СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

It-программирования

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«It-программирования»

Тема: №1 Ата Мекендин тарыхына киришүү Аткарган:Орозова сайкал Текшерген:Тагайбекова А.А

Тема: №1 Ата Мекендин тарыхына киришүү

Аткарган:Орозова сайкал

Текшерген:Тагайбекова А.А

План: 1. Тарых илим катары 2. Кыргызстандагы таш доору.  3. Коло доорундагы андрон жана чуст маданияттары. Ош тургун жайы.

План:

  • 1. Тарых илим катары
  • 2. Кыргызстандагы таш доору.
  • 3. Коло доорундагы андрон жана чуст маданияттары. Ош тургун жайы.

Тарых илим катары

  • 1. Тарых илим катары. Тарых – адам коомунун өткөндөгүсү жана азыркы учуру, коомдук турмуштун ар кыл формаларынын мейкиндик-убакыт өлчөмдөрүндө өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим. Тарыхтын мазмунун адамзат турмушундагы өзгөрүүлөр, сакталып калган тарыхый эстеликтердеги жана булактардагы маалыматтар түзөт. Алар аркылуу элдердин, чарбасын, маданиятын, коомдук турмушун, ички жана тышкы байланыштарын, тарыхый инсандардын ишмердүүлүктөрүн билебиз. Тарых азыркы адамзатка кызмат кылып жаткан дүйнөдөгү илимдин тармактарынын ичинен эң байыркысы. Тарыхты азыркы учурда: 1. Табигаттын жана коомдун өнүгүү процесси; 2. Адамзаттын өтмүшүн так жана көп түрдүүлүктө окуп үйрөнүүчү коомдук илимдердин комплекси катары карасак болот. Ата-Мекен тарыхы – дүйнөлүк тарыхтын бир бөлүгү. Кыргызстан тарыхы дүйнөлүк тарыхтын бир бөлүгү болуп эсептелет. Аны окуп үйрөнүүдө биз дүйнөлүк тарых илиминин жетишкендиктерине таянабыз. Дүйнө тарыхынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген Кыргызстан тарыхын окуп үйрөнүү аркылуу эки миң жылдан ашуун жолду басып өтүп, Борбордук Азиядагы эң байыркы эл аталган кыргыз элинин көп кырдуу тарыхынын орчундуу окуяларын билебиз. Тарых илиминин орчундуу маселелеринин бири – адам коомунун тарыхый өнүгүүсүн мезгилдерге бөлүү болуп эсептелет. Коомдук өнүгүүнү хронологиялык тартипте

Тарых илим катары

  • мезгилдерге бөлүүдө дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө тиешелүү чечүүчү факторлор негиз болуп келген. Тарых илими пайда болгондон бери тарыхчылар коомдук өнүгүүнү мезгилдерге бөлүүнүн түрдүү варианттарын иштеп чыгышкан. XIX к. ортосунда К. Маркс тарыхты материалисттик тушүнүү принцибинин негизинде адам коомун 5 коомдук - экономикалык формацияга бөлгөн. Анын негизин өндүрүш ыкмалары – өндүргүч күчтөр менен өндүрүштүк мамилелердин конкреттүү биримдиги түзгөн. К. Маркстын формация концепция боюнча адам коому бирин-бири ырааттуу алмаштырган 5 коомдук-экономикалык формациялар (алгачкы жамааттык, кул ээлөөчүлүк, феодалдык, капиталисттик жана коммунисттик) боюнча өнүгөт. К. Маркстан айырмаланып батыштын окумуштуулары XX к-да тарыхый процесстер аймактык цивилизациялар айлампа боюнча бирин-бири алмаштыруу принциби менен өнүгөт деген теорияны негиздешкен. Алардын көрүнүктүү өкүлү А. Тойнбинин пикири боюнча адамзат тарыхында цивилизациянын 13 түрү бири-бирине көз карандысыз жашап келген. Алардын ар бири пайда болуу, гүлдөө жана кыйроо доорун башынын өткөрөт деген. Тойнбинин пикиринде азыр дүйнөлүк цивилизациянын 8 түрү жашап жатат.

