СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Инсан ,иденттүүлүк, субкультура

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Инсан ,иденттүүлүк, субкультура»

Инсандын өнүгүп жетилүүсү жана тарбия



Инсан- коомдук индивидиуум (айрым тирүү организм, жеке адам пенде) , сырткы дүйнөнү таанып билүүнүн активдүү өзгөртүүнүн субьектиси, сүйлөөгө жана эмгектенүүгө жөндөмдүү, аң-сезимдүү жаныбар акылы жайында, туура өнүккөн адам. Демек тарбия өтө татаал этаб. Ага ийгиликтүү жетекчилик кылуу үчүн ар бир тарбиячы баланын психикалык жактан жетилип, социалдык инсанга айлануу мыйзам ченемдүүлүктөрүн жакшы билүүгө тийиш. Инсадык асыл сапаттар өтө жай көп кыйынчылык менен өнүгүп түптөлө турган абдан татаал кубулуш.
Ошондуктан тарбия жаранын уюштурууну каалаган ата-эне жана мугалим, же ар кандай эле тарбиячы, а дегенде тарбиялай турган баланын табиятын да жакшы билүүсү зарыл. Тарбияланып жаткан ар бир бала , окуучу(индивид) табият берген кайталангыс шык жөндөмдүн физиолоиялык фондуна ээ. Мындай ген аркылуу берилген интеллектуалдык, эмоционалдык функциалар өзүн-өзү жөнгө салып, өзүн өзү башкарат. Ал функциалардын нукура адамга гана таандык биосоциалдык талаптары бар.

Иденттик (англ. identity



Иденттүүлүк бул менталдык кубулуш. Улуттук иденттүүлүк ошол улуттун образы. Иденттүүлүк бул сезим, жалпы кызыкчылыктар. Диний таандыктык менен улуттук иденттүүлүк дайыма дал келбейт. Иденттүүлүк кырдаалга жараша актуалдашат. Адам кайсы бир социалдык топко таандык болушу мүмкүн. Ошол топтун баалуулуктарын өзүнүкү эсептеп, демонстрациялайт. Диний иденттүүлүк жалпылаштыруучу күчкө ээ жана кээде улутка карата космополиттик, айырмачылыктарды жымсалдоочу сапатка ээ.

 бир муундун өмүр жашы ичинде улутту калыптандырса болот. Мисалы, өзбектер. Бир жарым кылымда бирдиктүү, иденттүүлүгү бекем улутка айланды. Диний эмес, улуттук негизде иденттүүлүгү чыңдалды. Түрктөрдү алалы, диний иденттүүлүк эмес, түрк иденттүүлүгү негизги иденттүүлүк, башкы жалпылык. Ататүрк аталган Мустафа Кемалдын изги саясатынын натыйжасында грек, армян, азербайжан, грузин ж.б. ондогон этностор түркиялык түрк, түрк улутунун өкүлдөрү, Түркиянын жараны. Айтмакчы жарандык иденттүүлүк ошол өлкөгө таандык болуу, сыймыктануу жана ошол өлкөнүн коргоосунда экендиги сезүү менен аныкталат

Адегенде субкультура деген сөздү чечмелей кетели. Александр Грицановдун 2003-жылы басылган Социология энциклопедиясында субкультура – бул салттуу маданияттан жүрүм-туруму, сырткы өңү жана/же башка өзгөчөлүктөрү менен айырмаланып турган топтор деп түшүндүрүлгөн.

Бишкекте салттуу маданияттан четтеп, жүрүм-туруму, кийими жана сырткы өң-түсү менен айырмаланган жаштар топтору көпчүлүктү таңдандырбай койбойт.

Батышта мындай топторго субкультура деген жалпы түшүнүк ыйгарышкан. Субкультура деген эмне? Рок музыканын тегерегинде кандай субкультуралык топтор чогулган? Салттуу маданияттан алар эмнеси менен өзгөчөлөнүп, эмне жалпылыгы бар?

Бишкектеги “Цеппелин” рок-клубунда отурам. Келгендердин көбү сырткы кебетеси аркылуу эле рок-музыканын ышкыбоздору экенин билдергенге аракет кылгандай. Ошентсе да алардын арасынан бул эки кыз өзгөчө айырмаланып, дароо көзгө урунат: башынан бутуна чейин капкара кийинген, ошол эле өңдө боёнгон; бетинин ар кайсы жактарында жана кулагына үч-төрт сөйкө тагынып алышкан; андан тышкары мойнунда, колунда жана кийиминде чынжыр, иши кылса ар түркүн темир жасалгалар илинип турат. Таанышып маектешейин деп аларды көздөй акырындан жылып баратам. Алардын сүрдүү кебетесинен улам майнап чыгарынан күмөн санап турдум. Бирок иш жүзүндө экөө тең – Наталья Бондаренко менен Елизавета Степанюк – ак көңүл кыздар экен, мени кызыктырган бардык суроолорума жооп берип, бул сырдуу кебетенин артында жаткан философиясын ачыкка чыгарышты. Ошол эле кезде субкультуралар жалпы маданияттын бир бөлүгү деп саналат; субкультуралар сөзсүз эле түрдө маданияттын терс көрүнүшү болуп эсептелбейт. Субкультура деген бул жалпы маданияттан бөлүнүп, өзүнчө бир кичинекей маданияттын мүчөсү дегенди билдирет. Эмне себептен адамдардын көбү жалпы маданиятты карманса, кээ бири субкультураларга өтүп кетет?


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!