СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Идеалдуу адам..

Нажмите, чтобы узнать подробности

Идеалдуу адам

Просмотр содержимого документа
«Идеалдуу адам..»

Идеалдуу адам.

Алдыда жакшынакай күндөрдүн келерине аз да болсо ишенип, келечекке үмүт менен карап, дагы да болсо таңдарыбыз кадимкидей майрамдык маанай тартуулаган ушул күндөрдө анча мынча жеңүүгө мүмкүн эместей көрүнгөн кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан кезибиз. Коомубуздагы социалдык, экономикалык, руханий кыйынчылыктар, улуттук дарттар, табигый кырсыктар, элибизди туш тараптан курчаган кризистер да учурдагы айрым каралып жаткан чаралар, пландар, алдын алуулар менен чечилбей турган көрүнөт. Негизинен кризистердин чечилиши коомдук деңгээлде көрөгөчтүк, даанышмандык, көсөмдүк, илим жана акылмандыктын жайылышына, жалпы элдин интелектуалдык деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу экенин аз да болсо байкай баштадык. Максатсыз тар түшүнүктөр, бүдөмүк баам-божомолдор, төмөн ой-парасаттар, ар кандай формадагы саясий манёврлар, кыймыл-аракеттер аркылуу учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттенүү убакытты ысырап кылуудан башка эч нерсеге жарабасын да түшүндүк. Өткөнгө кайрылып саресеп салчу болсок, бүгүнкү күнгө чейин өтө оор кризистерди, курч кырдаалдарды, депрессияларды, руханий бийиктиктин сересине жеткен, маани-маңызы терең, даанышман адамдар гана терең түшүнүктөрү, улуу берешендиктери, аруу ыйман ариети, таза кайрымдуулуктары аркылуу биздин акылыбыз жетпеген өтө жеңилдик менен чечишкенине күбө болобуз. Биз ата-бабаларыбыздын даанышмандык, жөндөмдүү чараларын көбүнчө адамдын колунан келбейт деп эсептеп, таң калгандан таң калдык. Болбосо, алардын бизге таңкалыштуу көрүнгөн өзгөчөлүктөрү жөндөм-шыкты, акылмандыкты жана мүмкүнчүлүктөрдү акыр аягына чейин рентабилдүү, кирешелүү, пайдалуу колдонушканынан башка эчнерсе эмес эле.

Идеал бул – чыныгы маанидеги идеалдуу адамдардын колунда турганда гана жалпы коомчулукту жогорку баалуулуктарга, ийгиликтерге багыт берген касиетке ээ кылат. Эгер ал идеалды камсыздаган адамдар жогорку деңгээлдеги адистикке ээ эмес болсо, ал байрак идеалдуулуктун байрагы эмес, денгээлсиз, баасыз мүдөөлөрдүн кыйкырыгын жаңырткан сигнал желегине айланат. Мындай сигнал желекчеси көчө балдарын чогултуп куру кыйрыкка үндөгөнү менен, улутубуздун рух тереңиндеги сезимдерди жүзөгө ашырууга багыт бере албайт.

Идеалдуу адам бул – сүйүүнүн баатыры болууга тийиш. Бардык адамдарды жана бардык нерсени боорукердик менен кучагына алат... Мекенин, мекендештерин чын дилден сүйүп бооруна кысат... Жаш өспүрүмдөрдү келечектин мөмөсү деп билет... Жаштарга улуу максатты көрсөтүү менен алардын идеалдуу адам болуусун самайт жана тарбиялайт... Кары-картаңдарды чын дилден сый-урмат менен бапестейт... Баарына тегиз мамиледе болуп, түрдүү диалог жолдорун издейт... Жана коомдун ар түрдүү катмарларындагы ажырымдарды бириктирүү, жаракаларды бүтөө үчүн дайыма түйшөлүп турат.

Чыныгы идеалдуу адам ошол эле мезгилде акылмандуулуктун үлгүсү болууга тийиш. Ал бардык нерсени бир тараптан акыл менен курчаган дүйнөгө ой-жооруйт, экинчи тараптан жүрөктүн кадыркеч таразасына тартат, иликтөө критерийлеринен өткөрөт, кадимки адвокат сыяктуу сот процессинин тигель ийдишинде жууруйт, формага салат жана дайыма акылдын жарыгы менен жүрөктүн нурун биргеликте алып кетүүгө аракеттенет.

