СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КАФГ предмети боюнча СРС

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«КАФГ предмети боюнча СРС»

Кан айлануу жана кан тамырлар системасынын курактык өзгөчөлүктөрү    Түзгөн: Атаходжаева Мутабархон Текшерген: Досназарова Айгүл Тайпасы: ИК(б)-1-17

Кан айлануу жана кан тамырлар системасынын курактык өзгөчөлүктөрү

Түзгөн: Атаходжаева Мутабархон

Текшерген: Досназарова Айгүл

Тайпасы: ИК(б)-1-17

План  Кан айлануу жана кан тамырлар системасы; Кандын жана жүрөк кан тамыр системасынын физиологиясы; Кан тамыр системасынын курактык өзгөчөлүгү.

План

  • Кан айлануу жана кан тамырлар системасы;
  • Кандын жана жүрөк кан тамыр системасынын физиологиясы;
  • Кан тамыр системасынын курактык өзгөчөлүгү.

Кан айлануу жана кан тамырлар системасы

Кан айлануу — жүрөк-кан тамыр системасы аркылуу кандын жүрүшү. Кан айлануунун жардамы менен организмдин ички чөйрөсүндөгү зат алмашуу, жылуулукту жөнгө салуу, ткандарга керектүү заттарды жеткирүү, зат алмашуудан чыккан организмге керексиз заттарды бөлүп чыгаруу ишке ашат жана анын негизинде кандын транспорттук (ташыгыч) кызматы аткарылат. Байыркы грек окумуштуусу Гален кан жүрөктүн оң жагы менен веналарда кочкул, сол жагында жана артерияларда — ачык кызыл түстө болот деп байкоо жүргүзгөн. 1628-ж. англиялык врач У. Гарвей айбандарга тажрыйба жүргүзүп, кан жүрөк жана кан тамырлар түзгөн туюк тегерек менен тынымсыз жүрүп турарын, Кан айлануунун негизги закондорун аныктаган. Бирок кан артериядан венага кантип өтөрүн ал түшүнгөн эмес. Бул эки кан тамырды байланыштырып турган капиллярлар экенин М. Мальпиги 1661-ж. ачкан.

Кан тамырлар аркылуу кандын жылышы жүрөктүн кагуусуна байланыштуу. Кан айлануунун чоң жана кичине тегереги бар. Чоң Кан айлануу тегереги жүрөктүн сол карынчасынан башталып, кан толтого, андан кийин артериялар аркылуу бардык органдарга таралып, алардан вена системасы аркылуу жүрөктүн оң дүлөйчөсүнө куюлат. Андан кичине тегерегинде кан оң карынчадан чыгып, өпкө артериясы аркылуу өпкөгө барат. Анда газ алмашуу жүрөт: көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгып, кычкылтек канга өтөт. Демек өпкөдөн чыккан кычкылтекке каныккан кан артериялык деп аталып, өпкө веналары аркылуу сол дүлөйчөгө куюлат.

Өпкө Жүрөктүн оң карынчасы Жүрөктүн оң дүлөйчөгү Жүрөктүн сол карынчасы Жүрөктүн сол дүлөйчөгү Кан тамырлары Таза кан (артерия кан тамыры) Кир кан (Вена кан тамырлары)
  • Өпкө
  • Жүрөктүн оң карынчасы
  • Жүрөктүн оң дүлөйчөгү
  • Жүрөктүн сол карынчасы
  • Жүрөктүн сол дүлөйчөгү
  • Кан тамырлары
  • Таза кан (артерия кан тамыры)
  • Кир кан (Вена кан тамырлары)

