Кыргызстандын геологиялык түзүлүшү жана кен байлыктары
Jump to navigationJump to search
Геологиялык түзүлүшү жана кен-байлыктары
Кыргызстандын геологиялык түзүлүшү татаал. Ал палеозойдун Урал-Монгол-Охота жана мезозой-кайнозойдун Жерортолук деңиздик геосинклиналдык кырчоолордун тирешкен жеринен (Чоң Алай терең жаракасынын эки капталынан) орун алган. Палеозойдук кырчоо түштүккө, ал эми мезозой-кайнозойдук кырчоо түндүккө багытталган доголор аркылуу сүзүшүп турат. Көптөгөн катуу жер титирөөлөрдүн очоктору ушул кырчоолордун тирешкен жеринде жайгашкан. Бул жерден түштүгүрөөктө байыркы (палеозойго чейинки) Корей-Кытай платформасынын блоктору орун алган (Тарим массиви ж. б.). Теңир-Тоонун дагы бир өзгөчөлүгү – кайра жаралган (академик В.А.Обручев) же эпиплатформалык (орогендерге) тоолорго (А.Л. Яншин, В.Е. Хаин ж. б.) киргендигинде. Деңиз деңг. 401 мден 7439 мге чейинки бийиктиктерде (тепкичтерде) жаткан Кыргыз жергесинде бардык геол. замандардын катмарлары кездешет. Алардын геохронологиялык жашы байыркы организимдердин палеонтологиялык калдыктары аркылуу аныкталган. Ошондуктан Теңир-Тоонун геологиялык түзүлүшү Евразиянын 600 млн жылдан берки тарыхын чечмелегенге эталон катары каралат. Кырг-н кеңдик багытта созулган 4 геол. аймакка (тилкеге) бөлүнөт: Түндүк, Ортоңку, Түш. Теңир-Тоо ана Түн. Памир. Түн. жана Ортоңку Теңир-Тоону Теңир-Тоонун негизги жаракасы бөлүп турат. Ортоңку жана Түш. Теңир-Тоону Чаткал-Нарын-Карасуу, Атбашы-Эңилчек, Түш.Фергана жаракалары ажыратат. Айрым изилдөөчүлөр (А.В. Пейве, 1945) мындай структуралар мантияга дейре жетип, жүздөгөн млн жылдар бою кыймыл аракетте болуп келген терең тик жаракалар деп эсептешкен. Талас – Фергана жаракасын терең горизонталдык багыттагы чоң жылыштын (сдвигдин) даана мисалы катары караган.
Азыркы күндө Ортоңку жана Түш. Теңир-Тоо түн.-батышка созулган Талас– Фергана жылышуусу менен батыш жана чыгыш секторлоруна ажырап турат.
Батыш сектору чыгыш секторунан түн батышты карай 200 км аралыкка жылып кеткен. Көпчүлүк геологдордун пикири боюнча бул жылыш 230 млн жылдан бери болуп келүүдө. Конседиментациялык структуралардын мүнөзү мындан мурда эле горизонталдык жылыш болуп келгенин көрсөтүп турат Талас – Фергана жаракасынын түш.-батышында горизонталдык багыттагы татаал айлануу кыймылы болуп жаткандыгы да Фергана горизонталдык бүктөлүүсүн (флексурасын) баяндаган Д.И. Мушкетовдун пикирин Талас – Фергана горизонталдык жылышын ачкан В. Н. Огнев андан ары улады. Кырг-ндын геол. түзүлүшү, жашы, курамы жана калыптануу шарты боюнча кескин айырмаланган төрт мегакомплекске (чоң кабатка) бөлүнөт (А.Б. Бакиров ж. б.): архей-астынкы протерозой; протерозой; үстүнкү протерозой-палеозой; мезозой-кайнозой. Биринчи, үчүнчү мегакомплекстер континенттик жана океандык геодинамикалык абалдарда, экинчи жана 4 мегакомплекстер жалаң эле континенттик абалда жаралган тоотектерден түзүлгөн. Биринчи мегакомплекстин океандык кыртыштары ультра-базиттерден, амфиболиттешкен базиттерден жана силициттерден турат. Экинчи протерозой мегакомплексиндеги тоотектер континенттик шарттарда, континенттин ичиндеги рифтерде пайда болгон. Биринчи жана 2-мегакомплекстердин тоотектери Түн. жана Ортоңку Теңир-Тоодо жолугат. Жогорку протерозой-палеозой мегакомплексинин тоотектери Кырг-ндын көптөгөн геол. Тилкелеринен кезигет. Континенттик, о. эле океандык абалда пайда болгон геол. түзүлүштөр да бар. Океандык бассейндин жабылуу убактысы боюнча астынкы палеозойлук (каледондук) жана үстүнкү палеозойлук (герциндик) болуп эки комплекске бөлүнөт. Океандык шарты Түн. жана Түш. Теңир-Тоонун офиолиттеринен баамдалат.
Ортоңку жана үстүнкү палеозойдо Түн.жана Ортоңку Теңир-Тоо түндүктөгү аймактар менен биригип, Кыргыз-Казак микроконтинентин (эпигеосинклиналдык тоолор менен ойдуңдарды) түзөт. Океандык абал Түш. Теңир-Тоонун аймагында сакталган (силур-астыңкы карбон). Жогорку палеозойдо Түш. Теңир-Тоодо да континенттик кыртыш түзүлөт. Алар орто кычкылдуу, кычкылдуу жана щелочтуу магма тоо тектеринен континенттик шарттарда пайда болгон.
Түн. Памирде Тетис деңиз бассейнине тиешелүү мезозой-кайнозойдун тоотектери сакталып калган. Теңир-Тоонун мезозой-кайнозой мегакомплекси эки комплекстен турат. Мезозой-астынкы кайнозой платформалык комплекси негизинен юранын таш көмүрлүү катмарларынан, бор-ортоңку палеогендин чопо, акиташ тектеринен турат. Бор-палеогенде пайда болгон базальттар да учурайт. Үстүнкү кайнозой орогендик комплекси бүт бойдон олигоцен-голоцендеги ойдуңдарда жолугат. Континенттик тоотектер кызыл түстүү, арасында туздуу катмарлар жолугат. Жаш платформалык комплекс Талас – Фергана жаракасынан түш.-батышта жатат. Аларда мунайдын жана табыйгый газдын кендери пайда болгон. Талас–Фергана жаракасынын түн.-чыгыш капталында мунай, газдуу катмарлар белгисиз.