Тарых илим катары

  • Бул окуу-методикалык куралы адам коомун алгачкы жамааттык коом, байыркы дүйнө, орто кылымдар, жаңы жана соңку доор деп бөлгөн дүйнөлүк тарых илиминде басымдуулук кылган концепциянын негизинде жазылды. Тарыхты окуп үйрөүүнүн принциптери жана функциялары. Тарыхый таанып билүүнүн объективдүүлүгүн камсыздоо үчүн тарыхый окуяларды жана кубулуштарды үйрөнүүдө илимий принциптерди сактоо зарыл. Илимий принциптер:  Тарыхыйлык(историзм) принциби  Объективдүүлүк принциби  Социалдык жактан талдоо принциби  Альтернативдүүлүк принциби Кыргызстан тарыхынын функциялары: 1.Илимий-таанып билүүчүлүк Тарыхый окуяларды, кубулуштарды окуп-үйрөнүү жана түшүнүү. 2.Тарбиялык Өткөндөн сабак алуу, социалдык тарбиялоодо чоң мааниге ээ. 3.Социалдык эс-тутум Тарых өткөн мезгил менен азыркыны байланыштырат, Тарыхый билимсиз учурдагы өнүгүү болбойт. Мисалы, эгемендүүлүктөн кийин жаңы конституция жазылды. Демократиялык жол менен өнүккөн мамлекеттер - АКШ, Франциянын конституцияларынын негиздери пайдаланылды. 4.Прогноздоочулук Тарых илими өзүнүн функцияларын жүзөгө ашырып жатып төмөнкү методдорду иштеп чыккан: 1. Тарыхый-генетикалык 2. Тарыхый-салыштырма 3. Тарыхый-системалык 4. Математикалык 5. Информациялык технологиялар. Бул методдор тарыхый кубулуштардын, процесстердин маңызын аныктап, алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн берүүгө, типтерге бөлүүгө шарт түзөт. Азыркы учурда коомдун өнүгүүсүн прогноздоону социология жана политология жүргүзүүдө, бирок окуялардын, процесстердин тарыхый шарттарын билбей туруп, тарыхый аналогияларды, параллелдерди жүргүзбөй туруп, кырдаалдардын өнүгүүсүн прогноздоого болбойт.

