Лекция №1. Кириш\\. Кыргызстандын географиясы предметине кириш\\
Сабактын максаты: Кыргызстандын географиясы жън\ндъ, ъзгъчъл\ктър\, мааниси жън\ндъ т\ш\н\к бер\\.
Ън\кт\р\\ максаты: Кыргызстандын географиясы жън\ндъ,ъзгъчъл\ктър\, мааниси боюнча алган билимдерин, ъз алдынча ойлоо логикасын, таанып бил\\с\н ън\кт\р\\.
Тарбиялык максаты: Кыргызстандын географиясы жън\ндъ,ъзгъчъл\ктър\, мааниси боюнча алган билимдерин, ъз алдынча ойлоо логикасын, таанып бил\\с\н ън\кт\р\\ менен илимий материалисттик къз карашка, патриоттуулука, нравалык, экологиялык тарбия бер\\.
Сабактын тиби: Жаны билимди бер\\.
Сабактын усулу: Репродуктивд\\.
Жабдылышы: Кыргызстандын картасы, видео «Мекеним- Кыргызстан» слайд: «Кыргызстан».
Лекциянын планы
1.Кириш\\. Б\г\нк\ к\ндъг\ Кыргыз Республикасы жън\ндъ жалпы маалымат
2.Географиялык изилдъълър
3.Жыйынтык
Окутуунун максаттарынын денгээлдери
Т\ш\нд\мъс\
Студентке таасири
1.Бил\\
КР географиясынан негизги түшүнүктөрдү жана терминдерди; географиялык
изилдөөлөрдүн салттуу жана жаңы усулдарын айтып берет
Колдонулган терминдерди, конкретт\\ фактыларды, усул-ыкмаларды, негизги т\ш\н\ктърд\, эрежелерди жана принциптерди билет
2.Т\ш\н\\
К.Рсы жън\ндъ жалпы маалымат чек арасынын башка мамлекеттер менен болгон узундугун, географиялык изилдъълърд\ т\ш\нът.
К.Рсы жън\ндъ жалпы маалымат чек арасынын башка мамлекеттер менен болгон узундугун, географиялык изилдъълърд\ билет.
3.Колдонуу
К.Рсы жън\ндъ жалпы маалымат чек арасынын башка мамлекеттер менен болгон узундугун, географиялык изилдъълърд\ турмушунда колдонот.
КРна тиешел\\ географиялык маалыматтарды ар кандай илимдин булактарынан табат. жана талдоого;
- географиялык маалыматтарды бер\\ч\ булактардын негизинде географиялык м\нъздъмъ т\з\\гъ;
4.Талдоо (анализ)
КР. географиялык орду, ъç\íъ ì\íъçä\\ ъзгъчъл\ктър\н талдай алат.
КРна тиешел\\ географиялык маалыматтарды ар кандай илимдин булактарынан табат. жана талдайт;- географиялык маалыматтарды бер\\ч\ булактардын негизинде географиялык м\нъздъмъ т\зът
5.Топтоо (синтез)
Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн ортосунда геомаданий өз ара аракеттенүүлѳрдүн мисалдарын келтирет, өлкөнүн өнүгүүсүнө алардын таасири жөнүндө талдоо жүргүзөт, схемаларды т\зът.
Туулган жеринде (өлкөдө, планетанын башка районунда) коомдун бакубатчылыгын жакшыртууда өзүнүн жана ар бир адамдын катышуусунун мүмкүнчүлүктөрүн баалайт.Туулган жеринин (өлкөнүн,планетанын башка районунун)бакубатчылыгы жөнүндө анын ой-пикиринин негизин түзгөн чен-ѳлчѳмдѳрүн баалайт.
Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн концепциясын жана коомдун тең салмактуу өнүгүүсүн сактоодо ар бир адамдын жеке катышуусун талдайт Туруктуу өнүгүүнүн
түшүнүктөрүн, принциптерин,
компоненттерин ачат, туруктуулук факторлорун жалпы адамзаттык баалуулуктар мененбайланыштырат.
Текшеруучу суроолор
1. Б\г\нк\ к\ндъг\ Кыргыз Республикасынын абалы кандай?
2. Кыргыз республикасынын географиялык изилдъълър\ качан башталган жана кимдер ж\рг\згън?