Бул жерде жаш тоолор (оргендер) басымдуу болгон. Кайнозойдун аягында жаш тоолор Кыргызстандын бардык жеринен орун алат. Айрыкча антропоген мезгилинде тоолор өтө бийик көтөрүлгөн. Муну жогорку палеогенантропоген тоотектеринин ойдуңдардагы калыңдыгы (4–6 км) же ошого барабар келген тоолордун бийиктиги айгинелеп турат. Геофизикалык маалыматтар боюнча Кырг-ндын түндүгүндө жер кыртышынын калыңдыгы 50 км, ал эми түштүгүндө 75 кмге жетет. Мезозой–алгачкы кайнозойго караганда антропогенде жер кыртышы 15–35 кмге калыңдап калгандай. Демек, ал Теңир-Тоо тынымсыз кыймылда экендигин далилдейт. Анткени түндүктөн Евразия, түштүктөн Индия-Австралия литосфералык плиталары бирибирине карай жылып тирешүүдө. Муну жогорку палеоген-антропогендеги (35 млн жылдагы) 4–6 кмге жеткен тик ылдый-өйдө жылышуудан көрөбүз. Ошол эле учурда, Теңир-Тоо орогенинин туурасы жылына орто эсеп менен 20 мге кууштап баратат деген маалымат бар. Буга Талас–Фергана түз багыттагы жылышы да мисал боло алат.
Кен байлыктар
Кен байлыктар - жер кыртышындагы эл чарбасына керектүү минералдык заттар. Табигый түрдө (көмүр, кварц куму ж. б.) же кайрадан иштетилгенден кийин (талкалап, жанчып, майдалап тазартуу ж-а ылгап бөлүп алуу) пайдаланылат. Физ. касиеттери б-ча катуу, суюк ж-а газ түрүндө жолугат. Курамы м-н эл чарбасында колдонулушуна карап 3 топко бөлүнөт:
күйүүчү кен байлыктар (каустобиолиттер) — нефть, күйүүчү газдар, көмүр, чым көң, күйүүчү сланецтер;
металл кендери — нукура металлдар (алтын, күмүш ж. б.), кара ж-а түстүү металлдар, сейрек кездешүүчү, радиоактивдүү металлдар ж-а алардын кенташтары;
металл эмес кен байлыктар + химиялык (туз, гипс, күкүрт, апатит, фосфорит ж. б .) жана от менен кислотага чыдамдуу заттар.
Бирок мындай бөлүү шарттуу. Анткени булардын бир эле түрү эл чарбасынын ар кандай тармактарында кеңири колдонулуп калышы мүмкүн. Мисалы, нефть м-н күйүүчү газ хим. ө. ж-дын негизги сырьёсу болуп эсептелет. Бокситтен алюминий өндүрүлөт, жасалма корунд алынат, жогорку сапаттуу цемент жасалат. Кен байлыктар Жердин ж-а жер кыртышынын өсүп-өнүгүү тарыхында, бардык мезгилде, ар түрдүү геологиялык процесстерин натыйжасында келип чыккан. Жаратылыштагы чогундусунан, топтолушунан кен (к. Кен) пайда болгон. Кен байлыктардын сапаттуулугу кондицияга көз каранды. Пайда болуу шарттары, орун алышы, магматизм, тектоника, стратиграфия, литология, геоморфология м-н байланышы кен издеп, чалгындоодо эң негизги маселелерден болуп эсептелет. Минералдардын физикалык-химиялык касиеттерин изилдеп, алардын өнөр жайда колдонулушун билебиз. Жаңы минералдарды жана алардын кендерин табабыз.
Кыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрү
Кыргызстандын климаты — Кыргызстандын климаттык шарты эң чоң материк Евразиянын борбордук бөлүгүндө, океан менен деңиздерден алыс болгондугуна жана анын аймагынын деңиз денгээлинен бир кыйла жогору жайгашкандыгына байланыштуу. Мындай абал температуранын кышкы жана жайкы, түнкү жана күндүзгү термелүү айырмачылыгынын чоңдугуна, абанын жалпысынан кургактыгына, күн нурунун молдугуна, атмосфералык жаан-чачындын салыштырмалуу аздыгына жана климаттын кескин континенталдуулугуна шарт түзөт. Кыш мезгилинин бир калыпта болбой өрөөндөрдө сууктун убактылуу жылуулук менен алмашылышы, бийик тоолордо ызгаардуу болуп турушу, жаздын тез чыгып кетиши, бирок сууктун кайра кайталанып жазгы үшүктөрдүн жүрүшү мүнөздүү. Жергиликтүү аймактын бийиктик абалына жараша жаз март, апрель же май айларында келет. Жай мезгили узак, аптаптуу, күзү жылуу, адатта кургак болот. Бийик тоолордун жана тоо арасындагы өрөөндөрдүн бири-бирине карата жана батыштан келген нымдуу абага карата алган орду боюнча климаттык шарттар ар башка аймакта ар түрдүү мүнөздо, ошондой эле бийнктик боюнча климаттын элементтеринин өзгөрүшү климаттык алкактардын пайда болушуна алып келет.
Кыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрү — Кыргызстандын жеринин бетинин түзүлүшүнүн татаалдыгына, тоо капталдарынын күнөстүүлүгүнүн ар башкалыгына жана нымдуу абанын жолуна карата, абалына жараша климаттын ар түрдүү мүнөздүүлүгү түзүлөт. Бийиктик боюнча төрт климаттык алкак бөлүнөт.
Тоо этегиндеги түздүктөрдүн жана жапыз өрөөндөрдүн климаты жайкысын ысык аптаптуу (июлдун орточо температурасы +28°С ге чейин), кышында анча суук эмес, мелүүн, жаан-чачын жетишсиз. Бул климаттык алкак, өзгөчө Фергана өрөөнүндө субтропикалык климаттын белгилерине ээ. 900—1200 м бийиктикте да жайкы температура 20—25°С ден кем эмес, кышкы температура (январь) -4°С ден -7°С ге чейиң төмөндөйт. Эң ысык күндөрдө температура 44° С ге чейин көтөрүлөт, эң суук күндөрдө абанын температурасы -40° С ге чейин төмөндөйт. Бул алкакта 0° С ден жогорку температуранын жылдык суммасы 3600—4900° ка жетет. Бул алкак сугат суусу менен жетиштүү камсыз болсо, айыл-чарбасы үчүн эң ынгайлуу.
Бөксө тоолордун климаттык алкагы 900—1200м ден 2000—2200 м бийиктикке чейин нукура мелүүн климаттык мүнөздө. Жайкысын жетишээрлик ысык болбойт, кышкысын өтө суук эмес, туруктуу кар катмарынын астында. Жайкы температура 18°—19° С (июль), кышкы январдын температурасы -7 -8°С. Декабрдан февралга чейин айлык орточо температура терс мааниде (-3 -5°С).
