«XXI кылымдын интеллектуалдары» Окуучу жаштардын Республикалык форуму жөнүндө жобо
«XXI кылымдын интеллектуалдары» окуучу жаштардын республикалык форуму – бул, жаштардын ар тараптуу кызыкчылыктарына жооп берүүчү жана алардын илимий-техникалык чыгармачылыктын ар кайсы чөйрөлөрүндө өздөрүнүн интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүүсүнө объективдүү шарт түзүүчү таймашуучулук иш-чаралардын комплекси. Ал билим берүүнүн жана илимий-техникалык чыгармачылыктын сапатын жогорулатууга, долбоордук, изилдөөчүлүк, ойлоп табуучулук жана патенттик ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө жаштардын практикалык жактан катышуусуна арналган.
Форумду өткөрүүчүлөр
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы;
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы;
«Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы.
Өнөктөштөр
Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети.
Макулдашуу боюнча эл аралык уюмдар: «Сорос-Кыргызстан» фондусу; ЮНИСЕФ; JICA ж.б..
Форумдун катышуучулары
Форумга Республикалык конкурстар жөнүндө жобого ылайык 10 жаштан 20 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын окуучу жаштары: окуучулар, мектептен тышкары кошумча билим берүүнүн тарбиялануучулары, кесиптик лицейлердин окуучулары, колледж жана жождордун 1,2,3-курстарынын студенттери катышат.
Окуучу жаштардын республикалык форуму жыл бою өтө турган циклге ээ, ал этап-этап менен өтүп, өзүнө төмөнкү багыттарды камтыйт:
«Жаш Пифагорлор техника дүйнөсүндө» республикалык математикалык олимпиада - октябрь
Авиа, кеме жана автомоделдердин дубал гезиттеринин республикалык конкурсу – октябрь
Окуучулардын республикалык илимий–техникалык олимпиадасы «Илим + ойлоп табуу = техника» – февраль
Республикалык астрономиялык турнир – апрель («Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» конкурсунун алкагында өтөт)
Окуучу жаштардын республикалык форумунун алкагында өтө турган «XXI кылымдын интелектуалдары» конкурсунун жобосу БРИТА «Алтын түйүндүн» сайтында жайгаштырылган: http://www.rdita.kg/
Окуучу жаштардын республикалык форумунун жыйынтыктоочу этабы болуп «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» конкурсу эсептелет. Конкурска КМШ өлкөлөрүнүн жана ыраакы чет өлкөлөрдүн окуучу жаштары катыша алышат. Бул учурда ал эл аралык макамга ээ болот.
«Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» конкурсун уюштуруу жана өткөрүү
4.1. Жаштардын «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» конкурсу жыл сайын жана этап-этап менен өткөрүлөт: тандоо жана жыйынтыктоочу. Конкурстун тандоо этабында жер-жерлерде бир нече тур менен милдеттүү тартипте уюштурулат:
1-тур – бардык билим берүү мектептеринде, мектептен тышкары кошумча билим берүү мекемелеринде, кесиптик лицейлерде, колледждерде, ЖОЖдордо өткөрүлөт;
2-тур – райондук (шаардык);
Мектептерде жана мектептен тышкары биринчи өтө турган эки турдун өткөрүү мөөнөтү жеринде аныкталат жана райондук жана шаардык билим берүү органдары тарабынан координацияланат. ЖОЖдордо, кесиптик лицейлерде өтө турган конкурстарды ректораттар жана бул окуу жайлардын администрациясы өткөрүшөт.
3-тур – областтык (үстүдөгү жылдын 20-мартына чейинки мөөнөттө);
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен биргеликте областтык билим берүүнүн координациялоочу борборлору тарабынан уюштурулат.
Жыйынтыктоочу тур – эл аралык (үстүдөгү жылдын апрели, финалдык болуп саналат).
Төмөнкү долбоорлордун конкурсу жарыяланат:
Изилдөөчүлүк;
Илимий-техникалык;
Ойлоп табуучулук.
