СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Иштелме 8- март

Категория: Музыка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Иштелме 8- март»

Сабактын темасы: “ Манасчылык касиет”

Сабактын максаты:
Окуучуларды “Манас - бул жомок”-деген түркөй түшүнүктөн арылтуу; Манас эпосу кыргыз улутунун руханий казынасы экендигин окуучуларга жеткируу; Манастын кыргыздардын рухуна духуна тикелей таасирин тийгизээрин түшүндүрүү .

Сабактын жабдылышы: “Манас” томдуктары, иллюстрациялар .

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу моменти .

Сабактын темасы доскага жазылат. “Манас” эпосу жазылган диск коюлуп , акырын үнү чыгып турат .

2.Мугалим эпос жөнүндө аңгемелешүү жүргүзөт .

3.Мугалим улуу манасчылар жөнүндө суроо таштайт .

Эң биринчи манасты ким айткан ?
Жооп : Ырамандын ырчы уулу .
Суроо : Ал ким болгон ?
Жооп : Ал Манастын кырк чоросунун бири болгон .

Мугалим: Ошондон баштап ушул күнгө чейин кыргыздардын учугу үзүлбөй манас айтылып келе жатат . Анын себеби эмнеде ? Демек манасчылык касиетти кандайдыр бир күч колдоп , аны айтуучуларга атайын аян белги берилгендигинде . Мисалы : Улуу манасчы аталарыбыздын бири болгон Сагынбай атабызга Манас кырк чоросу менен келип , “сен бизди айтасың”- деп кеткен дейт . Сагынбай бул түшүмдө болгон окуя деп ойлойт . Бирок ошол түнү кыламык кар жаагандыктан Сагынбай атабыз эртең менен үйүнүн айланасында өтө көптөгөн аттардын издерин көргөн . Балык ырчы атабыз манас айтып кызыганда бир карыш көккө көтөрүлгөн .Ошондой эле улуу манасчылар Саякбай , Уркаш аталарыбыз ушунчалык кичи пейил , жумшак мүнөз адамдар болушкан . Ошондой улуу манасчылар кандайдыр бир аян белгилерден кийин манас айтып калышкан , манас айтпаса ооруп калышкан .

Бул манасчылык сырдуу касиет кыргыздарда бүгүнкү күндөрү да сакталып келе жатат .

«Манас» жана Айтматов

12-декабрь – улуу, залкар, дуйнолук жазуучубуз Ч.Айтматовдун 85 жылдык мааракеси откорулот. Ч. Айматов “Манас эпосуна” , манасчылык касиетке кандай баа бергенин угуп королу.

«Манас» эпосу профессионал жазуучулар үчүн жеке эле драматургия жаатында гана эмес, прозада, поэзияда көркөм булак болуп келүүдө. Прозада биринчи кезекте Ч. Айтматовдун эстетикалык ишмердүүлүгү өзгөчөлөнүп турат. Атактуу жазуучу улуу эпосту изилдеп, пропагандалап гана тим болбостон, анын сюжетин, идеяларын, көркөм каражаттарын чыгармаларында өтө билгичтик, чеберчилик менен пайдаланды.

К. Асаналиев мындай дейт: «Манас» Айтматовдун «көркөм акыл-зээнинде кандайдыр бир айрым үзүндүлөрү, кээ бир белгилери менен эмес, барыдан мурда синкреттик искусствонун улуу туундусу катары, өзүнчө бир бүткөн система катары жашайт».

«Манас» эпосун айтуу учурунда кунт коюп «манасчыдан угуп отуруп, ар бир сүрөттөө өз ордунда экенин көрүп, ар бир сүрөттөөнүн өзүнчө көркөмдүк системасы, көркөмдүк максаты бар экенин сезип, элдин көркөмдүк фантазиясына таң калбай койбойсуң» дейт Айтматов эпос жонундо.

5. Окуучуларды манас айттыруу .

  • Кана балдар , арабызда манас айтуучулар барбы ?

  • Силерде жанакы биз айткандай сырдуу окуялар болуп өткөн жок беле? Демек , андай окуялар улуу манасчыларда болот экен балдар

6. Манастын 7 осуяты боюнча окуучулар менен маектешүү .

Балдарга манастын 7 осуятын айттырып, талкуу жургузуу

7.Үй тапшырмасы .

Балдар үйгө тапшырма “ Манас” эпосунан үзунду жаттап келгиле .











Сабактын темасы: Коомдук жайда тартиптуу бол!

Сабактын максаты:

  1. Окуучуларда тартиптуу болуу жонундо ой жугуртууго өбөлгө тузуу.

  2. Окуучуларда жакшы журум-турум билимин калыптандыруу, озун адептуу кармоого тарбиялоо.

  3. Коомду, улуу-кичууну сыйлоого уйротуу.

Сабактын жабдылышы: Макал-лакаптар жазылган плакатттар.

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу:

Сабактын темасы, максаты боюнча тушунук беруу.

  1. Киришуу учун суроолор:

    • Коомдук жай деген эмне?

Жакшы журум-турум дегенге эмнелерди киргизесинер?

  1. Жаны тема:

Коомдук жайларда кочодо, конокто, кино-театрда, коомдук транспортто, кафе-ресторандарда ж.б. жерлерде озун туура, тартиптуу алып журууго уйронушубуз керек. Коомдук жайларда, уйдо, бардык озун туура алып жургон адамдар маданияттуу деп аталат. Бугун ушундай туура журум-турум ченемдерин уйронобуз.

    1. Уй булодон баштайлы.

      • Уйдо бири -бирине болгон мамилеси сылык, урматтоо, сыйлоо болуу керек, акырын суйлошуп, бири-биринен кечирим суроону билуу.

      • Уй булоодо жарышып суйлошпой биринин созун баары угуп, соз берип суйлошуу.

      • Улууларын торго отургузуу, тамакты чайнап жегенде оозду жаап чалпандатпай, чайды шорулдатпай ичуу, чыканакты столго койбоо, туз отуруп тамакты суйлобой ичип-жеп, бычакты он колго, вилканы сол колго кармоо керек.

    2. Кочодо же эл коп жерде озун алып журуу.

      • Он жак менен басканды, адамдарды жоолобой, улуу кишилерге же кыздарга жол бошотуу, тукурунуп, же кыйкырып суйлошпоо.

      • Улуу кишилерге, апаларга, кыздарга эшик ачып беруу, улуу кишилерге салам айтуу.

      • Семичкени тарсылдата чагып жерге таштоо ото терс корунуш. Кочого таштанды таштабоо керек. Таштандыны атайын жайларга (мусор идиштерге) таштоо керек.

    3. Коомдук транспортто озун алып журуу.

      • Коомдук унааларда улуу кишилерге орун беруу.

      • Айдоочулар жургунчулорго сылык мамиледе болушу, жургунчулор да бири-бирине жана айдоочуга сылык мамиле жасоосу керек.

      • Унун катуу чыгарып суйлошуу, башкалардын конулун буруп телефондо суйлошуу такыр туура эмес.

    4. Филармониядан, драм театрдан концерт коруу. Кино-театрдан кино коруудо:

      • Филармониядан, драм театрдан концерт коруудо, кино-театрдан кино коруудо ышкырып, кыйкырып-окуруп кол чапканыбыз ото туура эмес. Бул жерге кийинип келишибиз да башкачараак болот. Дворец спортко ышкырып кол чапкан жарашат. Ар нерсенин орду бар.

      • Концерт, театр буто электе элдин конулун буруп чыгып кетуу, же кечигип келуу да туура эмес. Бул артисттерди жана коруучулорду сыйлабагандыкты билдирет.

    5. Бышыктоо:

Адам эмнеси менен корктуу? –деген суроого жооп берип королу.

Адамдардын бири-бирине болгон мамилеси, журум туруму маданияттуулугун далилдейт.

“Адамзат жаашодон албаса таалим, зордоп уйрото албайт мугалим”-деген соз бар. Ар бир адам айланадан таалим тарбия алып, озунун маданиятын жогорулатуусу зарыл. Биз жакшы журум-турумубуз, бири-бирибизге болгон мамилебиз б.а.маданиятыбыз менен корктуубуз.

    1. Уйго тапшырма беруу:

“Мен коомдук жайларда озумду туура алып журууну уйрономун” . Ойлорунарды баракка жазып келгиле.









Сабактын темасы: СПИД ооруусуна каршыбыз!

Сабактын максаты:

  1. Окуучуларды СПИД оорусу, андан сактануу жонундо маалымат менен тааныштыруу.

  2. Сергек жашоо мунозуно , оз ден соолугуна кам корууго ундоо.

Сабактын жабдылышы: Коргозмолуу суроттор.

Сабактын журушу:

  1. Уютуруу:

  2. Мугалимдин созу:

1-декабрь – буткул дуйнолук СПИД менен курошуу куну болуп эсептелет!

2004-жылы СПИДке каршы курошуу жыл болуп белгиленген.

Буткул дуйнолук СПИДке каршы курошуу компаниясы бул курошто аялдардын жана кыздардын ролун маанилуулугун которууго багытталган.

Бул ооруу ХХ-ХХI кылымда буткул дуйного таркаган, ото коркунучтуу ооруу болуп эсептелет.

СПИД-коомчулуктагы эн коркунучтуу жугуштуу ооруу. Ал адам баласынын иммунитети ото эле томондоп кетке учурда пайда болт жана инфекциялык ооруу болуп, рак жана башка оорууларга туруштук бере албайт. СПИД бир гана жыныстык жол менен эмес, энеден балага, кан куюда жугат. Ал эми кунумдук турмушта колдонуучу буюмдар, курт кумурскалар аркылуу жугушу мумкун эмес. СПИД биринчи жолу маймылдан жуккан.

Жер жузундо бул оорууга каршы канчалаган уюмдар, жеке адамдар иштеп келет. Биз дагы ушул курошко активдуу катышуубуз керек.

  1. Уй тапшырмасы:

Азыр СПИД боюнча маалымат топтоп даярданып келген окуучуларды угалы.

1-окуучу:
ВИЧ-инфекциясы/СПИД жонундо эмнелерди билуу керек?

СПИД-пайда болгон иммундук жетишсиздиктин синдрому – бул кишинин иммундук дефицитинин вирусун (ВИЧ) чакыруучу жугуштуу оорунун акыркы тепкичи. Бул вирус адамдан адамга гана берилет. ВИЧ, бардыгынан мурда, адамдын организминин ар кандай ооруларга каршы турууну касыз кылган коргонуу системасын жабыркатат. ВИЧ менен жашаган адамдар ден-соолугу тазадай корунот жана коп жылдар бою жугузуп алгандыгы тууралуу шектенишпейт. Бул учурда, ооруунун кандайдыр бир белгилери пайда болгонго чейин, алар башкаларга да жугузушу мумкун. ВИЧ-инфекциясынын алгачкы белгилери коптогон башка ооруулардын белгилерин элестетет. Алар: лимфа бездеринин чоноюшу, жотолуу, дененин ысышы, ичтин отуусу ж.б. «ВИЧ-инфекциясы деген диагонозду врач гана атайын анализдин-тесттин жардамы менен коё алат.

Азыркы учурда окумуштуулар ВИЧ-инфекциясынан адамдын организмин толук айыктыруучу даары-дармектер да жок. СПИД жуз миндеген адамдардын омурун алып кетти жана планетадагы баардык адамзатка коркунуч туудурууда.

2-окуучу:
ВИЧ кантип жайылат ?

Жайылуунун уч жолу бар: 

    • Жыныстык жол аркылуу.

    • Кан аркылуу-ВИЧ инфекциясы менен жашаган адам менен бир ийнени же шприцти чогуу колдонсо, айрыкча банги заттарын кан тамырга сайынуу учурунда.

    • ВИЧти жугузуп алган энеден балага кош бойлуу кезинде, торот учурунда же эмизгенде ВИЧ жугат.

3-окуучу:
ВИЧти жугузбоо учун эмне кылуу керек? 

    • Бирда жолу банги заттарын ийне аркылуу (же такыр эле) колдонбогун.

    • Бироо менен чогуу ийне, шприц, бритва, ж.б. нерселерди колдонбо

    • Ооруганда дайыма ото тазаланган шприцти колдон.

    • Кокустук жыныстык байланышта болбо.

СПИД менен ооруган адамдын колунан коркпостон кармасан же кучактасан болот. Мындай адамдарга жардам беруунун коп жолу бар, ошолордун ичинен эн натыйжалуусу-ага чыныгы дос болот.

  1. Жыйынтыктоо:

Адамдын омуру кыска. Ал омурду адам изги иштерге, элге жерге кызмат кылууга, башкаларга жардам берууго жана бактылуу жашап отууго жумшоосу зарыл. Ошондуктан озубуздун ден соолугубуз учун астейдил кам королу. СПИД жана башка ооруларды жакын жолотпойлу!



















Сабактын темасы: Чет элдик терс таасирден сактан.

Сабактын максаты:

  1. Чет олкодон келген жаман адаттар бизге тескери таасир этээрин тушунот.

  2. Чет олкодон жакшы нерселерди гана уйронуу керектигине ынанат.

  3. Атуулдук сезимин онуктуруп, оз эли –жерин суйууго тарбиялайт.

Сабактын жабдылышы: Терс корунушторду чагылдырган суроттор.

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу:

Балдардын сабакка даярдыгына конул буруу.

- Балдар биз азыр кайсы сабакты баштайбыз? (тарбиялык саат)

  1. Киришуу учун суроолор: 

    • Кайсы чет олколорду билесинер?

    • Россияда кимдердин жакындары бар?

    • Чет олконун кинолорун, мульт фильмдерин жакшы коросунорбу?

    • Орусча кошуп суйлогондорду кыйын деп ойлойсунарбы?

  2. Жаны теманы баяндоо:

Ар бир элдин озуно тиешелуу урп –адат , каада –салттары бар. Ошондой эле озуно тиешелуу журум-турум эрежелери, кийим кийуу маданияты, суйлоо маданияты бар. Бул кагазга жазылбаган эрежелерди илгертен нарк –насилдуу аксакалдар насаат кылып, атадан балага отуп келет. Ар бир курактагы кыздар , аялдар учун озуно ылайык кийим кийууну байбичелер жаштарга уйроткон. Баласына ат коюда да кадырлуу адамдарга кайрылышкан, алар мааниси менен, максаты менен ат коюп беришкен .

Бирок азыркы учурда «мода»деп коюп эле ар турдуу, чет олкону туураган кийимдер кийилип, ал тугул журум-турумдар озгоруп бара жатат. Бул озгоруулор бизге эмнени берет?

Биринчиден, өз чырайын өзүнөн өзү тануу, өзүн өзү маскарапоз кылуу. Мисалы, баамдап көрөлүчү, чачын тубунон кырдырып, денесине сурот тарттырган кыздар, тескерисинче чачын узун кылып остуруп, сөйкө тагынган жигиттерди кээде кыз-эркек экенин байкай албай кыйналабыз. Анан тар шым. Арийне, бул эмнеге окшоп калды? 

Экинчиден, алар жалаң орусча сүйлөйт. Ооз мурундары чоюштайт. Кыргызчага жарым-жартылай жооп берет да, жактырбагандай абалда каштарын серпип, билип турса да, сизди сабатсыз адам ка­тары сезет. Тыбышка калька коюп сүйлөйт. 

Үчүнчүдөн, кыргыздын элдик кийимдери тууралуу итатайы тутулат. Кыргызча кийим кийгендерди кемсинте карайт. Кыргызча музыканы уккусу келбейт. Кыргызча атын орусча кылып айтышат.

Мисалы, Айка, Гуля, Макс, Добр ж.б. аттар кайсы кыргызга жарашат.

Бул – жагымсыз салт. Ар бир улуттун табигый маданиятына балта чабуусу, баба мурасына, эне адебине олдоксон доо кетирүүсү, ар бир элдин мурасы, ал – ошол элдин руху, байлыгы, башкалардан сыймыктана турган, кылымдарды кыдырган дөөлөтү, сөөлөтү. Модага берилүү – зыян көрүнүш. Таасири күчтүү элдер өзүнө тартып кетүүсү, өзүңдүн түпкүлүктүү кулк-мүнөзүңдөн кол жууп калуусу. Мына ошондуктанбы ата-энесин карылар уйуно таштагандар кобойуп баратыптыр. Оз баласын баккандан качып, таштап кеткендерди кандай тушунсок болот.

Онуккон мамлекеттерден биз коп нерселерди уйронсок болот. Мисалы орнок алчу билимдуулук, кесип чеберчилиги, алдынкы жетишкен технология, тилдерди уйронууго болот.

Дүйнөлүк цивилизация – ар бир элдик улуттук маданиятта өсүп-өнүгүүсү, билим-илимдүүлүгү, ар кыл кесипке эгедерлиги, бир нече тилдерди билүүсү, ж.б. Ал бир элдин эле, мисалы, англичандардын, немецтердин, француздардын, жапандардын, кытайлардын ж.б.лардын маданиятын теңир көрүү, тутка тутуу эмес. Сен өзүндүн каада-салтыңды, үрп-адатынды, ырым-жырымдарынды, эм-домуңду ыйык сакта. Ата-бабадан бери келе жаткан асыл мүнөздөрдү сапаттуу сакта, ууру кылба, ушак сүйлөбө, бирөөнү алдаба, каракчылык жасаба, боорукер, кайраткер, мээнеткечтик ж.б.ларды аруулукта кармай бил. Мына ошол сага цивилизация!.. 

  1. Жыйынтыктоо:

Балдар, чет олкодон келген эле болсо «ал жакшы» «мода» дей бербестен, озубузго керектуусун жана ылайык келгенин гана алышыбыз керек.

    • Кана ким айтат чет олкодон эмнени уйронсок болот?

    • Эми айткылачы кайсы жаман адаттарды уйронбогонубуз он?

Туура ойлорунар бар экен. Озубуздун экологиялык жактан таза момо-жемиштерибиз туруп, Кытайдын зыяндуу алмаларын жегендей эле, озубуздун мукамдуу ырларыбызды укпай, чет олконун биз тушунбогон ырларын угуу да бизге пайда алып келбейт.

Ошондуктан бироону туурабастан, озубузго тиешелуу адаттарды онуктургонубуз он.

















Сабактын темасы: Ата данкын уул которот.

Сабактын максаты:

  1. Атанын баркын убагында билип, сый-урмат корсотуу зарылдыгын тушунот.

  2. Жакшы уул ата учун кандай жогору мааниде экендигин билет.

  3. Озундо жакшы сапаттарды тарбиялоого оболго тузот.

Сабактын жабдылышы: Суроттор, таркатма материалдар.

С а б а к т ы н ж у р у ш у :

  1. Уюштуруу:

«Алтын эрежени» кайталоо.

  1. Киришуу:

Балдар бугун биз озубуздун эн урматтуу жана ишенген, таянган адамыбыз «АТАбыз» жонундо соз кылабыз. Ата дегенде биз эсибизди тааныгандан бери, бизди коргоп, багып, эс-акылын айтып, таш сепилдей тышкы кыйынчылыктан сактап келген улуу адамды элестетебиз. Уй-було –бул кичи мамлекет болсо, анын президенти ата. Ал уйдун алмштыргыс туркугу сыяктуу уй-булону солк эттирбей кармап турат.

- Эми ойлонуп королу ушундай ардактуу адамыбызды кантип сыйлап жатабыз?

(Балдар жооп беришет)

- Туура балдар, эн алгач атанын тилин угуу,анын айткандарын аткаруу, жардам беруу, конулун которуу, сабактардан жакшы бааларды алып кубантуу ж.б.

  1. Топтордо иштоо:

Эми балдар, «Уул жакшысы-урмат» -дегендей атага кандай уул болуу керектигин ойлонуп королу:

1-окуучу:
Уулун жакшы болгон сон,
Кымбат баа жакут таш.
Кызык базар коргондой, 
Ар жыйында кеп урса, 
Ар кандай пенде конгондой. 
Конулу ачык жаркырап, 

2-окуучу:
Уулун жаман болгон сон,
Киши келсе кенебейт.
Кишиге озун тенебейт.
Оолугуп суйлоп обу жок,
Озакылын ченебейт.
Соолотундо шаани жок,
Созу жукпайт маани жок.

Озунор айткандай, «Жакшы уул-ал ата мурасы, атанын калтырган табериги». Элибизде «Баланчанын уулу элдик чыкты, атасы олбоптур, минтип анын асыл иштерин улап олтурат. Эл учун, жер учун мин толгонот…» деген создорду угуп, кубанып калабыз.

Тескерисинче , жакшыдан моон( моон-малдын ички ичеги карын органы), жамандан жаан-(кутуусуз чыккан жакшы сапат), мында жакшы атаны жер каратуу жонундо айтылат.

Класс уч топко болунуп, томонку атадан туулган уч бала жонундо сыпаттап кетели:

    1. Атадан артык туулган бала.

    2. Ата менен тен туулган бала.

    3. Атадан кем туулган бала.

Ар бир топ озуно тийген тапшырманы талкуулап, жазып, бирден окуучу чыгып окуп берет.

1-топ: Атадан артык туулган бала.

Атадан артык туулган бала, атасы билбеген созду суйлойт. Атасы бийлебеген элди бийлейт. Атасы корбогон жерди корот. Атасы доолабаган доону доолайт. Атадан артык чыкты деп атасына, айылына, туулган жерине, окуган мектебине, тууган-уругуна, атак- данк алып келип, эли журтуна мекенине кызмат кылат.

2-топ: Ата менен тен туулган бала.
Ата менен тен туулган бала, атанын баласы болуптур, атасы ушундай жакшы киши эле, атасын тартыптыр, атасы да бироого кара санабаган, ак конул, бироого зыянын тийгизбеген, эли жери учун коп пайдалуу иштерди жасаган, илимдуу, билимдуу, алдынкы адамдардан эле, баласы атасын жазбай тартыптыр деп атага жакшы соз алып келет, атанын уулу дедирет, эл журтуна соз тийгизбейт.

3-топ: Атадан кем туулган бала.
Атадан кем туулган бала, атасы жакшы киши эле, атасынын эч нерсесин тартпаптыр, ушундай кишинин баласы да ушул ишти жасайбы, кайран гана ата, баласы кымындай да тартпаптыр деп, элден наалат соз угуп, атасынын наамына шек келтирет. Уккан билген адамдын зээнин кейитет.

