СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

История и современные основы школьного курса математики- тесттер жыйнагы 1-модуль

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул материалда "История и современные основы школьного курса математики" предметинен тесттер камтылган.

Просмотр содержимого документа
«История и современные основы школьного курса математики- тесттер жыйнагы 1-модуль»

История и современные основы школьного курса математики” дисциплинасы боюнча тестик суроолор (4 кредит)

Группа Ммаг -1-20 (1-модул)

Жеңил суроолор

  1. Математиканын методологиясын кайсы билимдер түзөт?

а) объективдүү чындыкты изилдөөнүн ыкмалары, усулдары жөнүндөгү билимдер

б) заттын кыймылынын ар кандай формаларын изилдөө жөнүндөгү билимдер

в) маалыматты берүүнүн формаларын изилдөө жөнүндөгү билимдер

г) туура жооп жазылбаган

2. Математика эмнелерди изилдейт?

а) материалдык дүйнөнүн формаларын

б) материалдык дүйнөнүн мамилелерин изилдейт.

в) маалыматты берүүнүн формаларын изилдейт

г) туура жооп а) жана б)


3. “Таза математиканын изилдөө объектиси реалдуу дүйнөнүн мейкиндик формалары жана сандык мамилелери, ошондуктан алар абдан реалдуу материал болуп калды" – бул кимдин аныктамасы?

а) Ф.Энгельс б) К. Гаус в) Р. Декрт г) К. Маркс



4. Математиканын спецификалык өзгөчөлүгү - бул бардык объекттерге мүнөздүү сандык мамилелер жана мейкиндик формалары жана кубулуштардын материалдык мазмунуна карабастан бул мамилелерди жана формаларды ... жана аларды өзүнүн изилдөө объектисине айландырат.

А) жалпылайт; б) конкреттештирет; в) абстракциялайт; г) талдайт

5. Математикалык жыйынтыктарды алуунун негизги ыкмасы ... логикалык корутунду,

а) эксперименталдык текшерүүгө негизделген эмес.

б) эксперименталдык текшерүүгө негизделген .

в) практикада текшерүүгө негизделген г) тажрыйбага негизделген

6. Математика – бул ... илим.

А) гуманитардык б) табигый в) табигый эмес г) философиялык

Основным методом получения математических результатов является логический вывод,

не опирающийся на экспериментальную проверку.



7. Андан да кеңири көз караштан алганда, математиканын методологиясы бул

дүйнө таанымдын принциптерин таанып-билүү процессине жана практикага колдонуу катары реалдуулукту таанып-билүүнүн жана өзгөртүүнүн ыкмалары жөнүндөгү ... .

а) философиялык окуу б) табигый илим в) маалыматтык илим

г) социологиялык окуу



8. Математиканын өзгөчө касиети бул:

А) уиверсалдуу колдонуучулук б) табигый-экономикалык илимдер колдонот

В) практикада колдонуучулук г) гуманитардык илимдерде колдооулбайт



9. Арифметика (жок дегенде анын практикалык бөлүгүндө) ... ашык убакыт мурун түзүлгөн.

а) 6-7 миң жылдан б) 3 миң жылдан

в) 10 миң жылдан г) 5 миң жылдан



10. Арифметика алгачкы жолу кимдер тарабынан түзүлгөн?

а) Вавилондуктар б) Индиялыктар

в) Арабдар г) Египеттик жана Вавилондуктар



11. Геометрия илим катары качан пайда болгон?

а) VII-III кылым б.э.ч. б) V-III кылым б.э.ч.

в) VI-III кылым б.э.ч. г) III кылым б.э.ч.



12. Геометрия алгачкы жолу кимдер тарабынан түзүлгөн?

а) Вавилондуктар б) Байыркы грек окумуштуулары

в) Арабдар г) Египеттик жана Вавилондуктар



13. Алгебра алгачкы жолу кимдер тарабынан түзүлгөн?

