“
САНАРИП ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ АДАМДЫН ТУРМУШУНДА”
Санариптештирүү – бул маалыматты аналогдук жол менен берүүдөн санариптик жол менен берүүгө өтүү.
Кыргызстандын дээрлик ар бир жаранында интернет желесине чыгууга мүмкүнчүлүгү бар телефондору, көпчүлүгүнүн үйүндө компьютерлери жана планшеттери бар. Ишканаларда, фирмаларда да компьютерлер бар. Алар ар кандай программаларды – электрондук эсеп – кысапты ( жумушчулардын айлык маянасын эсептөө, фирмалардын киреше – чыгашаларын көрсөтүү ж.б.) жүргүзүүгө, чиймелердин 3D басылмасы боюнча жасоого колдонушат.
Компьютер өндүрүшкө гана жардам бербестен, билим берүү тармагында да чоң мааниге ээ. Мисалы, Бишкек шаарында 1- класска электрондук жазылуу аркылуу барышат. Компьютер дароо эле баланын жашаган жерине жараша кайсы мектепке барарын билдирет. Көпчүлүгүңөр мектептерде электрондук журналдар жана күндөлүктөр бар. Жакында алар бардык мектептерде болот. Көбүңөр электрондук платформаларда жайгаштырылган iBilim жана Билим Булагынын материалдары жана www.lib.kg сайтындагы электрондук китептер менен тааныш болсоңор керек.
Бейтапканага да он – лайн түрүндө жазылууга болот, ал эми саламаттыкты сактоо жаатында көп жылдардан бери телемедицина багыты бар. Анда алыскы аймактарда жашагандар дарыгерден дартты аныктоо үчүн кеңеш же кыйын операция жасоодо адистен он- лайн түрүндө жардам болот
Мына ошентип, компьютердик – санариптик технологиялар адамдарга жашоонун бардык чөйрөсүндө жардам берет.
Санарип технологияларын эмне үчүн колдонобуз?
Биз санарип технологияларын ар кандай процесстер (уюштуруучулук, бизнес ж.б.) натыйжалуу, сапаттуу болуусу, замандын арышы менен жүрүү үчүн колдонобуз.
«Интернетти колдонуунун жалпы коопсуздук эрежеси»:
1. Интернетке кошулуунун алдында компьютердин вируска каршы коргонуусунун күйгүзүлгөнүн текшергиле. Программалык камсыздоону коргоо версиясын жаңылагыла (керек болгон учурда);
2. Компьютерге зыяндуу файлдарды жүктөөгө алып келүүчү гиперссылкаларды активдештирбегиле:
3. Компьютерге тааныш эмес веб – сайттардан программалык камсыздоону орнотпогула;
4. Тааныш эмес веб – сайттарга жайгаштырылган баннерлерди (рекламалык же көңүл ачуу мүнөздөгү) активдештирбегиле;
5. Эгерде электрондук почта аркылуу жөнөтүүчү силерге тааныш эмес болсо, ал жөнөткөн файлдарды ачпагыла;
6. Интернетте өздүк маалыматыңар менен бөлүшпөгүлө;
7. Колдонуучунун атын, пароль талап кылган корголгон сайттарды колдонгула. Пароль тамга жана сандан турган, 8ден кем эмес символдордон туруусу керек. Ал көпчүлүккө белгилүү жөнөкөй сөздөн же даталардан болбоосу зарыл;
8. Интернет аркылуу таанышкан адам менен жолугууга көнбөңүз, сүрөтүңүздү жөнөтпөңүз, өзүңүз тууралуу маалымат (толук аты- жөнүңүз, дарегиңиз, мектебиңиз, сабактарыңыздын жүгүртмөсү, үй- бүлөңүз ж.б.) бербеңиз;
Файл
Пиктограмма (сырткы көрүнүшү)
Аты
Көлөмү (Kb, Mb, Gb)
Файлдын тиби (xls. doc, docx, pptx, jpg, exe, com, png, cdr ж.б.)
Атрибут (скрытый, только для чтение ж.б.)
Дата(түзүлгөн,
оңдолгон, өчүрүлгөн)
Папка
Пиктограмма (Сырткы көрүнүшү)
Аты
Көлөмү (Kb, Mb, Gb)
Ичиндеги файлдардын саны
Атрибут (скрытый, только для чтение ж.б.)