1000—1500 м бийиктикте жети айдан ашык суук болбойт, 0°С ден жогорку температуралардын жылдык суммасы 3500— 4000°. Мындай деңгээлдеги температура ным жетиштүү болсо, жылуу климатка ылайыкташкан көптөгөн айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн жакшы шартты түзөт. Алкактын жогорку чегинде 6 айга жакын суук болбойт жана оң температуралардын суммасы 2700— 3800°. Бул шарттар нукура мелүүн климатка туура келет.
Бийик тоолордун климаттык алкагы 2000— 2200 м ден 3000—3500 м ге чейинки бийиктикке туура келет. Бул алкактын жайы салкын, кышы суук, көпчүлүк жерине калың кар катмары мүнөздүү. Июлдун орточо айлык температурасы 11—16°С, январдыкы -8 -10° С. Кыш узак (ноябрь— март) жана карлуу. Бул алкактын жогорку чегинде суук болбогон айлардын саны 3—4 айга кыскарат. 0°С ден жогорку температуранын суммасы 600—2800°. Бул алкак негизинен жайыт катары пайдаланылат.
Нивалдык климаттык алкак 3500 м ден жогору бийик тоолордун кырларын жана капчыгайлардын төрлөрүндөгү мөңгү-муздуктар таралган жайларды камтыйт. Жайы салкын, кышы ызгаардуу суук, кардын катмары жогорку чегинде жыл бою кетпейт. Июлдун температурасы 4—7°С ден ашпайт, январдыкы -19 -22°С ге чейин суук.
Кыргызстандын климаты бийиктик боюнча гана алкактарга бөлүнбөстөн мейкиндик боюнча да айырмаланат. Климатологдордун маалыматтары боюнча Кыргызстан төрт климаттык регионго бөлүнөт: Түндүк Кыргызстан, Ысык-Көл ойдуңу, Ички Тянь-Шань жана Түштүк Кыргызстан. Райондоштурууда негизги көрсөткүчү болуп жаан-чачындын жылдык режими алынган. Ал белгилүү даражада атмосфералык циркуляциянын шарттарын чагылдырат.
Түндүк Кыргызстандын кыштын күнкү синоптикалык процесстеринин мүнөздүү белгиси — муздак аба массасынын батыштан, түндүк-батыштан жана түндүктөн кирип келиши. Бул аба массасы көп учурда шамалдын күчөшүн, булуттуулукту жана жаан-чачынды алып келет. Жаз мезгили аба ырайынын туруксуздугу менен айырмаланат. Муздак аба, жылуу аба алмак-салмак кирип, бирде суук, бирде жылуу аба ырайын алып келет. Жаан-чачын көбүрөөк байкалат. Жайдын башында да түндүк-батыштан жана батыштан нымдуу аба массасы кирип турат. Жаан-чачындар нөшөрлөгөн жамгыр түрүндө жаайт. Жайдын экинчи жарымы кургакчыл. Фронттук активдүүлүк байкалат.
Күз мезгилинин синоптикалык процесстери да туруксуз аба ырайын алып келет. Бул мезгилдеги муздак абанын батыштан жылып кириши, кээде карга айланган жаан-чачынды пайда кылат. Жаан-чачындын жыл ичиндеги максимуму жаз айларында жана жайдын биринчи жарымында байкалат.
Ысык-Көл ойдуңунун синоптикалык процесстери өзгөчө орунду ээлейт. Орографиялык туюктугуна байланыштуу ойдундун тышкы жактар менен аба алмашуусу кыйынчылык менен жүрөт. Аба массалары Ысык-Көл ойдунуна Кыргыз Ала-Тоосу менен Күнгөй Ала-Тоосунун ашуулары жана Сан-Таш ашуусу аркылуу кирет. Тоо ашкан аба массасы ойдуңга төмөндөп түшкөндө адиобатикалык жылынуу процесси жүрүп, экинчи жагынан аба массасы жайылып кетип салыштырмалуу нымдуулук азаят. Натыйжада жаан-чачын алып келүүчү булуттар бул жерде өтө эле сейрек пайда болот. Көл үстү менен чыгышка жылган аба массасынын салыштырмалуу нымдуулугу акырындан арта баштап, Ысык-Көлдүн чыгыш жагында жаан-чачындын саны көбөйөт. Жаан-чачындын жыл ичиндеги максимуму жаз айларынын аягында, жай айларынын башында байкалат.
Ички Тянь-Шанды курчаган бийик кырка тоолор жана бул климаттык райондун жеринин бетинин көтөрүңкүлүгү атмосфералык циркуляцияга көп өзгөчөлүктөрдү киргизет. Курчаган кырка тоолордун тышкы капталдарына жаан-чачындын негизги бөлүгү калып, аба массалары ички өрөөндөргө нымы азыраак болуп келет. Кыш мезгилинде конденсация деңгээли төмөн болгондуктан нымдуу аба массаларынын ички өрөөндөргө кириши кыйын болуп калат. Ошондуктан ички Тянь-Шандын өрөөндөрүндө кар аз же жок. Аба ырайында антициклондук режим басымдуу келип, көп убакта ачык аяздуу күндөр үстөмдүк кылат. Кышкы жаан-чачындын саны жылдык жаан-чачындын санынын 11,5% ин түзөт. Жылдын жылуу мезгилинде абал кескин өзгөрүп, аба ырайы туруксуз жаан-чачындуу боло баштайт. Конвективдүү аба агымынын күчөшүнөн булуттуулук көбөйүп, жаан-чачындар да арта баштайт. Жалдысынан Ички Тянь-Шань жаан-чачыны жетишсизирээк мелүүн климаттуу район. Жаан-чачындын көбөйгөн мезгили жаз айларынын аягы жана жай айларына туура келет.
Түштүк Кыргызстанда түндүктөн жана түндүк-батыштан келген муздак аба массасынын таасири аз, айрым учурларда аба ырайына алардын тийгизген таасири дээрлик жокко эсе. Бул климатка негизинен батыштан соккон нымдуу жана муздак абанын таасири күчтүү. Ошонун негизинде жаан-чачындуу мөөнөт жылдын муздак мезгилине туура келет. Бул жерде жылдын жылуу мезгили кургакчыл жана ысык аптаптуу, б. а. Жер Ортолук деңизинин жээгине мүнөздүү климаттын белгилери бар. Жердин бети бийиктеген сайын жаан-чачын түшчү мезгил жаз айларын карай жылат. Жаз мезгилинде фронттук процесстердин кайталанышы артат жана жаан-чачын көбөйөт.
Фергана орөөнүнүн түндүк жана түндүк-батыш тарабына батыштан гана кирген аба массаларына жол ачык. Ошондуктан Түштүк Кыргызстандын бул тарабынын климаты батыш жана түштүк-батыш жактан кирген аба массаларынын таасири астында калыптанат. Кыш мезгилиндеги жаан-чачындар түштүк циклондору менен батыштан соккон муздак аба массаларына байланышкан.