  1. Жыйынтыктоо:

Кордунорбу балдар, бала жакшы болсо да, жаман болсо да «Кимдин баласысын деп» сураганы бекер кеп эмес экен. Жакшы балага ыраазы болуп «атана рахмат» десе, жаман балага «атана наалат» деп, атасына соз тиет. Демек атага алкыш алып беруу да, жаман созго, жаман абалга калтыруу да баладан экен. Баласы жакшы атка конгон ата сыймыктанып чексиз кубанса, баласы жаманатты болгон ата жер карап кайгырат.

Ошондуктан балдар атабызга жакшы соз , алкыш алып бергенге дайыма аракет кылалы.

Аны эч качан уялтырып жер каратпайлы. Жакшы уул бололу!

  1. Уйго тапшырма беруу:«Менин атам» деген темада дилбаян жазып келуу.

Сабактын темасы: Апа барда аппак болот жакалар.

Сабактын максаты:

  1. «Эне-уйдун куту»-деген накыл кептин терен маанисин тушунот. Энелердин коомдогу ролун билишет.

  2. Энелерди сыйлоо-перзенттик парз экенин дагы теренирээк ойлонот.

  3. Озундо жакшы сапаттарды онуктуро билууго тарбияланат.

Сабактын жабдылышы: Макал-лакаптар жазылган плакат, суроттор.

С а б а к т ы н ж у р у ш у :

  1. Уюштуруу:

«Эне жонундо баллада» уч окуучу бир куплеттен ырдайт.

1-окуучу:
Тамчыдай денедеги сутун менен,
Талпынтып ак бешикке баккан энем.
Нуруна мээримине магдыраткан, 
Мандайда менин батпас кунум элен.

2-окуучу:
Туболук тун кузоткон канаттуудай,
Уйкудан чолпон козун ачкан энем.
Алдына ажал келип турса дагы,
Мен учун жанды курман кылар элен.

3-окуучу:
Шанданган шоола болдун бул жузумо,
Асмандай ай нурундай асыл энем.
Козумдун карегиндейкоп аягам,
Алтындай эмгегинди неге тенейм.

  1. Киришуу:

Мугалим: Эне- уйдун куту жана баланын, уй булонун бактысы. Турмуштун эчен азап-тозогун башынан откоруп, чонойткон балдары учун омур боюу кам корот.

«Карга суйот баласын аппагым деп, кирпи суйотбаласын жумшагым деп» дегендей эне учун баласы дайыма эн суйкумдуу жана дайыма жаш. Уулу эрезеге жетип ата болсо да, кызы бойго жетип, эне болсо да, эне алар учун кам коруп жанын курман кылууга даяр.

Ал эми бала учун эне чон бакыт. Эне уйдо бир минута жок болсо, уйдун куту уча тушконсуйт. Эшикке кирип чыгып тезирээк эле келишин кутуп тынчсызданасын.

«Энелер-жашоо чырагы» деген соз да бекерге айтылбайт. Жашоонун озу ЭНЕден башталып олтурбайбы. ЖЕР-ЭНЕ экоону ажыратуу мумкун эмес. Жер –Энеден алган тушумду дыйкандарыбыз алганда да,эн алгачкы кызыл кырмандагы буудайдын даамын татканда да, Жер –Энеге ыраазычылык билдирип, элибизде токчулук береке-пейиз болсун дешип ак тилектерин билдирет.

Энелер боорукердиги , акылкойлугу, намыскойлугу, которумдуулугу менен айырмаланат. Кыйын кезендерде энелер эр-жигиттердин намысына тийип, акылкойлугу менен элин сактап калган учурлар тарыхта коп учурайт. Эл башына кыйынчылык тушкондо, душманга каршы турушуп эрдиктерди корсотушкон.

  1. Топтордо иштоо:

Классты уч топко болуп, аларга “Менин апам” деген дил баянды биргелешип жазуу тапшырмасы берилет. Ар бир окуучу бир суйломдон жазат. Андан кийин ар бир топтон бирден окуучу чыгып окуп берет.

  1. Энелер жонундо макал-лакап, накыл создор жарышы:

Ар бир топтон бирден окуучу чыгып энелерге арналган макал-лакаптарды айтып жарышат. Таппай калган окуучу оюндан чыгат. Мисалы,

    • Эненин коону балада, баланын коону талаада.

    • Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат.

    • Бейиш эненин таманы астында.

    • Эненди Меккеге уч жолу жоо которуп барсан да, карызындан кутулбайсын.

    • Ата-эненди сыйласан , оз баландан сый коросун. Ж.б.

  1. Жыйынтыктоо:

Энелерибизге арнап коптогон жазуучу, акындарыбыз оздорунун чыгармаларын жаратып келет. Ал эми обончуларыбыз аларга мукамдуу обон жазып, аткаруучуларыбыз ырдап келет. Алар эне жонундо ырдаганда жан дуйнон жанырып, энелердин мээрбандыгына, боорукердигине, кубанып ыраазы болосун. Дегеле «Эне» темасына кайрылбаган акын, жазуучу, обончу, аткаруучу, суротчу ж.б. аз эле болсо керек.

Анткени энелерибиз ар кандай сыйга татыктуу. Алар тугонбогон туйшукту которо билген чарчабаган мээнеткеч, кечиримдуу, боорукер. Ошол эле учурда конулу назик. Аларга аяр мамиле жасап, конулун оорутпай аздектеп сыйлап турушубуз керек. Чоноюп алып, озу эле ушул даражага жетип калгансып, энелерин кемсинтип, орой мамиле жасагандык, аларга жонокой гана соз менен эле тушундуруп койо турган ишти да катуу айтып, эненин конулун калтыруу- бул кечирилгис ката. Ошондуктан, мындай ката кетирбейли. Энелерибизге эн алгач жылуу мамиле, суйуубузду арнайлы. Энелерибизге майрамдарда эле конул буруп калбастан дайыма сый-урмат корсотолу.













Сабактын темасы: Табият – катачылыкты кечирбейт.

Сабактын максаты: Окуучулар жаратылышты сүйүүгө жана ага этияттык менен мамиле кылууга,табигый байлыктарды сарамжалдуулук менен пайдалана билүүгө үйрөнүшөт; жаратылышка анын кубулуштарына кызыгып байкоо жүргүзүүгө тарбияланышат .

Сабактын жабдылышы: сүрөттөр , буклеттер.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу.

Сабактын темасы жана максатын окуучуларга түшүндүрүү.

Жаны тема:

Мугалим сабакты балдар менен маектешүүдөн баштайт.

  • Балдар , табият , жаратылыш дегенде эмнени түшүнөсүңөр ?

  • Табигый байлыктар – деген эмне ?

  • Жаратылыштын кубулуштарын атагылачы

  • Экология – деген кандай илим ?

  • Табият менен тарыхтын кандай байланышы бар деп ойлойсунар?

Мугалим табиятты коргоонун зарылдыгы эмнеден келип чыгып жаткандыгы жөнүндө түшүнүк берет.

Табиятты коргоо , курчап турган чөйрөгө сарамжал мамиле кылуу азыр бүткүл дүйнөдө эң маанилүү жана актуалдуу маселеге айланып олтурат . Атмосферанын жалпы жылууланышы , жыл сайын жана туруктуу болуп турган техногендик алааматтар , биосферанын кескин начарлашы адамдарды Жер планетасынын тагдыры жөнүндө ойлонууга аргасыз кылууда. Мына ушул маселелердин жана көйгөйлөрдүн бардыгы кыйла даражада бизге кыргызстандыктарга да таандык .

Балдар , биздин өлкөбүздүн табиятын сүрөттөп бергилечи . М : Бийик тоолор , сулуулугу кайталангыс токойлор , тоо ылдый буркан – шаркан түшкөн мөлтүр тунук дарыялар , бийик тоолордо кайталангыс көлдөр , мисалы Соң-Көл , Сары – Челек .Бай жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү. Анын ичинде табиятыбыздын бермети болгон Ысык – Көл .

Тилекке каршы , соңку мезгилде табигый ресурстарды коргоого талаптагыдай көңүл бурулбай калгандыктан тоолордогу жана адырлуу зонадагы токойлордун абалы өзгөчө кооптонууну пайда кылат . Бак – дарактар жөнү жок кыркылып , отун кылуу максатында же курулуш иштерине пайдалануу үчүн жырткычтык менен кыйылып жатты . Ал эми адам баласынын турмушунда жашыл бак – дарактар , токой маанилүү ролду ойнойт . Балдар , силер биология сабагын окуйсуңар , бак дарактар адам баласынын жашоосунда отун же курулуштан башка кандай пайдасы бар ?

Улуу окумуштуу илимпоз К.А.Тимирязев “Бак- дарак жер жүзүндөгу жашоонун булагы “- деп айткан Чындыгында эле бардык жаныбарлар дүйнөсүнө азык берип, алар жаратылыштагы ным алмаштырууга жардам берет, климатты жакшыртат, атмосфералык абаны кислород менен байытат, буларсыз жер бетинде жашоого болбойт.

Бышыктоо.

Балдар табиятка же жаратылышка аяр мамиле жасалбаган учурларды кайсы жерлерден көп кезиктиресиңер, жана аларды коргоо боюнча кандай оюңар бар?

  1. Биздин мектептин айланасында кандай дарактар отургузулган жана жазында кандай көчөттөрдү отургузабыз

  2. Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор деген макалды турмушта кандай пайдаланабыз?

  3. ”Канаттуулардын уясын бузуп, балапандарын өлтүрбөгүлө канаттуулар каргайт”-деген түшүнүккө кандай мамиледесиң

Жыйынтыктоо:

Окуучулардан жогорку суроолорго жооп алгандан кийин мугалим сабакты төмөндөгүдөй жыйынтыктаса болот. Табият мнен таттуу мамиледе болуу окуучулардын жан дүйнөсүн тазартып руханий бийиктикке көтөрүлүп, адам жаратылыштын бир бөлүгү экендигине ишенет.

Үй тапшырмасы :

“Табият катачылыкты кечирбейт” Балдар бул сөздүн маанисин үйүңөрдөн чечмелеп келгиле.











Сабактын темасы: Туура тамактануу-узак жашоого өбөлгө.

Сабактын максаты:

  1. Окуучуларга туура тамактануунун эрежелерин уйротуу.

  2. Тамактын адам жашоосундагы, ден соолугунун чын болушундагы салымы жонундо кеп козгоо.

  3. Узак жашоонун сыры туура тмактанууда экендигин тушундуруу.

Сабактын жабдылышы:

Жашылчалар, жер-жемиштер, ар-турдуу тамактардан аз-аздан дасторконго коюлат. Тамактануу, даам жонундогу макал-лакап, учкул создор жазылган лозунгдар

Сабактын журушу:

Уюштуруу:

Балдар, азыр ар бирин озунордун жакшы коргон тамагынарды атагыла.

Кандай гана сонун тамактар. Ал эми аларды бизге жасап берген апаларыбызга рахмат айтканды унутуп калбайлы.

Бугунку темабызда биз туура тамактануу, тамактануунун эрежеси жонундо уйронгонго аракет кылабыз.

Жаны теманы баяндоо:

Тамактануунун так эрежеси барбы?

Кыргыздар туура тамактанууга коп деле конул бурушпагандыктан, улгайган курактагылардын тамак синируу органдары оорууга коп чалдыгаарын дарыгерлер баса белгилеп журушот. Ал эми туура тамактануу ден соолуктун чын болушуна, өмурдун узак болушуна өбөлгө тузорун айтышат.

Тамак адамга куч-кубат гана бербестен, анын жашоосунун ажырагыс факторунун бири болуп саналат. Тамактанууга жапондор өзгөчө конул буруп, ал тургай, бул тууралуу мыйзам да кабыл алышкан. Аларда кобунчо сууга бышкан куруч абдан бааланат.

Ал эми Африкадагы айрым улуттарда курт-кумурска башкы сыйлуу тамак катары саналат. Италияда болсо кыргыздар учун анча маанилуу болбогон “макарон” эн сыйлуу даам болуп эсептелет.

Бирок жапондор же башка улуттар жеген тамак-аштар кыргыздарга таптакыр эле жакпай калышы мумкун. Анткени, ар бир калктын озунун ашказанына жаккан улуттук тамак-ашы болот. Эжигей, курут, жуурат, каттама, бешбармак ж.б. биздин улуттук тамак-аштарыбыз озубузго жакын.

Тамактануунун принциптери:

Дуйнолук дарыгерлер, дистологдордун кенештеринен томондогудой тамактануунун принциптерин атап кетууго болот:

1-принцип: Адам канчалык коп иштесе, ошончолук тамактаныш керек деп айтышат. Бул принцип кобунчо айылда жашагандарга туура келет. Ал эми шаарда жашагандарда кыймыл-аракет азыраак болот.

Кечинде кыймыл азыраак болгондуктан саат алтыдан кийин тамак жебеген жакшы деген сунушту бардык дистологдор айтышат. Айрыкча уктаар алдында кучтуу тамактануу ото туура эмес. Жатаардан эки саат мурун ичуу керек. Ошондо эн кечки тамак саат сегизден кеч болбошу абзел.

2-принцип: Тамактануунун кунумдук рационунун туура болуштурулушу:

25%тин - эртен мененки тамак, 45% тин- тушку, 35%тин -кечки тамак тузгону эн пайдалуу. Ал эми бизде тамактын эн кучтуусун кечинде жеген адат болуп калган.

3-принцип: Тамакты аздан жана турлоп ичсе жакшы синет. Ошондой эле майдалап чайнап жесе ашказанга синимдуу болот. Бул ыкма – ашказан оорууларынын алдын алуучу, адамды толуп кетуудон сактоочу бирден-бир курал. Качан тамакты шашып-бушуп, майдалабай жегенде, табити тартпай турса да, жон эле курсак тойгузуу учун жегенде, тамак синируу органдарына куч келип, ошондон улам ар кандай жара ооруулары пайда болушу мумкун.

4-принцип: Тамакты ото ысык ичпоо. 65-75 градустан жогорку температурада ичкенибизде, кызыл онгочто, ашказанда ар кандай даражадагы куйуктор пайда болуп, бул кийин ушул органдын шишик оорууларына чалдыктырышы мумкун.

Тамактын рациону кандай азыктардан турганы пайдалуу?

  • Куурулган тамактар боорго куч келтиргендиктен, коп учурда сууга бышырылган азыктар ден соолукка пайдалуу.

  • Куурулган этти озгочо жатаарда жебеш керек. Бир аптада торт гана жолу эт жеген туура.

  • Тузду ашыкча пайдаланууга болбойт.

  • Дуйшомбу куну тамактын курамында жалан сут, айран сыяктуу азыктар болгону дурус.

  • Шейшембиде эт аралаш тамак жеген туура. Тамактын курамында 100-150 грамм эт болгону жетиштуу.

  • Шаршембиде жер-жемишти жеген пайдалуу. Картошка, сабиз, чамгыр, кызылча, капуста, болгар калемпири ж.б. ар турдуу жашылчалар микроэлементтерге жана витаминдерге ото бай. Жайында жана кузундо жемиштин турлорун болушунча жеп алыш керек.

  • Бейшембиде, колдон келсе балык жеген жакшы.

Калган кундору озу каалагандай тамактанса болот.

Бышыктоо учун суроолор:

  • Жогорку принциптерди жана эрежелерди тамактанууда биз канчалык пайдаланабыз? Ар бир принцип боюнча ой-жугуртуп, талкуулап королу.

  • Пайдалуу деген азыктардын кайсынысын тамак-ашта коп пайдаланабыз?

Жыйынтыктоо:

Дегинкисин, дуйнонун эч жеринде идеалдуу тамактануу дал ушундай болот деген так эреже ишетлип чыккан эмес. Бирок озубуздун ден соолугубуз учун дайыма дарыгерлердин, улуулардын кенештерине кулак салганыбыз пайдалуу.













Сабактын темасы: Берекелүү алтын күз.

Сабактын максаты:

  1. Балдар ар бир мезгилдин баалуулугун, айлана-чойронун озгоруусунун адамдарга таасирин тушунот.

  2. Кузундосу аткарылуучу иштер жонундо ой-жугуртуп, ата-энесине жардам беруу парз экендигине ынанышат.

  3. Жаратылышты суйууго, аны коздун карегиндей сактоого тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Кузгу пейзаж суроттору.

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу:

Алтын эрежени кайталоо.

  1. Суроо-жооп:

    • Кайсы жыл мезгилин жакшы коросунор?

    • Куздо басымдуулук кылган тус кайсы?

    • Эмне учун кузду «алтын» деп аташат?

  2. Мугалимдин созу:

Ар бир мезгилдин оз кооздугу, артыкчылыгы бар. Биздин жергебизде да азыр куз мезгили. Айланада сары-кызыл тустуу жалбырактарды ото коп коробуз. Андан башка жылуу жактарга учуп кетип жаткан куштар.

Ал эми талаада эгин, жашылчаларын жыйнап жаткан дыйкандар. Мал багып жургон адамдар. Мунун баары айлананы шанга болоп, озунчо кооздук тартуулайт.

  1. Топтордо иштоо:

Класс уч топко болунот. Ар бир топтон бирден окуучу чыгып томонку суроолор боюнча кластер тузушот:

    1. Куздогу кубулуштар

    2. Куздо аткарылуучу жумуштар.

    3. Куздо откорулуучу майрамдар

Куздо аткарылуучу жумуштардын копчулугу кышка даярдыкка байланыштуу.

Отун-суу камдоо, болмолорду жылуулоо, жылуу кийим даярдоо ж.б.

Ал эми кузгу майрамдарга билим майрамы (1-сентябрь), карыялар куну, дагы кайсы майрам бар экенин озунор улагыла.

  1. Кузгу окуя:

Инсенировка: жасалма даракка жалгыз жалбырак илинген. Ар бир кесип ээси бул жалбыракка келип озунун кесибине муноздуу гана созду айтат. Мисалы, Акын: Жалгыз жалбырак-сен омур учун курошкон кучтуу жансын, сен да мен сыяктуу жалгызсын, бирок тируусун жана коозсун.

Биолог: бул жалбырак – жазы жалбырак, аба-ырайына байланыштуу жашыл пигменттер жоголуп сары туско айланган.

Математик: бул жалбырак- симметриялуу фигура, анын аянтын эсептоо бир аз татаал. Ж.б. ушинтип улантасынар…

  1. Жыйынтыктоо:

Куз айрыкча айыл жеринде кооз болсо керек. Бышып ийилип турган алмалар да озунчо эле керемет. Берекелуу куздо жайнаган жашылча-жемиштер, молчулук, токчулук болот. Ушунун белгисиби кузундо тойлор да коп болот.

«Куз курош» дегендей кузундо жумуш да абдан коп болот. Жыйым-терим иштеринде ата-энебизге жардам беребиз. Жалкоолук кылбай, убагында жыйналып алынган эгин-тегин мол болот. Ошондуктан ата-энебиз биздин жардамыбызга муктаж.



















Сабактын темасы: Насвай - омурго зыян.

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар насвай, тамеки жана алардын зыяндары жонундо маалымат алышат.

  2. Окуучулар насвай, тамеки тартуу оз ден соолугу учун зыян, маданиятсыздык, адепсиздик экенине ынанышат.

  3. Сергек жашоо мунозуно, насвайга, тамекиге каршы акцияларга умтулууга оболго тузот.

Сабактын жабдылышы: таблицалар, диск, DVD, суроттор.

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу.

Жакшы маанай тартуулоо. Ар бир окуучу жанындагы окуучуга жакшы каалоолорун айтат.

  1. Киришуу учун суроолор:

    • Насвай колдонуунун кандай зыяндары бар деп ойлойсунар?

    • Жакындарынардан, тааныштарынардан насвай колдонгондорду билесинерби?

    • Алардын насвай чеккендери силерге жагабы?

    • Адамдар эмне учун тамеки тартышат деп ойлойсунар?

  2. Жаны тема боюнча керектуу маалыматтарды беруу.

Насвай, тамеки тартууга конгон адамдарды медицинада токсикоман- деп айтышат. Бул ото жаман адаттар экенин жана ден соолукка канчалык зыян келтирээри жонундо бугун кенири талкуулайбыз.

Адегенде насвайдын курамы эмнелерден тураарын карап королу. (мугалим таблицадагы маалыматтар менен тааныштырат)

Насвайдын курамы:

    1. Тамеки

    2. Чыланган акиташ

    3. Тооктун кыгы

    4. Осумдук кулу

Эми балдар, насвайдын ден соолукка тийгизген таасири жонундо маалыматты окуп королу.

    1. Борбордук нерв системасы – тез-тез кыжырдануу, чаржайыттык, конул чогуу, эс тутумдун начарлашы, баш оорулар.

    2. Ооз кондойу – ооздон жагымсыз жыттардын чыгышы, тиштердин саргайышы, тиш кондойлорунун ачышып оорутушу, ооз кондойундо жарачалардын пайда болушу.

    3. Журок-кан тамыр системасы – тамырлардын ичкериши, негизги (баш жана журок) органдарына кычкылтектин жетишсиздиги, журоктун тез-тез согушу.

    4. Ичеги карын тутуму – конул айнуу, кусуу, ашказандын оорутушу, ичтин отушу, гастрит жана ашказан жарасы.

    5. Репродуктивдуу системасы – жыныс гармондорунун активдуулугунун томондошуно алып келет.

Эми балдар, насвайдын жасалышы жана анын кесепеттери жонундо DVD дисктен королу (окуучуларга атайын даярдалган диск коргозулот).

Ал эми «Тамеки насвайга караганда зыяны азыраак болуп журбосун?» -деген жанылыш ойго баргандар болуп калышы мумкун. Анда тамеки жонундогу окуучулар даярдап келген докладга конул буралы. (даярданып келген окуучулар доклад окушат).

1-окуучу: Алгачкы адамдар ачкачылыкка чыдабай сигарет чеккен, себеби өздөрүн ток кармагандай сезишкен. Ошондогу адамдар «сигаро»-деген чөптү кургатып, аны мүшөккө салып чегишкен. 1942-жылы 27-сентябрда Испаниялык саякатчы Христофер Колумб Кубанын жээгиндеги Гаити аралына барат. Ал жердегилер «сигаро»-деген чыгарышат. Алар түтүнүн жутушуп мурдунан чыгарышат. Алардан матростор үйрөнүшөт, андан кийин өлкөлөргө тарайт. Ошентип Гаити аралынан Табаго аймагына андан алган өсүмдүк 1494-жылы башка өлкөлөргө тарайт. 18-кылымдын 30-жылдарында Швед окумуштуусу Карл Линней Европада биринчи болуп тамекинин өстүргөн. Жан Никонун атына «Никотин»-деп айткан, Жан Нико Франсуздардын Португалияга жиберген өкүлү болгон. 1566-жылдын башында оорудан айыга албай жүргөн Франсуз королевасы Екатерина Медичеге баш ооруганда жыттоону сунуш кылат. Ага кургак жалбырак жиберген. Ошентип падыша сарайындагы ак сөөктөр арасында тамеки жыттоо модага айланган.