Кан айланууга кан тамырлардын кан жүгүртүүгө каршылык көрсөтүүчү жана систоладан чыккан канды түртүүчү күчү (кинетикалык энергия) таасир этет. Каршылык күчү канчалык көп болсо, жүрөктүн кагуу энергиясы ошончолук чоң болууга тийиш, антпесе кан жүгүрбөй токтоп калат. Демейдеги кан басымынын жогорулашы (гипертония) — каршылыктын көбөйүшүнүн натыйжасы. Жүрөктүн систоласы бүтөрү менен толтодогу (өпкө артериясындагы) жапкычтар жабылып, кан кайра жүрөккө кайрылгыс абалда болот. Ушул учурда тамырлардын чоюлуусуна сарпталган потенциалдык энергия кайра канды жүгүртүүчү энергияга өтөт да, жүрөктүн систоласы кайра башталып, цикл кайталана берет. Демек кан тамырлардын чоюлгуч касиети кандын үзгүлтүксүз жүгүртүүсүн камсыз кылат. Кан менен ткандардын ортосундагы зат, газ, суу жана башка алмашуу процесстери капиллярларда жүрөт. Капиллярлар өзүнүн түзүлүшү, алардагы кандын басымы жана анын жүгүрүү ылдамдыгы жагынан да зат алмашууга ылайыкталган. Капиллярлардын башталышында жана бүткөн жеринде сфинктерлер (тоскуч) бар, алардын негизги кызматы — капиллярларды кан айлануу системасына кезектештирип кошуп туруу. Эгерде денедеги бардык капиллярлар бир мезгилде ачылган болсо, кан ошол гана капиллярларда болуп, башка кан тамырлары такыр бош калат. Капиллярлардан керектүү заттар менен кычкылтек ткань суюктугуна, андан клеткага өтөт, клеткалар болсо көмүртек кычкылы менен зат алмашуудан чыккан продуктуларды ткань суюктугуна берет. Кычкылтеги аз, көмүртек кычкылы көп кан эң майда веналарга чогулуп, андан чоңураактарына топтолот. Веналардын функциясы жүрөккө канды кайра жеткирүү, ошондой эле алар ичкерип же кеңейип кандын минуталык көлөмүн, анын айлануу массасын тейлейт. Кан айлануунун көрсөткүчтөрүнө кан басымы, анын минуталык көлөмү, кандын жүгүрүү ылдамдыгы, айлануу массасы, пульс жана башка кирет.

Жүрөктүн иштешин, Кан айлануунун кээ бир көрсөткүчтөрүн, организмдин абалын адамдын тамырын кармоо (пульс менен аныктоого болот. Адамдын организминдеги кандын жалпы көлөмү анын салмагынын 7%ин гана түзөч (мисалы, адамдын салмагы 60 кг болсо, анын каны 4,2 л). Бирок, болжол менен алганда ушунча кандын жарымы Кан айланууга катышып, калганы деподо запас катары сакталып турат. Адамдын иштеген жумушуна жараша кандын айланган көлөмү өзгөрөт. Демек ченемдүү убакытта кан тамырларда кандын белгилүү гана өлчөмү жүгүрөт да, ал кандын көлөмдүү ылдамдыгы деп аталат. Практикада кандын минуталык көлөмү деп аталган ченем колдонулат . 1 минутада жүрөктүн сол карынчасынан толтого чыккан кандын көлөмү орто эсеп менен чоң кишиде 5 лге жакын. Дагы бир ченем — жүрөктүн систолалык көлөмү, бир систола учурунда жүрөктөн чыккан кандын өлчөмү орто эсеп менен 70 млге жакын. Эгерде жүрөктүн бир минутадагы соккон санына систолалык көлөмдү көбөйтсө, минуталык көлөм чыгат. Айтылган көлөмдөр жүрөктүн иштешине жараша дайыма өзгөрүп турат. Кандын минуталык көлөмү Кан айлануунун чоң жана кичине тегерегинде бирдей эле өлчөмдө болот, башкача айтканда. чоң кан айлануу тегереги менен бир минутада 5 л кан өтсө, ушул эле убакытта ошол эле кан кичине тегерек аркылуу өтөт. Жайчылык учурда минуталык көлөм 5 л болсо жумуш аткарууда (мисалы, чуркоодо) минуталык көлөм 20 лге чейин жетет, демек 4 — 5 эсе көбөйөт. Ал эми жүрөк жапкычтары жакшы иштебесе, минуталык көлөм ылдыйлап, жүрөк кемтигине алып келет. Кан айланууну нерв системасы жөнгө салып турат. Борбордук нерв системасына толто, ири кан тамырлардагы нерв учтарынан (рецепторлордон) Кан айлануунун абалы, кан басымы, кычкылтектин, көмүр кычкыл газынын жана суутек ионунун концентрациясы жөнүндөгү сигнал; ички органдардан канга муктаждык жөнүндө кабар түшөт. Нерв импульстарынын таасиринен кан тамырлар өзүнүн диаметрин, жүрөк өзүнүн жыйрылуу күчүн, ылдамдыгын өзгөртөт.