а) Вавилондук математиктер б) Байыркы грек окумуштуулары

в) Арабдар г) Египеттик жана Вавилондуктар



14. IX—XIII кылымдардагы алгебранын өнүгүшү кимдер тарабынан?

а) араб окумуштуулары б) европалык алгебраистер

в) индия окумуштуулары в) орто азиялыктар



15. XVI-XVII кылымдардагы алгебранын өнүгүшү кимдер тарабынан?

а) араб окумуштуулары б) европалык алгебраистер

в) индия окумуштуулары в) орто азиялыктар



16. Дифференциация жана интеграция формулалары кайсы мезгилде табылган?

а) 17-кылымдын аягында б) 15-кылымдын аягында

в) 19-кылымдын аягында г) 18-кылымдын аягында



17. Дифференциация жана интеграция формулалары кимдер тарабынан табылган?

а) Г.Кантор б) Ньютон

в) Лейбниц г) Ньютон жанаЛейбниц



18. Көптүктөр теориясынын концепциялары пайда болгон мезгил:

а) 17-кылымдын аягында б) 15-кылымдын аягында

в) 19-кылымдын аягында г) 18-кылымдын аягында



19. Көптүктөр теориясынын концепциялары кимдер тарабынан табылган?

а) Г.Кантор б) Ньютон

в) Лейбниц г) Ньютон жанаЛейбниц



20. Математика тарыхы шарттуу түрдө канчага бөлүнөт?

а) төрткө б) бешке в) үчкө г) бөлүнбөйт



21. Математиканын жаралуу доору качан аяктайт?

А) 7-5-кылымдарда б) 5-3 кылымда в) 7-6 кылымда г) 4-3 кылымда

22. Математиканын жаралуу доору. Бул мезгилде кайсы негизги түшүнүк калыптанат?

а) сан, б) чоңдук, геометриялык фигура.

в) сан, чоңдук, геометриялык фигура г) сан, геометриялык фигура.



23. Натуралдык сандар түшүнүгү кайдан келип чыккан?

а) сандарды тартптештирүүдөн б) эсептөөдөн

в) предметтерди саноодон г) сандарды классификациялоодон



24. Геометриялык фигуралар түшүнүгү кайдан пайда болгон?

а) буюмдардын формаларын үйрөнүүдөн б) жер ченөөдөн

в) а) жана б) жооптору туура г) Евклиддик доордон



25. Ар кандай фигуралардын геометриялык чоңдуктары, узундуктары, аянттары жана көлөмүдү эсептөө үчүн алгачкы формулалардын келип чыгышы:

а) байкоолор аркылуу б) ой жүгүртүү аркылуу

в) байкоолор жана ой жүгүртүү аркылуу г) илимий эсептөөлөр аркылуу



Орто деңгээлдеги суроолор



1. Биздин эрага чейин 7-кылымда башталган жана биздин эранын 17-кылымында аяктаган математканын өнүгүү доору кандай аталат?

а) Турактуу чоңдуктардын математикасы б) Геометриянын жаралуу доору

в) Алгебранын жаралуу доору. г) Өзгөрмө чоңдуктардын математкасы



2. Математиканын экинчи өнүгүү доорундагы негизги жетишкендиги ...

концепциясынын пайда болушу менен байланыштуу

а) далилдөө б) эксперимент в) практикалык г) эсептөө



3. Фалес Милетский кайсы доордо жашаган?

а) VII-VI кылым б.э.ч. б) V-III кылым б.э.ч.

в) VI-V кылым б.э.ч. г) III кылым б.э.ч.



4. Математикалык далилдөөнү биринчи колдонгон философ ким болгон?

а) Пифагор б) Евклид в) Р. Декарт г) Фалес Милетский



5. Тең жактуу үч бурчтуктун негизиндеги бурчтардын барбардыгын ким биринчи далилдеген?

а) Пифагор б) Евклид в) Р. Декарт г) Фалес Милетский



6. Вертикалдык бурчтардын барабардыгын ким биринчи далилдеген?

