СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Институт менен бирге алып барылган иш чаралар

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

 

Өзгөн институтунун студенттерине академик Бектемир Мурзубраимов атындагы стипендия тапшырылды Автор: ОшТУнун басма сөз кызматы Ош технологиялык университетинин Өзгөн технология жана билим берүү институтунда билим алып жаткан студенттер академик Бектемир Мурзубраимов атындагы стипендия менен сыйланышты. Бул стипендия академик Бектемир Мурзубраимовичтин атынан окууда мыкты жетишкендиктерди жараткан жана институттун коомдук иштерине активдүү катышкан студенттерге берилет. Сстипендия жылына 1 жолу берилет. Толугураак 

https://bilim.akipress.org/unews/un_post:23129?place=share-fab

 

 

Просмотр содержимого документа
«Институт менен бирге алып барылган иш чаралар»

 

Өзгөн институтунун студенттерине академик Бектемир Мурзубраимов атындагы стипендия тапшырылды
Автор: ОшТУнун басма сөз кызматы
Ош технологиялык университетинин Өзгөн технология жана билим берүү институтунда билим алып жаткан студенттер академик Бектемир Мурзубраимов атындагы стипендия менен сыйланышты.

Бул стипендия академик Бектемир Мурзубраимовичтин атынан окууда мыкты жетишкендиктерди жараткан жана институттун коомдук иштерине активдүү катышкан студенттерге берилет.

Сстипендия жылына 1 жолу берилет.
Толугураак 

https://bilim.akipress.org/unews/un_post:23129?place=share-fab

 








🎥 COVID-19га каршы эмдөө тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги онлайн форматта жыйын өткөрдү.

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/437415937726561/







“ЭПОХА СССР: ОЦЕНКА ВРЕМЕНЕМ”

Институттун илимпоз окутуучулары – А.Абдулатов, Г.Темиралиева, Г.Наджиева, А.Акматалиев, Г.Ташбаева, М.Калбердиева, Р.Сагынбаевалар К.Тыныстанов атын. Ыссык-Көл мамлекеттик университети өткөрүп жаткан “Эпоха СССР: оценка временем” – аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга онлайн режиминде катышып, илимий баяндамаларды жасап жатышат. Илимий иш чарага Кыргызстандык жана чет өлкөлүк окумуштуулар катышууда.

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/437404387727716/

 





















Бүгүн, 11-октябрда Кыргызпатенттин кызматкерлери ОшТУнун Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү инстутунда авторлор, ойлоп табуучулар, студенттер жана мектеп окуучулары менен жолугушту. Иш-чара Кыргызпатенттин аймактарда ойлоп табуучулук, автордук укук жана чектеш укуктар боюнча маалымдоо компаниясынын алкагында өткөрүлүп жатат.

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/437404387727716/


















АЯЛДАР КЕҢЕШИ. ДАРЫГЕРДИН БАЯНЫ.

 ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана берүү институтунун аялдар кеңешинин төрайымы Ч.М.Жолдошованын демилгеси менен Өзгөн аймактык ооруканасынын дарыгери терапевт-дарыгери Н.Абылкасым кызы, медайым М.А.Кыдыргычова студент кыздарга бүгүнкү күндүн орчундуу темасы COVID-19га каршы эмдөөнүн зарылчылыгын жана өздүк гигенаны сактоонун, ооруну жугузуп алуудан этият болуунун, сактанунун, башкалардын өмүрүнө коркунуч келтирбөөнүн мааниси жөнүндө студенттерге Өзгөн шаарынын жана Өзгөн районунун бейтапканаларынан алынган далилдүү фактылар менен баяндама жасап, конок лекция өттү.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=1525622137785441&id=100010130072749


 












БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МАСТЕР-КЛАСС ӨТҮШТҮ

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун 2013-жылы “Финансы жана кредит” адистигинин бүтүрүүчүсү “Элет-Капитал” МФКнын Өзгөндөгү филиалынын жетекчиси - Баев Марс жана “Элет-Капитал” МФКнын Өзгөндөгү филиалынын кредиттик адиси Турганбаев Алмазбек “Финансы (тармактар боюнча)” адистигинин студенттерине “Ваша работа – ваша реальность” аттуу темада мастер-класс өтүштү.
Мастер-класс абдан кызыгууну жаратты. Студенттер билим алуудагы максаттарын ишке ашырууга, демилге жана колдоо көрсөтүүдө чоң стимул жаратаарына ой пикирлерин ишенимдүү билдиришти.

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/436851164449705/

















"Эмдөө" - COVID-19 оорусун жеңүүдөгү эффективдүү иш-чаралардын бири. Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубаимов атын. Өзгөн технологиялык жана берүү институтунун 18 жашка жаңыдан толгон студенттери COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүштү.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=1521091454905176&id=100010130072749












🎥 Эмдөө - COVID-19 оорусун жеңүүдөгү эффективдүү иш-чаралардын бири.
Бүгүн институттун 18 жашка жаңыдан толгон студенттери COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүштү.

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/432599861541502/













Сыйлык сиздики,
сыймык биздики!

Урматтуу кесиптештер, кут болсун Ардак грамотаңыздар! Сыймыктуу ишиңиздерде ийгиликтер көп болсун, ден соолугуңуздар бекем болсун!

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/432588424875979/












ОшТУда аксакал агай-эжелер жана кызматкерлер арасында тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү
Автор: ОшТУнун басма сөз кызматы
Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун аксакалдар кеңешинин демилгеси менен окуу жайда көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип жаткан аксакал агай-эжелер жана кызматкерлер арасында спорттун тогуз коргоол жана шахмат түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Байгелүү орунду жеңип алгандар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты жана аларга сый тамак уюштурулду.
Толугураак https://bilim.akipress.org/unews/un_post:23046























ОшТУнун Өзгөн институту “Немец Академиясы" менен кызматташат ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын” демилгеси менен “Немец Академиясы" менен кызматташуу жана өнөктөштүк жөнүндө Макулдашууга кол коюлду жана анын жетекчиси С.А.Джурабаева институттун бүтүрүүчү курстун студенттерине Германия өлкөсүндөгү эл аралык программалар жана стажировкалар боюнча конок лекция өттү. Германия Европадагы өнүккөн ири экономикасы бар мамлекеттердин бири. Илимий чоң ачылыштар так ушул өлкөдө жаралган жана илимий ачылыштар бул өлкөдө салттык мүнөзгө ээ болуп калган. Бүгүнкү акысыз жана акы төлөп катышуучу эл аралык программалар студенттердин кызыгуусун жаратты, лектордон дагы башка программалар боюнча да тез-тез маалымат берүүнү өтүнүшүп,өз ыраазычылыктарын билдиришти. Институттагы кийинки конок лекциялар - АКШ, Япония, Италия ж.б. өлкөлөрдөгү акысыз жана акы төлөп окуучу, катышуучу эл аралык программалар жана стажировкалар туурасында болмокчу.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=1520563758291279&id=100010130072749











 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ОШТУНУН ӨЗГӨН ИНСТИТУТУ "НЕМЕЦ АКАДЕМИЯСЫ" МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Институттун “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын” демилгеси менен “Немец Академиясы менен кызматташуу жана өнөктөштүк жөнүндө Макулдашууга кол коюлду жана анын жетекчиси С.А.Джурабаева институттун бүтүрүүчү курстун студенттерине Германия өлкөсүндөгү эл аралык маданий программалар жана стажировкалар боюнча конок лекция өттү. Германия Европадагы өнүккөн ири экономикасы бар мамлекеттердин бири. Илимий чоң ачылыштар так ушул өлкөдө жаралган жана илимий ачылыштар бул өлкөдө салттык мүнөзгө ээ болуп калган.
Бүгүнкү акысыз жана акы төлөп катышуучу эл аралык программалар студенттердин кызыгуусун жаратты, лектордон дагы башка программалар боюнча да тез-тез маалымат берүүнү өтүнүшүп,өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Институттагы кийинки конок лекциялар - АКШ, Япония, Италия ж.б. өлкөлөрдөгү акысыз жана акы төлөп окуучу, катышуучу эл аралык программалар жана стажировкалар туурасында болмокчу.

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/432156134919208/

 

 

 















Институттун кесиптик уюмуна жана уюштуруу тобуна ыраазычылык билдиребиз!

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/431421931659295/


 




 

 

 

 






















Өзгөн институтунда эл аралык конференция өттү
Автор: ОшТУнун басма сөз кызматы
ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата «Маданият Мунарасы» долбоорунун алкагында «Тарыхый жана агроэкотуризм туруктуу өсүү жолунда: стратегиялар жана өнүгүү демилгелелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Жогорку Кеңештин вице-спикери А.Касымалиева жана Жогорку Кеңештин депутаттары, Улуттук илимдер академиясынын академиги Б.Мурзубраимов, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин өкүлдөрү, ТюркПАнын өкүлдөрү, Евразия жазуучулар союзунун жетекчилиги жана башка эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, ОшТУнун, ОшМУнун, ОшМПУ, ЖаМУнун илимпоз окумуштуулары офлайн режиминде, ал эми бир канча өлкөдөн онлайн режиминде (Түркия, Иран, Азербайжан, Малайзия ж.б.) илимпоздор катышты.

Конференциянын айрым материалдары жыйнак болуп жарык көрдү жана маалымат каражаттарында жарыяланды.

Конференциянын уюштуруучулары: Жогорку Кеңеш, луттук илимдер академиясы, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, CWARice эл аралык уюму, «Инсан» коомдук фонду жана ОшТУнун академик Б.Мурузбраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту.
https://bilim.akipress.org/unews/un_post:22954/?from=bilim&place=main-last


 










Сүрөттөр сүйлөсүн!
Окуу жайыбыздагы мугалимдер күнүндөгү эрте мененки сааттардагы фото баян!

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/431396628328492/




























Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда «Эне—бала—мугалим» байланышы боюнча иш-чара уюштурулду
Автор: ОшТУнун басма сөз кызматы
ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын демилгеси менен жаш өспүрүм баланын сапаттуу билим алуусуна, келечекте жакшы тарбиялануусуна багытталган «Эне—бала—мугалим» байланышы боюнча Өзгөн аялдар коомунун презентациясы болуп өттү.

Бул саамалыкка А.Касымалиева, Өзгөн районунун жигердүү демилгечи айымдары жана Борбор Азиядагы Аялдар лигасынын (Женская Лига Центральной Азии) төрайымы жана курамы, Өзгөн районундагы демилгечи активдүү айымдар жана институттун аялдар кеңеши катышты.
https://bilim.akipress.org/unews/un_post:22955/?from=bilim&place=main-last





















ИЛИМПОЗДОР ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯДА Институттун илимпоз окутуучулары - Б.Тынай уулу, Г.Ташбаева, Б.Нурдинов, Р.Абдуллаева жана А.Дүйшөмамат кызы ОшТУда өтүп жаткан орус-кыргыз техникалык университеттердин консорциумунун “Илимий-техникалык жана билим берүү мейкиндигиндеги интеграциялык процесстер” аттуу VII Эл аралык тармактык илимий-практикалык конференциясына катышууда.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=429108908557264&id=105659020902256












ЭНЕ ТИЛИМ ЭЧЕН КЫЛЫМ КАРЫТКАН,
ЭЧ КИМ АНЫ ӨЧҮРӨ АЛБАЙТ ТАРЫХТАН!

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Мамлекеттик тилге байланыштуу иш чаралар уланууда.

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/428413328626822/










Институттагы конок лекция кербени Өзбекстандык илимпоздо болду

Ташкент шаарындагы илимий-изилдөө институтунун директору, айыл чарба илимдеринин кандидаты Саттаров Масъуджон Ахтамович (Sattarov Mas'udjon ) ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттери үчүн конок лекция өттү.
Лекциянын аягында эл аралык тажрыйбалардан да баалуу маалыматтар менен бөлүштү.
Өзбекстандык белгилүү илимпоздон лекция уккандыгы үчүн студенттердин чын дилден ыраазычылыгы айтылды жана илимий иштерине ийгиликтерди каалашты.


https://www.facebook.com/100010130072749/posts/1514002432280745/






 

 






КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВДУН 120 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган видео ролик менен башталып, ​ Касым Тыныстановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүүсүндөгү орду жана кыргыз илиминдеги зор салымы, элибиздин ынтымакчылыгы туурасында баяндамалар жасалды. ​ ​

Иш-чарага Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы М.С.Раматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл​ облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У.Э.Далиев, орун басары Э.В.Усенова жана Ыссык-Көл облусунан келген делегация курамы, институттун профессордук-окутуучулар курамы, студенттер катышты. Делегация институттун китепканасына китептерди белек кылышты.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=1513988835615438&id=100010130072749

 

 















"Аспиранттар мектебинин" семинары

22-24 сентябрь күндөрү ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун аспиранттары жана изденүүчүлөрү: Б.Нурдинов, Б.Сапарова жана Н.Көкөнова Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн “Аспиранттар мектебинин” семинарына катышты. Семинарда илимий изилдөөлөрдүн методологиясы, илимий изилдөөлөрдү проектирлөө жана уюштуруу, “Антиплагиат” тутуму, автордук укук жана чектеш укуктар, илимий макалаларды жарыялоо ж.б. орчундуу маселелер баяндалып, жаш илимпоздор үчүн усулдук семинар болду.
Семинарды уюштуруучулар: КРнын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Министрлер кабинетине караштуу интелектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги.

https://www.facebook.com/100010130072749/posts/1513985422282446/
















ОшТУнун Өзгөндөгү институтунда Касым Тыныстановдун 120 жылдыгы белгиленди ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда - кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист,биринчи кыргыз профессору Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган иш чара болуп өттү. Иш чара Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган видео ролик менен башталып, Касым Тыныстановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүүсүндөгү орду жана кыргыз илиминдеги зор салымы, элибиздин ынтымакчылыгы туурасында баяндамалар жасалды. Иш чарага Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы М.С.Раматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У.Э.Далиев, орун басары Э.В.Усенова жана Ыссык-Көл облусунан келген делегация курамы, институттун профессордук-окутуучулар курамы, студенттер катышты. Делегация институттун китепканасына китептерди белек кылышты.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=1512202882460700&id=100010130072749



 

 

 

 

 

Диний экстремизмди жана терроризмди алдын-алуу боюнча иш чара болуп өттү

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда диний экстремизм жана терроризм, аларды алдын-алуу туурасында иш чара өттү.
Бул жолку жолугушууда - Өзгөн РИИБнин ЭММКА кызматынын начальниги милициянын подполковниги У.Камбаров жана аталган бөлүмдүн ыкчам кызматкерлери милициянын капитаны Э.Байтиков, милициянын ага лейтенанты А. Умаров, милициянын лейтенанты З.Ч. Чынгызов, милциянын аймактык инспектору милициянын лейтенанты Н.Турдали уулу, райондун имам хатибинин орун басары Ж.Арстанбек уулу, Өзгөн шаарындагы Шоро-Базар мечитинин имамы студенттерге диний экстремизм жана терроризм, аларды алдын алуу боюнча кызыктуу баяндамаларды жасап, студенттерди кызыктырган суроолорго жоопторду беришти. Мындай жолугушуулар мындан нары да улана берүүсүн коноктор айта өтүштү.

