СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Генетикалык сабак

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мыкты окуучулар иштоого жардам берет

Просмотр содержимого документа
«Генетикалык сабак»

Биология Сабактын планы. 10-класс


Сабактын

темасы: Генетика боюнча маселелерди чыгаруу


Сабактын

максаты: а) окуучулар организмдин генотибин аныктоону уйронушот, генетика боюнча маселе чыгарууда генетика курсунан отулгон негизги билим-билгичтиктерди колдоно билууну уйронушот жана маселе чыгарууда орду менен пайдаланышат. Маселени чыгаруунун кыска жолун табышат логикалык жактан туура талдап, так бутум чыгарышат.

б) окуучулардын логикалык ой жугуртуусу, эрки, эмоциясы, психикалык процесстери( акыл-эси, ойлоосу, суйлоосу) билим-билгичтигин пайдалануу менен озунун оюн далилдей билуусу, биология сабагына кызыгуусу жана суйуусу, биологиялык тил менен суйлоосу онугот.

в) Окуучулар таанып-билуу муктаждыгына, кандайдыр бир иш аракеттерге далилдуу баа берууго, эмгектенууго, теориялык алган билимин практикада колдоно билууго тарбияланышат.


Сабактын

тиби: Комбинацияланган


Сабактын

методу: жалпы педагогикалык, жалпы логикалык, интерактивдуулук.


Сабактын

жабдылышы: 1) Генетика боюнча маселе чыгарууда колдонулуучу символдорду эске тушуруу учун таблица.

2) Эки уй-булодогу уч муундун аралыгындагы сологойлуктун тукум куучулук схемасы, корсотулгон схема.

3) Маселелерди анализдоо, салыштыруу, синтездоо, окуучулардын ык-машыгуусун, кондумдорун текшеруу учун тузулгон схема, таблица, пеннеттин торчолору.

4) Убакытты уномдоо учун маселенин тексти жазылган плакаттар


Сабакта

колдонулган

адабияттар:

1) «Жалпы биология» 10-11- класс А.Т.Токтосунов. С.С. Рустембеков.

2) « Жалпы биология сабактары» В.М. Корсунская,

Г.Н. Мироненко 300-326-беттер.

3) Интернет булактары.






Сабактын

журушу:

Киришуу

а) уюштуруу

б) отулуучу темага карата окуучулардын конулун буруу.

Бугунку отуло турган тема «Генетика боюнча маселелерди чыгаруу»

Теманы кабыл алуу жана оздоштуруу учун суроолор:

Сабактын көрсөткүчтөрү:

1.Бул терминдерди билсе генетика боюнча маселе чыгара билишет.

2. символдорду билсе

3. эрежелерди билсе

  • 1)Генетика

  • 2) Генотип

  • 3) Фенотип

  • 4)Гетерозигота

  • 5) Гомозигота

  • 7) Аллелдик гендер

  • 8)Доминанттык белги

  • 9) Рецессивдуу белги

  • 10) Гамета

  • 11) Гибрид


Генотип- организмдин хромосомада топтолгон тукум куугучтугунун негизи, гендердин жыйындысы.Б.а.организмдин ата-энесинен алган гендердин жыйындысы.

Фенотип-организмдин жекече орчуусундо пайда болгон сырткы белгилеринин жана касиеттеринин жыйындысы. Б.а. генотиптин сырткы чойронун шарттары менен оз ара аракеттенишуусунун натыйжасында фенотип оорчуйт.

Гомозигота- организмдин тукум куугучтук негизинин (генотиптин ) бир турдуулугу, тукумунда белгилердин ажыроосу болбогон,озунун белгилерин таза сактаган организмдер.Мейоз учурунда –тугойлуу хромосомалар ажыраган учурда гомозиготалардан окшош гаметалар пайда болот.

Гетерозигота- организмдин тукум куугучтук негизинин (генотиптин ) ар турдуулугу, тукумунда белгилердин ажырашы жургон организмдер.б.а. ата-энесинен кээ бир касиеттери боюнча айырмаланып турат. Мейоз учурунда –тугойлуу хромосомалар ажыраган учурда гетерозиготалардан ар турдуу гаметалар пайда болот.