Изилдөөчүлүк долбоорлор проблеманы теориялык жактан изилдөөнүн жыйынтыктары бул проблеманы чечүүнүн кеӊири талдоого алынышы жана экономикалык негиздемеси менен берилет.
Илимий-техникалык долбоорлор актуалдуу проблеманы иштеп чыгуу сунушталат. Адабияттык обзорду, чечилиштердин патенттик издөөгө алынышын, чечүүнүн теориялык жактан негизделишин камтууга тийиш. Сунушталуучу техникалык жаӊычылдыктар алардын иштөө принцибин түшүндүрүүчү макеттерде, экспонаттарда демонстрацияланат.
Ойлоп табуучулук долбоорлор патенттик издөөнү, түзүлүштөрдүн (системалардын) сунушталуучу ыкмаларынын талдоосун, материалдын мүнөздөмөлөрүн жакшыртууну камтышы керек жана макеттер, моделдер, графиктер жана чийүү-сызуулар менен түшүндүрүлүүгө тийиш.
Сунушталуучу долбоорлор түпкү ойду, идеяны, сүрөттөө формасына сыйдырылган образды, ойдун маӊызын ачуучу жана алардын практикалык жактан жүзөгө ашырылышынын мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүчү негиздемелерди, эсептөөлөрдү жана чийүүлөрдү камтууга тийиш.
Бардык долбоорлор окуу жайда тандоо турунан өтөт. Мыкты эмгектер 2-турга – райондук жана шаардыкка, катышууга сунушталат. 1-турдун жеӊүүчүлөрү 2-турга өтүшөт; 2-турдун жеӊүүчүлөрү жана байге ээлери 3-турга өтүшөт.
3-турдун (областтык) калыстар тобунун протоколу түрүндө, ар бир жеӊген иштин аннотациясы менен 8. «Конкурска катышуунун шарттары» жана 9. «Долбоорду (ишти) тариздөөгө (шөкөттөөгө) карата талаптар» пунктчаларына ылайык, жыйынтыктоочу этапка сунушталат.
Жыйынтыктоочу (эл аралык) этапты өткөрүүнүн мөөнөтү жыл сайын конкурсту өткөрүүчүлөр тарабынан белгиленет жана жеринде кошумча билдирилет.
4.2. Конкурстун өткөрүүчүлөрү жыл сайын анын каржыланышын карап чыгышат жана бекитишет. Конкурсту өткөрүүгө чыгымдардын сметасы конкурстун өткөрүүчүлөрү жана өнөктөштөрүнүн үлүштүк катышуусу менен каржыланат.
4.3. Жыйынтыктоочу этаптар Бишкек шаарында жана республиканын башка шаарларында өткөрүлүшү мүмкүн. Жыйынтыктоочу этаптарды өткөрүүнүн так дареги катышууга жөнөтүлгөн чакырууда көрсөтүлөт.
4.4. Эл аралык конкурста байгелүү орундарды ээлеген иштер (долбоорлор, моделдер, макеттер) «Республиканын жаштарынын илимий-техникалык идеяларынын алтын фондуна» баалоо ведомостун берүү менен 1 жылдык мөөнөткө берилет. Иштер (эмгектер) Кыргызстан жаштарынын илимий-техникалык чыгармачылыгынын туруктуу аракеттеги көргөзмөсүндө демонстрацияланат. Модель, макеттин жоголгон же сындырып алган учурларында уюштуруучулар баалоо ведомостуна ылайык акчалай компенсация төлөп беришет. Конкурстук эмгектер, долбоорлор, баяндамалар ж.б. , алардын негизги жыйынтыктары конкурстун материалдарынын жыйнактарында, массалык маалымат каражаттарында жана интернетте (авторлугу сакталат) жарыяланат.
4.5. Конкурстун финалдык этаптарын өткөрүү учурунда жана ага келип-кетүү жолунда балдардын саламаттыгы жана өмүрүнүн коопсуздугу үчүн делегациянын жетекчилери жооптуу болот.
