Кыргызстан көп улуттун өкүлдөрү жашаган өлкө. Мындан мурдараак жасалган иликтөөлөргө караганда алардын саны болгону бешөө болгон. Ал эми өткөн жылдагы эл каттоонун жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда жашаган немис, украин жана жөөттөрдүн саны кескин кыскарып кеткен.
Кыргызстан качантан бери көп улуттуу өлкө болгон?
Айрым тарыхчылардын маалыматына таянсак Кыргызстанга башка улуттардын көбүрөөк келе башташы 18-кылымга туура келет. Алар диний миссионерлер катары, ислам динин таратуу максатын көздөшкөн. Татарлар менен бирге ошол эле убакта башкырлар келе баштаган. Тарых илимдеринин кандидаты Алымбек Кушубековдун айтымында, Кыргызстандын аймагына алгачкылардан болуп татарлар келген.
- Орусиянын курамына кошулган 19-кылымдын орто ченинен баштап Кыргызстанга орус менен украиндер келе баштайт. 1762-жылы Екатерина II башка жактарга отурукташуу жарлыгына кол койгондон кийин биз жакка да немистер келе баштайт. Кытайдагы боштондук кыймылы болгон мезгилде дунган менен уйгурлар келишет. Булардан сырткары Кыргызстанда аз сандагы улуттар да бар. Мисалы, удиндер, училер, кемчулдер, сахурлар, дагестандык челкандар деген улут бар. Алардан сырткары чамалинстер, чувандыктар болгону 15 киши, чукчалардын 5 киши, эстондуктардан 238 киши бар. Ал эми кемчулдерди тактап айтканда көбүнчө Баткенде жашашат.Кыргызстанда эң аз улут - чукчалар
Ош шаарынын жашоочулары
Кыргызстанда негизинен туруктуу жашаган 120дан ашуун улуттун өкүлдөрү бар. Бул сан 1999-жылдагы калкты каттоодо 160ка жеткен. Өлкөдө түптүү улут катары саны боюнча басымдуулдук кылгандар кыргыздар (3 млн. 800 миңден ашуун), андан кийин өзбектер (770 миң) турат. Орустар 419 миңдин айланасында, дунгандар 58 миңден ашуун. Эң аз сандагы улут делип чукчалар эсептелет. Соңку иликтөөгө караганда алардын саны бешөө болгон.
1952-жылдан тартып айрым улуттардын өздөрүнүн тарыхый мекенине кайткан учурлар көп кездешкен. Мисалы, ошол эле украиндер, орустардын айрымдары, немистер жана дээрлик Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү көчүп кетүүсү башталган. Социологдордун иликтөөсүнө караганда, Кыргызстандын бардык эле аймагы (Нарындан башка) көп улуттуу деп эсептелет.
Кыргызстандагы улуттук азчылыктар боюнча мындан эки-үч жыл мурда иликтөөнү Улуттук илимдер академиясынын социологиялык иликтөө борбору ЕККУнун улуттук азчылык боюнча комиссарлыгы менен бирге жүргүзгөн. Аталган борбордун жетекчиси Нурбек Өмүралиевдин айтымында, иликтөөгө ылайык, Кыргызстанда жашаган немис, украиндердин саны кескин кыскарып кеткен:
- 119 миң немистерден азыр болгону 7-8 миңдей эле калды. Орустар кете баштады. Европа улуту абдан азаюуда, жөөттөр азайып баратат. Негизинен бул багытта үч тенденция бар. Орус тилдүү жана башка динди тутунган калктардын чыгып кетиши, башкача айтканда азайышы. Экинчиси, тескерисинче, көбөйүп жаткандар. Булар титилдук улут катары кыргыздардан сырткары казактар, дунгандар, өзбектер жана уйгурлар. Үчүнчүсү - көп өзгөрбөй турган калктар – бул армян, азербайжан, чечендер. Булардын санында көп деле айырма байкалбайт.Улуттар - дипломатиянын биринчи көпүрөсү
Кыргызстанда өзбектер саны боюнча экинчи орунда турат
Ошентип Кыргызстан көп улуттун өкүлдөрү жашаган өлкөгө айланып, 1994-жылы 22-январда Кыргызстан калкынын биринчи курултайында ассамблея түзүлгөн. Анда биринчилерден болуп орус, өзбек, жөөттөр, казактар, славян фонду, уйгур жана азербайжан болуп жети диаспора катталган. Ушул тапта 28 диаспора бар. Жогоруда аталгандардан сырткары ушул тапта цыгандардын, тажик, татар, түркмөн, түрк, чечен, немис, корей, грузин жана башка улуттардын диаспоралары ишин алып барууда. Эң кичик жана жаш диаспора делип болгарлардыкы эсептелет.