а) Пифагор б) Евклид в) Р. Декарт г) Фалес Милетский



7. Пифагордук мектеп кайсы мезгилге таандык?

а) VII-VI (ортосу) кылым б.э.ч. б) V-III кылым б.э.ч.

в) VI (аягы) -V (ортосу) кылым б.э.ч. г) III кылым б.э.ч.



8. Бардык геометрияны натуралдык сандар аркылуу чыгаруу мүмкүн эмес деген идеяга кимдер биринчи келишкен?

а) Пифагор окуучулары б) Евклид окуучулары

в) Р. Декарт г) Фалес Милетский

9. Бүтүндөй математиканы геометриялык негиздөөгө аракеттерди кайсы математиктер жасаган?

а) Вавилондук математиктер б) Байыркы грек окумуштуулары

в) Арабдар г) Египеттик жана Вавилондуктар



10. “Сандын кубу”, “Геометриялык орто сан”, “Геометриялык прогрессия” түшүнүктөрү кайдан келип чыккан?

а) көлөм түшүнүгүнөн б) аянт түшүнүгүнөн в) сан түшүнүгүнөн г) математиканы геометриялык негиздөөгө аракеттерден



11. Көптөгөн телолордун көлөмдөрү үчүн формулаларды алгачкы жолу кимдер табышкан?

а) Вавилондук математиктер б) Байыркы грек окумуштуулары

в) Арабдар г) Египеттик жана Вавилондуктар



12. Экинчи тартиптеги ийрилерди алгачкы жолу изилдегендер кимдер?

а) Вавилондук математиктер б) Байыркы грек окумуштуулары

в) Арабдар г) Египеттик жана Вавилондуктар



13. Евклиддин геометриясы математиканын кайсы өнүгүү дооррунда пайда болгон?

а) Турактуу чоңдуктардын математикасы б) Геометриянын жаралуу доору

в) Алгебранын жаралуу доору. г) Өзгөрмө чоңдуктардын математкасы



14. Евклиддин геометриясындагы аксиомалардын толук эместиги кайсы кылымда аныкталган?

а) 19-кылымда б) 17-кылымда в) 18-кылымда г) 15-кылымда



15. Евклиддин аксиомаларындагы жетишпестик кайсы?

а) Ирэттик (тартип) аксиомасы берилбеген б) Таандык аксиомасы жок

в) Катыштык аксиомасы берилбеген в) жетишпестик жок



16. Үч бурчтуктардын барабардыгы Евклиддик геометрияда кандайча далилденет?

А) аларды дал келтирүү аркылуу б) кыймыл идеясынын негизинде

В) механикага таандык метод менен г) бардык жооптор туура



17. Нөл жана терс сандар түшүнүгүн кайсы математиктер киргизген?

а) араб окумуштуулары б) европалык алгебраистер

в) индия окумуштуулары в) орто азиялыктар



18. Комбинаторикалык изилдөөлөр кайсы кылымда башталган?

а) 5-кылымда б) 17-кылымда в) 18-кылымда г) 15-кылымда



19. Тригонометриялык изилдөөлөр кайсы кылымда башталган?

а) 5-кылымда б) 10-кылымда в) 18-кылымда г) 15-кылымда



20. Тригонометриялык изилдөөлөрдү алгачкы жолу кимдер башташкан?

а) Индиялык математиктер б) Байыркы грек окумуштуулары

в) Арабдар г) Египеттик жана Вавилондуктар



21. Алгебранын жаралышына салым кошкондор:

а) аль-Беруни, б) Омар Хайям, в) Гиясэддин Джемшид, г) баары туура жооп



22. Алгебранын жаралуу доору:

а) IX-XII кылым б.э б) а) X-XII кылым б.э в) IX-X кылым б.

г) XI-XII кылым б.э



23. “Алгебра” сөзү араб тилинен которгондо:

а) альжебр б) калыбына келтирүү в) терс кошулуучуларды теңдеменин башка бөлүгүнө которуу г) б жана в жооптору туура



24. Терс сан түшүнүгү качан колдонула баштаган?