Конкурстун номинациялары
Жаӊы теориялык иштелмелер жана моделдер
Аталган багыт жеке бизнести өнүктүрүү, өнөр жайдын ар кыл тармактарын; агро өнөр жай комплексин; тоо-кен казуу жана тоо-кен иштетүү тармтактарын; финансы жана өндүрүштү (акча, соода жана банктар); экономика жана экологиянын өз ара байланышы; өндүрүштүн жана айыл чарбанын экологиясы; транспорттун экологиясы жана коопсуздугу; жашоо ишмердүүлүгүнүн коопсуздук негиздери; космостук технологиялар; зыянсыз жана калдыксыз технологиялар физика-химиялык технологиялардын келечегине багытталган социалдык-экономикалык, техникалык-экономикалык, илимий-техникалык долбоорлор менен сунушталышы мүмкүн. Элдик чарбага жаӊы техниканы же технологияны сыйдыруунун экономикалык жактан негизделүүсү менен берилиш керек. Чыгармачыл эмгек изилдөөчүлүк долбоор, модель, макет, графика, компьютердик графика, фантастикалуу аӊгеме, видеоклип, мультфильм түрүндө таризделиши мүмкүн.
Долбоорлор проблеманы чечүүнүн сунушталуучу жолдорунун жаӊычылдыгы жана актуалдуулугун негиздөө менен сунушталуучу иштелменин натыйжалуулугун экономикалык жактан эсептелишине ээ болууга тийиш.
5.2. Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар
Окуу жана илимий лабораторияларды, дистанциондук түрдө башкарылуучу моделдерди, өндүрүштө жана объектилердин физика-техникалык параметрлерин алуу, абанын пробасын (газ-аба аралашмасын), сууну (суюк чөйрөнү), топурак/жер жана балким, алардын курамын анализдөө; радиациялык көзөмөлдү контролдоону ишке ашырууга; аралыкка алынган маалыматты өткөрүп берүүгө илимий издеп табууларды башкаруу үчүн техникалык жана экологиялык өлчөөлөрдү жана маалыматтарды өткөрүп берүүгө жол берүүчү микроаппараттарды чагылдыруу үчүн долбоорлор, приборлордун, датчиктердин, радиоэлектрондук түзүлүштөрдүн жана моделдери сунушталат. Медицинада жана тиричиликте пайдалануу үчүн биотехникалык приборлор жана жабдуулар. Ыкчам байланыш каражаттары, тоо шарттарына байланыштуу байланыш сапатын жакшыртуу. Радиоэлектрондук аппаратураны оӊдоо, тейлөө маселелери, өндүрүштүк электрониканын элементтерин өздөштүрүү жана сыноодон өткөрүү үчүн дубал гезиттери. Электрондук техникада пайдалануу үчүн жаӊы материалдар жана алардын касиеттери. Бардык сунушталган эмгектер рационализатордук жактан өркүндөтүлүп, патенттик обзор берилүүгө тийиш.
5.3.
Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар Аталган бөлүмдө энергиянын альтернативалуу булактарын өздөштүрүү жана түзүү боюнча эмгектер сунушталат (жылуулук, электрдик, механикалык, күн нурунун ж.б.); аны учурда дагы пайдалануу, келечекте аны колдонуунун перспективалары жана өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары. Энергия булактарынын (шуулдак, электромагниттик жана радиациялык нурлануу ж.б.) курчап турган чөйрөгө жана адамга физикалык таасирлерин өздөштүрүү, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо жана техночөйрөнүн өзгөрүүсүнүн физикалык таасирлеринен коргоо. Энергиянын бир түрүнүн башкасына кайра өзгөртүлүп түзүлүшү, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир түрлөрүн өндүрүүдө энергия сарамжалдоочу технологиялар ж.б..
5.4. Маалыматтык технологиялар жана программалоо
Аталган багыт эки бөлүмчө боюнча жүргүзүлөт:
ЭЭМ үчүн натыйжалуу алгоритмдерди, программаларды иштеп чыгуунун милдеттери;
web - сайттар, компьютердик графика (3D модель, анимация, ж.б.), видеофильмдер.
