Эмгекти коргоо боюнча класс жетекчинин кызматтык милдеттери.
Класс жетекчи:
-Окуучулар менен бирдикте эмгекти коргоо жана сактоо эрежелерин окуп үйрөнөт,окуу-тарбия процессинде анын аткарылышын катуу сактайт.
-Ар кандай экскурцияларда,жүрүштөрдө,спорттук оюндарда,коомдук пайдалуу эмгектердин жүрүшүндө алардын өмүрү жана ден-соолугунун сакталышына жеке өзү жооп берет.
-Ар бир күтүлбқгқн кырсык жөнүндө мекеменин жетекчисине токтоосуз билдирет.
-Окуу-тарбия процессинде коопсуздукту камсыздайт,класстан тышкаркы иштерди өтүүдө (экскурция,жүрүш,спорттук мелдештер,кечелер ж.б)өрт коопсуздугу, жол-кыймылы,көчөдө жүрүү, сууда сүзүү эрежелери боюнча атайын регистрация (каттоо) журналга каттайт.
-Окуучуларды техника өрт коопсуздугун сактоону, жолдо жүрүү, көчөдө жүрүү, сууда сүзүү эрежелерин өз жоопкерчилигине алууга тарбиялайт.
-Биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү билүүгө тийиш.
Эмгекти коргоо инструктажы жөнүндө журналды толтуруу боюнча эскерткич:
Эскертме:
1.Толтуруунун талабы:
1.1.Ар бир окуучунун фамилиясынын тушуна датасы коюлушу керек.
1.2.Экинчи 2 графага окуучунун фамилиясы жана аты көрсөтүлөт.
1.3.Ар бир фамилиянын тушуна инструктаждын түрү көрсөтүлөт.
1.4.4-графага инструкциянын номери жана так аталышы көрсөтүлөт.
1.5.5-графага инструктордун фамилиясы жана аткарган кызматы.
1.6.6-графада бош орун болбоосу керек(окуучулардын колу коюлат)
1.7. Ар бир фамилиянын тушуна инструктордун колу коюлат.
1.8.Баардык 10 инструктаж(кириш бөлүмү менен) биринчи эки жумада окуп
үйрөнүшү керек.
1.9.Ар бир инструктаж өзүнчө турат.
Бардык класстын окуучулары үчүн:
-окуу жылынын башында кириш инструктаж:
-биринчи эки жумада бардык багыттар үчүн алгачкы инструктаж:
-экинчи жарым жылдыктын биринчи эки жумасында кайталап окутуу
инструктаж:
-пландан сырткары инструктаж (күтүлбөгөн кырсыктар боюнча)
-Максаттуу (себептүү) инструктаж (каникулга чыгуу,экскурсияга баруу, класстан сырткары иш чара)
№1
Окуучулардын эмгекти коргоо боюнча инструкциясы
Окуучулардын эмгекти коргоо боюнча инструкциясы
(кириш инструктаж)
1.Мектептин жайгашкан жери жөнүндө маалымат.
2.Мектепке барып, келе жатканда:
-атайын белгиленген жерден жолду кесип өтүү.
-транспрот коркунучу жок экенине көзүң жеткенде өт.
3.Мектепте коркунучу бар кабинеттер бар:химия,физика,биология,информатика,эмгек кабинеттери жана спортттиук зал.Сабак убагында бул кабинеттерде эмгекти коргоо инструкциясын жана мугалимдин талабын катуу аткаруу керек.
4.Коркунучтуу жаракат алуу абалын болтурбоо үчүн мектепте:
-танапис маалында чуркабоо жана түртүшпөө:
-тепкичтен секирбөө,аттабоо,сыйгаланып түшпөө:
-полго суу төкпөө:
-буу жылыткычтын трубаларына асылып,тартылып ойнобоо керек.