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/423460539122101/














ӨЗГӨН ИНСТИТУТУНДА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата  “Маданият Мунарасы” долбоорунун алкагында “Тарыхый жана агроэкотуризм туруктуу өсүү жолунда: стратегиялар жана өнүгүү демилгелелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин  вице-спикери А.Касымалиева жана бир катар депутаттар, Улуттук илимдер академиясынын академиги Б.Мурзубраимов, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин, ТюркПАнын өкүлдөрү, Евразия жазуучулар союзунун жетекчилиги жана башка эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, ОшТУнун, ОшМУнун, ОшМПУ, ЖаМУнун илимпоз окумуштуулары офлайн режиминде, ал эми бир канча өлкөдөн онлайн режиминде (Түркия, Иран, Азербайжан, Малайзия ж.б.) илимпоздор катышты.

Конференциянын айрым материалдары жыйнак болуп жарык көрдү жана маалымат каражаттарында жарыяланды.

https://kutbilim.kg/news/inner/zg-n-institutunda-el-aralyk-konferentsiya/

 

 

Түркиядан келген ислам жана түрк дүйнөсүндөгү белгилүү окумуштуу аалым Мустафа Жеват Акшит менен ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттеринин жолугушуусу, анын баяндамасы абдан сонун болду.
P.S. Мустафа Жеват Акшит котормочу катары да белгилүү илимпоз, ал Имам Сарахсинин китебин да которгон.

https://www.facebook.com/100010130072749/posts/1508379922842996/

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

"ЭНЕ - БАЛА - МУГАЛИМ" БАЙЛАНЫШЫ

Бүгүн институтта КРнын Жогорку Кеңешинин вице-спикери А.К.Касымалиеванын демилгеси менен жаш өспүрүм баланын сапаттуу билим алуусуна, жакшы тарбиялануусуна багытталган "Эне-бала-мугалим" байланышы боюнча Өзгөн аялдар коомунун презентациясы болуп өттү.
Бул саамалыкка КРнын Жогорку Кеңештин вице-спикери А.К.Касымалиева, Өзгөн районунун жигердүү демилгечи аялдары жана Борбор Азиядагы Аялдар Лигасынын (Женская Лига Центральной Азии) төрайымы жана курамы, Өзгөн районундагы демилгечи айымдар жана институттун аялдар кеңеши катышты.

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/420097509458404/

























Өзгөн институтунда эл аралык конференция Бүгүн кыргыз жана жалпы эле түрк тарыхына, маданиятына, цивилизациясына эбегейсиз таасирин тийгизген, нечендеген кылымдарды карыткан байыркы Өзгөн шаарындагы ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата “Маданият Мунарасы” долбоорунун алкагында “Тарыхый жана агроэкотуризм туруктуу өсүү жолунда: стратегиялар жана өнүгүү демилгелелери” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга КРнын Жогорку Кеңешинин вице-спикери А.К.Касымалиева жана Жогорку Кеңештин депутаттары, КРынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Б.Мурзубраимов, түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин өкүлдөрү, ТюркПАнын өкүлдөрү, Евразия жазуучулар союзунун жетекчилиги жана башка эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, ОшТУнун, ОшМУнун, ОшМПУ, ЖаМУнун илимпоз окумуштуулары офлайн режиминде, ал эми бир канча өлкөдөн онлайн режиминде (Түркия, Иран, Азербайжан, Малайзия ж.б.) илимпоздор катышышты. Конференциянын айрым материалдары жыйнак болуп жарык көрдү жана маалымат каражаттарында жарыяланды. Конференциянын уюштуруучулары: Кыргыз Репсубликасынын Жогорку Кеңеши, КРнын Улуттук илимдер академиясы, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, CWARice эл аралык уюму, “Инсан” коомдук фонду жана ОшТУнун академик Б.Мурузбраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=1507059336308388&id=100010130072749 













Международный Узгенский институт технологии и образования имени академика Бектемира Мурзубраимова ОшТУ приглашает вас на запланированную международную научно-практическую конференцию на тему “Историкоагроэкотуризм на пути к устойчивому росту:
стратегии и вызовы развития”, в рамках проекта “Маданият Мунарасы” посвященную 30-летию независимости Кыргызстана.
Конференция состоится 17 сентября 2021 г. в 10:30 часов: Zoom.

Организаторы конференции: Жогорку Кеңеш Кыргызской Республики, Национальная академия наук Кыргызской Республики, Узгенская районная государственная администрация, международная организация CWARice, общественый фонд “Инсан, Международный Узгенский институт технологии и образования имени академика Бектемира Мурзубраимова ОшТУ

Подключиться к конференции Zoom
https://us02web.zoom.us/j/5686281006…

Идентификатор конференции: 568 628 1006
Код доступа: 739742
Одно касание на мобильном телефоне
+12532158782,,5686281006#,,,,*739742# Соединенные Штаты Америки (Tacoma)
+13017158592,,5686281006#,,,,*739742# Соединенные Штаты Америки (Washington DC)

Набор в зависимости от местоположения
+1 253 215 8782 Соединенные Штаты Америки (Tacoma)
+1 301 715 8592 Соединенные Штаты Америки (Washington DC)
+1 312 626 6799 Соединенные Штаты Америки (Chicago)
+1 346 248 7799 Соединенные Штаты Америки (Houston)
+1 646 558 8656 Соединенные Штаты Америки (New York)
+1 669 900 9128 Соединенные Штаты Америки (San Jose)
Идентификатор конференции: 568 628 1006
Код доступа: 739742
Найдите свой местный номер: https://us02web.zoom.us/u/kd89IH2vDw

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/418550886279733/

 

 

БИЛИМИ КҮЧТҮҮ МИҢДИ ЖЫГАТ..!

Урматтуу кесиптештер жана бизди сагындырган эртеңки күндүн ээлери болгон жөндөмдүү, эч кимге окшошпогон, талантуу, кайталангыс студенттер, аларды тарбиялап өстүргөн ата-энелер. Быйылкы Билим майрамыбыз өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына дал келип отурат.
Биз билимибиз менен эгемен өлкөбүздүн экономикасын чыңдап, анын күч кубатын арттырабыз. Уюткулуу элибиздин кылымдан бери келе жаткан нарк насилдерин, каада салттарын, тарыхын, санжырасын кайра жаңыртып, жаштарыбызга руханий азык берүү менен окуу-тарбия ишин биз өлкөбүздүн жыргалчылыгына арнайлы.
“Бир жылды ойлосоң-шалы эк, он жылды ойлосоң терек эк, келечекти ойлосоң тарбия бер” деген кытай элинин макалы өзүнүн актуалдуулугун жогото элек. Жаштарды тарбиялоо менен өзүбүз дагы алган билимибизди тереңдетип күн сайын, саат сайын билим алууну өзүбүзгө адат кылып алып эл алдындагы өлкө алдындагы милдетибизди абийирдүүлүк менен аткаралы.

Урматтоо менен
институттун администрациясы
жана кесиптик кошуну! https://www.facebook.com/105659020902256/photos/pcb.418177472983741/418177406317081/?type=3&theater












 

 

 

 

 

 

 

 

Тарыхый эстеликтерди сүйүүчүлөр үчүн бул тарыхый элдик мурастар табылгыс кенч

Шаарыбызга болгон сүйүүбүздү, алардын көрүнүшүн жакшыртууга кошкон салымыбыз бул таза шаарды куруу биздин милдет аталышында ишембилик өткөрүлдү.
Миң жылдан бери сакталып келе жаткан эстеликтер менен тарыхый жайларды асырап, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүү максатында ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттери Өзгөн археологиялык - архитектуралык музей комплексинин аймагында ишембилик уюштуруп, аймагын жана короосундагы бак-дарактардын түптөрүн таштандылардан тазалоо иштерин жүргүздү. https://www.facebook.com/100003068135434/posts/4039451306167101/?d=n

 

 













Эгемендигибиз баарыбызга кут болсун!

Урматтуу кесиптештер, сүйүктүү студенттер жана ардактуу ата-энелер! Баарыңыздарды өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз! Бул майрам келечекке умтулган Кыргызстандын эркиндигин туюндуруп, анын көп кылымдык тарыхынын улуулугун, өткөн ата-бабаларыбыздын жеңиштерин жана жетишкендиктерин символдоштуруп турат. Ал эми биз үчүн бабалар мурас кылган көз карандысыздыкты көздүн карегиндей сактап, келечек муунга өткөрүп берүү ар бирибиздин мойнубуздагы парз!

Биз болсо, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн билим менен гана бекемдей алабыз. Биздин институт да Эгемендүүлүк доорунда түптөлүп, учурда эл аралык тышкы мамилелерди кеңейтип, сапаттуу билим берүүнүн багытында баратат. Окуу жайыбыз ачылгандан бери 26 жыл аралыгында 5000ге чукул бизден билимдүү бүтүрүүчүлөрүбүз чыгып, эгемендүү өлкөбүздүн 30 жылдык тарыхындагы өнүгүп-өсүүсүнө салым кошуп келишти. Учурда биздин бүтүрүүчүлөр эл керегине жарап, иштеп жатышат. Демек, биздин институттун жакшылыктагы жарыгыбыз өчпөй турат. Биздин максатыбыз Кыргызстанды эң билимдүү, заман менен тең жарышып, бардык талаптарга жооп берген адамдардын өлкөсүнө айландыруу. Анткени биз билим менен гана дүйнөгө атаандаш боло алабыз.

Урматтуу мекендештер, биздин өлкөнүн өнүгүүсүнүн гаранты - бул туруктуулук, биримдик, ынтымак жана тартип. Ан үчүн мамлекетибиздин биримдиги артып, алдыга карай өнүгүүдөгү арышы кеңейе берсин!
Кыргызстаныбыздын келечеги кең болсун! Элибизди дайыма жакшылыктар ыроолоп, тынчтык өкүм сүрсүн! Биз сиздерге бакыт жана ийгилик каалайбыз, өлкөбүз өркүндөп өсүп турсун!

Урматтоо менен - институттун администрациясы жана кесиптик кошуну

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/407495370718618/

 

 












 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тургунбай Тагаев, институттун доценти, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/401987531269402/

 

 












 

 

 

КЕЛЕЧЕК ТУУРАСЫНДА БААРЛАШУУ

Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.С.Раматов менен институттун илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча директордун орун басары, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Э.А.Смаиловдун Өзгөн районунун инвестициялык жагымдуулугу, тартымдуулугу багытында баарлашуусу

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/394468025354686/

       

 

Бүгүнкү күнгө карата COVID-19га каршы эмдөөдөн институттагы 83,8 пайыз профессордук - окутуучулар курамы жана кызматкерлер өтүштү.

Ар бир адам коргоого муктаж. Сиз башкаларды коргойсуз.

Башкалар сизди коргойт. Вакцина алыңыз!

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=389353155866173&id=1056590209 

 

Урматтуу ОшТУнун "Архитектура жана курулуш" факультетинде эмгектенген кесиптеш инженер - куруучулар!

Сиздерди Куруучулардын күнү - кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Өлкөбүздөгү жана аймактардагы бардык жолдор, көпүрөлөр, имараттардын курулуусунда, жаңылануусунда ОшТУну ийгиликтүү бүтүргөн кесипкөй инженер - курулушчулардын салымдары эбегейсиз жана бул тармакта жаш адистерди тарбиялоодогу, окутуудагы эмгегиңиздер ченемсиз... - деп билебиз!
Ардактуу кесиптештер, сиздерге чың ден-соолук, алга карай өнүгүү жана чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз!

Сиздерди урматтоо менен
ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөндөгү технологиялык жана билим берүү институтунун профессордук - окутуучулар курамы
https://www.facebook.com/105659020902256/posts/392325935568895/

              

 

 

 

 























Медалдар кут болсун мекендештер!

Токио Олимпиада оюндарында күмүш медаль алган Айсулуу Тыныбекованы чын жүрөктөн куттуктайбыз! Биз ар дайым силер менен ыймыктанабыз!


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=389867252481430&id=105659020902256

#Kyrgyzstan #АйсулууТыныбекова #Токио2020

Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медалды жеңип алган Акжол Мухмудовду чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Ар дайым сыймыктанабыз!


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=389353155866173&id=105659020902256

#Kyrgyzstan #АкжолМахмудов #Токио2021

 

 

Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медалды жеңип алган Мээрим Жуманазарованы чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Ар дайым сыймыктанабыз!

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/389355682532587/

#Kyrgyzstan #МээримЖуманазарова #Токио2021

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Финансылык сабаттуулук. Банктардагы электрондук санариптик финансылык кызматтар.

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда "Финка Банк" ЖАКтын Өзгөндөгү филиалынын сатуулар боюнча менеджери Маматеминов Жамалбек "Экономика жана бухгалтердик эсеп-кысап (тармактар боюнча) жана "Финансы (тармактар боюнча)" адистиктеринин студенттерине “Финансылык сабаттуулук. Банктардагы электрондук санариптик финансылык кызматтар.” - аттуу темада институттун чакыруусу менен конок лекциясын окуду.
Алынган маалыматтар финансылык сабаттуулукту жоюу максатында студенттерге келечектеги өндүрүштүк ишмердүүлүгүндө чоң пайдасын тиерин суроо-жооптордун жүрүшүндө байкалып турду.


https://www.facebook.com/105659020902256/photos/pcb.438196467648508/438196287648526/?type=3&theater























“Я – ПРОФЕССИОНАЛ” ИЛИМИЙ ИЙРИМИ

Институттун “Экономика” кафедрасынын “Я – профессионал” илимий ийрими кезектеги жаңы китептер менен таанышуу иш чарасын өткөрүштү. Бул сапар белгилүү экономист окумуштуулар - Мурат Абдиев, Арзыбек Кожошев тарабынан жазылган “Ауидиттин негиздери”, “Салык эсеби” окуу китептери менен таанышуу болду. Мамлекеттик тилде жазылган аталган адабияттар студенттердин кызыгуусун жаратты. Студенттик талкууда турмуштук практикалар айтылып жатты.

Бул ийримди улук окутуучу Гулбарчын Наджиева жетектейт.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=441186164016205&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R




+2
















ИНСТИТУТТА КОНОК ЛЕКЦИЯЛАР УЛАНУУДА

Тажрыйба алмашуу жана алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү максатында ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун профессору, филология илимдеринин кандидаты Абдурашит Абдулатов 18-октябрда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжинде ”Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин 3-курстарынын студенттерине ”Педагогика” дисциплинасы боюнча бир канча актуалдуу темаларда конок лекцияларын окуду. Лекциядан сырткары таза абада студенттер менен эркин баарлашуулар да абдан кызыктуу өткөнүн студенттердин ыраазычылыктарынан байкалып турду.

Мындай саамалык уланмакчы мындан ары да.

А.Абдулатов - педагог-лингвист, тажрыйбалуу окутуучу. 50дөн ашуун илимий макалалардын жана 2 окуу- усулдук китептин, 2 монографиянын автору.

Маалымат үчүн: ОшТУ менен ЖАМУнун ортосунда академиялык мобилдүүлүктөр, билим берүү, илим ж.б. тармактарында кызматташуу боюнча келишим иштейт.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=440747910726697&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R

















Эмгек сиңирген мугалимдер конокто

Институттун 1-курсунун студенттерине - КРнын Эмгек сиңирген мугалими, тажрыйбалуу насаатчы педагог А.Жалилов химия предметинен конок лекция окуду. https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=429666448501510&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


ЖАҢЫЛЫК ИЙГИЛИК ҮЧҮН ӨБӨЛГӨ БОЛОТ

Институттун кызматкерлери КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан кесиптик билим берүүнү каржылоону реформалоонун өбөлгөлөрү туурасында уюштурулуп жаткан 2 күндүк семинар тренингде катышып жатышат.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=427355272065961&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R












БҮГҮНКҮ БИЛИМ КҮНҮНӨН ФОТО БАЯН..!