Дата(түзүлгөн,
оңдолгон, өчүрүлгөн)
Билл Гейтс |
William Henry Gates III |
|
Төрөлгөндөгү аты: | Уильям Генри Гейтс III |
Ишмердүүлүк тармагы: | ТөрагаБилл жана Мелинда Гейтс корунда Microsoft Директорлор кеңешинин төрагасы. |
Туулган датасы: | 28 -октябрь 1955 (64 жаш) |
Туулган жери: | Сиетл, АКШ |
Жарандыгы: | АКШ |
Атасы: | Уильям Генри Гейтс II |
Апасы: | Мэри Максвелл Гейтс |
Жубайы: | Мелинда Гейтс |
Балдары: | Дженнифер Катарин Гейтс, Рори Джон Гейтс, Фиби Адель Гейтс |
| |
Билл Гейтс
Уи́льям Ге́нри Гейтс III (англ. William Henry Gates III; 28 -октябрь 1955, Сиэтл [1]), таанымал ысымы Билл Гейтс (англ. Bill Gates) — америкалык ишкер жана коомдук ишмер, Пол Аллен менен бирге түзгөн жана Microsoft компаниясынын эң ири акционери. 2008-жылга чейин компаниянын башчысы, ал кеткенден кийин директорлор кеңешинин аткаруучу эмес төрагасы ордунда калды.
Жеке жашоосу Жеке жашоосуна келсек, Гейтс 38 жашында Мелинда Френч менен баш кошкон. Экөөнүн Женнифер Катарин аттуу кызы жана Рори Жон менен Фиби Адель аттуу уулдары бар. 2008-жылдын 7-январында компьютердик Microsoft компаниясынын жетекчилик кызматынан кетип, кайрымдуулук менен алектенүүгө өтөрүн билдирген. 2 жылдан кийин компаниянын башкы аткаруучу директорлугунан да кеткен. Башкы аткаруучу директорлук кызматты Гейтстин студент кезде тапкан досу Стив Балмер ээлеген. Учурда Б. Гейтс «Билл жана Мелинда Гейтс» фондунун жетекчиси жана өзү негиздеген компаниянын эң ири акционери.
Кызыктуу фактылар 2007-жылы Гарвард университетинин администрациясы Гейтсти Гарвардды аяктады деп эсептеп, диплом тапшырган.
Улуу Британиянын Рыцарь-Командор деген империялык ордени менен сыйланган.
Кайрымдуулук үчүн миллиондогон акча жумшайт. 1 миллиард доллар кедей, таланттуу студенттердин стипендиясына бөлүп берсе, вакцинацияны өнүктүрүү үчүн 750 миң долларын аяган эмес.
Телеграм
Телеграм — вотсап сыяктуу мессенджер (кат жазышууга ылайыкталган) программа, бирок анда көптөгөн Вотсапта жок өзгөчүлүктөр бар.
Телеграм’дын Вотсаптан айырмачылыктары Эң негизги чоң айырмачылыгы, кадимки группалардан сырткары, Телеграмда КАНАЛ деген маалымат булагы бар. Админдер гана маалымат чыгара алышат, ал эми башкалар окуйт гана.
Жаңы киши, телеграмдагы бир маалымат каналына кошулайын десе, админге кайрылып отуруунун кажети жок (аны регистрация кылып киргизиштин кереги жок). Ал дароо эле өзү кошула алат. Болгону тиешелүү каналдын атын билүүсү керек.
Маалымат каналына башка бирөө макала же бир нерсе чыгара албайт, бир гана админ жазганды гана окушат
группага кирген жаңы мүчө — кайсыл убакта кошулбасын — мурдакы билдирүүлөрдү (сообщенияларды) да окуй алат, ага кайтадан жөнөтүштүн кажети жок.
телеграмдагы каналга катталгандардын саны чектелбейт, он миң болсо деле кете берет.
бирөө телефонун мисалы алмаштырып, телеграмдагы бардык маалыматтары өчүрүп алса — мурдагы каттар, аудиолор, видоелор өчпөйт. Кайтадан кирсе мурдакы маалыматтары сакталып тура берет, өзү аларды атайылап өчүрмөюнчө.
жазган билдирүүлөрдү (сообщениелерди) редакцияласа болот.