Жүрөк-кан тамыр системасы жүрөктөн жана кан толгон кан тамырлардан турат. Ага лимфа системасы да кирет. Жүрөктүн иштешинин натыйжасында кан тынымсыз жылып турат (к. Жүрөк). Кан тамырлар Артериялар артерия, артериола, капилляр, венула жана веналарга бөлүнөт.Артериялар канды жүрөктөн ткандарга жеткирет, алар Организм органдарда ырааттуулук менен майда кан тамырларга бутактанып, акырында артериолаларды, алар болсо эң майда [[Кан-тамырлар кан тамырларды (капиллярларды) түзөт. Капиллярлардан эң майда веналар (венулалар) башталып, акырындык менен бир-бирине биригип, чоңураак веналарга айланат. Жүрөккө кан эң ири веналар менен келет. Органдан өтүүчү кандын өлчөмүн артериолалар жөнгө салат. Органдын керектөөсүнө жараша артериолалар ичкерип же кеңейип, орган ткандарды кан менен камсыз кылууну өзгөртүп турат (Артериялар, Веналар). Жүрөк-кан тамыр системасы кан айланууну, ошону менен бирге ткандарга азык заттарды, кычкылтекти жеткирүү жана зат алмашуунун продуктуларын, көмүр кычкыл газын чыгарууну камсыз кылат. Андан тышкары кан гормондорду, ферменттерди жана башка заттарды ташып, организмдин химиялык (гумордук) жөнгө салуусуна катышат. Кан айлануу системасынын борбору — жүрөк, андан кан айлануунун чоң жана кичине тегереги башталат (Кан айлануу).

Кан айлануунун кичине тегерегинин артерияларына өпкө сөңгөгү, веналык канды өпкөгө алып баруучу оң жана сол өпкө артериялары кирет. Кичине тегеректин веналарын артериялык канды өпкөдөн жүрөктүн сол дүлөйүнө жеткирүүчү эки оң жана эки сол өпкө венасы түзөт. Кан айлануунун чоң тегерегинин артерияларына жүрөктүн сол карынчасынан чыгуучу толто, анын догосу, андан тараган жалпы күрөө тамыры, сол жана оң күрөө тамырлары, акырек артериясы, толтонун жогорку бөлүгү (оң жана сол жүрөк артериясы), төмөнкү бөлүгү (көкүрөк толтосу) жана анын бутактары (жалпы жамбаш артериялары, алардын оң жана сол бөлүктөрү) кирет. Чоң тегеректин веналары дененин бардык жеринен канды кабыл алып, акырында эки ири жогорку жана төмөнкү көңдөй веналарга биригип, жүрөктүн оң дүлөйүнө кирет. Ага жүрөк капталынын веналары кирүүчү жүрөктүн синусу да кошулат. Боордун дарбаза венасынын системасы өзгөчөлөнүп бөлүнөт. Ал вена аркылуу ич көңдөйүнүн органдарынан келген канды чогултат. Көңдөй веналар менен дарбаза веналардын куймалары биригип кызыл өңгөчтүн ылдый жагында, көтөн чучукта веналык анастомозду түзөт. Алар чоң веналарда кан айланууга тоскоол болгондо (мисалы, дарбазалык вена өт жолдорунун таштары менен басылып калганда же боор циррозунда) кошумча жол катары чоң роль ойнойт. Веналар артериялардан көп, алар артерияларды коштоп жүрөт. Дени соо кишиде жүрөккө келген кандын көлөмү андан чыккан канга барабар.

Жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары негизинен жүрөктү (мисалы, ревматизм, миокардит жана башка), айрымдары артерияларды (атеросклероз) же веналарды (флебит), калгандары бүт бойдон Жүрөк-кан тамыр системасын жабыркатат (мисалы, гипертония оорусу). Бул оорулар өөрчүүнүн тубаса кемтигинен, травмадан, сезгенүүдөн, уулануудан, зат алмашуунун патологиялык өзгөрүүлөрүнөн жана башка келип чыгат.Жүрөктүн тубаса кемтигин врачтар бала эмчекте кезинде эле жүрөктүн согушунун дабышы жана өңүнүн көгөрүүсүнөн аныктайт. Мындай өзгөрүүлөрү байкалбаган тубаса кемтиктер да болот. Аларды адистер гана таап билет. Жүрөктүн жана кан тамырлардын тубаса кемтиктерин табууда жана операция жасап айыктырууда азыркы хирургиянын тажрыйбасы чоң. Бирок операция өз убактысында, башкача айтканда жүрөк кемтиги ички органдарда (өзгөчө өпкөнүн кан тамырларында) кайра калыбына келгис өзгөрүүлөрдү пайда кылганга чейин жасалса пайдалуу. Эгерде врач баланы адистештирилген кардиохирургиялык ооруканага изилдөөгө жиберсе, ата-энеси андан баш тартпоо керек.

