СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Интернеттин пайдасы

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Интернеттин пайдасы»

БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН ОКУУ САБАКТАРЫНДАГЫ ПОЗИТИВДҮҮ ТАРБИЯ   USDA “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” долбоору   Август 2019

БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН ОКУУ САБАКТАРЫНДАГЫ ПОЗИТИВДҮҮ ТАРБИЯ

USDA “Билим үчүн азык жана балдардын тамактануусу” долбоору

Август 2019

1 күн Тренингдин максаты: •  Окуучулардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн позитивдүү тарбияны (ПТ) түзүү ыкмаларын жана техникаларын, жана ошондой эле шыктандыруучу чөйрөнү түзүү боюнча башталгыч мектептердин мугалимдеринин, мектептин усулдук бирикмелеринин жетекчилеринин жана окуу бөлүмдөрүнүн башчыларынын дараметин жогорулатуу.

1 күн

Тренингдин максаты:

Окуучулардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу үчүн позитивдүү тарбияны (ПТ) түзүү ыкмаларын жана техникаларын, жана ошондой эле шыктандыруучу чөйрөнү түзүү боюнча башталгыч мектептердин мугалимдеринин, мектептин усулдук бирикмелеринин жетекчилеринин жана окуу бөлүмдөрүнүн башчыларынын дараметин жогорулатуу.

Күтүлүүчү натыйжалар:   Трнингдин катышуучулары: • жазалоонун денелик (физикалык) жана эмоционалдык түрлөрүн айырмалашат; • класста позитивдүү тарбиянын принциптерин жана мамилелерин билишет; • позитивдүү мамилени колдонуу менен, тарбиядагы көйгөйлөрдү талдашат жана  чечишет; • ПТнын натыйжалуу стратегияларын колдонуу аркылуу окуу сабактарында позитивдүү  чөйрөнү түзүшөт; • эффективдүү кайтарым байланыштын ар кандай ыкмаларын практикада колдонушат. • балдар менен кыздардын ортосундагы окуу көндүмдөрүн жакшыртуудагы ажырымды  жөнгө салууда кээ бир сунуштарды жана идеяларды колдонушат • башталгыч класстардын балдарынын сабаттуулук көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн  башталгыч класстардын мугалимдерин окуу сабактарында ПТны түзүүгө окутуу боюнча  иш план түзүшөт.

Күтүлүүчү натыйжалар:

Трнингдин катышуучулары:

• жазалоонун денелик (физикалык) жана эмоционалдык түрлөрүн айырмалашат;

• класста позитивдүү тарбиянын принциптерин жана мамилелерин билишет;

• позитивдүү мамилени колдонуу менен, тарбиядагы көйгөйлөрдү талдашат жана

чечишет;

• ПТнын натыйжалуу стратегияларын колдонуу аркылуу окуу сабактарында позитивдүү

чөйрөнү түзүшөт;

• эффективдүү кайтарым байланыштын ар кандай ыкмаларын практикада колдонушат.

• балдар менен кыздардын ортосундагы окуу көндүмдөрүн жакшыртуудагы ажырымды

жөнгө салууда кээ бир сунуштарды жана идеяларды колдонушат

• башталгыч класстардын балдарынын сабаттуулук көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн

башталгыч класстардын мугалимдерин окуу сабактарында ПТны түзүүгө окутуу боюнча

иш план түзүшөт.

Таанышуу Катышуучунун аты-жөнү   Башталгыч класстагы иштеген иш тажрыйбаңыз(кайсы класс менен иштейсиз) Иштеген жери   Сиздин семинардан күтүүӊүз

Таанышуу

Катышуучунун аты-жөнү

 

Башталгыч класстагы иштеген иш тажрыйбаңыз(кайсы класс менен иштейсиз)

Иштеген жери

 

Сиздин семинардан күтүүӊүз

 Семинардын эрежелерин иштеп чыгуу   Семинарга өз убагында келүү. Бирөө сүйлөп жатканда сөзүн бөлбөө. Өз кезегин күтүү. Бир нерсени айтууну каалаганда кол көтөрүү. Сунуштаган адамдарды эмес, идеяларды сынга алуу. Өз идеяларын, ойлорун билдирүү укугу. Уюлдук телефондорду өчүрүү ж.б.

Семинардын эрежелерин иштеп чыгуу

  • Семинарга өз убагында келүү.
  • Бирөө сүйлөп жатканда сөзүн бөлбөө. Өз кезегин күтүү.
  • Бир нерсени айтууну каалаганда кол көтөрүү.
  • Сунуштаган адамдарды эмес, идеяларды сынга алуу.
  • Өз идеяларын, ойлорун билдирүү укугу.
  • Уюлдук телефондорду өчүрүү ж.б.
 Мектепте уруп жазалоо  1 . Мектепте уруп жазалоо деген эмне? 2. Уруп жазалоонун кандай себептери бар? 3. Эмне үчүн балдар сабакта өздөрүн жаман алып жүрүшөт? 4. Уруп жазалоо окутууда натыйжалуу ыкма болуп  саналабы?

Мектепте уруп жазалоо

1 . Мектепте уруп жазалоо деген эмне?

2. Уруп жазалоонун кандай себептери бар?

3. Эмне үчүн балдар сабакта өздөрүн жаман алып жүрүшөт?

4. Уруп жазалоо окутууда натыйжалуу ыкма болуп

саналабы?

 Уруп жазалоо   Мектепте уруп жазалоо – бул мектеп окуучуларын начар жүрүм-туруму үчүн алдын ала ойлонулган жазалоо. Сөз менен мазактоо да жазалоонун түрү болуп саналат.

Уруп жазалоо

Мектепте уруп жазалоо – бул мектеп окуучуларын начар жүрүм-туруму үчүн алдын ала ойлонулган жазалоо. Сөз менен мазактоо да жазалоонун түрү болуп саналат.

 Уруп жазалоону колдонуунун себептери: окуучулардын начар жүрүм-туруму; адамдар уруп жазалоо – бул натыйжалуу ыкма, анткени ал балдарды балекеттен жана көйгөйдөн сактайт деп эсептешет; окуучу бат тил алып, окууга тез арада кайрылат, бул баланы мектептен чыгарып салганга караганда жакшы. балдарды жамандан жакшыны айырмалаганга үйрөтөт жана урматтоо сезимин пайда кылат; мугалимдер тартипке келтирүүнүн башка атаандаш ыкмалары жөнүндө билишпейт…

Уруп жазалоону колдонуунун себептери:

  • окуучулардын начар жүрүм-туруму;
  • адамдар уруп жазалоо – бул натыйжалуу ыкма, анткени ал балдарды балекеттен жана көйгөйдөн сактайт деп эсептешет;
  • окуучу бат тил алып, окууга тез арада кайрылат, бул баланы мектептен чыгарып салганга караганда жакшы.
  • балдарды жамандан жакшыны айырмалаганга үйрөтөт жана урматтоо сезимин пайда кылат;
  • мугалимдер тартипке келтирүүнүн башка атаандаш ыкмалары жөнүндө билишпейт…
 Эмне үчүн балдар сабактарда өздөрүн жаман алып жүрүшөт? ?  тапшырма окуучу үчүн өтө эле жеңил же татаал; тапшырма кызыксыз, окуучуларга көңүлсүз; окутуунун ыкмалары окуучунун окуу стилине дал келбей калуусу мүмкүн; окуучуга максаттар менен күтүлүүчү натыйжалар түшүнүксүз; окуучунун коомдук көндүмдөрү төмөн, ал мугалим жана бөлөк окуучулар менен жакшы тил алыша албайт же өзүн өзү төмөн баалайт; мугалимдин окуучуга адилетсиз мамилеси, анын кескин сындары, терс пикирлери, ак ниет эместиги;

Эмне үчүн балдар сабактарда өздөрүн жаман алып жүрүшөт? ?

  • тапшырма окуучу үчүн өтө эле жеңил же татаал;
  • тапшырма кызыксыз, окуучуларга көңүлсүз;
  • окутуунун ыкмалары окуучунун окуу стилине дал келбей калуусу мүмкүн;
  • окуучуга максаттар менен күтүлүүчү натыйжалар түшүнүксүз;
  • окуучунун коомдук көндүмдөрү төмөн, ал мугалим жана бөлөк окуучулар менен жакшы тил алыша албайт же өзүн өзү төмөн баалайт;
  • мугалимдин окуучуга адилетсиз мамилеси, анын кескин сындары, терс пикирлери, ак ниет эместиги;
 Эмне үчүн балдар сабактарда өздөрүн жаман алып  жүрүшөт? ( уландысы )  баланын чарчоосу, оорусу, чаалыгуусу, нерв системасынын алсыроосу; көңүл бурбоо, сабакта окуучуга жетиштүү көңүлдүн бурулбай калышы. Ал эми жаман жүрүм-турум мугалимдин көңүлүн өзүнө дароо бурат; окуучу топ балдардын арасынан көрүнгүсү, өзүнүн жекечелигин көрсөткүсү келет, бирок жаман жүрүм-турумунан башка эч нерсе көргөзө албайт; окуучу лидер болгонду каалайт: анын активдүүлүгү бул өзүн-өзү бекемдөө ж.б. каражаты …

Эмне үчүн балдар сабактарда өздөрүн жаман алып жүрүшөт? ( уландысы )

  • баланын чарчоосу, оорусу, чаалыгуусу, нерв системасынын алсыроосу;
  • көңүл бурбоо, сабакта окуучуга жетиштүү көңүлдүн бурулбай калышы. Ал эми жаман жүрүм-турум мугалимдин көңүлүн өзүнө дароо бурат;
  • окуучу топ балдардын арасынан көрүнгүсү, өзүнүн жекечелигин көрсөткүсү келет, бирок жаман жүрүм-турумунан башка эч нерсе көргөзө албайт;
  • окуучу лидер болгонду каалайт: анын активдүүлүгү бул өзүн-өзү бекемдөө ж.б. каражаты …
 У руп жазалоо окутууда натыйжалуу ыкма болуп эсептелеби?   Уруп жазалоолор басмырлайт, алсыздык жана кемсинүү сезимдерин жаратат, баланын өзүн баалоосун жана өзүн сыйлоосун жоготот жана башкаларга зордук-зомбулук көрсөтүүгө алып келиши мүмкүн (Sternberg et al., 1993; Straus, 1994). Уруп жазалоо балдардын когнитивдик билим алуусуна терс таасир этет. Чаап жазаланган балдар башка балдарга караганда мектеп тапшырмаларын начар аткарышат (Straus & Mathur, 1995; Straus & Paschall, 1998). Уруп жазалоо мугалим (ата-эне) менен баланын ортосундагы ишенимди кетирет жана балдарга катаал мамиле жасоонун тобокелчилигин жогорулатат (Straus, 1994). Уруп жазалоону колдонуу бул - көйгөйдү чечүү жолу деп баланын ойлоосуна укук берет (Straus, Gelles, & Steinmetz, 1980; Straus, Sugarman, & Giles-Sims, 1997).

