Сабактын темасы: Бирөөнүн кемчиликтерин жашырууда капкараңгы түндөй бол
Тарбиялык сааттын максаты:
окзуучулар бирөөнүн кемчиликтерин жашырууга үйрөнүшөт;
адамдардын жакшы сапаттарын байкоого аракеттенишет;
ыксызжерден бирөөнүжамандабоо керек экендигин түшүнүшөт;
бир сырдуу болуу, айтылган сырды сактоо керек экендигин билишет.
Тарбиялык саатты өткөрүүнүн формасы:
топтук таанытым [презентация), 5 мүнөттүк эркин жазуу
Керектелүүчү каражаттар: ар бир окуучуга жете турганА4 кагазы, флипчарт (ватман], маркерлер, скотч.
Тарбиялык саатка даярдык:
окуучулар 1ден Зкө чейин санашып үч топко бөлүнүшөт;
ар бир топко сунушталузууу текстти даярдоо;
сунушталган тексттеги кырдаалдардын чечүүнүн жолдорун сунуштоо жана аларды флипчартка [ватманга] жазуу;
Тарбиялык сабактын жүрүшү:
Мугалим сабакты «Шеригиңди тааныштыр» оюну менен баштайт. Оюн төмөндөгүдөй тартипте өткөрүлөт:
Шеригиңди тааныштыр
Окзуучулар экиден жуп болуп турушат. Мугалим баштоого көрсөтмө бергенде кезек менен бири-бирин тааныштыра башташат. Мисалы: Бул менин досум. Аты Самат. Мүнөзү токтоо. Көп күлбөйт. Классташтарынын баарына бирдей мамиле жасай билет. ж.б.у.с Шериктерин тааныштырууда терс сапаттарын айтып, келекелөөгө жол берилбейт. Оюндун максаты бири-биринин жаман сапаттарын жаап жашырып жакшы сапаттарын ашкерелөөгө үйрөнүү.
Оюн ойнотулуп бүткөндөн кийин окуучулар 3 топко бөлүнүп олтурушат. Ар бир топтун башчысы чыгып мугалимдин колундагы кагазды суурушат. Кагаздарда төмөндөгүдөй жазуулар болот: №1, №2, №3. Сууруп алган кагазына жараша топторго тексттер берилет.
топ №1 кырдаалды талдайт:
«Айбектин сыр жашырбастыгы»
Үйдө Динар иниси Айбек экөө ойноп жатышкан. Алардын апасы дүкөнгө чыгып кеткен эле. Динара үйдү жыйнаштырып, Айбек үнүн бийик чыгарып, муундап китеп окуп жаткан. Бир убакта «тарс» эткен үн чыкты. Айбек үндү угары менен Динара жүргөн ашканага чуркап чыкты. Динара идиш-аякты сүртүп жатып кымбат баалуу тарелканы сындырып алыптыр. Шашып кеткен кыз сыныктарды жыйнап таштандыга салды да, Айбекке апасына айтпоосун өтүндү. Иниси макул болду.
Дүкөндөн апасы келгенде Динара эмнегедир ыңгайсыздана берди. Айбек канчалык айтпайын десе да болбоду, чыдамы кетти. Анан апасына айтып салды. Апасы кызын аябай кейип, азыраак уруп да койду. Динара Лйбекке аябай капа болду.
Силер кантип ойлойсуңар Айбек эжесинин кылганын жашырып айтпай койсо болот беле?
топ №2 кырдаалды талдайт:
«Бекзат эмнеден уялды?»
Танапис зууурунда балдар мектептин короосунда маектешип туруп калышты. Кечээги көргөн кинолорун, бирөөдөн алган белектерин, айтор өткөн кеткен сөздөрдү айтып отурушту. Ошол учурда алардын жанынан физика мугалими Бермет эжей өтүп кетти. Ал өтүп кетери менен Асан: Ушул эжей аябай тойгозду. Кыйкыра берет. Бир күнү үнү бүтүп калса эле, - деп калды. Аңгыча кирүүгө коңгуроо кагылды. Аларга физика сабагы эле. Баары жабыла чуркашты. Бекзат гана класска кирбестен Бермет эжекесин утурлап усулканага карай басты. Физика мугалиминине жолугуп Асандын айткан сөзүн айтып жиберди. Эмне үчүн андай кадамга барганы түшүнүксүз.
Сабак башталды. Физика мугалими Асанды ордунун тургузду да: -экинчи менин сабагыма кирбегин, - деп айтты. Асан эч нерсе түшүнбөй калды. Окуучулар да таң калышты. Бир гана Бекзат башын жерге салып, айыптуудай жер тиктеди. Кылган ишине өкүндүбү ким. билет?