1634-жылы Европадан Россияга келет. 30-май тамеки тартуунун күнү деп аталып калган. Тамеки жалбырагынын составынан «никотин»-деп аталган алкалоидди биринчи болуп 1828-жылы окумуштуулар Носель жана Рейман аныктаган тамеки 2ге бөлүнөт.

2-окуучу: Тамеки жалбырагынын составында төмөндөгүдөй топтогу заттар бар. Белок 10%, углевод 20%, органикалык кислота 10%, чайыр 10%, эфир майы 1%. Тамекинин кара майында декоть деген 100гө жакын химиялык заттар кездешет. Алар бензопирем, бензатрацент, мышьяк, полициклдуу углеводдор бар. Ден-соолук комитетинин билдиргенине караганда тамекини катуу тарткандардын өмүрү сегиз жылга кыскарат.

Жер шаарынын калкы жылына 12млрд пачка папирос жана сигарет тартат. Ыргытылган тамеки калдыктарынын массасы 2,500 тонна болот. Тамеки тарткандар отмосферага жыл сайын 720 тонна синил кислотасын, 584000 тонна аммиак, 108000 тонна никотин, 600000 тонна кара май, 550000 тонна ис газын чыгарат. Фармологдордун маалыматы боюнча 1 куту сигаретти тарткан адам 0,0012г синил кислотасы, никотин 0,64г, аммиак 0,9г, 1г кара май организимге кирет. Эгерде 30 жыл күнүнө бир пачка папирос тарткан адам өпкөсү аркылуу 5,5кг чайыр, 160кг тамекинин түтүнүн, 1,5кг никотинди өткөрөт. 6,7 мг адамды, бир тамчы никотин атты өлтүрөт. Биринчи жолу тамеки тартканда өзүн жаман сезип, көӊүлү айныйт, кускусу келет, жүрөктүн согушу күчөйт, эсинен танып калат. Никотинге көнүп калганда тамекиге зыяндуу таасири басаӊдап, анын жагымдуу дүүлүктүргөн таасири гана сезилип калат.

3-окуучу: Тамеки тартканда өпкөнүн рак оорусу менен 10 эсе, кекиртек рак оорусу менен 6-10 эсе ооруп калуу мүмкүнчүлүгү артат. Кызыл өӊгөч рак оорусу менен ооруган 100 кишинин 90ну тамеки тарткандар. Тамеки тартпаган адам тамеки тарткан адамдын жанында бир саат отурса ал тамеки чеккен адамдай зыян тартат.

Статистикалык маалыматтарга таянсак тамеки тарткан аялдардын төрөгөн балдарынын 40%на чейини өлүмгө учурайт. Никотин кан тамырларынын ички бөлүгүн сезгентет. Тамеки тарткан адамдар «Стенокардия» оорусу менен ооруйт, бул оору мезгил-мезгили менен жүрөктүн булчуӊдарына кан жетпей буулуп, көкүрөк сайгылашып катуу ооруйт. «Стенокардия» оорусу миокарддын инфаркты деп аталуучу жүрөктүн оор дартына алып келет. Бул оору менен 80%тен көбү тамеки тартуу себебинен. Ошондой эле кургак учук, бронхит менен оорушат. Фагоситоз козгогуч начар иштейт. 75% аялдар ооруйт, себеби тамеки тартуучу инфарк менен 12 эсе тамеки ар кандай ашказан жарасы менен 97% чылым тарткандар оорушат.Никотин С1, В1, В2 витаминдерин 20 эсе азайтат. Эгерде папирос чексеӊ 3%, сигарет чексеӊ 6% никотин уу затын өзуӊө аласын.

  1. Бышыктоо. 

Мугалим: Кордунорбу балдар, насвай канчалык зыяндуу жана булганыч нерсе экенин? Ошондуктан, балдар, эч качан насвай жана тамеки деген нерселерди оозунарга эмес колунарга да кармабагыла!

Эми балдар, насвай жана тамеки жонундо макал-лакап, накыл создордон билесинерби? (окуучулар айтышат).

ЭЛДИК МАКАЛ-ЛАКАПТАР.

Тамеки чексеӊ көпкөндөн,
Көк жөтөл чыгат өпкөдөн.
Ким чексе тамеки же нас,
Ал адам өзүнө-өзу кас.
Тамеки акмактанбай күйөт,
Ал бекерпоз адамды сүйөт 

НАКЫЛ НАСААТ СӨЗДӨР:

«Тамеки бүткөн бойго зыян келтирип, акыл эсти бузуп, бүтүндөй улутту мокотот». (О. Бальзак)
«Никотин эске тутууну начарлатып, жөндөмдүүлүк менен эркти бошотот». (Н. А. Алехим)
«Тамеки тартуу аӊкоолук». (В. Гётте)
«Мас болуп-жиндиликке машыгуу» (Пифагор)

  1. Жыйынтыктоо.

Насвай колдонуу жана тамеки тартуу менен адам оз ден соолугуна жана жакындарына канчалык коп зыян алып келээрин тушундук деп ойлойм. Бул жаман адаттын дагы бир окунучтуу жери, тамеки тартууга конуп алган адам аны таштоодо ото кыйналат. Кээ бир эрки бош адамдар таштай албай журо беришет. Озундун ден соолугунду озун кургаткын келбесе, насвайдан жана тамекиден жаа бою качканынар он.

Тамекинин кулу болуп жашаганча, сергек жашоо мунозун тандап, куунак жана бактылуу, оорубай жашаганга аракет кылууну озубузго адат кылалы.





Сабактын темасы: Укпайт деп ушак айтпа.

Сабактын максаты:

  1. Ушак деген эмне экендигин талкуулап, тушунук беруу.

  2. Ушактан келип чыккан койгойлор жонундо, ушак менен курошууго багыт беруу.

  3. Ушак айтпаганга, адептуу болууга чакыруу.

Сабактын жабдылышы: Суроолор жазылган баракчалар.

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу.

Сабактын темасы, максаты жонундо тушундурмо беруу.

  1. Киришуу. Оюн “бузук телефон”

Оюндун эрежеси: Бардык катышуучулар ордуларында калышат. Катардын башында отурган адамдын кулагына бир суйлом айтылат. Мисалы, “Алима эженин кызы уйуно кайтып келиптир”. Бул суйломду бири-биринин кулагына кайталабай секин бир жолу айтышат. Акырында отурган адам эмне укканын унун чыгарып айтат (коп учурда акыркы айтылган суйлом биринчисинен такыр башкача болот). Биринчи суйломду айткан адам туура вариантын айтат. (Бул оюнду бир нече жолу кайталаса болот. Ар турдуу суйломдорду айтууга болот).

Суроо-жооп:

    1. Эмнени байкадынар?

    2. Суйлом оз тузулушун аягына чейин сактай алдыбы?

    3. Эмне учун деп ойлойсунар?

    4. Жашоодо ушундай учурлар кездешеби? Мисалдар келтиргиле.

  1. Ушак жонундо тушундурмо. Топтор менен иштоо.

Мугалим катышуучуларды 3 топко болуп, аларга суроо кагаздарын берет.

1-топко суроо: Ушакты силер кандай тушуносунор? Окуучулардын болжолдуу жооптору:

    • Уккан созду кошумчалап, коркомдоп бироого айтуу.

    • Ушактын тубу уруш, туболугу жок, тугонбойт.

    • Айткан ушакчы эмес, айтып барган ушакчы.

    • Ушак биздин жашообуздагы жакшы мамилеге тоскоолдук.

2-топко суроо: Ушактын натыйжасы кандай болушу мумкун? Окуучулардын болжолдуу жооптору:

    • Он таасири 30% (ушактаганын коруп, “жок, мен мындай болгум келбейт” дешибиз мумкун)

    • Терс таасири 70%

      • Мамилени бузат

      • Тескери маалымат

      • Нервти жейт

      • Ажырашып кетуу

      • Соттошконго чейин баруу.

3-топко суроо: Озун жонундо ушак уксан, озунду кандай сезесин? Окуучулардын болжолдуу жооптору:

    • Ушак айткан адамга ачууланам.

    • Кыжалат болом.

    • Урушканга чейин баруу.

    • Маани бербейм.

    • Суруштуруу.

    • Ким баштаганына карап иш кылам.

Эми балдар, жогорку суроо-жооптон жыйынтык чыгарып, “ушак” деген созго аныктама берели.

    • Ушак – бул бир адамдан экинчи адамга башка бироо жонундо туура эмес маалыматтын берилиши.

    • Ушак – бул жан дуйнодон кайнап чыккан, бироону каралаш учун ойлонуп табылган соз – удургутуу, - коро албастык.

    • Ушак – бул адамдын жекелик иштери жонундо формалдуу эмес создор, божомолдон да келип чыгат.

    • Ушакчы – бул башка бироолордун жекелик иштери жонундо коп суйлоо.

  1. Ушак жонундо создор.

Сулаймандын накыл создору:
16:28 аят

Анткор адам чыр-чатак себет, ушакчы адам досторду ажыратат.
20:19 аят

Соз ташыган адам бироонун жашыруун сырын ачат. Оозу чон адам менен байланышпа.
18:8 аят

Ушакчынын создору – татуу нерсе, алар адамдын ички дуйносунун эн терен жерине чейин жетет.

  1. Жыйынтыктоо.

Демек балдар, ушак суйлоо адепсиздик экен жана достор, туугандар ж.б. арасында мамиле бузулуусуна алып келет экен. Бироо жонундо ушак созду эч качан айтпашыбыз керек. Бироонун ички сырын эгер ал каалабаса башкаларга ашкере кылуу да адепсиздик болуп эсептелет. Ошондой эле канчалык кызыктырып айтпасын ушакчынын созун укпашыбыз керек. Айрыкча ал айткан создорду башкаларга айтып барбашыбыз керек, анда озубуз да ушакчы болуп калат экенбиз. Так билмейинче бироолор жонундо божомол маалыматтарды айтып, бироонун жеке турмушуна ашыкча кызыгуу менен ушак башталып кетээрин унутпашыбыз керек.





Сабактын темасы: Салт менен диндин байланышы.

Сабактын максаты:

  • Кыргыз элинин салттары жана диндин байланышы жонундо ой жугуртот.

  • Дуйного туура коз карашын калыптандыруу.

  • Ислам динине илимий жактан туура тушунуу. Элдик каада-салттарды сыйлоо.

Сабактын жабдылышы:

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу.

Сабактын максаты менен тааныштыруу.

  1. Киришуу учун суроолор:

    • Дуйнодо кандай диндер бар?

    • Биз жана ата-бабабыз кайсы динге ишенебиз?

    • Мусулман олколоруно кайсы мамлекеттер кирет?

    • Мусулмандын беш парызын айтып бере аласынарбы?

  2. Жаны тема.

Биз томондо Элмира КӨЧҮМКУЛОВА маданий антрополог, этнограф, Борбордук Азия университетинин маданий мурастар жана гуманитардык илимдер боюнча бөлүмүнүн координаторунун

“Дин менен салттын айкалышы - бул чыныгы дин” деген темадагы макаласынан кыскача таанышабыз

Көчмөн эл жаратылыш менен абдан тыгыз байланышта жашашкан.

Башкача айтканда, алардын жашоосу, турмуш тирилиги жаратылыш ресурстарынан, табигый кубулуштардан көз каранды болгон. Бийик тоолордо көчүп, конуп жүрүп, аска зоолордон ашып, башына кыйынчылык түшкөндө алар, сөзсүз түрдө, кудайга, табигатка сактай көр деп жалынышкан. Ошондой эле, жер бетиндеги бардык нерсенин жаны бар, ээси бар деп эсептеп, аларга аяр мамиле жасашкан. Жаратылыштагы өзгөчө көрүнүштөргө, кубулуштарга көңүл бөлүшкөн. Маселен, ээн талаа, бирок ортосунда жалгыз дарак өсүп же эч бир таш жок түздүктө бир чоң таш туруп калышы мүмкүн. Булардын баарын карапайым эл кудайдын, жараткандын жасаган иши деп ишенишип, сыйынып мазарга айландырышкан. Андай жерлердин өзгөчө энергиясын сезишкен.

Бизде өлгөн адамга кошок кошуу деген байыркы салтыбыз бар. Арстанбек акын айткандай, "Тирүүнүн көркү сый болот, өлүктүн көркү ый болот" деп, кыргыздар өлгөн адамды тиги дүйнөгө абдан аздектеп, сый менен узатышкан. Анткени, "Кудай урган оңолот, арбак урган оңолбойт" деп арбактан коркушкан, арбакты ыраазы кылууга аракет кылышкан. Эң күчтүү каргыш бул "Арбак ургур!" деген сөз болгон. Чынында эле, дыкат иликтеп келгенде, кыргыздардын баатырдык эпостору да кошок ыкмасында айтылган. Кайсыл бир баатыр каза болгондо аны даңктап, даңазалап, туулгандан өлгөнгө чейин эмне иш кылганын, кандай эрдик жасаганын, артына эмне из калтырганын тизмектеп, ыр түрүндө жамактап кошуп ыйлаган. Убакыт өткөн сайын ал эл оозунда калып, муундан муунга айтылып, бара-бара кайсыл бир эпоско же элдик ооз эки чыгармага айланып калган дешет. Мисалы, кошокто өлгөн адамдын жакшы сапаттары макталып, даңкталып ырдалат эмеспи. Бул маселеге дин өкүлдөрү эмне дешет? Алар көп кейип-кепчип ыйлабагыла, "Жаш кетти, о кудай, анын ордуна мени эмне албадың?!" деп кудайга наалат айтпагыла, эч убакта адамды айга, күнгө теңеп мактабагыла деп тыюу салышып, кудайдан башка кимдир бирөөнү мактоого, башка бир нерсеге сыйынууга караманча каршы болушат. Кыскасы, өлгөнгө кошуп ыйлабай, куран эле окуп коюш керек дешет. Эми кызык жери биздин кыргыздар эмне кылышкан? Алар жогорудагы эрежелерди эске алып, кожо-молдолордон уккан-билген диний сөздөрдү, түшүнүктөрдү кошокко төмөндөгүчө кылып кошуп коюшкан:

Бисмилла сөздүн адалы, 
Өлбөй бир пенде калабы? 
Бул өлүмдүн айынан 
Кемибей пенде калабы. 
Келме бир сөздүн адалы, 
Кемибей пенде калабы. 
Кемигени курусун, 
Кейитет экен адамды. 

Мына ушундай салттуу саптар менен баштап, анан өлгөндүн жакшы сапаттарын айтып, аягын мындайча бүтүрөт:

Бейиштин төрү беш эшик, 
Беш манжаң тийбей ачылсын. 
Бейиштеги кызыл гүл 
Бешенеңе чачылсын. 
Ыйлаган менен айла жок, 
Курандан башка пайда жок. 

Мына ушул саптардан Ислам дини менен кыргыздын каада-салтынын сонун айкалышын көрүп турабыз! Кыскасын айтканда, мурун дин менен салттын ортосунда азыркыдай ачык-айкын тирешүү же карама-каршылыктар болгон эмес.

Бирок жогоруда айтып кеткендей, кыргыздын байыркы, Исламга чейинки дүйнө таанымынын, диний ишенимдеринин элементтери эч качан толугу менен жок болуп кетпейт, ал үчүн ондогон, балким, жүздөгөн жылдар керек. Эч качан "таза" бир Ислам дини же Христиан дини болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Орто Азиядагы Ислам, же болбосо, мусулманчылык башка мусулман өлкөлөрдөгү мусулманчылыктан көп жагынан кескин айырмаланып келген. Себеби, ар бир эл бөлөк динди же каада-салтты кабыл алганда өз турмушуна, өз тилине которуп, ыңгайлаштырып анан колдонот.

  1. Бышыктоо.

Жогорку макаланы талкуулоо.









Сабактын темасы: Боз уй – бабалар мурасы.

Сабактын максаты:

  1. Боз уй тууралуу тушунук беруу, анын ички, сырткы тузулушун тааныштыруу.

  2. Улуттук буюмдар, салт-санаалар тууралуу окуучулардын билимин онуктуруп, соз байлыгын остуруу.

  3. Кыргыз элинин эзелтен келе жаткан урп-адаттарын, маданий мурастарын сыйлоого тарбиялоо.

Сабактын усулу: ангемелешуу, суроо-жооп.

Сабактын жабдылышы: Буклет, суроттор.

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу.

Кыргыз Республикасынын Гимнин ырдоо. Алтын эрежени эске салуу.

  1. Киришуу учун суроолор:

Балдар, азыр мен силерге табышмак айтайын, силер жандырмагын тапкыла.



Ата-бабам курап келген
Жалан гана жыгачтан,
Тиге салсан бир заматта,
Боло калат турак-жай. (Боз уй).



Боз уйду ким кай жерден коргон?
Ичине кирип, ичин байкагансынарбы?

  1. Зарыл маалымат менен тааныштыруу.

Боз уй – биздин ата-бабаларыбыз сактап келген мурас. Боз уй кочуп конуп жашаган турмушта абдан ынгайлуу болгон. Ал жуктогонго женил, кышында жылуу, жайында салкын болот. Боз уй кереге, уук, эшиктен куралат. Булардын баарын тундук бириктирип турат. Эл ичинде боз жасай турган усталар бар. Боз уйдун сырткы жабуусун энелерибиз койдун жунунон жасаган. Ал эми боз уйдун ичинин он тарабына аялдарга тиешелуу казан-аяк, сол тарабына эркек кишилерге таандык ээр-токум, мал чарбасына керектуу шаймандары коюлат. Торго жууркан-тошок жыйылып, капталдарына баалуу ан-тери илинет.

Кыргыздын боз үйүн жасоого кол өнөрчүлөрдүн бардык чеберлери — теричи, жыгач уста, темир уста, саймачы, оймочу, зергери, уздары катышкан. Кыргыздарбоз үйдү күнүмдүк тиричиликке, сый-сөөлөткө жасашкан жана жоопкерчиликте урунушкан, анын түрлөрү көп.

Боз үйлөр чоң-кичинесине карата алтымыш баштан-жүз баш, эки жүз баш деп, керегенин башына карата бөлүнөт. Үйдүн ичи төр, улага, эр жак, эпчи жак деп төрткө бөлүнөт. Төргө кадырлуу меймандар, карыя аксакалдар, эпчи жакка казан-аяк кармаган аялдар, эр жакка эркектер, улагага кичүүлөр отурушат.

Боз үйлөрдүн жыгачтары негизинен талдан, түндүгү арчадан жасалат. Көлөмү боюнча төрт канат, алты канат, кээ бир ажолордун, байлардын ак өргөлөрү 30 канатка жеткен учурлары бар.

Боз үйдүн негизги жыгачтары — кереге, уук, босого таяк, түндүк, каалгадан турат. А дегенде кереге жайылып, аштарына уук учтугу менен чалып байланат. Босого таяк орнотот. Бакан менен түндүк көтөрүлөт, уук сайылат. Чий тартылган соң туурдук, үзүк, эшик тыш, түндүк жабуу жабылат.

Балдар, силер деле билесинер, боз уйду той болгондо, биздин айылда деле тигишет. Коргонунор болсо, бизге айтып бергилечи? Анда менин айткандарыма ким кошумчалайт?

  1. Бышыктоочу суроолор:

    • Боз уй эмнеден жасалат экен?

    • Кандай жыгачтар колдонулат? Кантип тургузулат?

    • Боз уйдун эн жогорку бириктирип турган жерин кантип атайбыз?

    • Сырткы жабуусу эмнеден жасалат?

Эми ошол боз уй жонундо ыр айталы.

Эзелтеден ата-бабам
Жайлоолордо кепкенен,
Ыйык сактап урпактарга
Боз уй тигип келишкен.
Кыргызымдын улуулугун,
Ата-салттын баалуулугун
Бурмалабай, булдурбой,
Колдонолу бутундой.

  1. Балдар суроттор менен иштешет.

Суроттордон кереге, уук, туурдук, тундукту ажыратып корсотушот.

  1. Уйго тапшырма беруу.

Боз уй жонундо кобуроок маалымат билип келуу.









Сабактын темасы: Боорукердикте жана мээримдуулукто жадырап тийген кундой бол.

Сабактын максаты:

  1. Боорукердик, мээримдуулук жонундо кенири ой жугуртот.

  2. Озундо жакшы сапаттарды калыптандырууга багыт алат. Боорукер, мээримдуу болууга умтулууга туртку алат.

  3. Топтордо иштоого, бири-бирин сыйлоого конугот.

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу.

Сабактын максаты менен тааныштыруу.

Жакшы маанай каалоо.

  1. Киришуу учун суроолор:

    • Адамда кандай жакшы сапаттар бар?

    • Ошол сапаттар силерде барбы?

(окуучулар менен талкуу жургузулот).

  1. Мугалимдин созу.

Балдар, бугунку сабагыбыздын темасы айтып тургандай боорукердик жана мээримдуулук жонундо соз кылабыз.

«Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен, же сойлоорго буту жок, жылан байкуш кантти экен» деген улуу Асан Кайгы жан-жаныбарга да боору ачып, аларга кайгырат.

Жакындарынын, тааныштарынын гана эмес, тааныбаган бироонун кайгысын сезип, аны ойлоп кайгырып, ага боору ачыган, ага чын дилинен жардам берууго аракет кылган адамдарды “боорукер” деп айтышат. Боорукер адам гана башкаларга мээримин того алат.

Боорукердик жана мээримдуулук адамдагы эн жакшы сапаттардан. Кээ бир адамдын башына жаман иш тушуп, жардамга муктаж болуп калышы мумкун. Кээ бир адамдар майып болуп, мумкунчулугу чектелип кадимки жашоодон артта калат. Мындай учурларда жардам беруунун ордуна кемсинтип, шылдындаган адамдар бар. Андай адамдарды кыргызда “ташбоор”, “карамуртөз” деп аташат. “Мындай адамдардан жакшылык кутууго болбойт” деп алардан алыс жургонго аракет кылышат.

    • Балдар мээримдуу дегенде эн биринчи ким коз алдынарга келет?