У руп жазалоо окутууда натыйжалуу ыкма болуп эсептелеби?

  • Уруп жазалоолор басмырлайт, алсыздык жана кемсинүү сезимдерин жаратат, баланын өзүн баалоосун жана өзүн сыйлоосун жоготот жана башкаларга зордук-зомбулук көрсөтүүгө алып келиши мүмкүн (Sternberg et al., 1993; Straus, 1994).
  • Уруп жазалоо балдардын когнитивдик билим алуусуна терс таасир этет. Чаап жазаланган балдар башка балдарга караганда мектеп тапшырмаларын начар аткарышат (Straus & Mathur, 1995; Straus & Paschall, 1998).
  • Уруп жазалоо мугалим (ата-эне) менен баланын ортосундагы ишенимди кетирет жана балдарга катаал мамиле жасоонун тобокелчилигин жогорулатат (Straus, 1994).
  • Уруп жазалоону колдонуу бул - көйгөйдү чечүү жолу деп баланын ойлоосуна укук берет (Straus, Gelles, & Steinmetz, 1980; Straus, Sugarman, & Giles-Sims, 1997).
  Уруп жазалоонун түрлөрү Денелик жазалоо – күнөөлүү болгондун денесин оорутуу максатын көздөгөн жазалоонун түрү. Эмоционалдык жазалоо – баланы кемсинтет жана психологиялык ооруга алып келет. Сөз менен терс (негативдүү) жазалоо сыяктуу эле жазалоонун бул түрү бир топ оор, ал өзүнө буларды камтыйт: эл алдында мазактоо, шылдыӊ, коркунуч, лакап жана кошумча ат коюу, кыйкырык, башкаруу. Кийим, тамак алып берүүдөн, ойноодон же мектептен кийин үйгө кетүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу сыяктуу кемсинткен аракеттер; баары көрүп, талкуулагыдай жагымсыз жагдайда калтыруу да эмоционалдык жазалоонун формалары болуп эсептелет».

Уруп жазалоонун түрлөрү

  • Денелик жазалоо – күнөөлүү болгондун денесин оорутуу максатын көздөгөн жазалоонун түрү.
  • Эмоционалдык жазалоо – баланы кемсинтет жана психологиялык ооруга алып келет. Сөз менен терс (негативдүү) жазалоо сыяктуу эле жазалоонун бул түрү бир топ оор, ал өзүнө буларды камтыйт: эл алдында мазактоо, шылдыӊ, коркунуч, лакап жана кошумча ат коюу, кыйкырык, башкаруу. Кийим, тамак алып берүүдөн, ойноодон же мектептен кийин үйгө кетүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу сыяктуу кемсинткен аракеттер; баары көрүп, талкуулагыдай жагымсыз жагдайда калтыруу да эмоционалдык жазалоонун формалары болуп эсептелет».

  Видео «Эмоционалдык жазалоо»  Катышуучуларга тапшырма: видеону көӊүл коюп карап, аны кароо учурунда уккан эмоционалдык жазалоо боюнча болушунча көп мисалдарды дептерлериниздерге жазыныздар  бул мисалдарды сабакта балдар менен өз ара мамиледеги өзүнүздун педагогикалык практиканызды байланыштырууга аракеттениниз.

Видео «Эмоционалдык жазалоо»

Катышуучуларга тапшырма:

  • видеону көӊүл коюп карап, аны кароо учурунда уккан эмоционалдык жазалоо боюнча болушунча көп мисалдарды дептерлериниздерге жазыныздар
  • бул мисалдарды сабакта балдар менен өз ара мамиледеги өзүнүздун педагогикалык практиканызды байланыштырууга аракеттениниз.
Денелик жана эмоционалдык жазалоонун түрлөрү  – бул жазалоонун катаал түрлөрү, анткени, психологдордун изилдөөлөрү боюнча, алар баланын психикасына зыян келтирет, анын мүнөзүнүн табигый өнүгүүсүнө жолтоо болот, балада туруктуу коркуу сезими жаралат. «Чоӊ муштум», «катуу кармоо», кур – бул руханий жактан алсыз мугалимдин, ата-эненин куралы. Тез-тез уруп жазаланган балада агрессия пайда болот, мүнөзү бузулат, өзүн басмырлоосу, өзүнө ишенбөөчүлүгү өсөт. Жазалоо – бул тартип эмес! Жазалоо окуучулардын ишенимдүүлүгүн жоготуп, алардын өз күчүнө ишенүүсүн начарлатып, аларды мектепти жактырбоого же ал тургай, жаман көрүүгө алып келиши мүмкүн. Денелик жазалоо жана кемсинтүү окуучулардын өзүнө ишенүү сезиминде узакка созулган жарат калтыруусу мүмкүн.

Денелик жана эмоционалдык жазалоонун түрлөрү

– бул жазалоонун катаал түрлөрү, анткени, психологдордун изилдөөлөрү боюнча, алар баланын психикасына зыян келтирет, анын мүнөзүнүн табигый өнүгүүсүнө жолтоо болот, балада туруктуу коркуу сезими жаралат. «Чоӊ муштум», «катуу кармоо», кур – бул руханий жактан алсыз мугалимдин, ата-эненин куралы. Тез-тез уруп жазаланган балада агрессия пайда болот, мүнөзү бузулат, өзүн басмырлоосу, өзүнө ишенбөөчүлүгү өсөт.

  • Жазалоо – бул тартип эмес! Жазалоо окуучулардын ишенимдүүлүгүн жоготуп, алардын өз күчүнө ишенүүсүн начарлатып, аларды мектепти жактырбоого же ал тургай, жаман көрүүгө алып келиши мүмкүн. Денелик жазалоо жана кемсинтүү окуучулардын өзүнө ишенүү сезиминде узакка созулган жарат калтыруусу мүмкүн.
Балдардын укуктары жөнүндө конвенция   Балдардын укуктары жөнүндө конвенция - балдар  дене жана акыл-эс жагынан зомбулуктун, зыян келтирүүнүн жана таш боордук менен мамиле кылуунун, тоотпогондуктун же шалаакы мамиле кылуунун, жаман мамиле жасоонун, эмгегин пайдалануунун, (буга сексуалдык зордук да кирет,) бардык түрлөрүнөн корголушу керектигин талап кылат   (19-берене боюнча). Баланын укуну жөнундөгү Конвенция БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 44/25 резолюциясында 1989-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган .

Балдардын укуктары жөнүндө конвенция

Балдардын укуктары жөнүндө конвенция - балдар дене жана акыл-эс жагынан зомбулуктун, зыян келтирүүнүн жана таш боордук менен мамиле кылуунун, тоотпогондуктун же шалаакы мамиле кылуунун, жаман мамиле жасоонун, эмгегин пайдалануунун, (буга сексуалдык зордук да кирет,) бардык түрлөрүнөн корголушу керектигин талап кылат

(19-берене боюнча). Баланын укуну жөнундөгү Конвенция БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 44/25 резолюциясында 1989-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган .

 Позитивдүү тарбия Сиздердин оюңуздар боюнча «позитивдүү тарбия (тартип) деген эмне?»

Позитивдүү тарбия

  • Сиздердин оюңуздар боюнча «позитивдүү тарбия (тартип) деген эмне?»

Позитивдуу тарбия «Позитивдүү тарбия»  Натыйжалуу тарбия (тартип) позитивдүү жана конструктивдүү болот, ал тарбия берүүгө жана билим алууга жардам берет. Ал окутууга карата максаттардын коюлушун жана татаал кырдаалдарда конструктивдүү чечимдерди табууну өзүнө камтыйт. Позитивдүү тарбия окуучулардын өзүнө ишенимин, окууну сүйүүсүн, ага карата кызыгуусун жаратат, ошону менен окуучулардын ийгиликтүү болуусуна жардам берет.

Позитивдуу тарбия

  • «Позитивдүү тарбия»

Натыйжалуу тарбия (тартип) позитивдүү жана конструктивдүү болот, ал тарбия берүүгө жана билим алууга жардам берет. Ал окутууга карата максаттардын коюлушун жана татаал кырдаалдарда конструктивдүү чечимдерди табууну өзүнө камтыйт. Позитивдүү тарбия окуучулардын өзүнө ишенимин, окууну сүйүүсүн, ага карата кызыгуусун жаратат, ошону менен окуучулардын ийгиликтүү болуусуна жардам берет.

 Позитивдүү тарбия: ( уландысы ) Позитивдүү тарбия: шыктандырат, дем берет, колдойт, окууну сүйүүгө тарбиялайт, өзүн тартиптүү алып жүрүүгө алып келет, жөндөмдүүлүгүн жана өзүнө болгон ишенимин жогорулатат.

