Просмотр содержимого документа
«Геометриялык маселелер»
Аналитикалык геометриянын т өрт маселеси жана анын чечилиши
Магистраннт: Райымкулова Гулира Осмоновна
Изилдөөнүн актуалдуулугу. 2013-2015 - жылдар аралыгында келечектеги билим берүү алкагында стабилдүү өнүгүүнү аныктай турган жаңы муундагы «Профессионалдык жогорку билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары» (профессионалдык жогорку билим берүүнүн бардык багыттары боюнча «Бакалавр» жана «Магистрдик» программалар ) иштелип чыгып, ал ишке ашырыла баштады. ЖОЖдор бул багыттар жана профилдер боюнча Бакалавр - Магистрлерди даярдоо процессин ишке ашыра баштады. Анын алкагында, жаӊы замандын көп тармактуу чөйрөсүндө чыгармачыл жана кесипке жөндөмдүү, акыл - эс менен талдоо жүргүзүп корутунду жасай билген жана алган билим – билгичтик - көндүмдөрүн профессионалдык кесибине
колдоно биле ала турган адистердин базасын түзүүдө бардык кесиптер үчүн базалык жана универсалдык боло ала турган математикалык атайын билимдин ролу зор экендиги талашсыз.
Ошондуктан массалуу түрдө, билим берүүнүн бардык этаптарына математикалык билим берүү процессин үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн Магистрдик программа боюнча математика профилинин мугалимдерин даярдоо Кыргыз мамлекетинин билим берүү саясатынын биринчи кезектеги маселелеринин бири болуп калууда. Бирок, учурда билим берүүнүн мазмунуна жана окутуунун формаларына арналган изилдөөлөр жүргүзүлгөнү менен, келечектеги адистерди жаңы муундагы мамлекеттик стандарттын талабына ылайыктап, болочок кесибине багыттуу максатта математика курсун окутуу маселелери толугу менен изилдене электигин дагы белгилөөгө болот.
Ошондуктан, болочок адистерди даярдоо эки баскычтуу системага өткөн мезгилде, математика профили боюнча болочок Магистрдин кесиптик компетенциясын калыптандыруу процессинде математикалык билим берүүнүн зарылчылыгы, максаты, милдеттери, аны окутуунун жаңы технологиясын түзүү маселелерине жаңы талаптардын жаралуусу, аны окутууну жаңылоонун азыркы учурдагы актуалдуу маселенин бири болуп калууда. Ошондуктан бул магистрдик диссертациялык изилдөөнүн актуалдуулугу болуп, жогоруда аталган проблемаларды чечүү менен, анын болочок кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу максатында анын темасы
“ Мейкиндик жана формалар” сызыгынын алкагында “ Геометриянын төрт маселеси жана анын чечилиши” деп аталып, анда болочок кесипке даярдоодо процессинде бул теманын прикладдык-практикалык (колдонуучулук) мазмундук негизин түзүү маселеси изилденди .
Диссертациялык изилдөөнүн темасы И.Арабаев атындагы КМУнин магистрдик изилдөө иштеринин тематикалык планынын курамына кирет.
Изилдөөнүн максаты: алынган теманын прикладдык - практикалык (колдонуучулук) мазмундук негизин түзүү жана аны конкреттүү мисалдар менен белгилөө;
Изилдөөнүн милдеттери :
математика профилиндеги болочок магистрлерди даярдоо прцессинде кесипке багытталган колдонмо мазмундагы математикалык билим берүүнүн маанисин, учурдагы абалын талдоо жана андагы проблемаларды аныктоо;
болочок кесибине ылайык, алынган теманын колдонмо мазмунун аныктоо жана аны практикалык мисалдар менен негиздөө;
изилдөөнүн натыйжалуулугун текшерүү үчүн педагогикалык байкоо жүргүзүү жана айрым методикалык - практикалык сунуштарды белгилөө.
Изилдөөнүн жаңылыгы болуп , математика профилиндеги болочок магистрлерди даярдоо прцессинде кесипке багытталган колдонмо мазмундагы прикладдык математика курсун окутуунун маанисин, учурдагы абалын талдануусу; алынган теманын колдонмо мазмунунун аныкталышы, анын практикалык мисалдар менен негизделиши;
Изилдөөчүнүн жеке салымы : изилдөө темасына ылайык негизги илимий -методикалык эмгектер менен таанышуу, андан алынган материалдарды диссертациялык ишти жазууга колдонулушу болуп эсептелет. Магистрдик диссертациялык иш киришүүдөн, эки бөлүмдөн, корутундудан, адабияттардын тизмесинен жана тиркемелерден турат. Иштин жалпы көлөмү 68 бет компьютердик тексттен турат жана ал 11 аталыштагы адабияттарды өзүнө камтыйт.
- Мейкиндиктеги түз сызыктуу формалар (геометрия), алардын колдонулуштары Геометриялык материалдарды окутуунун максаты жана милдеттери. Векторлор түшүнүгү. Векторлордун үстүнөн аткарылуучу арифметикалык жана атайын амалдар Векторлорду кошуу, кемитүү жана санга көбөйтүү Мейкиндик жана формадагы төрт маселе
- Мейкиндиктеги түз сызыктуу формалар (геометрия), алардын колдонулуштары
- Геометриялык материалдарды окутуунун максаты жана милдеттери.
- Векторлор түшүнүгү.
- Векторлордун үстүнөн аткарылуучу арифметикалык жана атайын амалдар
- Векторлорду кошуу, кемитүү жана санга көбөйтүү
- Мейкиндик жана формадагы төрт маселе
(Геометриянын төрт маселеси)
- Экинчи тартиптеги сызыктардын жалпы тендемелери Экономика жана менеджмент теориясында параболанын колдонулушу
- Экинчи тартиптеги сызыктардын жалпы тендемелери
- Экономика жана менеджмент теориясында параболанын колдонулушу
Разминка
ИЗИЛДӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ
Бул изилдөө ишинде биз окуучуларга, болочоктогу педагог окутуучуларга геометриянын төрт маселеси, ошону менен бирге ийри сызыктардын касиеттерин, алардын колдонулуштарын математикада гана эмес жеке эле турмуштагы ордун көрсөтө алдык деп ойлойм. Бул ишти изилдөөдө биз окуучулардын түз сызыктар жана ийри сызыктар деги эле сызыктар жөнүндөгү түшүнүктөр боюнча сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө окуучулардын сызыктардын колдонулушуна карата түшүнүктөрүнүн төмөн экендигин байкадык.
К өңүл бурганыңыздарга рахмат