Казакстан
Дүйнө мамлекеттер арасында аянты боюнча 9-орунду ээлейт (2 млн 724,9 мин км²). Түндүк жана Батыш тараптан Орусия , Чыгыштан Кытай менен, Түштүктөн Кыргызстан , Өзбекстан , Түркмөнстан малекеттери менен чектешет.
Мамлекеттик тузулушу
Казакстан унитардык мамлекет. Башкаруу формасы президенттик республика. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы Мажилис жана Сенат (эки палаталуу парламент; Мажилисте 5, Сенатта 6 жылдык мөөнөткө шайланып, 107 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин жогорку органы премьер-министр жетектеген өкмөт. Премьер-министр межилистин макулдугу менен президент тарабынан дайындалат
Нур-Султан Казакстан Республикасынын борбор шаары
Административдик-аймактык түзүлүш боюнча 14 облуска жана 3 республикалык маанидеги шаарга бөлүнөт.
Калкынын басымдуу бөлүгүн (67,98%) казактар түзөт (2019-жылкы эл каттоо боюнча). Орус (67,98%), өзбек (3,21), украин (1,47) улуттары негизинен өлкөнүн түндүк жана чыгыш бөлүктөрүндө жашайт. Калгандарын уйгур (1,47), татар (1,10%), беларус, корей, азербайжан, түрк, поляк, дунган, күрд, тажик, башкырт, молдаван ж. б. улуттар түзөт.
Казакстандын аймагында көтөрүңкү түздүктөр жана сары-аркалар (бийиктиги 500-600 м) басымдуу; алар өлкөнүн аймагынын 50%ке жакынын, ойдуңдуу түздүктөр (100-250 м) 30%ин, тоолор (1000-4000 м) 20%тейин ээлейт. Бийиктик амплитудасы -132 мден (Маңкыштактагы Карагие ойдуңу) 6995 мге чейин.
Тажикистан
Тажикстан , Тажик Республикасы – Орто Азиянын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Батышынан жана түндүгүнөн Өзбекстан, Кыргызстан, чыгышынан Кытай, түштүгүнөн Афганстан менен чектешет.
Мамлекеттин тузулушу
Тажикстан унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы президент (1994-жылдан Эмомали Рахмон). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – парламент
Аянты 143,1 миң км 2 . Калкы 8,0 млн (2013). Борбору- Душанбе шаары
Административдик-аймактык жактан бир автономия областына (Тоолуу-Бадакшан), 2 областка (Согд, Хатлон), 13 районго, 17 шаарга бөлүнөт. Акча бирдиги – сомони.
Элинин негизин тажиктер (79%) түзөт. Ошондой эле кыргыздар (19%тен ашык), памирлик кыргыздар, өзбектер, орустар, татарлар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Расмий тили – тажик тили. Мусулман динин (сүнөттөр) тутат. Орточо жыштыгы 1 км 2 жерге 56,3 киши.
Тажикстан – тоолуу өлкө. Аймагынын 93%ин Теңир-Тоо чокусу, Ысар-Алай, Памир системасына кирген тоолор ээлейт. Түндүгүндөгү курама кырка тоосу, Могол-Тоо менен Түркстан кырка тоосунун ортосунда Фергана өрөөнүнүн батыш чети жатат. Борбордук бөлүгүн Алай кырка тоосунун батышы, түндүк-батышын Түркстан (бийиктиги 5509 мге чейин, Пирамидальный чокусу), Заравшан (5489 м, Чимжарга чокусу), Ысар (4881) кырка тоолору ээлейт.
Озбекистан
Өзбекстан ( өзб. O’zbekiston, Ўзбекистон же өзб. O'zbekiston Respublikasi, Ўзбекистон Республикаси ) — Орто Азиянын борборунда жайгашкан мамлекет. «Өзбекистан» жана «Өзбекстан Республикасы» деген мамлекеттин аталыштардын мааниси бирдей. Чектеш мамлекеттер: Чыгышта - Кыргызстан , Түндүк-Чыгыш, Түндүк жана Түндүк-Батышта - Казакстан , Түштүк-Батыш жана Түштүктө - Түркмөнстан , Түштүктө - Ооганстан жана Түштүк-Чыгышта - Тажикстан .