Позитивдүү тарбия: ( уландысы )

Позитивдүү тарбия:

  • шыктандырат,
  • дем берет,
  • колдойт,
  • окууну сүйүүгө тарбиялайт,
  • өзүн тартиптүү алып жүрүүгө алып келет,
  • жөндөмдүүлүгүн жана өзүнө болгон ишенимин жогорулатат.

 окуучунун жеке өз алдынча тартибин жолго сала турган узак мөөнөттүү чечим; ачык жана ырааттуу баарлашуу; Сиздин күтүүлөрүӊүздүн, эрежелердин жана чектөөлөрдүн ырааттуу күчөшү, алар Сиздин окуучуларыңыздын билимдерине негизденет жана келечекте адилеттүү болот; окуучулары менен өз ара бири-бирин урматтаган мамиле куруу; окуучуларды турмуштук көндүмдөргө үйрөтүү жана аларды окууну сүйүүгө тарбиялоо; сылыктыкка, таш боор болбоого, боорукерликке, өзүн өзү жана башкаларды, алардын укуктарын сыйлоого үйрөтүү; академиялык кыйынчылыктарды чечүү жана оор социалдык кырдаалдардан чыга билүү үчүн окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн жана өзүнө болгон ишенимин жогорулатуу.  Позитивдүү тарбия ( уландысы )

  • окуучунун жеке өз алдынча тартибин жолго сала турган узак мөөнөттүү чечим;
  • ачык жана ырааттуу баарлашуу;
  • Сиздин күтүүлөрүӊүздүн, эрежелердин жана чектөөлөрдүн ырааттуу күчөшү, алар Сиздин окуучуларыңыздын билимдерине негизденет жана келечекте адилеттүү болот;
  • окуучулары менен өз ара бири-бирин урматтаган мамиле куруу;
  • окуучуларды турмуштук көндүмдөргө үйрөтүү жана аларды окууну сүйүүгө тарбиялоо;
  • сылыктыкка, таш боор болбоого, боорукерликке, өзүн өзү жана башкаларды, алардын укуктарын сыйлоого үйрөтүү;
  • академиялык кыйынчылыктарды чечүү жана оор социалдык кырдаалдардан чыга билүү үчүн окуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн жана өзүнө болгон ишенимин жогорулатуу.

Позитивдүү тарбия ( уландысы )

 Позитивдүү тарбия (уландысы )   Позитивдүү тарбия – бул: Баарына эле уруксат бере берүү ЭМЕС; Бала эмнени кааласа, ошонун баарын кыла берүү мүмкүнчүлүгү ЭМЕС; Эрежелердин, чектөөлөрдүн жана тарбиянын күтүлүүчү натыйжаларынын жоктугу ЭМЕС; Импульстуу жооп кайтаруу жана уруп жазалоо ЭМЕС.

Позитивдүү тарбия (уландысы )

Позитивдүү тарбия – бул:

  • Баарына эле уруксат бере берүү ЭМЕС;
  • Бала эмнени кааласа, ошонун баарын кыла берүү мүмкүнчүлүгү ЭМЕС;
  • Эрежелердин, чектөөлөрдүн жана тарбиянын күтүлүүчү натыйжаларынын жоктугу ЭМЕС;
  • Импульстуу жооп кайтаруу жана уруп жазалоо ЭМЕС.

 ПТнын ыкмаларын колдонуунун мисалдары  1-мисал. “Бул окуя чет тил сабагында болду. Класстын ичи тыптынч. Окуучулар көңүл бөлуп мугалимди угуп отурушту. Капысынан Васянын партасынын астынан бир нерсе кыймылдады. Окуучулардын баары аны карап калышты. Кандайдыр бир нерсе ортого томолонуп чыкты. Класста баары кыраан-катып күлүп жиберишти. Мугалим кооптонуп калды. Вася болсо кызарып кетти. Анын көзүнөн коркуу сезимин көрүүгө болот эле. Окуучулар эми мугалимди карап калышты. Мугалим сумканын жанына келип, акырын анын боосун чечти. Сумкадан мышыктын кичинекей баласынын мурду көрундү. Вася коркуп, класстагылар болсо тыптынч туруп калышты. Мугалим мышыктын баласын колуна алып, мындай деди: “Кандай азаматсың, Вася! Биз бүгун “мышык”деген сөз менен таанышмакпыз, а мен анын сүрөтүн алып келгенди унутуп калыптырмын. Жакшы болбодубу”. Баары күлүп калышты. Вася оор улутунду. Чыр-чатак ушинтип чечилип калды”.

ПТнын ыкмаларын колдонуунун мисалдары

  • 1-мисал. “Бул окуя чет тил сабагында болду. Класстын ичи тыптынч. Окуучулар көңүл бөлуп мугалимди угуп отурушту. Капысынан Васянын партасынын астынан бир нерсе кыймылдады. Окуучулардын баары аны карап калышты. Кандайдыр бир нерсе ортого томолонуп чыкты. Класста баары кыраан-катып күлүп жиберишти. Мугалим кооптонуп калды. Вася болсо кызарып кетти. Анын көзүнөн коркуу сезимин көрүүгө болот эле. Окуучулар эми мугалимди карап калышты. Мугалим сумканын жанына келип, акырын анын боосун чечти. Сумкадан мышыктын кичинекей баласынын мурду көрундү. Вася коркуп, класстагылар болсо тыптынч туруп калышты. Мугалим мышыктын баласын колуна алып, мындай деди: “Кандай азаматсың, Вася! Биз бүгун “мышык”деген сөз менен таанышмакпыз, а мен анын сүрөтүн алып келгенди унутуп калыптырмын. Жакшы болбодубу”. Баары күлүп калышты. Вася оор улутунду. Чыр-чатак ушинтип чечилип калды”.

ПТнын ыкмаларын колдонуунун мисалдары 2-мисал. “Н” деген окуучу үй-тапшырмасын такай аткарбайт. Күндөлүгунө “2” коюлганда, ал “Койсоңор кое бергиле” деп койчу. Бир жолу ал дагы сабакка даярданбай келди. Мугалим ага “Күндөлүгүндү ач да, өзүңө баа койчу” деди. Окуучу аябай сүйүндү. Окуучулар жандана түшүштү. Канча коюшту сунуштай башташты. Акырында, бир топ талкуудан кийин, окуучу өзүнө “2 ” деген баа койду. Мугалим анын жанына колун койду да, жанына минтип жазып койду: “Чынчылдыгыӊ үчүн –“5”. Ошентип, чыр-чатак да чечилди, мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилелер да оңолду. Окуучу эми дайыма үй тапшырмасын аткарып келип калды”.

ПТнын ыкмаларын колдонуунун мисалдары

  • 2-мисал. “Н” деген окуучу үй-тапшырмасын такай аткарбайт. Күндөлүгунө “2” коюлганда, ал “Койсоңор кое бергиле” деп койчу. Бир жолу ал дагы сабакка даярданбай келди. Мугалим ага “Күндөлүгүндү ач да, өзүңө баа койчу” деди. Окуучу аябай сүйүндү. Окуучулар жандана түшүштү. Канча коюшту сунуштай башташты. Акырында, бир топ талкуудан кийин, окуучу өзүнө “2 ” деген баа койду. Мугалим анын жанына колун койду да, жанына минтип жазып койду: “Чынчылдыгыӊ үчүн –“5”. Ошентип, чыр-чатак да чечилди, мугалим менен окуучунун ортосундагы мамилелер да оңолду. Окуучу эми дайыма үй тапшырмасын аткарып келип калды”.
ПТ менен уруп жазалоонун айырмасы ( 1-практикалык иш)     Позитивдүү тарбия Уруп жазалоо Зомбулуктун денелик түрлөрүн да, эмоционалдык түрлөрүн да эч качан өзүнө камтыбайт. Бул денелик же эмоционалдык зомбулуктун түрү. Ал атаандаш жүрүм-турумду сунуштайт. Ал атаандаш жүрүм-турумду сунуштабайт. Ал дайыма ойлонулган жана пландаштырылган. Ал абдан бат болот жана пландаштыруу жана ойлонуу үчүн убакыт талап кылбайт. Ал жазалоонун зомбулуксуз түрлөрүн өзүнө камтыйт. Ал балдарды аларды жакшы көргөн эле адамдар денесин оорутуп, запкы келтирерине ынанганга (жакшы көрүү менен зомбулуктун ортосундагы байланыш) жана колунда бийлиги бар адамдар аны кыянаттык менен колдонсо болоруна үйрөтөт (жакшы көрүү менен зомбулуктун ортосундагы байланыш).

ПТ менен уруп жазалоонун айырмасы ( 1-практикалык иш)

Позитивдүү тарбия

Уруп жазалоо

Зомбулуктун денелик түрлөрүн да, эмоционалдык түрлөрүн да эч качан өзүнө камтыбайт.

Бул денелик же эмоционалдык зомбулуктун түрү.

Ал атаандаш жүрүм-турумду сунуштайт.

Ал атаандаш жүрүм-турумду сунуштабайт.

Ал дайыма ойлонулган жана пландаштырылган.

Ал абдан бат болот жана пландаштыруу жана ойлонуу үчүн убакыт талап кылбайт.

Ал жазалоонун зомбулуксуз түрлөрүн өзүнө камтыйт.

Ал балдарды аларды жакшы көргөн эле адамдар денесин оорутуп, запкы келтирерине ынанганга (жакшы көрүү менен зомбулуктун ортосундагы байланыш) жана колунда бийлиги бар адамдар аны кыянаттык менен колдонсо болоруна үйрөтөт (жакшы көрүү менен зомбулуктун ортосундагы байланыш).