Кыргызстандагы таш доору

  • Таш доорунун хронологиясы: • Палеолит – 2,5 млн. – б.з.ч. 10 миң жылдыктар. • Мезолит – 10 миң – 5 миң жылдыктар. • Неолит – 5-3 миң жылдыктар. Таш доору алгачкы жамааттык түзүлүш доорунун көп мезгилин камтыйт. Бул доор маданияттын өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө ылайык байыркы таш доору (палеолит), ортоңку таш доору-мезолит, жаңы таш доору- неолит болуп бөлүнөт. Таш доору мындан 2,5 млн. жылдай мурда башталып, металл пайда болгонго (б.з.ч.3 мин жылдык) чейин созулган. Кыргызстандын аймагындагы Он-Арча жана Кожо-Бакырган-Сай, Саламат-Булак палеолит “устаканалары” таш доорунун (эрте палеолиттин 2,5 млн.- б.з.ч. 140 мин жылдыктар) эң байыркы эстеликтерине кирет. Болжол менен миллион жыл мурун Кыргызстандын аймагында адамдардын үйүрлөрү пайда болгон. Алар таш куралдарын пайдаланган. Ортоңку палеолитке (б.з.ч. 140-40 мин жылдыктар) тиешелүү эстеликтер ЫсыкКөлдөгү Тосор өзөнүнүн боюнан, Чүйдөгү Георгиевка дөңсөөсүнөн, Оштогу СасыкҮңкүрдөн, Алайдагы Даңгирек-Дере капчыгайынан жана Өзбекстандагы Тешик-Таш үңкүрүнөн табылган. Соңку палеолиттеги (40 -10 мин жылдыктар) эстеликтер Ош аймагындагы СелҮңкүрдөн, Исфанадагы Кожо-Гор булагынан жана Ысык-Көлдүн бийик тоолуу СарыЖаз өрөөнүнөн Ак-Чуңкүр үңкүрүнөн табылган. Ак-Чункур үңкүрүндө мындан 10 миң жыл мурда тартылган жаныбарлардын, адамдардын аң уулоо учуру чагылдырылган сүрөттөр сакталып калган. Мезолитте (10 миң – 5 миң жылдыктар) адамдар алыска атыла турган жаа менен жебени ойлоп табышкан. Ит колго үйрөтүлгөн, балык кармоочу тор, кайык да ушул мезгилде пайдп болуп, натыйжада аң уулоо, балыкчылык өнүккөн. Жаңы таш доору (неолит) б.з.ч. 5-3- миң жылдыктарды камтыйт. Неолитке тиешелүү эстеликтер Нарын шаарына жакын Теке-Секирик үңкүрүнөн, Чүйдөгү Аламүдүн суусунун боюнан, Чолпон-Ата шаарынын жанынан табылган. Бул учурда адамзат табигатты өздөштүрүүдө чоң секирик жасаган. Дыйканчылык менен мал чарбачылыгы өздөштүрүлгөн. Табигый-климаттык шарттарга байланыштуу Кыргызстандын аймагында чарбачылыктын 3 негизги тиби: 1. Дыйканчылык (өрөөндөрдө, негизинен Кыргызстандын түштүгүндө тараган); 2. Мал чарбачылыгы (тоолуу аймактарда тараган); 3. Аңчылык жана жыйноочулук (тоолуу аймактарда тараган). Б.з.ч. 2 миң жылдыкта көчмөн мал чарбачылыгы пайда болгон, бирок Кыргызстандын шартында ал классикалык мүнөзгө ээ болгон эмес. Мал чарбачылыгы пайдалуу чарба болгон менен стабилдүү кошумча азык менен камсыздай алган эмес.Ошон үчүн бул жерде комплекстүү чарба жүргүзүлгөн: мал чарбачылыгы, кошумча чарба катары дыйканчылык, аңчылык жана кол өнөрчүлүк. Көчмөндөр стабилдүү жашоо каражаттарына ээ болбогондуктан аларга дайыма согушка даяр туруу мүнөздүү болгон. Дыйканчылык кылган урууларга бат-баттан кол салып, алардын мүлкүн тартып алып турушкан. Көчмөндөрдүн аскерлеринин капысынан кол салуулары жана ыкчамдыгы алардын көптөгөн жеңиштерге жетишүүсүнө мүмкүндүк берген. Көчмөндөр дыйканчылык кылган урууларды каратып алуу менен өздөрү да отурукташкан. Малчылык жана дыйканчылык чарбачылыгын жүргүзгөн уруулардын ортосунда туруктуу экономикалык алакалар болгон, анткени алар бири-бири менен азыктарды алмашып турууга муктаж болушкан. Неолит жана коло доорлорунун ортосунда энеолит жез-таш кылымы – б.з.ч.4-3 миң жылдыктарды камтыйт. я