3. КРна сенин къз карашын менен
4. Студент катары б\г\нк\ к\ндъ КРсы \ч\н сенин милдетин эмне?
5.Б\г\н\к\ к\ндъ мезги эмнени талап кылууда?
Билимдерин текшер\\ формасы: оозеки суроо, тестирлъъ
Кыргызстандын табияты м-н таанышуу, аймагын өздөштүрүү эң байыркы убактан алгачкы жамаат коомунан эле башталган. Төмөнкү палеолиттен берки эмгек куралдарынын, үңкүрлөр м-н эзелки тургун жайлардын, петроглифтердин табылышы адамзаттын Теңир-тоону байыртадан эле мекендегенинин далили. Өлкөнүн акыркы 300 миң жылдан берки тарыхы биздин түпкү бабаларыбыз жер бетинин топографиясын, климатын, табигый чөйрөнүн көп өзгөчөлүктөрүн билгендигин, түздүктөр ж-а жапыз өрөөндөр гана эмес,бийик тоолуу аймактарды да (Акчуңкур, Аксай, Арпа, Саймалыташ ж. б.) пайдалангандыгын айгинелейт. Археологиялык маалыматтар мустье мезгилинен берки палеогеографиялык көрүнүштөрдү кандайдыр бир өлчөмдө көз алдыга элестетүүгө мүмкүндүк берет. Батыш м-н Чыгыштын байыркы элдеринин жазуу эстеликтеринен Кырг-ндын аймагына тиешелүү геогр. түшүнүктөрдүн өнүгүү тарыхын баамдоого болот. Орто Азияга, анын ичинде Памир м-н Теңиртоого тиешелүү эң эзелки маалыматтар зороастра дининин «ыйык китеби» – «Авестада» кездешет. Орто Азия, Жакынкы Чыгыш, Жерортолук деңиз жээги, Кытай, Индия элдеринин ортосунда б. з. ч. 1-миң жылдыкта болгон соода-сатык, согуштар ж. б. окуялар саясий ж-а экон. байланыштарды түзүүгө, аймактык ж-а геогр.түшүнүктөрдүн кеңейишине алып келген. Грек (Геродот), рим (Страбон, Птолемей ж. б.),кытай (Чжан Цянь ж. б.) авторлорунун чыгармаларында Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнө,Кыргызстандын аймагына тийиштүү айрым маалыматтар кездешет: өлкөнүн рельефи тоолуу, башкы суу обьектилери–Окс (Амударыя), Яксарт (Сырдарыя), Чалкаркөл (Ысыккөл)экендиги айтылат, элдери (сактар, усундар ж. б.), алардын социалдык ж-а саясий түзүлүшү ж. б. жөнүндө кыскача жалпы түшүнүктөр берилет. Орто кылымдарда (6–17-к.) Теңиртоо, Фергана ж-а ага чектеш жерлер саясий ири окуялардын, түрдүү ордолордун, адегенде түрк, кийинчерээк монгол-түрк мамлекеттик бирикмелеринин негизги аймагы болгондугу белгилүү. Түрк хандарынын тушунда Кыргызстандын аймагындагы ири шаарлар–Суяб, Баласагын, Өзгөн саясий ж-а экон. жактан чоң мааниге ээ болгон. Буларга түрдүү өлкөлөрдүн элчилери, соодагерлер, саякатчылар ж. б. каттап турган. Илим м-н маданият өнүккөн. Ал мезгилде жазылган эмгектер (Сюань-Цзан, 7-к.; Ибн Хордадбек, 9-к.–10-к-дын башы; Гардизи, 11-к.; М. Кашкари, 11-к. ж. б.) Кыргызстандын табияты, калкы, чарбасы ж. б. жөнүндө бир катар так маалымат берет. Алар айрыкча Ысыккөлгө, шаарларга ж. б. айыл-кыштактарга, алардын ортосундагы аралыктарга ж. б-га тиешелүү. Монгол жортуулдары, кийин могол, жунгар өкүмдарларынын ичара чатактары Моголстанда (Кыргызстандын аймагы ал кезде Моголстандын маанилүү бөлүгү болгон), ага танапташ өлкөлөрдө экономиканын бүлүнүшүнө, саясий абалдын тез-тез өзгөрүшүнө алып келген. Мындай шартта илим үзгүлтүккө учурап, билим кеңири тарай алган эмес. Геогр.