СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Илим билимдин кутту уясы – ыйык мектеп

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мугалим болу үчүн ѳз предметин мыкты билү аздык кылат, мугалим таза абийирдүү, адамкерчиликтүу, маданияттуу, баардык адамдык асыл сапаттары менен окуучуларына үлгү болооолук инсан болууга тийиш

Просмотр содержимого документа
«Илим билимдин кутту уясы – ыйык мектеп»


Илим-билимдин кутту уясы – ыйык мектеп

Илим-билимдин кутту уясы – ыйык мектеп. Бир кезде биз да ушундай Кутту уядан билим алып, ар кимибиз ар кесиптин ээси болгонубузду тана албайбыз. Мугалим болу үчүн ѳз предметин мыкты билү аздык кылат, мугалим таза абийирдүү, адамкерчиликтүу, маданияттуу, баардык адамдык асыл сапаттары менен окуучуларына үлгү болооолук инсан болууга тийиш. Мугалим үчүн башкысы, бет алдындагы баланы билиш абзел. Бала деген ким? Бала –куйп турган чок. Анткени адамдын жаны оттон турат. Ошол отту ата-эне балага ѳткѳргѳн. Ошол оттун жалынын ѳчүрбѳй, баладагы табигый шыкты ойготуш үчүн тутантыш үчүн балага жандуу патриот мугалим керек. Мен эмнеге мекитептен кетпейиштеп жүрѳм. Себеби балдардын отунун жалынын ѳчүрбѳй, алардын жан дүйнѳсүн ѳстүрүп, талантына шык кошуу үчүн бизге окшогон мугалим керек. Эзелтеден адамзат акыл-эс тутумунун ѳсүш жолунда мугалимди устатым деп баалап, кастарлап, ага таазим кылып келишкен. Акыйкатта, мугалим адамзаттык улуу устаты. Мугалим ар бир инсанды тарбиялап ѳстүргѳнгѳ чейин канчалаган машакатту жолду басып ѳтсѳ да анысын милдет кылбай, кесибине ак санаганы үчүн улуу делет. Ошондуктан анын тараткан түйшүгүн улаб-сообун, кайгы-кубанычын биз, шакирттери ар дайым эстеп жүрүүгѳ, сыйлоого жана кадыр баркын кѳтѳрүүгѳ ѳмүр бою милтеткер экенибизди унутпашыбыз зарыл.

Аз да болсо ѳзүндүн жашооңдун маңызы, максаты эмнеде, деп ойлойсуң. Ар дайым эмне үчүн? Эмне себептен? Кандайча? деген суроолор келет. Бул суроолорго жооптор кѳп бирок кайрадан эле суроо туулат. Анан ойлойм бардыгы сүйүудѳн башталат, кесипке болгон, балдарга, үй-бүлѳгѳ, ѳзүнѳ болгон сүйүүдѳн бул жеке эле менин педагогикалык философиям эмес-бул жашоонун философиясы. Бир жаңы ачуудан да, сүйѳ билү татаал деп ойлойм. Сүйүү сезими жок адамга билимдин да мааниси жок. “Биринчи сүйүү-анан окутуу” - деген улуу педагог Я. А.Калинский. Менин максатым – окуучуну сезүү, анын кѳнүл толкунун таба билү, ички жан дүйнѳсүнѳ жол табу. Кантип берсем? кантип мага болгон ишенишин арттырам? Ушул суроолор кѳп түйшѳт. Ал үчүн балдардын дили, тили менен сүйлѳшкүм келет. Жүрѳгүмдү угуп, балдардын кѳзүнѳ карайм, алардын кѳздүнѳн кубаныч ишеним алам. Кантип ар бар баланы ѳз алдынча болууга, жооп кечиликти сезе билүүгѳ үйрѳтѳм-деп ойлонгондо, жүрѳгүм мыжылып кетет. Бүгүнкү күндѳ биздин алдыбызда турган биринчи маселе оку тарбия ишинин технологиясын жанылоо, түп тамырынан бери ѳзгѳртүү окуучуга болгон мамилени, мугалим менен окуучунун ортосундагы мамиленин жаны деңгээлине ѳтүү. Гимназичдан иштеп үчүн ѳз предметин мыкты билүү