телеграм востапка караганда батыраак иштейт, өтө жай интернет болсо деле иштей берет.
жана аны көпчүлүк телефондор жеңил көтөрө алат, бат жүктөлөт, катып калбайт.
телеграм бекер программа, регистрация ж.б. нерселерине 1 тыйын акы төлөнбөйт.
Facebook — дүйнө жүзүнө кеңири таралган ири тармак болуп эсептелет.2004-жылы Марк Цукерберг тарабынан негизделген. Натыйжада ушул сайт аркылуу Марк Цукерберг 23 жашында планетабыздын эң жаш миллиардери болгон. Эң биринчи бул веб-сайт "The Facebook" деп аталып, сайтты бир гана Гарварддык университеттин студенттери колдоно алышкан. Катталууну Бостондун башка университеттерине ачып, андан соң АКШнын бардык окуу жайларынын студенттерине жеткен. 2006-жылдын сентябрь айынан баштап бардык Интернет колдонуучулардын 13 жаштан өйдө, электрондук почталары болгон интернет колдонуучуларга жете баштаган.
Азыркы учурда(2012-ж 4-октябрь) аны дүйнө жүзү боюнча колдонгондордун саны 1 млрд адамдан ашты.Март айында (2012) суткасына 526 млн адам кирип, 500 млн адам айына уюлдук телефондон кире алган.Күн сайын бул тармакта 3,2 миллиард колдонуучу "мага жакты",ой-пикирин билдирип (комментарий) жана 300 миллион сүрөттү жарыялашат.2011-жылы октябрь айына карата күн сайын кирип туруучу колдонуучулардын саны 750млн ал эми сайттын барагын кароочулардын саны 1 триллионду түзгөн. Бул тармак өзүнүн жасалгаланышы жагынан жөнөкөйлүгү (минимализм), аткаруучу милдеттеринин ар тараптуулугу жана аз жарнамаланышы менен башка тармактардан айырмаланып турат.
Башка социалдык тармактар үчүн жарнамалар көбүрөөк жарыяланып турса, Фейсбукта жарнама минимум денгээлге жеткирилген.
Facebook - бул дүйнөдөгү эң ири социалдык тармак.
Тарыхы
Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг
Бул сайтты ачууну Цукерберг жаш кезинде жана жеке менчик мектепте(Phillips Exeter Academy) окуп жүргөндө ойлогон. Мектепте жыл сайын окуучулардын справочниги - аты, адреси жана сүрөттөрү жарыяланып турган(тактап айтканда "китеп бети","китептин бети" - Facebook), качан гана Цукерберг Гарвард университетине өткөндө, ал демилге көтөрүп, окшош(аналогичный) тармактык ресурс ачууну сунуштайт,бирок окуу жайдын администрациясы маакулдугун бербейт. Ошондо 2003-жылы 28-октябрда Цукерберг, студент, 2 курс убагында, Facemash интернет-сайтына код жазып, жана анда сүрөттөр колдонулуп,түгөйлөрдү жайгаштырып, максаты алардын ичинен кимиси бири-бирине жагымдуу экенин аныктоо болгон.
Бул нерсеге жетүү үчүн, Цукерберг Гарвардтык университеттин компьютердик тармагындагы корголгон бөлүктөрдү бузуп жана өздүк сүрөттөрдү көчүрүп алган.
Ал сайт (Facemash) тез ылдамдыкта таанылып, бирок бир нече күндөн кийин Гарвард администрациясы аны жаап салган. Цукерберг администрация тарабынан коопсуздукту жана автордук укукту бузганы үчүн күнөө коюлат. Бирок аягында бул күнөөлөрдү алып салат. 2004-жылы 4-февралда Цукерберг өзүнүн жаңы сайтын The Facebook ишке киргизет.Facebook деп атоонун негизи Цукербергтин окуу жылдарына байланыштуу.Марк Цукербергке бат эле Эдуардо Саверин(каржы директор) , Дастин Московиц(программист), Эндрю Мак-Коллум(сүрөтчү) жана Крис Хьюз сайтты алдыга жылдырууга кошулат.
2004-жылдын март айынан тартып сайт Колумбия,Стенфорд университетине кеңири баштаган.Кийинчерээк башка университетте Бостон, Нью-Йорк университетине, Массачусетс технологиялык институтунда, андан соң көпчүлүк Канаданын жана АКШнын окуу жайларына тараган.