    • Албетте, туура айтасынар, дуйнодогу эн мээримдуу адамыбыз бул апаларыбыз, энелерибиз. “Эне мээрими чексиз” деп айтылат эл ичинде.

    • Балдар, бул макалдын маанисин кандай тушуносунор?

Окуучулардын ой-пикирин угуу, талкуулоо, жыйынтыктоо керек.

Ооба, энелер чекчиз мээримдуу, абдан боорукер болушат. Балдарынын кетирген кемчиликтерин, катачылыктарын, кополдуктарын да кобунчо кечирип, унутуп коюшат. Балдары учун жанын карч уруп, керек болсо омурун беришет.

  1. Топтордо иштоо.

Азыр балдар, класс эки топко болунуп, “боорукер” жана “ташбоор” деген создорго кластер тузобуз. Кластердин формасын озунор тандайсынар.

  1. Жыйынтыктоо.

Мээримдуулук кун нурундай жагымдуу, кун адамдын денесин жылытса, мээрим адамдын ички жан дуйносун, журогун жылытат. Ошондуктан балдар, “Боорукердикте жана мээримдуулукто жадырап тийген кундой болгула”. Чыныгы боорукер адам кыйналган, азап тарткан адамга жардам бере алса өзун бактылуу сезет. Ошондуктан аяп гана тим болбостон, колдон келишинче жардам беруу керек.

  1. Уйго тапшырма беруу. 

Мен боорукер, мээримдуу адам боло аламбы? деген темада эссе жазып келгиле.













Сабактын темасы: Кыргыз элинин баатырлары.

Сабактын максаты:

  1. Окуучуларга Ата Журтту суйуу, Ата Мекенди коргоо ар бир атуул учун ыйык экендигин тушундуруу.

  2. Окуучулар эли, жери учун курошкон баатырлар баяны менен таанышат.

  3. Окуучулардын патриоттук сезимин ойготуу, эр журоктуулукко, сезимталдыкка, эмгекке тарбиялоою

Сабактын жабдылышы: Суроттор.

Сабактын журушу:

Уюштуруу.

Окучулардын сабакка даярдыгын байкап, аларга жакшы маанай каалоо.

Суроолордун тегерегинде маектешуу уюштуруу:

  • Кандай адам эл камын ойлойт?

  • Оз камын гана ойлоп жашоо туурабы?

  • Сен чонойгондо мекенине, элине кандай пайда келтирсем деп ойлойсун?

Мугалим: Ата Журт – ата-бабалар жашап откон жер. Ата Мекен – эч нерсеге алмаштыргыс касиеттуу ыйык жер. Аны коз карегиндей сактоо ар бир жарандын ыйык милдети.

Тарыхка коз жугуртсок, жаратылышы кооз, байлыгы мол жерибизге коз арткандар коп болгон. Алар элди талап-тоноп, чилдей тараткан, Ала-Тоону ээлеп алган учурлары болгон. Элибиз мункуроп турган чагында Манас баатыр туулуп, 12 жашында душмандын баатырларын женип, 40 жигит кураган. Ар бир кыйын кезенде эл ичинен эли-жери учун жан аябаган эр азамат баатырлар чыгып, Мекенди коргоп келди.

Анда, балдар кыргызстандын мамлекеттуулугун сактап келген баатырлар жонундо даярдап келген мааалыматтарынарды айтып бергиле.

1-окуучу: Манас кыргыз элин жок болуп кетуудон сактаган, жашоого уйроткон, кыйынчылыктарды женип чыгууга такшалткан.

Эл учун деп соккон кыргыз журогу,
Унутпастан аны айтып журолу.
Кана, курбум бугун сен да эстечи,
Кимдин сокпойт эл-жери учун журогу?

2-окуучу: Барсбек - оз мезгилинин саясий ишмери болгон. VII кылымда туркторго каршы тышкы саясат жургузгон. 711-жылы курман болгон.

3-окуучу: Мукаммед - Кыргызстанды Монголстандын бийлигинен бошотуп алуу учун курошкон. Ысык-Колдун жээгинде Барскондун жанынан тосуп, 1526-жылы монголдорду Кашкарга суруп чыгарган .

4-окуучу: Тайлак баатыр – 1832 –жылы Кокондун беги Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Тогуз-Торо ороонунон бой жеткен сулуу кыздарды остуруп, балдарды сардарлыкка уйротобуз деген шылтоо менен жылкы, кой, тоо, баалуу таштарды чогултуп, 50 жоокер алып кетмек болот. Ошондо Тайлак баатыр жигиттери менен Назар бекти олтуруп, кыздар, балдарды бошотуп, уйлоруно жиберет.

5-окуучу: Атаке баатыр - XVIII кылымда бир жагынан Цинь (кытай) баскынчылары, экинчи жагынан казак султандары, учунчу жактан Кокон хандыгы кыргыз жерин басып, элин коз каранды кылууга аракеттенет. Элин сакташ учун Россия менен ымала тузгон. Араб алфавитинде жазган каты Омск шаарындагы архивде азыркы кундо да сакталып турат.

6-окуучу: Атакенин баласы – Карабек, Карабектен – Жантай, Жантайдан Шабдан торолгон. Шабдан баатыр – оз мезгилинин кеменгер эл башчысы, элдин ынтымагы деп жанын аябай кызмат кылган. Бей-бечараларга кайрымдуу, кен- пейил, патриот адам болгон. Байлык топтоого, атак-данкка умтулган эмес.

7-окуучу: Ормон хан – XIX кылымдын орто ченинде тундук кыргыз урууларын бириктирууго киришет. Жыйын чакырып, Сарбагыш, Бугу, Саяк, Солто, Саруу, Кушчу, Черик урууларынан биримдик тузот. Казак султандарын жонго салат.

8-окуучу: Байтик баатыр – Чуй ороонун Кокон хандыгынын бийлигинен куткарууда чон эмгек синирген. Капитан чини жана орден менен сыйланган.

9-окуучу: Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары: 1941-1945- жылдарда дуйного дурболон салган коогалуу согуш башталды. Элин-жерин душмандан сакташ учун кыргыздын улан-кыздары согуш майданына аттанышкан.

Чолпонбай Тулобердиев – душмандын дзотун денеси менен жаап, эл-жери учун жанын берген.

10-окуучу: Дуйшонкул Шопоков – 1941-жылы Москваны коргогон 28 панфиловчулардын ичинде болгон. Салгылашуу учурунда ок тийип, оор жарадар болсо да бир нече гранатаны алып, келе жаткан танканын алдына боюн таштаган.

11-окуучу: Ооганстандагы коогаланда Кыргызстандан 7000ден ашуун жоокер катышкан. Алардын 30 га жакыны туулган жерине кайтып келген эмес.

Сулайманов Аблас – 56 жолу согуш операциясына катышкан, 1982-жылдын 20-августунда душмандын курчоосунда курман болгон.

12-окуучу: Эл аралык терроризмге каршы курошто Баткен жергеси жана баткендиктер «эрдик» медалына ээ болгон.

Алар Тажидин Тайлаков- айыл окмотунун башчысы, Шахабидин Моложанов – милициянын лейтенанты, Мелис Торобеков, Расул Рахматуллаев - жоокерлер . Мындай бирдиктуу, ынтымактуу элди эч бир душман жене албасын Баткен окуясы далилдеди.

Жыйынтыктоо:

«Эл-жери учун кызмат кылуу – бардык кызматтардан улуу» -дегендей ар-бирибиз Ата Мекенибизди суйуп, эли-жери учун жан куйгузгон атуулдардан бололу:

Жоокер ыры:
Элимдин бейпилдигин намыска бек сактаймын,
Энеке ак сутунду эл коргоп мен актаймын.
Эр жигит эл четинде, азамат жоо бетинде.
Алыста кыргыз элим, ар дайым сезимимде.

















Сабактын темасы: Дуйно адамдары жана алардын дуйнолуке ачылыштары.

Сабактын максаты: 

  • окуучуларга илим, билимдин кадыр-баркын сездирүү, терең билим алуу аркылуу көптөгөн жакшы ийгиликтерге жетишүүгө, түрдүү өнөрлөргө ээ болууга мүмкүн экендигин түшүндүрүү; 

  • Илимий ачылыштарга олуттуу мамиле жасай билууго чакыруу.

  • кругозорун кенейтууго умтулууга, биримдикке, ынтымактуулукка, эмгекчилдикке ж.б. асыл сапаттарга тарбиялоо.

Колдонулуучу материалдар:  Суроттор.

Сабактын жүрүшү: 

  1. Уюштуруу 

(класста жагымдуу жагдай түзүү)

  1. Киришуу.

    • Дуйно адамдары дегенде кимдерди тушунобуз?

    • Ошондой адамдардан билесинерби?

    • Дуйнолук ачылыштарга кайсылар кирет? Мисал келтиргиле.

  2. Мугалимдин созу.

Адамдар байыртан эле жаратылыш сырларына кызыгып, аларды ачууга, жашоо-тиричилигине колдонууга аракет кылып келишкен. Алгач отту пайда кылып, жагууну, тамак бышырууну, жумушчу жана анчылык куралдарын ойлоп табышкан. Бара-бара сурот тартуу, жазуу, окууга уйронуп, илимий ачылыштарды жасай башташкан.

Азыркы учурда адамдын тиричилигин техникасыз элестетуу кыйын.

Буткул дуйнолук ото жогорку денгээлдеги илимий ачылыштарга Нобель сыйлыгы ыйгарылат. Бул эл аралык сыйлык Щвециялык инженер-химик Альфред Нобельдин 1895-жылдын 27-ноябрында жазган мурас кагазынын негизинде уюштурулган.

Бугун адамзаттын турмушуна, ан сезиминин осушуно олуттуу таасири тийген ачылыштар жасаган адамдардын бир нечеси менен таанышабыз:

      • Вильгельм Рентген – эн алгачкы Нобель сыйлыгынын ээси (1901-жыл), немец экспериментатор-физиги, «рентген нурларын» ачкан. Азыр бул нурлардын жардамында адамдын ички органдарынын, соокторунун суротторун тартып алуу менен ооруусун аныктап дарылоо эн коп колдонулат.

      • Николай Коперник – польшалык окумуштуу-астроном, XVI кылымдын жарымында Жер Кундун айланасында жана озунун огунда айланаарын айткан. Ошону менен Жердин планета экендигин далилдеген.

      • Демокрит – байыркы грек окумуштуусу, биринчи жолу бизди курчап турган нерселер эн кичине болунбос болукчолордон – атомдордон турат деген ойду айткан. «Атом» деген созду грек тилинен которгондо «болунбос» дегенди билдирет.

      • Исаак Ньютон – англиялык окумуштуу, физикада коптогон ото маанилуу эмгектери бар, алардын бири ак жарыктын жети туско ажырашын илимий турдо негиздеген. Жаандан кийин кун ачык тийип калса, “асан-усон” же “кундун желеси” деп аталган турдуу тустогу тилке пайда болгонун коруп журобуз.

      • Альберт Эйнштейн - Анын эмгектери азыркы физика менен техниканын ажырагыс бөлүгүн түзөт. , Нобель сыйлыгынын лауреаты (1921). «Броун кыймылдары» деген эмгегинде молекулалардын жана алардын кыймылдарынын реалдуулугунун аныктыгын далилдеген.

      • Карл Бенц – Немец математиги, 1986-жылы моторлуу бензин менен жургон машинаны ойлоп тапкан. Шофер – франсузча “от жаккыч” деген соз.

      • Г. Белл – Америкалык профессор, дулой-дудук мектебинин окутуучусу, 1876-жылы телефонду ойлоп тапкан. 1957-жылы СССРде мобилдик телефон ойлонуп табылган. Салмагы 1кг 440г болгон.

  1. Жыйынтыктоо.

Дуйно адамдары озунун ачылыштары менен адамзаттын тиричилик-туйшукторун женилдетет. Адамдарга конулдуу жашоого, бири-бири менен женил байланышууга, бара турган жагына тез жана ынгайлуу жетип алууга мумкунчулук тузот. Ошондой эле келечекте дагы жаны ачылыштарды жасоого оболго тузот.

Силер дагы балдар, келечекте жаны улуу ачылыштарды ойлоп табышынар мумкун. Ошондуктан жакшы окуп, дайыма жаны нерселерге кызыгуу менен мамиле кылуунар керек.

  1. Уйго тапшырма беруу.

Келечекте эмне ачылыш жасагынар келет? Оюнарды жазып келгиле.





Сабактын темасы: Ата-энем менин тирегим.

Сабактын максаты:

  • Окуучуларды ата-энеге кайрымдуу болууга тарбиялап, аларда адамдык асыл сапаттарды калыптандыруу.

  • Окуучулардын турмуштагы он терс жагдайларга карата баамчылдык сезимдерин, коз караштарын онуктуруу, оз алдынча ой жугуртууго багыт беруу.

Сабактын жабдылышы: Сурот, ватман, магнитафон, белектер, ручка, калем.

Сабактын журушу:

  • Саламдашуу, окуучулардын маанайын суроо.

  • Келбеген окуучуларды жоктоо.

Мугалим:

Балдар, конулубузду доскага бурабыз. Силер учун эн кымбат ким жана эмне?

Мугалим: Азаматсынар, демек биз учун кымбат адамдар: Ата-эне, бир тууган, досторубуз экен. Бугун силер менен ата-эненин биз учун канчалык ардактуу , ыйык экендигин далилдейбиз. Ар бир ата-энебалам чоноюп , эрезеге жетсе , адам болсо деп тилейт: баласын тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз кылат, тарбия таалим берип остурот. Келечекте бир кесиптин ээси болсун деп, окуп билим алышына , эмгекке уйротуп, акылдуу намыстуу болуп чоноюшуна ынгайлуу шарттарды тузуп берет.

Элибизде : « Бейиш эненин таманынын астында», «Атага баш ийуу, тенирге баш ийуу», «Атанын каргышы –ок» деген создор бекеринен айтылган эместир.

А силер ата-эне жонундо кандай макал-лакаптарды , ырларды билесинер?

Жооптор: «Эненин конулу балада, баланын конулу талаада», «Энеге баланын балалыгы жок», «Эне сыйлаган элине жагат, ата сыйлаган абийир табат» ж.б.

Сурот менен иштоо:

Ар бир суротко окуучулар суйлом тузушот . Мугалим суроо берип талкуу болот

Мугалим доскага даяр жазылган ватманды илет:

Ата-эне          Сен оорубагын,мен ооруйун дейт

Ыйык-кымбат          Сенин ийгилигине кубанат

Ардактуу          Сени эч качан танбайт

Эн жакын адам          Озундо жокту сенде болсун дейт

Сени ото жакшы корот
Кийиндирет,ичиндирет

Окуучулар уч группага болунушот. Жогоруда жазылган создорго кантип жооп беребиз же канткенде ата-энебизди ыраазы кылабыз? деген суроого жооп жазышат.

1-группа:«Ай»

  • Сыйлоо

  • Жардам беруу

  • Айтканын аткаруу

  • Каяша суйлобоо

  • Орой болбоо

2-группа:«Жылдыз»

  • Жакшы окуу

  • Тартиптуу болуу

  • Ооруп калса кароо

  • Карыганда багуу

  • Адептуу болуу

3-группа:«Кун»

  • Ыймандуу болуу

  • Улууларды урматтоо

  • Тамакка ата-энеден мурда кол салбоо

  • Сылык-сыпайы болуу

Мугалим: Азаматсынар, балдар! Силер келечекте ата эненерди сыйлашынарга мен ишенем. Бирок балдар бардыгы эле, ата энесин сыйлашбайт экен, тескерисинче карылар уйуно таштап кетишкендер да арабызда бар.

Энесин жээрип карыган,
Элимдин укпай жемесин.
Карылардын уйуно
 
Жеткирди кызы энесин
 
Жашынан берип батасын
 
Чонойтсо дагы баласын
 
Карылардын уйуно
 
Жеткирди жигит атасын
 

«Мин уккандан бир коргон артык» дегендей келгиле балдар, силер менен азыр биздин окуучуларыбыз даярдаган чакан сценарий королу (Мугалим алдын ала эки окуучуну сценарийге даярдап коёт. Сценарийдин мазмуну: баласы энесин кор кылып жардам бербей, акыры карылар уйуно таштап кетет. Кайгылуу музыканын коштоосунда энеси баласын сагынганын, аны коргусу, абалын билгиси келгенин, кайда журсода аман болушун тилегенин айтып ыйлайт. Кийин баласы да кочодо калып жашында кылган куноосун мойнуна алып, балдарды ата энени урматтоого чакырат, ата энени сыйласан оз баландан сый коросун деп созун аяктайт.

Жыйынтыктоо:

Мугалим: Рахмат, силер мыкты артист турбайсынарбы: анда бул белектер силерге бугунку сабакта жакшы катышкан окуучуларыбыздын да «5» деген баа менен сыйлайбыз.

Уйго тапшырма беруу:

Ата-эненер силерге кайсы учурда ыраазы болоорун байкагыла. Ата-эненерди кобуроок ыраазы кылганга, кубандырганга аракет кылгыла.







Сабактын темасы: Коомдук жайда тартиптуу бол!

Сабактын максаты:

  1. Окуучуларда тартиптуу болуу жонундо ой жугуртууго өбөлгө тузуу.

  2. Окуучуларда жакшы журум-турум билимин калыптандыруу, озун адептуу кармоого тарбиялоо.

  3. Коомду, улуу-кичууну сыйлоого уйротуу.

Сабактын жабдылышы: Макал-лакаптар жазылган плакатттар.

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу:

Сабактын темасы, максаты боюнча тушунук беруу.

  1. Киришуу учун суроолор:

    • Коомдук жай деген эмне?

Жакшы журум-турум дегенге эмнелерди киргизесинер?

  1. Жаны тема:

Коомдук жайларда кочодо, конокто, кино-театрда, коомдук транспортто, кафе-ресторандарда ж.б. жерлерде озун туура, тартиптуу алып журууго уйронушубуз керек. Коомдук жайларда, уйдо, бардык озун туура алып жургон адамдар маданияттуу деп аталат. Бугун ушундай туура журум-турум ченемдерин уйронобуз.

    1. Уй булодон баштайлы.

      • Уйдо бири -бирине болгон мамилеси сылык, урматтоо, сыйлоо болуу керек, акырын суйлошуп, бири-биринен кечирим суроону билуу.

      • Уй булоодо жарышып суйлошпой биринин созун баары угуп, соз берип суйлошуу.

      • Улууларын торго отургузуу, тамакты чайнап жегенде оозду жаап чалпандатпай, чайды шорулдатпай ичуу, чыканакты столго койбоо, туз отуруп тамакты суйлобой ичип-жеп, бычакты он колго, вилканы сол колго кармоо керек.

    2. Кочодо же эл коп жерде озун алып журуу.

      • Он жак менен басканды, адамдарды жоолобой, улуу кишилерге же кыздарга жол бошотуу, тукурунуп, же кыйкырып суйлошпоо.

      • Улуу кишилерге, апаларга, кыздарга эшик ачып беруу, улуу кишилерге салам айтуу.

      • Семичкени тарсылдата чагып жерге таштоо ото терс корунуш. Кочого таштанды таштабоо керек. Таштандыны атайын жайларга (мусор идиштерге) таштоо керек.

    3. Коомдук транспортто озун алып журуу.

      • Коомдук унааларда улуу кишилерге орун беруу.

      • Айдоочулар жургунчулорго сылык мамиледе болушу, жургунчулор да бири-бирине жана айдоочуга сылык мамиле жасоосу керек.

      • Унун катуу чыгарып суйлошуу, башкалардын конулун буруп телефондо суйлошуу такыр туура эмес.

    4. Филармониядан, драм театрдан концерт коруу. Кино-театрдан кино коруудо:

      • Филармониядан, драм театрдан концерт коруудо, кино-театрдан кино коруудо ышкырып, кыйкырып-окуруп кол чапканыбыз ото туура эмес. Бул жерге кийинип келишибиз да башкачараак болот. Дворец спортко ышкырып кол чапкан жарашат. Ар нерсенин орду бар.

      • Концерт, театр буто электе элдин конулун буруп чыгып кетуу, же кечигип келуу да туура эмес. Бул артисттерди жана коруучулорду сыйлабагандыкты билдирет.

    5. Бышыктоо:

Адам эмнеси менен корктуу? –деген суроого жооп берип королу.

Адамдардын бири-бирине болгон мамилеси, журум туруму маданияттуулугун далилдейт.

“Адамзат жаашодон албаса таалим, зордоп уйрото албайт мугалим”-деген соз бар. Ар бир адам айланадан таалим тарбия алып, озунун маданиятын жогорулатуусу зарыл. Биз жакшы журум-турумубуз, бири-бирибизге болгон мамилебиз б.а.маданиятыбыз менен корктуубуз.

    1. Уйго тапшырма беруу:

“Мен коомдук жайларда озумду туура алып журууну уйрономун” . Ойлорунарды баракка жазып келгиле.







Сабактын темасы: Укпайт деп ушак айтпа.

Сабактын максаты:

  1. Ушак деген эмне экендигин талкуулап, тушунук беруу.

  2. Ушактан келип чыккан койгойлор жонундо, ушак менен курошууго багыт беруу.

  3. Ушак айтпаганга, адептуу болууга чакыруу.

Сабактын жабдылышы: Суроолор жазылган баракчалар.

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу.

Сабактын темасы, максаты жонундо тушундурмо беруу.

  1. Киришуу. Оюн “бузук телефон”

Оюндун эрежеси: Бардык катышуучулар ордуларында калышат. Катардын башында отурган адамдын кулагына бир суйлом айтылат. Мисалы, “Алима эженин кызы уйуно кайтып келиптир”. Бул суйломду бири-биринин кулагына кайталабай секин бир жолу айтышат. Акырында отурган адам эмне укканын унун чыгарып айтат (коп учурда акыркы айтылган суйлом биринчисинен такыр башкача болот). Биринчи суйломду айткан адам туура вариантын айтат. (Бул оюнду бир нече жолу кайталаса болот. Ар турдуу суйломдорду айтууга болот).

Суроо-жооп:

    1. Эмнени байкадынар?

    2. Суйлом оз тузулушун аягына чейин сактай алдыбы?

    3. Эмне учун деп ойлойсунар?

    4. Жашоодо ушундай учурлар кездешеби? Мисалдар келтиргиле.

  1. Ушак жонундо тушундурмо. Топтор менен иштоо.