Аллелдик гендер- жуп гендер.булар гомологиялык б.а. жуп хромосомаларда орун алган мейоз учурунда ар кандай гаметаларга ажырап кетет.М: буурчактын жашыл ону менен сары онун берген гендер. Ал эми жашыл тусту берген ген менен быдырлуу форманы берген ген аллелдик ген боло албайт.

Доминантто кубулушу- бир белгинин экинчи белгиге басымдуулук кылышы. Доминанттык белги -бул басымдуулук кылган белги


Рецессивдуу белги-сырткы корунушу боюнча жок болуп кеткендей болгон басылып калган белги.

Гибрид- тукум куучулук башталмаларында айырмачылык бар особдордун натыйжасында алынган организмдер.

Негизи:

Маселени чыгара билуу учун томонку эрежелерди билуу керек:

Маселени чыгаруу учун томонку символдорду колдонобуз:

  • Генетика боюнча маселе чыгарууда колдонулуучу символдорду эске тушуруу учун таблица.

  • Гаметалар ар бир жуптан бирден генди алып келет.

  • Гендер гаметалар аркылуу ата-энелеринен муундарына берилет.

  • Баласы бир генди атасынан, бир генди апасынан алат.

  • Гомозиготалуу организмдерди аргындаштырганда 100% гетерозиготалуу орг.алынат.

  • Гетерозиготалуу организмдерди аргындаштырганда фенотиби боюнча 3:1,

генотиби боюнча 1:2:1 катышында гибриддер алынат.

  • Анализдоочу аргындаштырууда ресессивдуу белги менен жургузобуз.

  • Анализдоочу организм гомозиготалуу болсо 100% гетерозиготалуу организм алынат. Доминанттык белгиге ээ болот.

  • Анализдоочу организм гетерозиготалуу болсо 50% гетерозиготалуу организм доминанттык белгиге ээ болгон, 50% гомозиготалуу рецессивдик белгиге ээ болгон организм алынат.


Откон сабактагы генетика курсунан отулгон билимдерди кайталап алдык. Эми практикада маселе чыгаруу менен бекемдейбиз.



Ата-энелердин жана алардын муундарынын генотиби жана фенотиби боюнча организмдердин генотибин аныктоо.

  1. Маселе: Адамдарда он колдуулук домининттык белги болуп саналат. Бир уй булодо апасы менен кызы он колдуу, ал эми атасы менен баласы сологой.

Бул уй-було мучолорунун генотибин аныктагыла.

Чыгаруу:

Маселелерди чыгарууда 1- кунт коюп окуп тушунуу керек?Бизге маселенин шартында организмдердин фенотиби берилди. Сырткы белгиси -он колдуулук доминант экендиги берилип жатат.Биз булардын генотибин аныкташыбыз керек.



а

а

А

Аа

Аа

а

аа

аа








♀ ♂

P Аа аа



F1 Аа ♀ ♂ аа 1-пеннеттин торчосу



1-Аныктоону рецессивдуу белгиси бар организмден баштоо керек.Себеби рецессивдуу белгини алып жургон организм гомозиготалуу-аа.

Жообу; апасы менен кызынын генотиби-Аа-гетерозиготалуу

Атасы менен баласынын генотиби-аа-гомозиготалуу.



2-маселе:

Бир окуучу мага мындай суроо берди : «Эжеке, менин атам да,апам да он колдуу,

башка бир туугандарым дагы он колдуу, мен эмне учун сологоймун?»

Бул уй булонун генотибин аныктайбыз.




А

а

А

АА

Аа

а

Аа

аа

Чыгаруу:

♀ ♂

P Аа Аа

F1 А? ♀ ♂ аа 2-пеннеттин

торчосу



Бала сологой экендигин билебиз, ошол учун анын генотибин аа-деп белгилейбиз

Атасы да, апасы да, башка бир туугандары да он колдуу болгондуктан алардын баарын чон А менен белгилейбиз. Эми бала бир генди атасынан, бир генди апасынан аларын билебиз, ошондуктан чон А нын жанына кичине а ны жазабыз-Аа



Жообу: баланын ата-энеси гетерозиготалуу , ал эми эжесинин генотибин аныктоо мумкун эмес.