 2-практикалык иш: «Позитивдүүбү же терспи?»   Тапшырма:  Төмөнкү таблицада келтирилген тартиптик (тарбиялык) чаралардын кайсынысы позитивдүү жана терс?  Дал келген тик катарга «√» белгисин коюңуз. Андан кийин акыркы тик катарда качандыр бир окуучунун жаман жүрүм-туруму үчүн аталган чараны колдонгон болсоңуз «√» белгисин коюңуз.  Тартиптик чаралар 1. Сабакты баштаганга чейин окуучулардын көңүлдөрүн буруу. Позитивдүү (√) 2. Сабактын максатын жана күтүлүүчү натыйжаларды түшүндүрүү. Терс (√)     Качандыр бир ушул чараларды колдондуңуз беле? Ооба/жок            

2-практикалык иш: «Позитивдүүбү же терспи?»

Тапшырма:

  • Төмөнкү таблицада келтирилген тартиптик (тарбиялык) чаралардын кайсынысы позитивдүү жана терс?
  • Дал келген тик катарга «√» белгисин коюңуз. Андан кийин акыркы тик катарда качандыр бир окуучунун жаман жүрүм-туруму үчүн аталган чараны колдонгон болсоңуз «√» белгисин коюңуз.

Тартиптик чаралар

1. Сабакты баштаганга чейин окуучулардын көңүлдөрүн буруу.

Позитивдүү (√)

2. Сабактын максатын жана күтүлүүчү натыйжаларды түшүндүрүү.

Терс (√)

 

 

Качандыр бир ушул чараларды колдондуңуз беле? Ооба/жок

 

 

 

 

 

 

 Позитивдүү тарбия    Позитивдүү тарбия окууга жана окутууга жардам берет, мында позитивдүү жана натыйжалуу окутуу чөйрөсү түзүлөт, балдардын баары билим берүү процессине активдүү тартылат. Мындай шарттарда окуучулардын окууга кызыгуусу күчөйт, ийгиликтүү болуу үчүн керек болгон алардын билимдери, көндүмдөрү жана өзүн өзү тарбиялоосу жакшырат. Позитивдүү тарбия мугалим жүрүм-турум көйгөйлөрүнө жумшаган убакытты азайтат, ошону менен алар предметти окууга көбүрөк убакыт бөлөт. Биз окуучуларды өзүбүздүн мисалыбызда окутуп, тарбиялашыбыз керек. Эгерде биз өзүбүз алар жөнүндө кам көрүп жана аларды сыйласак, ошондо гана биз балдарды камкор болууга, өзүн жана башканы сыйлоого үйрөтөбүз.  Жазалоонун кандай гана түрүн болбосун колдонуу окутуу жана үйрөнүү процесстерине тоскоол болот, биз зомбулук карама-каршылыктарды чечүү ыкмаларынын бири болуп саналат деген түшүнүктү берип калган болобуз; андан да жаманы биз аларга күчү бар адамдар күчтүүрөк болуп, алар дайыма алсыздарды жеӊет деп ишендирип калабыз.

Позитивдүү тарбия

  • Позитивдүү тарбия окууга жана окутууга жардам берет, мында позитивдүү жана натыйжалуу окутуу чөйрөсү түзүлөт, балдардын баары билим берүү процессине активдүү тартылат. Мындай шарттарда окуучулардын окууга кызыгуусу күчөйт, ийгиликтүү болуу үчүн керек болгон алардын билимдери, көндүмдөрү жана өзүн өзү тарбиялоосу жакшырат. Позитивдүү тарбия мугалим жүрүм-турум көйгөйлөрүнө жумшаган убакытты азайтат, ошону менен алар предметти окууга көбүрөк убакыт бөлөт. Биз окуучуларды өзүбүздүн мисалыбызда окутуп, тарбиялашыбыз керек. Эгерде биз өзүбүз алар жөнүндө кам көрүп жана аларды сыйласак, ошондо гана биз балдарды камкор болууга, өзүн жана башканы сыйлоого үйрөтөбүз.
  • Жазалоонун кандай гана түрүн болбосун колдонуу окутуу жана үйрөнүү процесстерине тоскоол болот, биз зомбулук карама-каршылыктарды чечүү ыкмаларынын бири болуп саналат деген түшүнүктү берип калган болобуз; андан да жаманы биз аларга күчү бар адамдар күчтүүрөк болуп, алар дайыма алсыздарды жеӊет деп ишендирип калабыз.

« Эски ишенимдер жана ПТнын көз караштары»  № 3 практикалык иш   1-топ: Эски ишеним: Уруп жазалоо классты көзөмөлдөп кармаш үчүн зарыл. 2-топ: Эски ишеним: Уруп жазалоосуз мен өзүмдүн аброюмду (авторитетимди) жана окуучулардын кадырлоосун жоготом. 3-топ: Эски ишеним: Мугалимдин жумушу маалыматты берүүдөн турат, окуучу болсо аны эсине тутуп калышы керек. Окуучулар сабакта бир нерсени үйрөнгөндөй болуп тынч жана үн чыгарбай отурушу зарыл. 4-топ: Эски ишеним: Сабакта менин окуучуларымдын тынч отуруусу мени сыйлоо болуп эсептелет. Алар сабакта сүйлөшүп отурганда же суроо бергенде, алар менин авторитетимди кетиришет.

« Эски ишенимдер жана ПТнын көз караштары» № 3 практикалык иш

  • 1-топ: Эски ишеним: Уруп жазалоо классты көзөмөлдөп кармаш үчүн зарыл.
  • 2-топ: Эски ишеним: Уруп жазалоосуз мен өзүмдүн аброюмду (авторитетимди) жана окуучулардын кадырлоосун жоготом.
  • 3-топ: Эски ишеним: Мугалимдин жумушу маалыматты берүүдөн турат, окуучу болсо аны эсине тутуп калышы керек. Окуучулар сабакта бир нерсени үйрөнгөндөй болуп тынч жана үн чыгарбай отурушу зарыл.
  • 4-топ: Эски ишеним: Сабакта менин окуучуларымдын тынч отуруусу мени сыйлоо болуп эсептелет. Алар сабакта сүйлөшүп отурганда же суроо бергенде, алар менин авторитетимди кетиришет.

ПТ ыкмалары жана техникалары Тартипке чакыруунун позитивдүү техникалары деген эмне? –  Бул классты башкаруу ыкмалары менен техникалары, алар тартипте көйгөйлөрдүн болуусунун алдын алат же окуучу менен мугалимдин кадыр-баркына жана өзүн өзү баалоосуна зыян келтирбестен аны чечүүгө жардам берет. Тартиптин көйгөйлөрүн чечүү ар кандай факторлорго байланыштуу, алардын бири мугалимдердин кесипкөйлүк чеберчилигинин өсүүсү менен түздөн түз байланышта.

ПТ ыкмалары жана техникалары

  • Тартипке чакыруунун позитивдүү техникалары деген эмне?

Бул классты башкаруу ыкмалары менен техникалары, алар тартипте көйгөйлөрдүн болуусунун алдын алат же окуучу менен мугалимдин кадыр-баркына жана өзүн өзү баалоосуна зыян келтирбестен аны чечүүгө жардам берет. Тартиптин көйгөйлөрүн чечүү ар кандай факторлорго байланыштуу, алардын бири мугалимдердин кесипкөйлүк чеберчилигинин өсүүсү менен түздөн түз байланышта.

 Жаман жүрүм-турумдун алдын алуу боюнча беш ыкма    Түшүнүктүү күтүлүүчү натыйжалар Күнүмдүк түйшүктүү жумуш Иш-аракеттер Позитивдүү чөйрө Позитивдүү тарбия (тартип)

Жаман жүрүм-турумдун алдын алуу боюнча беш ыкма

  • Түшүнүктүү күтүлүүчү натыйжалар
  • Күнүмдүк түйшүктүү жумуш
  • Иш-аракеттер
  • Позитивдүү чөйрө
  • Позитивдүү тарбия (тартип)
 Окуучунун практикадагы жаман жүрүм-турумунун алдын алуу боюнча ПТ кандай иштеш керектиги боюнча алгоритми (кадамдары)    Кадам 1 Кадам 2 Кадам 3 Кадам 4 Кадам 5

Окуучунун практикадагы жаман жүрүм-турумунун алдын алуу боюнча ПТ кандай иштеш керектиги боюнча алгоритми (кадамдары)

Кадам 1

Кадам 2

Кадам 3

Кадам 4

Кадам 5

 Мугалимдер үчүн « Алтын эрежелер»   Кылган ишиӊизди сүйүңүз. Чыдамкай болуңуз, окуучулардын оюн аягына чейин угуңуз. Окуучуларга урмат-сый менен сүйлөңүз. Алардын кыжырына тийбеңиз! Балдарга эч качан үнүӊүздү көтөрбөңүз. Чынчыл болуңуз. Суроолорду колдоп туруңуз. Кимге жардам керек экендигин аныктоо үчүн айрым окуучулардын өсүүсүн кадам сайын карап көзөмөлдөңүз.

Мугалимдер үчүн « Алтын эрежелер»

  • Кылган ишиӊизди сүйүңүз.
  • Чыдамкай болуңуз, окуучулардын оюн аягына чейин угуңуз.
  • Окуучуларга урмат-сый менен сүйлөңүз.
  • Алардын кыжырына тийбеңиз!
  • Балдарга эч качан үнүӊүздү көтөрбөңүз.
  • Чынчыл болуңуз.
  • Суроолорду колдоп туруңуз.
  • Кимге жардам керек экендигин аныктоо үчүн айрым окуучулардын өсүүсүн кадам сайын карап көзөмөлдөңүз.