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=418187522982736&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R












Эгемендүүлүк майрамына арналган иш чара

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун таланттуу студенттери Өзгөн шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш чарага катышты, элге майрамдык маанай тартуулашты. Мыкты жетишкендиктерди көргөзгөн студенттер райондук мамлекеттик администрациянын акчалай сыйлыктары менен сыйланса, ал эми окуу жайыбыз өзү Диплом менен сыйланды.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=408000527334769&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R










Институттун спортсмен агайлары жана эжекелери 

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=373090700825752&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


Институттун профессордук-окутуучулар курамы эстелик үчүн сүрөткө түшүштүhttps://m.facebook.com/story.php?story_fbid=373089860825836&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R











“Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы эмдөө болуп саналат. Эмдөөдөн өтпөгөн адамдар өзүнө да, туугандарына да коркунуч жаратат. Бул илимий жактан дагы далилденди. Ошондуктан баарыңыздарды эмдөөдөн өтүүгө чакырып кетем”- деди Б.Ажикеев.

Бүгүн кезектеги коронавируска каршы эмдөөнү кезектеги окутуучуларыбыз жана кызматкерлерибиз алышты.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=371790440955778&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R






















ЖАШ ПЕДАГОГДОР ҮЧҮН ЖАҢЫ ТАБЫЛГА

Институттун доценти, тарых илимдеринин кандидаты, тажрыйбалуу педагог Гулжамал Темиралиеванын жаш педагогдор үчүн жазылган “Билим берүүдөгү педагогикалык чыгармачылык” аттуу окуу-усулдук колдонмосу жарык көрдү.

Эмгектин эң негизги максаты - педагогикалык адистикте окуган студенттердин практикага чыккан учурунда жол көрсөтүүчү, эртеңине багыттап, нускама, үлгү көрсөтүүчү басылма дейбиз.

Эмгектин экинчи бөлүгүндө институтта окуган айрым алдыңкы студенттердин практика учурунда иштеп чыккан үлгүлүү сабактардын үлгүлөрү да түстүү сүрөттөрү менен кошо берилген.

Ардактуу окурмандар, жаш педагогдор үчүн жан жолдош болчу “Билим берүүдөгү педагогикалык чыгармачылык” эмгеги сиздерге сунушталат. Мугалимдик кесипти аркалоодо, тунук күзгүнүн милдетин аткаруучу эмгекти аздектеп пайдалансаңыздар болот.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=367867364681419&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R





















The International Uzgen Institute of Technology and Education by acad.Bektemir Murzubraimov OshTU is inviting you to the planned international scientific and practical conference dedicated to the 30 th anniversary of the Independence of Kyrgyzstan and 120 th anniversary of Zhusup Abdrakhmanov. The conference will be held on June 30, 2021, at 14:00 pm Bishkek time.

Международный Узгенский институт технологии и образования имени академика Бектемира Мурзубраимова ОшТУ приглашает вас на запланированную международную научно-практическую конференцию, посвященную 30-летию независимости Кыргызстана и 120-летнему юбилею Жусупа Абдрахманова.

Конференция состоится 30 июня 2021 г. в 14:00 часов. Подключиться к конференции Zoom

Join Zoom meeting https://us02web.zoom.us/j/5686281006?pwd=UGhTKzJDZk91NmhxU0w1SEpDOXJmUT09

Идентификатор конференции: 568 628 1006

Код доступа: 739742

Одно касание на мобильном телефоне

+12532158782,,5686281006#,,,,*739742# Соединенные Штаты Америки (Tacoma)

+13017158592,,5686281006#,,,,*739742# Соединенные Штаты Америки (Washington DC)

Набор в зависимости от местоположения

+1 253 215 8782 Соединенные Штаты Америки (Tacoma)

+1 301 715 8592 Соединенные Штаты Америки (Washington DC)

+1 312 626 6799 Соединенные Штаты Америки (Chicago)

+1 346 248 7799  Соединенные Штаты Америки  (Houston)

+1 646 558 8656 Соединенные Штаты Америки (New York)

+1 669 900 9128 Соединенные Штаты Америки (San Jose)

Идентификатор конференции: 568 628 1006

Код доступа: 739742

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=366547238146765&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R













Институтта 2020-2021 - окуу жылынын аяктоосу менен 2021-2022 - окуу жылы үчүн профессордук - окутуучулар курамын, кенже тейлөөчү курамды жана административдик - башкаруу курамды аттестациялоо иштери уланууда.

Баалай турган артыкчылыктар бар экендигин баса белгилөөчү жагдайлар бар.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=363258081809014&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


Институтта 2020-2021 - окуу жылынын аяктоосу менен 2021-2022 - окуу жылы үчүн профессордук - окутуучулар курамын, кенже тейлөөчү курамды жана административдик - башкаруу курамды аттестациялоо иштери жүрүп жатат.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=362877021847120&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R





Институттун "Сулуулар" аттуу аялдар кеңеши тарабынан уюштурулган окутуучу жана кызматкер кесиптеш айымдар арасында спорттун волейбол түрү боюнча кезектеги мелдешиhttps://m.facebook.com/story.php?story_fbid=355260362608786&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R























Өзгөн жаштары диний экстремизмге жана терроризмге каршы"

Институттун чоң жыйындар залында “Диний экстремизм жана терроризмдин социалдык жоопкерчилиги” аттуу темада студенттер үчүн “2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча” Программасын турмушка ашыруу максатында конок лекция өткөрүлдү.

Конок лекцияны Ош облусунун казысы Самидин ажы Атабаев жана Имам аль-Бухари атындагы ислам институтунун ректору Абдрахман кары Атабаев окуду. Ага Өзгөн районунун жаштары, институттун студенттери жана Өзгөн РИИБнин өкүлдөрү катышты.

Конок лекциянын аягында Ош облусунун казысы Самидин ажы Атабаев окуу жайдын китепканасына баалуу, сейрек кездешүүчү окуу китептерин жана окуу-усулдук колдонмолорун окуу жайдын китепканасына белек кылды.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=354144219387067&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R











ИНСТИТУТТУН ОКУМУШТУУЛАР КЕҢЕШИ

Бүгүн институттун окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, окуу процессин алдыга жылдыруу туурасында маселелер каралды, баяндамаларды - Б.Тынай уулу, Г.Н.Муратбаева жана З.Ж.Мааткеримов жасады.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=348691509932338&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R











Институттун кадрлар бөлүмүнүн башчысы Айзуура Абдыкалыковна 55 жашта!

1995-жылы институтубуз ачылганда алгачкы кадр кадр катары Айзуура Чокотаева жумушка кабыл алынган. Бүгүн, ал 55 жашга толду!

Айзуура Абдыкалыковна,

сизди 55 жаш маараке менен чын дилден куттуктайбыз. Ден соолугуңуз бекем, үй-бүлөңүз эсен болсун!


Сизди урматтоо менен Институттун эмгек жамааты










"30-май - химиктердин күнү!" АЛДЫҢКЫ ХИМИК, УСУЛЧУ ПЕДАГОГ

Амангелди Касымбеков Ажикурбанович

1973-жылы 4-февралда Заргер айыл аймагында туулган. ОшМУнун химия факультетин аяктаган. Тажрыйбалуу насаатчы педагог, белгилүү химик, илимпоз. Бир канча окуу-усулдук эмгектердин автору.

Учурда институттун "Табигый-техникалык илимдер" кафедрасынын башчысы. Студенттерге химия сабагынан лекция окуйт.

Билим берүү тармагындагы эмгек стажы 29 жыл. Анын окуткан окуучулары райондук, областык, республикалык олимпиадалардан алдыңкы орундарды ээлеп келишкен. https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=347657976702358&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



















Өзгөн институтунда окуган студенттердин биология предметинен гербарий чогултуусу

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=344135810387908&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



























Эң мыкты сыймыктуу бүтүрүүчүбүз Руслан Мейматкулов Жети-Өгүз районуна аким болду Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Жарлыгы менен ОшТУнун академик

Б.Мурзубраимов атын. Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун финансы жана кредит адистиги боюнча 2005-жылкы эң мыкты бүтүрүүчүсү Мейматкулов Руслан Маматибраимович Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп дайындалды.

Урматтуу Руслан Маматибраимович, окуу жайыбыз өзүнүн бүтүрүүчүлөрү эл керегинде иштеп турса, окуу жайыбыздын жакшылыктагы жарыгы өчпөй тургандай туюлат. Окуу жайдын чоң мурасы бул - сизге окшогон бүтүрүүчүлөрү.

Окуу жайдын профессордук - окутуучулар курамы өз бүтүрүүчүсүнүн аким болуусу менен сыймыктанат. Сизди оомат коштосун, бекем ден соолукта болуңуз, ишиңизди ийгиликтер коштоп, Жети-Өгүздө өнүүгүлөр болсун.

P.S. Мейматкулов Руслан Маматибраимович (10.06.1983, Ак-Терек айылы Салам-Алик айыл аймагы) – жаш мамлекеттик кызматкер, финансист. “Ак-Терек” орто мектебин аяктаган (2000), ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун экономика факультетин (2005) ийгиликтүү бүтүргөн.

Эмгек жолу: Өзгөн райондук тиш даарылоо поликлиникасында кассир (2005-2006), Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүндө бухгалтер-экономист (2006-2009), Өзгөн райондук каржы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси (2009-2011), райондук каржы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (2011-2016), Өзгөн шаардык каржы бөлүмүнүн жетекчиси (2016-2017), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары (2017-2020), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынын жетекчиси (26.03.-21.10.2020), 2020-жылдын 21- октябрынан Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими кызматын аркалап келген.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=342875533847269&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R













Институттун аялдар кеңеши - окутуучу жана кызматкер кесиптеш айымдар арасында спорттун волейбол түрү боюнча кезектеги мелдешин баштады.https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=342137543921068&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R

 
























ОшТУнун курамында институтубуз да эл аралык аккредитациядан өтүп жатат

2021-жылдын 20-майынан Ош технологиялык университетинин курамында институтубуз да Казакстан Республикасынын эл аралык көз карандысыз аккредитациялоо жана рейтинг агенттигинен аккредитациядан өтүп жатат.

Эксперттик комиссия университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жана анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүп окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, студенттер жана социалдык өнөктөштөр менен маектешүүлөрдү өткөрүүдө.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=341560653978757&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R














КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ МАССАЛЫК ЭМДӨӨНҮН ЭКИНЧИ ЭТАБЫНАН ӨТҮШТҮ

19-майда институттун профессордук - окутуучулар жана тейлөө кызматкерлери коронавирус инфекциясына каршы массалык эмдөөнүн экинчи этабынан өтүштү.

COVID-19 га каршы биринчи эмдөө 21-апрелде болгон, эмдөөдөн кийин бир дагы кызматкер дарыгерлерге эч бир оорунун симптому боюнча кайрылышкан жок.

Экинчи эмдөөдө да алгачкылардан болуп окуу жайыбыздын окутуучулары - профессор Э.Смаилов, доцент Г.Муратбаева, доцент Г.Темиралиева, кафедра башчылары - Б.Нурдинов, А.Касымбеков, А.Дүйшөмамат кызы, кадрлар бөлүмүнүн башчысы А.Чокотаева, окутуучулар - М.Мусаев, О.Акматов, З.Кадырова, М.Калбердиева, М.Жумакадыр уулу, Р.Сагынбаева, А.Ниязбеков ж.б. өтүштү. Аларга эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө тиешелүү документтер берилди.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=341288260672663&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


The fair "Professions and vacancies - 2021" was held in Uzgen

Today in International Uzgen Institute of Technology and Education by academician B. Murzubraimov of Osh Technological University was held a fair "Professions and vacancies - 2021". Departments of Labor and Social Development of Osh oblast (Alai, Kara-Kulja, Aravan, Kara-Suu, Nookat, Uzgen, Chon-Alai regions), Osh and Jalal-Abad city departments of social development offered 762 vacancies at the fair. Higher and secondary vocational schools and vocational schools offered their licensed professions to applicants.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=340976380703851&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


Урматтуу окуу жайыбыздын кут жаратуучулары, ынтымагыбыздын уюткулары жана коломтонун ээлери, майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

"Абийир тапса баласы, ата-энесине бак конот" дегендей, чексиз мээрим менен сиздер тарбиялап окутуп жаткан студенттер өлкөбүзгө, адамзатка пайдалуу иштерди жасап, окуу жайыбыздын

сыймыгы болсун!

Сиздерге бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалайбыз!

Сиздерди  реңурматтоо менен институттун мырзалар жамааты

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=338931084241714&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


















Окуу планы ата-энелер менен талкууланды

15-май күнү ата-энелер менен 2021-2022 - окуу жылына карата лицензияга ээ адистиктердин жумушчу окуу пландары талкууланды. Ата-энелер тарабынан окуу планына компьютердик сабатуулук үчүн информатика жана тил үйрөнүү үчүн чет тилдери боюнча тандоо сабактарына кошумча сабактарды киргизүү жагы сунушталды.

Ата-энелер тарабынан андан тышкары атайын циклда практикада керектүү сабактарды көбүрөк киргизүү жагы сунушталды.

Аккредитациялык талаптарга ылайык, окуу пландары биздин окуу жайда иш берүүчүлөр, ата-энелер менен дайыма талкууланып, алардын сунуштары эске алынып келет. Мисалы, башталгыч класстарга окутуу адистиги боюнча окуу планы Өзгөн районунундагы мектептердин директорлору менен талкууланган жана алардын сунуштары эске алынган.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=338819407586215&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



Студенттик театр тарабынан сахнада “Улуу тоолордогу махабат баяны” драмасы коюлду

Бүгүн окуу жайдагы С. Жигитов атындагы адабий ийриминин мүчөсү, "Педашогика жана тил илимдери" кафедрасынын мүчөсү, акын жана драматург Тургунбай Тагаевдин таза махабатты, ак сүйүүнү, акылмандыкты, эмгекчилдикти, эрдикти даңазалаган “Улуу тоолордогу махабат баяны” аттуу бир көшөгөлүү драмасын студенттик театрдын мүчөлөрү ата-энелерге, студенттерге тартуулашты.

Окуу жайыбызда студенттик театр 2017-жылдан бери иштеп келе жатат.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=338508137617342&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R




















ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ

Бүгүн окуу жайыбыздын ата-энелеринин окуу жылдын жыйынтыгын чыгаруусуна арналган конференциясы болуп, институттун администрациясы жасалып жаткан иштер жана алдыдагы милдеттер туурасында отчетун угузду.

Мурдагы конференция 2020-жылдын октябрь айында онлайн форматында болгон болсо, бул жолу офлайн форматында болду.

Конференцияга тайпалардын ата-энелеринин жыйыны тарабынан сунуш кылынган 102 делегат катышып, окуу процессине жаңы табылгаларды киргизүү, окуу планынын тандоо бөлүгүнө информатика сабактарына жана чет тилдерге (орус, англис тилдерине) көбүрөөк сааттарды берүү жөнүндө сунуш пикирлерин калтырышты.

Ата-энелер окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамынын жүргүзүп жаткан иштерине ыраазычылыктарын билдиришет.

Ата-энелер комитетинин курамы кошумчалоолор менен кайрадан бекитилди.


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=338467020954787&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R











Улуттук валюта — кыргыз сомунун кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда «Мыктылардын мыктысы» аттуу брейн-ринг акыл таймашы өткөрүлдү.