Бул бөлүмчөлөр боюнча катышуучулар калыстар тобуна алгоритмдердин чыгыш модулдарын, программаларды, сайттарды беришет, алардын авторлугу эксперттер тарабынан текшерилип, коргоого алып чыгууга уруксат берүү чечими чыгарылат. Эмгектер техника-экономикалык негиздемеге, салыштырма мүнөздөмөлөргө ээ болууга тийиш.
5.5. Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар
Аталган номинацияда жумушчу операцияларды, иш-аракеттерди, анын ичинде адамга оордук келтирүүчү, чарчатуучу жана кооптуу участоктордо, медицинада жана айыл чарбасында адамды алмаштыра турган роботтордун же робототехникалык системалардын долбоорлору, моделдери сунушталат. Түзүлүшү, иштөөсү, конструкциясы, роботторду алгоритми жана программалык камсыздалышы боюнча мүмкүн болуучу принципиалдуу чечилиштердин варианттары иштелип чыгат.
Робототехника – так механиканын түйүндөрүн, тышкы чөйрөнүн жана объекттин өзүнүн датчиктеринин абалдарын, энергия булактарын, аткаруучу механизмдердин, күчөткүчтөрдүн, эсептөө түзүлүштөрүн (ЭЭМ жана микропроцессорлорду) тутумдуу бириктирүүгө негизделген илим жана техниканын областы. Робототехникалык система - электромеханикалык, электрогидравликалык, электрондук элементтердин жана эсептөө техникалык каражаттарынын бирдиктүү комплекси. Саналгандардын ортосунда энергия, маалымат туруктуу негизде кыймылдуу түрдө алмашуу жүргүзүлүп турат. Алар искусстволук интеллекттин элементтерине ээ болуп, автоматтык башкаруунун жалпы тутумуна бириккен.
5.6. Шахмат боюнча турнир
Турнирге курамы 5 кишиден турган команда катыша алат – 3 өспүрүм, 1 кыз жана машыктыруучу. Катышуучулардын жаш курагы 10 – 14 жаш. Турнир командалык, айлампалык система боюнча ФИДЕ кодексинин эрежелери боюнча өткөрүлөт. Партиянын аякташына чейин убакыт контролу 15 минут, ага жүрүш үчүн 10 секунд кошуу менен, биринчиден баштап. Биринчи үч орун алган командалар кубок, тийиштүү даражадагы дипломдор менен сыйланат.
Конкурска катышуунун шарттары
Конкурстун финалына катышуу үчүн табыштамалар 3-турдун жыйынтыгы боюнча 20-мартка чейин онлайн режиминде катталат. Каттоонун башталгандыгы жөнүндө маалымат
http://www.rdita.kg/ сайтына жайгаштырылат.
Табыштамаларды берүү укугу областык билим берүү органдарына, Бишкек жана Ош ш. билим берүү башкармалыктарына, ЖОЖдорго, кесиптик техникалык билим берүү агенттигине берилет.
Эмгектер биринчи жолу сунушталган болуу керек, буга чейин өткөн конкурстарга катышкан долбоорлор, моделдер, макеттер калыстар тобунун кароосунан алынып салынат.
Конкурстун катышуучусу бир долбоор менен бир номинацияда катышууга укуктуу.
Жамааттык чыгармачыл ишти аткарууда, долбоорду коргоого катышуучулардан бир өкүлгө уруксат берилет, бул «бир долбоор – бир өкүл» принцибинен улам.
Интернеттен көчүрүп алынган долбоорлор конкурска катышууга жол берилбейт. Сунушталган материалдар антиплагиатка салынып текшерүүдөн өткөрүлөт.
Финалга катышууга чакыруу сунушталган иштердин жана материалдарды республикалык эксперттик комиссия тарабынан баалоосунан жана тандап алуусунан кийин гана жөнөтүлөт. Конкурстун уюштуруучулары жыл сайын катталган табыштамаларды тандап алуунун жыйынтыгы боюнча конкурска катышуу үчүн квотаны белгилешет. Табыштамаларга коюлган талаптарга ылайык таризделбеген эмгектер конкурска киргизилбейт.