а) 16-кылымда б) 17-кылымда в) 18-кылымда г) 15-кылымда



25. Чыныгы сандар идеясын киргизген окумуштуу:

а) Бомбелли (XVI к.) жана Р. Декарт (XVII к.), б) Бомбелли (XVI к.)

в) Р. Декарта (XVII к.), г) Ариабхатта (V к.)



Татаал суроолор



  1. Геометриялык мейкиндиктердин чексиз көп түрдүүлугүн көрсөткөн математикадагы жаңы көз караш кимдин аты менен байланыштуу.

а) Г. В. Лейбниц б) И. Ньютон, в) Риман г) Галуа



  1. Алгебралык түзүлүштөрдүн группа, алкак, талаа түшүнүктөрү качан пайда болгон?

а) 19-кылым, 30 жылдар б) а) 18-кылым, 60 жылдар

в) 20-кылым, 40 жылдар а) 19-кылым, 70 жылдар

Математика боюнча жаңы көз караштарды өнүктүрүүнүн маанилүү этабы изилдөөлөр болгон

  1. Алгебралык түзүлүштөрдүн группа, алкак, талаа түшүнүктөрүн ким ачкан ?

а) Г. В. Лейбниц б) И. Ньютон, в) Риман г) Галуа



  1. Евклиддик геометрияы аксиоматикалык толуктоону биринчи жолу ким жасаган?

а) Г. В. Лейбниц б) И. Ньютон, в) Риман г) М. Паш



  1. Евклиддик геометрияы аксиоматикалык толуктоо биринчи жолу качан ишке ашкан?

а) 1884 – ж. б) 1819 – ж., в) 1981 –ж г) 1894 –ж.

6. Д. Гильберттин «Основания геометрии» аттуу китебинин мааниси эмне жөнүндө?

А) Евклиддик геометрияга окшобогон ар турдүү “геометриялар” түзүлгөн

Б) Евклиддик геометрияны толук деп далилдеген

В) параллель түз сызыктар кесилишет

Г) туура жооп жок


  1. Абстракттуу математикалык мейкиндиктер реалдуулуктун кээ бир формаларын чагылдырат, бирок реалдуулуктун бул формалары мейкиндик формалары менен кадимки мааниде сөзсүз ...

а) дал келбейт б) дал келет в) тиешелеш келет г) тиешелеш коет

  1. Тез иштөөчү электрондук аппараттар математиканын кайсы маанисин жогорулатты?

а) абсракциялык б) прикладдык в) эсептөөчүлүк г) логикалык


9. Математикадагы өнүгүү карама-каршылыктары кайсы?

а) конкреттүү менен абстракттуулук б) жалпы жана жеке

в) а жана б жооптору г) туура жооп жок


  1. Математикадага үзгүлтүксүздүк менен кайсы түшүнүк карама каршылыктуу?

а) конкреттүүлүк б) абстрактуулук в) дискреттүүлүк г) аксиоматикалык


  1. ... – бул курчап турган дүйнөнүн кайсы бир классын математикалык символдордун жардамы менен жакындаштырып сүрөттөө.

а) математикалык туюнтма б) математикалык теңдеме

в) математикалык модель г) бардык жооптор туура


  1. Математикалык далилдөөлөр кайсы жол менен жүргүзүлөт?

а) логикалык талкуулар б) эксперимент

в) тажрыйба жүргүзүү г) туура жооп жок


  1. В теоремасынын далилдөөсү А теоремасынан келип чыгат” – деген талкуулардын негизинде мурда далиденгендерге кайрылууну азайтуу үчүн айрым аныктамасыз түшүнүктөрдү кабыл алуу математикада кайсы метод деп аталат?