түшүнүктөрдө жеткиликтүү прогресс болбогон. Ошол мезгилдеги Даос кечили Чан Чундун (13-к.), Орто Азиялык тарыхчылар Закириддин Бабур м-н Мухаммед Хайдардын (16-к.) маалыматтары гана кызыгууларды туудурат. Чан Чунь Түн. Теңиртоодогу ландшафттын өзгөрүшүн, тоолорду, Бабур Фергананы, Хайдар Жетисуу м-н Ысыккөлдү баяндап жазган. Кыйла мезгилден кийин, 18-к-дан баштап капитализмдин өнүгүшүнө байланыштуу Орто Азия, Кыргызстан аймагы өндүрүш, сооданын жаңы аренасына айланат. Бул мезгилдеги изилдөөчүлөрдөн орус саякатчылары И. С. Унковскийди (1723), Ф. Ефремовду(1780-ж. чамасы), француз иезуит-астроному А. Халлерштейнди (1760) атоого болот. Унковский Калмак хандыгынын (Кырг-ндын аймагын кошо) картасын түзүп, Халлерштейн Ысыккөлдөгү Актеректин чатынын, Ош шаарынын ж. б-дын координаталарын аныктаган. 19-к-дын 1-жарымында Теңиртоону бир катар саякатчылар (индиялык Мир-Иззет-Улла,
1812; орустар А. Л. Бубенов, 1813, 1827; Ф. К. Зибберштейн, 1825 ж. б.) басып өткөн. Кыргызстанды изилдөө тарыхы миңдеген жылдарга созулса да, 19-к-дын ортосуна чейин анын табияты, экономикасы, калкы, маданияты, тарыхы жөнүндө кеңири ж-а так түшүнүктөр болгон эмес. Ошол кездеги көз караштардын деңгээлин европалык ири окумуштуулар–немецтер А. Гумбольдт (1843) ж-а К. Риттер (1832), орус саякатчылары Т. Ф. Нифантьев м-н Ворониндин (1851) эмгектеринен байкоого болот. Теңиртоону илимий изилдөөнүн жаңы этабы 19-к-дын 50–60-жылдарынан–Кыргызстан Орусияга кошулгандан башталды. Ошондон тартып революцияга чейинки Кыргызстанды изилдөөлөрдүн тарыхы (Теңиртоо, Орто ж-а Борб. Азияны изилдөө сымал эле) орус саякатчылары м-н окумуштууларынын ысымдарына байланыштуу. 1850-ж. Батыш Сибирдин администрациясы уюштурган 1-орус экспедициясы Ысыккөлдүн чыгыш тарабында топограверстафиялык тартууну (2 чакырымдык масштабда; 1 чакырым 1,07 кмге барабар), Ысыккөлдө батиметриялык ж-а ихтиологиялык байкоолорду жүргүзүшүп, мындагы кыргыздардын социалдык экон. абалын, турмуш тиричилигин ж. б. изилдеген. Экспедицияга катышкан Ч. Валиханов тарыхый-этнографиялык материалдарды, элдик оозеки чыгармаларды чогулткан, «Манас» эпосунун үзүндүлөрүн жазып алган. Ал өзүнүн 1858–59-ж. Кашкар саякатынын мезгилинде Теңиртоону 2 жолу кесип өтүп, 1864-ж. Чүй өрөөнүндө болгон. Ысыккөлдүн чыгышы, Ички Теңиртоонун сырттары жөнүндө геогр. очерк жазган. «Сырт–кыйла абс. бийиктиктеги, узата кеткен өрөөндүү, токойсуз, талаа өсүмдүктөрү м-н капталган, дыйканчылыкка жараксыз кенен тайпак тоо»,–дейт Валиханов. Бул пикир сырт жөнүндөгү азыркы түшүнүктөргө жакын. Орус география коомунун анык мүчөсү П. П. Семёнов (кийин Семёнов-Тян-Шанский) 1856-ж. Теңиртоого биринчи саякатын жасап, Ысыккөлдүн чыгыш ж-а батыш жээктерине келген. 1857-ж. ал Теңиртоону изилдөөнү улантып, Нарын м-н Сарыжаздын башына чейин барган. Ар тараптуу изилдөөлөрдүн натыйжасында окумуштуу Түн. ж-а Борб. Теңиртоонун айрым жерлеринин геол. түзүлүшүн аныктап, андагы вулканизм жөнүндөгү А. Гумбольдттун жоромолун төгүнгө чыгарат, тоолордо (3500 мден жогору) дайыма кар жатарын белгилейт; Сарыжаздын башындагы өрөөн мөңгүлөрүн сүрөттөп жазып, тоо ландшафттарынын бийиктик б-ча өзгөрүшүн көрсөткөн. Ал Теңиртоодогу өзү басып өткөн кырка тоолордун (ашуулардын), тоо