Миокарддын инфаркты — жүрөктүн ишемия оорусунун өтө күчөгөн кабылдоосу. Өз убактысында берилген жардам, дарылоо бул оорунун өтүшүн жеңилдетет. Ошондуктан тынч жатып, нитроглицерин ичкенден кийин деле көкүрөктүн тушу басылбай ооруса, же басылып кайра ооруса тез жардамды чакыруу зарыл. Миокарддын инфарктын ооруканада гана дарылайт. Жүрөктүн иштеши жүрөк булчуңунда кошумча кан айлануунун жана инфарктка чалдыкпаган жүрөк булчуңдардын кубаттуулугунун акырындап жогорулашы менен жакшыра баштайт. Бул көп убакытты жана врачтын сунуштарын чыдамдуулук менен аткарууну талап кылат. Ошондой эле атеросклероздун өөрчүшүн да алдын алууга аракеттенүү зарыл. Кээ бир оорулуулар көкүрөгүнүн тушу ооруганына чыдап, нитроглицеринди ичпей коёт. Стенокардиянын ар бир пристубунда, эгерде врач сунуш кылса нитроглицеринди кабыл алуу зарыл. Жүрөктүн ишемия оорусун дарылоо көп убакытка созулат жана комплекстүү түрдө врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Жогоруда айтылган кеңештер жүрөктүн ишемия оорусунун күчөп кетишин, ошондой эле кардиосклерозду алдын алууда өтө маанилүү. Кардиосклероз билинбей жүрүп, электр-кардиограммадагы өзгөрүүлөр боюнча гана аныкталат. Кээде кардиосклероздун белгилери жүрөк ритминин бузулушу (аритмиялар) жана жүрөк ишинин начарлашы болот. Аритмия термини жүрөктүн кагуу (жыйрылуу) ритминин нормадан чыгуусун түшүндүрөт. Аритмия көп учурда борбордук жана вегетатив нерв системаларынын оорусунда, эндокрин ооруларында болот. Аритмиянын көп түрү жүрөктүн функциясына жана кишинин жашоосуна коркунуч туудурбайт. Бирок анын алгачкы белгилери пайда болор замат врачка кайрылуу керек, врач электр-кардиограмманын жардамы менен туура диагноз коюп дарылайт. Аритмия нерв системага, психикалык жана эмоциялык абалдарга байланыштуу дени соо кишилерде да пайда болот. ошондой эле башка органдар жабыркаганда рефлекстик түрдө жүрөктүн кагуу калыбы бузулат. Аритмия көбүнчө синус түйүнүнүн жана жүрөктүн өткөргүч системасынын жабыркоосунан келип чыгат.

Түйүлдүктүн Кан айлануусу башкача, себеби анын организмине керектүү заттар эненин канынан келет. Анда зат алмашуу баланын тону аркылуу жүрөт. Аларда өпкөнүн дем алуу функциясы баштала элек болгондуктан кичине Кан айлануу тегереги иштебейт. Кан айлануунун тегеректерин түзгөн кан тамыр бөлүкчөлөрүнүн ар биринин кызматы ар башка. Жүрөктүн эки дүлөйчөсүнүн кызматы — канды чогултуп, карынчаларга өткөрүү жана карынчалардын келерки систоласында гидродинамикалык күчөткүч катары кызмат жасоо. Кан жүгүртүүчү энергия жүрөктүн кагуусунан пайда болот. Анын сол карынчасынын систоласы (жыйрылуусу) Кан айлануунун чоң тегерегинин, оң карынчасыныкы — кичине тегеректин энергиясын пайда кылат. Кан айланууга кан тамырлардын кан жүгүртүүгө каршылык көрсөтүүчү жана систоладан чыккан канды түртүүчү күчү (кинетикалык энергия) таасир этет. Каршылык күчү канчалык көп болсо, жүрөктүн кагуу энергиясы ошончолук чоң болууга тийиш, антпесе кан жүгүрбөй токтоп калат. Демейдеги кан басымынын жогорулашы (гипертония) — каршылыктын көбөйүшүнүн натыйжасы. Жүрөктүн систоласы бүтөрү менен толтодогу (өпкө артериясындагы) жапкычтар жабылып, кан кайра жүрөккө кайрылгыс абалда болот. Ушул учурда тамырлардын чоюлуусуна сарпталган потенциалдык энергия кайра канды жүгүртүүчү энергияга өтөт да, жүрөктүн систоласы кайра башталып, цикл кайталана берет. Демек кан тамырлардын чоюлгуч касиети кандын үзгүлтүксүз жүгүртүүсүн камсыз кылат. Кан менен ткандардын ортосундагы зат, газ, суу жана башка алмашуу процесстери капиллярларда жүрөт. Капиллярлар өзүнүн түзүлүшү, алардагы кандын басымы жана анын жүгүрүү ылдамдыгы жагынан да зат алмашууга ылайыкталган. Капиллярлардын башталышында жана бүткөн жеринде сфинктерлер (тоскуч) бар, алардын негизги кызматы — капиллярларды кан айлануу системасына кезектештирип кошуп туруу.

Көңул бурганыңыздар үчүн рахмат

Көңул бурганыңыздар үчүн рахмат