Брейн-ринг «Экономика жана бухгалтердик эсеп» жана «Финансы» адистигинде окуган студенттердин «Капитал» жана «Финансы» командалары ортосунда өтүп, теориялык алган билимдерин практикалык иш-чаралар менен бекемдөө максатында болду.
Иш-чарага калыстык кылган институттун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү тарабынан мыкты командага жана активдүү студенттерге баалуу сыйлыктар тапшырылды.

https://bilim.akipress.org/unews/un_post:22239?place=share-fab























"Ярмарка профессий и вакансий-2021"


Международный Узгенский   институтмени академика Б.Мурзубраимова ОшТУ

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=335074964627326&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


АЛДЫҢКЫ СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ КРУЖОК

Институттун "Экономика" кафедрасынын алдындагы "Я - профессионал" аттуу студенттик илимий кружогунун ишмердүүлгү күн санап алдыга карай жылууда.

Бул студенттик илимий кружоктун мүчөлөрү - эл аралык, республикалык илимий конференцияларга, форумдарга өз баяндамалары менен активдүү катышууда.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=324021902399299&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R

Ынтымактуу     жамааттын ырыскысы түгөнбөйт

Ош, 13.04.2021-ж.

Биздин институтта көрүнүктүү илимпоздор, тажрыйбалуу окутуучулар, илимдин доктору жана кандидаттары, КРнын эмгек сиңирген мугалимдери, КРнын билим берүүсүнүн отличниктери жана жаш илимпоздор эмгектенишет

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=318846719583484&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



МУУНДАРДЫН ЭСТАФЕТАСЫ: ДИЛ МАЕК

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда өмүр бою педагогикалык кесипти аркалаган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери - Абдимиталип Бакиров жана Абдыманап Мамасейитовдордун катышуусунда “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин студенттерине “Ар бир жарандын чыгармачыл жөндөмүн ачууда, жаратман эмгекти сүйүүгө, ыймандуулукка тарбиялоодо үй-бүлөнүн ролу” деген темада дил маек өткөрүлдү.

Иш чаранын жүрүшүндө студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришип, соңунда жыйынтык чыгарып жатып А.Бакиров "Биздин жолубузду уланта турган педагогдук кесипти чын дилден сүйгөн билимдүү, изденгич, күжүрмөн жаштардын өсүп жатканын көрүп биздин эмгек текке кетпептир, мугалимдик кесипти улантуучу жаштар бар экен, эстафета ишенимдүү колдо экенин баса белгиледи..." - деп айтса, А.Мамасейитов "...Мугалим болгула. Чыныгы мугалимдин жүрөгү кенен, адамдык сапаттары бийик, жан дүйнөсү океандай кенен болот..." деп сөздөрүн аякташты.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=324505382350951&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


















Ишембилик - адал жолундагы жумуш

Бүгүн институттун кызматкерлери жана студенттери ишембилик уюштуруп, көчөлөрдү тазалоого чыгышты.

Мында окуу жайга жакын негизги көчөлөрдү, жол боюндагы арыктардын таштандыларын тазалашты. Ошондой эле институттун короосундагы бак-дарактар сырдалып, жазгы гүлдөр эгилди.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=317002909767865&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R




















Тазалык шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга!

Бүгүн институбузда эмгектенген кызматкерлер жана студенттер ишембиликке чыгышып, Өзгөн шаарынын борбордук стадионун жана Жаныбек казы шаарчасынын айланасын ташталандылардан тазалап, көчөлөрдү шыпырып тазалашты.  https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=316909996443823&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


Өнөктөштөр менен тегерек стол өткөрүлдү

ОшТУнун академик Б.Мурузбраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда “Эмгек рыногунун кызматтарынын сапатын жакшыртууда Германиянын эл аралык кызматташтык коомунун ”GIZ” программасы менен бирдикте “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү” программасы боюнча буга чейин аткарылган жана 2023-жылга чейин жаштарды кесиптик багыттоо тутумун өнүктүрүү жаатында алдыда аткарыла турган иштер туурасында өнөктөштөр ортосунда мазмундуу тегерек стол болуп өттү.

Маалымат үчүн: 2020-жылы бул өнөктөштөр 8 тараптуу меморандум (Германиянын эл аралык кызматташтык коому, Өзгөн райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, Өзгөн шаарыдк билим берүү бөлүмү, Ош облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы, “Аталык-Өзгөн” жоопкерчилиги чектелген коому, Т.Каримов атын. “Өзгөн Дан-Азык” акционердик коому,

№62 кесиптик лицей жана ОшТУнун Өзгөн институту) түзүлүп, өз ара кызматташуу боюнча кол коюлган.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=313796833421806&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R

 

"Сүмөлөк" (элдик ыр)

Ар дастаркон түрлөнөт, Аштын куту сүмөлөк.

Жашыл майса жараткан Жаздын куту сүмөлөк

Кайнап борк-борк сүмөлөк, Казан тынбай көөлөнөт.

Кырк эки таш шыгырайт, Кыйырга нур үбөлөп

Берекени үймөлөп, Баардык киши күүлөнөт, Бапыраган токчулук Баштын куту сүмөлөк

Ырыска сооп үймөлөп Ыйык оокат сүмөлөк Ар бир үйдө дастаркон Ажайып көп түрлөнөт.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=304342931033863&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


















#Нооруз - жаңылануунун майрамы!

Институтта жаңылануунун, аруулуктун "Нооруз" майрамы - сүмөлөк кайнатуу, боорсок жана челпек бышыруу менен башталды. Майрамдык маанай студенттер үчүн уюштурулган спорттук иш чаралар менен коштолуп уланып жатат.

Бул сапар сүмөлөктү бышыруу үчүн буудай өндүрүүнү "Экономика" кафедрасынын окутуучулары колго алышты.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=303351574466332&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R




Илимпоздор үчүн илимий-усулдук семинар

Институтта жаш илимпоздор үчүн “Кыргызстан – бүгүн жана келечекте, дүйнөлүк илимдин бүгүнкү абалы, Scopus, Web of Science, РИНЦ, Индекс ХИРША - журналдарында илимий макалаларды даярдоонун эрежелери жана талаптары" - аттуу илимий-усулдук семинар болду.

Баяндаманы - илимий иштер боюнча директордун орун басары, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, КРынын Инженердик академиясынын академиги Э.А.Смаилов жасап, жаш илим ышкыбоздору үчүн усулдук жардамын берди.


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=298877201580436&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


+4















АЛДЫҢКЫ АЙЫМДАРГА СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ

8-март – Аялдардын эл аралык күнүн утурлай ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда окуудагы мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн студент кыздар жана окуу жайдын алдыңкы эжекелерине майрамдык маанай тартууланып, Ардак грамоталар жана белектер тапшырылды.

703 аскер бөлүгүнүн Өзгөн шаарындагы ротасынын жоокерлери айымдарга арнаган көркөм ырларды окуп, обондуу ырларды аткарып, алдыңкы студент кыздарга майрамдык маанайды коштоп беришти.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=295068928627930&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R














5-март Ак калпак күнү улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында ОшТУнун академик Б.Мурузбраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун жаштар кеңеши Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте жөө жүрүш уюштурушуп, Өзгөн шаарындагы майрамдык иш чаранын көркүн чыгарышты. https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=294448908689932&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R














Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди

Майрамдык иш чара окуу жайдын “Тил илимдери” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты.

Улуттардын достугун бекемдөөгө багытталган иш чаранын жүрүшүндө улуттук баалуулуктарын чагылдырышып, ар улуттун маданияты, каада-салты, үрп-адаттары, көркөм ырларды окуу жана элдик ырлар, бийлер тартууланып көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, майрам жогорку деңгээлде өттү.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=287619769372846&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


+12


ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ИШ ҮСТҮНДӨ

Бүгүн окуу жайда усулдук семинар болуп, анда окуу-усулдук комиссиясы сунуштаган 050709 "Башталгыч класстарда окутуу" адистиги боюнча базалык деңгээлдеги дипломдуу адистерди даярдоо жараянынын максаттарын, аны жүзөгө ашыруунун мазмунун жана усулдарын аныктаган ченемдик иш кагаздардын топтому болуп саналган негизги кесиптик билим берүү программасын (НКББП) иш берүүчүлөр менен бирге карап чыгышты. Аягында алар менен макулдашылды.

Семинарга Өзгөн районундагы жана шаардагы 54 билим берүү уюмунун жетекчилери катышты. https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=286546309480192&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


Бүгүн институттун бүтүрүүчүлөрү Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы уюштурган "Бош жумуш орундар - 2021" жарманкесине катышты. Бүтүрүүчүлөр үчүн абдан жакшы иш чара болду. https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=285995759535247&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



Онлай сабак өтүү кербени Малайзияда https://www.facebook.com/ANVARJON1973

Малайзиядагы Паханг университетинин математикалык борбордун жетекчиси, эл аралык деңгээлдеги белгилүү окумуштуу, профессор А.А. Ахмедов ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун ПОВТАС-18 тайпасынын студенттерине онлайн режиминде конок лекция өттү.

Лекциянын аягында студенттерге эл аралык тажрыйбалардан жана Паханг университетиндеги тажрыйбалардан да бөлүштү. Малайзиядан кызыктуу онлайн сабакты уккандыгы үчүн студенттердин чын дилден ыраазычылыктары айтылды.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=281763603291796&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R





















ИЛИМДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫК АЙЫМДАР


Наджиева Гулбарчын Жолдошовна

Жаш илимпоз, алдыңкы педагог. 1977-жылы 25-декабрда туулган. КМУУнун экономика факультетин ийгиликтүү аяктаган.

Илимий макалалары Кыргызстанда, Казакстанда жана Россияда жарык көргөн. Ал Кыргызстандагы инвестиция тармагын экономикалык аспектте изилдеген адис, 24 илимий макаласы жарык көргөн жана 2 окуу-усулдук колдонмонун автору.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=281321716669318&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R

























ИЛИМДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫК АЙЫМДАР

Абдуллаева Рахатай Айбековна

Жаш илимпоз, алдыңкы педагог. 1982-жылы 16-майда туулган. ОшТУну биология адистиги боюнча аяктаган.

Илимий эмгектери Өзбекстанда, Россияда, Казакстанда ж.б. өлкөлөрдө жарык көргөн. Ал Кыргызстандагы тамеки өсүмдүгүн изилдеген адис, 30дан ашуун илимий макалалардын автору жана 1 автордук ачылыш күбөлүктүн ээси. 

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=281314156670074&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


















ИЛИМДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫК КЫЗДАР

Калбердиева Майрамкан Кубатбековна

1981-жылы 26-апрелде туулган. ОшТУдан педагогика адистиги боюнча аяктаган.

Паремиология тармагындагы адис, сөз берметтерин жана накыл сөздөрдүн педагогикалык аспектте изилдеген изденүүчү, алдыңкы педагог. 21 илимий жана усулдук эмгектери илимий журналдарда жарык көргөн.

Учурда институттун "Педагогика" кафедрасында эмгектенип, студенттерге педагогика дисциплинасынан лекция окуйт.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=281309876670502&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


ИЛИМДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫК АЙЫМДАР

Каримова Ибадатхан Сомиевна

Тажрыйбалуу педагог, илимпоз дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты, профессор, окуу жайда 1999-жылдан бери эмгектенет.

Илимий эмгектери Кыргызстанда жана алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдө жарык көргөн. Ал 4 окуу-усулдук колдонмонун, 1 монографиянын, 30дан ашуун илимий макалалардын автору жана 2 автордук ачылыш күбөлүктүн ээси.

Ал Өзгөндүк айымдардан чыккан алгачкы окумуштуу даарыгер болуп саналат.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=281298730004950&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R
















ИЛИМДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫК АЙЫМДАР

Темиралиева Гулжамал Тайлакбаевна

Тарых илимдеринин кандидаты, профессор. 1976-жылы 26-февралда туулган. ОшМУнун тарых факультетин аяктаган.

Музеология тармагындагы адис, Кыргызстанда музейлердин түптөлүшү жана өнүгүшү боюнча изилдеген окумуштуу. 50гө жакын илимий эмгектердин жана окуу-усулдук колдонмолордун автору.

Учурда институттун практика жетекчиси жана коомдук илимдер кафедрасынын профессору. Студенттерге Кыргызстан тарыхынан лекция окуйт.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=281288840005939&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R






















ИЛИМДЕГИ КЫРГЫЗСТАНДЫК АЙЫМДАР

Муратбаева Гулбарчын Насаркуловна

Юридика илимдеринин кандидаты, профессор. 1976-жылы 15-сентябрда туулган. КМУнун юридика факультетин аяктаган.

Гендердик саясат, аялдардын укугу боюнча адис, 50гө жакын илимий макалалардын жана 1 окуу-усулдук колдонмонун, 2 монографиянын автору. Учурда коомдук илимдер кафедрасынын профессору жана факультеттин декандык кызматтын аркалап келет.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=281265616674928&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R

БИРИМДИГИБИЗ МЕНЕН БИЙИКПИЗ

Институттун кесиптик кошунунун кеңейтилген кезектеги жыйыны өтүп, анда окутуучуларга жана кызматкерлерге жамааттык келишимдин жаңы иштелип чыккан долбоору сунушталды жана кесиптик кошундун төрагасы Б.Кайназаров аткарылып жаткан иштер туурасында отчёт берди.

Жамааттык келишим Б.Кайназаров тарабынан укуктук-нормативдик ченемдин негизинде иштелип чыгып, талкуулоо үчүн жамаатка сунушталды.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=280578023410354&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


БИЗ КҮТКӨН ОКУУ ПРОЦЕССИ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, институтта II жарым жылдык үчүн окуу процесси башталды: акыркы курстарга санитардык- эпидемологиялык эрежелерди сактоо менен кадимки окуу процесси, ал эми калган курстар алыстан окутуу режиминде жүргүзүлө баштады.


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=275141287287361&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



ОКУТУУЧУЛАР КЕСИБИ БОЮНЧА КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТТЫ

Январь айында институттун окутуучулары үчүн 72 саат өлчөмүндөгү өз адистиктери боюнча квалификацияны жогорулатуу курстары аяктады.

Онлайн-курсту Ош билим берүү институту жана “Ассоциация юридических клиник Кыргызстана” юридикалык жактардын бирикмеси ишке ашырды.

Окуу процесси толугу менен онлайн-курс форматында уюшулуп, жыйынтыгында сертификаттарга ээ болушту.

Онлайн окутууда онлайн-педагогдон баштап – өз адистиктери боюнча онлайн-тексттерден онлайн- курстарда сапаттуу билим берүү жана баалоого чейинки ар түрдүү ишмердүүлүктөр каралды https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=275133423954814&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



+7

Бүгүн, институттун кезектеги окумуштуулар кеңеши өтүп, анда онлайн режиминде аралыктан билим берүү технологияларын колдонуп өтүүнүн жүрүшү, адыдагы милдеттер жана “ПТИ” кафедрасынын окуу-усулдук, илимий жана тарбиялык иштеринин абалы тууралуу маселелер каралды. Жыйынтыгында чечимдер кабыл алынды. https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=271526097648880&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R

Онлайн режиминде отулгон сабактардын жыйынтыгы канаттандырарлык болуп табылып, сабактар узгултуко учурабай, жаны технологиялар окутуучулар жана студенттер тарабын тез арада оздоштурулгону белгиленди.

ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ УЛАНУУДА

ОшТУнун Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институ менен И.Каримов атын. Ташкент мамлекеттик техникалык университетинин (ТМТУ) билим берүү, окуу процесси, окуу-усулдук иштер жана илим чөйрөсүндө кызматташуусу уланууда.

Маалымат үчүн, ТМТУ Өзбекстандагы эң белгилүү жана алгачкы ачылган университеттердин бири, ал 1920-жылы негизделген. https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=266478968153593&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



+20


МЕЖДУНАРОДНОЕ СОТРУДНИЧЕСТВО

Международный Узгенский институт технологии и образования имени Б.Мурзубраимова ОшТУ и Кокандский государственный педагогический институт имени Мукими сотрудничивает в области образовании и науки. В этом направлении 16 января эти вузы подписали 2-х сторонний договор в г. Коканде.