Кыргызстандагы таш доору XIX кылымга чейин окумуштуулар таш доору коло доору менен түздөн-түз алмаштырылган деп эсептеп келишкен. Жез-таш кылымы археологдор тарабынан эмес химиктер тарабынан ачылган. Кыргызстанда энеолитке тиешелүү эстеликтер азырынча табыла элек. Бул доор Саймалуу - Таштарга чегилген эн байыркы сүрөттөр - петроглифтер менен гана белгилүү. Саймалуу-Таш аска бетиндеги искусствонун эң маанилүү жана белгилүү эстелиги. Ал Фергана кырка тоосунун Көгарт ашуусуна жакын жерде, деңиз деңгээлинен 3000 м. бийиктикте жайгашкан. Мында жүз миңдеген таштардын бетине ар кандай сүрөттөр чегилген. Саймалуу-таш Теңир-Тоо менен Ферганада жашаган калктын энеолит менен коло доорунан тартып орто кылымдарга чейинки жашоо-тиричилиги жөнүндө эбегейсиз көп маалыматтарды камтыган чоң бир сыйынт жайы жана баалуу маалыматтарды бере турган булак.

Кыргызстандагы таш доору

  • XIX кылымга чейин окумуштуулар таш доору коло доору менен түздөн-түз алмаштырылган деп эсептеп келишкен. Жез-таш кылымы археологдор тарабынан эмес химиктер тарабынан ачылган. Кыргызстанда энеолитке тиешелүү эстеликтер азырынча табыла элек. Бул доор Саймалуу - Таштарга чегилген эн байыркы сүрөттөр - петроглифтер менен гана белгилүү. Саймалуу-Таш аска бетиндеги искусствонун эң маанилүү жана белгилүү эстелиги. Ал Фергана кырка тоосунун Көгарт ашуусуна жакын жерде, деңиз деңгээлинен 3000 м. бийиктикте жайгашкан. Мында жүз миңдеген таштардын бетине ар кандай сүрөттөр чегилген. Саймалуу-таш Теңир-Тоо менен Ферганада жашаган калктын энеолит менен коло доорунан тартып орто кылымдарга чейинки жашоо-тиричилиги жөнүндө эбегейсиз көп маалыматтарды камтыган чоң бир сыйынт жайы жана баалуу маалыматтарды бере турган булак.

. Коло доорундагы андрон жана чуст маданияттары. Ош тургун жайы

  • Коло доорундагы андрон жана чуст маданияттары. Ош тургун жайы. Коло доорунун хронологиясы. Коло доору б.з.ч. 3-1 мин жылдыктарды камтыйт.Жүздөгөн миң жылдыктарга созулган таш доорунан кийин адамзаттын тарыхында колодон жасалган эмгек куралдары, тиричилик буюмдары колдонулган мезгил, коло доору башталган (б.з.ч. 3-1 миң жылдыктын башы ченде). Алгачкы коомдук түзүлүш мезгилинде Борбордук Азиянын түштүк-батышында отурукташып дыйканчылык менен кесип кылган уруулар коло иштетүү жагынан жогорку деңгээлге жетишкен. Чүй өрөөнүнүн Сокулук, Садовое кыштактары, Кочкордун Шамшы коктусунан табылган коло куралдарынын кенчи Кыргызстандын аймагында б.з.ч.12-8 кк. Коло доорунун өзгчө өнүккөндүгүн айгинелейт. Болжол менен 5 миң жылдыкта Орто Азияда жез куралдарын жасоо, колдонуу башталган. Бирок жезден жасалган куралдар тез мокогон. Качан гана адамдар жез менен калайдын кошулмасынан колону алууну үйрөнүшкөндө адамзат коомунда ири прогрессивдүү өзгөрүүлөр башталган. Коло доорунда Кыргызстандын аймагында эки маданият өнүккөн. Талаа тилкесиндеги коло доорунда мал чарбасы менен дыйканчылыкты кесип кылган уруулар (Андрон маданияты). Кыргызстандын түндүгүндө талаа тилкесиндеги коло доору тибиндеги маданият таралган. Аны шарттуу түрдө андрон маданияты деп аташат. Андрон маданиятынын уруулары Сибирдин, Урал боюнун, Казакстандын талаа мейкиндиктерин жана Орто Азиянын түндүк бөлүгүн камтыган эбегейсиз зор территорияны ээлеп турушкан. Кыргызстандын аймагында коло доорундагы бул уруулардын турмушун мүнөздөгөн эстеликтер Теңир-Тоодо, ПамирАлайда, Ысык-Көлдө, Чүйдө, Кетмен-Төбөдө табылган. Булар негизинен мал чарбачылыгы менен жан багып, ал эми дыйканчылык менен аңчылык көмөкчү чарба болгон уруулар эле. Андрончулар мал жайып, дыйканчылык кылганга ылайыктуу суу боюндагы шалбаалуу жайыктарга отурукташкан. Алардын чарбасында өзгөчө орунда жылкычылык турган. Асыл тукум жылкыларды өстүрүшкөн. Андан башка кой-эчки, эки өркөчтүү бактриан төөлөрүн кармашкан. Өнүккөн коло доорунда андрончулар стационардуу чоң турак-жайларда жашаган. Малды жайып багуу малдын башын көбөйтүүгө мүмкүндүк берген эмес. Анткени жайыттар тапталып, улам жаңы жайыттар талап кылынган. Ошондуктан андрончулар мурунку конушунан ондогон километр аралыктагы башка жаңы жайыттарга көчүүгө аргасыз болушкан. Бул кырдаалдан чыгуунун жолун издөө жарым көчмөн мал чарбасына өтүүгө алып келген. Кышка малга жем-чөп камдоонун жетишсиздиги да малдын башын көбөйтүүгө тоскоол болгон. Коло доорунда Евразиянын талаа урууларынын ичинен андрончулар алгачкылардан болуп көчүүнүн вертикалдык түрүн өздөштүрүшкөн. Андрончулардын көчмөн чарбага өтүүсүнүн себептерин жана шарттарын кээ бир окумуштуулар ири мүйүздүү малдын башынын кыскарышы,

