Говард Гарднер: «интеллекттин көп жактуулугу» теориясы
Гарднер (1943 ж.11-июль ) интеллект көп образдуу жөндөмдөрдөн турган жөнөкөй кубулуш эмес, тескеринче: интеллекттин көптөгөн ар кандай түрлөрү бар, алардын ар бири өз-өзүнчө маанилүү жана башкалардан көз эмес деп ырастаган.
Интеллект – адамдын акылын азыктандыруучу чөйрө. Өзүбүздөгү интеллектти өстүрүүгө болобу же ал бизге төрөлгөндөн өмүрүбүздүн акырына чейин берилеби? Ошондой болушу мүмкүн, мында эч бир күнөм жок. Говард Гарднердин интеллекттин көп жактуулугу теориясы алгач 1983-жылы «Акыл рамкалары: интеллекттин көп жактуулугу теориясы» аттуу китепте жарык көргөн.
Г.Гарднер ар бир адам, жок дегенде ар кандай деңгээлде байкалган интеллекттин сегиз тибине ээ болот деп эсептейт:
1. Вербалдык – лингвистикалык интеллект (китеп окууну жакшы көрөт, жакшы сөздүк эс-тутуму бар, сөздүктүн бай коруна ээ, ойдон чыгарууну жакшы көрөт ж.б.);
Бул тип акындарда, жазуучуларда, жана сөзмөрлөрдө жакшы өнүккөн.
2. Логикалык-математикалык интеллект (эсепти жана сандар менен жүргүзүлүүчү иштерди жакшы көрөт, математикалык түшүнүктөргө ээ, логикалык маселелерди жана баш катырмаларды чечүүнү, шахмат ойноону, өзүнүн курбалдаштарына салыштырганда абстракттуураак деңгээлде ойлонууну жакшы көрөт, себеп-натыйжа байланыштарына ажырата билет. Адам катары калыптануу менен катар анын математикадагы жөндөмдөрү өсүп отурат.
3. Визуалдык-мейкиндиктик интеллект (көрүү образдары аркылуу ойлонот, тексттерге караганда карталарды, схемаларды, диаграммаларды жеңил окуйт, курулай ойлонууну жана искусство менен алектенүүнү жакшы көрөт, сүрөттү жакшы тартат, кызыктуу үч өлчөмдүү моделдерди (мисалы, ЛЕГО конструкторун конструкциялайт, окууда сөздөрдөн эмес, иллюстрациялардан көбүрөөк маалымат алат. Интеллекттин бул тиби предметтерди көрүп элестетүү жөндөмүнөн жана кабылдоо/көрүп элестетүү сезиминен көзкаранды болгондуктан адамдын ички акыл-эс образдарын түзүү, сүрөттөп көрсөтүү жөндөмдөрүн өз ичине камтыйт). Интеллекттин мындай түрү сүрөтчүлөрдө, скульпторлордо, архитекторлордо, ойлоп табуучуларда жана шахматисттерде эң жакшы өнүккөн.
4. Мотордук-кыймылдаткыч интеллект (спорттук жогорку натыйжаларды көрсөтөт; башкалардын жаңдоосун, мимикасын, манераларын окшоштуруп туурайт; предметтерди чачып, кайра жыйноону жакшы көрөт; көргөн нерсенин баарын колу менен кармап көрөт; чуркоону, секирүүнү, күрөшүүнү жактырат; устачылыкка шыгы байкалат ).
Интеллектин бул тибинин дене кыймылдарына да, билимдерге/организмдин даанышмандыгына да, бул жерде дененин булчуң кыймылына жооп берген мээ кабыгын кошуп кетүү туура, ошентип жогоркулардын баарына түздөн-түз тиешеси бар. Интеллектин бул тиби тажрыйба менен бекемделет, бийчилерде, актерлордо жана спортсмендерде жакшыраак өнүккөн.
5. Музыкалык-ритмикалык интеллект (ырлардын мелодиясын эстеп калат; уккулуктуу үнү бар; музыкалык аспапта ойнойт, хордо ырдайт; ритмикалык манерада кыймылдайт, сүйлөйт; акылдан тыш өз ичинде ырдайт, стол үстүндө бир нерсе менен алектенип жатып ритмге салып тыкылдатат). Интеллекттин бул тиби бизди курчап турган добуштарды, ритмди сезүүнү кошуп алганда, музыкалык образдарды жаратууга негизделген. Композиторлордо, музыканттарда, ырчаларда жана бийчилерде баарынан күчтүү өнүккөн.
6. Инсандар аралык интеллект (курдаштары менен баарлашууну жакшы көрөт; кырдаалдарда лидер болуп чыга келет; башка балдар менен ойногонду жана аларга үйрөткөндү жакшы көрөт, көңүл жубата билет, башкалар жөнүндө камкордукту көрсөтө алат; башка балдар анын компаниясында болууга умтулушат). Интеллектин бул тиби негизинен инсандар аралык баарлашууда ишке ашат жана кызматташуу шарттарында коллективде иштешүү жөндөмүндө, ошондой эле башка адамдар менен вербалдык (вербалдык эмес) баарлашуу жөндөмүн көрүнөт. Интеллекттин бул түрү писхологдордо, мугалимдерде жана тарбиячыларда.
