СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Япония мамлектти

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

              Аймагы боюнча Япония Батыш Европанын өлкөлөрүндөй эле, бирок түзүлүшү жана конфигурациясы боюнча алардан айырмаланат. Япон архипелагында 4 чоң жана 4 миңге жакын майда аралдар жайгашкан. Жаратылыш ресурстарына салыштырмалуу жарды, бирок деңиз жээгине бай өлкө. Жээгинин узундугу (30 миң км) Африка менен тең тайлашат.

           Кийинки он жылдын ичинде Япония урбанизациянын  деңгээли жагынан да дүйнөдө алдыңкы орундарга чыкты.  Анын аймагында 200 гө жакын чоң шаарлар бар. Япониянын шаарларына да бир кыйла өзгөчөлүктөр мүнөздүү. Алардын көпчүлүгү орто кылымдарга таандык. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин чоң шаарлар  "америкалаштырылып"  бийик банктар жана монополиялардын штап-квартиралары орношкон асман тиреген имараттар пайда боло баштады. Бирок, Япониянын  шаарларында бирдиктүү иш борбору жок. Эң чон шаарлар Хонсю аралынын түштүк жээгинде биринен бири уланып жайгашкан. Алардын ичинде. " үч чон" агломерация - Токио, Осака жана Нагоя белгилүү.

             Япония   калктын өсүп өнүгүшү менен, экинчи типтен биринчи типке оттү. Японияда калктын улуттук курамы бирдей. Бул бир улуттуу өлкө, калкынын 99% ы япондор түзөт.   Япондуктарда балдарды кичинекейинен баштап, жаратылышка, бак-даракка, гүлдөргө, жаныбарларга аяр мамиле кылууга тарбиялоо улуттук салт. Ошондуктан, Японияда жазга жаратылышка, жапайы алчанын (сакура) гүлдөгөн учурунда сейилдеп чыгуу, ал гүлдөргө суктана кароо эң популярдуу. 

            Япониянын өнөр жайы башында эволюциялык жол менен өнүккөн. Ал чийки заттарды импорттоонун негизинде энергетика, металлургия, атомобиль жана кеме куруу, хмиия жана нефть- химия, курулуш сыяктуу негизги базалык өнөр жайларды өнүктүгрөн. Мунун бардыгы эң жаңы техника жана технологиянын жетишкендиктерин колдонуп калыптанган. Потент жана лицензиялар чет жактан, негизинен АКШ менен ГФР ден сатылып алынып, жергиликтүу шартка ылайыкталып колдонулган. 

           Япондук жумушчунун билим деңгээли, адистик квалификациясы жогору, эмгекчил, тартиптүү, ар дайым ишти алга жылдырууга умтулуусу, алардын жумушчулук сапты эң жогору экендигин айгинелеп турат. Япондук жумушчу, эреже катары, америкалык жумушчуга караганда кесиптик квалификациясы жогору. Анын эмгек акысы чыгарган продукциясынын санына эмес, сапатына жараша болот. Андан тышкары япондук жумушчу, бир форманы кийсе, ал өмүр бою ошол форманы кийип жүрөт жана ал ошол жумушта такай иштейт. 

           Айыл чарбасында  экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түп тамырынан бери кайра курууга туш келди. " Дыйканчылык Япония, өзүнүн интенсивдүулүгү менен таң калдырат. Борбордук жана Түштүк Японияда алакандай жерди да калтырбай пайдаланышат" - деп жазган Н.И. Вавилов. Япония эзелтен бери таза дыйканчылыктын өлкөсү болгон. Анын негизги дан өсүмдүгү- к үрүч сакталып, айдоо жерлеринин жарымынан көбүн ээлегени менен, азыркы күндө Япония бак - дарак өсүмдүктөрүн, жашылча жемишти өстүрүү менен бодо мал, чочкочулук жана үй- куштарын багууга өткөн. Натыйжада, япондуктардын тамак -ашы европалыктарга же америкалыктарга жакындады.

         Япониянын айыл чарбасында 4 млн адам иштейт,аймагыны 14% ин айдоо жерлер ээлейт, бирок, азык-түлүк менен Япония өзүн-өзү өзгөчө күрүч жана жашылча менен камсыз кыла алат. 

        Япон чарбасынын дагы бир тармагы - балык кармоо. Балык кармоо боюнча Япония дүйнөдө алдңкы орундарда. Өлөкөдө 3 миңден ашык балык уулоочу порттор бар. Тегерегиндеги деңиздерде ар түрдүү деңиз жаныбарлары көп болгондуктан жалаң балык кармоо менен эле чектелбестен, жасалма жол менен деңиз жаныбарларын өстүрүу иши да жакшы жолго коюлган. 

        Японияда транспорттун куур жана дарыя транспортунан башка да түрлөрү жакшы өнүккон. Транспортту боюнча Япония Батыш Европанын өлкөлөрүн элестетет, бирок жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ал өлкөлөрдүн кайсынысынан болсо да алдыды. Темир жолуну жыштыгы боюнча жана жүргүнчүлөрдү темир жол менен ташуу дүйнөдө биринчи орунду ээлейт. 

Просмотр содержимого документа
"Япония мамлектти"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!