Сабактын темасы: ИЛЕПТҮҮ СҮЙЛӨМ Сабактын максаты:
а) Билим берүүчүлүк: окуучулар сүйлөм, анын түрлөрү боюнча түшүнүктөрүн тереңдетишет.
б) Өнүктүрүүчүлүк: окуучулар илептүү сүйлөмдүн күчтүү сезим менен айтылып, көтөрүңкү интонациянын мүнөздүү экендигин жана тыныш белгилеринин коюлушун үйрөнүшөт жана буйрук сүйлөм тууралуу маа- лымат алышат.
в) Тарбия берүүчүлүк: топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлашууга тарбияланышат.
Жогорудагы максаттарга жетти деп эсептейбиз, эгерде окуучу ...
а) сүйлөм, анын түрлөрү боюнча түшүнүктөрүн тереңдете алышса; б) илептүү сүйлөмдүн күчтүү сезим менен айтылып, көтөрүңкү инто-
нациянын мүнөздүү экендигин, буйрук сүйлөмдүн буйруу иретинде айтыларын жана тыныш белгилеринин коюлушун үйрөнсө;
в) топтордо иштөөдө бири-биринин оюн угуп, өз ара сыйлаша алса.
Окуучулар ээ болуучу компетенттүүлүктөр:
Тилдик компетенттүүлүк:
илептүү жана буйрук сүйлөмдөрдү маанилери, айтылыш максаттары жана интонациясы боюнча ажыратат;
интонацияга ылайык тыныш белгилеринин коюлушун үйрөнөт.
Кептик компетенттүүлүктөр:
илептүү жана буйрук сүйлөмдөргө мисал келтире алат;
тексттерден жай, суроолуу, илептүү, буйрук сүйлөмдөрдү ажырата алат.
Маданий компетенттүүлүк:
макал, лакап, учкул сөздөрдүн маанисин түшүнүп, баалай билет.
оозеки кепте интонацияга ылайык туура сүйлөөгө калыптанат.
Сабактын тиби: жаңы билимди берүү сабагы.
Сабактын методу: айтып берүүчүлүк-түшүндүрүүчүлүк метод. Сабактын жабдылышы: дидактикалык карточкалар, методикалык кол-
донмолор, ватман, маркер, скотч ж. б.
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу. 2. Өткөн теманы кайталоо.
Суроолуу сүйлөмдөр кандай максатта айтылат?
Суроолуу сүйлөмгө кандай интонация мүнөздүү? Мисал келтиргиле.
Суроолуу сүйлөмдөргө кандай белги коюлат?
Суроолуу сүйлөм менен жай сүйлөмгө Венндин диаграммасын түзгүлө. Жаңы тема: Күчтүү сезим (эмоция) аркылуу көркөмдөлүп, илептүү интонация менен айтылган сүйлөмдөр илептүү сүйлөмдөр деп ата- лат. Мындай сүйлөмдөрдүн аягына илеп белгиси (!) коюлат. Илептүү сүйлөмдөр бийик үн (тон) менен айтылат. Анын тутумундагы ички сезим- ди билдирүүчү сөз айрыкча көтөрүңкү үн менен басым маанисинде айтылат: – Жер, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда адам баласын баккан жер, сен айткын, жан боордош жер! (Ч. А.)
Дагы бир эске алуучу нерсе: илептүү сүйлөм өтүлүп жаткан сабакта мугалим милдеттүү түрдө буйрук сүйлөм тууралуу маалымат берүүсү керек.
Буйрук сүйлөм эркти (өтүнүч, буйрук, каалоо ж. б.) билдирет да, буйруу маанисинде айтылат.
Сүйлөмдүн бул түрүнүн аягына илеп (!) белгиси коюлат. Мисалы: Алинур, тур! Бардык чындыкты айтып бер!
Окуу китебинде 123-көнүгүүдө берилген тексттин негизинде окуучулар анда айтылган интонацияга жана коюлган тыныш белгилерине көңүл бурушат. 124-көнүгүүнү окуучулар топторго бөлүнүү менен аткарып, 1-топ окуу куралдарын сактоо жөнүндө, 2-топ элдердин достугу жөнүндө, 3-топ жаратылыштын көрүнүшү, аны коргоо тууралуу ураан, чакырыктар- ды жазып, тыныш белгилерин коюшат жана кандай интонация менен ай- тыларын түшүндүрүшөт.
Айтылган аныктамалар окуу китебиндеги 125–126–127-көнүгүүлөр аркылуу бекемделет. Алар топко бөлүнүү менен ишке ашырылат.
Сабактын кийинки бөлүгүндө мугалимдин тандоосу менен төмөнкү текст сунушталат. Окуучулар мугалимдин бөлүштүрүүсү менен окуп, ан- дагы интонацияга көңүл бурушат.
...Бала кыска, бирок катуу чаңырып жиберди. Сарай жакка кир жай- ганы бараткан Асылгүл Кенжештин кыйкырыгын угуп, бурчту айлана чуркап чыкты да, ошол замат көтөрүп бараткан кирин жерге ыргытып жиберип, Бостондун эшигине аттап-буттап жетип барды:
Карышкыр! Баланы алып кетти, кокуй күн! Болгула, болгула тез! Бостон эмне болуп кеткенин түшүнбөй, дубалдан шапа-шупа мыл-
тыгын ала коюп, үйдөн атып чыкты, артынан Гүлүмкан жүгүрдү.
Тигине! Тигине, Кенжеш! Карышкырдын жонунда баратат, кудай ай!- деп Асылгүл кыйкырып жатты.
Бостон карышкырды өзү да көрдү желе жортуп кетип бараткан экен, жалына арта салынган бала өкүрүп-бакырып ыйлап баратат.
Токто! Токто, Акбара! Токто дейм!- деп Бостон үнүнүн болушунча кыйкырды. Карышкырдын артынан жүгүрүп жөнөдү.
Акбара да жүрүшүн тездетти. Бостон тамагы айрылганча бакы- рып, колунда мылтык, артында баратты.
Ташта, Акбара! Ташта баланы! Экинчи бөрү аттууга тийбейин!
Таштап кет баламды! Акбара! Айланайын, Акбара, ташта баланы!
Ч. Айтматов “Кыямат”
Окуучулардын билимин баалоо критерийдин негизинде жүргүзүлөт.
Окуучуну билим көрсөткүчтөрү аркылуу баалоо:
эрежени билип, аны пайдалана алышы;
сүйлөмдлөр бири-биринен айырмалашы;
сүйлөм, анын түрлөрүн мааниси боюнча ажырата алышы;
жоопторунун так жана тууралыгы;
өзүнүн оюн далилдеп бере алышы
тексттен жай, суроолуу жана илептүү жана буйрук сүйлөмдөрдү аныктай алышы;
тиешелүү тыныш белгилерин коё билиши.
Үй тапшырма: 128-көнүгүү.