Пало-Альтодогу штаб-квартира
"2004-жылы июнь айында Facebook Пало-Альтого көчөт(Калифорния).2005-жылы компания өзүнүн атындагы The артиклын алып салат да ошол эле жылы facebook.com домендик атын 200 000 $ сатып алат.2007-жылы 24 октябрда Microsoft компаниясы Facebook компаниясынан 1,6% акциясын 240 млн $ сатып алууну жарыялайт, ошону менен бирге компанияны 15 млрд долларга баалайт.
2008-ж октябрда Facebook өзүнүн эл-аралык штаб-квартирасын Дублинде ачууну жана 2009-жылы компания биринчи жолу киреше алуусун жарыялаган. 2010-жылы SecondMarket Inc айтуусу боюнча, компаниянын баасы 41млрд долларды түзгөн.2011-жылы 2-январда анын бааасын The New York Times газетасы жазып чыгат, алардын айтуусу боюнча, Facebook 50 миллиардтан ашуун долларды түзгөн.
Facebook дүйнөнүн булуң бурчундагы эң мыкты социалдык тармактары болуп келет,алсак, Австралия, Филиппин, Индонезия, Сингапур, Малайзия, Жаңы Зеландия, Вьетнам, Гонконг жана башкалар.
WhatsApp
WhatsApp — смартфондр үчүн проприетардык мессенджер. Тексттик, аудио жана видео каттарды жөнөтө алат.клент Android, BlackBerry OS, BlackBerry 10, iOS, Series 40, Symbian (S60) жана Windows Phone платформаларында иштей алат.
Ватсапп деген эмне? Ватсапп (WhatsApp) – билдирүүлөрдү алмашуу үчүн түзүлгөн программа. Android, BlackBerry OS, iOS, Series 40, Symbian (S60) жана Windows Phone платформасында иштеген акылдуу телефондорго жүктөп алууга болот. Ал эми жөнөкөй телефондор менен компьютерлерде бул программа иштебейт. Ватсапп аркылуу текст түрүндөгү билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү, видео жана аудио жөнөтүүгө жана алууга мүмкүн. Чатты колдонууда атайын топ ачып, анда 50 адам бир учурда баарлаша алат. Ошондой эле билдирүү жазып, көп убакыт коротуунун ордуна добушуңузду жаздырып жөнөтүү менен убакытты үнөмдөөгө да шарт түзөт. Программанын аталышы англисче What's Up? (Иштер кандай?) деген сөздөрдүн айкалышынан алынган.
Жүктөп алуу оңой Ватсапптын кызматын пайдалануу үчүн жөнөтүүчүнүн жана алуучунун телефонунда орнотуу зарыл. Аны телефондогу интернет дүкөндөрдөн бекер жүктөп алууга болот. Бирок «Apple» компаниясынын операциондук системинде иштеген телефон ээлери интернет дүкөндөн сатып алуулары зарыл.
Кызмат шарттары Программаны көчүрүп алуу акысыз жана кызматты колдонуу 1 жылга чейин бекер. Ал эми андан кийинки жылдары гана жылына бир ирет 99 цент же болбосо 50 сомдун тегерегиндеги акча төлөп туруусу керек. Бирок бул программа интернет аркылуу иштегендиктен, уюлдук операторлор койгон интернет-тарифке ылайык тыйындарын алып турушат.
Программанын түзүүчүлөрү тууралуу Аталган программаны 2009 жылы америкалык Брайан Эктон жана АКШга көчүп кеткен украиналык Ян Кум түзгөн. Алар өз алдынча компания түзгөнгө чейин «Yahoo!» интернет корпорациясында 20 жыл эмгектенишкен.
Статистикасы Ватсапптын жардамы менен 2012-жылы апрелде күнүнө 2 миллиард билдирүү жөнөтүлгөн болсо, жаңырган жылы 32 миллиардга жеткен. Ал эми колдонуучулардын саны 2012-жылы айына 100 миллионду түзсө, үстүбүздөгү жылдын февралында 450 миллион кишиге чейин өскөн. Серепчилердин айтымында, программа кулачын кенен жайган сайын, дүйнөдөгү уюлдук операторлордун СМСтен түшкөн пайдасынын суммасы жылына 10 миллиарддаган долларга чейин кыскарууда.