топ №3 кырдаалды талдайт:
«Падышанын шакеги жоголду»
Бир падышанын эки увазири жакын дос эле. Бир күнү алардын бирөөсү аябай акчага муктаж болот. Анан падышанын кымбат баалуу шакегин уурдап алып сатып жиберет. Шакекти уурдап жатканда берки досу бирөө келип калбасын деп күзөтүп турган. Бир гана ошол күбө эле.
Эртеси падыша шакегин таппай тополоң кыла баштады. Бардык кызматкерлерин чакырып сурак жүгүздү. Акыры айласы кетти кимдир бирөөнү жазалаш керек эле. Анан баягы күбө болуп, күзөттө турган увазирин чакырды:
- Сен ким алганын билесиң. Себеби сенден башка эч ким менин бөлмөмө кирбейт, - деди. Увазир көрбөгөнүн айтты. Падыша ачууланып аны зынданга салдырды. Ошондо да ал досунун кемчилигин жашырды. Айткан жок.
Бул окуяны уккан увазир досун зындандан куткарып качырып жиберди. Ыйлап, бир өмүр ыраазы экендигин айтты.
Мугалим жогорудагы тексттерди алдын ала даярдап коёт. Ар бир топко бирден текст берилет. Кичи топтордо иштөөгө 20 мүнөт убакыт берилет. Берилген кырдаалдарды окуучулар сахналаштырып, же көрктүү окуп, топтун жалпы оюн таанытымга [презентаңияга) алып чыгат. Төмөндөгүдөй суроолорго флипчартка (ватманга) жооп жазышат:
Бул кырдаалдарды болтурбай койсо болот беле?
Бул кырдаалдардан силер кантип чыгаар элеңер?
Силер бул окуялардан кандай тарбия ала алдыңар?
Бирөөнүн кемчиликтерин жашыруунун пайдасы барбы?
Беш мүнөттүк эркин жаз)уу:
Ар бир окузуууга А4 форматындагы кагаз берилет. Окуучулар сабактан алган таасирин, тема жөнүндө ойлорун кагазга түшүрүшөт. Берилген убакыт аяктагандан кийин каалоочулар жазганын окуйт. Окузууулар бири- биринин жакшы жумушу үчүн музыкалык кол чабуу менен ыраазылык билдиришет.
окуучу: Бүгүнкү сабак мага чоң таасир калтырды. Сыр сактоону, бирөөнүн кемчиликтерин жашырууну
үйрөндүм. Мен эми эч качан бирөөнүн кемчиликтерин көрүнгөнгө айта бербейм. Албетте кемчиликти айт}уу керек. Бирок ошол адамдын өзүнө гана.
окуучу: Менин бүгүнкү сабактан алган таасирим чоң. Анткени, бирөөнүн кемчиликтерин жашырууда капкараңгы түндөй болуу керек экендигин түшүндүм. Айбектин, Бекзаттын жасаган жоруктары туура эмес экендигине ынандым.
окуучу: Бирөөнүн кемчиликтерин жашыра билүү
кыйын. Канчалык ичиңе сактасаң да, тынчтык бербейт. Ошондуктан кимдир бирөөгө айтууга туура келет. Бирок канчалык кыйын болсо да жашыр}уу керек экендигин бүгүнкү сабак далилдеди.
Тарбиялык саатты жыйынтыктоо:
Мугалим: Менин сүйүктүү окуүшуларым, бүгүнкү сабак силерге кандай таасир берди? Сабактан кандай үлгү алдыңар? Бул суроолорго жооп талап кылбайм. Өз эркиңер. Бирок, мен бир нерсеге ишенем силер ар дайым адептүү жүрүш-турушуңар менен башкаларга үлгү көрсөтө аласыңар. «Бирөөнүн кемчиликтерин жашырууда капкараңгы түндөй бол!» деген кептин төркүнүн да бир нече мисалдар менен байкай алдыңар. Демек аны өз турмушуңарда пайдалана аласыңар деген ойдомун. Ар дайым бирөөнүн жакшы жагын көрүп, жаманы болсо өзүнө айтып, башка бирөөгө сөз кылбаганга көнгүлө. Бүгүнкү сабакка тиешелүү жаш акын Улукбек Омокеевдин төмөндөгү ырын жаттап, айтып жүргүлө:
Бул «ачык 003», тиги «өлгүдөй» сак дебе, Жаңылышат кары деле жаш деле.
Дүйнөң түгөл болуп кетпес адамдын, Кемчилигин айткан менен ашкере.
Бул дүйнөдө мүдүрүлгөн батыл көп.
Жакшы иш жасап айтар эриген асыл кеп. Жамы журттун пайдасы үчүн эл айткан, Жаманды жаап, жакшылыкты ашыр деп.