СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Йцукенгшщзхфывапролджэячсмитьбю

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Йцукенгшщзхфывапролджэячсмитьбю»



1 Аяна Кана, балдар айткыла

Эрежени билбесек, эркин ойноп көп жүрсөк,

Эки жакты карабай ,чуркап өтүп жолдордон.

Эрежени бузсак биз, эмне болот айткыла!

Хор: Кырсык болот

2 Адилет Болбос үчүн кырсыктар,айталы жол эреже,

Эсиӊерге туткула, билбегендер билишсин.



3 Сезим Жол үстүндө үч кабат, илинген нурду байкагын.

Жол чырак деп коет, эсиӊе ал өчүп жанарын.

Көнүлүнө илгиниӊ, көчө тартып дилгирим,

Шашкандардын шаарында не болорун билгиниӊ.

4 Ырыскелди Жанаша турган көзу бар,жакшылап айткан сөзү бар,

Кызыл, жашыл, сары да так көргөзгөн жолу бар.



(Светафордун кызыл жарыгын көрсөтүп)

5 Гаухар Көрдүӊбү жанды кызылы, көбүнө арбын кызыгы.

Кишилер өтпөй турсун деп, чийилген жолго сызыгы.



(Светафордун сары жарыгын көрсөтүп)

6 Сезим Кызылы өчпөй баспагын, шааниси башка карагын.

Сарысы күйүп турганда , саныӊды чаап шашпагын.



(Светафордун жашыл жарыгын көрсөтүп)

7 Аяна Жашыл күйүп калганда, жарашпайт карап калганга,

Жорголой тартып өтүп кет, жол берип сага турганда.



8 Эркинай Камырабай Укпасбек, топ ойноп жаткан жол жээгинде,

Ай-ай эмне болот эми , чоӊ жолго ыргып кетти, мына-мына машина келе жатат тигинде

(Укпасбек топтун артынан жүгүрөт) (Машина коюп кетет)

9 Адилет Ай-ай бутум, ай-ай



10 Бекболсун Айдоочу Ай чунак бала, эмне болду сага?

Чоӊ жолдо коркпой ойногонун кара. Тирүүсүӊбү айланайын ай?

(Укпасбек ыйлайт)

Айдоочу Бутуӊ сынып калган тура, жүр алып барайын ооруканага.



Хор Кырсык каш кабактын ортосунда



11 Сезим Топ ойнобо чоӊ жолго, машиналар өтпөс деп,

Кокустук деген балекет, Укпасбекти көрдүӊөр

Эмне болгонун өзүӊөр



12 Жанара Милиционер Мына менин колумдагы ала-була таягым да,

Жол кыймылын башкарат сыйкырдуудай карачы.

13 Аяна Жолдо турган милиционер , жол эрежесин сактаган,

Азыр айтат силерге жол эреже сабагын.



14 Жанара Милиционер Эгер мен далым салып, же турганда бетме-бет,

Анда досум ойлонбостон , жол чырактын кызыл өӊүн элестет.

Колум сунуп турсам тосуп,анда дагы күтө тур,

Ала-була таягымды тик жогору көтөргөндө,

Сары жарык күйдү де, даярданып тургун анда,

Жолдон өтүп кетүүгө ,

Капталымды салып сага, турсам колду түшүрүп,

Же өт ! деп көрсөтүп, таягым менен белгилеп,

Анда досум өтө бергин жашыл жарык күйдү деп.

Жолдон ары өтөрүӊдө алаксыбай үлгүргүлө,

Жөө жүрүунүн эрежесин беш колуӊдай билгиле!



15 Аяна Жол эрежеси ушундай, айткандарды туткула,

Жол эрежесин так окуп, жол кырсыкка кабылба.



16 Сезим Жол эрежесин так билсек, кырсык болбойт эч качан,

Өмүрүӊө коркунуч алып келбейт эч качан.



Хор Жол эрежесин сактайлы, ден соолукту барктайлы


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!