Просмотр содержимого документа
«К.Р.нын желегинин чечмелениши»
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу
Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.
Д\йнъдъ къптъгън ар т\рд\\ ълкълър бар.Ар бир ълкън\н ъз\нъ тиешел\\ ъзгъчъ белгилери болот.Алар мамлекеттик символикасында чагылдырылган.Булардын бири туу.
Туу
Туу — асаба, байрак, желек; мамлекеттик аскер бөлүгүнүн жана башкалар символу. "Манас" эпосунда ар бир аскер бөлүгү, башкача айтканда ондук, жүздүк, миңдиктердин өз өзүнчө желеги болуп, бардыгы бир Т-га бириккен. Ал ар кандай кездемеден жасалып, каскакка (жумуру ичке узун жыгачка) бекитилет. Байыркы Чыгыш, Индия, Кытай жана башкалар өлкөлөрдөн келип чыккан. Кыргыздарда Т. жөнүндө түшүнүк байыртадан эле белгилүү болгон. Т. бийик жерге илинип, аскерлерди чогултуу белгисин билдирген. Орто кылымда аттын куйругун узун шыргыйдын же найзанын учуна бекитип жасаган Т-лар да колдонулган. Т. кыргыздарда да ар кандай шартта түрдүүчө колдонулган. Жоого аттанганда Т. алып жүргөнгө эр жүрөк, ишеничтүү жоокер дайындалган. Салгылашуу учурунда кошунга дем, кубат берүү максаты менен ал Т-ну көрүнө дөңсөө жерге кармап турган: "Ушул турган Кутубий туу түбүндө турарың" (Саякбай Каралаев, 1. 106), "Туу түбүндө көп колдун" (Саякбай Каралаев, 1. 136). Т-нун душмандын колуна түшкөнү, туунун жыгылганы жеңилгенге тете болгон. Ошондуктан, Т. ар дайым ыйык сакталган: "Туу түбүндө турушуп, Туубуз качпай турат деп Кубат кылып урушуп" (Сагымбай Орозбаков, 2. 140), "Туу жыгылды, кан өлдү, Тутушкандын баарысы Туш-тушка качып жөнөдү" (Сагымбай Орозбаков, 2. 89). Тынчтык мезгилинде көп эл чогулган жыйын, той-тамашаларда ар бир уруу, эл өз тууларынын айланасында топтолушкан. "Манас" эпосунда ар бир элдин, этностун өз туусу болгону айтылат, ал муундан муунга өтүп келген.
Кыргыз республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Анын ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган күнгө окшош тегерек жайгаштырылган. Күндөй тегеректин ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген. Желектин туурасы анын узундугунун бештен үч бөлүгүн түзөт. Жаркыраган тегеректин диаметри желектин туурасынын бештен үч бөлүгүн түзөт. Күн жана нур чачыраган дискалардын диаметрлеринин салыштырмалуулуугу бештен үч бөлүгүнө барабар. Түндүктүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.
Желектин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт.Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү болгон. Ар бир өлкөнүн өз доорунун желеги болот. Биздин желегибиз абдан кооз. Желектеги белгилер элибиздин улуттук руханий дүйнө таанымынан жана басып өткөн тарыхый жолунан жаралып келип чыккан символдор. Бул символдордун мамлекеттик желекте айкалышта чагылып турушу - дөөлөттүн көөнөрбөстүгүн, ыйыктыгын, элибиздин өткөндү унутпай, келечекке ишенимдүү кадам койгондугун айгинелеп турат.
Авторлору: Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.
1992-жылы 3- мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.