өрөөндөрүнүн чыныгы гипсометриялык абалын биринчи жолу аныктаган, Ысыккөлдүн жээгиндеги тектирлерди изилдеп, алардын пайда болушун Көл суусунун тартылуу процесси м-н байланыштырган. Бул палеогеографиялык табышмак ушул күнгө чейин чечиле элек. Семеновдун Теңиртоодогу изилдөөлөрү Ички Азиянын бул бөлүгү жөнүндөгү илимий көз караштарга төңкөрүш жасап, Орто ж-а Борб. Азияны геогр. жактан изилдөөнүн жаңы доорун ачты. Теңиртоонун табиятын изилдөөдөгү ж-а кыргыз эли м-н орус элинин ортосундагы мамилени чыңдоодогу зор салымы үчүн 1982-ж. 15-августта П. П. Семенов-Тян-Шанскийге Ысыккөл өрөөнүнүн батышына (Балыкчы ш-на) эстелик тургузулду. Валиханов м-н Семеновго удаа эле Кыргызстандын ар кайсы райондоруна орус ж-а чет элдик илимий коомдордун ж-а мекемелердин экспедициялары келген. Мында өлкөнү ар тараптан изилдөөдөгү башкы салым Орус геогр. коомуна (ОГК) таандык болгон. Ал революцияга чейинки мезгилде гана өз алдынча, о. эле башка мекемелер м-н бирге 70тен ашык экспедицияны ж-а айрым изилдөөчүлөрдү Теңиртоо м-н Памир-Алайга жиберген. 19-к-дын 2-жарымында Кыргызстандын табиятын изилдөөдө Н. А. Северцов, А. В. Каульбарс, А. П. Федченко, И. В. Мушкетов, Г. Д. Романовский, А. II. Краснов ж. б. көрүнүктүү орунду ээлейт. Северцов өзүнүн көп жылдык изилдөөлөрүнүн натыйжасында Теңиртоонун, Алай-Түркстан тоо системасынын, Чыгыш Памирдин көп аймактарынын орографиясын, геол. түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрүн, алардын байыркы муз каптоого дуушар болгонун биринчи жолу аныктап, тоо ландшафттарынын бийиктик алкактуулугун тактаган. Чогултулган кеңири материалдардын негизинде Орто Азия м-н Жетисуунун омурткалуу жаныбарларынын түрдүк курамын, алардын геогр. таралышын, региондук айырмачылыгын изилдеп, Түркстандын зоогеографиясына негиз салган. А. П. Федченко Алай-Ысар тоо системасы м-н Фергана айланасынан омурткасыз жаныбарлардын кеңири коллекциясын чогулткан. Барган жерлеринин, анын ичинде бийик тоолуу Алай өрөөнүнүн да табиятын баяндап жазып, мурунку Кокон хандыгынын биринчи картасын түзгөн. Федченко жыйнаган материалдар кийин 22 томдуу эмгек болуп жарык көргөн.Орто Азиянын геологиясына негиз салган И. В. Мушкетов (1874–80, 1887) м-н Г. Д. Романовский (1874–79) Теңиртоо, Памир Алай тоолорунун калыптануу тарыхын, алардын тектон. өнүгүүсү м-н кендер пайда болгон негизги этаптарын көрсөтүп, аймактын минерал ресурстары жөнүндө жазышкан. ОГКнын Кантеңир экспедициясына (1886) катышкан ботаник ж-а географ А. Н. Краснов өзүнүн баалуу чоң монографиясында (1888) Теңиртоонун өсүмдүктөрүнүн геогр. таралышын, бийиктик зоналуулугун ж-а системалык бөлүнүшүн биринчи жолу аныктап, анын флорасынын тарыхый өнүгүшү м-н эволюциясын талдаган. Ал Теңиртоонун ж-а бүткүл Орто Азиянын флорасын палеоген-неоген флорасынын өтө өзгөрүүсүнүн (геогр. чөйрөнүн узак убакыт бою өзгөрүү таасиринен) натыйжасы катары караган.Кыргызстандын аймагында топографиялык картага тартуу ж-а астрономия-геодезиялык иштер калган изилдөөлөр м-н мезгилдеш же көпчүлүк учурларда алардан мурун жүргүзүлгөн. Аймакты изилдөөдө ж-а чарбалык жактан өздөштүрүүдө бул иштердин мааниси чоң