Коло доорундагы андрон жана чуст маданияттары. Ош тургун жайы

  • жылкынын башынын көбөйүшү жана көчүүдө колдонулган эки өркөчтүү төөнү өз чарбасында багуу менен байланыштырышат. Көчмөнчүлүккө өтүүгө экологиялык кризис (климаттык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында жер дыйканчылыкка ылайыксыз болуп калган) да себеп болгон дешет, кээ бир изилдөөчүлөр. Расалык тиби боюнча андрончулар европеид болушкан, азыркы памирликтерге түспөлдөшүп кеткен. Тили боюнча индоевропалык тилдер уясынын индоиран группасына кирет. Чуст маданиятынын уруулары. Кыргызстандын түштүгүнүн түздүктөрү менен тоо этектерин байыркы дыйканчылык менен кесип кылган чуст уруулары байырлашкан. Алар Фергананын түндүгүндө, чыгышында, түштүк-чыгышында топ-топ болуп, дарыя дельталарында жайгашкан. Чуст маданиятына таандык уруулар отурукташкан тургун жайлар Оштун, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда ачылды. Өзгөн шаарынын айланасында 13 чуст урууларынын конуштары табылган. Алар жалпысынан бир дыйканчылык оазисин түзүп турат. Тургун жайлар Яссы, Кара-Дарьянын жээктеринде жайгашкан. Үйлөр төрт бурчтуу формадагы жер төлө, жарым жер төлөлөрдөн турган. Жер төлөлөрдүн ар биринде дан сактоочу ороолор болгон. Ороолорго данды салып сакташкан. Данды иштеткенден кийин чункурлар толтурулуп, , үстүнөн ылай менен шыбашкан. Өзүнүн чарбалык тиби боюнча чуст уруулары отурукташкан дыйканчылык менен кесип кылган уруулар тибине киришет. Негизги чарба дан өсүмдүктөрүн (таруу, арпа, буудай) жана буурчак, мөмө-жемиштин кээ бир түрлөрүн өстүрүү болуп эсептелген. Чуст уруулары жерди сугарууну билишкен. Кол өнөрчүлүгү да өнүккөн. Дыйканчылык общиналарында жерге коллективдүү менчик менен катар жеке чарба жүргүзүү түрү айкалышкан. Дыйканчылык общиналары экономикалык жактан өз алдынча болгон жана урууга бириккен. Алгачкы жамааттык түзүлүштүн бузулуу мезгилинде коомдун негизги ячейкасын патриархалдык үй-бүлө түзгөн. Аны менен катар өз алдынча чарбалык бирдик катары кичи үй-бүлө да болгон. Ферганада коом уруктук түзүлүштөн примитивдүү мамлекетке өтүү алдында турган. Коомдо төбөлдөрдүн жана общинниктердин социалдык-экономикалык жиктелүүсү ачык байкалат. Чуст маданиятындагы уруулар европеид түспөлүндө болушуп, индоевропалык тилдер уясынын чыгыш иран тобунда сүйлөшкөн. Ош тургун жайы. Кыргызстандын түштүгүндөгү

