2. Үй ишин текшерүү. Кѳнүгүү иштѳѳ менен. 3. Жаңы теманы өтүү. 1-кадам. Жалпысынан эки түрдѳгү чоӊдуктар бар. 1) масса, узундук, убакыт, кѳлѳм ж.б. бул чоӊдуктар сан мааниси менен гана аныкталат. Аларды скалярдык чоӊдуктар деп атайбыз. 2) күч, ылдамдык, ылдамдануу ж.б. бул чоӊдуктарды аныктоо үчүн сан маанилеринин (скалярдын) берилиши жетишсиз. Бул чоӊдуктардын сан мааниси менен кошо багыты да берилиши керек. Мындай чоӊдуктар вектордук чоӊдуктар. Багытталган кесинди вектор деп аталат. вектор эки чоӊ тамга же бир кичине латын тамгасы менен белгиленет да, үстүнѳ стрелка коюп жазылат. Мисалы: же деп белгиленет. Вектор белгиленген кесиндинин узундугу же вектордун башталышындагы же акырындагы эки чекиттин аралыгы ал вектордун узундугун аныктайт. Вектордун узундугуна барабар болгон оӊ сан вектордун модулу же абсолюттук чоӊдугу деп аталат да, же АВ түрүндѳ белгиленет. Эгерде вектор бир тамга менен белгиленсе, анда анын узундугу де а түрүндѳ белгиленет. Эгерде вектордун башталышы жана акыркы акыркы чекиттери дал келип калса, анда ал нѳл вектор деп аталат. Эгерде жана векторлорунун узундуктары барабар жана багыттары бирдей болсо, анда алар барабар деп аталышат. Эгерде вектордун узундугу 1ге барабар болсо ал бирдик вектор деп аталат. 4. Бышыктоо. 2-кадам. № 1, 2, 3 5. Баа коюу: Окуучулардын билимин баалоо 6. Жыйынтыктоо 7. Үй тапшырма. №4, №5 | Маалымат алуу жогорулайт. Түшүндүрүү процесси жүрѳт. Алган маалыматтан окуучуда кызыгуу пайда болот. Жупта жана жекече иштѳѳ процесстери жүрѳт. Түшүндүрүү процесси жүрѳт. |