3-маселе:

Жогорудагы 2-маселедеги кыздын гомозиготалуу же гетерозиготалуу экендигин кантип аныктайбыз?


Чыгаруу:

Доминанттык белгиге ээ болгон организмдин генотибин аныктоодо рецессивдуу белгиси бар организм менен аргындаштыруу керек экендигин билебиз.

Эгерде ал кыз турмушка чыкканда жалан он колдуу балдар торолду деп эсептесек, анда ал гомозиготалуу деп бутум чыгарабыз.



а

а

А

Аа

Аа

А

Аа

Аа



♀ ♂

P АА аа

F1 Аа ♀ ♂ Аа 3-пеннеттин

торчосу



4-маселе:

Окуучулардын берген суроосунан улам келип чыккан маселе. Бир окуучу мага мындай деп кайрылды: «Эже мен сологоймун, мен балдарымдын сологой болушун каалабайм, мен кандай кызга уйлонушум керек?»


Чыгаруу :

Бул маселеден улам окуучуларга , адамдын генетикасын изилдоо татаал экендигин айтуу керек.

1-ден адам мал эмес, туш келди аргындаштыра бере турган.

2-ден адамдын кобойуусу узак убакытты алат.

3-дон адамдын тукуму беруусу аз.

Ошондуктан генетиканын изилдоо обьектиси, кобойуусу аз убакытты алган ( бир нече саат, бир нече ай) жана тукумду коп берген жаныбарларга ( микроорганиздерге, чычкан ж.б.) жургузулот.

Ошондой болсо дагы ал балага гомозиготалуу организмдер аргындашуудан 100% гетерозиготалуу доминанттык белгиге ээ болгон организм алынарын айтабыз.

Жыйынтыгы 3-пеннеттин торчосундай эле болот.

Жообу:

Сен гомозиготалуу генотиби АА болгон кызга уйлонгондо, бардык балдарын он колдуу, бирок гетерозиготалуу болуп торолот. Бирок бул кыздын фенотибине караганын менен генотибин аныктоо мумкун эмес.


5-маселе:

4-маселеден улам келип чыгат: генотиби гомозиготалуу организмдерден торолгон , фенотибинде он колдуу бала , он колдуу кызга уйлонду дейли. Натыйжасы 2- пеннеттин торчосундай болот.


Жообу: копчулугу он колдуу 75% жана сол колдуу 25% бала торолуу ыктымалдуулугу бар.



Бышыктоо:

Эки уй-булодогу уч муундун аралыгындагы сологойлуктун тукум куучулук схемасы:

Алынып калат. Бул схема аркылуу бир нече суроолорду тест турундо берип ЖРТга даярдап алсак болот.

1-суроо :

Сологойлуктун белгилерин алып журуучу ген кандай ген болуп саналат?

А) доминанттык ген

Б) рецессивдик ген

В) жыныс менен чиркелишкен ген

Г) толук устомдук кылбаган ген


2-суроо:

Бул 5 уй-булонун ичинен кайсы уй-було мучосунун генин так аныктоого мумкун эмес?

А) 1- уй- булодон Б) 2- уй- булодон

В) 3- уй- булодон Г) 4- уй -булодон

Д) 5- уй-булодон

3-суроо:

Бул уй-було мучолорунун канчасы гетерозиготалуу, канчасы гомозиготалуу организм?

9- гетерозиготалуу, 7 гомозиготалуу, 1-белгисиз


4- суроо:

Томондо санариптер менен пеннетин торчолору белгиленген. 1- уй-булонун генотибин кайсы пеннеттин торчосу аныктайт?

А) 1-

Б) 2-

В) 3-

Г) 4-


5-суроо: 2- пеннетин торчосу кайсы уй-булонун генотибин аныктайт?

2-5- уй-булонун


6- суроо: 1- пеннеттин торчосунда генин таза сактаган организмдин пайда болуу ыктымалдыгы канча процентти тузот?

