Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ОшТУнун Өзгөндөгү технология жана билим берүү институту
ИНФОРМАТИКА
курстук жумушту аткарууга
УСУЛДУК КӨРСӨТМӨЛӨР
(экономика адистиктериндеги студенттер үчүн)
Өзгөн - 2011
Информатика: экономика адистиктериндеги студенттердин өз алдынча иштөөсү үчүн курстук жумушту аткаруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр. - Өзгөн, 2011. - 12 б.
Экономика, математика жана информатика кафедрасынын отурумунда каралган жана жактырылган. 2011-жылдын 15-декабры, протокол № _____ Кафедра башчысы Мусаева А. | |
| Өзгөн технология жана билим берүү институтунун усулдук кеңешинин отурумунда каралган. 2011-жылдын 22-декабры, протокол № _____ Окуу-усулдук комиссиянын төрагасы, доцент Акматалиев А.Т. |
Усулдук көрсөтмөнү түзгөн: М.Раманкулов
Сын пикир жазгандар:
техника илимдеринин кандидаты, доцент Аданбаев Ү.,
физика-математика илимдеринин, доцент Асылбеков Т.Д.
© Өзгөн технология жана билим берүү институту, 2011
Мазмуну
Киришүү 4
1. Курстук жумушту даярдоого коюлуучу талаптар 5
2. Курстук жумуштун структурасы 7
Адабияттар 12
Киришүү
Курстук жумушту аткаруунун жүрүшүндө экономикалык жана башкаруу маселелерин чечүүдөгү компьютердик техниканы колдонууунун түрдүү аспекттери менен байланышкан суроолор окуп үйрөнүлүүсү жана талдануусу керек.
Курстук жумушту аткарууну уюштуруу бир катар этаптарды камтыйт.
Алгач студент сунушталган окуу адабияттары менен таанышып чыгуусу жана информатика дисциплинасы боюнча курстук жумушту аткаруу боюнча усулдук көрсөтмөнү кунт коюп, окуп чыгуусу зарыл.
Курстук жумуш теориялык жана практикалык бөлүктөрдөн турат. Ал бөлүктөр боюнча студентке бир тема (тапшырма) тандоого мүмкүнчүлүк берилет. Теориялык бөлүктүн темалары жана практикалык бөлүккө тиешелүү тапшырмалар төмөндө берилген.
Студентке окулуп жаткан дисциплинанын проблемалары (чечүүнү талап кылган маселелери) менен байланышкан теманы же тизмеде жок актуалдуу теманы тандап алууга мүмкүнчүлүк берилет. Мындай жол менен тандалган теманы жетекчи менен макулдашуу зарыл.
Түзүлгөн графикке ылайык курстук жумуштун жетекчиси (окутуучу) студенттер менен консультация өткөрөт жана анын негизинде студент курстук жумуштун теориялык жана практикалык бөлүктөрүнүн мазмунун тактайт. Аткарылып бүткөн курстук жумуш түзүлгөн графикке ылайык жетекчиге сын пикир берүүгө (рецензиялоого) тапшырылат. Жетекчи жумуштун мазмунун, жумушту аткаруудагы студенттин өз алдынчалык даражасын, сабаттуулук деңгээлин баалайт. Сын пикиринде жумуштун оң жактарын жана кемчиликтерин белгилейт, жумушту коргоого уруксат берилүүсүн аныктайт. Сын пикир эки нускада жазылып, биринчиси курстук жумушка тиркелет, экинчиси окутуучу тарабынан факультетке тапшырылат.
Эгерде студенттин аткарган курстук жумушу коргоого уруксат берилбесе, анда жетекчи тарабынан сын пикирде көрсөтүлгөн кемчиликтер оңдолуусу зарыл.
Курстук жумушту коргоодо тандап алынган тема боюнча студенттин билим деңгээли жана курстук жумушту аткаруудагы студенттин өз алдынчалык даражасы аныкталат.Жыйынтыгы «эң жакшы», «жакшы», «канааттандырарлык» же «канааттандырарлык эмес» деп бааланат.
Курстук жумушту ийгиликтүү коргогон гана студенттер информатика дисциплинасы боюнча сынак тапшырууга уруксат алат.