Табыштаманын формасы
Катышуучунун Ф.А.А.; (номинациялар боюнча жекече жана командалык, курамын 4 адамдан турган);
Жетекчилердин Ф.А.А;
Долбоор кире турган номинациянын аталышы;
Аймагы, билим берүү уюму, классы, тобу, курсу;
Долбоордун аталышы;
Өнүм/продукттун түрү (изилдөөчүлүк, илимий-техникалык, ойлоп-табуучулук долбоорлор; макет, экспонат, модель, электрондук версия);
Долбоорго карата кыскача аннотация (долбоордун маӊызын негиздөө жана маанилүүлүгү).
Долбоордун презентациясынын электрондук версиясы (1 Гбит ашпаган)
7. Долбоорду (эмгекти) тариздөөгө карата талаптар:
7.1. Эмгектер конкурска карата басмадан чыккан түрдө, папкада же мукабаланган түрдө (А-4 барагынын форматында), жана презентация түрүндө электрондук вариантта болушу.
7.2. Эмгектин титулдук барагы кийинки маалыматтарды камтууга тийиш: иштин аталышын, автордун (лордун) фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, долбоор (эмгек) аткарылган жыл, почта индекси, толук почта дареги, телефондор (шаардын коду менен), электрондук почта дареги, факсы, уюмдун аталышы, долбоордун аткаруучусу окуган мекеме, чыгармачыл жамааттын аталышы (жамааттык эмгектер үчүн), жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты, кызматы.
7.3. Эмгектин, долбоордун, макеттин, түзүлүштүн толук аннотациясы эмгектин маӊызынын тезистик баяндалышын машинканын 1 бетте камтууга тийиш. Анда иштин көлөмү, таблицалардын, сүрөттөрдүн, иллюстрациялардын, пайдаланылган адабий булактардын жана тиркемелердин саны көрсөтүлүшү керек.
7.4. Экспонаттардын габариттери (100 х 200) см, салмагы 50 кг ашпоого тийиш. Графикалык иштер (кандай болбосун аткарылган техникада) (40 х 60) см ден ашпаган өлчөмдө берилет. Видеороликтердин жана мультфильмдердин узактыгы 5 мүнөттөн ашпоого тийиш.
7.5. Колдонуудагы моделдердин, макеттердин, түзүлүштөрдүн электр энергиясы менен азыктандыруу чыӊалуусу, 42 Вольт (өнөр жай азыктандыруунун стандарттык мааниси) ашпоого тийиш.
7.6. Долбоорлордун мазмуну 50 машинкада жазуу бетинен ашпоого тийиш, анын ичине сүрөттөрдү, схемаларды, таблицаларды, графикаларды жана фотографияларды кошо алганда (иллюстративдик материал представляется на листах формата А
4 же A
3 барактарында берилет). Текст киийинкидей бөлүмдөргө камтууга тийиш: киришүү (мазмунду, долбоордун актуалдуулугун негиздемесин жана анын маанисин, проблеманын коюлушун, изилдөөнүн максаты жана милдетин камтыйт), негизги мазмуну, натыйжалар жана практикалык сунуштар, корутундулар, адабияттардын тизмеси, тиркемелер.
Ишти баалоонун критерийлери
Эмгекти баалоонун жүрүшүндө электрондук, компьютердик, маалыматтык технологиялардын элементтери колдонулган, иштин актуалдуулугу жана жаӊылчылдыгы, долбоорду (эмгекти) иштеп чыгуудагы чыгармачылык мамиле, проблеманы тереӊден иштеп чыгуу, окуучулардын ишти аткарууга катышуусунун деӊгээли, натыйжалардын илимий жана практикалык мааниси, ишти тариздөөнүн сапаты жана дизайны, иллюстративдик материалдын болушу жана сапаты, аткаруунун оригиналдуулугу, аткаруу техникасынын деӊгээли, экспонаттарды даярдоодо заманбап технологиялардын элементтердин колдонулган экспонаттар жана долбоорлорго артыкчылык берилет. Конкурстун финалында долбоорду коргоп берүүдө материалды берүүнүн тактыгы, тыянактардын аргументтелиши, суроолорго жооптордун берилиши, коргоодо коюлган 10-15 мүнөттүк регламентти сактоосу эске алынат.