5.Ар кандай жаракат алып же кырсык болуп калса дароо жанында турган мугалимге,класс жетекчиге,завучка,директорго билдир.Медициналык кабинеттен аптечканы тап. Аптечка химия,физика,биология,информатика,эмгекке үйрөтүү кабинеттеринде болот.Ошондой эле спорт залда,директордун кабыл алуу бөлмөсүндө,мугалимдер бөлмөсүндө болууга тийиш.
6.Өрт чыкса,электр зымдарынын биригүүсүнөн күйүп кетүү пайда болсо,канализациянын булганышынан(толуп кетүү,тыгын) шек болсо мектеп администрациясына,дежур кароолчуга,мугалимге билдир.Өрт чыкса 101 телефонуна,милиция бөлүмү-102,тез жардам-103 билдир.Телефон мектепте болот.
7.Өзгөчө кырдаал абалы түзүлүп калса баары эвакуация болот.Үч жолу кыска коңгуроо менен тревога болуп, радио аркылуу айтылат.Окуучулар класстан чыгышып.Мугалим менен бирдикте уюшкандыкта эвакуация мезгилинде класс өзү менен бирге кебез-марш таңгычстарын бөтөлкөдөгү сууларын алып жүрүүсү керек.Эгер «химиялык тревога» болуп калса анда колона шамалдын багытына перпендикуляр жүрүшү керек.
8.Мектепте шектүү же өзүн агресивдүү алып жүргөн чоочун адамдарды көрүп калсаңар,дароо мектеп кайтарган адамга же мугалимге айтуу керек.
9.Мектепте жолбун иттер,мышыктар жүрүүгө жол берилбейт.
10.Мектеп бөлмөлөрүндө тамеки тартууга, күйгүзүлгөн ширенке кутучаларын мусор бактарына ыргытууга болбойт.
11.Мектеп ашканада өзүңдө тыкан карма.Столго тамак-аш калдыктарын калтырып,полду булгаба.Тамак ичип жатканда тынч отуруу керек.Ашкана приборлорун ары-бери булгалап ойнобой,кыйкырба,түртүшпө.Тамак ичээрдин алдында колуңарды сөзсүз самындап жууш керек.Ашканада сырткы жана баш кийим менен отурууга болбойт.
12.Эгер санитардык сааттарды өтүүгө катышып калсаң коопсуздук чараларын сакта.
13.Мектепте окуучуларга психикалык жана физикалык зомбулук көрсөтүүгө болбойт.Бардык талаш маселелер тынчтык жолу менен чечилиши керек.
14.Окуучулар дежур мугалимдин жана дежур окуучулардын талабын аткарышы керек.
№2
Окуучуларга өрт коопсуздугу боюнча инструкция
Окуучуларга өрт коопсуздугу боюнча инструкция
Кенже класстын окуучулары үчүн:
1.Ширенке менен ойнобо жана алба.
2.Мештин жана ачык спиралдуу жылыткыч прибордун жанында кийим
кургатуу,оюнчуктар менен ойноо опурталдуу.
3.Чоң кишимлердин уруксатысыз электр приборлорун,газ плитасын иштетүүгө
болбойт.
4.От жагып анын ичинде ойноого жол берилбейт.
5.Эгер өрт болуп жатканын көрсөң дароо ата-энеге же чоң кишилерге билдир.
Жогорку класстар үчүн:
1.Кичинекей балдардын ширеңке менен ойнобоосуна көз салып алардын колу
жетпеген жерине койгула.
2.Тааныш эмес буюмдарды ысытпагыла айрыкча порошок,сыр идиштерин
аэрозлдук баллондорду.
3.Электр ысыткыч жабдууларын кароосуз калтырбагыла.Кичинекей балдарды
телевизорду сайдырбагыла.Үйдөн чыгып баратып электр жабдууларын өчүрүп
кеткиле.
4.Толтура бензин бар бочка коркунучтуу эмес.Оңой күйүп кетүү куюктук куюлган
бош бочка же күйгүзүлгөн ширенке талы деле оор күйүккө же жаракатка
алып келээри эсиңерге сактагыла.
