СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Япония 19-кк аягы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Япония 19-кк аягы»

XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башында

Япония

Түптөн өзгөрүүлөр жолунда 1867-1868-жылдарда Японияда болуп өткөн Мейдзи реформасы мамлекетте базар мамилелерине негизделген коомдун курулушуна кең жол ачты. Эмки негизги милдет – япон элинин улуттук салттарын сактап калган түр-дө коомду Батыш моделинде кайра куруу эле. Император Муцихито өндүрүштүк күчтөрдүн өнүгүүсүнө тоскоол болуучу мыйзам жана тартиптерди жойду. Япония дүйнөнүн бардык мамлекеттери үчүн ачып коюлду. Мамлекетти модернизациялоо башталды. Баштап, бирдиктүү акча бирдиги иена мамилеге киргизилди.

Айрым акимдиктердин чек араларындагы бажы посттору жана башка тоскоолдуктар алып ташталды. Бул иш чаралар мамлекеттик деңгээлде соода-экономикалык мамилелерге кең жол ачты. Жолдордо дыйкандардын шаарга качып кетишине каршы, аларды кармап жайына кайтаруу үчүн коюлган сакчылык пункттары жоюлду. Себеби, өнөр жай айылдан ишчи күчүнүн кагып» келишине кызыкдар болчу. Бул иш-чаралар Японияда ички базардын, өнөр жай тармактарынын өнүгүүсүнө кызмат кыла баштады. 1869-жылы Японияда төрт катмар жөнүндөгү мыйзам күчүн жоготту. Феодал жер ээси самурай, дыйкан, кол өнөрчү жана соодагер катмарлары расмий түрдө тең укуктуу деп жарыяланды.

Бүт мамлекет бойлой борборлошкон өкмөттүк башкаруу орнотулду. Жалпы аскердик кызмат жөнүндө мыйзам кабыл алынды.1871-1878-жылдарда айыл чарбасында реформа өткөрүлүп, жерди эркин алды-сатты кылуу, каалаган түрдөгү эгин эгүүгө уруксат берилди. Түшүмдөн үлүш түрүндөгү салык акча салыгы алмаштырылды. Жердин майда бөлүктөргө бөлүнүп кетишине каршы мыйзам чыгарылды.

Өнөр жайды өнүктүрүүдө мамлекеттин ролу Шарт канчалык оор болбосун, Японияда базар мамилелери тез өнүгө баштады. Чыгышта биринчи болуп Япония Европа тажрыйбаларынан пайдаланды. Европада узак убакыттар бою иштеп чыгылган алдыңкы өнөр жай техникасын Япония даяр абалда сатып ала баштады. Мамлекет өнөр жайды өнүктүрүү ишине демөөрчүлүк кылды. Биринчи орунда Японияда токуучулук өнөр жайы тез өнүктү. 1890-жылы ал бардык өнөр жай тармагынын 45% ын түздү. Чейрек кылымдын ичинде 1300 өнөр жай ишканасы курулду. Алар баштап бай өнөр жай ээлерине ижарага берилди.Кийинчерээк болсо өз баасынын жарымына, жадагалса 10-15% ынада менчиктештирип сатыла турган болду. Натыйжада, банк капиталы менен өнөр жай капиталы кошулуп барды. Японияда өнөр жай өндүрүшү Россиядан он эсе тез өнүктү.

Япониянын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрү Японияда монополисттик капитализм феодал-монархиянын калдыктары менен жуурулушуп кетти. Бул жагынан Япония Россияга окшоп кетчү. Улуу Британия, Франция, АКШдан айырмаланып, Японияда бийлик буржуазиянын эмес, помещик-буржуазия катмары союзунун колунда эле. Япония ал учурда армия менен флотту да кайра кура баштады. Япония өкмөтү оор индустрияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Натыйжада, 1900–1913-жылдарда өндүрүш көлөмү боюнча Италиядан озуп кетип, Францияга жакындашты. Мамлекетте өнөр жай, соода-сатык жана банктар борборлошуп, монополиялар пайда болду.

Социалдык турмуш Японияда капитализмдин өнүгүүсү дыйкандардын жерден ажыроосу менен чогуу жүрдү. Агрардык реформа боюнча, жер алган дыйкандардын болгону 1/3 бөлүгү гана алган жерлерин сактап кала алды. Атаандаштыкка туруштук бере албагандар ижарага жер алып тиричилик жүргүзүүгө мажбур болушту. Калгандары болсо шаарга кетип, жалданма ишчилерге айланышты. Өнөр жай ээлери жаңыча, алдыңкы өндүрүштү кең жолго коюп, мамлекетти жаңы өнүгүү баскычына алып чыга башташты. Өнөр жай ишканаларынын саны жылдан жылга көбөйүп барды. Бирок, ушул өнөр жай ишканаларында ишчилердин экономикалык абалы оор эле. Себеби, иш акы өтө төмөн болчу. Ишканада коопсуздук техникасына жоопкерчилик жок эле. Жадагалса, япон ишчилери жана эмгекчилери саясий да, социалдык да укуктарынан пайдаланышчу эмес. Япония ишчилеринин классы профсоюздарга бириге башташты. Япония коомунун алдыңкы катмары парламент түзүү үчүн күрөшүштү.

