Просмотр содержимого документа
«Географиялык кабыктын курамы жана алардын ортосундагы байланыштар»
Тема: Географиялык кабыктын курамы жана алардын ортосундагы байланыштар.
Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна
- Бишкек шаарындагы А.Каниметов атындагы №1 ЖББГИ география мугалими
САБАКТЫН МАКСАТЫ :
- Жердин географиялык кабыгы, анын курамы, андагы процесстер, айлануулар, алардын себептери тууралуу маалымат аласыӊар.
- Географиялык кабыктардын ортосундагы байланыштарды салыштырып, өз алдынча тапшырманы аткарууга үйрөнөсүӊөр.
БИОСФЕРА
ГИДРОСФЕРА
Жердин кабыгы, анын чегинде
атмосферанын төмөнкү
катмарлары, литосферанын жогорку
бѳлүгү, гидросфера жана биосферанын
бардыгы өз ара аракеттенишет жана
бири - бирине ѳз ара өтүүнү
географиялык кабык деп аташат .
АТМОСФЕРА
ЛИТОСФЕРА
- Окумуштуулар географиялык кабыктын кескин чек аралары жок, анын орточо калындыгы 55 км деп эсептешет. Жердин көлѳмү менен салыштырганда – бул ичке кабык .
Географиялык кабык – бул адамдык коом жашап жана өнүккөн жаратылыштык чөйрө, биздин үйүбүз. Бул чөйрөнү сакташ үчүн, географиялык кабыктын касиетин жана мыйзам ченемдүүлүгүн жакшы билишибиз керек.
Географиялык кабык төмөнкү касиеттерге ээ:
- андагы бардык кубулуш күн энергиясынан улам жашайт жана өнүгөт;
- органикалык заттар органикалык эместерден фотосинтез процессинде пайда болот;
- анда энергиянын жана заттардын айлануусу дайыма жүрөт;
- ал күн энергиясын топтоого жѳндѳмдүү;
- андагы заттар катуу, газ, эриген абалда болушат.
- бул жерде организмдердин жашоосу үчүн бардык шарттар бар.
Географиялык кабыктын эң маанилүү жалпы мыйзам ченемдүүлүгүнѳ анын бирдиктүүлүгүн, ритмдүүлүгүн, зоналуулугун киргизет.
Гидросфера менен биосфера толугу менен географиялык кабыктын курамына кирет.
Географиялык кабык андагы катмарлардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында бүтүндүүлүк касиетке ээ.
Мисалы, тоонун бир капталындагы карагай токойлору кыйылса, жергиликтүү климат сөзсүз өзгөрөт.
Токой жаныбарлары башка жакка ооп кетишет. Карагай токойлоруна мүнөздүү болгон бадалдар менен өсүмдүктөрү жапа чегет. Топурак эрозияга дуушар болот.
географиялык кабыктын бир мыйзам ченемдүүлүгү. Белгилүү убактыт ичинде ар түрдүү процесстер менен кубулуштардын кайталанып турушу. Мөөнөтү ар түрдүү. Суткалык ритмдүүлүктү күн менен түндүн алмашып турушу түшүндүрөт. Жыл ритмдүүлүккө жыл мезгилдеринин алмашылышы, муссон шамалдарынын кайталанышы, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн тиричилигинин өзгөрүшү ж.б.
Ритмдүүлүк-
- Географиялык кабыктагы заттык айлануулардын негизги кыймылдаткыч күчү күн энергиясы болуп саналат.
- Жер шарында тиричилик пайда болгонго чейин 3,5 млрд. жыл мурда жердин географиялык кабыгы 3 гана бөлүктөн-атмосферадан, гидросферадан жана литосферадан турган. Биосфера катмары кийин пайда болгон.
- Биосфера катмары географиялык кабыкка чоӊ таасирин тийгизип турат.
- Демек, табияттагы тыгыз байланыштарды бузбай сактоо адамзаттын ыйык милдети.
Тест: "Географиялык кабык жана биосфера"
1 . Биосфера окуусун түзгөн орус окумуштуусу:
А)А. И. Воейков
Б)В. И. Вернадский
В)Б. П. Алисов
г) В. В. Докучаев
2. Биосферанын жогорку чеги ... деңгээлде жайгашкан:
А )Озон катмары
Б)Дүйнөлүк океандын бети
В)Тропосферанын жогорку чеги
3. Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгү ...кѳбѳйүүдѳ:
А)Уюлдан экваторду карай
Б)Экватордон уюлду карай
В)Экватордон уюлду көздөй өзгөрбөйт
4. Топурак – бул:
А)Чөп чачымы, чоң эмес бадал
Б) Жердин катмары
В)Өсүмдүк менен капталган , табигый түшүмдүүлүккө жөндөмдүү
Көӊүл бурганыӊарга
чоӊ рахмат!!!