Жылдын жылуу мезгилиндеги аба ырайын термикалык депрессиянын түндүк чети менен байланышкан батыштан жана түндүк-батыштан басып кирген муздак аба массалары калыптантат. Ал муздак аба массалары басып кирген мезгилге негизги жаан-чачындын жааган мезгили туура келет (жаздын аягы жайдын башталышы). Жалпысынан региондо жаан-чачындын саны бүткүл Кыргызстандын аймагы боюнча көп. Бул жердеги тоо капталдарынын кээ биринде жаан-чачындын жылдык саны 1000 мм ден ашат. Туюк өрөөндөрдө жана тоо капталдарынын чыгышка караган бөлүгүндө жаан-чачын 300 мм ден ашпайт жана ным жетишсиз.
Фергана өрөөнүнүн түштүк тарабын ээлеген тоо кыркаларынын этегинен кырына чейинки аймактардын климатында да таасын байкалган эки мезгил бар. Азия антициклонунун түштүк-батышы өкүм сүргөн кыш айларындагы муздак абанын басып кириши жана жылуу мезгилдеги түштүк-батыштын циклондору Фергананын бул жагына да мүнөздүү. Жаан-чачындын негизги бөлүгү жазгы батыштан кирген аба массасы менен байланышкан.
Жаан-чачындын жылдык саны тоо этектеринде жана ички өрөөндөрдө 250 мм ден 500 мм ге чейин өзгөрөт. Бул жакта да жаан-чачындын саны батыштан чыгышка карай көбөйөт, бирок Фергананын түндүк жагына караганда жалпы саны азыраак (600 мм ге чейин).
Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышы
Jump to navigationJump to search
Кыргызстандын мөңгүлөрү.
Кыргызстандын аймагындагы мөңгүлөрдүн таралышы — Мөңгү каптаган аянттардын жана жекече мөңгү-муздуктардын өлчөмдөрү, негизинен климаттын элементтеринин жергиликтүү шарттарга жараша өзгөрүшүнө, тоо системаларынын абсолюттук бийиктиктерине жана алардын өрөөндөргө карата жайгашышына көз каранды. Жер бетинин тилмелениши да чоң ролду ойнойт. Ушул шарттарга жараша мөнгүлөрдүн таралышы мейкиндик боюнча бирдей эмес. Көп аянтты ээлеген мөнгүлүү аймактар бийик тоолордун капталдарында жана өрөөндөрдө жайгашкан. Кээ бир тоолордун кырларында үзгүлтүксүз жаткан «түбөлүк» кар талаалары жана мөңгүлөр кездешсе, экинчи кырка тоолордо туташ эмес кар-муз талаалары, майда мөңгүлөрдүн формалары кезигет. Мөнгүлөрдүн таралышында эки түрлүү мыйзам ченемдүүлүктөр байкалат. Биринчиси — бийик жайгашкан тоо массивдерине байырлаган мөңгүлөрдүн туташ жаткан очогу; экинчиси — кырка тоолордун бийик кырларын бойлоп кээде туташ, кээде өз алдынча биринен бири ажырап жайгашкан мөңгүлөрдүн катары. Мөңгүлөрдүн эң зор очогу Кан-Тоо жана Жеңиш чокуларынын тегереги болуп эсептелет. Түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, түштүгүнөн Какшаал-Тоо, чыгышынан Меридиан кырка тоосу жана батышынан Сары-Жаз суусу чектеген аймакта жалпы аянты 1581 км2 ашык 340 мөңгү жайгашкан. Алар ошол аймактын жалпы аянтынын 31%ин түзөт. Мындай жогорку даражадагы кар-мөңгүлөрдүн жайгашышы жана көптөгөн аянттарды алардын туташ каптап жатышы Кыргызстандын гана аймагына эмес бүткүл Борбордук Азия үчүн уникалдуу кубулуш. Мындай шарттын түзүлүшүнө биринчи кезекте, абсолюттук бийиктиктин улам чыгышка барган сайын көбөйүшү жана чыгышында эң бийикМеридиан кырка тоосунун атмосфералык агымдардын жолунда бөгөт болуп жайгашышы себеп. Меридиан кырка тоосу Кан-Теңир тоо тоомунун жалаң орографиялык борбору гана болбостон, азыркы муз каптоонун да борбору болуп эсептелет. Эгерде бул тоо тоомун Кыргызстандын аймагынан тышкары (Кытай) жаткан жагы менен бирге карай турган болсок, жалпы эле кургактыктагы мөңгү баскан региондордун көрүнүктүүлөрү экендигин көрүүгө болот. Мындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 3000 км2ден ашык. Ошону менен бирге жекече мөңгүлөрдүн өлчөмдөрү да эң зор. Мисалы, бир гана Түштүк Эңгилчек мөңгүсүнүн узундугу 58,9 км, аянты 613,2 км ге барабар. Бул мөңгүдөн башка да узундугу 20 км ден ашык, Семенов (Кашка-Төр), Мушкетов (Адыр-Төр), Түндүк Эңгилчек, Кайыңды жана башка мөңгүлөр бар.
Орто Азияда мөңгүлөрдүн каптаган аянттары боюнча көрүнүктүү орунду Чоң-Алай кырка тоосу ээлейт. Чоң-Алай кырка тоосунун абсолюттук бийиктиги 7139 м ге чейин (Ленин атындагы чоку) жетет, борбордук бөлүгүнүн орточо бийиктиги 6000 м ден ашык. Мындай бийиктиктердин натыйжасында кырка тоонун кырлары жана ага жакын капталдары туташ мөңгү, түбөлүк эрибеген карлар менен капталган. Ал кырка тоодогу мөңгүлөрдүн жалпы аянты 1329,3 км2 ге жетет, б.а. Кан-Тенир тоо тоомунун мөңгүлөрүнүн аянтынан калышпайт. Алардын ичинен түндүк капталында, б.а. Кыргызстандын аймагында таралган мөңгүлөрдүн аянты 697,5 км2.
Чоң-Алай кырка тоосунун мөңгүлөрү орографиялык өзгөчөлүктөрү боюнча үч топко бөлүнөт. Батыш бөлүгү Мук-Суу менен Кызыл-Суунун кошулушунан Терс-Агар ашуусуна чейинки 64 км челик бөлүгүндө жалпы аянты 94,6 км2 ге жеткен 44 мөңгү жайгашкан. Борбордук бөлүгү Терс-Агар ашуусунан Кызыл-Арт ашуусуна чейинки 92 км челик бөлүгү эң мөңгүлүү. Бул бөлүктүн орточо бийиктиги 600 м ден ашык, эң бийик жери Ленин атындагы чоку (7139 м). Мөңгүлөрдүн жалпы аянты 361,7 км2. Кызыл-Арт ашуусунан Кытай менен чектешкен Ат-Жайлоо чокусуна чейинки 30 км челик бөлүктүн орточо бийиктиги — 5500 м, эң бийик жери — 6601 м (Корумду чокусу). Мындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты — 241,1 км2.
