СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Информатика 7-класс

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Информатика 7-класс»



Сабактын темасы:Татаал издөө сурамдары

Сабактын максаты:

  • Интернеттен маалымат алуу боюнча аракеттер менен таанышат.

  • Татаал издөө сурамдарын түзүү көндүмдөрү калыптанат.

  • Интернеттен маалыматтарды издөөнүн жолдорун билип, аны турмушта туура колдоно билүүгө тарбияланышат.

Сабактын тиби: жаңы сабак

Сабактын түрү: сабак таймаш

Сабактын формсы:аралаш

Сабакта колдонулуучу усул: интерактивдүү, көрсөтмөлүүлүк,

түшүнүктүүүлүк, топтордо иштөө. Анализдөө

Сабактын жүрүшү: I.Уюштуруу

II.Саламдашуу

III. Жагымдуу маанай



Көктөм! Керемет учур!

Жан бүткөндүн баарына сыйкырдуу жан кирген мезгил. Дал ушул жаз күндөрүндө силер менен жолугушуп, амандашканыбыздын өзү тирүүлүгүбүздүн далили эмеспи.

Эмесе бүгүнкү күнгө таазим этип, баарыңыздарга амандык тилеп, саламдашып алалы.

-Саламатсыңарбы балдар!

-Келгиле сабак баштаардан мурун жагымдуу маанай түзүп алалы!

Информатика сабагында уюлдук телефонду, ноутбукту туура колдонобуз балдар!

Анда ар бириңер жеке катыңарды ачкыла.

Силерге жагымдуу болот деп ишенем.

Балдар силердин алгачкы мектеп босогосун аттагандагы балачак кезиңерди эске салып, мультфильм каармандарына айланттым.

Баарыбыз экранга көңүл бурабыз!

Ар кимибиз өзүбүздү таанып, жакшы сөздөрдү окуп чыгабыз!

Азаматсыңар!

Сабакты баштайбыз , көңүл буруп, сиңирип алууга аракет кыласыңар деп ишенем.

-Информатика сабагында сөзсүз биз электр тогунун жардамы м-н түздөн-түз сабак өтөбүз.Андыктан күтүлбөгөн кырсыктан оолак бололу деген тилек менен коопсуздук эрежелерин эске салып алсак.

Экранга көңүл бурабыз!

Мугалимдин уруксатысыз компьютерди өчүрүп же жандырууга

Электр зымдарына туташтыруучу кабелдерине тийүүгө

Экранды жана монитордун артын кармоого

Монитордун жана клавиатуранын үстүнө китеп,

дептер, дисктерди ж.б. коюуга

Ным кол жана ным кийим менен компьютерге иштөөгө

Кабинетке башкалар киргенде өз ордуңардан турууга


-Балдар биз чакан топтордо отурабыз топтун аты менен тааныштырып кетейин. Колумдагы буюм силердин сабакка катышкандыгыңар боюнча "Роботтук баалоо прибору" деп аталат. Мында ар бир топтун туура жообу үчүн упайлык шариктер бар. Туура жооп үчүн бир шарик алууга уруксат берилет..

Орустун улуу жазуучусу М.Горькийдин

"Билим менен куралданган адам жеңилбес" деген жакшы сөзүнө таянып бул топтун атын "Билим" ал эми бул топтун атын "Курал" ал эми силердин тобунардын атын "Жеңилбес" деп атадым

Келечегиңер кең болсун, ылайым турмушта жеңилбес инсандардан болгула.

-Балдар биз сабакта кол көтөрүп жооп бербейбиз, уюлдук телефондордо сигналдар бар, берилген тапшырмага даяр болсоңор сигнал боюнча белги бересиңер . Эгерде ким биринчи белги берсе ошол топ же окуучу суралат.



Балдар сабакты актуалдашртуу максатында төмөнкү суроону бергим келип жатат

-Биз маалыматты кайдан издейбиз ?

Балдар экранды жакшылап карап чыгалы, экрандан төрт сүрөт көрүп турабыз алардын баарына жалпы ат берип бириктиребиз оң жагында ачкыч тамгалар бар. Жообу : интернет

Интернет – бул маалымат

алмашуу үчүн дүйнө жүзүндөгү

компьютерлерди

байланыштырган тармак

  • Бул сүрөттөрдүн баары жалпы

бир аталышка ээ. Ал кандай аталат?

Бул сүрөттөрдүн жалпы аталышы бар.

Ал браузерлер деп аталат.



Браузер –интернет тармагындагы

маалыматты жеңил көрүүгө

мүмкүнчүлүк түзүлүп берилген

программа. Учурда браузерлердин түрү көп. Алардын ар бири өзүнчө интерфейске (сырткы көрүнүшкө) ээ.

Бирок түзүлүшү бирдей болот.

Издөө тутуму -бул маалыматты издөөгө арналган компьютердик тутум. Издөө тутумдарынын эң белгилүү колдонулуштарынын бири –бул тексттик же графикалык маалыматты табуу боюнча веб кызматтар

Маалыматты издөөнүн эрежелери:

  • Бир эле ачкыч сөз менен маалыматты издөө

  • Ачкыч сөздөрдү чоң тамга менен киргизген жакшы, кичине тамга менен киргизилген сөздөр табылбай калышы мүмкүн

  • Эгерде издөө ишинде натыйжа чыкпаса, ачкыч сөздөрдө орфографиялык каталар жок экендигин текшерүү керек.

Көпчүлүк издөө тутумдарында маалыматты издөөнүн бир нече негизги түрлөрү бар

Бир нече сөз менен издөө

Сөз айкашы менен издөө

Web дареги боюнча издөө

Анда тема боюнча түшүнүк алдыңарбы?

Бүгүнкү сабак силерге жеткиликтүү жана сиңимдүү болду деп ишенем.

Силердин билимиңерди бекемдеп бышыктоо максатында силерге топтук тапшырма берем, убакытты туура пайдаланабыз

Дал келтирүү _________________

Азаматсыңар! Анда баарыбыз тапшырма аткаруунун убактысын токтотобуз .

Экранга көңүл бурабыз

___ ______________________________________тобуна кошумча суроо барбы?

____________________________тобу өз жообуңарга ынанасынарбы?

Рахмат! ар бир топко терең ыраазычылык билдирем

- балдар бүгүнкү сабакта силер өзүңөргө керектүү маалымат алып о.э билим деңгээлиңерди бекемдеп алдыңар деп ишенем.

- сабакка баарыңар активдүү катыштыңар.­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­­

- кайсы топ канча упай алды. эсептеп чыгабыз

- эң көп упай топтогон ____________________________тобунун куттуктайбыз. Анда жеңген топко кыргыздын улуттук аспабы болгон комузду белеке берсем.

Кыргыздын көөнөрбөс мурастарынан ар бир топтун мүчөлөрүнө белек бергим келип турат. Улуттун наркын сактаган. баалай билген инсандардан болгула !



Үйгө тапшырма: Тема боюнча интернет түйүндөрүнөн пайдаланып дагы кандай браузерлер , издөө тутумдары бар карап таап жазып келебиз.

- ушуну менен бүгүнкү сабак аягына чыгып максатына жетти деп ойлойм.

Саламатта баргыла.