P.S.: В Центральной Азии Кокандский госпединститут известен как старый вуз основанный в 1931 г. Численность студентов составляет более 12 тысяч, работают 7 докторов наук, 89 кандидат наук, 25 PhD докторантов, 344 старших преподавателей и преподавателей.

Подробную информацию можно получить на этом сайте - www.kspi.uz

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=265503494917807&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАШТЫ

Бүгүн, ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун эмгек жамааты ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоонун бир айылыгынын алкагында Мырза-Аке айылындагы М.Разаков атындагы жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын интернатындагы мектеп окуучуларынан кабар алышты.

Иш сапарда окуучуларды Жаңы жыл менен куттуктап, жаңы жылдык белектерди тапшырышты.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=254947842640039&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R

 



Урматтуу электр менен жабдуу адистигинин студенттери жана инженер кесиптештер, кесиптик майрамыңздар менен куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, ообос оомат, кесиптик чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Биздин жамаат Акматов Осмонали, Жантаева Бактыгүл, Гуронов Мирбек, Камалов Мирлан жана Хасанов Абдынасыр сыяктуу тажрыйбалуу кесиптештер менен сыймыктанабыз! https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=250170046451152&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ИШ ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда академик Б.Мурзубраимовдун 80 жаш мааракесине карата "Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү шартында химия, химиялык технология, айыл чарбасынын, экологиянын жана гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери" аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн режиминде конференция болуп өттү.

Конференцияга Кыргызстандан, Россиядан, Казакстандан, Тажикстандан, Туркиядан, Ирандан, Малайзиядан илимпоз окумуштуулар катышып, илимий табылгаларын бөлүшүп, кызыктуу баяндамаларын жасашты.

Айрыкча, чет өлкөлүк илимпоздордун академик Бектемир Мурзубраимовду 80 жаш мааракеси менен куттуктоолору өзгөчө кызыгууларды жаратты.

Конференциядагы баяндамалар кыргыз, орус жана англис тилдеринде жасалды

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=247364133398410&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R






***ОшТУнун жана ОшМУнун "Дүйшөнү!***

Белгилүү илимпоз педагог, академик, коомдук ишмер, илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бектемир Мурзубраимовдун 80 жаш маарекеси Ош технологиялык университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде илимий жана расмий иш чаралардын коштоосунда белгиленүүдө


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=246025153532308&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. эл аралык Өзгөндөгү технологиялык жана билим берүү институтунун илимпоз окутуучулары башкы кеңсеси Иранда жайгашкан CWARice эл аралык уюму тарабынан уюштурулган илимий-усулдук вебинарга катышышты.

Вебинарга - Кыргызстан, Азербайжан, Афганистан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Тажикстан, Туркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандан окумуштуулар катышууда, анда күрүчтү асылдандыруунун заманбап медоддору, күрүч маданиятынын өнүгүшү жана келечеги туурасында семинар болууда.

ОшТУнун Өзгөн институту CWARice эл аралык уюмунда Кыргызстандын расмий өкүлчүлүк ишин алып барат жана күрүчтү изилдөө боюнча профессор Э.Смаилов жетектеген илимий мектеп өлкө боюнча ушул окуу жайда гана түптөлгөн.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=221525015982322&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R





Институттун техник оператору Данияр Бойпоев, окутуучу Роза Мамытова жана ПОВТАС адистигинин 2- курсунун студенти Моминжон уулу Мураджон Ош технологиялык университетинде АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланып, «YOUTH of Osh» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан «STEAM XXI кылымдын жөндөмдөрүн өнүктүрүү» долбоорунун алкагында роботторду проектирлөө, конструктурлоо жана программалоо жөндөмдөрүн өнүктүрүү максатында уюштурулуп жаткан семинарга катышып, баалуу белектерди жана 2 даана робото техниканы белекке алышты.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=221493025985521&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R




+2


25 - октябрь белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун туулган күнү, ал бүгүн 110 жашка чыкты.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районунун Коросон айылында төрөлгөн. Үч жашында энесинен, сегиз жашында атасынан ажырап Кожент шаарындагы Ленинабад балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги мектеп-интернатта билим алып, 1929-жылы Ташкенттеги педагогикалык техникумду, 1936-жылы Москвадан пландоо институтун ийгиликтүү бүтүргөн.

Бул жылдары өлкөнүн экономикалык жана социалдык абалы чоң арыш жасалат. Азыркы ири имараттар салынып, элет жериндеги балдарды агартууга, жаштарды окутууга жол ачылат. Анын ичинде кыргыз маданиятынын өсүп-өнүгүүсүнө да зор салым кошкон.

Ишмердүүлүгү:

  • 1939-1940 — Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин алдындагы мамлекеттик пландын төрагасы;

  • 1940-1944 — Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары;

  • 1941-1944 — Өзбек ССРинин Агартуу элдик комиссариаты;

  • 1944-1945 — Өзбек ССРинин Компартиясынын катчысы;

  • 1945-1950 — Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы;

  • 1950-1961 — Кыргыз Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон;

  • 1961-1962 — СССРдин мамлекеттик экономикалык кеңешинин мүчөсү;

  • 1962-1965 — СССР министрлер кеңешинин алдындагы мамлекеттик илимий-экономикалык бөлүмдүн башчысы;

  • 1965-1967 — СССР министрлер кеңешинин мамлекеттик пландоо комитет бөлүмүнүн башчысы. Анын бийлигинин тушунда республиканы байланыштырган айтылуу Ош-Фрунзе жолунун курулушу башталып, Төө-Ашуу туннели казылган. Ага чейин республиканын түндүгү менен түштүгү темир жол

менен Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан аймагы аркылуу гана байланышчу. Авиация ал кезде өнүгө элек. Бийик тоолорду ашып 500 чакырымга жакын жол куруу, бир топ маданий мекемелердин, өнөр жай ишканаларынын курулушу республика жетекчисинин калк алдындагы кадырын көтөргөн. Исхак Раззаковдун экономикалык турмуштагы, маданиятты өнүктүрүү жаатындагы иштери тарых бетинде калды. Анын тушунда жогорку жана орто окуу жайлары арбын ачылган, кыргыз тилине мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнгөн, окуучуларга ысык тамак уюштуруу маселеси каралган. Анын республика алдындагы опол тоодой эмгегин эскерүүнүн, артында калтырган эмгегине татыктуу баа берүүнүн бир көрүнүшү катары эгемен Кыргызстандын үлкөн сыйы Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы 2016- жылы ыйгарылышын айтсак жарашат.

Сыйлыктары:

Эки ирет Ленин сыйлыгы жана эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени, Улуу Ата мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени, Кызыл Жылдыз ордени жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган. 2016- жылы "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы ыйгарылган.

Үй-бүлөсү. Жубайы Рауза Ибрагимова менен Элмира, Эркин, Эмил аттуу уул-кыздарды тарбиялашкан. И.Раззаков 1979-жылы 19-мартта Москвада каза тапкан. Кийинчерээк сөөгү эгемендүүлүк жылдары гана мекенине алынып келинип, «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=219367299531427&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R







Урматтуу кесиптештер - билим берүү тармагынын устаттары, Сиздерди 5-октябрь кесиптик майрамыӊыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Бул күн ар бирибиздин да майрамыбыз болуп саналат. Анткени, баарыбыз Мугалимдин кол астында билим дүйнөсүнө сапар алганбыз.

Мугалим - түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, бирок ардактуу кесип. Анткени, коомубуздун дээрлик жарымын түзгөн балдар менен жаштар күн сайын мугалимдин таалим-тарбиясын алышат.

Жөндөмсүз бир да бала болбойт, алардын ичинде катылып жаткан касиеттерин, талантын, жөндөм- шыгын ачуу аркылуу сиздер коомубуздун өнүгүшүнө зор салым кошо аласыздар. Ата-эне сыяктуу эле мугалим ар бир баланы гений кылып чыгара алат. Же болбосо анын дээриндеги талантын, шыгын басып, келечегине бөгөт коюшу да мүмкүн. Окуу жайыбыздын босогосун аттаган ар бир студенттеин дүйнөсү жаңы компьютер сыяктуу – ага кандай программа салынса, ошондой иштейт. Ошондуктан, аларга дүйнөнү кенен тааныгыдай билим берүү, таптаза дүйнөсүнө биринчи сабактан тарта Сүйүү, Ыйман, Адамгерчилик түшүнүктөрүн сиӊирүү сыяктуу улуу милдет сиздерге жүктөлгөн. Мугалимдин аракетине, изденүүсүнө жараша Кыргызстандын чыныгы жарандары өсүп чыгат.

“Билимдүүгө дүйнө жарык”, “Билим кимде болсо - билик болоор”. Бул саптар кечээ эле биз 1000 жылдыгын белгилеген атактуу бабабыз Жусуп Баласагынга таандык. Даанышман бабабыз билим аркылуу гана дүйнөнү өзгөртүү мүмкүн экенин дайыма айтып келген.

Кымбаттуу кесиптештер, устаттар!

Сиздердин ишиӊиздердин үзүрүн балдарыбыз, жалпы өлкөбүз көрө берсин! Баарыӊыздарга чыӊ ден соолук, узак өмүр жана бакубаттык тилейм!

  • Терең каалоолор менен

  • институттун директору Асанбек Акматалиев Сүрөт архивден.


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=214190486715775&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R

"Карысы бардын, ырысы бар"! Ырыстуу жамааттанбыз, биз!

Урматтуу институтубузда бирге иштеген кадырлуу аксакал кесиптештер, кылымдардан бери кыргыз эли өз карыларын кастарлап, алардын акыл насаатына, кеп-кеңешине кулак салып, аларды бийик коюп, ар убакта урмат-сый көрсөтүп келгендигин тарыхыбыз таамай көрсөтүп турат.

Окуу жайдын жүгүн көтөрүшүп, илимге башын сайып, жаш муундарды тарбиялоодо талыкпай эмгек өтөгөн аксакал агайлар, мээримдүү эжелер – Сиздерди 1-октябрь карылардын Эл аралык күнү менен куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден-соолук, узун өмүр, бакубатчылык каалайбыз!

Администрация


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=213054960162661&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R
















Бүгүн, 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата окутуучулар, ата-энелер жана студенттер арасында салтанаттуу онлайн майрамдык кече өткөрүлдү. Окуу жайдын дирекциясы, ата-энелер комитети, окутуучулар, студенттер тарабынан куттуктолор болду.

2020-жылдын 21-сентябрынан 30-сентябрга чейин "Улут болсом тилим менен улутмун, улук болсом тилим менен улукмун" аталышындагы онлайн видео-сынак жарыяланды. Сынак эки багытта жүргүзүлөт:

1. Онлайн форматта тартылган видео-сынак; 2. Мамлекеттик тилди даназалаган автордук чыгармалар. Жеңүүчүлөр институт тарабынан атайын сыйлыктарга ээ болушат.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=210467330421424&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R
















ӨЗГӨНДӨ БИЛИМ УЯСЫ ИШИН БАШТАДЫ

Окуу жайда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамы жана Билим күнү онлайн форматта салтанаттуу белгиленди. Иш чарага профессордук-окутуучулар курамы, студенттер, ата-энелер жана иш берүүчүлөр катышты. Мындан нары уруксат берилгенге чейин окуу процесси аралыктан жүрөт.


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=205110730957084&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


+29


Мугалимдердин республикалык август кеңешмеси онлайн форматта болуп өттү

Билим берүү жана илим министрлигинде мугалимердин республикалык август кеңешмеси болуп өттү. Анда өткөн окуу жылына анализ жүргүзүлүп, жаңы окуу жылына милдеттер коюлду.


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=203956771072480&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


+6


БИЛИМ УЯСЫ “АК ЖОЛ САГА, БҮТҮРҮҮЧҮ!” САЛТАНАТЫН ОНЛАЙН РЕЖИМИНДЕ ӨТКӨРДҮ

Бүгүн, ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда "Ак жол сага, бүтүрүүчү" – аттуу бүтүрүүчүлөр үчүн онлайн режиминде Zoom платформасында иш чара өткөрүлдү. Конференцияга ОшТУнун ректору, КРнын Инженердик академиясынын академиги, профессор А.О.Абидов , факультеттердин декандары, профессорлор - А.Ж.Артыков, Ш.М.Сайдаматов, факультеттин илимпоз окутуучулары, кабыл алуу комиссиясынын курамы жана институттун бүтүрүүчүлөрү, профессордук-окутуучулар курамы катышты.

ОшТУнун ректору А.О.Абидов университеттин ишмердүүлүгү, алдыдагы максаттары туурасында кыскача токтолуп, аталган институттун орто кесиптик билим берүү программасы боюнча бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалап, ОшТУ дайыма бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанаарын айтып өттү. Ушундай эле каалоо сөздөрдү иш чаранын коноктору, студенттер, кураторлор да айтып өтүштү.

Айтмакчы, 2019-2020 – окуу жылында институтту 7 адистик боюнча 335 студент ийгиликтүү аяктап, анын 8и артыкчылык диплом менен бүтүрдү. Бүтүрүүчүлөргө иш берүүчүлөрдөн табыштамалардын келип түшкөндүгү окуу жайды кубандырууда.


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=186192699515554&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R















АККРЕДИТАЦИЯГА ДАЯРДЫК БАШТАЛДЫ

24-25 - июнда окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы үчүн “Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги” (ААОПО) тарабынан билим берүү уюмдарын аккредитациялоо туурасында онлайнда ZOOM платформасында семинар болуп өттү. Баяндаманы агенттиктин жетекчиси, т.и.д., профессор Б.И. Исмаилов жасады. Семинар баяндама, суроо-жооп, көнүгүүлөр менен эркин форматта өттү. https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=185285646272926&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



+18

Институттун кызматкерлери жана окутуучулары, райондук мамлекеттик администрациянын жана Дөң- Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте COVID-19 вирусун алдын-алуу, медициналык бет каптарды жана антисептиктерди пайдалануу, тез-тез имараттарды дезинфекциялап туруу туурасында Дөң-Булак айыл аймагында жайгашкан соода түйүндөрүнө жана май куючу жайларга түшүндүрүп чыгышты. Негизгиси, туура түшүнгөндөрү бизди кубантты! https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=183995279735296&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R




+6



Абитуриенттер биздин окуу жай туурасында кабардар болушту. Өзгөн шаары, 21.06.2020.

#Абитуриент2020

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=183655856435905&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



+6

БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ!

Бүгүн, институттун эмгек жамаатынын өкүлдөрү Мырза-Аке айылындагы М.Разаков атындагы жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын жатак-мектебинин окуучуларынан кабар алып, өздөрүнүн белек-бекчектерин тапшырышты. https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=180941310040693&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R




1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата институттун "Укук жана коомдук илимдер" кафедрасы тарабынан "КРдагы балдардын укуктарынын мазмуну" аттуу онлайн көрүнүшүндө zoom платформасында талкуу маек уюштурулду. Иш чарага аталган кафедранын окутуучулары, студенттери жана окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы катышты. Кафедра башчысы А.Дүйшөмамат кызы "Балдардын укуктарын коргоонун концепциялары" туурасында, доцент Б.Тынай уулу "КРдагы балдардын укугунун корголуусунун абалы" боюнча, ю.и.к., доцент Г.Н.Муратбаева "Балдарга карата зордук зомбулуктарды алдын алуу механизмдери" темаларында өз баяндамаларын жасашты. Талкуу эркин форматта суроо- жооп иретинде коштолду. Мындай талкуулар окутуучунун терең билим берүүсүнө көмөк бермекчи.