Чоң-Алай кырка тоосунун түндүк жана түштүк капталдарындагы мөнгүлөрдүн зор аянттарынын топтолушунун негизги себеби — анын абсолюттук бийиктиги. Түндүк жагында жарыш жаткан Алай кырка тоосунун кырлары Чоң-Алайдын кырларынан дээрлик 1000 м ге төмөн. Ошондуктан, ал жерге келген аба массаларынан, өзгөчө жай мезгилинде кошумча жаан-чачын кар түрүндө түшүп, мөңгүлөрдүн куралышын камсыз кылат.
Мөңгүлөрдүн чектелүү аймакта туташ жатып чогулган очокторунун бири Ак-Шыйрак тоо түйүнү. Ал Кыргызстандагы ири дарыя системалары Нарын менен Сары-Жаздын суу бөлгүчү катары эсептелет. Борбордук бөлүгүндөгү эн бийик чокунун бийиктиги 5000 м ден ашык. Мөңгүлөрдүн жалпы аянты 435 км2, саны — 154. Мындагы мөңгүлөр өлчөмү 30x40 км келген аянттын 44% ин ээлеп жатат. Нарындын башаты болгон Кум-Төрдүн алабындагы Петров мөңгүсү (узундугу 14 км, аянты — 70,6 км2) эң чон мөңгү болуп эсептелет.
Кыргызстандагы мөңгүлүү региондордун ирилеринин бири — Какшаал-Тоосунун түндүк капталы. Чыгышында Сары-Жаз капчыгайынан батышка карай Какшаал суусунун капчыгайына чейинки кырка тоонун бөлүгүндө жалпы аянты 907,6 км2 ге жеткен 600дөн ашык мөнгүлөр тараган. Болжол менен 70 км ге созулган Мүдүрүм менен Чон-Үзөңгү-Кууш сууларынын алабына туура келген Какшаал-Тоонун эн бийик бөлүгүндөгү мөнгүлөрдүн аянты 443 км2, Данков чокусунун (5982 м) тегерегинде туташ жаткан кар, фирн жана муз талааларынан ири өрөөн мөнгүлөрү куралат жана алардын этектери 3800—4000 м бийиктиктеги жайык өрөөндөргө чыгат (Ак-Сай, Ай-Талаа, Отто-Таш ж. б.). Бул мөңгүлүү регионду —Ак-Сайдын мөңгүлүү очогу деп аташат.
Үзөңгү-Кууштун капчыгайынан Сары-Жаздын капчыгайына чейинки Какшаал-Тоонун бөлүгүндө жалпы аянты 393,5 км2 ге барабар 400дөн ашык мөңгүлөр таралган. Мөңгүлөрдүн негизги бөлүгү Ак-Шыйрак суусунун оң куймасы Жаңгарттын алабында жайгашкан. Жангарттын алабы айрым мөңгүлөрдүн өлчөмү боюнча да алдыңкы орунда турат.
Кырка тоолордун кырларын бойлоп, бирде туташ, бирде үзүлгөн мөңгүлөрдүн катары Тескей Ала-Тоосунда топтолгон. Терең тилмеленген капчыгайлар түндүк капталында. Алардын төрлөрүндөгү мөңгүлөрдүн жалпы аянты 544,2 км2. Көпчүлүгү майда мөнгүлөр, 14 гана мөңгүнүн аянты 5 км2 ден ашык. Кырка тоонун түштүк капталы кыска жана сырттардын уландысы катары акырындап эңкейиштейт. Кырларына жакын капталдарын тилмелеген өрөөндөрдүн арасында жалпак анча-мынча эңкеңиштери бар байыркы пенеплендин калдыктары сакталып, алардын үстүндө «жалпак чокулардын мөңгүлөрү жатат. Түштүк капталынын мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 579,5 км2. Ал тараптагы мөңгүлөр Сары-Жаз, Нарын жана Чүй сууларынын алабдарына бөлүнүшөт. Өрөөн мөңгүлөрүнүн ирилери Сары-Жаздын алабында (эн чоң мөнгү Калпаковский узундугу 10 км, аянты 30,4 км2), жалпак чокулардын мөңгүлөрүнүн ирилери Нарындын алабында (Григорьев мөңгүсү — узундугу 4 км, аянты 8,3 км2).
Ички жана Борбордук Тянь-Шандын чегинде жогорудагы аталган мөңгүлүү аймактардан башка Какшаал-Тоосу менен Тескей Ала-Тоосунун арасында таралган мөңгүлөрдүн топтору Борколдой (250,3 км2), Ат-Башы (106,2 км2), Жаңы-Жер (59 км2), Жетим-Бел (71,5 км2), Жетим (136,6 км2), Нура (25,9 км2), Нарын-Тоо (69,4 км2) кырка тоолорунда таралган.
Түндүк Тянь-Шандын кырка тоолору чет жакта, нымдуу аба массаларынын басып келген жолунда жайгашкандыктарынын натыйжасында, абсолюттук бийиктиктеринин анча жогору эместигине карабастан мөнгүлөрдүн бир кыйла аянттары тараган Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндө туташ жаткан мөңгү-муз талаалары батышка карай айрым өзүнчө жаткан мөңгүлөргө айланып барып, Ашмаранын алабынан ары жоголуп кетет. Чыгышты карай да суюлуп барып, Боом капчыгайына жакын жоголот. Түштүк капталында тараган мөңгүлөр да борбордук бөлүгүнө байырлаган. Бул кырка тоолордогу мөңгүлөрдүн жалпы аянты 530,4 км2, саны 607. Эң ири мөңгүлөр Аламүдүн жана Ала-Арча сууларынын алабында (Голубин мөнгүсү — узундугу 5,5 км, аян-ты 9,4 км2).
Күнгөй Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндө да мөңгүлөрдүн бир кыйла аянттары тараган. Ысык-Көлдү караган түштүк капталында жалпы аянты 140,3 км2 ге жеткен 159 мөнгү бар. Түндүк капталынын чыгыш бөлүгү Челек суусунун алабына (Казакстан) карайт, батыш бөлүгү Чоң Кеминдин алабындагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 112,3 км2. Түндүк капталындагы эң ири мөңгүлөрдүн бири Чыгыш Ак-Суунун узундугу 4,9 км, аянты 6,9 км2. Чон Кемин менен Кичи Кемин сууларынын алабындагы Иле Ала-Тоосунун түштүк капталындагы майда мөңгүлөрдүн жалпы аянты — 40,9 км2.