1889-жылдагы конституция Экономикалық реформалар буржуазиянын өсүүсүнө жана саясий жактан күчөйүшүнө себеп болду. Буржуазия мамлекетке башчылык кылууну өз колуна алууга талапкерлик кыла баштады. Ушундай шартта өкмөт макул болууну чечти. Акыр аягында, 1889-жылы Пруссия конституциясынын үлгүсү негизинде түзүлгөн конституция кабыл алынды. Мамлекетте эки палаталуу (жогорку (перлер) жана төмөнкү (өкүлдөр)) парламент түзүлдү. Конституция императордун бардык укуктарын сактап гана калбастан, ага андан да кең укуктарды берди. Мисалы, ал парламентти чакыруу, ачуу, таратып жиберүү, мыйзамдардын ордуна жогорку указдарды чыгаруу, кошуундардын Жогорку башкы командачысы болуу,согуш жарыялоо, тынчтык келишимин түзүү сыяктуу укуктарды өзүндө сактап калды. Конституцияга ылайык, Министрлер Кеңеши императорго гана эсеп берчү. Парламенттин бардык токтомдору императордун алдындагы Жашыруун Кеңештен өтүшү зарыл эле. Шайлоо укугу мүлк цензи менен чектелди. Шайлоо жашы 25 жаш кылып белгиленди.Ушуга карабастан, Япония сыяктуу орто кылым салттарына бай мамлекетте конституциянын кабыл алынышынын өзү чоң окуя эле.

Тышкы саясат Элдин жардылыгы өнөр жай азыктарынын сатып алынышын кыйындатты. Бул жагдай Япониянын бийлик чөйрөлөрүн коңшу мамлекеттердин аймактарын басып алууга үндөгөн. Бул максатты ишке ашыруу үчүн Япония бар күчү менен куралданды. Япониянын баскынчылык максаттары Корея, Кытай, Тынч океан бассейнине каратылды. Тез арада Япония баскынчылык согуштарын баштап жиберди. 1879-жылы Япония, Кытайдын нааразылыгына карабай, Рюкю аралын басып алды. 1875-жылы Түштүк Сахалиндин эсебине Куриль аралдарын Россиядан ажыратып, өзүнө кошуп алды. 1876-жылы япондор үчүн Корея ачык мамлекет деп жарыяланды. Япон товарлары бажысыз сатыла турган болду. Ушул жол менен Корея Кытайдын таасиринен ажыратып алынды. Максат Кореяны аннекциялоо болчу.

1894-1895-жылдардагы Япон-Кытай согушу 1894-жылы Япония Сеулда сарай төңкөрүшүн уюштуруп, япондорду жактоочу өкмөт түздү жана борбор шаардын гарнизонун куралсыздандырды. Бул окуя Япон-Кытай согушунун башталышына алып келди. Кытай аскердик флотунун транспорттук кемелери чөктүрүлдү. Ошол эле учурда, япон кошуундары согуш жарыялабастан туруп Кореяда турган Кытай аскердик бөлүктөрүнө кол салды. 1894-жылы Кытай кошуундары Пхеняндын алдында жеңилүүгө учурады. Бул жагдай Япониянын Ыраакы Чыгышта үстөмдүккө ээ болуусуна жол ачты. Япониянын заманбап куралдар менен камсыздалган аскердик күчтөрү кургактыктан да, деңизден да чабуул уюштуруп, Кытайдын кошуундарын жеңди. 1895-жылы бул эки мамлекет ортосунда Симоносеки тынчтык келишими түзүлдү. Кытай Кореянын эгемендүүлүгүн тааныды. Ляодун, Тайвань, Пенху (Пескадор) арал-дарын Японияга берди. Ошондой эле, Японияга чоң өлчөмдө төлөм (контрибуция) төлөөгө мажбур болду.

Келишимге ылайык, Япония өз соодасы үчүн Кытайдын аймагында өнөр жай ишканаларын куруу жана алардан пайдалануу укугун алды.Эми анын максаты Ыраакы Чыгыштагы негизги душманы – Россияны жеңүү эле.

Япония 10 жылдык куралдануу программасын бекитти. Россия менен согуш башталса, өнүккөн мамлекеттердин бейтарап болуусун камсыздоочу келишимдер түзүүгө жетишти. Мына ошентип, айкын болуп калган согушта Россия жалгыздатып коюлду. 1904—1905-жылда болуп өткөн Россия-Япония согушунда жетишилген жеңиш Япониянын кудуретин ого бетер арттырды.

1910-жылда Япония Корея жарым аралын аскердик күч колдонуп өзүнө кошуп алды. Кореяда япон генерал-губернатору чектелбеген бийликке ээ болду. Колониячы өкмөттү колдоп туруу максатында Япония чоң аскердик күчтөрдү Кореяга жайгаштырды.

Япония эми бүт көңүлүн Кытайга каратты. Европа мамлекеттери жана АКШнын Кытайдын байлыктарынан пайдалануусу Японияны да Кытайдын мүлктөрүнөн пайдаланууга үндөгөн. Анын бул иш-аракети АКШ жана Улуу Британия менен болгон мамилелеринин начарлоосуна алып келди. Япония Ыраакы Чыгыштагы кооптуу душманга айланды.Мына ошентип, Япония да жаңы согуш куюнуна барган сайын көбүрөөк тартылып бара берди.



  • Аннекция (латинче – бириктирүү) – бир мамлекет аймагын зордук жолу менен бүтүндөй же бөлүктөп өз мамлекетине кошуп алуу.

  • Төлөм (персчe tovon) - согушта жеңилген мамлекеттен жеңген жактын пайдасына мажбурлап өндүрүлө турган төлөө.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!