Мугалим катышуучуларды 3 топко болуп, аларга суроо кагаздарын берет.

1-топко суроо: Ушакты силер кандай тушуносунор? Окуучулардын болжолдуу жооптору:

    • Уккан созду кошумчалап, коркомдоп бироого айтуу.

    • Ушактын тубу уруш, туболугу жок, тугонбойт.

    • Айткан ушакчы эмес, айтып барган ушакчы.

    • Ушак биздин жашообуздагы жакшы мамилеге тоскоолдук.

2-топко суроо: Ушактын натыйжасы кандай болушу мумкун? Окуучулардын болжолдуу жооптору:

    • Он таасири 30% (ушактаганын коруп, “жок, мен мындай болгум келбейт” дешибиз мумкун)

    • Терс таасири 70%

      • Мамилени бузат

      • Тескери маалымат

      • Нервти жейт

      • Ажырашып кетуу

      • Соттошконго чейин баруу.

3-топко суроо: Озун жонундо ушак уксан, озунду кандай сезесин? Окуучулардын болжолдуу жооптору:

    • Ушак айткан адамга ачууланам.

    • Кыжалат болом.

    • Урушканга чейин баруу.

    • Маани бербейм.

    • Суруштуруу.

    • Ким баштаганына карап иш кылам.

Эми балдар, жогорку суроо-жооптон жыйынтык чыгарып, “ушак” деген созго аныктама берели.

    • Ушак – бул бир адамдан экинчи адамга башка бироо жонундо туура эмес маалыматтын берилиши.

    • Ушак – бул жан дуйнодон кайнап чыккан, бироону каралаш учун ойлонуп табылган соз – удургутуу, - коро албастык.

    • Ушак – бул адамдын жекелик иштери жонундо формалдуу эмес создор, божомолдон да келип чыгат.

    • Ушакчы – бул башка бироолордун жекелик иштери жонундо коп суйлоо.

  1. Ушак жонундо создор.

Сулаймандын накыл создору:
16:28 аят

Анткор адам чыр-чатак себет, ушакчы адам досторду ажыратат.
20:19 аят

Соз ташыган адам бироонун жашыруун сырын ачат. Оозу чон адам менен байланышпа.
18:8 аят

Ушакчынын создору – татуу нерсе, алар адамдын ички дуйносунун эн терен жерине чейин жетет.

  1. Жыйынтыктоо.

Демек балдар, ушак суйлоо адепсиздик экен жана достор, туугандар ж.б. арасында мамиле бузулуусуна алып келет экен. Бироо жонундо ушак созду эч качан айтпашыбыз керек. Бироонун ички сырын эгер ал каалабаса башкаларга ашкере кылуу да адепсиздик болуп эсептелет. Ошондой эле канчалык кызыктырып айтпасын ушакчынын созун укпашыбыз керек. Айрыкча ал айткан создорду башкаларга айтып барбашыбыз керек, анда озубуз да ушакчы болуп калат экенбиз. Так билмейинче бироолор жонундо божомол маалыматтарды айтып, бироонун жеке турмушуна ашыкча кызыгуу менен ушак башталып кетээрин унутпашыбыз керек.



Сабактын темасы: “Карынын кебин капка сал”.

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар карыялардын коомдогу ролу, ата-эне менен баланын өз ара мамилеси жөнүндө ой жүгүртөт.

  2. Окуучулар ата-энеге боорукер, карыларга кайрымдуу болууга өздөрүндө асыл сапаттарды калыптандырууга тарбияланат.

  3. Окуучулар өз ойлорун эркин далилдүү айтууга, тапшырмага чыгармачылык менен даярданууга көнүгөт.

Сабактын жабдылышы: Макал-лакаптар жазылган ватман,

Сабактын усулу: Интерактивдүү.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу

Окуучулар эки топко бөлүнөт:
“Ата-энелер” жана “Балдар” тобу.
Мугалимдин сөзү: - Балдар, Мамлекетибиз кайсы күндү карыялар кунү деп жарыялаган? (Балдардын жообу).
Туура балдар, 1-октябрь.

Бул күндү мамлекеттик деңгээлде жылда майрамдап, биздин сыймыгыбыз, ырысыбыз болгон карыяларга сый –урмат көргөзүлүп келет. Бирок, бир жылда бир эле жолу эстеп коюу албетте жетишсиз. Биз аларга дайыма көңүл бөлүп сый-урмат көргөзүп туруубуз керек.

Карылар – биздин ата-энелерибиз, чоң ата, чоң энелерибиз, таята-таенелерибиз, кошуналарыбыз, туугандарыбыз же жөн эле көчөдө, транспортто жолуккан кары адамдар. Аксакал аталарыбыз, ак элечек апаларыбыз баскан жолду биз басып ѳтѳ элекпиз. Кыргызда «Карынын кебин капка сал» деген улуу сѳз, кийинки муундарга айтылганы ырас эмеспи. Башкача айтканда, карылардын бизге айткан нускалуу, таалим-тарбиялуу сѳздѳрү, биздин келечекке барчу жолубуз экендигин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Демек алардын коомдогу ролу чоң.

  1. Анда топторго биринчи тапшырма.

Карыяларга, ата-энелерге арналган ырлардан көркөм окуу.

1-окуучу:

Атам бар да, апам бар,
Менин кандай капам бар?
Агам бар да, эжем бар
Мухит кесчү кемем бар.
Карындашым, иним бар
 
Алардан артык кимим бар?

2- окуучу:

Атам, демек, пирим бар,
Көктө жанган күнүм бар.
Ыйык туткан бабалар,
Жумурткадай үйүм бар.

3-окуучу

Ар үйдө ак сакалдуу кары болсо,
Жанында байбичеси дагы болсо.
Баласы баар таап эмгегинен,
Жанында жаркылдаган жары болсо.

4-окуучу

Чоң ата баардыгына калыс болсо, 
Чоң эне суук сөздөн алыс болсо.
Келин кербезденип бой көтөрбөй,
Уулунда уят менен намыс болсо.

5-окуучу

Элибиз эсеби жок элден болсо,
Жоогазын бүрүн төгүп келген болсо.
Бейкуттук ырыс тилеп ар үйгө,
Элибиз ынтымактуу элден болсо.

  1. Топторго экинчи тапшырма:Карыялар, ата-энелер тууралуу макал-лакап айтышуу:

    1. Ата-энеңдин кадырын, көзү барда билип жүр.

    2. Кары келсе ашка, жаш келсе ишк.

    3. Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү.

    4. Ата даңкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт.

    5. Карысы бардын ырысы бар.

    6. Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны.

    7. Ата -аска тоо, эне-чалкыган көл

    8. Бейиш эненин таманы астында. ж.б.

  2. Үчүнчү тапшырма:

“Ата-энелер” тобу “ата-эне” деген сөзгө кластер, “Балдар” тобу “бала” деген сөзгө синквейн түзүшөт.

Ата-эне” тобу

Оригиналын ачуу

Балдар” тобу

    1. зат атооч: бала

    2. сын атооч: ыймандуу, билимдүү

    3. этиш: чоңоёт, сыйлайт, багат

    4. фраза: Бала – ата-эне үчүн бакыт.

    5. синоним: перзент.

  1. Төртүнчү тапшырма:

“Ата-эне” тобуна “Аксакал” деген сөздүн, “Балдар” тобу “Байбиче” сөздүн маанисин чечмелегиле.

Аксакал. Бул- жашы улуурак, акылы жетик,адилеттүү жүрүш-турушу аркылуу алынып, кадыр-баркы башка элдерге да таанылып, сын-келбеттүүлүгү көрүнгөн, ички-сырткы касиети таасирдүү адам. Андай акылы тетик адамдарды бий-болуштар, бай-манаптар урматтап, алардан акыл сурашкан, алардын айткандарындай болушкан.

”Ак сакалдуу карыя,

Акылы терен дарыя”.(макал)

Байбиче.”Калк ичинде байбичелер эсенби.

Кант кошконсуп, бал кымызын чайкаган”.(А.Темиров).

Бул – бир топ жашка чыккан, өзүн салабатуу кармап келе жаткан энелердин сылык аталышы. Нускалуу карыялыгы – келин-кезектерине, айыл ичиндеги кыздарга үлгү. Алардан айыл келин-кыздары гана эмес, эр-азамат жигиттер да кеңеш сурап турушат. Кийинкилер так ушундай каарууга таасирленет.

Мугалим: Азаматсыңар балдар! Таймашка эки топ тең жакшы катыштыңар. Эми жалпы класс окуучулары “Карыялар үйү керекпи?” деген суроонун үстүндө талкуулайбыз. Адегенде окуучулардын даярдаган кыскача инсценировкасын көрөлү:

Автор – 
Карыган эне –
Бала –

Доскага “Карылар үйү” деген жазуу илинет. Таяк таянган кемпир ары-бери басып жүрөт.

Автор:

Тоолордун Кантка жетпей,
Токтогон уч жагында,
Нижне-Серафимовка деп аталган,
Кыргыздын кыштагында.
Дубалдын арт жагында,
Куу тумшук аталышып,
Куулган уул-кызынан
Карыган кемпир жүрөт.
Баш-паанек таппай койгон,
Балдары бакпай койгон.

Ушул учурда бала кемпирдин жанынан өтөт. Кемпир баланын колунан кармап

Кемпир: Уулум, мен ... менминби...
Чын эле мени, Таласыма...
Таласыма алып кеткени келдиңби?
Бала кемпирден колун тартып алып, карабай басып кетет. Кемпир артынан муңдуу карап калат.

Кемпир: Теңир ай, каран күнгө баттым беле,
Же маңдайга кетпес шор жаздың беле.
Карыганда тайкы болду бактым неге?
Асырап сүйүп чоңойткон уул-кызды,
Өзүмдү кууп чыгат деп бактым беле?

Автор: 
Кыз-уланы улуусун барктачу эле,
Кыянаттык иштерге баспачу эле.
Кыйналса да абийирин сактачу эле,
Кыргыз качан карысын таштачу эле?
Кыргыздар, токтогула!
Токтобосоң кайгы-муң каптайт бир кун.
Энесин таштагандар,
Эртең эле башына азап түшсө,
Элин да таштайт билгин!
Атасын таштагандар,
Ата-журтун таштайт билгин!

Окуучулар ушул көрүнүштү көргөндөн кийин “Карылар үйу керекпи” деген темада талкуу жүргүзүшөт.

  1. Жыйынтыктоо

Мугалимдин сөзү: Балдар, “Атанын сөзү – акылдын көзү” демекчи улуулар менен кеңешип, алардын айткандарын угуп, эсиңерге сактап чоңойсоңор, келечегиңер үчүн канчалык пайдалуу болгонун азыр билбесеңер, чоңойгондо билесиңер. Ошондуктан карылардын алтындан кымбат сөздөрүн Акыл куржунуңарга салгыла. Силер ата-энеңерди сыйлаган, карыны, улууну сыйлаган ыймандуу жаштардан болушуңарга ишенем.

















Сабактын темасы: Чыныгы адам-ыйманын эч качан танбайт.

Сабактын максаты:

  1. Турмушта чыныгы адам деген эмне? -деген суроо боюнча ой жугуртот

  2. Чыныгы адам менен ыймандуулук ажырагыс экендигине ынанат

  3. Ыймандуулукка, озуно эн жакшы сапаттарды тарбиялоого умтулат

Сабактын жабдылышы: Макал-лакаптар жазылган плакат

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу:

  2. Суроо-жооп:

    • Ыймандуулук деген эмне?

    • Чыныгы адам дегенди кандай тушуносунор?

    • Адам айбанаттардан эмнеси менен айырмаланат?

    • Адамды адам кылган- эмгек» дегенди кандай тушуносунор?

    • «Адам эмес экенсин» деген создорду кайсы учурда пайдаланышат?

  3. Адамда кандай сапаттар бааланат?

Орто Азияда жашаган элдерде тарбия системасында эмгекчилдикти, достукту, акылды, ак ниеттулукту, пакизалыкты (тазалыкты), адептуулукту, ак конулдуулукту, кайрымдуулукту озгочо баалап келишкен.

Бул жакшы сапаттарга карама-каршы сапаттар (душманы) кайсылар? Жооп:

    1. Акыл, анын душманы- ачуулануу, кыжырдануу, туталануу, жини келуу (ачуу-душман, акыл-дос).

    2. Эл ичинде достук бааланат, аны коро албастык, ичи тардык ойрон кылат.

    3. Ак ниеттуулук, уяттуулук-аны ач коздук сарандык курутат.

    4. Жакшы адеп-ахлак, тартиптуулук, ага жаман чойро терс таасирин тийгизет.

    5. Сабырдуулук, токтоолук, оор басырыктуулук, анын душманы ээн баштык , тартипсиздик.

    6. Пакизалык, ага озумчулдук жолтоо болот.

    7. Бактылуулук, аны кызганыч, ичи тардык курутат.

    8. Уй-булодо ынтымак бааланат, эркектердин арасында баатырдык бааланат, окууда терен ой, бийликте чынчылдык, иште чеберчилик, кепте акылмандуулук бааланат.

  1. Адамды ыймандуулукка чакырган ыр саптарынан окуйлу:

Бакытты жакшылыксыз таба албайсын,
Карызга эркиндикти алалбайсын.
Кумарпоз, билбестиктер козду боёп,
 
Улан-кызды азгырык каалоо соёт.
Напсин тый, эркиндикке шилте кадам,
Болбосо анда сенин эмнен адам?
Жаман ой азгырыктан оолак болуп,
Тазалыкта кармагын дене-боюн.
Адебинди жакшыртып онолгунун,
Казино ичкиликке жолобогун.

  1. Жыйынтыктоо

Дуйнону дунгуроткон залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов “Адамга эн кыйыны – кун сайын адам болуу ” дегендей баарынан кыйыны- чыныгы адам болуу. Аалым болуу оной- адам болуу кыйын.

Дуйно жузундо иликтеп келгенде, илим-техниканын жетишкендигинен адамзатка ото коп зыян келген учурлар коп болгон. Мисалы, Чернобыль окуясы, атомдук, ядердик куралдардын ойлоп табылуусу. Эмне учун? Себеби адамдарда илим жетишкени менен ыйман, адеп гуманизм жетишпейт.

Демек ким болбогун, кайсы кесипте иштебегин эн биринчи максатын- адам болуу, адамгерчиликтуу болуу. Адептик ан-сезим жан дуйнондо калыптаныш учун туура ой жугуртуу да чон мааниге ээ.

    • Адамды бактысыз кылган нерсе – анын жаман ойлору.

    • Кунуго оюнду тазалоого конук, мээрим , жакшы коруу сезими менен ниетинди ондо.

    • Бош убактында озун жонундо ойлонуп, адептик ан-сезимдуулугунду оркундот.

































Сабактын темасы: Ден соолугуңду жашыңдан сакта.

Сабактын максаты:

  1. “Биринчи байлык – ден соолук” деген түшүнүк боюнча окуучулардын билгендерин кеңейтүү.

  2. Окуучулардын ой жүгүртүусүн, сынчыл ойломун, сүйлөө речин өстүрүү.

  3. Ар бир окуучуну өз ден соолугу жөнүндө кам көрүүгө, аң сезимдүүлүккө тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: плакат “Биринчи байлык – ден соолук”, сүрөттөр.

Методикалык ыкмалар: Аңгемелешүү, кластер түзүү, көнүгүүлөр.

Сабактын тиби: Мелдеш.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.

Балдар , бүгүн биз ачык саат өтөбүз. Илгертеден элибизде саламдашуу салтыбыз бар эмеспи, эмесе саламдашып алалы.

Окуучу кыз:

Кыргыздар сөздүн чебери, 
Кылымдан өткөн белеги.
Кана эмесе кыздыр ай,
Кыргызча салам берели.
- Арыбаңыздар!

Окуучу бала:

Айлана теребел салтанат,
Класстык саатыбыз башталат.
Илимге, билимге кол сунган,
Бактылуу балдар бүт салам айт.
- Ассалоому алейкум!

Мугалим:

Бүгүнкү сабагыбыздын темасы доскада жазылып турат, чогуу окуп коёлу.

Окуучулар: Биринчи байлык – ден соолук.

Мугалим: Кайсы күнү бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленет?

Окуучулар: 7-апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү.

- Эми балдар, үй тапшырмабызды текшерип алалы. Өткөн сабагыбызда силерге үйдөн ден соолук жөнүндөгү макал-лакаптарды билим келүү айтылган эле. Анда ошол тапшырманын жыйынтыгын угалы.

Ден соолук жөнүндөгү макал-лакаптарды окуучулар көркөм айтышат:

  1. “Акыл менен ден соолук баарынан кымбат”.

  2. “Балдардын дени сак, заманыбыздын пейли ак”.

  3. “Дени соонун жаны соо”.

  4. “Ден соолугу мыкты кишинин иши да жакшы жүрүшөт”.

  5. “Ден соолук менен кубаныч жашартат”.

  6. “Ден соолукту ооруй электе барктай бил”.

  7. “Ден соолуктан өткөн дос, оорудан өткөн кас болбойт”.

  8. “Биринчи байлык – ден соолук”.

  9. “Күлкү – ден соолуктун мүлкү”.

  10. “Жашыңдан денеңди чыңаганың – кылымга чыдаганың”.

  11. “Отургузсаң бак-шак, ден соолугуң болот сак.

  12. “Досторум менин силерге берээр кеңешим: орто тойгонуңар ойдогудай, аша тойгонуңар – ден соолукту сойгонуңар”.

  13. “Тазалык – ден соолуктун булагы”.

  14. “Дарттуу болсоң дарылан, соо болсоң сактан”.

Мугалимдин сөзү:

- Көпчүлүк адамдар өздөрүнүн ден соолугуна көңүл кош карашат.

Алардын ден соолугунун абалы бирөөнүн колунда деп ойлошот. Мисалы, эгер ооруп калышса, сөзсүз врач айыктырат деп ишенишет. Ошентсе да, өз ден соолугуна аяр мамиле жасаган адамдар да улам көбөйүп бара жатат. Биз ден соолугубуз жөнүндо кам көрүүбүз жана аракеттенүүбүз керек.

Азыр балдар, эки топко бөлүнүп отургула. Доскада эки кластердин темалары берилген, силер аларды туура таап толтурушуңар керек

Ден соолуктун булактары:

Акыл, Бактылуу үй-бүлө, Таттуу уйку, Кыймыл, Таза аба, туура тамактануу, Тазалык, ж.б.

Ден соолуктун душмандары:

Тамеки, Арак, Банги зат, Нас чегүү, Ашыкча тамактануу, Кыймылдын аздыгы, Жуулбаган мөмөлөр, Жалкоолук ж.б.

- Азаматсыңар балдар! Сабагыбыздын үчүнчү бөлүгүндө көнүгүүлөр иштелет. Эки топко планшет жана сүрөттөр берилет.

Биринчи көнүгүү жакшы жана жаман шарттар деп аталат. Окуучулар сүрөттөрдү экиге бөлүп, эмне үчүн жакшы, же жаман экенин талкуулашат, ойлорун коргошот.

Көнүгүү иштелип бүткөндөн кийин жакшы шарттар деп төмөнкүлөр аталды:

  • Эшигинин алдын шыпырып жаткан кыз;

  • Таштандыны атайын жайга төккөн бала;

  • Баланын колун самын менен жууп берип жаткан эне;

  • Идишти жаап койгон аял.

  • Малдын кыгын күрөк, атайын мээлей менен алган киши ж.б.

Жаман шарттар төмөнкүлөр:

  • Отурган жеринде тырмагын алып жатакан бала, киши;

  • Жолго таштанды төккөн аял;

  • Чакадагы төгүлбөй турган акыр-чикирди чокуп жаткан тооктор;

  • Чоң кастрюлга колун салып бетин жууп жаткан киши ж.б.

Көнүгүүдө көп талкуу, талаш-тартыш болду, анткени сүрөттөр айыл турмушунан алынган.

Кийинки көнүгүү “Оорунун таралуу жолдору” деп аталат.

Жыйынтыгында балдар төмөнкү жолдорду аныкташты:

  1. Ачык кудук – суу аркылуу.

  2. Ачык идиш-аяк – ооз аркылуу.

  3. Чымын – тамак аш аркылуу, ооз, кан аркылуу.

  4. Топуракта өсүмдүк отургузууда тери аркылуу.

  5. Ит – тери аркылуу. Чычкан – тамак аш аркылуу.

  6. Жердеги алма, жуулбаган мөмө-жемиш – ооз аркылуу.

Ушуга удаа иштелүүчү көнүгүү “Оору таркатуучу жолдорго бөгөт коюу” деп аталат. Балдар бул бөгөттөрдү талкуулап табышат. Сүрөттөрдү пайдаланышат

  1. Ачык кудук – капкак жасоо.

  2. Ачык идиш аяк – жаап коюу.

  3. Чымын – айнек-терезелерге тор жасоо.

  4. Өсүмдүктү топуракта отургузууда – кол кап кийүү, колду самындап жуу.

  5. Чычкан – капкан коюу, дары берүү.

  6. Итти кармаган соң жуунуу.

  7. Жерге түшкөн алма, мөмө-жемишти жууп жеш керек ж.б.

Жыйынтыктоо:

- Ушуну менен класстык сабагыбыз аягына жетти. Ар кимибиз өз ден соолугубузга өзубүз кам көрүүнү унутпайлы.





















Сабактын темасы: Сууну төкпө, шамалды сөкпө.

Сабактын максаты:

  • Окуучуларга суунун касиетин, анын жашооодогу маанисин жана сууга кандай мамиле керектигин тушундуруу.

  • Жаратылыштын байлыгы болгон таза сууну уномдуу пайдаланууга уйротуу.

  • Табияттын улуулугун баалай билууго жана коргоого тарбиялоо.

Сабактын усулу: Интерактивдуу.

Сабактын жабдылышы: Суроттор, буклеттер, стенд.

Сабактын журушу:

  • Уюштуруу.

  • “Акыл таймашы” усулун колдонуу.

Мугалим: - Балдар, жакырчылыктан чыгуу – элибиздин койгойлуу маселелеринин бири. Элибиздин жашоо денгээлин которууго, дан осумдукторунон мол тушум алууда жаратылыштын табигый байлыктарынан эн зарыл болгон эмне керек? –Суу.

  • Албетте, суу керек балдар. Азыркы дуйнодогу глобалдык проблема- таза суу. Ошондуктан дуйнолук эл аралык фонд уюштурулуп, таза суу программасы иштеп жатат. ООНдун чечими менен 22-март Дуйнолук суу куну деп белгиленген. Эми балдар, суу дегенде козубузго эмнелер келет?

