СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кафедранын кыскача тарыхы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

ОшТУнун Өзгөндөгү филиалында ректордун 1996-жылдын 21-октябрындагы № 09-01/83-буйругу менен «Табигый жана жалпы кесиптик дисциплиналар» кафедрасы уюштурулган. Кафедра башчылыгына Абдыгапаров Хатам Тажимаматович дайындалган, ал эми ошол эле жылдын декабрь айынан баштап ал кафедраны Раманкулов Мухаммед-Назар жетектеген. Кафедранын мүчөлөрүнө классикалык илимдерден - математика, физика, химия жана инженердик, технологиялык жана экономикалык дисциплиналарды окутуу бекитилип берилген. Кафедрада алгачкылардан болуп эмгектенгендер: Абдыгапаров Хатам (физика), Шайбеков Исмайилжан, Кенеев Урбай (математика), Манапбаев Исраил (информатика), Топчубаева Рисалат (химия), Амиракулов Нурали (биология, экология), Раманкулов Мухаммед-Назар (теориялык механика жана колдонмо математика), Самиева Жыргал (тамекинин технологиясы боюнча адистик предметтер), Алиева Акылай менен Субанкулова Түймөкан (экономикалык дисциплиналар).

Просмотр содержимого документа
«Кафедранын кыскача тарыхы»

кафедранын кыскача тарыхы

ОшТУнун Өзгөндөгү филиалында ректордун 1996-жылдын 21-октябрындагы № 09-01/83-буйругу менен «Табигый жана жалпы кесиптик дисциплиналар» кафедрасы уюштурулган. Кафедра башчылыгына Абдыгапаров Хатам Тажимаматович дайындалган, ал эми ошол эле жылдын декабрь айынан баштап ал кафедраны Раманкулов Мухаммед-Назар жетектеген. Кафедранын мүчөлөрүнө классикалык илимдерден - математика, физика, химия жана инженердик, технологиялык, экономикалык дисциплиналарды окутуу бекитилип берилген. Кафедрада алгачкылардан болуп эмгектенгендер: Абдыгапаров Хатам (физика), Шайбеков Исмайилжан, Кенеев Урбай (математика), Манапбаев Исраил (информатика), Топчубаева Рисалат (химия), Амиракулов Нурали (биология, экология), Раманкулов Мухаvмед-Назар (теориялык механика жана колдонмо математика), Самиева Жыргал (тамекинин технологиясы боюнча адистик предметтер), Алиева Акылай менен Субанкулова Түймөкан (экономикалык дисциплиналар).

1997-жылдын сентябрь айында жогоруда аталган кафедранын базасында «Инженердик-технологиялык дисциплиналар» кафедрасы түзүлгөн (кафедра башчысы улук окутуучу Раманкулов М.). Ал эми 1998-жылы август айында кафедра «Колдонмо механика жана информатика» аталышында кайрадан түзүлгөн (кафедра башчысы Раманкулов М.). Бул кафедранын кызматкерлери механика дисциплиналарын (техника и.к. Аданбаев Ү., техника и.к. Смаилов Э., улук окутуучу Раманкулов М.), информатиканы (окутуучу Манапбаев И., окутуучу Молдалиев К.) жана колдонмо математиканы (улук окутуучу Раманкулов М.) окутушкан.

2000-жылы 552801.04 «Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо» (ПОВТАС) адистигине кабыл алуу башталган жана КМИ кафедрасына бул адистикти бүтүрүү милдети жүктөлгөн. Кафедра 2005- жана 2006-жылдарда ПОВТАС адистиги боюнча инженерлерди бүтүрүүнү ишке ашырган.

2005-2006-окуу жылынын башталышында КМИ кафедрасына «Физика жана математика» каферасындагы математикалык дисциплиналар кошулуп, «Математика жана информатика» кафедрасы болуп кайрадан түзүлгөн (кафедра башчысы ф.-м.и.к. Ахмедов А.А.).

2006-жылдын ноябрь айында ПОВТАС, ОБД, ФК, БУА адистиктери ОшТУга которулгандыгына байланыштуу «Математика жана информатика» кафедрасына «Инженердик-техникалык дисциплиналар жана графика» кафедрасы бириктирилип, «Математика, информатика жана инженердик дисциплиналар» кафедрасы болуп кайрадан түзүлгөн. Кафедра башчылыгына техника и.к. Үсөн Аданбаев дайындалган. Кафедрага ПОВТАС жана ТОРАТ адистиктери бекитилип берилген.

2007-жылдын сентябрь айында орто кесиптик билим берүү боюнча ПОВТАС адистигине кабыл алынган студенттерди окутуу кайрадан башталган жана октябрь айында кафедра башчылыгына улук окутуучу З.Зулпуев дайындалган.

2012-жылдын сентябрында кайрадан “Математика жана информатика” кафедрасы болуп түзүлүп, кафедра башчылыгына улук окутуучу Сапарова Бурма Качыевна дайындалган. Ал кафедрага ПОВТАС адистигин бүтүрүү бекитилген. Бул мезгилде кафедрада т.и.к. Ү.Аданбаев, доценттер М.Раманкулов, И.Шайбеков, С.Жунусалиев, улук окутуучулар Б.Сапарова, З.Зулпуев, Ш.Мокеев жана окутуучулар Р.Мамытова, М.Атамкулова, Т.Көчөров, Д.Калбаевалар эмгектенишкен.