СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатика 5-класс

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы : Информацияны берүү. Информацияны берүүнүн схемасы.Электрондук почта.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү.

Сабактагы колдонулуучу усулдар жана ыкмалар: Интерактивдүү метод. Өз алдынча иштөө, жупташып иштөө. Мээге чабуул. Логиканы өстүрүү ж.б.

Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: ноутбук,окуу китеби, көрсөтмө куралдар, ж.б.

Сабактын максаттары:

Мазмуну

Күтүлүүчү натыйжалар

Билим берүүчүлүк

Окуучулар информацияны берүү формалары боюнча маалыматка ээ болушат. Информациянын булактарын билишет жана берүү формаларын бири-биринен айырмалашат.

Турмуштан алынган мисалдарын түзүшөт. Информацияны берүү схемасын айта алышат.

Өнүктүрүүчүлүк

Электрондук почта жөнүндө маалымат алышат. Тапшыраманы эркин аткарышат.

Ой жүгүртүп берилген тапшырманы талдап иштөөгө үйрөнүшөт.

Тарбиялык

Бири-бирин урматтап кызматташ болууга көнүгүшɵт. Жупта жана топто ынтымактуу болушат.

Окуу куралдарын туура пайдаланууга тарбияланышат.

Сабактын жүрүшү: I. Уюштуруу.

Окуучулар менен саламдашуу, жоктоо.

II. Үй тапшырмасын суроо.

1. Адамдын жана адамзаттын эси деген эмне?

2. Информацияларды ташуучулар жөнүндө эмнени билесинер?

3. Ички жана сырткы эс деген эмне?

4. Файл деп эмнени айтабыз?

III. Жаңы теманы түшүндүрүү :

Информацияны берүү

Биз информацияны берүү менен байланышкан аракеттерге дайыма катышабыз.Адамдар бири-бирине өтүнүч , буйрук , аткарылган иштер тууралуу отчеттор, китеп чыгаруу, илимий макалаларды, жарнактык кулактандырууларды берип турушат. Информация берүү китеп окуганда , телекөрсөтүүлөрдү көргөндө жүрүп турат.

Информациялык канал

Информацияны берүү процессин жөнөкөйлөтүп , төмөнкү схема менен көрсөтүүгө болот (27-сүрөт).

Информацияны кабылдагыч

Информация булагы

Информацияны берүүдө дайыма эки тарап катышат: информацияны берүүчү (информация булагы) жана аны кабыл алуучу (информация кабылдагыч).

Адамдын сезүү органдары биологиялык информациялык каналдардын ролун аткарышат. Техникалык информациялык каналдарга : телефон, радио, телевидение, компьютер ж.б. кирет. Адамдар алардын жардамы аркылуу информация менен алмашышат. Информациялык канал деп катты же кат алышууну деле эсептесе болот.

Компьютердик оюндарды ойногондо силер дайым компьютер менен информация алмашасынар.Биз компьютерге мышь жана клавиатуранын жардамында маалымат киргизебиз. Демек компьютер менен адамдын ортосунда информация алмашуу жүрүп жатат.

Электрондук почта

Электрондук почта — интернет колдонуучулар арасында жекеме-жеке маалыматтарды алмашуу же кат беришүүнү камсыз кылган каражат.

Бирок, кадимки почтадан айырмаланып электрондук почта бир канча эсе ылдам жана андагы каттардын көлөмүндө чек жок. Болгону кат жөнөтүлө турган адамдын дарегин билүү жетиштүү. Электрондук почта алгач болуп 1971-жылы “Болт Беранек энд Ньюман” компаниясынын кызматкери Рей Томлисон тарабынан ойлонуп табылган. Бир жылдан соң электрондук маймылча түшүнүгү пайда болгон. Маймылча бир нерсенин үстүндө деген түшүнүктү берип, андан соң электрондук почтанын бөлүнбөс бөлүгүнө айлаган. Электрондук почта аталган кызматты сунган сайт же тармак маанисине келген серверлердин маалымат алмашуусу аркылуу иштейт. Ар бир серверде, жиберүүчү жана алуучу бөлүмү болот. Каттарды алгач болуп дайыма кабыл алуучу сервер алат. Андан соң келген кат колдонучунун кутусуна түшөт.

Учурда электрондук почта аркылуу жарнамалар таасирдүүлүгүн көрсөтүп келет. Жарнамалык маанайдагы алгачкы электрондук кат 1994-жылы жөнөтүлгөн. Убакыт өткөндөн кийин электрондук почтага жөнөтүлгөн мындай каттар СПАМ деген атка конуп, жарнама каттарына чектөөлөр коюла баштаган. Ал тугул 1998-жылы Кытайда Лин Хай жана Уонг Юкай аттуу физик-программисттер бийликке каршы болгон жарыяларды электрондук почта аркылуу жөнөттү деген айып менен эркинен ажыратылган.Учурда электрондук почталар интернет менен кошо өнүгүүгө дуушар болуп, акча төлөнүүчү электрондук почталар дагы пайда болууда. Акылуу почталар акысыз почталардын көрсөткөн кызматынан сапаттуулугу менен айырмаланат. Каттарды бат жеткирет, керексиз каттардан почта кутусун сактайт жана интернет аркылуу соода учурунда ишенимдүүлүктү арттырат.

Ал эми акысыз электрондук почта кызматтарынын ичинен дүйнөдө Outlook.com, Yahoo! Mail, Mail.com, Gmail өңдүү электрондук почта порталдары көп колдонулат.

Сабакты бышыктоо: Окуучулар өз алдынча олтуруп китептеги суроолорго жооп жазышат. Өтүлгөн тема боюнча бир канча суроолорду берип сабакты бышыктайбыз.

Баалоо: Окуучулардын сабакка активдүү катышканына, тапшырманы аткарганына, суроолорго туура жооп бергенине жана тартибине карап бааланат.

Үй тапшырмасы: Өтүлгөн теманы кайталап келүү. Китептеги суроолорго жооп таап келүү.

Просмотр содержимого документа
«Информатика 5-класс»

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!