Коло доорундагы андрон жана чуст маданияттары. Ош тургун жайы

  • дыйканчылык кылган калктардын эң байыркы жана өзүнчө айырмалуу эстеликтеринин бири - коло доорундагы Ош кыштагы болуп саналат. Ал күтүүсүз жерден 1976-ж. ачылды. Ошол эле 1976-ж. жайында СССР Илимдер академиясынын Археология институтунун Ленинграддагы бөлүмүнүн Фергана экспедициясы (жетекчиси Заднепровский Ю.А.) Сулайман тоосун изилдей баштайт. Алынган маалыматтар Ош шаарынын ортосунда жайгашкан. Сулайман тоосунун чыгыш капталында чуст мезгилиндеги кыштактын сакталып калгандыгын көрсөттү. Ал узундугу 200 м кем эмес аянтты ээлеп жаткан. Yч жылдын ичинде (1978- 1980-жж.) бул жерде ошол тургун жайдын жалпы көрүнүшүн, үйлөрдүн түзүлүшүн, чопо идиштердин тобун, таштан жасалган буюм-тайымды ж. б. элестетүүгө мүмкүндүк бере турган кеңири изилдөөлөр жүргүзүлдү. Байыркы тургун жай тоонун түштүк тарабындагы тик капталда тектир-тектир болуп жайгашкан. Археологдор эң жогоркусун, тоо башындагы аскалардын түбүнөн башталган тектирди изилдешти. Ошол кезде элдердин үйлөрү Сулайман тоосунун борборундагы бийик асканы тегерете жайгашкандыгы жөнүндө божомолдоого болот. Дээрлик бүткүл тектирлерде кылымдардан бери тапталып калган жердин бетинен көптөгөн тегерек ороолор (чуңкурлар) даана көрүнүп турат. Бардыгы болуп 70тен ашуун ар кыл диаметрдеги жана тереңдиктеги ороолор тазаланды. Алардын баары тең дан ж. б. азык-түлүктөрдү сактоо үчүн арналган.
  • Эки ороонун ичинен археологдор бир килограммга жакын бир кыйла жакшы сакталган көмүр жыйнашып, радиоуглероддук анализге жөнөтүшкөн. Ленинграддагы атайын лабораторияда ошол үлгүлөр аркылуу көмүрлөрдүн күйгөн убактысын далилдешкен жана ошону менен бирге эле Ош кыштагынын жашаган мезгилин, жашын аныкташкан. Ошентип, Ош кыштагын Чуст маданиятына таандык эң бай маданият катары эсептөөгө болот. Муну ошол ороолордон табылган көмүрлөрдү радиоуглеводдук анализдөөнүн натыйжалары бекемдеди. Азыркы Ош аймагындагы биринчи отурукташып, жер айдаган калктуу кыштак мындан 3 миң жыл мурда пайда болгондугу айкын. Орто Азиянын башка жерлеринен мындай байыркы эл отурукташкан эстеликтер азырынча табыла элек. Ош шаарына 3000 жыл болгон деп ишенимдүү айтсак болот..


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!