 Мугалимдер үчүн «Алтын эрежелер»  (уландысы) Балдарга жакшы пикирлериңизди айтыңыз. Окуучулардын алдында жай жана так сүйлөңүз. Сабак учурунда тамашаны (юморду) колдонуңуз. Балдардын күчтүү жактарына жана кызыгууларына колдоого алыңыз. Тиешелүү дене тилин колдонуңуз – баш ийкеңиз, жылмайыңыз жана окуучуларды тик караңыз. Ата-энелери менен сүйлөшүңүз, алар өз балдарынын үйдө билим алуусуна жардам бере алгандай болушу керек. Балдарга жакшы үлгү көрсөтүңүз

Мугалимдер үчүн «Алтын эрежелер» (уландысы)

  • Балдарга жакшы пикирлериңизди айтыңыз.
  • Окуучулардын алдында жай жана так сүйлөңүз.
  • Сабак учурунда тамашаны (юморду) колдонуңуз.
  • Балдардын күчтүү жактарына жана кызыгууларына колдоого алыңыз.
  • Тиешелүү дене тилин колдонуңуз – баш ийкеңиз, жылмайыңыз жана окуучуларды тик караңыз.
  • Ата-энелери менен сүйлөшүңүз, алар өз балдарынын үйдө билим алуусуна жардам бере алгандай болушу керек.
  • Балдарга жакшы үлгү көрсөтүңүз

Кырдаалдар (№4 Практикалык иш)   Тапшырма: Ар бир топ кейс менен көӊүл коюп таанышып, аны талкуулашы керек. Сиздер бул жагдайдын көйгөйү эмнеде экенин аныкташыӊыздар зарыл, бул көйгөйдүн себебин тактоо жана мурунку сессияларда каралган позитивдүү тарбиянын принциптерине ылайык аларды чечүү жолдорун сунушташыӊыздар абзел. Кырдаал 1 Кырдаал 2 Кырдаал 3 Кырдаал 4

Кырдаалдар (№4 Практикалык иш)

Тапшырма:

  • Ар бир топ кейс менен көӊүл коюп таанышып, аны талкуулашы керек. Сиздер бул жагдайдын көйгөйү эмнеде экенин аныкташыӊыздар зарыл, бул көйгөйдүн себебин тактоо жана мурунку сессияларда каралган позитивдүү тарбиянын принциптерине ылайык аларды чечүү жолдорун сунушташыӊыздар абзел.
  • Кырдаал 1
  • Кырдаал 2
  • Кырдаал 3
  • Кырдаал 4

Рефлексия, кайтарым байланыш       Талкулоо үчүн суроолор: Бүгүнкү семинарда Сиз үчүн эмне маанилүү болду? Сизде кандай суроолор калды? Кандай каалоолор же сунуштар бар?

Рефлексия, кайтарым байланыш

  • Талкулоо үчүн суроолор:
  • Бүгүнкү семинарда Сиз үчүн эмне маанилүү болду?
  • Сизде кандай суроолор калды?
  • Кандай каалоолор же сунуштар бар?
 2 күн .  Баштапкы баалоонун натыйжалары, 2018     Баштапкы баалоонун натыйжаларын жана семинардын биринчи күнүндө алынган (көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору) позитивдүү тарбия боюнча аларды чечүү жолдорун топтордо (4) талкуулоо 1 топ. окуганын түшүнүү, 2 топ. укканын түшүнүү, 3 топ. гендер маселеси, 4 топ. класстык кабинеттерде окуу боюнча китептердин жетишсиздиги

2 күн . Баштапкы баалоонун натыйжалары, 2018

Баштапкы баалоонун натыйжаларын жана семинардын биринчи күнүндө алынган (көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору) позитивдүү тарбия боюнча аларды чечүү жолдорун топтордо (4) талкуулоо

  • 1 топ. окуганын түшүнүү,
  • 2 топ. укканын түшүнүү,
  • 3 топ. гендер маселеси,
  • 4 топ. класстык кабинеттерде окуу боюнча китептердин

жетишсиздиги

 Угуу     Угуп түшүнүү – балдардын ийгиликтүү билим алуусунуна жана толук кандуу өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этүүчү негизги окуу көндүмдөрүнүн бири болуп саналат. Угуп кабыл алуу көндүмүсүз сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү мүмкүн эмес.

Угуу

Угуп түшүнүү – балдардын ийгиликтүү билим алуусунуна жана толук кандуу өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этүүчү негизги окуу көндүмдөрүнүн бири болуп саналат. Угуп кабыл алуу көндүмүсүз сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү мүмкүн эмес.

 Угуу (аудирование)  1. суроолорго жооп бер үү же түшүнгөнүн кайра айтып берүү ; 2.  негизги ойду( идеяны) аныктоо; 3.  окуянын кайда болуп жаткандыгын аныктоо; 4.  негизги каармандарды аныктоо; 5.  калтырылган сөздөрдү ордуна коюуу; 6.  чыгарманы логикалык бөлүмдөргө бөлүү; 7.  сүйлөмдөрдү бүтүрүү, ж.б.

Угуу (аудирование)

  • 1. суроолорго жооп бер үү же түшүнгөнүн кайра айтып берүү ;
  • 2. негизги ойду( идеяны) аныктоо;
  • 3. окуянын кайда болуп жаткандыгын аныктоо;
  • 4. негизги каармандарды аныктоо;
  • 5. калтырылган сөздөрдү ордуна коюуу;
  • 6. чыгарманы логикалык бөлүмдөргө бөлүү;
  • 7. сүйлөмдөрдү бүтүрүү, ж.б.

   Эркек балдар буларды окуганды жакшы көрүшөт :  :  алар умтулган образдарды жана алар эмнеге умтулуп, ким болгусу келгенин чагылдырган китептер; аларды күлдүрө турган китептер (комикстер); сюжетинде ачык жана күчтүү эмоциялары бар китептер; укмуштуу окуялар, детектив, фэнтези, фантастика, Гарри Поттер сериясына окшогон китептердин сериялары сыяктуу көркөм адабияттын жанрлары; сүрөттөрү менен китептер; гезиттер, журналдар, комикстер, роботтор, динозаврлар, спорттун түрлөрү чагылдырылган китепчелер же маалыматтык тексттер, ошондой эле бир нерсени пайдалануу боюнча ар кандай колдонмолор – башкача айтканда, класста жеткиликтүү болбогон материалдар. Эӊ кызыгы, бул материалдарды окуп жатканда, көпчүлүк уул балдар өздөрүн такыр эле бир нерсе окудук деп эсептешпейт, анткени бул материалдар мектепте бааланбайт (Moloney, 2002).

Эркек балдар буларды окуганды жакшы көрүшөт : :

  • алар умтулган образдарды жана алар эмнеге умтулуп, ким болгусу келгенин чагылдырган китептер;
  • аларды күлдүрө турган китептер (комикстер);
  • сюжетинде ачык жана күчтүү эмоциялары бар китептер;
  • укмуштуу окуялар, детектив, фэнтези, фантастика, Гарри Поттер сериясына окшогон китептердин сериялары сыяктуу көркөм адабияттын жанрлары;
  • сүрөттөрү менен китептер;
  • гезиттер, журналдар, комикстер, роботтор, динозаврлар, спорттун түрлөрү чагылдырылган китепчелер же маалыматтык тексттер, ошондой эле бир нерсени пайдалануу боюнча ар кандай колдонмолор – башкача айтканда, класста жеткиликтүү болбогон материалдар. Эӊ кызыгы, бул материалдарды окуп жатканда, көпчүлүк уул балдар өздөрүн такыр эле бир нерсе окудук деп эсептешпейт, анткени бул материалдар мектепте бааланбайт (Moloney, 2002).

Мугалимге эскерткич: балдар окуу боюнча материалды жакшы өздөштүрөт, эгерде (фактылар):       тапшырмалар кичинекей порция менен түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилсе; кайсы бир тапшырманы аткаруу үчүн убакыт чектелсе; сабакта драма, маалыматтык технологиялар колдонулган долбоорлор сыяктуу балдарды өзүнө «активдүү тарткан» ишмердиктин ар кандай түрлөрү колдонулса; иш өзүнө атаандаштык элементтерин жана/же кыска мөөнөттүү максаттарды камтыса; алар үзгүлтүксүз оң кайтарым байланыш алып турушса. иш аларга дал келе турган болуп, башкача айтканда, алар түшүнгөн максаты болгондо; алар прогресс болуп жатканын көрө билиш үчүн сабактар логикалык ырааттуулук менен өткөрүлсө; тапшырмага карата так нускамалар жана түшүндүрүүлөр берилсе (Wilson, 2003, p. 12).

Мугалимге эскерткич: балдар окуу боюнча материалды жакшы өздөштүрөт, эгерде (фактылар):

  • тапшырмалар кичинекей порция менен түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берилсе;
  • кайсы бир тапшырманы аткаруу үчүн убакыт чектелсе;
  • сабакта драма, маалыматтык технологиялар колдонулган долбоорлор сыяктуу балдарды өзүнө «активдүү тарткан» ишмердиктин ар кандай түрлөрү колдонулса;
  • иш өзүнө атаандаштык элементтерин жана/же кыска мөөнөттүү максаттарды камтыса;
  • алар үзгүлтүксүз оң кайтарым байланыш алып турушса.
  • иш аларга дал келе турган болуп, башкача айтканда, алар түшүнгөн максаты болгондо;
  • алар прогресс болуп жатканын көрө билиш үчүн сабактар логикалык ырааттуулук менен өткөрүлсө;
  • тапшырмага карата так нускамалар жана түшүндүрүүлөр берилсе (Wilson, 2003, p. 12).

