2=0,12л1,210-4м3 Р1=80кПа8104Па Р2 - ? | | Жообу: |
№505 Р. КамАЗ-5320 автомобилинин дизелдик кыймылдаткычынын цилиндриндеги кысуу тактынын башталышында абанын температурасы 50
болчу. Эгер тактынын акырында анын көлөмү 17 эсе кичирейсе, ал басымы 50 эсе чоңойсо, абанын температурасын тапкыла.
Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
t1 = 50 323К V1 = 17V2 Р2 = 50Р1 t2- ? | | Жообу: |
№512 Р. Газдын басымын 1,5 эсе көбөйткөндө көлөмү 30мл ге азаят. Баштапкы көлөмүн тапкыла.
Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
Р2 = 1,5Р1 V2 = V1-30мл V1- ? | | Жообу: |
№522 Р. Эгерде газ 27
кезинде 6л көлөмгө ээ болсо, 77
де кандай көлөмгө ээ болот?
Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
t2 = 77 350К t1 = 27 = 300K V1 = 6л V2 - ? | | Жообу: |
№531 Р. 27
температурада жабык идиштеги газдын басымы 75кПа болгон. -13
температурада анын басымы кандай болот?
Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
t1 = 27 300К Р1 = 75кПа t2 = -13 260К Р2 - ? | | Жообу: |
№532 Р. Иштебей турган абалында, газ толтурулуучу кызытма электр лампасынын колбасындагы газдын басымы 7
температурада 80кПага барабар. Эгер иштөө режиминде басым 100kПа га чейин чоңойсо, күйүп турган лампадагы газдын температурасын тапкыла.
Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
t1 = 7 280К Р1 = 80кПа Р2 = 100кПа t2 - ? | | Жообу: |
| |
Жыйынтыктоо:
Газ абалын аныктоочу параметрлер кайсылар?
Изотерма процесси – Бойль-Мариотт закону кандайча окулат?
Изобара процесси – Гей-Люссак закону кандайча окулат?
Изохора процесси – Шарль закону кандайча окулат?
Үйгө берилүүчү тапшырмалар:
1. 100кПа басым астында газ 30л көлөмдү ээлейт, 150кПа басымда канча көлөмдү ээлейт? Жообун л менен бергиле.
Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
Р1=100кПа106Па V1=30л 3010-3м3 Р2=50кПа15104Па V2 - ? | | Жообу: |
2. 300кПа басым астында кысылган газ 6л көлөмдү ээлейт. Температура турактуу кезинде кеңейип, газ көлөмүн 24л ге чейин чоңойтсо, газдын басымы кандай? Жообун KПа менен бергиле.
Берилди: | Формула: | Чыгаруу |
Р1 = 300кПа =3105Па V1 = 6л 610-3м3 V2 = 24л 2410-3м3 Р2 - ? | | Жообу: |
Баалоо: Студенттер баалоо критерийлеринин негизинде бааланат
Колдонулган адабияттар:
Физика окуу китеби. 10-класс.
А.П.Рымкеевич. Физика боюнча маселелер жыйнагы.
Тесттик тапшырмалар.