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=177608950373929&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


+2























ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ

Бүгүн, 1 – июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата ОшТУнун академик Бектемир Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун "Педагогика жана тил илимдери" кафедрасы иш берүүчүлөр менен 050407 Мектепке чейинки билим берүү адистигинин окуу планын жана андагы тандоо сабактарын, ар бир предметтин күтүлүүчү натыйжалары жана максаттары туурасында zoom платформасында онлайн көрүнүшүндө семинар өткөрүштү.

Семинарга райондогу жана шаардагы балдар бакчаларынын башчылары жана тарбиячылары, кафедранын окутуучулары, аталган адистиктин студенттери катышты

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=177608477040643&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


Институттун мамлекеттик аттестацияга даярдыгы туурасында жыйын өттү

ОшТУнун ректору, т.и.д., профессор А.Абидов, окуу иштери боюнча проректор, т.и.к., доцент Ж.Матисаков жана окуу департаментинин башчысы М.Айтиевдин катышуусунда zoom платформасында онлайн көрүнүшүндө ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтундагы окуу процессинин жүрүшү, модулдардын, практикалардын, аралык экзамендердин жүрүүсү, мамлекеттик аттестацияны өткөрүүгө жана кабыл алуу иштерине даярдык туурасында кеңейтилген жыйын болуп өттү.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=177009867100504&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



+7


Институттун илимпоз окумуштуулары

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=175228953945262&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


Кадырлуу студенттер, кесиптештер, ардагерлер, ата-энелер жана өнөктөштөр! Сиздерди жалпы мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайбыз!

Орозо айында аруу тилек, ак ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болуп, баарыңыздарга жакшылыктарды, ийгиликтерди, кубанычтарды жана өсүп өнүгүүлөрдү алып келсин! Ылайым тилектердин бардыгы кабыл болсун! Айт майрамы жаныланууну, берекени, тынчтыкты, ооматты алып келсин!

Элибизде дайыма аманчылык болсун! Айтыбыз маарек болсун!

Сиздерди терең урматтап институттун жетекчилиги жана кесиптик уюму


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=174978840636940&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


















Үйдө эне, иште эжеке, илимде окумуштуу!

Урматтуу кесиптеш эне эжекелер, Сиздерди бүгүнкү сүйүүнүн, аянбастыктын, жылуулуктун жана түбөлүк чыдамдуулуктун символуна айланган Энелер күнү менен куттуктайбыз! Үйдө эне, иште эжеке, илимде илимпоз - кубанычтуу түйшүгүн бир тартып, тирүүлүктүн кадамын алдыга жылдырып келесиздер! Бизге кубанычтуу! «Тамтуң басып калганда баласы жыгылып кетсе эненин жүрөгү солк этет. Алыска кетсе санаасы санга бөлүнүп уул кызынын амандыгын тилеп, кирпик какпай таң атырган да эне. А түгүл үй жайлуу болгон маалда да, балам келет деп сары май менен токочун камдап, аларды учурган уяда сагынып күткөн да эне. Энелерибиздин мээримдүү жүрөктөрүнө салам болсун. Баардык эне эжекелердин Энелер күнү куттуу болсун!


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=173095624158595&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


+20

















ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту 2020- 2021 - окуу жылы үчүн абитуриенттерди кабыл алат

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=172635504204607&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун мектепке чейинки билим берүү адистигинин студенттери

 https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=172515467549944&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R





ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун ПОВТАС-18 группасынын студенттери

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=172511770883647&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун тажрыйбалуу педагогдору усул бөлүшүүдө

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=172487714219386&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун 3- курсунун студенти Исаев Кубаныч "Жылдын мырзасы" сынагында


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=172486910886133&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



 









ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттери химия сабагында практикалык иштерди аткарышууда

 https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=172486414219516&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун алдыңкы студенттери https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=172485690886255&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун алдыңкы активдүү студенттери https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=172485257552965&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R




+5

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун өнөрпоз студенттери https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=172483864219771&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R


ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун окуу кааналары https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=172483440886480&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R

 


ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун чоң акты залы

 https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=172482780886546&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R

 

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун биринчи окуу корпусу https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=172481987553292&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R

 

Эч ким, эч нерсе,

эч качан унутулбайт!

ОНЛАЙНДА "ӨЛБӨС ПОЛК" БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттик кеңешинин демилгеси менен Улуу Ата Мекендик согушта катышкан ардагерлердин эрдиктеринин жаркын элесин карата «Өлбөс полк» акциясы эпидемиолгогиялык кырдаалга байланыштуу онлайн режиминде болуп өттү. Акцияга студенттер, профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлер катышышты. Окутуучулар Улуу Ата Мекендик согуш, тылдагы каармандыктар,

«Өлбөс полк» туурасында айтып берсе, студенттер чоң аталарынын эрдиктери, согушта курман болгон туугандары туурасында айтып беришти. Ар бир окутуучу Жеңиш майрамына карата куттуктоолорун айтып жатышты.

 https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=170699611064863&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



















Өзгөн району Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жана элинин эрдиктери Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт! ЖЕҢИШ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН! Өзгөн районунун калкынын Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги кан майдандагы жана тылдагы эрдиктери да өзгөчө сөзгө арзыйт. Алсак, 1941-1945-жылдарда райондон 7147 адам ата мекенди коргоого жөнөтүлсө, алардын 2744тү кан майданда баатырларча курман болушуп, 4403 адам ар кандай жарааттар менен эли журтуна кайтып келишкен. Алардын арасынан 6 адам же И.С.Решетник, М.Тешебаев, О.Жакыпов, Н.С.Калашников, Л.И.Царенко, С.Лутфиллин ошол учурдагы эң жогорку сыйлык - Советтер Союзунун Баатырлыгына татыктуу болушкан, калгандарынын басымдуу көпчүлүгү Союздун ордендери жана медалдары менен сыйланышкан. Ал эми оорукта калган аялдар, улгайгандар жана кыз-келиндер, жаш балдар «Бардыгы фронт үчүн!» деген ураандын алдында күндү күн, түндү түн дебей же дем алыш дегенди билишпестен эмгектенишип, дан эгиндеринен, мөмө-жемиштерден, жашылчалардан жана бахчадан мол түшүм, төрт түлүк малдан арбын продукцияларды өндүрүшүп жоокерлерге жөнөтүп турушкан. Эл арасында аскердик заемдорго жазылуу, Кыргызстандын атынан жасала турган танк, замбирек, самолет сыяктуу курал-жарактарга каражат кошуу, жоокерлер үчүн байпак, кол кап, моюн орогуч сыяктуу нерселерди жасап жөнөтүү да кеңири кулач жайган. Маселен, райондогу уйгур улутундагылардын бир тобу 450 миң рубль топтошуп, ал акчага «Уйгурец» деген танка курууну өтүнүшсө, «Новый мир» колхозунан Н.И.Мурашкин танкалык колоннаны курууга өз каражатынан 100 миң, Карл Маркс атындагы колхоздон З.Өмүрзакова 130 миң, Сидоров атындагы колхоздон С.Ибраимова 105 миң, Өзгөн шаарынан Абдижан Абдрахимов 50 миң, Калинин атындагы колхоздон Ч.Маткаримов 100 миң рубль кошкон. Антип өз каражаттарын, күрүч, май, бал, мөмө-жемиш, жылкы, торпок, кой-эчки, кездеме, шейшеп сыяктуу менчиктеги оокаттарын ыктыярлары менен кан майданда эл жерди коргоп жатышкандар үчүн бергендер жүздөп, миңдеп саналган. Райондун тургундары Украинадан, Белоруссиядан, Россиядан эвакуацияланып келген миңдеген аялдарды, балдарды, жарадарларды кабыл алышып, алар менен колундагыларды тең бөлүшүшкөн. Түндүк Кавказдан депортацияланган чечен, ингуш, балкар, кабардин, карачай ж.б. улуттарындагы миңдеген жарандар да райондун айылдарына, кыштактарына келип баш калкалашкан. 1940-жылы Отуз-Адыр каналын кол менен казууга Өзгөн районунун эли активдүү катышып, согуш башталгандыгына байланыштуу токтотулган. Бул 43 км ден ашык узундуктагы каналдын курулушунун уланышы 1948-1952-жылдары болгон. Анда да Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун эли толук катышкан. Согуш мезгилинде райондун аймагында пулеметчуларды, автоматчыларды, таамай аткычтарды, артиллеристтерди ж.б. аскердик кесиптегилерди, санитарларды даярдай турган курстар ачылып, аларда 100 пулеметчу, 112 артиллерист, 125 танкты атуучу, 220 таамай аткыч, 328 автоматчы, 100гө жакын санитар даярдалып жөнөтүлгөн. Кен байлыктарды таап, корлорун аныктап, зарылдарын өздөштүрүүгө киришүү максатында райондун аймагында 20 илим изилдөө жана чалгындоо мекемелеринин өкүлдөрү иштешип, согуштун алгачкы үч жылында 300дөн ашык геологиялык-чалгындоо экспедицияларын уюштурушуп, кийин элге белгилүү болгон көптөгөн кен байлыктарын таап, эсепке алышкан. Өзгөн таш көмүр бассейни да ошондо ачылып, корлорунун болжолдуу көлөмү чыгарылган. Андан кокс таш көмүрүнүн табылуусу Борбордук Азияда металлургия өнөр жайын өнүктүрүүдө аябагандай чоң роль

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=169791261155698&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R

 



+13









Онлайн режиминде илимий-методикалык семинар өттү

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун педагогика жана тил илимдери кафедрасы менен Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмү биргеликте 2020-жылдын 30-апрелинде Zoom программасында онлайнда "Башталгыч класстарда жана мектепке чейинки курактагы билим берүү тармагынын актуалдуу маселелери жана аны чечүүнүн жолдору" аттуу илимий-методикалык семинар өткөрүштү. Билим берүү жана тарбиялоо процесси, адистерди тарбиялоодогу компетенциялар жана кесибине болгон кызыгуулар, негизги кесиптик билим берүү программасы ж.б. боюнча баяндамалар, талкуулар болуп, өз ара кызматташуу боюнча чечимге келишти, иш берүүчүлөр тарабынан бир канча сунуштар айтылды. Семинарга шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Нурулло Шамаматов, шаардагы орто мектеп директорлору, балдар бакчасынын башчылары, райондогу балдар бакчасынын башчылары, институттагы аталган кафедранын окутуучулар курамы катышты.

Маалымат үчүн, институт менен Өзгөн шаардык бөлүмүнүн ортосунда узак мөөнөттүү иш чараларды ишке ашыруу боюнча 2024-жылга чейин өз ара кызматташуу меморандуму иштейт. https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=167949024673255&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R





Эл аралык билим берүү боюнча вебинар уюшулду Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө билим берүү аралыктан жана онлайн режиминде болуп окшош системада алып барылууда. Ушул максатта билим берүүдө эл аралык тажрыйбаларды пайдалануу үчүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту ZOOMдо конференция аркылуу орус жана англис тилдеринде вебинар уюштуруп, анда баяндаманы - Малайзиядагы Паханг университетинин профессору А.А. Ахмедов жасап, эл аралык билим берүү, жогорку окуу жайлар арасындагы рейтинг жана аккредитация, кош дипломдуулук, академиялык мобилдүүлүк, Scopusта жарык көргөн илимий макалалардын артыкчылыктары туурасында Паханг университетин салыштыруу менен кеңири баяндама, суроо-жооп, сунуш-пикирлер менен болуп өттү. Талапка жараша татыктуу, сапаттуу билим берүү, бир канча тилдерди билүүнүн артыкчылыктары туурасында да кошумча маалыматтарды берди. Үч саатка созулган вебинарга институттун профессордукокутуучулар курамы толук катышып, аягында дагы башка багыттарда биргеликте иш алып баруу туурасында макулдашылды. Маалымат үчүн: Анваржон Ахатжанович Ахмедов / Anvarjon Akhatjonovich Ahmedov (17.04.1973, Өзгөн шаары) - эл аралык деңгээлдеги белгилүү илимпоз, физика-математика илимдеринин кандидаты (1998), профессор, тажрыйбалуу педагог. Өзгөн шаарынан орто мектепти алтын медаль менен аяктаган. Ташкент мамлекеттик университетинин математика ф-тетин артыкчылык диплом менен бүтүргөн (1991-1996). Өзбекстан улуттук университетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент (1998-2004), ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технология жана билим берүү институтунда кафедра башчы, доцент (2004- 2006), К-ӨУда кафедра башчы (2006-2008), Малайзияда Путра университетинде профессор (2008-2013), Казакстанда Түштүк Казакстан мамлекеттик университетинде профессор (2013), Түркияда Фатих университетинде профессор (2014), Түркияда Сулейман Демирел университетинде профессор (2015), Казакстанда казак айыл чарба-техникалык университетинде профессор (2015), 2013-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Малайзиянын Паханг университетинде профессор болуп иштеп, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, студенттерге лекция окуп келет. Билим берүүдөгү үзүрлүү педагогикалык ишмердүүлүгү жана мыкты илимий эмгектери үчүн Мырза Улугбек атын. Ардак грамота (Өзбекстан, 1995), Президенттин Ардак грамотасы (Өзбекстан, 1996), Шухрат медалы (Өзбекстан, 1996), Путра университетинин 4 жолу алтын медалы (Малайзия, 2009-2011), Путра университетинин 2 жолу күмүш медалы (Малайзия, 2010, 2014), Паханг университетинин 2 жолу күмүш медалы (Малайзия, 2018) менен сыйланган.АХМЕДОВ Анваржан Ахатжанович (17.04.1973, Өзгөн ш.) - эл аралык деңгээлдеги белгилүү илимпоз, физикаматематика илимдеринин кандидаты (1998), профессор, тажрыйбалуу педагог. Өзгөн шаарынан орто мектепти алтын медаль менен аяктаган. Ташкент мамлекеттик университетинин математика ф-тетин артыкчылык диплом менен бүтүргөн (1991-1996). Өзбекстан улуттук университетинде доцент (1998-2004), ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технология жана билим берүү институтунда кафедра башчы, доцент (2004-2006), К-ӨУда кафедра башчы (2006-2008), Малайзияда Путра университетинде профессор (2008-2013), Казакстанда Түштүк Казакстан мамлекеттик университетинде профессор (2013), Түркияда Фатих университетинде профессор (2014), Түркияда Сулейман Демирел университетинде профессор (2015), Казакстанда казак айыл чарба-техникалык университетинде профессор (2015), 2013- жылдан бүгүнкү күнгө чейин Малайзиянын Паханг университетинде профессор болуп иштеп, 

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=166115168189974&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R















23-апрель күнү институттун кезектеги окумуштуу кеңеши Zoom платформасында онлайн режиминде өткөрүлүп, иш планга ылайык маселелер каралды. Окумуштуу кеңешинин материалдары алдын-ала электрондук почта менен таркатылып, жыйындын жүрүүсү суроо-жооп форматында өтүп, чечимдерди кабыл алып жатышты. https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=166090314859126&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R



Студенттердин өз алдынча иштөөсү кайтарым байланышты бекемдөө менен аралыктан жана онлайн режиминде ишке аша баштады

Студенттерди окутууда кесиптик компетенцияларды калыптандырууда маанилүү каражат болуп студенттердин өз алдынча иштөөсү (СӨИ) саналат. Бул максатта  интернеттеги ачык билим берүү ресурстарын (Zoom, мультиурок, Google Класс платформасындагы Classroom) пайдаланып, СӨИ онлайн режиминде ишке ашып жаткан ар бир предмет боюнча ишке ашырыла баштады. СӨИни ишке ашыруу менен сабакта өтүлүп жаткан теманы бекемдөөдө кайтарым байланыш ишке ашырылып жатат.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=164062588395232&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R




+11




Нооруз! 

