СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Https://multiurok.ru/id55678478/files/?act=editfile

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Https://multiurok.ru/id55678478/files/?act=editfile»

Сабактын темасы: Ачуу душман акыл дос

Сабактын максаты: Окуучуларды акылдуу ыймандуу болууга тарбиялоо

Эч качан ачыыга алдырбай сабырдуулук менен мамиле кылууга

уйротуу

Ата-бабадан айтылып келген бул накылды баарыбыз эле терең түшүнө албасак керек. Түшүнгөн жерде да муну иш жүзүндө аткара албай келебиз. Мындайда салабаттуу болгонубуз менен ачуу келер замат өзгөрүлүп, өзүбүздү өзүбүз тааныбай калабыз. Азыр эле күлүп-жайнап отурган адам, бир заматта ачууга алдырып, көзүнөн оту чачырап чыкканын көргөндө шайтандын айланасына баш чайкабай коё албайсың. Негизи, ачууга алдыруу мусулманга тиешелүү сапат эмес. Мусулманга канчалык катуу сөз айтылса да, канчалык жаман мамиле жасалса да, баары бир ал ачууга алдырбайт. Таш менен урганды аш менен ура тургандай керемет мүнөз мусулманга тиешелүү. Анткени Ислам бизди ушуга чакырат. Деги эле пайгамбарлардын баары ушундай мүнөзгө ээ болушкан. Мисал катары, Худ пайгамбарды алалы. Коомдун Жалгыз Кудайга сыйынууга үгүттөгөндө, алар аны жинди, жалганчы деп чыгышты. Коомунун акылсыздыгы жана Худ пайгамбардын аларга кайтарган жообу Касиеттүү Куранда мындай баяндалат: "(Ошондо) *анын коомунун каапырлары:" Биз сенин наадан экениңди көрүп турабыз. Биз сени жалганчылардын бири деп эсептейбиз!"-дешти.*(Худ жооп кылып) *айтты: "Оо, элим, мен наадан эмесмин, аалымдардын Роббиси тарабынан жиберилген пайгамбармын. Мен силерге Роббимдин буйруктарын жеткиремин жана ишенимдүү насаат айтуучумун".*


Бир күнү акылманга бир уруунун башчысы келет. Кайтаарында: \»Мырзам, мага бир насыят айтыңыз!” — деп өтүнөт.
Акылман ага: \»Абайла, ачууланба!”- дейт.Уруунун көсөмү бул кыска гана насыятка таң калып, айылына карай жөнөйт. Айылына келсе, айыл тургундарынын куралданып жатканын байкайт. Алардан тынчсызданып сурайт:

-Тынччылыкпы, эмне болуп кетти?

-Биздин жаштарыбыз коңшу уруунун бир нече малын уурдап алышыптыр. Алардын куралданып бизге келе турганын ойлоп, коргонуу үчүн даярданып жатабыз, — дешет.

-Демек, бизге чабуул жасамакчыбы! – деп каарданып, уруу башчысы да куралданды. Дал ошол убакта акылмандын айткан насыяты эсине түштү.

Дароо ойлонуп, курал-жарактарын таштап, элге мындай деди:

-Мен алгач коңшу урууга барып сүйлөшөйүн, мындан эч нерсе жоготпойбуз.

Коңшу айылга жакындаганда ал айылдын тургундары таң калышып, аны уруу башчысынын жанына алып барышат. Уруу башчысы менен саламдашып мындай дейт:

-Биздин жаштарыбыз силердин малыңарга зыян келтириптир. Каталык бизде. Бардык чыгымдарды мен төлөйүн. Мунун кесиринен кан төгүлбөшү керек.

Тигил башчы бул кең пейилдикке абдан ыраазы болуп:

-Андай болсо мен да бардык тарткан зыяндарыбызды кечтим, — деди.

Ушундайча кан төгүлбөй, араларында ынтымак пайда болду.

«Ачуу душман-акыл дос» дейт элибизде. Ачууга алдырбай акылга салып, ар иште көсөмдүгүңүздү көрсөтө билиңиз.