а) аксиоматикалык б) координаттык в) карама-каршысыан далилдөө

г) асимптотикалык


  1. Аксиоматикалык методдогу колдонулуучу ыкмалар:

а) изоморфизм б) интерпретация в) а жана б туура жооптор г) кысып чагылдыруу


  1. Т - кандайдыр бир конкреттүү математикалык теорияны формалдуу S системасынын ылайыктуу тилине которулушу мүмкүн, эгерде Т теориясынын ар бир мааниге ээ (жалган жана чындык) сүйлөмдөрүн S системасынын формулалары аркылуу туюнтулса. Мындай метод кандй аталат?

а) аксиоматикалык б) формалдуу аксиоматикалык

в) кысып чагылдыруу г) удаалаш жакындаштыруу


  1. Аксоматикалык метод жөнүндө: «... Бул өтө сонун жалпы түшүнүктөрдүн баары өз алдынча эле биздин колубузга тийген жок. Белгилүү конкреттүү проблемалар алгач катаал күч аркылуу өздөрүнүн ажырагыс татаалдыгы менен бирге жеңип алынган” – деген сөз кимге таандык?

а) Г.Вейл б) Г. В. Лейбниц в) И. Ньютон, г) Риман


  1. “Өтө жөнөкөй" (“Наивный") көптүктөр теориясы. Бул көптүктөр теориясынын негиздөөчүсү ким?

а) Г.Кантор б) Г.Вейл в) Г. В. Лейбниц г) И. Ньютон


18. “Биздин кабыл алуубуздагы же ойубуздагы х обьектеринин каалаган М бир бүтүнгө биригүүсүн ... деп түшүнөбүз” – Г.Кантор

а) аныкталуу областы б) көптүк в) математикалык обьект г) алкак


19.Негизги түшүнүктөр: көптүк, элемент жана негизги катыш болуп: х элементинин М көптүгүнө таандык болушу (символдук түрдө: хєМ белгиленет) эсептелген аксиоматика кандай аталат?

а) Цермело – Френкелдин көптүктөр аксиоматикасы б) Кантордук аксиоматика

в) Евклиддик аксиома г) Гильберттик аксиоматика


20. “Эгерде А жана В көптүктөрү бир эле элементтерди кармаса, анда алар дал келишет” – аксиомасы кандай аталат?

а) Бош көптүктүн жашашы аксиомасы б) Көлөмдүк аксиомасы

в) Биригүү аксиомасы г) Чексиздик аксиомасы


21. “Бир да элемент таандык болбогон көптүк жашайт” – аксиомасы кандай аталат?

а) Бош көптүктүн жашашы аксиомасы б) Көлөмдүк аксиомасы

в) Биригүү аксиомасы г) Чексиздик аксиомасы


22. “Көптүктөрдүн биригүүсү болгон S көптүгү жашайт жана анын элементтери кадайдыр бир көптүктөргө гана таандык болушат” – аксиомасы кандай аталат?

а) Бош көптүктүн жашашы аксиомасы б) Көлөмдүк аксиомасы

в) Биригүү аксиомасы г) Чексиздик аксиомасы


23. Ар бир А көптүгү үчүн Р(А) топтомдордун жыйындысы жашайт

жана анын элементтери А көптүгүнүн бардык камтылган көптүктөрү болот”- бул аксиома кандай аталат?

а). Буль аксиомасы. б) Кантор аксиомасы в) көлөмдүк аксиома г) чексиздик аксиомасы

24. “Бош эмес, жуп-жубу менен кесилишпеген каалаган А жыйындысы үчүн А га таандык М көптүтөрү менен бир гана жалпы элементи бар болгон В көптүгү жашайт” - бул аксиома кандай аталат?

а). Буль аксиомасы. б) Кантор аксиомасы в) Көлөмдүк аксиома г) Тандоо аксиомасы.

25. “Мектеп математикасында окулуучу бардык түшүнүктөр көптүктөр баскычындагы ар кандай орундарда жайгашкан. Булар азыркы математиканын негизинде түзүлгөн ... түшүнүгүнө келип жыйналат” – Виленкин Н. Я. Сөз кайсы түшүнүк жөнүндө болуп жатат?