Окуучулар:

  • Суу – бул жашоо, моокум канып жутамын.

  • Суу – бул омур ыйык кылып тутамын.

  • Суу - тамчылар курамы.

  • Суу – тугонгус кенч.

  • Суу – дуйнодогу эн чон байлык.

  • Суу – жаратылыш коргоочусу

  • Суу – Кун энергиясынын жер бетиндеги болуштургучу.

Демек, балдар, ааламга тегиз нур чачкан, улуу Кундо канча тус бар?

  • Жети тус бар.

  • Жети багыттан турган эмнени билесинер?

  • Манас атабыздын жети осуятын.

  • Биздин темабыз кайсы багытка туура келет?

  • Табигат менен таттуу мамиледе болуу.

Анда эмесе, балдар, салтанаттуу ырыбыз болгон гимн, ак монгулуу аска-тоолор менен башталгандай, биз монгунун тамчысынан соз баштап суулардын унун угалы.

Окуучулар эки топко болунушот:

  • Суулар

  • Окуучулар

Океан: Келгиле, туугандарым, кенешип кеп куралы, акыбал-жай сурашалы.
Дениз: Бул балдар эмнени каалашат экен?
Океан: Суу эмне экенин, анын жашоодогу касиетин жана кереметин билгиси келет экен.
Дениз: Анда созду тамчы баштасын.
Тамчы: Тамчыдан булак сызылат, булак өзөнгө чубурат, өзөн дарыя жыят, дарыя денизге барып куят. Жер жузунун ¾ болугун ээлеген Улуу Атлантика муз мухиттери менден башталат. Деле суунун башы менмин. Мен жаныбарларга, дегеле тамыр байлап, топуракка, ташка, сууга онуучу бардык тамырлууларга омур берип турам.
Булак: Мен жер алдынан чыккан эн тунук, муздак, таза суумун. Менин мекеним тоо-таштын арасында. Менден туркун жан-жаныбарлар суу ичет.

Дарыя: Балдар, бир нече суу биригип дарыя болот. Менден адамдар, айбанаттар, жан-жаныбарлар суу ичишет. Электр энергиясын да алат, коптогон айдоо аянттардын чанкоосун кандырам. 
Көл: Мени коргон адамдар кооздугума суктанышат. Адамдар эс алып келуу учун мага барат. Менде коптогон балыктын турлору жашайт.
Дениз: Сууда жашоочу жаныбарлардын коптогон туру менде жашайт. Алардын мекени менмин. Адамдар анчылыкка чыгып оз олжолорун алышат.
Океан: Балдар, суулар оздору жонундо айтып бутушту. Эми силердин да суу донундо билгенинер барбы?
Балдар: Дуйно жузундо 4 океан, коптогон дениздер бар, суулар туздуу жана тузсуз болуп болунот. Суу жаратылышта 3 абалда кездешуучу жалгыз минерал.
Дениз: Мекенинерде кандай дарыяларды билесинер?
Окуучулар: Нарын, Чаткал, Кара-суу, Ак-Буура, Куршаб, Көкөмерен,Көгарт,ж.б
Көл: Кыргызстанда кандай колдор бар?
Окуучулар: Ысык-Кол, Сары-Челек, Сон-Кол, Кара-Камыш, Чатыр-Кол, ж.б.
Мугалим : Суу жонундо ата-бабаларыбыз эмне деп айтышкан?
Окуучулар: Таза болсон суудай бол, баарын жууп кетирген.
Мугалим: Кыз бала карангыда сууга барбайт, эгер барса, “суу султан, мен мусулман” деп айтуусу керек экен. Суунун пири Сулайман пайгамбар жан-жаныбар, жер-суунун тилин билген падыша болгон.
-Кана, биз сууну кантип пайдаланып жаткандыгыбызды суулардан сурап королучу...

Булак:

Көзум тазаланбай,
Чөөтум жок иче албай,
Жан-жаныбар кыйналды.
Шылдыр этип акпадым,
Өзөн сууга жетпедим.

Дарыя:

Токту менден алышты,
Кайра өзумө салышты.
Балыктарым туйлады,
Личинкасы кургады.

Көл:

Кооздугума суктанышат,
Эс алып сайран курушат.
Жээктеримди булгашып,
Таштандыларды ыргытышат.

Мугалим: Суулардын айтканы туурабы? Биз, адамдар, илим-билимге жетишсек деле сууга болгон маимлебиздеги олуттуу кемчиликтерди конулго албай келе жатабыз.

Океан: Бизсиз жашоонорду элестетип коргулочу?

Балдар суусуз жашоону элестетип сурот тартышат да суроттору жонундо айтып беришет.

Суусуз жердин ону менен талаасы,
Боор ачытат анда оскон дарагы.
Эми мында суулуу жерди карачы:
Жупталышкан эки тугой бул ак куу,
Булар учун дайым керек молтур суу.
Кол устундо кайып учуп журо кор,
Кумуштонгон канаттарын болуп зуу.

Мугалим: Сууну кайсы учурда ыйык дейбиз?

Окуучулар:

Адам баласы учун ыйык болгон таза сууну кантип коргойбуз?

  • Булактардын козун тазалоо керек.

  • Суу чыккан жерлерге дарактарды отургузуу керек.

  • Мончолорду, дааратканаларды суудан алыс куруу керек.

  • Сууну коргоону ар бир адам оз милдети деп сезуу жана оз жеринен баштоосу зарыл.

Мугалим: Балдар, анда биз сууну коргоо боюнча ушул жана башка иш аракеттерди оз учурунда, колубуздан келишинче аткарабыз деп ойлойм.











Сабактын темасы: Пейли жакшы кем болбойт.

Сабактын максаты:

  • Сүрөт тарттырып, тест алуу менен окуучулардын пейили, кандай мүнөзгө ээ экендигине өздөрүн ынандыруу;

  • Бул сабак аркылуу окуучу өзүнүн билбеген жактарын билип, терең тааный алуусуна шарт түзүү, өзундө жакшы сапаттарды өнуктуруугө багытоо.

  • Улгулуу журуш-турушка, адептуулукко, ыймандуулукка, адамдарды урматтап сыйлай билууго, озун-озу таанып, тарбиялай билууго, жаман менен жакшыны ажыратып билууго, пейилин ондоого багыт беруу.

Сабактын жабдылышы: кагаз , калем фломастер.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу

Сабактын темасы доскага жазылат.

  1. Тест менен иштоо:

Мугалим бул сабакта окуучуга өзүн - өзү таануусу үчүн сүрөт тарттырып , тест алуудан баштайт.

Бул оюндун шарттарын мугалим оозеки түшүндүрүп берет:

    • Бир барак кагаз аласыңар

    • Ошол баракка тоонун , үйдүн , дарыянын , каптын ( мешоктун) жана өзүңө жаккан бир жаныбардын сүрөтүн тартасыңар . Буга 20 минута убакыт берилет. Барактын четине фамилияңарды жазып койгула . Анан мага тапшырасыңар . 20 минутадан кийин мугалим барактарды топтоп алып , төмөндөгүдөй кылып чечмелеп берет :

      • Тоонун учтары шиш чуштугуй болсо адам өтө ачуусу чукул болуп чыгат .

      • Боз үйдүн сүрөтүн тарткан окуучу патриот болуп эсептелет .

      • Дарыя үзгүлтүксүз тартылса адам өз алдынча иш кыла алат , ал эми дарыя үзүк - үзүк тартылса өзүнчө иш кыла албайт , бирөөнүн көрсөтмөсү менен гана иш кылат .

      • Каптын ( мешоктун) оозу буулуп тартылса адам өтө бышык , сараң болуп эсептелет . Ал эми каптын оозу ачык тартылган болсо адам колу ачык , берешен март болуп эсептелет .

      • Кайсы жаныбардын сүрөтүн тартса мүнөзү ошол жаныбардын мүнөзүнө окшош болот .М: Иттин сурөтун тартса өтө сак , мышыктын сүрөтүн тартса үйдөн чыкпаган, арстан же жолборстун сүрөтүн тартса айбаттуу эч нерседен кайра тартпаган адам .

Бул оюн аркылуу окуучулардын мүнөзүндөгү айрым кемчиликтерди аныктап, жоюуга аракеттенсе болот же окуучулардын жакшы жактарын аныктап, өнүктүрүүгө, пейилин жакшы жакка ондоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

    • Улуу адамдардан улгу алалы...

Улуу адамдардын озун-озу тарбиялоого ундогон баа жеткис ойлору, создору кылымдан кылымга отуп, унутулбай келет. Эмесе ар бир топ ушундай ой- берметтеринен таап айтып тушундурмо бергиле.

      • Адам учун эн кыйыны , кун сайын адам болуу.(ч.Айтматов)

      • Сен таза болсон,мен таза болсом, коом да таза болот. (и. Раззаков)

      • Мен пикир кылып жатам, демек, мен бармын (Рене Декарт)

Бул даанышман создордон жыйынтык чыгарсак адамдын билимдуу, онорлуу болуу менен эле максатка жетпейт экен. Ал кун сайын озунун адамдык сапаттарын сактап, жаман адаттардан алыс болуусу керек экен. «Аалым болуу оной, адам болуу кыйын»-деген создо калет жок. Анда эмесе создун корку болгон макал-лакаптар га кезек берели.Планшетте жазылган макалды толуктап, маанисин тушундуруп бергиле:

*Он колундун ачуусун…………………..( сол колун менен бас).
* Пейли жакшы................................(кем болбойт)
*Сабырдын тубу-……………………………(сары алтын)
*Жуз жыл жашасан –……………………..(жуз жыл оку)
*Адамды адам кылган……………………(эмгек)
*Адам болуу аста-аста…………………….(акмак болуу бир паста)
*Абийиринди жашындан ……………….(сакта)

  1. Жыйынтыктоо:

Бугунку отулгон тема боюнча жыйынтыктоо иретинде томонку суроолорго жооп берип королу:

    1. Жашообуз мазмундуу, максаттуу болушу учун эмнеге умтулуубуз керек?

Жооптор: жакшы адам болууга, кесипти туура тандоого, адамдык жакшы сапаттарды онуктурууго, билимдуу болууга, ж.б.

    1. Жооптор: жакшы адам болууга, кесипти туура тандоого, адамдык жакшы сапаттарды онуктурууго, билимдуу болууга, ж.б.

Жооптор: иштерман болууга умтулуу, жакшы окуу, Улуу адамдардын чыгармачылыгын,омур жолун уйронуу, улгу алуу, ж.б.

    1. Озубузду башкаруу учун эмне кылуу керек?

Жооптор:сабырдуу болуу, ачууга алдырбоо, жаман адаттарга уйронбоо, эмгектене билууго уйронуу, ж.б.

  1. Уйго тапшырма беруу:

Идеал туткан адамын жонундо ой-жугуртуп кор. Андан кандай улгу аласын?



Сабактын темасы: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби – өлкөнүн эркиндигинин символу.

Ата Мекен! 
Сен ажайып керемет! - 
Тоодой чалкар. 
Көлдөй көркөм.
Көк асмандай кепкенен.
Жүрөгүмдөн бөлүп алгыс,
Ак дилимден сүйүүм жангыс,
Ата Мекен - Ата-энем!
А.Б.Элебесова

Билим берүүчүлүк максаты: 

  • Окуучуларга "гимн", "герб", "туу" ("желек") жана "конституция" түшүнүктөрү жөнүндө маалымат берүү; 

  • Кыргызстандын Мамлекеттик гербинин символикалык касиеттери жөнүндө айтып берүү. 

Өнүктүрүүчүлүк максаты:

  • Окуучулардын маалыматтык маданиятын калыптандыруу;

  • Мамлекеттик символика жөнүндө маалыматтарга жана түшүнүктөргө талдоо жүргүзө билүүгө, алардын маани-маңызын туура жана так аныктай билүүгө үйрөтүү;

Таалим-тарбия берүүчүлүк максаты:

  • Окуучуларды өз Ата Мекенинин мамлекеттик символикасын мекенчилдик рух менен таанып билүүгө үйрөтүү, Ата Мекенине сыймыктануу сезимин ойготуу;

  • Чакан топтордо өз ара байланышта иштей билүү көндүмүн калыптандыруу.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерге жана көндүмдөргө ээ болуу сабагы.
Сабак өтүү ыкмасы: Таанып-билүүчүлүк маалымат берүү, топтордо иштөө, аңгемелешүү.

Сабактын планы:

  1. Заманбап Кыргызстандын символдору.

  2. Гербдерди өздөштүрүп изилдөөчү илим

  3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби.

Негизги түшүнүктөр: герб, гимн, туу (желек), конституция, көзкарандысыздык, мамлекет, эгемендүүлүк.

Сабактын жабдылышы:

  • Сабактын чоң ариптер менен жазылган аталышы (доскага, плакатка же слайдда);

  • Кыргыз Республикасынын картасы;

  • Кыргызстандын гербинин плакаты;

  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин тексти, музыкалык жазмасы;

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

  1. Мугалим: Балдар, быйылкы жыл президентибиз А.Атамбаев тарабынан «Мамлекеттуулукту бекемдоо» жылы деп жарыяланганын билесинер.. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин кабыл алынганына 20 жыл толду. Ошон учун бугун Ата Мекенибиз жана Мамлекеттик гербибиз жонундо соз кылабыз

  2. Чакан топтордо иштөө.  Таанышуу.

1-кадам. «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдоо» жылына арналып өтүлүп жаткан «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби- өлкөнүн эркиндигинин символу» темасындагы сабакты кызыктуу жана натыйжалуу өткөрүү максатында мугалим окуучуларга алдын-ала даярдап, столдун үстүнө тизип койгон уч түрдүү түстөрдөгү барактардын ичинен ар кимиси өздөрү каалаган түстөгү барактарды тандап алуусун сунуш кылат.

2-кадам. Окуучулар ирети менен өздөрүнүн аты-жөндөрүн айтып таанышышат жана эмне үчүн ушул түстөгү баракчаны тандап алганын кыскача, бир сүйлөм менен айтып өтүшөт.

  1. Ишке киришүү. 

3-кадам. Окуучулар тандап алган түстөрү боюнча топторго бөлүнүп отурушат.

Сары түстөгү баракта: Кыргыз Республикасынын символдору,

Кызыл түстөгү баракта:  Гербдерди өздөштүрүп изилдөөчү илим – геральдика,

Көк түстөгү баракта:  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби.
Таратылып берилүүчү барактардын тематикалык тексттери 4-бөлүмчөдө берилди. 

4-кадам. Мугалим окуучуларды топторго бөлүнүшү менен куттуктап, ар бир топко алдын-ала даярдап койгон "белектерди" тапшырат. Ал "белектер" - Кыргыз Республикасынын символдору, Геральдика илими, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тууралуу маалыматтар жазылган баракчалар. Андан соң мугалим окуучуларга тапшырманы аткарууга киришүүнү сунуш кылат. Тапшырманы аткарууга 10 мүнөт убакыт берилет.

5-кадам. Окуучуларга тапшырманын темасы алдын-ала жазылып коюлган флипчарттар жана маркерлер таратылып берилет. Окуучулар тапшырманы баракчадагы тексттин жана мурдатан окуп билген маалыматтарынын жардамы менен аткарышат. Тапшырма чыгармачылык менен ар кандай көрүнүштө даярдалышы мүмкүн. Мисалы, кластер, таблица, Венндин диаграммасы, синквейн, текст ж.у.с. түрүндө. Тапшырмаларды кыскача жана кызыктуу кылып даярдоого мугалим көмөктөшөт.

6-кадам. Топтор тапшырманы аткарып бүткөндүктөрүн кол чаап билдиришет. Бардык топтор толук аткарып бүтүшкөндөн кийин тапшырмаларды аткарып бүтүү ырааты боюнча ар бир топтон 1-2 өкүл чыгып, өз темаларын жакташат. 

  1. Таратылып берилүүчү барактардагы тексттер: Кыргыз Республикасынын символдору (Сары түстөгү баракта) 

(Плакатты көрсөтүү)

Жер жүзүндөгү мамлекеттердин дээрлик баардыгынын тең герби, туусу (желек), гимни жана конституциясы болот. Анткени алар - мамлекеттин башкы символдору. Кыргыз Республикасынын заманбап символдору качан пайда болду эле? Кыргызстандын мамлекеттик символдорунун ар биринин өз тарыхы бар. Кыргыз Республикасы 1990-жылы 31-августта көзкарандысыздыкты алгандан кийин өзүнүн эгемендүү гербине, туусуна, конституциясына жана гимнине, ошондой эле улуттук валютасына - сомго - расмий түрдө ээ болгон

"Символ Sumbolon (Sumbol) деген грек тилинен алынып, белги, мүнөздүү белги, уруксат белгиси деген маанини түшүндүрөт. Көпчүлүк сөздүктөрдө символ төмөндөгүдөй түшүндүрүлөт.

Символ - материалдык предметтердин жыйындысынын белгиленген элементин, белгилерди көрсөтүүдө колдонулат. Ошондой эле символ кандайдыр бир ойду, идеяны билдирет. Символ бир эле мезгилде ар түрдүү мааниге да ээ.

Биздин оюбузча, символ муундан-муунга берилүүчү буюм, нерсе, окуялардын социалдык жактан белгиленген мазмундуу мааниси: күн, тоо, дарак, туу, шакек, крест ж.б. түрүндө каралат.

Гербдерди өздөштүрүп изилдөөчү илим – геральдика (Кызыл түстөгү баракта)

Гербдерди өздөштүрүп изилдөөчү илим геральдика деп аталат.  Адамдар гербдерди качан ойлоп табышты эле? Гербдердин тарыхы жүздөгөн жылдар мурда эле башталган. Байыртадан бери эле уруу башчыларынын мураскерлери өз уруусуна башчылык менен бирге анын эн тамгасын (белгисин) кошо мурастап келишкен. Мына ошол уруулук белгилер - эн тамгалар - геральдиканын башаты болуп саналат. 

Уруулардын жана уруу бирикмелеринин асабаларында (туу, желек, байрак) аларды бири-биринен айырмалап турган ар кандай сүрөттөр түшүрүлгөн.

Герб - шаардын же мамлекеттин айырмалап туруучу белгиси.

- Мамлекеттик герб кайсы жерлерге жайгаштырылат? (Өкмөт Үйүнүн, Жогорку Кеңештин имараттарында жана башка өкмөттүк имараттарда, паспортто, мамлекеттик мөөрлөрдө, чегара түркүктөрүндө, расмий документтерде, аскер бөлүктөрүнүн күжүрмөн тууларында, Мамлекеттин Президентинин штандартында (туусунда) ж.б.).

Мугалим окуучуларга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби кандай экендигин сүрөттөп айтып берүүнү сунуш кылат. Андан кийин класс менен чогуу гербдин курамдык бөлүктөрүн сыпаттап аныкташат (тоодон чыгып келе жаткан күндүн, ыйык асмандын ээси тоо бүркүтү - Манас менен Семетейдин Акшумкарынын, ак мөңгүлүү Ала-Тоонун, касиеттүү Ысык-Көлдүн, буудай менен пахтанын сүрөттөлүшү, түстүн мааниси).

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби (Кок түстөгү баракта) 

(Плакатты көрсөтүү)

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби Кыргыз Республикасынын Жогорку Сессиясында 1994-жылы 14-январда № 1420-XII токтому менен бекитилген. Авторлору: А.Абдраев, С.Дубанаев.

Кыргызстандын мамлекеттик символу - гербде ак кыр бууланган көк түстөгү тегеректин ортосунда көк мелжиген тоону мекендеген кыргызстандыктардын бийик ой-максатын билдирген Ала-Тоо кыркалары, айкөлдүктү жана көрөгөчтүктү туюндура канат жайган тоо бүркүтү ак шумкар, жаратылыштын ажайып кооздугунун, өмүр булагынын жана күч-кубаттын символу болгон мелмилдеген Ысык-Көл, алтын нурларын чачыратып тоо башынан чыгып келаткан Күн чагылдырылган. Ал эми тегеректин жогорку бөлүгүндө "Кыргыз", төмөн жагында "Республикасы" деп жазылган.

Көгүлтүр Ысык-Көл жана ак мөңгүлүү Ала-Тоо - жаратылыштын ажайып сулуулугунун, өмүр булагынын жана күч-кубаттын символдору. Тоо башынан ай-ааламга алтын нурларын чача чыгып келаткан Күн - жашоонун символу. Ак Шумкар - жоомарттыктын, кыраакылыктын, тоолуу өлкөнүн жалпы жарандарынын мүдөө-максаттарынын бийиктигинин, баатырдыктын, акылдуулуктун жана сулуулуктун символу.

  1. Жыйынтыктоо. (Топтордун аткарган ишине баа беруу жана ой-пикирлерди айтуу).

Мугалим:  "Азия тарыхында азыркы кездеги Орто Азия чөлкөмүн мекендеген элдердин ичинен аталышы мынчалык эрте эскерилген кыргыздардан башка бир дагы эл жок". В.В.Бартольд 

Кыргыз эли көптөгөн кылымдардын ичинде тарыхтын кыйын кезеңдерине туш келип, маданий - социалдык жактан өнүгүп, өзүнө таандык кайталангыс рухту бийик кармады.

Улуттук ар намыс, атуулдук ариет дегенибиз өзүбүзгө журтташ, канатташ, чоң-кичине элдердин улуттук мүдөөлөрүн эске алып, аларды боорубузга тартып, республиканын патриоту кылуу жана мамлекетибиздин тынчтыгын сактоо дегендик. Элибиз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган бирдиктүү идея болгондо гана көздөгөн максатына жете алат.

  1. Уйго тапшырма беруу: 

«Менин сыймыктанган мекеним» - деген темада дил баян жазып келуу.











Сабактын темасы: Өнөр үйрөнүү – бул кесип тандоо.

Сабактын максаты:

  • Турдуу жана керектуу кесиптер жонундо изилдешет жана таанышышат.

  • Оз алдынчалуулукка жана кызыгуучулукка тарбиялоо.

  • Кесип тандоодо туура багыт алуусуна оболго тузуу.

Сабактын жабдылышы: суроттор, лозунгалар.

Сабактын формасы: Жарыш-сабак.

Сабактын журушу:

Уюштуруу:

  • Окуучулардын сабакка даяр экендигин текшеруу.

  • Тема жана анын максаты менен окуучуларды тааныштыруу.