5.Толтура бензин бар бочка эле коркунучтуу эмес.Оңой күйүп кетүү суюктук
куюлган бош бочка же күйгүзүлгөн ширенке талы деле оор күйүккө же
жаракатка алып келээрин эсиңерге сактагыла.
6.Мештеги отту же сыртка от жакканда бензин же солярка менен тутантпагыла.
7.Отту кароосуз калтырбагыла.Өчүрүп кеткиле.
8.Кичине балдарга жана өзүңөр куураган чөптү.Терек жалбырагынын парын
өрттөөгө жол бербегиле.
9.Өрттү көрүп калсаңар чоң кишилерге кабарлап 101 телефонуна чалып өрт
өчүрүүчүлөрдү чакыргыла.
Мектеп айланасында:
1.Чоң от жагууга факелдерди,петардаларды ,фейерверктерди туташтырууга тыюу
салынат.
2.Мектептин территориясында тамеки тартууга болбойт.
3.Мектепте ширенке,күйүүүчү суюктуктарды тез күйүп кетүүчү материалдарды алып
калууга тыюу салынат.
4.Класстарда,кабинеттерде жарык берүүчү жана спиралдуу жылыткыч прибрлорду
колдонууга тыюу салынат.
5.Мусор чогултуучу контейнерлерге күйүп жаткан ширенкени салууга эч жол
берилбейт.
6.Эгер өтр чыгып калса үч кыска коңгуроо кагуу менен эвакуациялагыла.
№3
Окуучулардын электр коопсуздугу боюнча инструкциясы
Окуучулардын электр коопсуздугу боюнча инструкциясы:
-Үйдөн чыгып баратканда сөзсүз электр жабдууларын өчүрүп кеткиле.
-Суулу колуң менен розеткага штепселдик вилканы сайба.
-Электр проводун тартпа-кыска замыкание болот
-Эч качан жылаңач ( ачык) зымга жакын жолобо.Кармаба ток урат.
-Атайын поставкасы жок үтүк, чайнек , плитаны колдонбо
-Токко сайылып ысып жаткан суу куюлган идишке колуңарды салбагыла.
-Электр зымдарынын үстүнө гүл горшокторун илбегиле.
-Эч качан токко туташкан электр жабдууларын нымдуу тряпка менен сүрбөгүлө.
-Күйүп кеткен электр жабдууларын суу менен өчүрбөгүлө.
-Илинип же жерде жаткан электр зымдарына колуңарды тийгизбегиле.
-Элекрт зымдары үйдүн чатырына жакын өткөн тамдын үстүнө чыгуу же столбалардын үстүнө чыгуу коркунучтуу.
-Трансформатордук подстанцияларга,кубаттуу шиттерге кирүүгө болбойт.Ал өлүмгө алып келет.
-Кездеме же кагазды электр лампочкаларга абажур кылып күйгүзүүгө болбойт.
-Токко туташтырып турган электр приборун оңдоого болбойт.
-Электр жабдуусу күйүп баштаса. Силер өчүрө албасаңар өрт өчүрүүчүлөрдү телефон менен чакыргыла.
№4
Жолдо жана транспортто коопсуз жүрүүнүн инструкциясы
Жолдо жана транспортто коопсуз жүрүүнүн инструкциясы:
1.Көчөгө чыкканда өтүп бара жаткан адамдарга тоскоол болбо
2.Мектепке баруунун коопсуз маршрутун танда,кайсы жерден көчөнү же жолду а кесип кетесиң
3.Шаардын көчөсүнөн этият бол.Шашпа.Жол жээги тротуар менен бас.
4.Көчө кесилиштери аз болсо ошончолук коркунуч жок.
5.Тротуардын оң жагы менен шашпай бас.
6.Жолдун жээгинен бир кадам берирээк бас.
7.Көчөнүн же жолдун жээгинен бир кадам берирээк бас.
8.Дарбаза тушунан этият болуу,анткени короодон машина чыгып калуусу мүмкүн.