Идеалдуу адам өзү жашаган коомго карата толук жоопкерчиликтин үлгүсү болууга тийиш. Максатына жетүү учун колунан келген баардык жакшылыктарды адамдарга тартуулайт. Ал өлкөсүнүн бейпил турмушун эстегенде баардык жаман нерселерди да унутат.

Деңгээли бийик идеалдуу адам ири алды улуттук баалуулуктарга урмат көрсөтөт жана ошол өзү сыйлаган улуттук баалуулугу менен сыймыктанып жашайт. Идеал туткан нерсеси үчүн жанын, байлыгын, мал-мүлкүн, учурун, эртеңин курмандыкка берүүнү да билет жана акыйкатка, кара кылды как жара тургандай сый-урматтын жанында дайыма тандоолорун улуу идеалынын багытында жасайт. Ал пенделик быкшыган каалоолорго бөгөт коюп, акыйкатка камалган, мансапкорлук менен байланышы жок жана макталып-жакталуу, ач көздүк, жалкоолук, жайбаракат түйшөлбөй өмүр өткөрүү кумары сыяктуу нерселерди адамды өлтүрө турган уу катары кабылдап, көңүлүнүн тереңинде дайыма кармашуу жүрүп турат. Мындан улам, ал пайда көрүү кезеңинде дайыма пайда көрөт, жоготуу ареналарын кадимки техникалык ийгилик ринги абалына айландырат.

Анын акылдарга тунуктук тартуулаган таза түшүнүгү менен ойлонгондо көз алдыбызда кадимкидей адамдык чыныгы улуулук сезилет, чакырыктар аралаган эшик араларынан сезимдерибизге адам деңгээлинен жогору портреттер ага баштайт жана кыял дүйнөбүз тарыхий баатырдыктар менен көбүрөт...

Ооба, бүгүн биз ага-буга эмес, ушундай бийик мүнөз менен идеалдашкан терең түшүнүккө ээ адамдарга муктажбыз. Ооба, акыркы бир канча кылымдан бери биз сүйүү, акылмандуулук, жөндөмдүүлүк жана жоопкерчилик сезимдерибиз абдан алсырады. Жөнөкөй эле күндөлүк маселелер келип элдин идеалынын ордуна олтуруп алганы да чын. Ушул кезде жаңылык катары бир нерсе жасаганыбыздан сөз кылуубуз да мүмкүн эмес. Арийне, бул заманда жаңылык катары көрсөтүлгөн нерселер деңгээли төмөн тууроочулуктан башка эч нерсе эмес. Улуттук түшүнүктү төмөндөткөн жана улуттук рухту талкалаган мындай тууроочулуктун пайдасынан көбүрөөк зыяны болууда. Коомдогу биринин аркасынан бири келген талкалануулар, жоготуулар менен улут кан жоготуп жатканда, чыныгы дарт билинбей көмүскөдө калууда. Бир канча убакыттан берки бул ызы-чуулуу мезгилдин учкундары азыр дагы өз таасирин сездирүүдө.

Мындан улам, кечээ болгондой эле бүгүн дагы эгер кыйынчылыктардын чыныгы себептерине токтолбостон, адамдык, үй-бүлөлүк жана коомдук дарттарыбызды бир доктордун көрсөтмөсү менен айыктырууга аракет кылбасак, бир канча убакыттан берки ыпластык баткагынан чыгууга аракеттенбесек,дартка даба издегенде катадан катага чуркай берсек, алдыбызды көрсөтпөгөн бороонду күчөтө турган болсок, эч качан кризистин торунан чыгалбайбыз.

Алдын көрө албаган, мендигинин торунда эзилген билермандар бир канча жылдык кежирлигин улантып тура беришет, ал эми сезим-туюм, ой-пикир жана аракеттери менен келечекке багыт алган өлкөсүн жана мекендештерин дилден сүйгөн, кызмат кылууга байланган жана жоопкерчилик сезимдери менен жаа сыяктуу керилген иделдуу жаштардын бардык негативдерди жеңип, жаңы өнүгүүлөрдү жүзөгө ашыра тургандыктарына ишеним артып туралы. Бир күн сөзсүз түрдө алардагы мекенге болгон сүйүү, элге кызмат кылуу жигердүүлүгү өздөрү жашаган коомдун бардык катмарларына сызылып, жеткен жерлеринде өнүп чыгар... Ооба, материя жана физиологияга байланган түркөйлүктү көтөрүп бир тарапка ыргыта турган бул ой, өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашы жана өзүнүн аракет планы менен бир жолу дагы өз рухунун алкагын сөзсүз иштетер. 

























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!