СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Япония орто кылымдарда

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Орто кылымдар тарыхы  7-класс

Просмотр содержимого документа
«Япония орто кылымдарда»

Сабактын темасы: Япония орто кылымдарда

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк:

Окуучулар Япондор орто кылымдарда бийлиги, искусствосу тууралуу ошондой эле жаратылышы жана маданиятты жөнүндө кеңири маалымат алышат.

Өнүктүрүүчүлүк:

Логикалык ой жүгүртүүсү өсүп, сөз байлыгын көбөйтө алышат.

Тарбия берүүчүлүк:

Окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу менен кесиптик багыт берүү, эмгекке тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: ноутбук, проектор, А4 кагаз, маркер Сабактын жүрүшү: -Уюштуруу -Жагымдуу маанай түзүү -Үй тапшырманы суроо -Жаңы темага өбөлгө түзүү


Жаратылышы жана калкы
Япония Азиянын чыгыш жээктерин курчап турган аралдардан орун алган. Аймагынын көп бөлүгүн тоолор ээлейт. Эң бийиги Фудзияма жанар тоосу. Бул тоолор негизинен токой менен курчалган.

Жер титирөөлөр көп болот.Абанын кышкы температурасы түндүгүндө 0˚С дан төмөн, калган бөлүгүндө 4-5˚С, жайкы температурасы 16-20˚С.

Дарыялары кыска, суусу мол. Жери кызыл топурактуу, бук эмен, мырза карагай, карагай жана көк карагай өсөт.

Японияда көмүр, темир, күкүрт, марганец, жез, алтын, күмүш кендери кездешет. Япониянын калкы бир улуттуу өлкө. Анда жашаган калктын 99% тен ашыгы япондор. Калкынын саны боюнча дүйнөдө алтынчы орунда турат.

Ямото
III кылымда уруу союзу – Ямото түзүлүп, акырындап феодалдык мамлекетке айланган. Ямотонун ички саясаты өлкөнү бир бийликке баш ийдирип, аны бириктирүү болгон. «17 статьядан турган мыйзамдар жыйнагын» принц СЕТОКУ- ТАЙСИ 604-жылы түзгөн. Аталган мыйзамдар жыйнагы өлкөнү башкарууда маанилүү ролду ойногон. Япония Корея жарым аралындагы өлкөлөр жана Кытай мамлекеттери менен байланышкан.

552-жылы Японияга будда дини киргизилген. VII кылымдын ортосунда феодалдык эзүү күчөп, XI кылымда аскердик-феодалдык башкаруу системасы түзүлгөн.

Коомдук –социалдык түзүлүшү
Япония орто кылымда бийликтин башында аристократтар, согуштук дворяндар жана дин кызматкерлеринин башчылары турган. Андан кийин карапайым элдер: дыйкандар, кол өнөрчүлөр жана соодагерлер болушкан.

Япониядагы сёгундардын бийлиги
1192-жылы Япониянын жогорку башкаруу бийлигин сёгундук титул менен Минамото Еримото башкарган.
Камакур шаары биринчи сёгунаттын борбор шаары болгон. Минамото сёгунаты 1335-жылга чейин бийлик жүргүзгөн. Бул мезгилде Япониянын шаарлары өсүп, кол өнөрчүлүгү жана соодасы өнүккөн. Монастрлардын тегерегинде шаарлар өсүп, аларды аристократтар башкарган.
Порт шаарлар көбөйүп, Кытай, Корея жана Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрү менен соода жүргүзгөн.

XI кылымда шаарлардын саны 40 болсо, XV кылымда 85, XVI кылымда 269 га чейин көбөйгөн. Кол өнөрчүлөр менен соодагерлер биригип, бир нече корпоративдерди түзгөн. Сёгундун бийликке келиши менен өлкөнүн айыл- чарбасында да өзгөрүүлө болго. Майда самурайлар жерге ээлик кыла баштаган. 1335-жылдан 1573-жылга чейин Японияда экинчи Асикага сёгунаты бийлик жүргүзгөн.
Өлкөдө Киото, Нара, Каракур борбор шаарлары өнүккөн. Шаарларда почта станциялары, порттор, бажы чептери курулган.

1603-жылдан 1807-жылга чейин Японияда акыркы, үчүнчү Токугава сёгунаты бийлик жүргүзгөн. Токугава Иэясунун өзүн сёгун деп жарыялаган. Токугава Иэясунун мезгилинде өлкөнүн айыл чарбасында реформалар жүргүзүлгөн.
Жер негизинен феодалдардын менчиги болгон. Эң бай феодал сёгун болуп эсептелген. Дыйкандарга жерлер бекитилип берилген, дыйкандар жерлерди иштетип, салыктарды төлөшкөн.

XX кылыдан 30-жылдарында үчүнчү сёгунаты кризиске учураган. 1866-жылы күзүндө сёгунатка каршы жүргүзүлгөн күрөштүн негизинде сёгунат кулап, 16 жаштагы император Мицухито (Мейдзи) бийликке келет. Ошентип, Япония жаңы тарыхый доорго өтөт.

III-VI кылымдарда эле падыша коргондорун куруп, алардын үстүнө чопо статуэткаларды коюшкан. Кытайдын таасиринде храмдар жана имараттар курулган.
«Ямото-э» мектебинен улуттук живописи гүлдөгөн. Живописчилер япон элинин турмушун ар тараптан чагылдырышыкан.

Сабакты бышыктоо: Суроо-жооп

Сабакты жыйынтыктоо:

Үйгө тапшырма берүү: Япония орто кылымдарда