Талас Ала-Тоосунда тараган мөңгүлөрдүн көпчүлүгү майда, асылма жана кар тибиндеги мөнгүлөр. Алар туташ муз талааларын түзбөй капчыгайлардын төрүндө бири биринен ажырап бөлөк жайгашкан. Жаллы аянты 120,7 км2 ге барабар 202 мөнгү түндүк капталында таралган. Түштүк капталынан Угам, Майдамтал, Пскем, Чандалаш жана Чаткал тоо кыркалары ажыраган жерлеринде жана аталган кырка тоолордун түндүк капталдарында майда мөнгүлөр таралган. Кыргызстанга караган Чаткал суусунун алабында жалпы аянты 10,8 км2 ге жеткен 62 мөңгү бар.
Фергана өрөөнүн курчаган кырка тоолордун эң мөңгүлүүсү — Алай кырка тоосу. Бул кырка тоодо жайгашкан мөңгүлөрдүн жалпы саны 1360тан ашык, аянты 956,3 км2. Түштүк капталынын батыш жагы Тажикстандын, аймагына карайт. Кыргызстандын аймагына тиешелүү мөңгүлөрдүн саны—1088, аянты 816,2 км2. Мөңгүлөрдүн негизги бөлүгү Исфайрам-Сайдын алабынан батышка карай Түркстан кырка тоосуна чейин жайгашкан. Чыгыш жагында болсо Ак-Буура, Куршаб сууларынын алабында жана Көк-Суунун төрүндө таралган. Ири мөңгүлөр кырка тоонун батыш тарабында да жайгашкан. Батыш Көк-Суунун алабындагы Абрамов мөнгүсүнүн узундугу 9 км, аянты 25,2 км2. Ал мөнгүгө 1967-жылдан бери эл аралык гидрологиялык он жылдык (МГД) изилдөөлөрдүн программасы боюнча Ташкенттик окумуштуулар тарабынан үзгүлтүксүз байкоолор жүргүзүлүп, изилденилип келген.
Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдүн жалпы саны 306, аянты 299,1 км2, көпчүлүгү Сохтун алабынын сол тарабында жана Исфаранын алабында таралган. Көпчүлүк мөңгүлөрү майда формада кездешет. 4 мөңгүнүн аянты 10 км2 ден ашык (Теминген, Шуровский ж. б.).
Фергана кырка тоосунун көпчүлүк бөлүгүнүн бийиктиги 3000—3500 м ден ашпайт. Мындай бийиктиктер кар сызыгынан төмөн жайгадйкандыктан мөнгүлөр пайда болбойт. Ал кырка тоонун Алай кырка тоосуна тутумдашкан жагы гана улам бийиктеп 4500—4800 м бийиктикке жетет да мөңгүлөрдү пайда кылат. Фергана кырка тоосундагы мөңгүлөрдун жалпы саны 383, аянты 195,8 км2. Алар Нарындын (Ала-Буга) жана Кара-Дарыянын (Тар) алабдарына караштуу. Мөңгүлөрдүн көпчулүгүмайда, асылма, кар тибинде. Эң чоң мөңгүсүнүн узундугу 5,4 км, аянты 7,4 км2.
Кыргызстандагы жаныбарлар
Jump to navigationJump to search
Кыргызстандын жаныбарлары. Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү өтө ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Географиялык чөйрөнүн татаалдыгы жана зоогеографиялык региондордун кошулган жерлеринде жайгашкан абалы Кыргызстандын фаунасынын калыптанышында негизги фактор болгон. Республиканын фаунасына омурткалуулардын 500дөн ашуун түрү кирет. Анын ичинде балыктын 75, жерде-сууда жашоочулардын 4, сойлоп жүрүүчүлөрдүн 28, канаттуулардын 368, сүт эмүүчүлөрдүн 86 түрү бар.
Мазмуну
Омурткасыз жаныбарлар[оңдоо | булагын оңдоо]
Омурткасыз жаныбарлардын фаунасы азырынча жетиштүү деңгээлде изилдене элек; акыркы маалыматтар боюнча республикада курт-кумурска менен кенелердин гана 4 миңдей түрү кезигет. Курт - кумурскалар Кыргызстандын энтомофаунасына ийнеликтердин 60тан ашык, канталанын 100, кыпчуурлардын 6, дырылдак коңуздардын 250, өсүмдүк биттеринин 140, трипстердин 120, кумурскалардын 86дан ашык, эбелек муруттуулардын 163, кычы коңуздардын 27, сасык коңуздардын 178, чыртылдак коңуздардын 75, булгаары жегичтердин 15, жалбырак жегичтердин 350, дан жегичтердин 40, шиш тумшуктардын 73, майда коңуздардын 31, чаңча жегичтердин 20, таарыгычтардын 160, аары сымалдардын 33, чырылдак чымындардын 200дөн ашык, шайтан көпөлөктөрдүн 27, коксинелиддердин 40, копопиддердин 140, төрт буттуу кенелердин 56 түрү бар. Муунак буттууларды өзүнчө бөлүп көрсөтүүгө туура келет, анткени алардын көпчүлүгү кан соргучтар, ошондой эле оору (малга ылаң) жугузат. Аларга кенелердин 28, аргастардын 7, гамаз сымал кенелердин 180, котур таратуучулардын 3, тромбикулиддердин 19, биттердин 12, кыпчуурлардын 155, тыбытчалардын 115, бүргөлөрдүн 110, чиркейлердин 28, желимчелердин 12, кара чиркейлердин 21, эшек курттардын 25, чымындардын 56, көгөндөрдүн 28, сайгактардын 11, канталалардын 1, кан соргуч чымындардын 5 түрү кирет.
Балыктар[оңдоо | булагын оңдоо]
Байырлаштырылгандарын кошкондо Кыргызстанда балыктын 75дей түрү бар. Алардын ичинен каңылтыр сымалдуулар көп. Чабак, көкчаар, жылтыр жана сазан промыселдик балыктар. Бирок акыркы жылдары мындай балыктар аз кармалууда.
Балыкты көп кармоо жана зыяндуу балыктардын (пескарь, гольян, голец) санын азайтуу максатында Ысык-Көлгө севан жилингири, таман балык, кубулма балык, көк серке, каңылтыр, судак ж.б. коё беришкен. Алардын ичинен севан жилингири менен судак жакшы ыңгайлашып, промыселдик мааниге ээ болгон, бирок алардын көбөйүшү менен көлдүн өзүнүн абориген балыктарынын саны кескин азайган. Промыселдик баалуу балыктардын санын көбөйтүү максатында (жилингир, көкчаар) Тоң (1964) жана Каракол (1969) балык көбөйтүү заводдору курулган. Балыктын кармала турган баалуу түрлөрү Ысык-Көлгө гана эмес, Соңкөлгө, Ортотокой, Токтогул, Киров суу сактагычтарына да коё берилген. Тоюту көп.
