СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Иштелме доклад класстык саат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Иштелме доклад класстык саат»

Сабактын темасы: Хиджаб кийүүгө сенин көз карашың.

Сабактын максаты:

  • Кыргыз элинин салттары жана диндин байланышы, хиджаб кийүү жонундо ой жугуртөт.

  • Дуйнөгө туура көз карашын калыптандыруу.

  • Ислам динине илимий жактан туура тушунуу. Элдик каада-салттарды сыйлоо.

Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр.

Сабактын усулу: Диспут.

Сабактын журушу:

  1. Уюштуруу.

Сабактын максаты менен тааныштыруу.

  1. Киришуу учун суроолор:

    • Дуйнодо кандай диндер бар?

    • Биз жана ата-бабабыз кайсы динге ишенебиз?

    • Мусулман өлкөлөрүнө кайсы мамлекеттер кирет?

    • Мусулмандын беш парызын айтып бере аласынарбы?

  2. Керектүү маалыматтар менен тааныштыруу.

Мугалимдин сөзү: Кыргызстанда хиджаб маселеси абдан чоң талкууга алынып талаш тартыштын ортосунда турат. Айрым молдолорубуздун айтканына караганда биз светтик өлкөдө жашайбыз, ар ким каалаганындай кийине алат эч ким тоскоолдук бере албайт. Бийлик башында отургандар мектеп жана жогорку окуу жайларына кийүүгө тыюу салынышы керек деп билдиришкен, бул маселе азыркы учурда дагы эле чечилбей келет. Өкмөт башчы Темир Сариевдин жыйында сүйлөгөн сөзүнөн:

- Кыргыздарды кыргыз кылып сактаган өзүбүздүн салттарыбыз бар. Хиджаб менен паранжа кийүү бул кыргыз элинин салты эмес. Ооба, биздин динибиз ислам. Бирок, биз башка салттарды кабыл албашыбыз керек. Хиджабдарды кийүү – бул кыргыздын салты эмес, - деди Темир Сариев. Андан сырткары өздөрүн "Ислам Мамлекети" деп аташкан экстеремисттик күчтөр дүйнөдө күч алып, алар динге жамынып, жергиликтүү элге туура эмес маданиятты таңуулап жатканын кошумчалады.

Эгерде, тарыхка кайрыла турган болсок, хиджаб ислам дини пайда болгонго чейин эле бар болгон жана ал белгилүү бир динге тиешелүү болгон эмес. Мисалы байыркы Иранда, байыркы Индия өлкөсүндө хиджаб кийишкен, алтургай азыркы ислам өлкөлөрүнө салыштырмалуу муну бекем тутушкан. Иран өлкөсү качан исламды кабыл алгандан кийин хиджаб ислам кийими, ислам баалуулугу катары кабыл алына баштаган.

Мечит кызматкери Абдрахман байке менен болгон маек (Интернеттен алынды кыскартылып алынды)

    • - Хиджаб кийгенге көз карашыңыз кандай?

    • – Курандын эч бир жеринде бир гана хиджабды кийгиле деген кыйноо жок. Ал жерде болгону жамынып жүргүлө, катынгыла деген буйрук бар. Көбүнчө ушул маселеден түшүнбөстүктөр жаралууда. Жамынып жүрүш керек экен деп эле хиджаб кийишет. Хиджаб – Араб өлкөлөрүнүн улуттук кийими. Арабия, Иран, Афганистан өлкөлөрүнө барсаңыздар, ал жакта жалаң ушундай хиджаб кийип жүргөн айымдарды көрөсүздөр. Жоолук салынып, хиджаб кийгендерге каршы чыккандар муну саясат кылып колдонушууда. Анткени, ар бир улуттун өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Биздин кыргыз элинин да өзүнүн салт-санаасы, маданияты бар. Ошондуктан, коомубузда жоолук салынып, хиджаб кийип жүргөн кыздар өөн учурап жатат. Мурун кыргыз эли жакшы эле жашап өтүшкөн, хиджаб кийинбей эле ыймандуу болушкан,” – дешип нааразы болгондор да жок эмес. Кыргызча эле кийинсе да болот. Сөзсүз эле хиджаб кийиш керек эмес. Бирок хиджаб кийгендерди эле талкуулай бербей өтө кыска, ачык кийингендер жөнүндө да сөз козгосо болот эле.

Класс окуучулары төмөнкудөй тартипте эки топко бөлүнөт: Хиджаб кийүү керек дегендер биринчи топко, кыргыз кыздары хиджаб кийбегени жакшы дегендер экинчи топко.

1-суроо: Хиджабты эмне үчүн кийишет же модабы? Оюңарды айткыла.

2-суроо: Мектепке, ж.б. окуу жайларына хиджаб кийип келүүгө тыю салуу керекпи же руксат берүү керекпи?

3-суроо: Уул балдарга: келечекте аялыңардын хиджаб кийүүсүн каалайсыңарбы?

4-суроо: Кыздарга: келечекте турмушка чыккан жериңерде хиджаб кийүүңөрдү талап кылса эмне кыласыңар?

5-суроо: Хиджабдын ордуна улуттук кийим кийсе болот деген пикирге кандай оюңар бар?

6-суроо: Хиджаб кийгендер сөзсүз ыймандуу болооруна ишенесиңерби?

7-суроо: Хиджаб кийбей эле ыймандуу, адептүү жүрүм-турумдагы кыздар барбы? (Окуучулар өз ойлорун эркин айтуусуна шарт түзүү керек)

  1. Инсценировка



  1. Жыйынтыктоо

Мугалим: Бүгунку күндө туура диний түшүнуккө ээ болууга аракет кылгыла. Ал үчүн окуп билим алып, дүнүйөгө туура көз карашта болуу керек. Азыркы учурда Исламды бурмалаган, өз кызыкчылыгы үчүн колодогондор көбөйүп кетти. Ошондуктан Исламдын негизин, багытын туура тушүнгөн диний аалымдардан гана сабак алуу керек. Ошондой эле кыргыздын байыртадан келе жаткан салт-санаасын, баалуулуктарын сыйлай билели.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!