а) көптүк б) функция в) модель г) түзүлүштүн теги





СРС (СӨИ) тин суроолору



1. “Өзгөрмө чондуктардын математикасы” доору кайсы аралыктарды камтыйт?

а) 17-19 кылым б.э б) а) 15-17 кылым б.э в) 17-18 кылым б.

г) 18-19I кылым б.э

2. “Өзгөрмө чондуктар” түшүнүгүн ким киргизген?

а) Р. Декарт б) Г.В.Лейбниц.

в) Л. Эйлер, г) И. Ньютон



3. “Функция” түшүнүгүн ким киргизген?

а) Р. Декарт б) Г.В.Лейбниц.

в) Л. Эйлер, г) И. Ньютон

4. Өзгөрмө чоңдуктардын ортосундагы көз карандылыктардын жалпы касиеттерин изилдөөчү математиканын бөлүгү кандай аталат?

а) Топология б) Дискреттик математика

в) Математикалык анализ г) Математикалык логика


5. Математиканын табигый илимдер менен байланышын далилдей алган математиканын бөлүгү кандай аталат?

а) Топология б) Дискреттик математика

в) Математикалык анализ г) Математикалык логика


6. Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөрдүн негиздерин түзгөндөр


а) Р. Декарт б) Г.В.Лейбниц жана И. Ньютон

в) Л. Эйлер г) А.М. Ляпунов


7. «универсальная математика – это так сказать, логика воображению» - деген идеяны айткан ким?

а) Р. Декарт б) Г.В.Лейбниц

в) Л. Эйлер г) А.М. Ляпунов

8. Азыркы математиканын өнүгүү доору кайсы мезгилден башталат?

а) 19-кылымдын башы б) 19-кылымдын ортосунан в) 19-кылымдын аягынан

г) 20 - кылымдын башы


9. Азыркы математиканын өнүгүү доору кайсы ачылыш менен байланыщтуу каралат?

а) гиперболикалык евклиддик эмес геометрия, б) математикалык экономика,

в) математикалык лингвистика г) математикалык логика


10. Гиперболикалык евклиддик эмес геометриянын автору ким?

а) Р. Декарт б) Н. И. Лобачевский

в) Л. Эйлер г) А.М. Ляпунов

11. Байыркы папирустардан бизге жеткен Египеттиктердин байыркы сандык жазылыштары биздин эрага чейинки кайсыл жылдарга таандык

А) 3300 б) 3200 в) 3400 г) 3500

12. Египеттик папирустардын эң байыркысы болуп кайсыл папирус саналат?

а) Москва папирусу б) Египет папирусу в) Ахмед папирусу г) Райд папирусу



13. Москва папирусу биздин заманга чейинки кайсыл жылдарга таандык?

а) 1850- жылдар б) 1860- жылдар в) 1870 –ж. Г) 1880 –ж.



14. «Аттикалык системалар» деп аталган номерлөөнү дагы кандай аташкан?

а) Геродиандык белгилер б) Сандык системалар

в) Пентагон г) Пентограмма

15. Байыркы гректерде геродиандык белгилөөлөрдөн кийин кандай номерлөө пайдаланылган?

А) иероглифтер б) ионикалык номерлөө

В) сызыкчалар г) аттикалык система



16. Байыркы Кытай элинин математика боюнча эң байыркы биздин эрага чейинки 1000-жылдары жазылган китеби эмне деп аталган?

а) Арифметика тогуз китепте б) иероглифтер

в) Чеу пей г) Арифметика

17. 38 санынын римдик номерлөөдөгү жазылышын көрсөткүлө

а) XXXIIX б) XXXIIIIIII в) XXXX-II г) XXXVIII

18. Индиялык математика боюнча байыркы табылгалардын бири болгон Бакхшалинин «Арифметикасы» кайсыл жылы табылган?