Соңкөлгө коё берилген балыктардын ичинен момун балык (орусча "пелядь"), май канат (орусча "сига") жакшы байырлашкан. Өзгөчө алгачкы жылдары балыктын бул түрү көп уруктап, тез өскөн, чоң да болгон, биомассасы 3 кгга жетип, семиз болгон. Бирок гидробионттордун динамикасын эске албай туруп, көлдө балыкты өстүрүү, алардын өтө көбөйүшү сууда жашоочу майда омурткасыздардын санынын динамикасын начарлатып жиберген. Натыйжада балыктын саны азайып, арыктап, салмагы кескин төмөндөгөн. Тоютунун жетишсиздигинен жырткыч эмес момун балык канибалистке айланган, башкача айтканда өз уруктарын өздөрү жей баштаган. Балык өстүрүүчүлүк респ-нын түндүгүндө Чүй, Талас өрөөндөрүндө өнүккөн.
Майда көлмөлөрдө, өзөндөрдө, агын сууларда сазан, кызыл канат түрпү, чортон, жылтыр, жаян, муруттуу балык, көкчаар жана башка балыктар бар. Алар менен кошо азык болуучу майда балыктар да жашайт.
Кыргызстанда жергиликтүү балыктар менен башка жактан алынып келинип байырлаштырылган балыктардан тышкары кокусунан пайда болгон балыктар да бар. Мисалы, амур чабагы, элеотрис. Амур чабагынын мекени – Казакстан, элеотристики – Ыраакы Чыгыш.
Жерде сууда жашоочулар (амфибиялар)[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргызстандын аймагында жерде-сууда жашоочулардын 4 түрү кезигет: жөнөкөй курбака, данатин курбакасы, борбордук азия жана көл бакалары. Жөнөкөй курбака түздүктөрдө жашайт (Чүй өрөөнүндө). 22 хромосомдуу данатин курбакасы болсо тоолуу жерлерди (Ысык-Көл өрөөнү, Ички Теңир-Тоо) мекендейт. Анын хромосомасы 2 эсеге көп. 3500 м бийиктикке чейинки сырттарда кездешет. Борбордук Азия жана көл бакалары аз санда болсо да республиканын түндүк жана түштүк аймактарында таралган. Борбордук Азия бакасы деңиз деңгээлинен 3500 м бийиктиктеги аймактарда да кезигет. Амфибиялар Теңир-Тоонун шартында ар кандай бийиктиктерде жашайт, улам бийиктеген сайын биомассасы мыйзам ченемдүү азая баштайт. Бул алардын генетикасына байланыштуу. Алардын бийик жерлерге топтолушу булак сууларга байланыштуу. Алар кыштаган булактар толук тоңбойт. Ошондуктан тоолуу жерлерде курбакалар чоң колонияларга топтолушуп, булактарда кышташат. Түздүктөрдө жашаган кадимки курбакалар урук таштарында гана сууга киришет, башка учурда кургакта жашап, кемирүүчүлөрдүн ийиндеринде, үйлөрдүн жертөлөлөрүндө, жер астында кышташат. Жерде-сууда жашоочулардын практикалык чоң мааниси бар. Алар мөмө-жемиш менен дан эгиндеринин көптөгөн зыянкечтерин, ошондой эле адамга оору (малга ылаң) таратуучуларды (чиркей, желимче, көгөн дагы ушундай сыяктуу) жок кылышат. Бакалар жана алардын көнөк баштары балыктарга, суу жана саз канаттууларына азык болот, ошондой эле медицинада тажрыйба жасоодо колдонулат.
Канаттуулар[оңдоо | булагын оңдоо]
Канаттуулардын Кыргызстанда 368 түрү бар. Бул КМШ өлкөлөрүндөгү канаттуулардын бардык түрлөрүнүн дээрлик жарымын түзөт. Алар (айрыкча таранчы сымалдардын 144 түрү) айыл чарба зыянкечтерин жана оору таратуучу көптөгөн кемирүүчүлөрдү жок кылышат. Үкү, күйкө жана башка жырткыч канаттуулар айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирип, адамга оору (малга ылаң) жуктуруучуларды жок кылышат. Жорулар менен кузгундар болсо тарп жеп, санитардык милдетти аткарат. Кыргызстанда өтө сейрек учуроочу канаттуулардын бири – каракур. Ал Ысык-Көл, Кемин өрөөндөрүндөгү карагайлуу токойлордо гана жашайт. Республиканын башка аймагына таралбагандыгынын себеби аныктала элек. Тоодак, безбелдек, булдурук, карабоор, токой чили жарым чөл жана чөл аймактарын мекендейт. Булардын саны барган сайын азаюуда. Ысык-Көл, Соңкөл, Чатыркөлдө жылдын бардык мезгилинде өрдөк, кайырма-соно, чүрөк, кыл куйрук боз каз жана башкалар жашайт. Алар промыселдик мааниге ээ. Ысык-Көлдө уникалдуу куштар – мала жана тармал бир казандар, тармал кышылдак куу, куркулдак куу, боз каз өңдүү сейрек учуроочу канаттуулар кыштайт. Алгыр куштардан бүркүт, карчыга, шумкар, ителги, кыргый жана башкалар бар. Кыргыздар эзелтен аларды таптап, көп айбанаттар м-н канаттууларга (түлкү, коён, кыргоол, өрдөк, кекилик жана башка) салып келишкен. Бирок азыр бүркүт, шумкар жана башка алгыр куштардын саны бир кыйла азайып кетти. Алардын санын сактап калуу жана көбөйтүү максатында 1979-ж. Ысык-Көлдө алгыр куштардын питомниги (Орто Азияда биринчи) уюшулган. Промыселдик маанидеги канаттууларулар, бөдөнө, кекилик, чил, өрдөк. Канаттуулардан айрыкча улар, тоодак, безбелдек азайып кетти. Тоодак менен безбелдек таптакыр жоголуу чегине жетип калды.