 Кайтарым байланыш (топтордо иштоо)  Топтордо талкуулоо үчүн суроолор: Сиздердин оюӊуздар боюнча «кайтарым байланыш» деген эмне? Сиздер окуучуларыӊыздарга алардын иштеринин натыйжасы боюнча кайтарым байланыш бересиздерби? Аны канчалык тез аткарып турасыздар? Сиздер жазмабы же оозеки кайтарым байланыш бересиздерби? Сиздин кайтарым байланышыӊызга окуучулар кандай реакция кылышат

Кайтарым байланыш (топтордо иштоо)

Топтордо талкуулоо үчүн суроолор:

  • Сиздердин оюӊуздар боюнча «кайтарым байланыш» деген эмне?
  • Сиздер окуучуларыӊыздарга алардын иштеринин натыйжасы боюнча кайтарым байланыш бересиздерби?
  • Аны канчалык тез аткарып турасыздар?
  • Сиздер жазмабы же оозеки кайтарым байланыш бересиздерби?
  • Сиздин кайтарым байланышыӊызга окуучулар кандай реакция кылышат

 Кайтарым байланыш       Кайтарым байланыш – бул коюлган максатка жетүүгө алып бара турган конкреттүү аракеттер, кырдаалдар, суроолор жөнүндө түшүндүрмөлөрдү алуу жана билдирүү процесси. Ал окутуу процесси кандай жүрүп жаткандыгы жөнүндө түшүнүк берет, ар бир окуучунун билиминдеги жетишкендиктер жана боштуктар, көйгөйлөр жөнүндө маалымдайт. Кайтарым байланыштын жардамы менен окуучулардын көрсөткүчтөрүнүн азыркы деӊгээли менен окутуунун коюлган максатынын ортосундагы айырмачылыктарды азайтса болот. Эгерде КБ өз ара сыйлоо жана ак ниет чөйрөдө жүзөгө ашса, ал так, түшүнүктүү, өз убагында жана тема боюнча болсо; ал позитивдүү, конкреттүү болуп, тоскоолдукту жеӊип чыгууга жардам берсе, анда кайтарым байланыш окутуунун ийгилигин камсыздайт.

Кайтарым байланыш

Кайтарым байланыш – бул коюлган максатка жетүүгө алып бара турган конкреттүү аракеттер, кырдаалдар, суроолор жөнүндө түшүндүрмөлөрдү алуу жана билдирүү процесси. Ал окутуу процесси кандай жүрүп жаткандыгы жөнүндө түшүнүк берет, ар бир окуучунун билиминдеги жетишкендиктер жана боштуктар, көйгөйлөр жөнүндө маалымдайт. Кайтарым байланыштын жардамы менен окуучулардын көрсөткүчтөрүнүн азыркы деӊгээли менен окутуунун коюлган максатынын ортосундагы айырмачылыктарды азайтса болот.

Эгерде КБ өз ара сыйлоо жана ак ниет чөйрөдө жүзөгө ашса, ал так, түшүнүктүү, өз убагында жана тема боюнча болсо; ал позитивдүү, конкреттүү болуп, тоскоолдукту жеӊип чыгууга жардам берсе, анда кайтарым байланыш окутуунун ийгилигин камсыздайт.

 Кайтарым байланыш (уландысы)   Кайтарым байланыш билим берүүнүн сапатына зор таасир этет, анткени бул – мугалимдин окуучунун ишмердигине же анын ишмердигинин натыйжасына болгон реакциясы. Мугалимдин реакциясы – бул пайда болгон түшүнбөстүктөрдү окутуунун эӊ башкы баскычтарында жоюуга жардам берген сунуш, кеӊеш, түшүндүрмөлөр, ал окуучунун «жолдо жоголуп кетүүсүнө» мүмкүндүк бербейт. Кайтарым байланыш инсанга арналган болот, анткени ал конкреттүү окуучуга жана анын конкреттүү көйгөйүнө багытталган жана кетирилген каталарды оӊдоого окуучулардын өздөрүн тартат.

Кайтарым байланыш (уландысы)

Кайтарым байланыш билим берүүнүн сапатына зор таасир этет, анткени бул – мугалимдин окуучунун ишмердигине же анын ишмердигинин натыйжасына болгон реакциясы. Мугалимдин реакциясы – бул пайда болгон түшүнбөстүктөрдү окутуунун эӊ башкы баскычтарында жоюуга жардам берген сунуш, кеӊеш, түшүндүрмөлөр, ал окуучунун «жолдо жоголуп кетүүсүнө» мүмкүндүк бербейт. Кайтарым байланыш инсанга арналган болот, анткени ал конкреттүү окуучуга жана анын конкреттүү көйгөйүнө багытталган жана кетирилген каталарды оӊдоого окуучулардын өздөрүн тартат.

 Натыйжалуу кайтарым байланыш 1. Эмне жакшы жасалды? 2. Аткарылган иштин/тапшырманын сапатына карабастан, окуучуну колдоо. Эмне жакшырууну талап кылат? 3. Кайсы жерде, кандай көйгөй бар экенин көрсөтүү жана аны жакшыртуу. Кантип жакшыртуу керек? Ишти жакшыртуу үчүн максатка багытталган кеӊеш, конкреттүү сунуштарды берүү.

Натыйжалуу кайтарым байланыш

1.

Эмне жакшы жасалды?

2.

Аткарылган иштин/тапшырманын сапатына карабастан, окуучуну колдоо.

Эмне жакшырууну талап кылат?

3.

Кайсы жерде, кандай көйгөй бар экенин көрсөтүү жана аны жакшыртуу.

Кантип жакшыртуу керек?

Ишти жакшыртуу үчүн максатка багытталган кеӊеш, конкреттүү сунуштарды берүү.

 Натыйжалуу кайтарым байланыш    Кайтарым байланыш натыйжалуу болуш үчүн төмөнкүлөр зарыл: окуучулар менен белгилүү бир окуу максаттарына, күтүлүүчү натыйжаларга жана баалоо критерийлерине багытталган сыпаттоо кайтарым байланышын колдонуу. окуучуларда өзүнүн ишине оӊдоп түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү, ал эми мугалимде кайтарым байланыштан кийин аткарган тапшырманы кайра текшерүү мүмкүнчүлүгү болуш үчүн кайтарым байланышты дайыма жана өз учурунда колдонуу. Кайтарым байланыш канчалык кеч берилсе, натыйжаны жакшыртуу сапаты ошончолук төмөн болот

Натыйжалуу кайтарым байланыш

Кайтарым байланыш натыйжалуу болуш үчүн төмөнкүлөр зарыл:

  • окуучулар менен белгилүү бир окуу максаттарына, күтүлүүчү натыйжаларга жана баалоо критерийлерине багытталган сыпаттоо кайтарым байланышын колдонуу.
  • окуучуларда өзүнүн ишине оӊдоп түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү, ал эми мугалимде кайтарым байланыштан кийин аткарган тапшырманы кайра текшерүү мүмкүнчүлүгү болуш үчүн кайтарым байланышты дайыма жана өз учурунда колдонуу. Кайтарым байланыш канчалык кеч берилсе, натыйжаны жакшыртуу сапаты ошончолук төмөн болот

 Натыйжалуу кайтарым байланыш Кайтарым байланыш Мисал 1 Натыйжа – Баары жаман, эч нерсеге жарабайт. Сенин айтып бергениӊ туура эмес, ал чыгарманын мазмунуна дал келбейт. Мисал 2 Көӊүл калуу, ички таарыныч, көгөрүү. – Рахмат. Сен аӊгеменин сюжетин эчтекесин калтырбай айтып бергенге аракет кылдыӊ! – Көӊүл бурчу, текстте сен кайра айтып бергенде колдонгон төмөнкү сөз айкаштары барбы: «алардыкы бөлмөсү», «ал неме менен атты», «алар коюшууда» ? Пайдалуу натыйжалар жана жаӊы көндүмдөр –  Бул сөз айкаштарын тексттегидей айтчы: «алардын бөлмөсү, ал атып жиберди, алар коюшту». –  Аталган сөз айкаштары менен экиден сүйлөм түзчү.

Натыйжалуу кайтарым байланыш

Кайтарым байланыш

Мисал 1

Натыйжа

– Баары жаман, эч нерсеге жарабайт. Сенин айтып бергениӊ туура эмес, ал чыгарманын мазмунуна дал келбейт.

Мисал 2

Көӊүл калуу, ички таарыныч, көгөрүү.

– Рахмат. Сен аӊгеменин сюжетин эчтекесин калтырбай айтып бергенге аракет кылдыӊ!

– Көӊүл бурчу, текстте сен кайра айтып бергенде колдонгон төмөнкү сөз айкаштары барбы: «алардыкы бөлмөсү», «ал неме менен атты», «алар коюшууда» ?

Пайдалуу натыйжалар жана жаӊы көндүмдөр

– Бул сөз айкаштарын тексттегидей айтчы:

«алардын бөлмөсү, ал атып жиберди, алар коюшту».

– Аталган сөз айкаштары менен экиден сүйлөм түзчү.

Натыйжалуу кайтарым байланыш үчүн кириш сөздөрдүн мисалдары менен таблица берилди.   Күчтүү жактары Сен аткара аласыӊ…   Эмнени жакшыртуу керек Сенин окуганыӊ, мага… тууралуу айтып турат. Бул тапшырмада сен эмне кылышың керек экенин… унутуп калба. Жакшыртуу үчүн ыкмалар Сен туура, ырааты менен ойлонуп/ой жүгүртүп жатасыӊ… Кандай деп ойлойсуӊ, … болуш үчүн сен эмне кыла аласыӊ?   Сен кандай кылмаксыӊ… Мүмкүн сен аракет кылып көрүшүӊ керек…   Сага дагы бир … керек. Сенин эӊ жакшы кылганыӊ …   Сенин кийинки аракетиӊ… болушу мүмкүн. Жакшырта турган дагы бир учур… Сен … колдоно аласыӊ.  

Натыйжалуу кайтарым байланыш үчүн кириш сөздөрдүн мисалдары менен таблица берилди.