Instagram
Instagram |
|
Тип | фототиркеме |
Түзүүчү | Instagram, Inc. |
Операциялык система | iOS 4.3 же жаңыраагы, Android 2.2 же жаңыраагы |
Интерфейс тили | англис, кытай, француз, немис, итальян, жапон, корей, португал, испан жана орус тилдеринде |
Биринчи чыгарылышы | 2010 жылдын, Тогуздун айынын 6да |
Акыркы үлгүсү | Android 3.5.3[1] (2013 жыл 7 май) iOS 3.4.2[2] (2013 жыл 1 февраль) |
Лицензия | Freeware |
Сайты | instagram.com |
Instagram - мобилдик түзмөккө, иш такта компьютерине жана интернетке негизделген сүрөт бөлүшүү колдонмосу. Кызмат колдонуучуларга сүрөт жана видеолорду ачык эле же жекече бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет. Ал Кевин Систром (Kevin Systrom) жана Майк Кригер (Mike Krieger) тарабынан жарык көргөн, ал эми 2010-жылы октябрда iOS операциондук системдери үчүн гана акысыз мобилдик колдонмо катары колдонууга берилген. Android түзмөктөр үчүн нускасы эки жыл өткөндөн кийин, 2012-жылдын апрелинде жарыкка чыккан. Анын артынан 2012-жылы ноябрда өзгөчөлүктөрү чектелген вебсайт интерфейси пайда болгон. Ал эми Windows 10 Mobile жана Windows 10 үчүн колдонмолор тиешелүүлүгүнө жараша 2016-жылы аперелде жана 2016-жылы октябрда чыккан.
Instagram катталган колдонуучуларга кызматка сүрөттөрдү же видеолорду жүктөө мүмкүнчүлүгүн берет. Колдонуучулар өздөрүнүн сүрөттөрүнө ар кандай санарип чыпкаларды колдонуп, геотегдер аркылуу турган жерин кошо алышат. Алар өз постторуна хештегдерди кошсо болот, муну менен ошол сүрөттү окшош теманы чагылдырган Instagram'дагы башка мазмун менен байланыштырышат. Колдонуучулар өз аккаунттарын башка коомдук медиа профилдерине дагы туташтыра алышат. Бул сүрөттөрдү ошол профилдерге да бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берет. Башында Instagram'ды айырмалап турган өзгөчөлүгү -- сүрөттөрдү чарчынын ичине калыпка салчу; бул 2015-жылы августта өзгөртүлүп, жаңы нускасында колдонуучулар медианы толук өлчөмдө жүктөй алып калышкан. 2012-жылдын июнунда "Изилдөө" терезеси жарыкка чыккан. Ал колдонуучуларга медианын ар кандай түрүн көрсөткөн, анын ичинде популярдуу сүрөттөр, жакын арада тартылган фотосүрөттөр, тренд болуп аткан тегдер жана жерлер, сунушталган видеолор үчүн каналдар менен тандалган мазмун болгон. Видеолорду колдоо алгач 2013-жылы июнда башталып, максимум 15 секундалык убакыт коюлган жана сапаты чектелген. Instagram кийинчерээк кенен экран жана узак видеолорду колдой баштаган.
2012 жылдын апрель айында Instagram Facebook компаниясы аркылуу сатылып алынган. Сатып алынган так баасы накталай 300 миллион долларды жана компаниянын 23 миллион акциясы менен түзүлдү.
Компьютердик табышмактар
1
Менсиз жерде башаламан,
Менсиз ишин жүрбөйт эч качан,
Канчалык аракет кылсан да,
Бирөөлөрдү уксан да
Көрө албаганың жаман
Мен ....... деп аталам.
2
Оюнду жоготпош үчүн
Жазуу керек файлга
Нары бери ташып журуп
Папкаларды сактаган
......
3
Эч жоопсуз калтырбайт
Чагылдырып көрсөтөт
Этият кыл көзүңдү
Бул негизи .......
4
Жонунда бар баскычы
Ар нерсенин тапкычы
....... деп аталат
Клавиатурага жардамчы.
5
Сөздөрдү да сүрөттөрдү,
Тез арада печаттайт.
Эң керектүү инструмент,
Мунун атын ..... дейт.