| 1 | Уюштуруу: Класстын тазалыгына көңүл буруу, иш ордун уюштуруу. Окуучуларды толуктоо. Карта, атлас, глобус менен окуучуларды тааныштыруу. | Окуу китеби, ручка, сызгыч, колдонмо дептерин даярдатат. | Окуу куралдарын даярдашат. | | ПК1 | “Азаматсыңар” дагы эмнени билесиңер деген сыяктуу сыпаттама |
| 2 | Yй тапшырманы суроо. (5–8 мүн.) | Ар бир окуучуда 1 ден атлас болуусу сөзсүз зарыл экендиги айтылат. География илими башталгыч класста окуган табият таануу сабагынын бир багыты катары, турмуштагы орду айтылат. | Атласты кантип толтуруунун жолдорун үйрөнүшөт . | НК3 | ПК1 | Дагы кимиңер кандай ойлорду айта аласыңар?Калыптандыруучу |
| 3 | Жаңы тема менен тааныш- тыруу (5–8 мүн.) | География – бул эң байыркы илимдердин бири. География – жер бетинин жаратылышын, калкын жана алардын чарбалык иш – аркеттерин изилдейт. “География” деген атты илимге байыркы грек окумуштуусу Эратосфен берген. Грекче “гео” – жер, “графос” – жазуу дегенди билдирет. Демек география жерди сүрөттөп жазуу дегенди билдирет. Алгачкы географиялык маалыматтарды саякатчылар чогултушкан. Алар сапардан кайтышкандан кийин, өздөрүнүн мекендерине башка өлкөлөрдүн жаратылышы жана адамдары, өсүмдүктөрү менен жаныбарлары ж.б. көптөгөн нерселери жөнүндө айтып беришет. Азыркы кездеги физикалык география Жер шарынын бетинде жүрүп жаткан процесстер менен кубулуштардын пайда болуш себептерин, таралыш закон ченемдүүлүктөрүн изилдейт. Адамдар ар түрдүү жаратылыш шарттарда: түздөрдө жана тоолордо, токойлордо же ачык талааларда,чөлдөрдө да жашап иштешет. Алар эгин айдап, мал багышат, кен казып, үй курушат, завод – фабрикалардан көптөгөн буюмдарды чыгарышат. Жашоого керектүү бардык нерсени – абаны, сууну, азыкты жаратылыш берет. Жаратылыш байлыктарын туура пайдалануу үчүн аны терең үйрөнүп билүү керек. Бул үчүн жер бетинде эмне бар жана ал кайсы жактарда кездешет деген суроого эле жооп берүү аздык кылат. Азыркы физикалык география алар эмне себептен, ошондой деген суроого да жооп бере алат. Ал жаратылыш шарттарынын жана байлыктарынын ар түрдүүлүгү: эмне себептен бир жерде ысык, башка жерде катуу суук. | Окуучулар кунт коюп угушат. Тушунгбогон суроолору болсо беришет. Экономикалык атласты кантип толтуруунун жолдорун үйрөнүшөт | | ПК2 ПК3 ПК1 | Окуучуларга сыпаттама баалар берилет |
| 4 | Бышык- тоо (3 мүн.) | Жамгыр канткенде жаайт, жаан-чачындын түрлөрү? Жердин катуу катмарында эмнелер бар? Өсүмдүктөр менен жаныбарлардын кандай түрлөрүн билесиңер? Ж.б. | Окуучулар жооп бери- шет. | | ПК1 ПК2 | Мугалимдин алкыш сөзү Азамат, Бали, Рахмат ж.б Калыптандыруучу. |