Күчтүү жактары

Сен аткара аласыӊ…

 

Эмнени жакшыртуу керек

Сенин окуганыӊ, мага… тууралуу айтып турат.

Бул тапшырмада сен эмне кылышың керек экенин… унутуп калба.

Жакшыртуу үчүн ыкмалар

Сен туура, ырааты менен ойлонуп/ой жүгүртүп жатасыӊ…

Кандай деп ойлойсуӊ, … болуш үчүн сен эмне кыла аласыӊ?

 

Сен кандай кылмаксыӊ…

Мүмкүн сен аракет кылып көрүшүӊ керек…

 

Сага дагы бир … керек.

Сенин эӊ жакшы кылганыӊ …

 

Сенин кийинки аракетиӊ… болушу мүмкүн.

Жакшырта турган дагы бир учур…

Сен … колдоно аласыӊ.

 

Баалоочу кайтарым байланыш   Баалоочу кайтарым байланыш окуучуларга жалпы эскертүү түрүндө кээ бир гана маалыматтарды берет, эмнени кантип жакшыртуу, ага кантип жетишүү керектиги тууралуу сунуштарды окуучуларга бербейт. Баалоочу кайтарым байланыш көбүнчө оозеки түшүндүрмө түрүндө болот, окуучуларга жетишкендиктеринин натыйжалары боюнча маалымат берет жана салыштырат.  Баалоочу кайтарым байланыштын мисалдары: Эӊ жакшы! Азамат! Туура. Сен ошол эле катаны кайра кайталап жатасыӊ! Жакшы көркөм окуу! Мен сени менен сыймыктанам! Сен баарын туура кылдыӊ. Мен сага ыраазымын. Сен ишти эӊ сонун аткардың! Сен дайым эле...! Сен кайрадан дагы...!

Баалоочу кайтарым байланыш

  • Баалоочу кайтарым байланыш окуучуларга жалпы эскертүү түрүндө кээ бир гана маалыматтарды берет, эмнени кантип жакшыртуу, ага кантип жетишүү керектиги тууралуу сунуштарды окуучуларга бербейт. Баалоочу кайтарым байланыш көбүнчө оозеки түшүндүрмө түрүндө болот, окуучуларга жетишкендиктеринин натыйжалары боюнча маалымат берет жана салыштырат.

Баалоочу кайтарым байланыштын мисалдары:

  • Эӊ жакшы!
  • Азамат! Туура.
  • Сен ошол эле катаны кайра кайталап жатасыӊ!
  • Жакшы көркөм окуу! Мен сени менен сыймыктанам!
  • Сен баарын туура кылдыӊ. Мен сага ыраазымын.
  • Сен ишти эӊ сонун аткардың!
  • Сен дайым эле...!
  • Сен кайрадан дагы...!

  Сыпаттоочу кайтарым байланыш  Сыпаттоочу кайтарым байланыш - күтүлүүчү натыйжа жана баалоо критерийлери менен түздөн түз байланышта. Ал окуучуларга иштин сапатын жакшыртуу үчүн зарыл болгон кийинки аракеттер боюнча көрсөтмөлөрдү, сунуштарды, кеӊештерди берет жана окуучулар ишине оӊдоолорду киргизип, аны жакшыртуу үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышат. Сыпаттоочу кайтарым байланыш мугалим менен окуучуну оозеки жоопту жана жазуу иштерин жакшыртуу жолдору тууралуу активдүү баарлашууга тартат жана оозеки жана жазуу түшүндүрмөлөрү түрүндө тиешелүү маалыматтарды өзүнө камтыйт.

Сыпаттоочу кайтарым байланыш

Сыпаттоочу кайтарым байланыш - күтүлүүчү натыйжа жана баалоо критерийлери менен түздөн түз байланышта. Ал окуучуларга иштин сапатын жакшыртуу үчүн зарыл болгон кийинки аракеттер боюнча көрсөтмөлөрдү, сунуштарды, кеӊештерди берет жана окуучулар ишине оӊдоолорду киргизип, аны жакшыртуу үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышат. Сыпаттоочу кайтарым байланыш мугалим менен окуучуну оозеки жоопту жана жазуу иштерин жакшыртуу жолдору тууралуу активдүү баарлашууга тартат жана оозеки жана жазуу түшүндүрмөлөрү түрүндө тиешелүү маалыматтарды өзүнө камтыйт.

  Сыпаттоочу кайтарым байланыш (уландысы) Сыпаттоочу кайтарым байланыштын мисалдары: Текстти шар жакшы окудуӊ. Диалогдорду да көркөм окудуӊ. Эмки окуганда сөздөрдүн мүчөлөрүнө көӊүл бөлсөң. Текстти кайрадан окуп чыгып, жаңы сөздөрго көңүл бур. Жаныбарлардын образдарын үнүӊ менен жакшы туурадыӊ. Текстти кайра окуп чыгып, жаӊы сөздөргө көӊүл бөлсөң. Суроого жооп берип жатып башкы каармандын сөздөрүн эстесең, алар сага туура жоопторду түзгөнгө жардам берет.

Сыпаттоочу кайтарым байланыш (уландысы)

  • Сыпаттоочу кайтарым байланыштын мисалдары:
  • Текстти шар жакшы окудуӊ. Диалогдорду да көркөм окудуӊ. Эмки окуганда сөздөрдүн мүчөлөрүнө көӊүл бөлсөң.
  • Текстти кайрадан окуп чыгып, жаңы сөздөрго көңүл бур.
  • Жаныбарлардын образдарын үнүӊ менен жакшы туурадыӊ. Текстти кайра окуп чыгып, жаӊы сөздөргө көӊүл бөлсөң.
  • Суроого жооп берип жатып башкы каармандын сөздөрүн эстесең, алар сага туура жоопторду түзгөнгө жардам берет.

  Сыпаттоочу кайтарым байланыш (уландысы)  Сыпаттоочу кайтарым байланыш окуучуларга жардам берет: учурдагы жетишкендиктер жөнүндө маалыматтарды издөө аркылуу окуучуларга өздөрүнүн академиялык көрсөткүчтөрүн жакшыртканга: Коюлган максатка карата мен азыр кайсы жерде турам? Мен кайсы багытты көздөй жылып баратам? Сыпаттоочу кайтарым байланыш окуучуга кийинки аракеттердин керектигин аныктаганга жардам берет: Мен өзүмдүн билимимдеги боштуктарды кантип толтурам? Ишимдин сапатын жакшыртуу үчүн мага дагы эмне кылуу зарыл?

Сыпаттоочу кайтарым байланыш (уландысы)

Сыпаттоочу кайтарым байланыш окуучуларга жардам берет:

  • учурдагы жетишкендиктер жөнүндө маалыматтарды издөө аркылуу окуучуларга өздөрүнүн академиялык көрсөткүчтөрүн жакшыртканга:
  • Коюлган максатка карата мен азыр кайсы жерде турам?
  • Мен кайсы багытты көздөй жылып баратам?
  • Сыпаттоочу кайтарым байланыш окуучуга кийинки аракеттердин керектигин аныктаганга жардам берет:
  • Мен өзүмдүн билимимдеги боштуктарды кантип толтурам?
  • Ишимдин сапатын жакшыртуу үчүн
  • мага дагы эмне кылуу зарыл?

  Оозеки кайтарым байланыш  Оозеки кайтарым байланыш  - бул окуучу ишти аткарып жаткан процессте анын ишмердигине байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучуга оозеки түрдө түшүндүрмөлөрдү берүү. Оозеки кайтарым байланыш абдан натыйжалуу, анткени ал окутуу процессинде ошол замат суроолор, тактоолор, сунуштар түрүндө берилет, алар окуганын түшүнгөнүн текшергенге, талдаганга, ой жүгүртүүлөрүн баалаганга багытталат  Мисалы:  окуучу фонеманы кабыл алуу боюнча көнүгүүнү аткарууда, төмөнкү баалоо критерийлери коюлду : сөздөгү бардык тыбыштарды айтуу. үнсүздөрдүн каткалаӊ/жумшак жубун атоо. басым түшкөн үндүү тыбышты бөлүп көрсөтүү.  Окуучулардын бири 3 талаптын экөөнө жооп берди дейли. Мугалим ага кайтарым байланыш берди: «Жакшы! Сен сөздөгү тыбыштардын баарын айта алдыӊ, үнсүздөрдүн каткалаӊ/жумшак жубун атадыӊ. Эми сөздү дагы бир жолу кайталап, кайсы үндүү тамгага басым түшүп жатканын аныктаганга аракет кылчы»

Оозеки кайтарым байланыш

Оозеки кайтарым байланыш - бул окуучу ишти аткарып жаткан процессте анын ишмердигине байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучуга оозеки түрдө түшүндүрмөлөрдү берүү. Оозеки кайтарым байланыш абдан натыйжалуу, анткени ал окутуу процессинде ошол замат суроолор, тактоолор, сунуштар түрүндө берилет, алар окуганын түшүнгөнүн текшергенге, талдаганга, ой жүгүртүүлөрүн баалаганга багытталат

Мисалы:

окуучу фонеманы кабыл алуу боюнча көнүгүүнү аткарууда, төмөнкү баалоо критерийлери коюлду :

  • сөздөгү бардык тыбыштарды айтуу.
  • үнсүздөрдүн каткалаӊ/жумшак жубун атоо.
  • басым түшкөн үндүү тыбышты бөлүп көрсөтүү.

Окуучулардын бири 3 талаптын экөөнө жооп берди дейли.