а) 1881-жылы б) 1882-ж. в) 1883 –ж. г) 1884-ж.

19. Индиялык математика боюнча байыркы табылгалардын бири болгон Бакхшалинин «Арифметикасы» кайсыл тилде жазылган?

а) Санкрит тилинде б) Индия тилинде в) Арамей тилинде г) Грек тилинде

20. «Сандарга формасы боюнча маани берүүдөн тышкары дагы ээлеген орду боюнча маани берип, бардык сандарды бир аз гана белгилер менен жазуу жөнүндөгү ой ушунчалык жөнөкөй, анын ушул жөнөкөйлүгү аркасында анын канчалык таң калаарлык экендигин баалоо кыйын” – деген ойду ким айткан?

а) Пифагор б) Лаплас в) Фалес г) Гипократ

21. Байыркы мезгилде орустар саноодо 10 000 ден ашканда эмне деп аташкан?

а) караңгынын караңгысы (тьма тём) б) улуу сан

в) караңгы (тьма) г) чоң сан

22. Миллионго чейинки сандарды манжалар менен көрсөтүүнүн методун Ирландиялык монах Беда (VII-VIII кылымда) кандай аталыштагы китебинде көрсөткөн?

А) Арифметика б) Сандар в) Эсептөө г) Убакытты эсептөө жөнүндө

23. «Абак» деп аталуучу эсептөөчү курал кайсыл тилден алынган?

а) грек б) араб в) еврей г) кыргыз

24. «Абак» деп аталуучу эсептөөчү куралдын кыргызча аталышы кандай?

а) эсептөөчү б) чаң, кум в) манжа г) таштар

25. Кытайлардын байыркы эсептөөчү куралы эмне деп аталган?

а) суан-пан б) чеу –пей в) сорубан г) абакус

26. Япондуктардын байркы эсептөөчү куралы эмне деп аталган?

А) суан-пан б) чеу –пей в) абакус г) сорубан

27. «Сорубан» деп аталуучу байыркы эсептөөчү куралдын азыркы аталышы кандай?

а) чот б) калькулятор в) абакус г) суан-пан

28. Сандарды көбөйтүү үчүн жөнөкөй куралды биринчи жолу ким ойлоп тапкан?

а) Петер ван Хаве б) Джон Непер в) Понселе г) Пифагор

29. Джон Непер ойлоп тапкан курал эмне деп аталган?

а) Непер таякчалары б) Непер куралы в) Непер машинасы г) Непер эсептегичи

30. «Логарифмдик сызгыч» деп аталуучу эсептөөчү куралды ким ойлоп тапкан?

а) Джон Непер б) Э.Гантер в) Ж.Понселе г) Пифагор

31. Биринчилерден болуп эсептөөчү машинаны ким ойлоп тапкан?

а) Э.Гантер б) Джон Непер в) Блез Паскаль г) Ж.Понселе

32. Сандарды жуп жана так сандарга бөлүү кайсыл окумуштууга таандык?

а) Э.Гантер б) Ж.Понселе в) Евклид г) Пифагор

33. Жөнөкөй сандар чексиз көп экендигин жана баарынан чоң болгон жөнөкөй сан жок экендигин кайсыл окумуштуу далилдеген?

а) Евклид б) Эратосфен в) Пифагор г) Фалес

34. Натуралдык сандардын катарынан жөнөкөй сандарды бөлүп алуу жолун кайсыл окумуштуу көрсөткөн?

а) Евклид б) Эратосфен в) Фалес г) Пифагор

35. 1 ден 40 ка чейин канча жөнөкөй сан бар?

а) 13 б) 11 в) 12 г) 10

36. 1 ден баштап 100 330 201 ге чейинки жөнөкөй сандардын таблицасын ким түзгөн?

а) Ламберт б) Катальди в) Эратосфен г) Якуб Филипп Кулик

37. «Алтыдан тартып, ар кандай жуп сан жөнөкөй эки так сандын суммасы болуп саналат» деген жөнөкөй сандар жөнүндөгү теорема кимге тиешелүү?