50%


7- суроо:

2-Пеннеттин торчосунда генотиптин жана фенотиптин катышы жана проценти кандай:


Фенотипте 3:1 же 75% он колдуулук 25% сол колдуулук

Генотипте 1:2:1 же 25% гомозиготалуу организм он колдуулук, 50% гетерозиготалуу организм он колдуу, 25% гомозиготалуу сологой.


Окуучуларды баалоо:


Уй тапшырмасын беруу:

















Коптогон аллелдердин тукум куучулук аракети боюнча маселелер:

Айрым учурда аллелдик гендерге экиден коп гендер кирет. М: адамдын кан топтору.Уч аллел: А,В,0 менен аныкталат. Б.а. хромосоманын бир эле локусунунун коп жолу мутацияланышынан пайда болот.

1-маселе:

Инисинин канынын группасы I. Эжесиники IV . Булардын ата-энесиники канынын группалары кандай?

Баласынын генотиби- j0j0, себеби ата-энесинин экоонун тен канында аглютиноген жок. Ал эми эжесинин генотби JАJВ . Демек ата-энесинин бироосу JА, жана генотиби- JАj0 ал эми бироосунукуJВ, жана генотиби-JВj0

P1 ♂ JАj0 Х ♀ JВj0

G JА j0 Х JВ j0

F1 JАJВ; JАj0; JВj0; j0j0

Жообу; Ата-энесинин канынын группалары: II жана III


2-маселе:

Эгерде ата-энесинин канынын группалары II жана III болсо алардын тукумунун канынын группалары кандай болушу мумкун?

Жообу; I, II, III, IV болушу кутулот.


3-Маселе:

Атасынын канынын группасы IV, апасыныкы I группа . Алардын балдарынын каны атасыныкына окшош болушу мумкунбу?

Чыгаруу:

P1 ♂ АВ Х ♀ОО

G А В Х ОО

F1 АО;АО; ВО;ВО

Жообу; мумкун эмес.


4- маселе:

Торот уйундо эки баланы алмаштырып алышты. 1-баланын ата-энесинин канынын группасы- I жана II, ал эми экинчисиники II жана IV. Балдардын бироонуку- II группа, экинчисиники-I

Эки баланын ата-энесин аныктагыла.


Чыгаруу:

  1. ата-энелер

P1 ♀ JАj0 Х ♂ j0j0же

G JА j0 Х j0 j0

F1 JАj0; JА j0; j0j0; j0j0

Демек бул ата-энелер эки баланын тен ата-энеси

болушу мумкун.

2-ата-энелер

P1 ♀ JАj0 Х ♂ JАJВ;

G JА j0 Х JА JВ

F1 JАJА ; JАJВ; JА j0; JВj0


Бул ата-энелер экинчи баланын ата-энеси боло албайт.

Жообу; 2-ата-энелер 1-баланын ата-энеси

1-ата-энелер 2-баланын ата-энеси.

Жыйынтык чыгарабыз:

  • Ата-энелеринин канынын группалары II жана III болсо балдарынын каны I; II; III; IV болушу кутулот.

  • Ата-энелери I жана II ; I жана III болсо 50%жана 50% же1:1 катышы кутулот.

  • Ата-энелери I жана IV болсо 50% I группа жана 50% II группадагы балдар торолот же ата-энелеринин канынын группасына окшошпойт..


5-маселе:

Баланын атасы ушул деп, канынын группасы III болгон аял баласына алимент толотуу учун канынын группасы I болгон эркекти сотко берди. Баланын канынын группасы I. Сот кандай чечим кабыл алат?












.

№ 27 А.Мамыров орто мектебинин базасында химия-биология мугалими: Алкожоева Айнура

Датасы: 15.04.2017-жыл






Семинардын темасы:

Билимди текшерүү сабагында калыптандыруучу баалоону (формативдик) колдонуу

















Токтогул 2017





Сабактын темасы:





Биология 10- кл.

Генетика боюнча маселелер чыгаруу.











Сабактын темасы:



Генетика боюнча маселелер чыгаруу.

















Биология 11-кл