1990-ж. Жалган Куран айда СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн. Мыйзам чыгаруучужана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж. 27 Тогуз айда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15 Бештин айында Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. 1991-ж. 22 Үчтүн айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. 1991-ж. 5 Бирдин айында республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-ж. 8 Бугу айда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңыКонституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-ж. 19 Чын Куран айда “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-ж. 31 Баш Оонада “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12 Тогуз айда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991-ж. 20 Тогуз айда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3 Бештин айында Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8 Бештин айында Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21 Бештинайында АлматыдаБеларусьРеспубликасы, РоссияФедерациясы, Украина, Азербайжан,Армения, Казакстан, КыргызРеспубликасы, Молдавия, Тажикстан, Түркстан жана ӨзбекстанКМШны түзүү келишимине кол коюшкан. 25 Бештин айында М. С. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.
Кыргыз Республикасынын деңизге чыкчу жол жок. Кыргыз Республикасынын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн тоолор ээлейт. Бийиктиги 7439 метрди түзгөнЖеңиш чокусу Кыргызстандын эң бийик жери. Кыргыз Республикасынын аймагы эки тоо системасынын айланасында жайгашкан. Аянты боюнча чоң түндүк-чыгыш бөлүгү Тянь-Шанга кирет. Түштүк-батыш тарабы Памир-Алай тоолоруна карайт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек аралары тоо кыркалары аркылуу өтөт. Республиканын бардык аймагы деңиз деңгээлинен 401 метрден жогору бийиктикте жайгашкан. Анын жарымынан көбүрөөгү 1000 метрден 3000 метрге чейин жана 3000 метрден 4000 метрге чейинки бийиктикте жайгашкан. Тоо кыркалары аймактын төрттөн бир бөлүгүн ээлейт жана негизинен кеңдик тарапты карай бири-бирине жанаша узатасынан жайгашкан.
Чыгышта Тянь-Шандын негизги тоо кыркалары басымдуу тоо кыркасын түзүп, Меридиандык тоо кыркасынын районунда жакындашып кетет. Бул жерде Кытай, Казакстан чектешкен жерлерде Жеңиш чокусу (7439) жана Хан-Теңири (6995) көтөрүлөт.
Башкы орографикалык элементтер — Акшыйрак массиви, Какшаал тоо кыркасы, Кунгой жана Тескей Ала-Тоосу ж. б. Кыргыз Республикасынын аймагы батыштан чыгышка карай 925 километрга, ал эми түндүктөн түштүккө карай 459 километргесозулат. Кыргызстандын аянты 198,5 миң квадрат километр.
Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 метр, эң бийик жери — 7439 метр (Жеңиш чокусу), эң жапыс жери — 394 метр (республиканын түштүк-чыгыш аймагында). Кыргызстан — тоолуу өлкө. Кыргыз Республикасында тоолор бийик. Республикада түстүү жана сейрек учурай турган металлдар, көмүр жана башка кен-байлыктар бар. Климаты континенталдуу. Дарыялары негизинен Сырдарыяга куят, анын башкы булагы — Нарын). Ысык-Көл, Соңкөл, Чатыркөл, Сарычелек сыяктуу кооз көлдөр бар.