9.Токтоп турган машинанын жанынан өтүп баратканда сак бол.Ичиндеги пасажирлер эшигин ачып жиберсе.Сени уруп кетет.
10.Жолдон жөө кишилер өтчү жерден өт.
11.Көчөнү кесип өтүүдөн мурда солду кара.Эгер бош болсо өт.Ортосунан токто.Машине жүрө баштаса токтоп тур.Эми оңго кара.Бош болсо өтө бер.
12.Жөө кишилер өтүүчү жер болбосо анда тротуардын бир бурчунан экинчи бурчуна карай жөнө бул коопсуз.
13.Эгер көчөдө кыймыл көп болсо,анда чоң кишилердин же милиция кызматкеринен жардам сурап өтүп кет.
14.Транспрорту атайын токтоочу аянтта же тротуарда күт.
15.Автобус,траллебус трамвайга түшкөндө башка жүргүнчүлөргө жолтоо кылбай тартипти сактоо.
16.Автобус троллебус трамвайга түшкөндө арткы эшиктен кир.
17.Алдыңкы эшиктен гана чык.Алдыга жылып даярданып ал.
18.Транспортко түшөөрдө жана чыгаарда шашпа,түртүшпө.
19.Автобус трамвайдан түшкөндөн кийин тротуар менен жөө кишилер өтүүчү жерге барып ошол гана жерпден аркы өйүзгө өтөсүң.
20.Жолдон өтүп жатканда стетофорго кара.Кызыл токто-баары токтош керек.Сары көңүл бургула-күткүлө.Жашыл-өткүлө.
21.Транспортто баратканда салондун ичинен ары-бери баспагыла.Кармоочу таянычтарды карма.Терезеден башыңды чыгарба.Колуңду сунба.Жөнү жөк эле авариялык абалды баспа.
22.Жолдун жээгине ойнобо.Велосипед теппе.
23.Жүрүп келе жаткан транспорттун алдынан чыкпа.
24.Өтүп бара жаткан транспорттун артынан жармашба.
№5
Короолордо,
көчөлөрдө,үйдө жана коомдук жерлерде кырсыкты болтурбоо инструкция
Короолордо,көчөлөрдө,үйдө жана коомдук жерлерде кырсыкты болтурбоонун инструкциясы:
1.Үйдөн,квартирадан мурда эшиктин көзөнөкчөсүнө карап чоочун адам жок экенине ишенгенден кийин чыккыла.Эгер турган болсо күтө тур.
2.Эгер убактыңды короодо өткөрүп жүргөн болсоң алкоголь ичимдигин ичишкен.Наркотикалык заттарга мас болгон же азарттык оюндарды ойноп жатышкан сенден улуураак өспүрүм балдардын компаниясынан алыс бол.
3.Тааныш эмес адамдардын машинасына,мотоциклине отурба.
4.Эгер үйдө чоң кишилер болбосо кымбат баалуу буюмдарды сыртка өзүң менен алып жүрбө.
5.Тааныш компания менен өзүңдүн үйүңдүн жанында эле ойно.
6.Жардамга чакыруу-бул коркоктун күбөсү эмес.Бул өзүн-өзү коргоо аргасы.Кээде аман калуу болуп эсептелет.
7.Эгер артындан кууса жарык болгон эл көп болгон жакка чурка.
8.Өзүңдүн жеке коопсуздугун (уурдап кетүү) үчүн:
-Көчөдө жалгыз калбоо.Эс алууга жалгыз жүрбөө.Мектепте жана мектептен келе жатканда жалгыз жүрбөө.
-Мектепке,дүкөнгө,досторго баруучу маршрутту ба-бат алмаштыруу.
-шектүү тааныбаган адамдар менен эч качан сүйлөшпөө.
-тааныбаган адамдардын машинасына отурбоо.
