СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ийри сызыктуу кыймыл

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ийри сызыктуу кыймыл»

Сабактын темасы: Ийри сызыктуу кыймыл.


Сабактагы өтүлүүчү материалдар жана тапшырмалар:

  • Ийри сызыктуу кыймыл;

  • Түз сызыктуу кыймыл менен ийри сызыктуу кыймылдын айырмасын аныктагыла;

  • Бурчтук жана сызыктуу ылдамдыктардын формуласын пайдаланып маселе иштегиле;

Сабактын критерийлери:

  • Ийри сызыктуу кыймылды билсе;

  • Түз сызыктуу кыймыл менен ийри сызыктуу кыймылдын айырмасын аныктай алса;

  • Бурчтук жана сызыктуу ылдамдыктардын формуласын пайдаланып маселе иштесе;

  • Өзүн-өзү контролдоо сезимине ээ болуп сын көз карашын өнүктүрүүгө, терең жана кеңири ой жүгүртүүгө тарбияланышса;

  • Сабакка активдүү катышса;



Кайталоо үчүн жана жаңы темага өбөлгө түзүүчү суроолор:


  • Вектордук чоңдук деп кандай кесинди алынат, мисал келтиргиле.

  • Скалярдык чоңдук, аларга мисал келтиргиле.

  • Вектордук жана скалярдык чоңдуктардын кандай айырмасы бар?

  • Машинедеги спидометр кандай чоңдукту көрсөтөт?

  • Векторлорду кошууну кандай эрежесин билесинер?

  • Коллинеардуу вектор деп кандай векторду айтабыз?

Жаңы тема:

Траекториясы ийри сызык болгон кыймыл ийри сызыктуу кыймыл деп аталат. Мындан ийри сызыктуу кыймылдын келип чыгуу себеби анын ылдамдыгынын багытына бурч боюнча багытталган күчтүн таасири деген жыйынтыкка келебиз.

Нерсеге таасир эткен күчтүн багытына жана чоңдугуна жараша ийри сызыктуу кыймылдар ар түрдүү болот. Ийри сызыктуу кыймылдын жөнөкөй түрлөрү болуп: айлана, парабола,эллипс боюнча болгон кыймылдар эсептелет.

Эми бул учурлардагы ылдамдыктын багыты жөнүндө сөзгө келели. Түз сызыктуу кыймыл учурунда ылдамдык векторунун багыты, кыймылдын багытына дал келет. Ал эми ийри сызыктуу кыймыл учурунда кыймылдын турактуу багыты болбойт. Анда ылдамдыктын багыты үчүн кайсы багыт алынат? Баарынан оңойраагы, нерсенин айлана боюнча болгон кыймыл учурундагысы. Мисалы, чырак ташка курчтулуучу бычаак, кайчы ж.б. элестетсек, андан учкан учкундар ошол чырак менен курчутулуучу нерснин тийишкен чекитине жаныма түрүндө учат. Ошондой эле баткакка тыгылып калган машиненин дөңгөлөгүнөн баткак ошол дөңгөлөккө жаныма боюнча учат. Жипке байланып айландырылып жаткан нерсе, кокус жип үзүлүп кетсе, ошол айланага жаныма боюнча учат.

Жогорку мисалдардан улам жана көп турмуштук байкоолордон төмөнкүдөй жыйынтыкка келебиз.

Ийри сызыктуу кыймыл учурунда ылдамдыктын багыты анын каалаган чекитинде ийри сызыкка жүргүзүлгөн жаныманын багыты менен дал келет.

Ийри сызыктуу кыймылда ылдамдык модулу боюнча траекториянын бардык чекиттеринде бирдей болушу мүмкүн жана бирдей эмес болушу мүмкүн, ал эми багыты, траекториянын бардык чекиттеринде ар кандай, б.а. дал келбейт.

Эгер ылдамдык модулу боюнча турактуу болсо, андай кыймылды бир калыптагы ийри сызыктуу кыймыл дейбиз. Мисалы, айлана боюнча кыймылда ылдамдыктын багыты менен айлананын радиусунун ортосундагы бурч тик болот. Ийри сызыктуу кыймыл бир калыпта эмес болгон учурда бурч ар кандай болот. Мисалы, горизанталдуу багытта горизанталь бурч боюнча ыргытылган нерселердин кыймылдары учурунда.

Эми радиусу R болгон айлана боюнча нерсе А чекитинен, t убакыт ичинде В чекитине келсин дейли, анда нерсе ошол t убакытта бурчуна бурулган болот да нерсенин айлануу тегиздигин менен мүнөздөөгө болот.

