СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кадимки амебанын түзүлүшү

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кадимки амебанын түзүлүшү боюнча окуучуларга кеңири маалымат берүү

Просмотр содержимого документа
«Кадимки амебанын түзүлүшү»

Предмет: Биология Мөөнөтү:

Классы: 7-класс ОББ: ___________________


Сабактын темасы: Кадимки амебанын түзүлүшү жана жашоо тиричилигинин өзгөчөлүктөрү.

Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү

Сабактагы колдонуучу усулдар: интеррактивдүү усулдар,өзүңдү тарт оюну

Иштөө ыкмалары: Топто иштөө, жуптарда иштөө

Сабактын жабдылышы: плакаттар, буклет,видеофильм,түстүү сүрөттөр,карточкалар,баалоочу сүрөттөр


Сабактын максаты


Күтүлүүчү натыйжа

Билим берүүчүлүк

Амебанын түзүлүшү жана жашоо тиричилиги тууралуу маалыматтарга ээ болушат


Эң жөнөкөй жаныбарлардын класстарга бөлүнүшү,жаратылыштагы мааниси,адамдарга тийгизген пайдалуу жана зыяндуу жактарын аныкташып билишет

Өнүктүрүүчүлүк


Амебанын тиричилиги боюнча алган түшүнүктөрүн өнүктүрүшөт

Тарбия берүүчүлүк

Жаратылышты коргоого,туура мамиле кылууга тарбияланышат


Негизги компетенттүүлүк

Предметтик компетенттүүлүк


1. Маалыматтык (НК1)


1. Жандуу обьектилерди таануу жана баяндоо. (ПК1)


2. Социалдык-коммуникативдик (НК2)


2. Биологиялык процесстер жана кубулуштарды илимий жактан түшүндүрүү. (ПК2)

3. Өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү (НК3)


3. Жаратылыштагы ар түрдүү кѳрүнүштѳрдү, ѳзгѳрүүлѳрдү илимий далилдерди пайдалануу менен чечмелѳѳ. (ПК3)

Мазмундук тилке.

  1. Организм – биологиялык система катары.

  1. Организмден жогорку системалар.

  1. Органикалык дүйнөнүн көп түрдүүлүгү жана эволюциясы.

  1. Адам жана айлана-чөйрө


Сабактын жүрүшү:


Сабактын этабы

Убакыт


Мугалимдин ишмердүүлүгү


Окуучунун

ишмердүүлүгү


Компетент

түүлүк


Баа

лоо

НК

ПК


Уюштуруу

2 мүн.

  • Саламдашуу,

Окуучуларды тактоо;



  • Жагымдуу маанай : өзүңдү тарт,өзүңдү тап оюну




  • Топторго бөлүү: окуучуларды флиппити платформасында топторго бөлүп алуу.

1-топ. Протозоологдор тобу (жөнөкөйлүүлөр)биологиянын жөнөкөй түзүлүштөгү жаныбарларды изилдөөчү тармагы.

2-топ.. Гельминтологдор тобу(ички мите курттарды изилдөөчү илим)

3-топ.Энтомологдор(курт кумурскаларды изилдөөчү илим)

4-топ.Зоологдор тобу(жаныбарларды изилдөөчү илим)

  • Шыктандыруу: “Мен

Азаматмын,мен мыктымын” деген сөздү экранга чыгаруу.

-“Азаматсыңар” балдар, анда эмесе бүгүнкү сабакка баарыбыз ушул девиз менен катышабыз.

  • Баалоо критерийлери менен тааныштыруу

Топту баалоо – чоң көпөлөктөр менен бааланат;

Жеке баалоо – ар бир туура жоопко кичинекей көпөлөктөр берилет.


  • Сабакка

келбеген окуучуларды айтышат.

  • Окуучулар

Баштарына ак барак коюп баштын формасын тартканга аракет кылышат


Топторго бөлүнүшүп топтун аталышын чечмелешет







  • Окуучулар

жалпы “Мен азаматмын” деп айтышат.

  • Баалоонун

түрлөрү менен таанышышат.





Жаңы теманы түшүндүрүү

5 мүн.