а) Эйлер-Гольдбах-Виноградов б) Эйлер в) Гольдбах г) Виноградов

38. «+» жана «-» белгилери канчанчы жылы колдонула баштаган?

а) 1520-жылы б) 1518-жылы в) 1522-жылы г) 1524-жылы

39. Көбөйтүү белгисин биринчи болуп ким киргизген?

а) Лейбниц б) Л.Пизанский в) Джонсон г) Пелль

40. «:» белгисин биринчи болуп ким киргизген?

а) Лейбниц б) Джонсон в) Пелль г) Л.Пизанский

41. «÷» белгисин биринчи болуп ким киргизген?

а) Пелль в) Джонсон г) Лейбниц г) Л.Пизанский

42. Кашаа белгисин биринчи болуп ким киргизген?

а) Джонсон б) Тартальи в) Лейбниц г) Л.Пизанский

43. «=» белгисин биринчи болуп ким киргизген?

а) Джонсон б) Лейбниц в) Р.Рикорд г) Л.Пизанский

44. Барабарсыздык белгилерин биринчи болуп ким киргизген?

а) Джонсон б) Лейбниц в) Л.Пизанский г) Харриот

45. Евклиддин «Башталмасы» канча сүйлөмдөн турат?

а) 465 б) 400 в) 1155 г) 615

46. Евклиддин «Башталмасы» канча китептен турат?

а) 13 б) 14 в) 11 г) 15

47. Пифагрдун теоремасы Евклиддин «Башталмасынын» канчанчи китебинде берилген?

а) 1 чи б) 2 чи в) 3 чү г) 7 чи

48. Айлана жана тегерек Евклиддин «Башталмасынын» канчанчи китебинде берилген?

а) 3чү б) 4чү в) 5 чи г) 6 чы

49. Айланага ичтен жана сырттан сызылган көп бурчтуктар Евклиддин «Башталмасынын» канчанчи китебинде берилген?

а) 4 чү б) 6 чы в) 7 чи г) 5 чи

50. Пропорциалаштык жана иррационалдык сандар Евклиддин «Башталмасынын» канчанчи китебинде берилген?

а) 5 чи б) 4 чү в) 7 чи г) 6 чы

51. Арифметика Евклиддин «Башталмасынын» канчанчи китебинде берилген?

а) 7-8-9- китептерде б) 10 чу в) 11 чи г) 12 чи

52. Стреоометрия Евклиддин «Башталмасынын» канчанчи китебинде берилген?

а) 11-12-13- чү б) 14 чү в) 10 чу г) 9 чу

53. Байыркы Кытай трактаттарында трапеция кандай аталган?

а) кыйгач талаа Б) ийри талаа В) түз талаа Г) отургуч

54. Байыркы Кытай трактаттарында сектор кандай аталган?

а) кыйгач талаа б) ийри талаа в) түз талаа в) отургуч

55. π саны канчага барабар?

а) 3 б) 2,14 в) 3,14 г) 3,1415926535897932

56. Эгерде каалагандай натуралдык сандын өзүнөн башка бөлүүчүлөрүнүн суммасы өзүнө барабар болсо, анда ал сан кандай аталат?

А) чоң сан б) барабар сан в) өзгөрмөлүү сан г) жеткилең сан

57. Бир орундуу сандардын ичиндеги жеткилең сан кайсыл?

а) 6 б) 7 в) 8 г) 9

58. Эки орундуу сандардын ичиндеги жеткилең сан кайсыл?

А) 28 Б) 18 В) 38 Г) 48

59. Үч орундуу сандардын ичиндеги жеткилең сан кайсыл?

а) 496 б) 696 в) 596 г) 796

60. Төрт орундуу сандардын ичиндеги жеткилең сан кайсыл?

а) 8128 б) 8130 в) 8129 г) 8140












Скачать

© 2021 193 0

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!