Айлана боюнча жылган нерсени айлананын борбору менен бириктирүүчү радиустун бурулуу бурчунун, ошол бурулуу болуп, өткөн убакытка болгон катышы менен өлчөнүүчү чоңдук бурчтук ылдамдык деп аталат.

Бурчтук ылдамдык гректин (омега) тамгасы менен белгиленет. Анда аны төмөнкүдөй жазса болот:

Мында: бурчу- t убакыт ичинде нерсенин А чекитинен В чекитине келген кездеги R радиусунун бурулуу бурчу.

Демек, бурчтук ылдамдык сан жагынан убакыт бирдигинде нерсенин бурулуп кеткен бурчуна барабар. Айлана боюнча кыймыл бир калыпта болгон кезде бурчтук турактуу чоңдук болот.

Бурчтук ылдамдыктын бирдиктери: рад/с; рад/мүн; айл/с; айл/мүн ж.б. радиан – бул бурчтун бирдиги.

Жаасынын узундугу радиусуна барабар болгон борбордук бурч радиан деп аталат.

Нерсе айлана боюнча жылган кезде, анын бир толук айлануусуна кеткен убакыт айлануу мезгили деп аталат.

Айлануу мезгили Т тамгасы менен белгиленет жана секунд менен өлчөнөт.

Эгер чекит 1с да 10 жолу айланса, анда айлануу мезгили Т= болот, мында n- айлануулардын саны, же айлануу жыштыгы деп аталат.

Демек,айлануу мезгили менен айлануу жыштыгы өзара тескери пропорциялаш болот, б.а. Т= .

Сызыктуу ылдамдык. Айлануу кыймылын мүнөздөө үчүн бурчтук ылдамдыктан башка сызыктуу ылдамдык түшүнүгү киргизилет.

Чекиттин айлана боюнча жылгандагы ылдамдыгы сызыктуу ылдамдык деп аталат.

Мисалы, R радиустуу айлананы чекит Т убакытта басып өтөт десек, анда 2 айлананын узундугу болот да, анын сызыктуу ылдамдыгы болот. Эгер Т= экенин эске алсак, анда болот. Ал эми бурчтук ылдамды болгондуктан чыгат. Бул сызыктуу жана бурчтук ылдамдыктардын байланыш формуласы болуп эсептелет.

Демек, айлана боюнча бир калыпта жылган чекиттин сызыктуу ылдамдыгы айлананын радиусуна көбөйтүлгөн бурчтук ылдамдыкка барабар.

Сызыктуу ылдамдык см/с; м/с бирдиктери менен өлчөнөт.


Бышыктоо: Маселе иштөө


1.Маховик дөңгөлөгү бир калыпта айланып, 300айлануу минута жасайт. Моховиктин айлануу огунан 1м аралыктагы чекиттердин сызыктуу ылдамдыгы эмнеге барабар?





Берилди : формула: чыгаруу:


=300айл/мин

=1м

=? Жообу:


2.Маховик дөңгөлөктүн бир калыптагы айлануу мезгили 628с. Анын борборунан 10м арылыкта жайгашкан нерсенин сызыктуу ылдамдыгы эмнеге барабар?


Берилди: формула: чыгаруу:

Т=628с = 0,01м/с

R=10

=? Жообу: 0,01м/с


Жыйынтыктоо:


  1. Ийри сызыктуу кыймыл деп кандай кыймылды айтабыз?

  2. Ийри сызыктуу кыймылга мисалдар келтиргиле.

  3. Бир калыптагы ийри сызыктуу кыймыл деп кандай кыймылды айтабыз?

  4. Айлануу мезгили деп эмнени айтабыз?

  5. Сызыктуу жана бурчтук ылдамдыктардын байланышы кандай?



Үйгө берилүүчү тапшырмалар:


1.Жердин радиусун 6400км деп алып, анын суткалык айлануусундагы экватордун чекиттеринин бурчтук жана сызыктуу ылдамдыктарын эсепте.


2.Сааттын секунда жебесинин айлануу мезгили жана жыштыгы эмнеге барабар?


3.Радиусу 1м болгон дөңгөлөктүн айлануу жыштыгы 100айл/с. Дөңгөлөктүн радиусунун так ортосундагы чекиттердин сызыктуу ылдамдыктары эмнеге барабар?


Баалоо: Студенттер баалоо критерийлеринин негизинде бааланат