-өзүңдүн туугандарыңа
№6
Жарылбай калган ок дарылар,миналар,гранаталар жана белгисиз пакеттер табылган учурда коопсуздук эрежелери боюнча инструкциясы
Жарылбай калган ок дарылар,миналар,гранаталар жана белгисиз пакеттер табылган учурда коопсуздук эрежелери боюнча инструкциясы
1.Транспортто , үйлөрдүн подьездеринде пакет
( сумка,каробка ж.б) байкап калсаңар эч качан ага тийбегиле.
2.Сумка,коробка,пакетти шаардык транспорттон байкап калсаңар айдоочуга билдиргиле.
3.Табылга жөнүндө милиция кызматкерине билдиргиле.
4.Эгерде кандайдыр бир террордук актынын күбөсү болуп калсаңар өзүңөрдү жоготпой окуя болгон жердеги адамдарды эске тутуп калууга аракеттенгиле.Мүмкүн ошолор кылмышкерлер болуп калат.
5.Медициналык тез жардам келгиче жарылуудан жана ок атуудан жабыр тарткандарга колдон келген жардамыңыздарды көрсөтүңүз.
6.Жарылуучу пакет менен ойнобогула катуу оор күйүк алууңар мүмкүн.
7.Күйүп жаткан отко окту ыргытпагыла.Ал атылып кетип өзүңөрдү жаралап коюусу мүмкүн.
8.Кислород баллондорунан бензин куюлган бош бочкалардан газ-аба толтурулган идиштердин жарылып кетүүсүнөн сак болгула.
№7
Жай,күз-кыш жана жаз мезгилдеринде көлмөлөрдө өзүн коопсуз алып жүрүүнүн инструкциясы
Жай,күз-кыш жана жаз мезгилдеринде көлмөлөрдө өзүн коопсуз алып жүрүүнүн инструкциясы
1.Киринүү учурунда сууга тез түшкүлө,дайыма кыймылда болгула.
2.Тамак ичээриңер менен жана чарчап турганда (футбол ойноо ж.б)сууга түшпөгүлө.
3.Күн суук (аба ырайы) болсо жылуу үчүн бир нече физикалык көнүгүүлөрдү жазагыла.
4. 30 минуттан ашык сууга түшпөгүлө эгер суу муздак болсо 5-6 минут жетет.
5.Эгер кулак ооруса башыңар менен төмөн кирбегиле.
6.Сууда сүзүүдө суунун алдында көпкө жүрбөгүлө.
7.Суудан чыкканда денени кургатып тез кийингиле.
8.Чарчаганыңарды сезсеңер тез арада жээкке чыккыла.
9.Тырышып калсаңар өзүңөрдү жоготпой чөгүп кетпегенге аракет кылып жардамга чакыргыла.
10.Жардамга келген коргоочуга сени жээкке алып чыгууга жардам бер аны артка тартпа.
Тыюу салынат:
1.Тердеп туруп сууга түшүүгө
2.Белгиленген жерден өтүп кетүүгө
3.Моторлуу кайыктарга, баржаларга жакын сүзүп келүүгө.
4.Толкун катуу болуп жатса сууга түшүүгө.
5.Секирүүчү бийиктиктин жанында башка адамдар сүзүп жүрүшсө секирүүгө болбойт.
6.Муздун калыңдыгын бут менен тээп текшербөө керек.
7.Муз үстүнөн группа менен өтүүдө аралыкты сактагыла.(5-6 метр).
№8
Экскурцияларды,
сеилдөөлөрдү өткөрүүдө эмгекти коргоонун
инструкциясы
Экскурсияларды,сейилдөөлөрдү өткөрүүдө эмгекти коргоонун инструкциясы
Коопсуздуктун жалпы талаптары:
1.1.Туристтик жүрүштөргө,сейилдөөлөргө,экскурсияларга эмгекти коргоо инструктажынан медициналык кароодон өткөн ден-соолугу чың мектепке чейинки жаштагы балдар жана биринчи класстын окуучулары бара алышат.
1.2.Туристтик жүрүштөргө,сейилдөөлөргө,экскурсияларга жана экспедицияларга чыгууда эс алуунун жана жүрүштөрдү өткөрүүнүн эрежелерин сактоо керек.