  • Жаңы теманы ачууга өбөлгө

түзүү: Өтүлгөн темалар боюнча экранга Леарнинг аппс платформасы аркылуу пазлдарга сүрөттөр чыгат,аларды топторго суроолорду берүү менен ачтыруу.

Пазлдын артында жаңы темага байланыштуу сүрөт ачылат

Азаматсыңар!

  • Жаңы тема:

Кадимки амебанын түзүлүшү жана жашоо-тиричилигинин өзгөчөлүктөрү.


  • Сабактын максаты менен тааныштыруу:

1) Амебанын түзүлүшү жана жашоо тиричилиги тууралуу маалыматтарга ээ болушат


2) Амебанын тиричилиги боюнча алган түшүнүктөрүн өнүктүрүшөт


3) Жаратылышты коргоого,туура мамиле кылууга тарбияланышат.


Жаңы теманы түшүндүрүү:

Жаны тема видеофильм аркылуу көрсөтүлөт

Презентация жасоо.

1-топ. Протозоологдор.

Тапшырма.Бир клеткалуулардын тарыхы,түрлөрү.

2-топ.Гельминтологдор.

Тапшырма.Кадимки амеба түзүлүшү ,жашоо тиричилиги.

3-топ.Энтомологдор.

Тапшырма.Амебанын көбөйүшү цистага айланышы.

4-топ.Зоологдор.

Тапшырма.Амеба пайдалуу зыяндуу жактары.









  • Экрандагы

сурөттөр боюнча жаңы теманы ачышат. Пазлдын артында бир клеткалуу организм амеба катылган





  • Сабактын

темасы менен таанышытат.

  • Сабактын

максаты менен таанышат.







  • Жаңы

теманы

кунт коюп угушат.


Видеофильмди көрүшөт.







Берилген тапшырмалар боюнча презентация жасашат.

НК1






















НК2

ПК1






















ПК2


Сабакты бышыктоо

10мин.


  • Топторго жалпы суроолор кахут сайтында тест иштөө аркылуу берилет.

  1. Амеба ыңгайсыз шарттан кантип сактанат?

А)цисталанат б)коюланат в) жашырынат

2.Жалган буттуулар классынын канча

Түрү бар?

А)11 миң б) 12миң в) 9миң

3.Бир клеткалуу жаныбарларды ким

Ачкан?

А)Антони Ван Левенгук 1676-ж

Б)Роберт Гук 1662-ж

В)Галилно Галилей 1609-ж

Г)Ханг Янссен 1590-ж

4.Амеба кандай жол менен көбөйөт?

А)вегетативдүү б)жыныстуу

В)жыныссыз

5.Амеба кантип кыймылдайт?

А)кирпикчелери менен

Б)шапалакчасы менен

В)денесин ийип

Г)жалган буттары менен

6.Амебанын жыйрылуучу вакуолу

Кандай функцияны аткарат?

А)ички осмостук басымды жөндөйт

Б)тамак-аш эритүүнү жөндөйт

В)кыймылын жөндөйт

Г)бөлүнүүнү жөндөйт

7.Амеба кайсы топко кирген жаныбар?

А)тамыр буттуулар

Б)шапалактуулар

В)кирпиктүүлөр

Г)муунактуулар

  • Берилген

ватмандарга презентация жасашат.

  • Тез

ылдамдык

менен телефондо кахут платформасында тесттик суроолорго жооп беришет


НК3


ПК3

Аткарган иштерине жараша топто жана жекече баалоо.

Баалоо

1мин

  • Өзүн-өзү баалоо, топ ичинде баалоо:

Топ ичинде.Чоң көпөлөктөр менен бааланат.

Жекече: кичине көпөлөктөр менен бааланат

Топ менен жана жеке чогултулган упайларын санап жыйынтык чыгарышат. Өз бааларына комментарий бере алышат.



Өзүн-өзү баалоо, топ ичинде баалоо

Үйгө тапшырма

берүү

1мин

Параграф 4. 16-19 бет. окуу

Амебанын көбөйүшүнүн сүрөттөрүн тартып келүү.


Үйгө тапшырма алышат. Үйгө берилген тапшырманы түшүнүшөт.