1. Курстук жумушту даярдоого коюлуучу талаптар
Курстук жумушту даярдоодо төмөнкүлөрдү жетекчиликке алуу зарыл:
• курстук жумуш жеке компьютерде тексттик редакторду колдонуу менен даярдалат;
• курстук жумуштун көлөмү А4 форматындагы кагазда 25 беттен ашпайт, (шрифт - Times New Roman, шрифт өлчөмү - 14 пункт, саптар арасындагы интервал – бир жарым);
• текстти форматтоодо теңделүүсү - по ширине (сол жана оң жактары тегиз), абзацтын биринчи саптагы солдон жылдырылуусу (отступ)- 1 см;
• тексттин теориялык бөлүктөгү көлөмү- 8-10 беттен кем эмес;
• беттер номерленет, беттин сол жана оң жактарынан 25 мм ден кем эмес талаа калтырылат;
• курстук жумуштун ар бир структуралык бөлүгү жаңы беттен башталат; структуралык бөлүктүн аталышынан кийин чекит коюлбайт;
• Microsoft Word программасынын каражаттарын (заголовоктор стилин) пайдаланып мазмуну даярдалат;
• материалды ачык, так жана өз алдынча жазууга умтулуу зарыл;
• алынган ар бир цитатага, цифраларга жана фактыларга тиешелүү булактарга (адабияттарга, интернет ресурстарындагы даректерге ж.б.) шилтеме (ссылка) жасалат (шилтемеде тизмедеги адабияттын же ресурстун номери жана беттердин номерлери көрсөтүлөт. Мисалы, [2, С. 15-16]);
• бардык түшүнүксүз же кыскартылган терминдерге алгачкы колдонулган учурда эле курстук жумуштун тексттик бөлүгүндө түшүндүрмө берилет;
• чет элдик жана көп белгилүү болбогон илимий терминдерге түшүндүрмө берүүдө номерленген сноска коюлат;
• таблицалык материалдарды көрсөтүүдө таблицанын оң жактагы жогорку бурчуна номерин көрсөтүү менен «Таблица» деп жазылат (мисалы, Таблица 5), төмөн жагына акырында чекит коюлбастан тематикасы жазылат;
• схемалар, диаграммалар, графиктер, техникалык сүрөттөр, фотосүрөттөр так, таза даярдалып, төмөн жагына номерленип, аты жазылат, мисалы,
4-сүрөт. Компьютердик системанын базалык конфигурациясы
• курстук иштин текстинде таблицалык жана графикалык материалдарга түшүндүрмө жана алардын катар номерлерин көрсөтүп, шилтеме берүү зарыл;
• курстук жумуштун материалдары толук даярдалгандан кийин тексттик процессордун каражаттарын пайдаланып орфографиялык жана синтаксистик каталарын текшерүү, каталар табылган учурларда оңдоо сунушталат;
• курстук жумуш сын пикир жазууга тигилген (сол жак четинен) абалда берилет.
Мазмуну (Оглавление) – документтин структуралык бөлүктөрүнүн аталыштарынын тизмеси, документте талкуулануучу темаларды карап чыгуу (көрүү) үчүн колдонулат.
Сноска – беттин төмөн жагында жазылган кыскача түшүндүрмө берүүчү текст.
2. Курстук жумуштун түзүмү (структурасы)
Курстук жумушту аткарууда төмөнкүдөй түзүм сунушталат:
Түзүмгө кирген ар бир бөлүккө көрсөтмөлөр төмөндө берилди.
Титулдук барак курстук жумуштун биринчи бети болуп эсептелет, бирок номерленбейт. Титулдук барактын жазылуу үлгүсү 1-сүрөттө берилген.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институту
Математика жана информатика кафедрасы
Информатикадан
«Учурдагы адистердин калыптануусунда информатиканын
жана компьютердик техниканын ролу»
темасына даярдалган
КУРСТУК ЖУМУШ
Аткаруучу: Аскарова Алтынай Оморовна, ФК-10 группасы
Жетекчи: доцент Осмонов Каныбек Аширович
Өзгөн-2011
1-сүрөт. Курстук жумуштун титулдук барагын жасалгалоонун үлгүсү
Мазмунунда структуралык бөлүктөрдөгү бардык темалар, алардын беттери көрсөтүлүп жазылат. Мазмундагы тема тексттеги теманы так кайталайт.