7. Инсан ичиндеги интеллект (көзкаранды эместик сезимин/эрктин күчүн демонстрациялайт; өзүнүн жакшы жактарын, кемчилдиктерин реалдуу аңдап-сезет; өзүнө эч нерсе тоскоол болбогон учурда гана тапшырмаларды аткарат; өзүн башкара билет; жалгыз иштөөнү артык көрөт; өзүнүн сезимдерин так сүрөттөп берет; кетирген кемчилдиктеринен сабак алат; кишилик кадыр сезими жакшы калыптанган. Интеллекттин бул тиби өзүн аңдап-сезүүгө, артка чегинип өзүнө тышкы байкоочудай кароого мүмкүндүк берет. Дин кызматчылары, саясатчылар жана димпломаттар интеллекттин бул тиби жакшы өнүккөн адамдардан болуп саналышат.
8. Натуралисттик интеллект (табият таануучунун интеллектиси) (табиятка, табият кубулуштарына, айбанаттарга, өсүмдүктөргө кызыгуусун көрсөтөт, жаратылыш дүйнөсүн түшүнүү, тышкы курчап турган чөйрөнүн касиеттерин жана белгилерин классификациялоо жөндөмдөрүн демонстрациялайт ж.б.у.с.).
Гарднер тигил же бул интеллекттин көрүнүү жана өнүгүү даражасы индивидуумдун турмуштук тажрыйбасына жараша болот деп эсептейт. Интеллекттин тигил же бул тибин адам канчалык көбүрөөк колдонсо,канчалык мүмкүнчүлүктөрү көп болуп, окуусу мыкты болсо, ошончолук интеллекттин берилген тиби мыкты өсүп-өнүгөт.
Интеллекттин сегиз түрү өз ара байланышта болушу ыктымал. Бирок бул типтердин кайсынысын болбосун Сиз өз алдынча мыктылап өнүктүрө аласыз. Мектепте интеллекттин көп жактуулугу теориясын ишке ашыруу индивидуалдык айырмачылыктардын көп образдуулугун колдонууга, аларды актуалдаштыруу үчүн көптөгөн жолдорду түзүүгө, алардын негизинде окутууга негизделет.
«Интеллекттин көп жактуулугу» теориясы адамдардын жөндөмдөрү боюнча айырмачылыктарына так сүрөттөмө берет десек, анда айрым балдар (мүмкүн, балдардын баары эмес) башкаларга караганда өздөрүндө үстөмдүк кылган жөндөмдөрү аркылуу жеңил окуп-үйрөнөт деп божомолдоого болот».
Гарднердин теориясын мектепте колдонуунун варианттары мектептердин өздөрү канчалык ар түрдүү болгондой эле, бири-бирине окшошпойт, мында башкы принцип маанилүү – билим берүүчү процесс балдарга тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгүн бергендей кылып уюштурулууга тийиш, тажрыйба болсо интеллекттин түрдүү типтеринин катышын талап кылмак. Долбоорлор методу ушул өңдүү тажрыйбаны бере алат.
Бүгүнкү мектептин бир түрдүүлүгүнөн интеллекттин көп жактуулугу теориясына, долбоорлордогу ишмердүүлүк түрлөрүнүн ар башкалыгына өтүү Б.Акуниндин «Азезиль» романында сүрөттөлгөн идеалды ишке ашыруу аркылуу жетишилиши мүмкүн: «Ар бир баланын убагында ачылган жана алпештелип өстүрүлгөн таланты турмуштун эч ким өтө алгыс бийик чокуларына карай кеткен жолду анын алдына ачып берет».
Интеллекттин көп жактуулугу теориясы окутууга кандай таасир этет:
Окуу программасы – билим берүү процесси балдарга тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгүн бергендей уюштурулуп, интеллекттин түрдүү типтеринин катышын талап кылышы керек.
Көрсөтмө берүү – Алдыдагы сабактын (же сабактардын) планын жана теманы өздөштүрүүдөгү интеллекттин түрдүү типтеринин катышын ойлонуп жатып, мугалим өзүнүн алдына бир канча суроолорду коет: Окууну, жазууну жана оозеки аңгеме айтууну кантип кошот? Сандарды классификациялоону, манипуляциялоону, эсеп чыгарууну кантип жүргүзөт? Элестетүүнү, түстү, графиканы, картиналарды, искусствону кантип аракетке келтирүү мүмкүн?
Музыканы, добуштарды, ритмди, кыймылды, драмалаштырууну кантип кошсо болот? Индивидуалдык тандоо менен индивидуалдык жумуш үчүн убакытты, топтук иш менен классташтардын пикир алышуусун, талкуусун кантип жанаштырат?
Баалоо – Мугалимдин максаты – окуучулардын эмне билгенин жана аткара алганын аныктап, анын жетишпестиктери менен начар жактарын таап, андан аркы окутууну көбүрөөк инструменталдуу кылыш үчүн, аны окуучунун күчтүү жагына негиздеп, ушул эле учурда анын начар жактарын күчөтүп, өнүктүрүүдө турат. Баалоо процессинин негизи – иш учурунда окуучуларга такай байкоо жүргүзүү. Эгерде уюштурулган ишмердикте окуучулардын жөндөмдөрү өнүксө, анда алардын академиялык ийгиликтери прогресс менен илгерилөөнү демонстрациялайт.
Эгерде окуучу иштеринин сапаты жана деңгээли жакшырбаса, демек, ишмердиктин бул түрү окуучу үчүн эффективдүү эмес, ошондуктан окуучунун индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн ачуучу жана аны ийгиликтүү жыйынтыктарга алып келчү жол-жоболорду тандоо зарыл.