Келе бер, Нооруз!

Элибиз айдан аман, 

Жылдан эсен болсун..."

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда "Нооруз" майрамы белгиленди.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0HH9Y13Dfw9hNPkw37qC3NV6myerVj9P1LyMFjnpVCuHDC8dEV7uhjtNL3W79zUFQl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 













ДЕН СООЛУГУ ЧЫҢ АДАМ–ӨНҮККӨН ӨЛКӨ

“Ден соолугу чың адам - өнүккөн өлкө” аттуу мамлекеттик программанын алкагында “Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү” күнүн утурлай Өзгөн райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунун жугуштуу оорулар боюнча дарыгерлери - А.Турсунова жана Г.Турдуева институттун студенттерине жугуштуу оорулардан алдын-ала сактануунун жол жоболорун туурасында даректүү тасмалардын жана слайддардын жардамы менен түшүндүрүшүп, аягында студенттерд... 

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02FYEgpYwkgs7xUmDU1g8gCwkNrWgfvr9ZmATGnXSFGazrfR1hronujE2vQTEd3TpKl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 













“Мен көз жумсам, сыртта агайын, дос калар, алар мени аз убакка эске алар!”

С.Жигитов

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту менен Өзгөн райондук маданият бөлүмү жана А.Үрбаев атын. Өзгөн райондук борборлоштурулган китепкана көп кырдуу талант ээси - окумуштуу педагог, адабиятчы, дипломат, коомдук ишмер Салижан Жигитовдун туулган күнүнө арналган адабий кече, китеп көргөзмө ... 

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid029ALphMJC97ajGmZAUcrGFTiPfiYSK2c9FvaJd7K5XxyXd2hX1BVR9iN1KhaVgtxul&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 


















Ысырапкорчулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча областык семинар өткөрүлдү

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашырууга арналган эркин диалог форматында Ош областык семинар өткөрүлдү.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0monnsfD3fTW74XZXv81xmNyMadjs6ybt37oQBEFnGDJeVLtXCMpY1hwRpiCuJaw2l&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 





 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көзөмөл кеңешинин отуруму өткөрүлдү

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун Көзөмөл кеңеши ишин баштады. Кеңештин ишмердүүлүгү боюнча мыйзамга ылайык В.А.Юдина ачып, отурумду алып барды. 

Жаңы куралган Көзөмөл кеңештин төрагалыгына бул сапар Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Р.С.Мурзакулов, катчылыгына институттун доценти, юридика илимдеринин кандидаты Г.Н.Муратбаева шайланды. 

Андан сырткары 2022-жылга Көзөмөл кеңештин иш планы бекитилди, 2021-жылдагы акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер туурасында, институттагы эмгек акы төлөө шарттары, штаттык ыраатамалары жөнүндө отчеттор угулду. Алдыдагы жаңы окуу жылына карата окуу үчүн акы төлөмдөр, акы алып кызмат көрсөтүүлөр, социалдык жеңилдиктер туурасында маалымат угулуп, макулдук берилди.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0pUyfqegnsmgbNSg493tzv1v3GPAqf958f1FXx4mtkrYiBX5HkddZKY13AKrzwnyvl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 












Президенттин Жарлыгы боюнча конок лекция 

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун жалпы студенттери менен Өзгөн районунун прокурорунун жардамчысы С.Б. Атабаев жолугуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №557 Жарлыгы, КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” жана КРнын “Коррупцияга каршы аракеттенүү” мыйзамдары, КРнын Бюджет Кодекси, КРнын Үй-бүлө Кодекси боюнча конок лекция өттү.

Баян суроо-жооптор менен болуп, эркин маек менен коштолду. Кызыктуу кеңири убакытты камтыган лекция үчүн студенттердин чын дилден ыраазычылыктары айтылды.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02kR5mWfZSAYSWqC8yEc64XmhoYDPHkJjWE71eBZeFJxdxGC6ACXaE7Qa8atQVWPLDl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 







 

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid035zDJPCGue1URtVpcijAFxqpeV24BiFbPhQhxVGbmXD8uCnLmv1ZKC3Xh28ttGJUJl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid034hqihBJPRMA8RhRTr6QWYW7WyfxM5Gvco1TBoX5bvxtd1vRAsQy5yHmLnmwTTB2fl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 

 






 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дин аалымдары конок лекция өтүштү

Өзгөн шаарындагы Жаныбек казы шаарчасындагы мечиттин имамы Абдашитов Усман жана дин аалымдары студенттерге ыймандуулук, пакизалык, адилеттүүлүк темасыында конок лекция өтүштү. Конок лекцияга окуу жайыбыздын студенттери катышты. Мындай конок лекциялар окуу жайыбызда байма бай уюштурулуп, жаштарды ислам дөөлөттөрүнүн баалуулуктарын терең окуп өздөштүрүүгө жана диндеги көптөгөн агымдардан алыстатып Ханафи масхабынын окусун туура кабыл алууга жардам берет

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02k5CwqnCTCdxwHX8ZUSRZwM1fFQ7vQhZGzTyqqkfwryKVQcv1FqVrGuZYShQDfrq5l&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R .

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Урматтуу институттун асылкеч айымдары, сүйүктүү эже-карындаштар, кесиптештер!

Баарыңыздарды 8-март Аялдардын Эл аралык күнү менен чын дилден куттуктайбыз! Майрамыңыздар кут болсун!

Аялзаты баарынан ыйык, жашоонун башаты, үйдүн куту! Бүтүн дүйнө энелердин мээрими, жакшы тилеги менен сакталып турат! 

Биздин институт келечекте көптү үмүттөндүргөн чыгаан илимпоздору - Гульбарчын Муратбаева, Гулжамал Темиралиева, Ибадатхон Каримова, Рахатай Абдуллаева, ал эми насаатчы педагог айымдарыбыз – Чолпон Жолдошева, Мамлакатхон Хакимова, Уултай Матиева, Гульмира Ташбаева, Айчүрөк Максутова, Зыйнат Кадырова, Рано Иминова, Маргуба Хакимова, Гулбарчын Наджиева, Mairam Kalberdieva (Майрамкан Калбердиева), Гульзуура Исманова, тажрыйбалуу кызматкерлерибиз – Айзуура Чокотаева, Пашарат Эрмекова, Максат Уметалиева, Мырзайым Кыдыргычева, Rahat Sagynbaeva (Рахат Сагынбаева), Роза Мамытовалар менен сыймыктанат, алар окуу жайыбызга өз өмүрлөрүн беришип, жаш муундарга терең билим берип келишүүдө. Бул сыяктуу мыкты илимпоз эжекелерибиз жана кызматкерлерибиз менен биз ар дайым сыймыктанабыз. Учурда алардын эстафетасын жаңы жаш муундар колго алып улантышууда, алар: Албина Абдыкадырова Дүйшөмамат кызы, Мунара Жороева, Нургүл Абдиева, (Айнагүл) Айнура Кочконбаева, Назбүбү Жунусали кызы, Нургүл Эргешова, Нургиза Кеңешбай кызы, Айкөкүл Тойчиева, Зарема Калчаева жана башкалар ...

Ал эми бизде иштеп, биздин окуу жайга ак эмгегин сиңирип, ардактуу эс алууга чыккан эжелерибиз – Жанна Уразалиева, Барчын Ашимова, Хафисахан Абдрахманова, Бүзейнеп Келдибекова, Буниса Эгембердиевалардын окуу жай үчүн жасаган эмгектерин, жасаган иштерин да биздин иштеп жаткан эмгек жамаат баалайт, унутпайт. Алардын эмгектерин “Өмүр бою биздин окуу жайда иштеп, мамлекетке кызмат кылуунун түбөлүк үлгүсүн, өрнөгүн көрсөттү” - деп бааласак болот! Биз үчүн бул эжелерибиз биздин окуу жайдын уюткулары! 

Ал эми бизде иштеп жүрүп, диссертациялык иштерин ийгиликтүү коргоп, учурда башка окуу жайларда, мекемелерде иштеп жаткан илимпоз айымдарыбыз – Нурьгул Атабекова, Жыргал Самиева, Венера Эрматова, Мушарап Атамкулова, Каныкей Самиева, Сейил Эргешовалар окуу жайыбыздын тарыхын жазууда сыймыгына айланышкан. Бул инсандарыбыз окуу жайыбыздын атын алыска чыгарып, кадыр-барк алып келишүүдө. 

Урматтуу кесиптеш асылкеч айымдар, сүйүктүү эже-карындаштар, биз сиздер менен сыймыктанабыз! Ар дайым маанайыңыздар ачык, жүзүңүздөр жарык болсун. Үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо каалайм! 

Урматтоо менен 

Институттун директору Асанбек Акматалиев


https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid034dh3aiG3ysK7PmivDT2t6v3Lt4YyVPhG4M2C88MLAxKJG6zwyCeuYAiTQYFsNu4rl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

8-Март Аялдардын эл аралык майрамына карата Тагаев Тургунбай агайдан ыр белек!

Миң жолу калчап өкчөгөн,

Жылдыз бар такыр өчпөгөн.

Жанкумар дүйнө чакырса,

Махабат багын көксөгөн.

Миң бир түн жомок сыяктуу,

Миң жолу калчап өкчөгөн.

Оп тартып дүйнө кетсем да,

Оюмдан такыр кетпеген.

Миллион жылдыз ичинен,

Жолумда турган жаркырап,

Жылдыз бар такыр өчпөгөн!

Жаңырып турган дүйнөдөн,

Жашарып жазда чөп гүлдөйт.

Чын сүйүү өрттөп турса да,

Чын сулуу чыдап көп күлбөйт.

Алтындай таза акылы,

Ал акыл кызды көптүрбөйт.

Сук түшүп турса жигиттен,

Суусатып туруп чак түштө,

Сулуу кыз такыр өптүрбөйт!

Суу ичпей дарак бүр албайт,

Сулуулар жалгыз жүрө албайт.

Жүрөктөн кеткен бирөө бар,

Жүрөкө сырды түйө албайт.

Ашыглык алоо отуна ,

Акындай эч ким күйө албайт.

Чачтарын жибек таранган,

Акмаржан сулуу бир кызды,

Акындай эч ким сүйө албайт!

Адамдын жашы өмүрү,

Эсеп сан менен чектелбейт.

Алладан келген адамга,

Аруулук эч бир тепселбейт.

Туягы ташты сапырган,

Тулпарга чобур бет келбейт.

Адамзат жашап турганда,

Кечирим сурап кечиксе,

Ак сүйүү такыр кеч келбейт!

Ырыспайдын баш байгесин алам деп,

Далай күлүк түшкөн ошол жарышка.

Мара алыс, чарчап калып жете албай,

Канча күлүк калып калды алыста.

Балким мага ошол күндү буюрган,

Баш байгенин ээси болдум жарышта.

Ай сулуу кыз! Жеңишимди куттуктап,

Калыңызды бересизби карызга!

Акын жазат асман чийген бийиктен,

Анын ыры гүлдөр менен сүйүшкөн.

Гүлзарга арнап күнү- түнү акындар,

Ырын арнайт кыз жүрөгүн жибиткен.

Болбосо да калемимде каталык,

Мындай саптар өзү келет тийишкен.

Тээ илгертен айтылган бир макал бар:

"Калы бар кыз күндө карыз жигиттен! "

Карыдың деп айтпай жүргүн акынды,

Сен билбейсиң акындардын жүрөгүн.

Ишенбесең шыкаалап тур айнектен,

Акын соргон сулуу кыздын илебин.

Жаңыланат ай менен күн жашарып,

Акын дагы жан дүйнөсүн жаңылайт.

Азабын да, жыргалын да көтөргөн,

Дуба кеткен акын такыр карыбайт!

Тургунбай Тагаев, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, акын



https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02YrRZ9KNYtN8cXXPduZBwrYDShNhipU8R8Z3k2At649dk3bF6zEapKaDndj85Zreyl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 

 













 

 

 

 

 

 

 

 

 

Институттун студенттери Өзгөн районунда Ак калпак күнүн белгилөөгө активдүү катышты

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0V9VupTK9Sso6JH2aEsPTojDzTHxCdZmoBNySmBSbaCqJxiJXwUkyDeGXmK6aUBB2l&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 










 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ак асаба кызыл туу ...

Көк асаба, кызыл туу ... 

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Мамлекеттик Туунун 30 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Майрамдык куттуктоо сөздөр айтылды. 

Иш чарага катышкан - КРнын легендарлуу парламенттин депутаты, Ленин комсомолу сыйлыгынын лауераты, Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендеринин ээси Максутали Мадалиев катышып: “Герб жана Гимн сыяктуу мамлекеттик Туу да мамлекеттүүлүктүн негизги символдорунун бири экенин белгилеп, ар дайым Кыргызстандын желеги эркиндик үчүн, тынчтык үчүн желбирей берсин, патриоттулугубуз күчөй берсин... Биз легендарлуу парламент 30 жыл мурун 3-мартта эрте менен эгемендүү өлкөбүздүн мамлекеттик Туусун кабыл алууда добуш бергенбиз, түштөн кийин алгачкы жолу Ак Үйдүн үстүнө Туубуз илинген, ага 10 миңден ашуун адам катышып, чоң майрам күн болгондугун эскерип өттү. О.э. ал жалпы журтка тынчтык, ийгилик каалады...” 

Соңунда акын Тургунбай Тагаевдин эгемендүүлүктү даңазалап жазган ыры окулуп, майрамдык концерт менен коштолду.

 

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02gm77VHctCYhQDskPNZHvSxWQ4r9HP6ZE7oKEmmzQrdq6qU1qk6zCiJhsG4MbXLzcl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 

 

 

 









Активдүү студенттерге зордук зомбулук проблемасы боюнча семинар өткөрүлдү 

Институтта окуган алдыңкы студенттерге “Центр гендерной информации” ассоциациясы “Жарыктын нуру” программасынын алкагында “Кыргызстанда үй-бүлөлүк жана сексуалдык зордук зомбулукка кабылуунун проблемасы жана аны чечүүнүн жолдору ” аттуу темада семинар өткөрдү. 

Семинарда Кыргызстанда жумуш ордунда, үй-бүлөдө жана сексуалдык зордук зомбулукка кабылуу туурасында маселелер каралды, кеңештер берилди. Семинардын жүрүшүндө студенттер дагы аялдарды жана кыздарды зордук зомбулуктан коргоо боюнча балуу сунуштарын беришти.