Негизги болугу:

“Эн кыйын кесип- бул адам болуу.”(Хосе Марти)

Класс эки командага болунот, команданын капитандары шайланат, ошондой эле оздоруно ат коюшат. Ар команда бирден адамды эсептоо комиссиясына дайындышат.

Разминка. (Анаграммалар)

Тамгалар адашып ката жазылган кесиптерди туура жазабыз: вапор- повар, ссирак-кассир, мольде- модель, алмяр- маляр, ферша- шофер, гердасоо- соодагер, тордок-доктор, мушчужу-жумушчу.

Капитандар конкурсу:

1-команданын капитанына суроо: томонку создордун ичинен кайсынысы кызматты билдирерин тап: хирург, маляр, мектеп директору, адабий сынчы, окутуучу, электрик, химик-лаборант, бычмачы, пианист, жыгач уста,министр.

Жооптор: хирург, мектеп директору, адабий сынчы, химик-лаборант, министр.

2- команданын капитанына суроо: томонку создордун ичинен кайсынысы кесипти билдирерин тап: мугалим, ветеринар-врач, токарь, врач, китеп сатуучу, айыл башчы, инженер, судья, чачтарач, айдоочу, тигуучу, ашпоз.

Жооптор: мугалим, врач, инженер, тигуучу, судья.

Уй тапшырмасы- “Таап айт”

Уйго берилген тапшырма боюнча ар бир командадан бирден окуучу чыгып, карточка алат, анда жазылган кесип боюнча муноздомо берет, ал кесип боюнча кыска ыр же табышмак айтса да болот. Карточкада жазылган кесиптер мурда маалымдалган: актер, дизайнер, инженер, чачтарач, мугалим,юрист.

Коруучулор менен оюн:

Томонку белгилуу адамдардын кесиби ким болгон? Бул суроону коруучулорго беребиз. Алар жоопту табуу менен бирге кайсы командага куйорман экендигин айтат жана упай ошол командага берилет.

  • Н.А. Назарбаев-металлург.

  • Р.Рейган-актер.

  • А.Акаев- окутуучу.

  • В.Шекспир-актер.

  • А.П.Чехов-врач.

  • Ч.Айтматов- ветеринар.

  • М.Ю.Лермантов- офицер, военный.

  • С. Чокморов- суротчу.

Конкурс- “Кимдин колунан жаралган?”

Томонку суроттордогу предметтер кайсы кесип ээсинин колунан жаралган?

Тамак, сойко, автомобиль, койнок. Жооптор: ашпоз, ювелир, инженер-машина куруучу, тигуучу.

Конкурс- “Сен бул кесипти билесинби?”

Бул конкурс бул же тигил кесипти ачык муноздоочу суроолордон турат:

  • Ооруларды аныктап, адамга диагноз коёт...- ж:врач.

  • Закондорду суудай билет...-ж: юрист.

  • Самолетторду жаратат...- ж: авиакоструктор.

  • Уйду ысытуу учун катуу нерсени казып алат...-ж: шахтер.

Блицтурнир.

Бул конкурс мурда жолуккан суроолордон тузулгон жана бышыктоо иретинде откорулот:

1-командага суроолор.

  • Тигуучуго керектуу каражаттар (ийне, кездеме, оймок, кайчы)

  • Мугалим бул кесиппи же кызматпы? (кесип)

  • Инжнердик кесипти кайсы жерде оздоштурууго болот?(ЖОЖ)

2-командага суроолор.

  • Жыгач устага керектуу каражаттар кайсылар?(жыгач, араа, балка, кычкач, мык)

  • Президент-кызматпы же кесиппи?(кызмат)

  • Электрик кесибин кайсы жерде оздоштурууго болот?(кесиптик окуу жайында)

  • Музыкалык тыныгуу.
    Ар бир команда даярдап келген оздук чыгармачылыгын корсотот.

Азыр бизге эсептоо комиссиясы мелдештин жыйынтыгын угузат.

Ал эми силер уйдон озунор тандаган кесибинер жонундо сочинение жазып келгиле. Кесиптер абдан коп жана ар бир кесип –ардактуу. Оз кесибинди туура тандаганын- келечегине кам коргонун. Оз кесибинин устаты болуу менен адам коомдун онугуусуно да салым кошот.

Жусуп Баласагын

Жусуп Баласагын — дүйнөлүк руханий маданияттын ири өкүлдөрүнүн бири. Ал изилдөөлөрө караганда, 1015-жылы же 1016-жылы азыркы Кыргызстандагы Токмок шаарынын түштүк тарабындагы Бурана эстелиги турган жерде — өз учурунда акындардын, окумуштуулардын, кол өнөрчүлөрдүн шаарына айланган Баласагын шаарында туулган.

Жусуп Баласагын өзүнүн «Куттуу билим» («Кутадгу билиг») аттуу 13000 саптан турган чыгармасын эски түрк тилинде, 1069—1070-жылдары 18 айдын ичинде жазган.

Бул дастан акылмандыкка жол көрсөтөт, адамды, табиятты сыйлоого чакырат. Жусуп Баласагын бул эмгегинде адеп-ахлактын ар бир үлгүсүн, таасирин, коомдук түзүлүштүн мыйзамын, тартип эрежелерин, ал тургай адам оз боюн кантип алый жүрүшү керек экендигине чейин баяндап айткан.

Окумуштуу Р. Араттын эсеби боюнча поэма жазып бүткөн мезгилде Жусуп 54 жашта болгон. Ал поэманы Баласагын шаарында баштап, 1067-1070-жж. Кашкарда аяктап, баш аягы 18 айда бүтүргөн, хандын ханы деп аталган Кашкар шаарынын башкаруучусу Тавгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга тартуу кылган. Ал поэманын терең мазмунун түшүнүп, алкыш иретинде акынга «Улуг-Хасс-Хажиб» деген наам берген. Мунун мааниси «Хасс» арабча хан сарайдагы урматтуу адамдардын бири, ал эми «Улуг-Хасс-Хажиб» хан ордосунда кызмат өтөгөн өтө кадырман адамдын наамы.

Баласагындык Жусуптун «Кутадгу билиг» поэмасы биздин ата-бабаларыбыздын рухий турмушунда кылымдардан бирдиктүү, өз ара байланыштуу эки маданияттын — отурукташкан жана көчмөн маданияттарыбыздын түпкү башатын ырастаган элдик кенч. Бул чыгармадан Кыргызстандын орто кылымдардагы тарыхы боюнча маалыматтарды алууга болот.

Азыркы учурда Жусуптун «Кутадгу билиг» поэмасынын үч нускасы сакталып тургандыгын билебиз. Бир нускасы Бена шаарында (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-ж. табылган.

Ал эми Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Эстеликтин үчүнчү нускасы азыр Өзбекстан Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фовдунда сакталууда. Наманган жана Каир шаарларынан табылган нускалар араб ариби менен жазылган.

Чыгарма чыгыш маданиятында кеңири тараган санат-насыят маанисиндеги кеңири тараган этикалык-дидактикалык эмгек

Жусуп Баласагын (Баласагуни), Жусуп Хасс Хажип - 11-кылымда жашаган ойчул, окумуштуу, мамлекеттик ишмер. Ал жалпы түрк калктарынын, анын ичинде кыргыздардын бабасы болуп саналат. Болжол менен 1015-1018-жылдардын ортосунда Чүй боорундагы Баласагун (Баласагын) шаарында туулган. 1070-жылдан кийин өлгөн, бирок качан өлгөнү так эмес. "Кутадгу билиг" - "Кут билими (же Куттуу бийлик)" аттуу дидиактикалык-философиялык дастанын 1069-1070-жылы Кашкар шаарында жазып бүткөн. Орто кылым мезгили чыгыш элдери үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул мезгил ар кандай элдин ар кыл маданияты, руханий мурастары өз ара тогошкон кез болуп, аль-Кинди, аль-Фараби, Ибн Сина, Бируни, Ибн Рушд сыяктуу улуу ойчулдар, философтор жана таланты менен дүйнөнү тамшандырган Фирдауси, Рудаки, Омар Хаям, Алишер Наваи, Жусуп Баласагын өңдүү алп акындардын баалуу эмгектери жазылган мезгил. Ошондой эле орто кылымда күн чыгышта табигый илимдер да өтө өнүгүп, жалпы маданияттын деңгээли ошол мезгилдеги батышка салыштырмалуу алда качан жогору турган. Атап айтсак аль-Ферганинин “Астрономиянын башталмасы”, аль-Хорезминин “Астрономиялык таблицалар” аттуу чыгармалары жана жогоруда аты аталган окумуштуу, философтордун табият таануу тармагында жазган эмгектери орто кылымдагы күн чыгыш элдеринин гүлдөп өнүккөн маданиятынан жар салып кабар берет. Айрыкча Ибн Синанын “Медицина канондору” деген көп томдуу эмгеги бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жоготпостон медицина жаатында жалпы адамзат үчүн шам чырак болуп келет. Күн чыгыш Ренессансы арап, перс жана түрк элдеринин орток мурасы деп билүүбүз зарыл. Ошондуктан атактуу улуу ойчул, окумуштуу инсандарды тигил же бул эл менен гана байланыштырып, аларга таандык катары кароо жаңылыштык. Ырас, тарыхый шарт-кырдаалдарга жараша көпчүлүк эмгектер арап тилинде жазылган. Бирок перс жана түрк тилдеринде жазылган мазмуну жагынан энциклопедиялык эмгектер да жок эмес.

Алардын ичинен алып карасак түрк элдери, жалпы  дүйнөлүк маданияттын өнүгүшүнө  өздөрүнүн чыгармалары аркылуу  опол тоодой чоң салымдарын кошушкан аль-Фараби, Бируни, Махмуд Кашкари  жана Жусуп Баласагын өңдүү алдыңкы  көз караштагы улуу ойчулдары  менен ар убак сыймыктана алат. Мына ушундай киришүүдөн кийин сөз  кезеги күн чыгыш ренессансынын  ири өкүлдөрүнүн бири-Жусуп Хас  Хажиб Баласагын жана анын Кутадгу билиг (“Кут алчу билим”) атуу уникалдуу дидактикалык поэмасы тууралуу болмокчу. Анда эмесе сөз учугун алгач Жусуп Баласагындын өмүр баянын тааныштыруу менен баштасак.

Негизинен ал тууралуу жетишээрлик так маалыматтар  болбосо да, биз анын “Кутадгу билиг” эмгегине кийинчерээк проза жана поэзия түрүндө кошумчаланып жазылган кириш сөздөргө, ошондой эле аталган  эмгегинде өзү тууралуу айрым  эскерген ыр саптарга таяна турган болсок ал, 1017-1019-жылдар арасында Баласагун  шаарында төрөлгөн. Ал эми Баласагун  шаары азыркы Кыргызстандын Чүй  өрөөнүнөн орун алган орто кылымга  таандык шаар болуп, Караханиддер дөөлөтүнүн (960-1212) борбору болгон.

Баласагун шаары  тууралуу биринчи маалыматты бизге  берген арап автору аль-Мукаддасинин (10-к) айтуусу боюнча бул шаар башка  шаарлардан чоңдугу жана калкынын көптүгү  менен айырмаланып турган. Ошондой  эле В. В. Бартольд менен А. Н. Бернштам жана илимпоздордун бир тобу тарыхый  жазуу маалыматтарга жана археологиялык  табылгаларга таянышып, байыркы Баласагун  шаарын азыркы Токмок шаарынын жанындагы  Бурананын аймагында болгон деген  тыянакка келишкен. Жалпы эле Орто Азия элдеринин улуу акыны, илимпоз, ойчул Ж. Баласагын коомдук жана табият таануу илимдеринен маалыматы бар билимдүү инсан болгон. Ал баштапкы билимин өзү туулуп өскөн Баласагун шаарынан алган. Ал эми жогорку билимин башка окумуштуулар сыяктуу эле ал да ошол мезгилдеги бардык түрк элдеринин маданий борбору болуп турган Кашкар шаарындагы Сажиййа медрессесинен алган. Ж. Баласагын арап, перс тилдерин өтө терең өздөштүрүп, философиялык мүнөздөгү илимий эмгектер менен кенен таанышуунун негизинде системалуу түрдө ар тараптуу билимге ээ боло алган. Өз мезгилинин билимдүү инсаны катары, ал философия жана теология илими, о.э. поэзия, саясат, шахмат искусствосу боюнча терең маалыматтарга да ээ болгон. Ал булар менен эле тим болбостон астрономия, геометрия, арифметика ж.б. табият таануу илимдерин жакшы өздөштүрүүнүн натыйжасында тез эле эл оозуна алынып, өз доорунун эң алдыңкы адамы катары коомчулукка белгилүү болгон.

Жусуп өзүнүн атактуу  “Кутадгу билиг” поэмасын 1069-1070-жылдардын  аралыгында элүү жаштан өтүп калган кезинде  бир жарым жылдын ичинде Баласагун  шаарында жазып, Кашкарда бүтүргөн. Көлөмү 6645 ыр сабынан турган бул чыгармасын ал Караханиддер дөөлөтүнүн улуу каганы Сулайман Арслан Хакан оглу Тавгач Улуг Бугра-ханга тартуулап, ал үчүн “Хас Хажиб” деген жогорку, мындайча айтканда, хан сарайындагы өзгөчө даанышман, кеңешчи “улук көсөм” наамына ээ болгон.

Айрым окумуштуулар Ж. Баласагындын мындан башка да “Сиясатнаама” (“Саясат Таануу”) жана “Кабуснаама” (“Энциклопедиялык китепче”) деген  эмгектери болгон дешет. Бирок ойчулдун бул аталган чыгармалары тилекке  каршы бизге келип жеткен эмес. Окумуштуу илимпоз жердешибиздин  канча жашта дүйнөдөн кайткандыгы  так билинбесе да, өзү тууралуу эскерген айрым ыр саптарга таяна  турган болсок анын пайгамбар жашынан  өтүп узун өмүр сүргөндүгүн айтууга  болот. Анын сөөгү Кашкар шаарынын түштүгүндөгү Пайнап деген жерге коюлган. Кытайда  болуп өткөн маданий революциянын мезгилинде Баласагындын күмбөзү хунвейбиндер тарабынан талкаланып, болгону анын сүрөттөрү гана калган. Азыркы кезде улуу акындын күмбөзү кайрадан оңдоп-түздөлүп өз калыбына келтирилген. Ошондой эле жакында дүйнөлүк коомчулук чыгаан ойчулдун туулгандыгынын 975 жылдык маарекесин Пекинде жана Бишкек шаарында белгиледи. Жогоруда сөз башында айтылып өткөндөй орто кылым мезгили өзүнүн социалдык-саясий жана идеялык мазмуну боюнча, адатта айтылып жүргөндөй, Орто Азия ренессансынын мезгили болуп саналат. Бул мезгилде табигый жана коомдук илимдер менен кошо айрыкча адабият жана поэзия өзгөчө ийгиликтерге жетишкен. Ж. Баласагын да бул мезгилде өзүнүн бир сырдуу, көп кырдуу улуу “Кутадгу билиг” деген чыгармасын жазып, анда поэзиянын көркөм каражаттарын пайдалануу аркылуу татаал философиялык маселелерди колго алган. Деги эле чыныгы поэзия өзүнүн табияты боюнча философияга өтө жакын келет эмеспи. Акын Жусуп да окумуштуу, философ, теолог жана коомдук ишмер катары өзүнүн “Кутадгу билиг” поэмасында жалпы философиялык, теологиялык, социалдык, юридикалык, саясий, этика жана эстетикалык маселелерди иштеп чыккан. Ушундай өзгөчөлүктөрүнөн улам ойчулдун сөз болуп жаткан эмгеги жөнөкөй эле дидактикалык поэма болуп калбастан, ошол эле учурда табигый жана гуманитардык илимдердин көптөгөн тармактарын камтыган маанилүү булак болуп эсептелет. Ошондой эле ал жалпы түрк элдеринин маданий мурастарындагы эң мыкты адабий эстеликтердин бири. Керек болсо аны дүйнөлүк маданияттагы өзгөчө кубулуш катары бааласак да аша чапкандык болбос. Ж. Баласагындын бул эмгегинин дагы бир өзгөчөлүгү – анын түрк тилиндеги алгачкы энциклопедиялык чыгармалардын бири болгондугунда. Ойчулдун бул эмгегин өз эне тилинде жазышы бизге түрк тилинин байлыгын, ички мүмкүнчүлүгүн жана анын түпкү маңызын ачып бермекчи. Эл менен тилдин тагдыры бири-бирине туташ болуп, тил жана анын түзүлүшү элдин ой жүгүртүү өзгөчөлүгү менен тыгыз байланышта. Тил жандуу кубулуш катары өсүп-өнүгүп, акыл-эс улам жогорулаган сайын тил да татаалданып, анын мүмкүнчүлүгү артмакчы. Демек, “Кутадгу билиг” түрк элдеринин тили, ой жүгүртүү жана акыл-эс жөндөмдүүлүгүнүн өсүшү үчүн кызмат өтөгөн көрөңгөлүү эмгек. Автордун “Кутадгу билиг” эмгегине бүгүнкү күнгө чейин илим адамдары жүздөгөн илимий эмгектер жазышып, аны ар тараптан терең изилдеп, өздөрүнүн ар кандай көз караш, ой-пикир жана жеке бааларын берип келет. Мисал берип кете турган болсок, аталган эмгекти ар ким өз терезесинен калчап-карап баалагандыктан, анын бир эле атынын аталышы туурасында ага бир канча аттар беришкен. Алсак “Бактылуу болуунун билими”, “Кут табуу илими”, “Бакыт табуу илими”, “Кут алчу илим”, “Саясий күчкө ээ болуу кудурети”, “Бакытка алып барчу илим”, “Падышаларга ылайык илим”, “Эгедерлик билими”, “Саясий ээлик билими”, “Мамлекет болуунун билими”, “Мамлекетүү болуунун билими”, “Бактылуу болууну айткан илим”, “Мамлекеттүүлүкө жетүүнүн билими” жана “Дөөлөткө жетүүнүн билими” сыяктуу маанилерди беришкен. Биз колго алып жаткан “Кутадгу билигдин” бири-биринен аздыр көптүр айырмаланган үч варианты бар: Герат, Каир жана Намангандан табылган Ташкент кол жазмалары. Герат кол жазмасы Г. Вамбери тарабынан алгач ирет Венада жарык көрүп, аны кийинчерээк академик В. В. Радлов 1900-ж. 1-томун, ал эми 1910-ж. 2-томун немец тилине которгон. Айтылып өткөн үч кол жазмалардын экөө (Каир, Наманган) арап тамгасы менен, ал эми бири (Герат) уйгур тамгасы менен жазылган. Булардын ичинен 1913-ж. Намангандан табылган арап алфавити менен жазылган кол жазма эң толугу жана туурасы болуп, мезгил сыноолоруна туруштук берип, бурмаланбастан бизге жетип келгендиктен окумуштуулар аны үч түп нусканын эң дурусу деп баа беришкен.

Буга чейин  Жусуп ойчулдун залкар чыгармасы  жазылган мезгил, эмгектин өзгөчөлүктөрү  жана анын маани-маңызы туурасында кеп  салып, окурмандарыбызга жалпы маалымат берүүнү көздөгөн болсок эми анын асыл баалуу поэмасынан кээ бир үзүндүлөрдү  келтирүүнүн негизинде акылмандын айрым философиялык кайрыктарынан  мисал берүүнү туура таптык. Айталы, Ж. Баласагындын акыл-насаат, дидактикалык маанидеги бул чыгармасында адеп-ахлак, нарк-насил проблемалары иликтөөгө алынып, адам баласынын тулку-турпаты менен рухий жан дүйнөсүнүн, айткан кеп сөзү менен кылган ишинин бири-бирине дал келиши коомдук өнүгүштүн зарыл шарты катары көрсөтүлөт.

Ал эми илим-билим  туурасында жердешибиз: “Билим - деңиз  түбү да жок, чеги жок, канча сузсаң азайбайт, толо берет” - дейт. Ошондой  эле ойчул: “Билим - бул ыймандуулук  деген көз карашын айтат. Билим  жана акыл-эс инсандын айкөл жана адилеттүү  болушуна жардам берет, инсандар илимий билимдерге ээ болуу менен руханий  жана ыймандык жактан өздөрүн өстүрөт” - дейт акын.

Айрыкча анын: “Бардык  ырахаттуулук - илимде, улуулук - таанып билүүдө” - деген сөзү өтө таасын айтылган. Улуу көсөм ойчул жаштарды тарбиялоонун жана билим берүүнүн эң башкы милдети, элдин кызыкчылыгы  үчүн кызмат өтөгөн, мамлекетке берилип  жанын үрөгөн патриот адамды даярдоо  деп эсептейт. Бул туурасында ал: “Өзүңдүн кызыкчылыгыңды эмес, элдикин  көздө, Жашоонун ырахаты дайыма сенде” - деп жазат.

Ошонтип, Ж. Баласагындын өмүр-таржымалы, “Кутадгу билиг” поэмасы  жана анын айрым философиялык кайрыктары туурасында азыноолак маалымат берүүнү  максат кылган макалабызды жыйынтыктап  жатып, жердешибиз өзүнүн чыгармачылык гениалдуулугу менен дүйнөлүк илим жана маданияттын өнүгүшүнө өзүнүн өзгөчө салымын кошкондугун айта алабыз.

Ошону менен  бирге Баласагын евроцентристердин  “батыш гана цивилизациянын жана маданияттын  негизин түзгөн жана анда алардын  көөнөрбөс байлыктары жатат” деген  өңдүү чындыкка коошпогон көз  караштарын жокко чыгаргандыгын  белгилеп кетмекчибиз.





Сабактын темасы: “Баатырга таазим”(Улуу Женишке карата)

Сабактын максаты:

  • Ата Мекендик согушка катышкан, биздин жыргалчылыгыбыз учун курман болгондордун эрдиктери жонундо билишет.

  • Ой жугуртуусу курчуп, турмушта келечек учун курошо билишет.

  • Ата Мекенин коргоого, суйууго, чыдамкай болууга, ата-энесин сыйлоого тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Плакаттар, медалдар, буклеттер.

Сабактын журушу:

Уюштуруу Эмесе окуучулар, алгач коноктор менен саламдашып алалы.

  1. Саламдашуу.

  2. Доклад

Бугун биз тарых барактарына кайрылсак: Быйыл Улуу Жеништин 70 жылдыгын белгилейбиз.