Төмөнкү факторлорго көңүл бургула:
-Белгиленген маршруттук кыймылдын өзгөрүлүшү өз алдынча группалык орунду таштап кетүү.
-Туура келбеген бут кийим тандоодон буттун өйкөлүшү.
-Жылаңайлак жүрүүдөн байпагы жок же шымы жок жүрүүдөн буттун жаракат алуусунан.
-Текшерилбеген ачык көлмөлөрдөн суу ичип,ичеги-карын,ашказан ооруларын жугузуп алуудан.
1.3.Окуучулар көрсөтүлгөн тартипти жана һздүк гигиена эрежелерин сактоо керек.
№9
Сейилге чыгуу.Туристтик жүрүштөрдү,
экскурсияларды өткөрүү убагындагы коопсуздук талаптары
Сейилге чыгуу.Туристтик жүрүштөрдү,экскурсияларды өткөрүү убагындагы коопсуздук талаптары.
1.Тартипти сактоо жетекчинин көрсөтмөлөрүн аткаруу өз алдынча маршрутту өзгөртүп кетип калбоо,жайгашкан жерди таштап кетпөө.
2.Жалпы сейилдин убактысы 1-4 саат.Ал эми туристтик жүрүш,экскурсия,экспедицияныкы 1-2-класстар үчүн 1 күн.3-4-класстар үчүн 3 күн.5-6-класстар үчүн 18 күн.7-9-класстар үчүн 24 күн.10-11-класстар үчүн 30 күндүн аралыгында.
3.Эс алып өргүгөн убакта от тутантууга болбойт.
4.Кандайдыр бир өсүмдүктөрдүн жемиштеринин даамын татып көрүүгө болбойт.
5.Уулуу жана коркунучтуу айбанаттарды, курт-кумурскаларды, тикенектүү бадалда өсүмдүктөрдү кармоого болбойт.
№10
Коомдук транспортто жүрүүнүн инструкциясы
Коомдук транспортто жүрүүнүн инструкциясы
1.Сутканын караңгы ээн остоновкаларда турбоого аракеттенгиле.Элдер турган жерде күт.
2.Автобус келгенде биринчи катарда турба.Дөңгөлөк алдында калууң мүмкүн.
3.Жүрүп баратканда уктаба.Анткени катуу тормоз берсе травма алууга болот.
4.Караңгыда жүрүүгө туура келсе айдоочунун жанына,чыгууга жакын отуруу керек.
5.Кыздарга аялдар менен бирге олтурууга сунуш кылынат.
6.Эгерде салонго өзүнө туура келбеген пассажир кирсе, аны тиктебей тескери карагыла.
7.Буюмуңарга көз салгыла.
Коомдук транспортто тыюу салынат:
-автобус,тролейбусстун ичинде басып жүрүүгө.
-эшикти эки жагынан ачууга.
-айнектен баш чыгарууга.
-айдоочуну алаксытууга.
-приборлорду өчүрүп күйгүзүүгө.
-жөнү жок эле авариялык кнопканы басууга.
ИНСТРУКТАЖДАН ӨТКӨН ОКУУЧУЛАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
(II ЖАРЫМ ЖЫЛДЫК ҮЧҮН КИРИШ ИНСТРУКТАЖЫ)
(инструкция менен тааныштым,макулмун)
№ | А.А.А | Мөөнөтү | Колу | Инструктор дун аты-жөнү | колу | Эскертүү |
1 | | | | | | |
2 | | | | | | |
3 | | | | | | |
4 | | | | | | |
5 | | | | | | |
6 | | | | | | |
7 | | | | | | |
8 | | | | | | |
9 | | | | | | |
10 | | | | | | |
11 | | | | | | |
12 | | | | | | |
13 | | | | | | |
14 | | | | | | |
15 | | | | | | |
16 | | | | | | |
17 | | | | | | |
18 | | | | | | |
19 | | | | | | |
20 | | | | | | |