Просмотр содержимого документа
«Качма топ манас»
КАЧМА ТОП
Качма топ – топ менен ойнолуучу балдар оюну. Кенен аянтта топ чабуу сызыгы, топ чапкан киши чуркап барып келгидей (30-35 м) чек белги жана мара белгиленет. Балдар эки топко бөлүнүп, таяк кармашат. Кайсы топтун өкүлү чыкса, топ чабуу укугуна ээ болот. Топ тоскон тараптагылардын бирөө тигилерге топ салып берет. Топту көкөлөтүп алыс чабуу керек. Ошол учурда топ чапкан жактагылар топтун алыс чабылганынан пайдаланып, белги чекке чуркап барып, кайра келгенде дагы топ чабууга укуктуу. Белги чекке жетпей, орто жолдон кайра келсе, анын топ чабууга акысы жок. Чабылган топту жерге түшүрбөй тосуп же качып бараткан баланы топ м-н урганда топ тийсе, анда эки тарап орун алмашат. Топ чаап жаткан оюнчу сызыктан өтүп кетсе, топ берип жатканы топ менен уруп коюшу да мүмкүн. Эгерде топ чаап жаткан оюнчу топту чаба албай калса, топ чабуу укугунан ажырайт. Өнөктөштөрдүн баары топту бирден чаап бүтүп, эң акырында калганы топту үч жолу удаа чапканга чейин белгиленген чекке барып кайткан бала жок болсо, ал тарап утулган болот да, экинчи тарап топ чабууга укук алат. Ушинтип оюн улана берет.
Кабыл МАКЕШОВ
“Кыргызстан: дене тарбия жана спорт энциклопедиясынан”
Начало формы
Конец формы
КИШТЕ
Киште – эки киши ойноочу байыркы оюндардан. Шахматтан айрым жүрүштөрү м-н гана айырмаланат. Киштеде король – кан, ферз – баатыр, ладья – уруу аксакалы, слон – төө, конь – ат, пешка – пияла же жоокер деп аталат. Киште деген сөздүн мааниси шахматтагы шах деп королго коркунуч туудурган маанини билдирет. Киштеде шахматтагыдай кан рокировкаланбайт. Канга аттан бөлөк ар кандай фигура мат бере алат. Жоокер оюнду биринчи баштаганда гана алдындагы жүрүш жолунун бирин аттап, кийинки экинчи жолго көчө алат. Калган убакта жүрүш сайын жоокер бир жолго гана жүрүүгө укуктуу. Канга коркунуч туулса (киште жарыяланса), оюндун бир партиясында эки оюнчу тең бир жолу гана канды атча жүрө алат. Эгер жүрүүгө жол жок болсо жеңилет. Калган жүрүштөрү шахматтан айырмаланбайт. Оюнга шахмат тактасы жарактуу.
Кабыл МАКЕШОВ
“Кыргызстан: дене тарбия жана спорт энциклопедиясынан”
Начало формы
И
Конец формы
ОРОМПОЙ
Оромпой – сыңар аяктап секирип ойнолчу балдар оюну. Үч түрү бар: 1) балдар эки тарапка бөлүнүп, тегерек тартып турушат да, сызыктын сыртындагы атаандаштарын бүгүлгөн буту менен тебүүгө аракеттенет. Экинчи тарап каршысындагыларга тептирбей, чийиндин ичине кирүүгө тийиш, ошондо алар утат. 2) Эки бала корозчо сороктоп ийиндери менен жөөлөшөт. Кимиси жыгылса же эки буттап басса, ошонусу жеңилет. Бул короз оромпой деп аталат. 3) Бир нече бала бир бутун көтөрүп, секирип чуркап жарышат. Ким мурда чекке жетсе, ошол жеңет. Бул оромпой жарыш деп аталат.
Кабыл МАКЕШОВ
“Кыргызстан: дене тарбия жана спорт энциклопедиясынан”
ШАБИЕТ
Шабиет – өспүрүмдөр оюну. Ойноочулар эки жаатка бөлүнөт. Боз үй ордундай тегерек чийилет. Чийиндин ичиндегилерди чийиндин сыртындагылар чаап, өздөрүн чийиндин ичинен тептирбөөгө аракеттенишет. Эгер тептирип койсо ойноочулар орун алмашат.
Кабыл МАКЕШОВ
“Кыргызстан: дене тарбия жана спорт энциклопедиясынан”
ЖОЛДОШ СУРАМАЙ
Жолдош сурамай – жаштар оюну. Бир кыз, бир уландан уй мүйүз тартып отурушат. Оюн башчы «кимге жолдош керек?» - дейт. Алар «мага» дешип кол көтөрөт. Оюн башчы отургандардын бирөөнө «сага ким керек?» дегенде, ал каалаганынын атын атайт. Аты аталгандын жубу ага өз шартын коёт. Жолдош сураган кыз же жигит шартты аткарса, каалаганын жанына отургузуп алат. Суралган оюнчунун жубу жанындагысын бергиси келбесе, жолдош сураган ага шартын коёт. Эгер шартты аткарса жолдошун алып калат.
Кабыл МАКЕШОВ
“Кыргызстан: дене тарбия жана спорт энциклопедиясынан”