Конкурстун уюштуруучулары ирилештирүү (бириктириүү) сыяктуу эле, конкурстун багыттары боюнча жөнөтүлгөн эмгектердин санына жана спецификасына жараша кошумча секцияларды түзүү укугун өздөрүнө калтырышат.
Ишти (долбоорду) башка номинацияда же бир нече номинацияларда кароого биргелешип сунуштоого калыстар тобу укуктуу.
"Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз" окуучу жаштардын конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу жана жеӊүүчүлөрүн сыйлоо
9.1. Финалга жол берилген эмгектерди баалоо конкурстун уюштуруу комитети тарабынан түзүлгөн компетенттүү калыстар тарабынан жүргүзүлөт. "Биз – XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз" конкурсунун калыстар тобунун курамына окумуштуулар, адистер, жогорку окуу жайынын окутуучулары, конкурска жиберилген эмгектердин спецификасына жараша окуучулардын техникалык чыгармачылыктарынын борборлорунун, уюмдардын, өнөр жай ишканаларынын жана башкалардын адистери тартылат.
9.2. Конкурстун жеӊүүчүлөрү жана байге ээлери тийиштүү диплом жана медалдар менен ар бири курактык категорияга жараша (юниор, мектеп жана студенттик лига) жана конкурстун жарыяланган номинациясы боюнча сыйланат. Эл аралык конкурстун бардык катышуучуларына сертификаттар тапшырылат.
9.3. Жалпы командалык аймактык биринчилик олимпиадалык балл системасы боюнча конкурстун бардык номинациялары боюнча байге ээлеринин жыйынтыктары менен аныкталат. Жеӊүүчүлөр кубок жана I, II жана III даражадагы дипломдор менен сыйланат.
9.4. Конкурстун аягында катышуучу-интеллектуалдар үчүн мыкты педагогдор илимий-техникалык чыгармачылык боюнча мастер-класстарын өткөрүшөт.
9.5. Конкурстун жыйынтыгы массалык маалымат каражаттарында жарыяланат, ошондой эле КР Улуттук академиясынын, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын, «Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясынын атайын каталогунда жарыяланат. Салттуу түрдө конкурстун жыйынтыктары БРИТА «Алтын түйүндүн» интернет-сайтында жана Кыргыз Республикасынын мезгилдүү басылмаларында жайгаштырылат.
"XXI кылымдын интеллектуалдары" окуучу жаштардын республикалык форумунун жыйынтыгын чыгаруу
Республикалык конкурстардын аякталышы менен, Кыргызстандын жаштарынын техникалык чыгармачылыгыны форуму өткөрүлөт. Ага буга чейин өткөрүлүп келген конкурстардын байге ээлерин жана илимий-техникалык чыгармачылыктын жетишкендиктеринин жана ийгиликтүүлүгүнүн фактору катары уюштурулган республикалык деӊгээлдеги көргөзмөнүн катышуучуларын чакыруу менен өткөрүлөт.
Илимий-техникалык чыгармачылыкта, долбоордук, изилдөөчүлүк, жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктө, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн практикалык жактан чечүүдө жогорку жыйынтыктарга жетишкен Форумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Төрагасына, КР ЖК Депутаттарынан, КР УИА стипендиялар тапшырылып, «Жаш академик» наамы ыйгарылат.
Орто билим берүү мектептеринин бүтүрүүчүлөрү, илимий-техникалык чыгармачылыктагы жогорку жыйынтыктарга жетишкендерге өлкөнүн техникалык жождоруна тапшырууга сертификаттар тапшырылат.
Байланышуу маалыматтары:
«Алтын түйүн» Балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы
т.:(0312) 31-58-47; (0312) 31-58-1; ф.:(0312) 31-58-47. http://www.rdita.kg
10