Мугалим ага кайтарым байланыш берди: «Жакшы! Сен сөздөгү тыбыштардын баарын айта алдыӊ, үнсүздөрдүн каткалаӊ/жумшак жубун атадыӊ. Эми сөздү дагы бир жолу кайталап, кайсы үндүү тамгага басым түшүп жатканын аныктаганга аракет кылчы»

  Жазма кайтарым байланыш    Жазма кайтарым байланыш - бул жазуу түрүндөгү ишти текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучуга баалоо критерийлерине негизделген конкреттүү сунуштарды берүү. Ал үй тапшырмасы, өз алдынча жана текшерүү иши сыяктуу окуучулардын жазуу түрүндөгү иштерин текшерүүдө колдонулат. Мисал.  Окуучу төмөнкү текстти жазат. «Менин итим бар. Иттин аты – Жучка. Жучка чуркаганды жана ойногонду жакшы көрөт. Ал топ менен ойногонду жакшы көрөт. Топту ыргытсаӊ – Жучка анын артынан чуркайт. Жучка – жакшы ит».  Мугалим жазма кайтарым байланыш берет: «Сенин итиӊ аябай жакшы көрүнөт! Сен улам сайын Жучка деп кайталабастан ат атоочту колдонуу менен өз итинди кененирээк сүрөттөп бере аласынбы? Ошондо мен сенин итиӊ ургаачы же эркек экендигин билем».

Жазма кайтарым байланыш

Жазма кайтарым байланыш - бул жазуу түрүндөгү ишти текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучуга баалоо критерийлерине негизделген конкреттүү сунуштарды берүү. Ал үй тапшырмасы, өз алдынча жана текшерүү иши сыяктуу окуучулардын жазуу түрүндөгү иштерин текшерүүдө колдонулат.

  • Мисал.

Окуучу төмөнкү текстти жазат.

  • «Менин итим бар. Иттин аты – Жучка. Жучка чуркаганды жана ойногонду жакшы көрөт. Ал топ менен ойногонду жакшы көрөт. Топту ыргытсаӊ – Жучка анын артынан чуркайт. Жучка – жакшы ит».

Мугалим жазма кайтарым байланыш берет:

  • «Сенин итиӊ аябай жакшы көрүнөт! Сен улам сайын Жучка деп кайталабастан ат атоочту колдонуу менен өз итинди кененирээк сүрөттөп бере аласынбы? Ошондо мен сенин итиӊ ургаачы же эркек экендигин билем».

  № 1. Практикалык иш : Сыпаттама кайтарым байланыш  (жупта иштоо)  Тапшырма : окуучулардын ишин текшерүү жана ага сыпаттама кайтарым байланыш берүүдо окуучунун ишин төмөнкүлөрдү эске алуу менен баалоо керектигин эскертет: предметтик стандартка ылайык күтүлүүчү натыйжалар баалоо критерийлери. Л. Н. Толстой. «Филиппок Күтүлүүчү натыйжа 1.2.1.3. Окулган текстке карата суроолорду түзөт. Баалоо критерийлери 1. Ким? Каякта? Эмне болду? деген сөздөрдөн башталган окуганын түшүнүүгө карата суроолорду түзүү. 2. Эмнеге? Силер кандай деп ойлойсуӊар? деген сөздөрдөн башталган каарманга карата мамилесин

1. Практикалык иш : Сыпаттама кайтарым байланыш (жупта иштоо)

Тапшырма : окуучулардын ишин текшерүү жана ага сыпаттама кайтарым байланыш берүүдо окуучунун ишин төмөнкүлөрдү эске алуу менен баалоо керектигин эскертет:

  • предметтик стандартка ылайык күтүлүүчү натыйжалар
  • баалоо критерийлери.
  • Л. Н. Толстой. «Филиппок
  • Күтүлүүчү натыйжа

1.2.1.3. Окулган текстке карата суроолорду түзөт.

Баалоо критерийлери

1. Ким? Каякта? Эмне болду? деген сөздөрдөн башталган окуганын түшүнүүгө карата суроолорду түзүү.

2. Эмнеге? Силер кандай деп ойлойсуӊар? деген сөздөрдөн башталган каарманга карата мамилесин

  Окуучунун иши     О куучу текст боюнча үч суроону даярдап, класска берет:  1.  Окуянын башкы каарманы ким? 2.  Мектеп каякта жайгашкан эле? 3.  Мектепте Филиппок менен эмне болду?

Окуучунун иши

О куучу текст боюнча үч суроону даярдап, класска берет:

  • 1. Окуянын башкы каарманы ким?
  • 2. Мектеп каякта жайгашкан эле?
  • 3. Мектепте Филиппок менен эмне болду?
Баалоо критерийлери менен байланышка негизделген жазма кайтарым байланыштын мисалы    Мугалим экинчи критерийге туура келген суроо жок экенин түшүнүп, мындай деп айтат: Сенин суроолоруң ыраатуу түзүлгөн, бирок сен кандай деп ойлойсуӊ, сенин суроолоруӊдун арасында үй тапшырмасынын экинчи критерийине дал келген суроо барбы? Мугалим окуучудан экинчи критерийди окууну суранат, андан кийин окуучуга эмнеге? силер кантип ойлойсуӊар? деген сөздөрдөн башталган суроолорду түзгөнгө кошумча убакыт берет. Окуучу сабактын аягына төмөнкү суроолорду түздү:  - Мугалим эмнеге Филиппокту мектепте калтырды?  - Силер кантип ойлойсуӊар, Филиппок окуй алабы?

Баалоо критерийлери менен байланышка негизделген жазма кайтарым байланыштын мисалы

Мугалим экинчи критерийге туура келген суроо жок экенин түшүнүп, мындай деп айтат:

  • Сенин суроолоруң ыраатуу түзүлгөн, бирок сен кандай деп ойлойсуӊ, сенин суроолоруӊдун арасында үй тапшырмасынын экинчи критерийине дал келген суроо барбы?
  • Мугалим окуучудан экинчи критерийди окууну суранат, андан кийин окуучуга эмнеге? силер кантип ойлойсуӊар? деген сөздөрдөн башталган суроолорду түзгөнгө кошумча убакыт берет.
  • Окуучу сабактын аягына төмөнкү суроолорду түздү:
  • - Мугалим эмнеге Филиппокту мектепте калтырды?
  • - Силер кантип ойлойсуӊар, Филиппок окуй алабы?

 «Кайтарым байланыш» боюнча кеӊештер жана сунуштар      Мугалимдин окуучунун ишине кызыкдар экендигин көрсөтүүсү  Толук жана кенен маалымат берүү .  Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы.  Коюлган максаттарга жетүүдөгү окуучунун жетишкендиктерине сереп салуу.  Окуучуларды ишмердиктин натыйжалары тууралуу маалыматтарды чогултуу жана талдоо процессине тартуу.  Өз ара кайтарым байланыштын болуусун колдоо.  Шыктандырган тилди колдонуу.  Кайтарым байланыштын натыйжалары боюнча түзөтүүлөрдү киргизүү убактысы

«Кайтарым байланыш» боюнча кеӊештер жана сунуштар

  • Мугалимдин окуучунун ишине кызыкдар экендигин көрсөтүүсү
  • Толук жана кенен маалымат берүү .
  • Канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы.
  • Коюлган максаттарга жетүүдөгү окуучунун жетишкендиктерине сереп салуу.
  • Окуучуларды ишмердиктин натыйжалары тууралуу маалыматтарды чогултуу жана талдоо процессине тартуу.
  • Өз ара кайтарым байланыштын болуусун колдоо.
  • Шыктандырган тилди колдонуу.
  • Кайтарым байланыштын натыйжалары боюнча түзөтүүлөрдү киргизүү убактысы

 Семинарларды пландаштыруу жана окуу сабагына ПТны киргизүү     Задание: 1) окуу сабактарында ПТны түзүү боюнча 2018-2019-окуу жылына карата башталгыч мектептин мугалимдерин окутуу планын иштеп чыгуу; окуучулардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу максатында окуу сабактарына ПТнын стратегияларын, техникаларын жана ыкмаларын киргизүү;  ПТны сабактарга киргизүү жана өркүндөтүү боюнча мугалимдерди колдоону уюштуруу (сабактарга байкоо жүргүзүү жана талдоо).  мектептин деӊгээлинде планды иштеп чыгуу үчүн болжолдуу таблицаны тузуу (ТМ 5) Ар бир топ тузулгон пландарын талкулашат, сунушташат

Семинарларды пландаштыруу жана окуу сабагына ПТны киргизүү

Задание:

  • 1) окуу сабактарында ПТны түзүү боюнча 2018-2019-окуу жылына карата башталгыч мектептин мугалимдерин окутуу планын иштеп чыгуу;
  • окуучулардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу максатында окуу сабактарына ПТнын стратегияларын, техникаларын жана ыкмаларын киргизүү;
  • ПТны сабактарга киргизүү жана өркүндөтүү боюнча мугалимдерди колдоону уюштуруу (сабактарга байкоо жүргүзүү жана талдоо).
  • мектептин деӊгээлинде планды иштеп чыгуу үчүн болжолдуу таблицаны тузуу (ТМ 5)
  • Ар бир топ тузулгон пландарын талкулашат, сунушташат

  Рефлексия, кайтарым байланыш   Талкуулоого катышуучуларга суроолор:  Бүгүнкү семинарда Сиздер үчүн эмне маанилүү болду? Кандай суроолоруңуздар калды? Кандай калоолоруңуздар жана сунуштарыңыздар бар?  Суйломду бутургуло Мурун мен ... деп ойлочумун. Эми мен бул ... экенин билем. Мен ... каалайм.

Рефлексия, кайтарым байланыш

Талкуулоого катышуучуларга суроолор:

Бүгүнкү семинарда Сиздер үчүн эмне маанилүү болду?

  • Кандай суроолоруңуздар калды?
  • Кандай калоолоруңуздар жана сунуштарыңыздар бар?

Суйломду бутургуло

  • Мурун мен ... деп ойлочумун.
  • Эми мен бул ... экенин билем.
  • Мен ... каалайм.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!