Өзбекстан Республикасы Каракалпакстан Республикасынан (картада - 14), облустардан ( өзб. viloyat ), айыл тибиндеги райондордон ( өзб. tuman ), шаар тибиндеги райондордон, облус карамагындагы шаарлардан, район карамагындагы шаарлардан, айылдардан турат.
2014-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын калкынын саны 30 миллион адамдан ашкан, анын ичинен 51% - шаар калкы, 49% - айыл калкы. Бир жыл аралыгында 2013-жылдын 1-январынан 2014-жылдын 1-январына чейин Өзбекстандын калкы 495,1 миң адамга көбөйгөн. 2013-жылы туулгандардын саны 674,9 миң, каза болгондордун саны 145,0 миң адамды түзгөн.
Калктын орто жыштыгы 1 чарчы чакырымга 65,8 адам. Калкынын саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында Орусыя жана Украинадан кийин үчүнчү орунда турат.
Өзбекстанда маданият жана коомдук мамиле көп кылымдуу тарыхка ээ. Массалык маалымат каражаттарынан (1300дөн жогору) Өзбекстан Улуттук телерадиокомпаниясын , аймактык теле- жана радиокомпанияларын, FM-радиостанцияларын, өкмөттүк гезиттерди жана интернет-каражаттарды белгилесе болот. Санариптик технологияга өтүүнүн натыйжасында Өзбекстандын теле- жана радиоиндустриясынын өнүгүүсү күчөдү.
Өзбекстанда гезиттер өзбек, каракалпак, тажик, казак, орус жана башка тилдеринде басып чыгарылат.
1992-жылдын 2-июлунда Олий Мажлис «Майрамдык күндөр жөнүндө» законун кабыл алып, төмөнкү күндөрдү майрамдык деп жарыялаган.
- 1-январь — Жаңы Жыл ,
- 14-январь — Мекенди коргоо күнү,
- 8-март — Эл аралык аялдар күнү ,
- 21-март — Нооруз ,
- 9-май — Жеңиш жана Ардак күнү,
- 1-сентябрь — Эгемендүүлүк күнү ,
- 1-октябрь — Мугалим жана Устат күнү,
- 8-декабрь — Конституция күнү,
- Орозо айт жана Курман айт диний майрамдары.
Мекенди коргоо күнүнөн тышкары, баардыгы иш күнү эмес деп эсептелинет
Өзбекстандын аймагы ар түрдүү, бирок бул өлкөнүн чоң мейкиндиктери жашоого жарактуулугу начар, булар: чөлдөр, талаалар жана тоолор. Өзбекстандын эли жашаган шаарлардын көпчүлүгү өзөндөрдө жайгашкан.
Түркмөнстан Республикасы ( түркм. Türkmenistan ) — Орто Азияда жайгашкан түрк мамлекеттердин бири. 1991 жылга чейин Советтер Союзунун мүчөсү болгон жана Түркмөн Советтик Социалистик Республикасы деп аталып жүргөн. Ал түштүк-чыгыш тарабында Ооганстан менен чектешет, түштүк жана түштүк-батыш тарабында Иран менен, Өзбекстан менен чыгышта жана түндүк-чыгышта, Казакстан менен түндүктө жана түндүк-батышта жана батышта Каспий деңиз менен. Деңизде ал Азербайжан , Армения , Грузия жана Орусия менен чектешет.
Түркмөнстан — динден тышкары мамлекет. Башкаруу формасы — президенттик республика. Өлкө башчысы — президент.
Закон чыгара турган орган — Межлис (125 мүчө). Депутаттар бир мандаттык аймактардан беш жылга шайланат. Межлистин иш-билгилиги — закондорду кабыл алуу, Конституцияны кабыл алуу жана өзгөртүү. 2013-жылга чейин өлкөдөгү бир эле легалдуу саясий партия Межлисте көрсөтүлгөн — Түркмөнстан демократиялык партиясы.
Түркмөнстандын калкы 6,2 млн. Адам аркылуу болот. Түркмөнстан - көп улуттуу мамлекет. өлкөдө 100дөн ашуун улуттардын жана элдердин өкүлдөрү жашайт.