1941-жылы 22-июнда танкы саат 400 до Фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салды. Согуш 1418 кунго созулган. Биздин Мекенден 350 мин жоокер согушка аттанды. Алардын нечени согушта оопат болду. 72 си Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болушту. Эрдик коргозгон жоокерлердин арасында Д. Шопоков, Ч. Тулобердиев, Д. Асанов, Калыйнур Усонбеков сыяктуу агаларыбыз бар болчу.

Окуучу: Согуш болуп кан жоткурткон адамды, Азап салды элди кайгы каптады.

Чабарман:Эркек-аял болуп эгин суугарып, бейкапар журушсо: “Согуш!

Согуш! Эл-журт Фашисттик Германия бизге кол салды”-деп келет.

Священная война”(хор)

Вставай страна огромная,
Вставай на смертный бой!
С фащисткой силой темною,
С проклятою ордой.

Пусть ярость благородная,
Вскипает как волна.
Идёт война народная,
Священная война.

Декламация:

Урпак сени сакташ учун жанынды,
Канчаларга жоо жебеси жанылды.
Канчалардын карегинен нур очуп,
Канчалардын каны суудай агылды.

Окуучу:

Жоокер болуп, эркек аттуу адамзат,
Мекенин коргоо учун аттанды.
(сахнага чыгышат)

Командир:

Жоокерлер туздонгуло! Улуу майдандагы жоокерлердин эрдигин даназалаган ырларды айтууга даярдангыла.

Хор менен:

Дайым даярбыз!

Нурсеит:

Чеп курбадык, Улуу кытай чебиндей,
Душман кирсе, качып-тозуп чегинбей.
Коргоп турдук Ата Мекенди биригип,
Чептен отуп, бекем болуп темирдей.

Командир:

Жоокерлер, Мекенинерди коздун карегиндей сактоого, гулдоп осушуно оз салымынарды кошууга даяр болгула!
Дайым даярбыз! (хор)
Жоокерлер ырды ырдагыла.

Катюша”

Алма бактар гулдой баштады,
Агын суулар шаркырап акты.
Кол жээгинде корунду Катюша,
Катюшага салам айта бар.

Расветали яблони и груши,
Поплыли туманы над рекой.
Выходила на берег КатюшаЮ,
На высоких берега крутой.

Монолог:“Майсалбектин каты”.

Окуучу:Эркек жокто жумуш деген кучоду,Эне-бала тылда иштеп кыйналды.

Жеке номер:“Атасы кеткен бироонун”.

Окуучу:

Олду атабыз,
Ата Журттун
Аманына бел байлап.
Чыйрак остук,
Тыкан остук кыйналып.
Жакшылыкты кутуп,
Тилеп жыл, айлап.

Инценировка: “Атадан калган туяк”.

Автор:Мына ушундай кундордун биринде чон кашарга кочмо кинонун машинасы келип калса болобу. Аны элден мурда Абалбек коруп, опкосу жарылып кете жаздады: - Тигине кино келди, - деп жар салды.

Абалбек: Журу апа! Журу кино келди коруп келебиз. Журу дейм.
Апасы: Журу, журу баралы (жун тытып отурган жеринен туйунчогун которуп жонойт).(Замбирек, бомба жарылган ундор угулат).
Абалбек: Апа, менин атам ушулбу? Давай, давай. Вперед! Ат!
Автор: деп бала, куроо тамыры ишигенче бакырып атты.
Абалбек: Апа, менин атам ушулбу?
Жээнгул: Ооба, тынч отур. Алаксытпа.
Абалбек: Менин атам дебединизби.
Жээнгул: Ий ошол, жон отурчу деги, кишилер урушат. Пауза.
Абалбек: Мына менин атам! Мына ата деген ушул! Атасы жок жалгыз деп кордогон балдар эми коруп алсын! Эми алар тийип кана корсун!
Жээнгул: Журу балам апаат согуштун каарын которобуз да. Жалгыз эле бизге келген каран тун эмес. Тур, тура гой балам! Эси жогум! (Жетелеп кетет).
Жеке номер: “Кала берди танк алдында тепселип”.

Чабарман:Жениш келди! Элибизге бейпил турмуш келди! Элдер суйунчу!
Окуучу:Жениш келди, жоокер коргоп оз элин. Ата Мекен намысына жарады.
Хор:“Жениш ыры”.




















Сабактын темасы: Диний экстремизм деген эмне?

Сабактын максаты:

  1. Окуучулар диний экстремизм жонундо маалымат топтоо аркылуу анын маанисин терен тушуно алат.

  2. «Экстремизм» - деген создун маанисин тушунушот жана чечмелеп бере алышат.

  3. Ислам дини боюнча тушунук алуу менен, ыймандуулукка тарбияланышат.

Сабактын методу: семинар-сабак.

Сабактын жабдылышы: Кыргызстандын картасы, плакаттар,маркер.

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу.

Мугалим сабакка келген коноктор менен тааныштырат. Сабактын темасы, максаты жонундо баяндайт. Баарына жакшы маанай каалайт.

  1. Акция(балдар лозунгалар менен киришет)

1-окуучу: Кана балдар кошулгула катарга, Биз аттандык “Кылмыштуулук, экстремизмге жол жок” Акциялык сапарга.

Хор: Айтчы балдар, орун барбы “Экстремист” деген нааданга?

2-окуучу:

Жоголсун кылмышкер, экстремист!
Ал кимге керек?
Келгиле жолотпойлу
Болду эми жетет.

Хор:
Экстремист деген ким өзү?
Айткылачы турбай тим.

3-окуучу:
Экстремист душман сага, мага, баарына!
Күрөшпөсөк залал кылат жалпыңа.

4-окуучу: Жакшы эмес кылмыштуулукка барганың,
Бабалардын ата салтын кармагын.

Хор:
Дүйнө жүзүн экстремизм каптаган,
Канткенде кутулабыз биз андан.

5-окуучу: 
Экстремизм – кылмыш зор,
Кылмыш арты –темир тор.

6-окуучу:
Уккун баарың биз максатка жетебиз,
Экстремизмди бирге чогуу жеңебиз.

  1. Мугалим окуучуларга суроо берет:

- «Экстремизм» - деген созду кандай тушуносунор?

7-окуучу:
Экстремизм – бул коомго терс таасир,
Ыймансыз, абийирсиз ар бир наадан.
Мектептеги окуучуларды адаштырган.
Акча берип, мээнет кылбай акча тапкан.

8-окуучу:
Ыйман болсо дилинде,
Күрөшкөн биз менен бирге.
Экстремизм кылмыштын тамырын,
Жоёлу сен, мен бирдикте. 
(Акыркы эки сапты хор менен айтышат)

9-окуучу:
Келгилечи мекендештер тазаралы,
Сан жеткис го салтыбыздын таза жагы.
Элимдин жан дүйнөсү тазарса да, 
Экстремизм кылмышка баратат жаш балдары.

Сахналык көрүнүш (10 мүнөт)

Мугалим: «Экстремизм» - чектен чыккан коз караштарды жана аракеттерди колдоочулук.

Соңку жылдары Борбордук Азияда, анын ичинен Кыргызстанда ислам мамлекети - "Халифат" түзүү керектигин баяндап, элибизге түшүнүксүз идеяларды таңуулаган баракчалар, китепчелер пайда болуп, эл ичинде таратыла баштады.

Бул "агартуучулук" ишти негизинен "Хизбут - Тахрир аль - Ислами" деп аталган диний экстремисттик партия жүргүзүп келүүдө.

Элибиздин ичинде бул партиянын программалык максаттары, жасап жаткан аракеттеринин зыяндуулугу жөнүндө анча деле толук түшүнүк жок. Өлкөбүздүн коопсуздугуна бүлүк салуу максатын көздөгөн терроризм менен диний экстремизм, массалык мүнөздө болбосо да Кыргызстанда реалдуу түрдө көрүнүп, аракеттерин күчөтө баштады.

  1. Топтордо иштоо.

Класс эки топко болунот.

1-тапшырма: «Хизбутчулар» деген кимдер? Топтор оз тушунуктору жана изилдеп келген маалыматы боюнча докладдарын окушат.

1-топ.

Маалыматтар боюнча Хизбут - Тахрир аль-Ислами (Исламдык азаттык партиясы) 1952-жылы Палестинада негизделген. Бул уюм буга чейин иштеп келген "аль - Ихван аль - Муслимин" (Мусулман боордоштор) партиясынан радикалдык багытты жактаган адамдардан бөлүнүп чыгышынын натыйжасында пайда болгон. Партиянын негиздөөчүсү катары мусулман аалымы (теологу) Таки-ад-дин Набхани ал-Фалестини (1909-1979-ж.ж. жашаган) аттуу адам эсептелет. Партияга алгач ирет Иордания, Сирия, Ливан өлкөлөрүндөгү Ислам университеттеринин дин боюнча адис мугалимдери киришкен. 

" Хизбут - Тахрир" партиясынын катары өскөн кезде, анын жетекчилиги калкты массалык түрдө исламдаштыруу, эл аралык масштабда ислам мамлекети - "Халифат" түзүү, динге негизделбеген мамлекеттерди жоюу максатын жарыялашкан. Пайда болгондон тартып эле бул партияга жамынып-жашынып, тымызын иштөө мүнөздүү болуп калган.

Массалык маалымдоо каражаттарынын билдирүүсү боюнча "Хизбуттахрирчилердин" штаб-квартирасы (амират) Бейрутта (Ливан) жайгашкан. Бирок булардын амираты ар дайым изин жашырып бир жерден экинчи жерге, бир өлкөдөн экинчи өлкөгө көчүп турат. Маалыматтар боюнча партиянын негизги жетекчилигинин бир бөлүгү Лондондо (Великобритания) жайгашкан. Партиянын айрым амираттары кээ бир араб өлкөлөрүндө, Европанын айрым мамлекеттеринде иш жүргүзүшөт. 

Өткөн кылымдын 90- жылдары "Хизбут-Тахрир" партиясы Борбордук Азияда пайда болуп, бул чөлкөмдүн тынч турмушуна бүлүк салуу, коопсуздугун бузуу үчүн өздөрүнүн кара ниет ойлорун ишке ашыруу аракеттерин жасоодо.

2-топ.  

– «Хизбут-Тахрирдин» Кыргызстанда болжол менен 5-6 миңдей мүчөсү бар. Борбор Азиядагы «Хизбут-Тахрир» уюму башка өлкөлөрдөгү «хизбутчулардан» олуттуу айырмаланып турат. Биздин аймактагысы көбүрөөк агрессивдүү, радикалдуу. Алардын бир гана максаты – күч менен саясий түзүлүштү оодарып, халифат түзүү. Программасы, ыкмалары жана формалары бир нече этаптан туруп, акыркы этабы – жихад же зордук менен бийликти басып алуу. Башка террордук уюмдар дароо эле аракетке өтүшсө, «хизбутчулар» алгачкы баскычында үгүттөө, жайылтуу ыкмаларын колдонушат. Сыртынан кадимки мусулмандардан айырмаланбайт, намаз окуйт, мечитке барат. Халифат түзөбүз дегенинен эле айырмалабаса, жөн адам айырмалай албай калат. Адамдар менен жекече иштешет, мечиттерге калбай барып, өз катарына жаңы гана динге кирип, мечиттерге бара баштагандарды кошууга аракет кылышат. Себеби алар ошол убакта дин боюнча кенен түшүнүгү жок болуп, кадимки мусулман менен «хизбутчулардын» айырмасын билбей калышы мүмкүн. Анан да алар 18-30 жаштагыларды тартышат. Себеби алар иштеп, акча таап, пайда алып келиши керек да.

«Хизбут-Тахрирдин» жүздөн ашуун сайты бар. Мындан сырткары "хизбутчулар" террордук уюмдардын сайттарына кирип, кат жазышып, сайт аркылуу кантип жардыргыч заттарды жасоонун инструкцияларын ала алышат. УКМК 2011-жылы 2 миңден ашуун мыйзамга каршы келген ар кандай адабияттарды, флешкаларды тартып алып, 30дан ашуун кылмыш ишин козгосо, 2012-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле 20дан ашуун кылмыш ишин козгогон. Жалаң эле үгүт жүргүзүүчү басылмалар, дисктер эле эмес, атуучу куралдар, ок-дарылар, жардыргыч заттар да табылып жатканы «хизбутчулардын» террордук ыкмага көбүрөөк жакын экенин билдирет.

2-тапшырма. Диний экстремизмдин тузагына илингендер жонундо корунуш корсотуу.

  1. Жыйынтыктоо.

1-Окуучу: Баардыгыбыз биримдикте, 
Экстремизмге каршы күрөшсөк.

2-окуучу: Жоёрубуз ачык кеп, ал үчүн ата-эне, коомчулук,
Мугалим, ИДН, байланышын күчөтүү керек.

Патриоттук ырлар аткарылат


Сабактын темасы: Менин классташтарым кандай?

Сабактын максаты:

  1. Класс окуучулары бири-бири жонундо ой жугуртот. Туура жыйынтык чыгара билууго конугот.

  2. Бири-бирин сыйлоого, бири-биринин ой-пикирин сыйлай билууго, ынтымактуулукка, биримдуулукко багыт алат.

  3. Озундо жакшы сапаттарды онунтурууго оболго тузот.

Сабактын жабдылышы: Суроттор,

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу.

Сабактын максаты менен тааныштыруу.

  1. Киришуу учун суроолор:

Балдар биздин бугунку сабагыбыздын мааниси менен тааныштынар. Демек соз классташтар жонундо болот. Эми томонку суроолорго жооп бергиле:

    • Классташ дегенди кандай тушунобуз?

    • Классташтарынардын туулган кундорун билесинерби?

    • Классташтарынардын уй-булосу жонундо билесинерби?

    • Классташтарынар кайсы жерде жашаарын билесинерби?

  1. Мугалимдин созу: 

Балдар, мына бир топ жылдан бери силер бир класста, бир партада отуруп, бир досканы пайдаланасынар. Тыныгууда эшикке чыгып бирге ойнойсунар. Кээде соз талашып, же топ талашып урушуп кетесинер, кайра жарашасынар. Демек, бир топ убактынарды бирге откоросунор. Ошондуктан бири-биринер жонундо жакшы билип каласынар. Мындан ары мурункудан да бири-биринер менен жакшы мамиледе болуп каласынар деп ойлойм. Эгер конул бурсанар силерден улуулар, ата-эненер классташтары жонундо эн жылуу создорду айтаарын байкайсынар. Демек, классташтар эн жакын адамдар болот экен. Ошондуктан кобунчо классташ балдар жана кыздар омур бою дос болуп калышат.

Эми классташтар кандай болушу керек? Ушул суроого жооп бергиле.

(Окуучулардын создорун угуп, аларга колдоо корсотуу керек).

Классташтар бири-бирине жардам беруусу керек. Бироосу кандайдыр бир нерседен кыйналып калса, аны колдоо керек. Ага кантип жардам беруу керектигин ойлонуп табуу керек. Бир класста окуп жатып топ-топко болунуп, бири-бирин кемсинтсе, анда класстын ынтымагы ыдырайт. Ошондуктан мындай жаман адаттарга уйронбоо керек. Класста ынтымак болсо, жакшы коллектив тузулот. Классташтардын жашоосу кызыктуу, конулдуу болот.

Классташ кыздар менен балдар да биримдуу, ынтымактуу болуусу керек.

Ал учун бири-бирин тушунууго, жакшы жактарын баалоого аракет кылуу керек. Ал эми озундогу жаман сапаттарды жоготууга аракет кылуу керек.

  1. Топтордо иштоо.

Класс эки топко болунот:

    • 1-топ “Акылдуу кыздар”

    • 2-топ “Билимдуу балдар”

1-тапшырма: Таблица толтурушат:

Кыздар тобуна

Балдардын жакшы сапаттары

Балдардын жаман сапаттары





Балдар тобуна

Кыздардын жакшы сапаттары

Кыздардын жаман сапаттары





Таблицаны толтурган сон, талкуу жургузулот.

2-тапшырма: Конугуу иштоо. Ар бир топтон кезек менен бирден окуучу чыгып, карточка алып, андагы жазылгандарды кыймыл аракети менен ун чыгарбай корсотуп берет. Анын командасы эмнени айтып жатканын таап айтышат. Мисалы, Кыздын чачын тартып, ачуусуна тийип жаткан бала.

Баланы колу менен корсотуп ушактап жаткан кыз. ж.б.

  1. Уйго тапшырма беруу.

“Менин классташым” деген темада дилбаян жазып келуу.

Сабактын темасы: Телефондо суйлошуу маданияты

Сабактын максаты:

  1. Суйлошуу маданияты жонундо ой жугурто билууго багыт беруу.

  2. Адам оз жашоосунда ар дайым маданияттуулукка умтулуу керектигине ынанат.

  3. Адептуулукко, озундо жакшы сапаттарды онуктурууго умтулууга тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Суроттор, иллюстрациялар.

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу

Класстын санитардык абалына, окуучулардын маанайларына конул буруу.

  1. Киришуу учун суроолор.

    • Телефонунар барбы? Ким менен суйлошосунор?

    • Маданият деген эмне?

  2. Жаны теманы баяндоо.

"...Азаматтын жакшысы - азыраак сүйлөп, көп тыңшайт" 

(Угуу жана сүйлөө маданияты жөнүндө)

Жапон элинде: "Сүйлөгөнгө караганда уккан кыйын" деп айтылат. Бул демек, сүйлөгөндү уккан кишинин маданияты жогору дегенди билдирет. Ал эми гректерде чечендик маданият "ынандыруу маданияты" катары талкууланат да, сүйлөп жаткан адам угуп жаткандарды айтып жаткандарына ынандыра алышы керектиги айтылат. Чечендик - бул аудитория менен чечендин ортосундагы мамиле эмеспи.

"Эгерде сен сүйлөп жатканда, угуп жаткан адам саатын караса, ал бир жакка шашып, сенин тезирээк сүйлөп бүтүшүңдү каалап жатканы; эгерде эки жакты карап жаткан болсо, сенин сөзүң аны анчалык деле кызыктырбаганы; эгерде эки колун көкүрөгүнө алып, же бөйрөгүн таянып турса, тоготпой жатканы; эгерде сен сүйлөп жатканда угуп жаткан адам, "бул фактыларды кайдан алдың" деп сенин сөзүңдү бөлсө, анда ал сенин маегиңе ишенбей жатканы... ж.б. деп айтылат угуу жана сүйлөө маданияты жөнүндөгү усулдук китептерде.

Ал эми азыркы учурда адамдар бетме-бет суйлошкондон да кобуроок телефондо суйлошушот. Ошондуктан телефондо суйлошуу маданиятын билишибиз керек.

Телефондо суйлошуу этикасы:

    • Баарынан мурда мүмкүн болушунча сылык болгонго аракет кылуу керек.Коңгуроону угар замат трубканы алганга шашыл. «Алло» деген сөздү айтуу менен бирге саламдашканды унутпа.

    • Эгер сенден кимдир бирөөнү чакырып коюуну суранса, анда «Бул ким?», «Эмне үчүн керек?» деген сыяктуу суроолорду берүү таптакыр туура эмес. Ал ким экенин жана эмне деп айтып коюу керектигин чакыруучу тарап өзү айтат.

    • Телефонду эч качан эсте калган номер боюнча чалба. Балким туура эмес болуп калат.Эгер туура эмес түшүп калса, «Бул кайсы номер, мен кайда түшүп калдым?» деп айтуу адепсиздик. Жөн гана кечирим сурап коюу абзел.

    • Коомдук жайларда унунду бийик чыгарып, жанындагыларды эске албай суйлошуу да туура эмес. Кечирим сурап, кийин суйлошууну сунуш кылууга болот. Эгер ото зарыл чалуу болсо, сыртка же четирээке отуп суйлошууго болот.

    • Коомдук транспортто да ушуларды эске алуу менен зарыл чалуу мезгилинде гана айланадагылардан кечирим сурап, акырын суйлошууго аракет кылуу керек.

  1. Бышыктоо.

    • Силерге уккан жагабы же суйлогонбу?

    • Суйлошуу маданияты жонундо тушунугунорду айтып бергиле.

    • Телефондо суйлошуу этикасы жонундо айтып бергиле.

  2. Жыйынтыктоо.

Мен маданияттуу инсанмын деген адам баардык жагынан маданияттуу болуш керек. Уй булоодон баштасак. Ата-эненин бири -бирине болгон мамилеси сылык, урматтоо, сыйлоо болсо, акырын суйлошуп, бири-биринен кечирим суроону билишсе алардын балдары да ошондой болуп чоноюшат. Уй булоодо жарышып суйлошпой биринин созун баары угуп, соз берип суйлошуу. Уйдо уйронгонунорду мектепте да оркундотуп, маданияттуу инсан болуп чоноюуга аракет кылгыла.





Сценарий

«Жаз периси »2007-жыл

Кыздар неге сулуу болуп баратат

Барган сайын бажырайып корктонуп

Ай жамалы аргасыздан каратат

Жай бурулса кокурогу орттонуп


Саламатсыздарбы кутмандуу кундун кадырмандары « Жаз периси » 2007-жылдын кароо сынагынын катышуучулары ,кара кылды как жарган калыстар жана дуркурото кол чапкан куйормандар


Жаз майрамы жайнаган жаштыктын улпулдогон наздыктын жарык маанайдын бучурлоп жаралуунун

маалы болсун .


Буран бел, бою сулуу солкулдаган

Бурулуп толгон айдай толукшуган

Бышкан алма сыяктуу сулуу кызды

Коргондо кыргыз эли толкундаган


Татынакай молтуроп

Айды узуп алганбы

Карагаттай коздору

Жузум болуп калганбы

Алмадай жузу албырып

Аппакай жузу ай экен

Эмми ачылган жаз гулундой

Бул кыз озу Ким экен

Назарыныздарда 11а кл Алибекова Сыргагул Мыктыбековна

Суйгон мезгили:______________________________

Жакшы коргон тамагы:________________________

Суйгон гулу:_________________________________


Мотурайган ким экен

Бажырайган гул бекен

Же нурлары чагылган

Асмандагы кун бекен

Секелек кыз кулгону

Коргон козду суктантты

Назарыныздарда 10а Кл.ок. .............................................


Суйгон мегили:_______________________________

Жакшы коргон тамагы:_________________________

Суйгон гулу:__________________________________
















Калыстар тобу:

1.

2.

3.

4.

5.

урматтуу катышуучулар ………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………………



















Сценарий тузгон :