Бул программа КРнын Өкмөтү, Европа союзу жана БУУнун Кыргызстанда биргелешип ишке ашырып жаткан пограммасы болуп саналат.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0vB1ag7ViQf32TDtXXVaznxy7GQ8CX23qXPV3ESvKeFR2x7nLV2ZyvUHLq8dEK8zEl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R&locale2=en_US&_rdr 













Өзбекстандагы конок лекциялар жана мастер-класстар ийгиликтүү жыйынтыкталды

Институттун илимпоз жана тажрыйбалуу насаатчы окутуучулары: З.Зулпуев, Б.Тынай уулу, А.Касымбеков, Г.Ташбаева, А.Максутова, М.Мусаев, М.Хакимова, Р.Мамытовалар Кокон мамлекеттик педагогикалык институтунда жана Фергана политехникалык институтунда конок лекцияларды жана мастер-класстарды өтүп, сапарларын ийгиликтүү жыйынтыкташты.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02QmoY6SAXQy259Vz3rcX2Vkc9Pa6ppGHixm35Hvvvw7NoayA52zcvFfvLdcJCQSCyl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 















ОшТУнун Өзгөндөгү институту Фергана политехникалык институту менен кызматташат 

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту менен Өзбекстандын Фергана политехникалык институтунун ортосунда билим берүү жана илимий ишмердүүлүк тармагында кызматташуу туурасында келишим түзүлдү. Бул келишимдин алкагында Өзгөн институтунун илимпоз жана тажрыйбалуу окутуучулары - З.Зулпуев, А.Максутова, М.Мусаев, Р.Мамытова Фергана политехникалык институтунда студенттерге конок лекцияларды өтүштү, алдыңкы лабороториялык база менен таанышып чыгышты.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0a3Z9vq23yeJu3M5nF2AhPnCWwEiEpewo4eZfM1aiwvKrdXaY43MDYcNYvLv7TgK4l&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМДИ АЛДЫН-АЛУУ

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук Концепциясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана “Улыбка” коомдук фонду жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда дин багыты боюнча маалыматтуулукту жогорулатуу, диний экстремизмди алдын алуу максатында профилактикалык иш чара өткөрдү.

Иш чарада Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдары, КРдагы диний уюмдар, жоюлган же иши токтотулган диний уюмдар, КРдагы ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористик уюмдар, тыюу салынган материалдар, адабияттар, сайттар, Улуттук коопсуздук Концепциясы туурасында кеңири баяндамалар берилип, мастер-класс менен коштолду. 

Иш чарага институттун активдүү студенттери катышты.

#Экстремизм

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02EfEd3uV19CcKzsP7EG5q6vFd95Z4Q5Re3G3yM2QYiAwBHpa6xBxFWa4rB3nRPVAjl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 

 

 

 

 

 

 

 

 

Институттун окутуучулары квалификациясын жогорулатуучу курстарда окуп жатышат

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун окутуучулары “Сабакты кызыктуу өтүүнүн заманбап ыкмалары. Интернет ресурстарын жигердүү жана акысыз колдонуу жолдору. Популярдуу платформалар.” – аттуу темаларда 72 саат өлчөмдөгү квалификациясын жогорулатуучу курста окуп жатышат. Курс онлайн жана офлайн форматтарда өтүүдө. 

Семинарды ОсОО “Burana STEAM College”, "ONLINE УНИВЕРСИТЕТ" онлайн окуу платформасы Кыргыз Республикасынын Коммуникаторлор Ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырууда.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02ckbew3RoYRLNd4L33DLxWNpig4sQzvydd4F3NKqm93YvAPqrCbVJEr2nSZ3dCFCEl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Институттун окутуучулары квалификациясын жогорулатуучу курстарда окуп жатышат

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун окутуучулары “Сабакты кызыктуу өтүүнүн заманбап ыкмалары. Интернет ресурстарын жигердүү жана акысыз колдонуу жолдору. Популярдуу платформалар.” – аттуу темаларда 72 саат өлчөмдөгү квалификациясын жогорулатуучу курста окуп жатышат. Курс онлайн жана офлайн форматтарда өтүүдө. 

Семинарды ОсОО “Burana STEAM College”, "ONLINE УНИВЕРСИТЕТ" онлайн окуу платформасы Кыргыз Республикасынын Коммуникаторлор Ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырууда.

 

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02voV94agH44mgq1QfoxPZV6ZJN1jTDiNrugpAwU3nfUCCG1wZ3Sz3QBhuaDQgPv8tl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ПРОФЕССОР ЭЛЬТАР СМАИЛОВ 70 ЖАШТА!

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык институтунун директорунун илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча директордун орун басары, коомдук ишмер, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги, Россия Табигый илимдер академиясынын академиги, кандидаттык (доктордук) диссертациялык кеңештин төрагасы Смаилов Эльтар Абламетович 70 жашка толду. 

Э.А.Смаилов – СССРдин жана Кыргыз Республикасынын ойлоп табуучусу, көрүнүктүү илимпоз, тажрыйбалуу мугалим. Ал 300гө жакын илимий, окуу-усулдук эмгектердин, 17 монографиянын автору, СССРдин жана Кыргызстандын автордук күбөлүктөрдүн жана патенттердин ээси. Анын жетекчилигинде 2 доктордук, 15ге жакын кандидаттык диссертациялык иштер корголду. Эл аралык деңгээлдеги изилдөө иштериндеги ийгиликтери үчүн М.В.Ломоносов жана Улуу Петр алтын медалдары менен сыйланган.

Урматтуу Эльтар Абламетович, үлгүлүү өмүрдүн автору болдуңуз. Илим чөйрөсүндөгү изилдөөлөрүңүз, окутуучулук ишиңиздеги жаратмандыгыңыз кийинки муунга үлгү болуп калмакчы. Сизге узун өмүр, бекем ден соолук, оомат, дөөлөт каалайбыз. Өрнөктүү өмүрүңүз узун болсун! 

Урматтоо менен

институттун профессордук-окутуучулар курамы жана кесиптик уюму

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02HoHjczGQaCemuVtTpS5F55egKMQzVw8srWJM8Pjj2uyGL73BUbpKVXpspFWwyCrQl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R&locale2=ky_KG&_rdr 

 

 

 

 

 

 

ОшТУдагы спартакиада да институттун окутуучулары катышууда (*кызыл формачандар)

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0VaQ8Xu2rxRvScMHopjLPff5j3DnCLFMy18NYPzRsLGH9gC3jiacgV1QAAaEPmMiil&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

COVID-19 илдетин алдын алуу чаралары

---------------------

Правила профилактики COVID-19

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0xBKWoBvnxnZ7a5GoRis1rEzRuLeMgMqCVraU8JXNgnJcHRaffgYne5c94zE7U5F7l&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 

 














БИЗДИН ЖАМААТ "ОМИКРОН" БОЛБОЙБУЗ!

https://www.facebook.com/751133828291827/posts/6750487645023052/

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0ydrB646MX9xRVyYiN4wBejcFdaYTZEX3ANk9XWmQfHwL8E4Tnmn5JUDrpo4YWGmbl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 


ОКУТУУЧУЛАР ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕР XXI СПАРТАКИАДАГА КАТЫШУУДА

Ош технологиялык университетинин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин, факультеттер жана структуралык бөлүмдөр арасында XXI спартакиадасы өткөрүлүүдө. 

Ал мелдешке ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун курама командасы бир канча оюндун түрлөрү боюнча активдүү катышууда.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02kfwDaECnRWSZKHE9MgUMt1EKGoa3tU3kinwRH7vyzDxNCrzTVjV4tsk3xxGFNAbjl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 




Институтунун эмгек жамааты COVID-19га каршы вакцинанын кошумча үчүнчү дозасын сайдырышты

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун профессордук - окутуучулар курамы жана кызматкерлери COVID-19га каршы вакцинанын кошумча үчүнчү дозасын сайдырышты. Буга чейин эмгек жамаат толугу менен эки дозалуу вакцинаны сайдырган. 

Коронавируска каршы кошумча эмдөөдөн (ревакцинация) өткөрүүнү “Өзгөн” Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери ишке ашырды. 

#эмдөө #вакцина #эч_ким_оорубасын!

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0bYvUjjAeqCiFHuA3VH88KAs64LSKC5qFrDaYAbZFoxJ5SRDpgyX1rSTsn6eZ5kKvl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 










Институтта эмгектенген окутуучулар жана кызматкерлердин балдары жана неберелери үчүн балаты майрамы өткөрүлдү. 

Майрамдык маанайды Аяз ата жана Кар кыз шаңга бөлөп, жаш балдардын маанайын көтөрдү, белектерин беришти.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0f4AQ8tjEXesh6KZGLjDqCXJpgAFKgRgE9CDby1KvGNb7Rf8yuvgCtEf62EJRZCxZl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 















Студенттер үчүн Жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду

Окуу жайда Жаңы жылга арналган майрамдык кече болду. Балга окуу жайдын тайпаларында окуган окуунун мыктылары, илим изилдөөдө, маданий массалык иштерде жана спортто мыкты ийгиликтерге жетишкен студенттер катышты. Балга катышуучулардын тизмесин окуу бөлүмдөрүнүн башчылары тарабынан сунушталды. Алдын ала балга катышучуларга милдеттүү түрдө dress-code: кыздар балга ылайыкталган көйнөк, жигиттер смокинг же классикалык костюм менен катышуулары эскерлиген. 

Иш чарада окуу жайдын директору куттуктап, окууда жана коомдук иштерде ийгиликтерге жетишкен студенттерге окуу жайдын Ардак грамоталары тапшырылды. Андан кийин маданий-эстетикалык борбордун студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02mvznfp81W5hURSK7n5kES3V4acQFxnawTmcbaZ7CgjaCfmHhb4bnztNkRXSRpmgVl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 












Жаңы жылдык жаркын маанай тартуулап

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун эмгек жамааты - ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоонун бир айылыгынын алкагында Мырза-Аке айылындагы М.Разаков атындагы жеитим балдар жана ата-энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдардын интернат-мектебиндеги окуучулардан кабар алышты. 

Бул иш сапардын алкагында окуучуларды куттуктап, жаңы жылдык белек-бекчектерди тапшырышты.

 

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0oYGF47ZhmAiz8s95gbTp35WU7ketPTQfQt4Sx6jFp51zmrV5rHB4rQZL4dYMtzt1l&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 

 













https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=4362428143869414&id=100003068135434

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0W8Q2G3Xj8TiRx1DGhPN959xmD4Aa6H9EZhK8QfbWUeXqNjXwRrvPT2FDfyXf7tndl&id=100003068135434&__tn__=%2As-R&locale2=ky_KG&_rdr 







https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid02eS1oGHvyKmCn2x8owoooASCgQBXwbXFBunYvHUFa7cbdXmn9PCBp9wPi8CYs6pz1l&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 



КУБАНЫЧ ТУРДАЛИ УУЛУ ОШТУНУН ЭКИНЧИ ЖОЛКУ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

Ош технологиялык университетинин бириккен профсоюз уюму жана Бильярд клубу тарабынан университеттин окутуучулар жана кызматкер мырзаларынын ортосунда бильярд боюнча биринчилик болуп өттү. Мелдешке институттун да мырзалар жамаатынын өкүлдөрү катышты.

Ош шаарындагы “VINT” бильярд клубунда уюштурулган мелдешке жалпысынан 40га жакын мырзалар катышышты. 

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атын. Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун окутуучусу Турдали уулу Кубаныч, 2-орунду "Информатика" кафедрасынын окутуучусу Джороев Туйгунбек, 3-орунду Автоунаа жана тейлөө технологиясы факультетинин деканы профессор Болот Жоробеков ээлешип, уюштуруучулар тарабынан диплом, баалуу белектер менен сыйланышты. 

Турдали уулу Кубаныч 2020-жылы да 1-орунду камсыздаган, бул сапар экинчи ирет чемпион болуп, өтмө кубокту жеңип алды.

Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан мелдештин күйөрмандарына жана катышуучуларына атайын сый тамак уюштурулду.

Мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, майрамдык маанай тартуулоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, салтка айланып калган мелдеш акыркы 15 жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келет.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0TWbbuH1Q4A6yji5YJrbb2i6psqXb3nTRbMndY4p9gZ9oeXWbBLdbwsGHATemgaU1l&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 





Бектемир Мурзубраимович 500дөн ашуун эмгектердин автору жана ойлоп табуулардын, автордук күбөлүктөрдүн жана патенттердин ээси, академик. Ал СССРдин эл агартуусунун, СССРдин Жогорку билим берүүсүнүн отличниги, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Илим жана техника тармагында КРнын мамлекеттик сыйлыгынын ээси. «Манас» ордени (2003) менен сыйланган, II класстагы мамлекеттик кеңешчи, «Руханият» эл аралык сыйлыгынын лауреаты. Бир топ эл аралык сыйлыктардын ээси.

Урматтуу Бектемир Мурзубраимович, доордун даанышманы, элдин кеменгери жана акылманы болуп жүрө бериңиз. Сизге сыйлык болсо, биздин окуу жайга сыймык болуп саналат! Ден соолугуңуз бекем болсун!

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0BASCPiQ5wwbrpxidqEJsKtTnqGwzeYGmhtGwkKn3n88eTihadTPQSYVrfEVWVc9Sl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 











ДАЙЫМА “БИЗ БИРГЕБИЗ” 

Бүгүн окуу жайыбызда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн “Биз биргебиз” аттуу иш чара өткөрүп, ага райондогу ден соолугунан чектелген жарандар, КРнын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү З.И.Жамалдинов жана орун басары Д.Жаныкулов, Өзгөн районунун акими М.Раматов жана орун басары Р.Мырзакулов, Өзгөн районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери ж.б. катышты. 

Ден соолугунан чектелген жарандарга Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын баалуу белектери тапшырылды жана майрамдык концерт менен коштолду. 

Ал эми институтта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 2 студентке акчалай жардам көрсөтүлдү.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0kub9dj1BG25GPDyFwu7ayzSyQji2mQ5VVjSc91RK5CB9cheLbdPprYiE5zr7BDEgl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 




Психолог окутуучу Майрамкан Калбердиеванын инновациялык ачык сабактары уланууда ...

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid026uHsdrXwcdYC1rH6YAm4uMtZDcxig6GHBiDJKUmyEe3wpW9oJJzcWQhGhavmgSYZl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 















ПСИХОЛОГИЯДАН МАСТЕР-КЛАСС ӨТҮҮДӨ

Институттун психолог окутуучусу Майрамкан Калбердиева "Башталгыч класстарда окутуу" адистигинин студенттерине ачык сабак катары заманбап мастер-класстарын баштады

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid024TY6kntUbHznzh8QBQjJD74zHSENL6tyKuaaVjU2Te7cEuACSRYqi3YMgEmk72YMl&id=105659020902256&m_entstream_source=timeline&__tn__=%2As%2As-R 


Наши студенты в гостях в ОшТУ

Спасибо кафедре "Финансы и кредит" в лице Зикираева Марата, за тёплый приём, за создание новых возможностей для студентов, за мотивацию молодежи в эпоху цифровизации экономики...

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/544285827039571/


 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КРУЖОК "Я - ПРОФЕССИОНАЛ"

Члены кружка " Я профессионал" кафедры "Экономика", участвовали в круглом столе на тему "Как стать профессионалом в сфере экономики". На базе факультета БиМ ОшГУ.

https://www.facebook.com/105659020902256/posts/544283453706475/









ЖОЛУ ТАЗАЛАНГАНДЫН РУХУ ТАЗАРАТ

Бүгүн ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун жамааты Ош-Бишкек авто жолунун Өзгөн районундагы участогун таштандылардан тазалоого жана жол чекесиндеги каналдарды чаап тазалоо үчүн жалпы ишембиликке чыгышты. 

https://www.facebook.com/100010130072749/posts/1643454802668840/




ОшТУда кезектеги ишембилик

Ош технологиялык университетинде “Тазалык” акциясы уюштурулду. Ишембиликке окуу жайдын активдүү студенттери катышып, Ак-Буура дарыясынын жээгин жана окуу жайдын айланасын тазалоого чыгышты. Тазалоодон топтолгон таштандылар, таштанды таштоочу жайга Ош Тазалык ишканасы менен биргеликте жеткирилди. 

Ош технологиялык университетинде тазалык акциялары жыл сайын уюштурулуп келет.

https://www.facebook.com/100010130072749/posts/1642831722731148/




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!