Киришүү бөлүгүндө курстук жумуштун теориялык жана практикалык бөлүктөрүндөгү жалпы маалыматтар камтылат:
• курстук жумуштун теориялык бөлүгүндөгү теманын актуалдуулугу негизделет;
• теманы толук ачып көрсөтүүчү суроолордун тизмеси берилет;
• персоналдык компьютердеги колдонмо (прикладдык) программаларды пайдаланып чечилүүчү маселенин аталышы жазылат;
• курстук жумушту аткаруу жана даярдоо үчүн колдонулган жеке компьютер, программалык камсыздоо тууралуу кыскача мүнөздөмө берилет.
Теориялык бөлүк курстун тиешелүү бөлүмүндөгү студенттин билимин тереңдетүү максатын көздөйт жана студенттин адабияттар жана компьютердеги тексттик редактор менен иштөө жөндөмүн көрсөтөт.
Адабияттарды окуп-үйрөнүп, жетекчи менен макулдашылгандан кийин гана теориялык бөлүктү жазуунун планы түзүлүүсү керек.
Теориялык бөлүктүн төмөнкүдөй планы сунушталат.
Киришүү
Мында окулуп үйрөнүлүүчү объект формулировкаланат. Окулуп үйрөнүлүүчү объект катары процесс, кубулуш же кандайдыр бир система каралат. Объекттин окуп үйрөнүлүүчү бөлүгү алынып каралат. Негизги көңүл ошол бөлүккө багытталышы керек.
1. Объектини окуп-үйрөнүүдө колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Тандап алынган темада колдонулуучу негизги түшүнүктөр ачып көрсөтүлөт. Мисалы, «Жеке компьютердин программалык камсыздоосунун классификацияланышы» темасында программалык камсыздалыш тууралуу жалпы түшүнүк берилет. Программалык камсыздалыштын ар бир түрүнө кыскача мүнөздөмө берилет. Бул бөлүмдүн көлөмү бир беттен көп эмес болуусу шарт.
2. Объектинин элементтеринин классификациясы
Классификациянын жалпы схемасы жана объектинин элементтерине кыскача мүнөздөмө берилет. Бөлүмдүн көлөмү бир беттен көп эмес болот.
3. Объектинин элементтеринин кеңири мүнөздөмөсү
Ар бир пункт экиден кем эмес бет болуусу керек. Пункттарда объектинин элемент-терине түшүндүрмөлөр берүүчү аналитикалык таблицалардын берилиши зарыл.
Жыйынтык
Мында объектини окуп-үйрөнүү жыйынтыктары кыска жана логикалык ирети менен жазылат. Окуп-үйрөнүлүүчү маселенин (проблеманын) келечеги жалпылануу менен бөлүк аяктайт.
Теориялык бөлүктү жазууда иллюстративдик материалдардын (блок-схемалар, аналитикалык таблицалар, сүрөттөр) берилүүсү максатка ылайыктуу.
Курстук жумуштун практикалык бөлүгү маселени чечүүнү жеке компьютердин жардамында аткаруудан турат. Мында студентке тааныш болгон колдонмо программалар пакети (графикалык, тексттик редакторлор, таблицалык процессор, берилгендер базаларын башкаруу системасы ж.б.) пайдаланылат.
Практикалык бөлүк үчүн тапшыпмалардын топтомунун варианттары информатикадан жумушчу окуу планына ылайык адистиктерге түзүлгөн жумушчу программага туура келтирилип даярдалат.
Курстук жумуштун практикалык бөлүгү боюнча отчет даярдап, жазууда төмөндө берилген планды, ошондой эле мисалды жана курстук жумуштун практикалык бөлүгүн жазуу боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алуу керек.
1. Маселенин жалпы мүнөздөмөсү
«Маселенин жалпы мүнөздөмөсү» деген бөлүк экономикалык маселенин аталышын, шарттарын, максатын жана аны чыгаруунун ордун (мекеменин бөлүмү) камтыйт.