Сүт эмүүчүлөр[оңдоо | булагын оңдоо]
Сүт эмүүчүлөрдүн 86 түрү жашайт, анын ичинде курт-кумурска жечүлөрдүн 5, кош канаттуулардын 11, коён сымалдуулардын 4, кемирүүчүлөрдүн 33, жырткыч сүт эмүүчүлөрдүн 22, ача-туяктуулардын 6 түрү бар. Кыргызстанда сейрек учуроочу жаныбарларга марал, аркар, сүлөөсүн, илбирс жана күрөң аюу кирет. Алар Теңир-Тоонун карагайлуу токойлорун жана бийик тоолуу Арпа, Аксай, Суусамыр өрөөндөрүн мекендейт. Бул жаныбарлар ыксыз аңчылык кылуунун негизинде көп аймактарда жоголуп кеткен, ошондуктан алар Кызыл китепке катталган. Кыргызстандын үңкүрлөрүндө жашоочу жарганаттар көбүнчө респ-нын мөмө-жемишке бай түштүк аймактарында жашайт. Мындан бир нече жыл мурун эле жарганаттын көп түрү болгон, азыр анын айрым түрлөрү таптакыр жок болуп кеткен. Кан соргучтар менен азыктанышып, алардын санын жөнгө салып турат. Кыргызтандын табигый байлыктарынын бири–кызыл, боз жана мензбир суурлары. Республиканын түндүгүндө көбүнчө боз, түштүгүндө кызыл суур таралган. Чаткал кырка тоосунан кездешкен мензбир сууру теңиртоонун реликти болуп эсептелет. Карышкыр, түлкү, кашкулак, арыс–кеңири таралган жырткыч айбанаттар. Алар республиканын бардык өрөөндөрү менен тоолорунда кездешет. Качандыр бир убакта балык жашаган суулардын баарында кездешкен кундуз азыркы күндө дээрлик жоголуп кеткен. Аң терисин даярдоодо негизги орунду суур, түлкү, сары чычкан, ондатра (жылан куйрук), суусар ээлейт. Териси баалуу илбирс менен сүлөөсүн да жолугат. Булардын баары Кызыл китепке катталган. Аң уулоочу айбанаттардын ичинен тоо эчки, доңуз, элик сан жагынан бир кыйла көп. Жаңы жерлерди өздөштүрүү суур менен сары чычкандын таралуу аймагын тарытып жиберди, ошол эле себептен аң уулоочу жырткыч айбанаттар (төлкө, күзөн жана башка) үчүн азык болгон кемирүүчүлөрдүн саны да азайды; көлмөлөрдүн жээктериндеги чөп чабуу, мал жаюу ондатранын тоют базасын кескин түрдө начарлатты. Өрөөндөрдү өздөштүрүү, айыл-кыштак, шаарлардын көбөйүшү, өнөр жайдын кеңири кулач жайышы көп айбанаттардын азайып кетишине алып келди. Ушунун натыйжасында айрым айбанаттардын түрлөрүнүн популяциялары микропопуляцияларга бөлүнүшүп, кээ бир жерлерде жок болуп кетишүүдө. Ошол эле убакта айрым түрлөр мол азыктын эсебинен ыгы жок көбөйүп келүүдө. Жерди өздөштүрүү менен малдын санын арбытуунун уруксатсыз аңчылык кылуунун натыйжасында жаныбарларды аёосуз жок кылуу кошумчаланган. Мисалы, жейрен (кыргыз жейрени, каракуйрук) мурда республиканын көп аймактарында жашачу. Кийин алар Ысык-Көлдүн батышында, Чүй, Кочкор өрөөндөрүндө гана калган. Бирок, азыр алардын калган бир азы Казакстандын аймагына ооп кетти.
Башкы
Гезит тууралуу
Редакция
Дарек
Реклама берүүчүлөргө
PDF архив
Кыргызстандагы эң чоң көл – Ысык-Көл
erkintoo 17.02.2015 Кыргызстандагы эң чоң көл – Ысык-Көл2015-02-17T16:09:06+00:00Slider, Кызыктар дүйнөсүндө No Comment
• КРдеги эң чоң көл — Ысы-Көл. Аянты 6236 км2. Андан кийин Соң-Көл (аянты 270 км2), Чатыр-Көл (171 км2) турат. Кыргызстанда жалпы аянты 6836 км2 болгон 1923 көл бар.
• Эң ири мөңгү-Түштүк Эңилчек. Кан-Теңир тоо тоомунда. Узундугу 58,9 км, туурасы 2-3 км, аянты 613,2 км2, орточо калыңдыгы 300-400 м.
• Эң чоң ойдуң-Фергана өрөөнү. Узундугу 340 км, эң жазы жери 160 км, аянты 22000 км2.
• Эң чоң жана узун өрөөн — Нарын өрөөнү. Ал Эки-Нарын капчыгайынан Фергана өрөөнүнө чейин созулат. Узундугу 470 км.
-Эң ири жана суусу мол дарыя — Нарын. Анын Кыргызстандын аймагындагы узундугу 534 км. Ага бардыгы 830 суу куят. Нарын гидроэнергетикалык кубаттуулугу боюнча да алдыда. Гидроэнергоресурсу-5,94 млн кВт.
• Эң ири суу сактагыч — Токтогул. Аянты 284,3 км2, жалпы көлөмү 19,5 млрд м3.
• Аянты боюнча эң чоң облус — Нарын. Жалпы аянты 45,2 миң км2.
• Эң чоң район Ат-Башы. Аянты 19,1 миң км2.
• Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү ири алтын кендеринин бири — Кумтөр. Алтындын геологиялык запасы 300 тоннага жакын. Деңиз деңгээлинен 4 миң метрден ашык бийиктикте. 1978-ж. 9-ноябрда ачылган. 1997-ж. андан алгачкы 132 т алтын казылып алынган.
• Эң чоң ГЭС – Токтогул, кубаттуулугу 1200 мВт.
• Кыргызстанда гана эмес, Орто Азиядагы эң ири архитектуралык эстелик-ТашРабат. 15-кылымда курулган. Ат-Башы айылынан 80 км түштүк батышта, Бишкек-Торугарт жолунан 18 км аралыкта.
• Эң чоң өткөөл капчыгай — Боом. Ал Чүй өрөөнү менен Ысык-Көл өрөөнүн байланыштырат. Күнгөй Ала Тоо менен Кыргыз Ала Тоосунун жакындашкан жеринде, капчыгайдын таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 1300-1550 м, капталдары таманынан 1800-2500 м. Узундугу 25 км, жазылыгы 150-350 м.
• Эң ири ирригациялык жана энергетикалык канал — Чоң Чүй каналы (азыр ал Батыш Чоң Чүй каналы деп аталат). Курулушу 1941-ж. 14майда башталган. Согуш учурунда токтоп, 1946-ж. кайра башталган жана 1958-ж. 11-июлда бүткөн. Чүй өрөөнүн чыгыштан батышка карай кесип өтөт. Узундугу 147 км, туурасы 10-20 м, тереңдиги 5-6 м. Каналда кубаттуулугу 29 миң кВт болгон 7 гидроэлектрстанция курулган. Анда 226 гидротехникалык курулма, 196 суу өлчөгүч пост бар.
• Эң ири китепкана-В.И.Ленин атындагы улуттук китепкана. 1934-ж. ачылган. Китеп фонду 6 миллиондон ашык, дүйнө элинин 89 тилинде.
• Эң ири завод-Майлы-Сайдагы электр лампа чыгаруу заводу. 1968-ж. ишке берилген. Ал кубаттуулугу боюнча СССРдеги эле эмес Европадагы эң ири заводдордун катарында турган. Жылына 300 млн.дон ашык электр лампасын чыгарган.