КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ БИЛИМ БЕРΥΥ жана ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ М.М. АДЫШЕВ АТЫНДАГЫ ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ | | МИНИСТЕРСТВО ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КЫРГЫЗСКой РЕСПУБЛИКи ОШСКИЙ ТЕХНОЛОГИЧЕСКИЙ УНИВЕРСИТЕТ им. М.М. АДЫШЕВА |
723503, Ош ш., Н. Исанов көч., 81. Тел.: +996 (3222) 4-38-83 Факс: +996 (3222) 4-33-97 2019- ж. « 12-март » ____ № 04/55 | MINISTRY OF еDUCATION AND SCIENCE OF KYRGYZ REPUBLIC THE OSH TECHNOLOGICAL UNIVERSITY NAMED AFTER M.M. ADYSHEV E -mail: [email protected] http://www.oshtu.kg |
МААЛЫМАТ КАТ
Урматтуу кесиптештер жана студенттер!
Академик М.М.Адышев атындагы Ош Технологиялык университети, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана Ош шаардык мэриясы «Мамлекеттик тил. Илим. Технологиялар. Инновациялар» аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин II аймактык илимий-практикалык конференцияга чакырат.
Конференция 2019-жыл – “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата 2019-жылдын
25-апрелинде саат 9-00дө ОшТУнун чоң актылар залында өткөрүлөт.
Конференцияга студенттер, окуучулар, магистранттар, аспиранттар жана жаш илимпоздор катыша алышат.
Конференциянын илимий багыттары
Мамлекеттик тилди санариптештирүүнүн актуалдуу маселелери;
Кибернетика, маалымат технологиялар, өлкөнү санариптештирүүнүн көйгөйлүү маселелери;
Транспорт жана тейлөөнүн технологиясы;
Курулуш, дизайн жана архитектура;
Технология жана жаратылышты пайдалануу;
Электроэнергетика жана жаңы энерготехнологиялар;
Экономика жана башкаруу;
Табигый-техникалык илимдер;
Социалдык-гуманитардык илимдер.
Конференциянын алкагында Мамлекеттик тилди санариптештирүүгө багытталган
“Эң мыкты долбоор” боюнча шаардык сынак өткөрүлөт. Сынакка катышууга долбоорлор (жазуу түрүндө жана электрондук вариантта) ОшТУнун илим бөлүмү (каб.1/309) тарабынан 2019-жылдын 19-апрелине чейин кабыл алынат.
Сынактын жыйынтыгы 2019-жылдын 25-апрель күнү жарыяланат. (Электрондук дарек: [email protected]).
Конференцияга катышуунун шарттары
Илимий – изилдөө иштеринин жыйынтыгы камтылган баяндамалар комиссия тарабынан каралып, атайын конференциянын материалдарынын жыйнагында жарык көрөт (реферативдик, жалпыланган мүнөздөгү баяндамалар басмада жарыяланбайт). Эң мыкты илимий баяндамалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланат.
Макаланын көлөмү 5 беттен кем эмес болуп, текст солдон, оңдон, жогорудан жана төмөндөн 2 см талаа менен Word редакторунда, абзац стандартка ылайык, 12 өлчөмдөгү
Тамга-Кит программасында (кыргыз тилиндеги макалалар үчүн), Times New Roman шрифтинде (орус тилдеги макалалар үчүн), бир сап аралык интервал менен терилүүсү зарыл. Илимий баяндама аннотация, киришүү, изилдөөнүн максаты, изилдөөнүн жыйынтыгы жана колдонулган адабияттардан түрүшу зарыл. Макалада эң жогорку саптын сол жагында УДК, андан кийинки саптын оң жагында автордун (авторлордун) аты-жөнү, окуган жери, электрондук дареги көрсөтүлөт (макаланын темасы, аннотация жана авторлор тууралуу маалыматтар англис тилинде берилүүсү керек), андан кийинки сапта макаланын темасы берилет. Макаланын аннотациясы кыргыз, орус, англис тилдеринде, бир абзацтан ашпоосу зарыл. Макаланын ачкыч сөздөрү кыргыз, орус, англис тилдеринде 6-10 сөз болууга тийиш. Шилтемелер чарчы кашаа түрүндө көрсөтүлөт. Пайдаланган адабияттардын тизмеси макаланын аягында алфавит тартибинде тизмеленип берилет.
Конференцияга катышуу жана макаланы жарыялоо акысыз. Иш сапары жана жол акысы жөнөтүлгөн тараптан каржыланат.
Макаланын авторлору макаланын илимий мазмуунуна, стилине жана макаланын сапатына толук өзү жооп берет.
Конференцияга катышуу үчүн макалалар 2019-жылдын 16-апрелине чейин электрондук варианты менен кошо төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: 723503, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Исанов көчөсү 81. Ош Технологиялык университети. Илим бөлүмү, каб. 309. Тел. (03222) 4-33-14, факс. (03222) 4-33-97. Электрондук дареги: [email protected]
Уюштуруу комитети