2. Маселени чечүүнүн алгоритминин түшүндүрмөсү
Бул бөлүктө даяр болуучу документтердин формаларын долбоорлоонун этаптары көрсөтүлүүсү (саналуусу) зарыл жана иллюстрация иретинде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
• берилгендер менен таблицалар (документтер);
• даярдалуучу документтин үлгүсүнүн (шаблонунун) түзүмү;
• даярдалуучу документтин шаблону таблицалык процессордун барагында (листинде) жайгашуусу көрсөтүлөт;
• алынган натыйжаларды графикалык түрдө көрсөтүү.
1 Документтин шаблону – жасалгалоонун мүнөздүү элементтерин камтыган, аныкталган түрдө алдын ала форматталган типтүү документ.
Практикалык бөлүк даяр болгондон кийин жумушту даярдоодо пайдаланылган адабияттар тизмеленет.
Тизмеге курстук жумушту аткарууда пайдаланылган жана текстте шилтеме жасалган гана адабияттар киргизилет.
Адабий булактарды көрсөтүүдө төмөнкүлөр зарыл:
авторлордун фамилиялары жана аттары, китептин аталышы, макалалар, басылып чыккан орду, басмакана, басылган жылы, көлөмү (беттеринин саны).
Интернеттен алынган материалдарда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
авторлордун фамилиялары жана аттары, материалдын толук аталышы, интернет-дарек, карап чыккан дата.
Төмөндө адабий булактарды көрсөтүүнүн кээ бир түрлөрү берилди.
Бир же бир нече авторлордун китеби
Когаловский М.Р. Энциклопедия технологий баз данных. -М.: Финансы и статистика, 2002. — 800 с.
Информационныетехнологии управления / Под ред. Г.А.Титоренко. - М.: ЮНИТИ-ДАНА, 2003. - 439 с.
Журналдагы макала
Коржов В. Internet на космической скорости // Мир ПК. – М., 2001. № 1 . - С. 86-87.
Интернет тармагындагы басылма
Микушин А.В. Микропроцессоры. - http://www.computermuseum.ru/technlgy/proclect/ content.htm (16.04.06)
Александр Евангели. Новое поколение глобальных сетей // BYTE / Россия. 2005. № 7. - http: // bytemag.ru / 7ID = 604029 (20.04.06)
Тиркемелерде негизги бөлүктөгү тексттерди толуктап туруучу материалдар жайгаштырылат. Алар формасы боюнча текст, таблицалар, графиктер, диаграммалар, схемалар, сүрөттөр түрүндө болот. Ар бири жаңы беттен башталып, жогорку оң бурчуна «Тиркеме» деген жазуу көрсөтүлөт жана тематикалык аталышы болот. Тиркемелер бирден ашык болсо, анда алар араб цифралары менен номерленет. Негизги текст менен тиркемелердин байланышы шилтеме аркылуу ишке ашырылат.
Адабияттар
Степанов А.Н. Информатика: Учебник для вузов. 5-е изд. – СПб.: Питер, 2007. – 765 с.: ил.
Информатика: Учебник / Под ред. проф. Н.В. Макаровой. - М.: Финансы и статистика, 2005.
Акулов О.А., Медведев Н.В. Информатика: базовый курс. - М.: Омега. -Л,2005.
Богатов Д.Ф. и др. Информатика и математика для юристов: Учебное пособие / Под редакцией Минаева В.А. - М.: Издательство ПРИОР, МЮИ МВД России, 1998. -224 с.
Вычислительные системы, сети и телекоммуникации: Учебник / Под ред. А.П. Пятибратова. - М.: Финансы и статистика, 2003.
Информатика. Лабораторный практикум для студентов 2 курса всех специальностей. — М.: ВЗФЭИ, 2006.
Экономическая информатика: Учебник / Под ред. В.П. Косарева. – М.: Финансы и статистика, 2005.
Сопуев А., Кожобеков К. Компьютерный практикум: Учебное пособие. – Ош: Изд-во ОшГУ, 2002. – 40 с.
Материалы журнала «BYTE/Россия» http://www.bytemag.ru/17. Материалы сайта компании «Лаборатория Касперского» http://www.kaspersky.ru/