СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кагаздан турдуу нерселерди жасоо

Категория: Технология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кагаздан турдуу нерселерди жасоо. Технология сабагы боюнча план конспект.

Просмотр содержимого документа
«Кагаздан турдуу нерселерди жасоо»

Сабактын темасы: Кагаздан түрдүү нерселерди жасоо.

Сабактын максаты: А) Балдар, билгичтикке, чыдамкайлыкка, сабырдуулукка, тыкандыкка, эмгекке, маданияттуулукка тарбияланышат.

Б) Бүгүнкү күндө базар экономикасы курчуп турган мезгилде финансы каражатын туура пайдаланууну үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы: түстүү сүрөттөр, кагаз, кайчы, салфетка, даяр азык түлүктөр.

Сабактын жүрүшү:

А) Уюштуруу

Б) Өтүлгөн теманы кайталоо

В) Жаңы теманы өтүү

Г) Практикалык иш

Д) Сабакты бышыктоо

Е) Баалоо

Ж) Үйгө тапшырма берүү.

А) Сабакты уюштуруу.

-Кана балдар Алтын эрежебизди колдонуу менен сабагыбызды баштайбыз.

-Бүгүнку сабакта менин девизим:

-Ачык болсун маанайым,

Жарык болсун кабагым

Силердин девизиңерчи балдар?

-Бир максатты көздөйлү,

Сабакка көңүл бөлөлү

-Кана балдар маанайыңар кандай?

Б) Өтүлгөн теманы кайталоо

-Кана балдар биз мындан мурунку сабакта эмнени үйрөндүк эле.

Кандай темада сүйлөштүк эле.

-Ким айтат?

Азык түлүк сатып алуу жана тамак жасоого эсептөөлөрдү жүргүзүү деген темада сүйлөшкөнбүз.

-Анда балдар өтүлгөн сабагыбызга кайталоо жасап көрөлү.

Суроо: Азык түлүктү эмне үчүн сатып алабыз.

-Тамактануу үчүн.

-Эмне үчүн тамактанабыз.

-Курсагыбыз ачат, витамин керек бизге, организмибиз витамин талап кылат. Тамак менен керектүү витаминдер жаратылыштан алынат.

Суроо: Азык түлүктү сатып алууда эң биринчи эмнесине көңүл бурабыз? Ким жооп берет?

-Азык түлүктүн сапатына көңүл бурабыз

Сапаты жакшы азык түлүк ден соолукка пайда. Витаминге бай болот.

-Азык түлүктүн чыгарылган мөөнөтүнө көңүл бурабыз.

-Мөөнөтү менен сакталган, ошол мөөнөттүн ичинде жегенге мүмкүн болгон азык түлүктөр.

М: Сүт азыктары кефир, сметана, творог, ёгурт даяр пельмендер, катлет, фарш ж.б.

Мөөнөтү өтүп кеткенден кийин сапаты бузулуп аны биз колдонсок ден соолукка зыяны тийиши мүмкүн, ооруп калышыбызга себеп болушу мүмкүн.

-Мөмө жемиштерди жана жер жемиштерди сатып алганда да жаңылыгына көңүл бурабыз.

Жаңы мөмөнүн өңү тунук, таза жыты буркурап турат.

Суроо: Эмне үчүн азык түлүк сатып алууда эсептөөлөрдү жүргүзүшүбүз керек?

Ата-энебиздин ак эмгек маңдай тер менен тапкан акчасын туура пайдалануу үй бүлөлүк фондко пайда келтирет.

Ашыкча чыгымга жол бербейт.

-Эми балдар! Мен силерге азык түлүктү тандап алууну үйрөттүм эле, азыр силер ролдоштуруп аткарып көргүлөчү силер кантип сатып алат экенсиңер.

-Кана 2 окуучу чыккыла 1 сатуучу 1 сатып алуучу.

Силер чоңоюп ата энеңерге бираз болсода жардам беретурган болуп калдыңар.

-Сен сатуучу болосуң.

-Сен сатып алуучу болосуң.

М: Үйүңөргө күтүлбөгөн мейман келди сенин атаң жумушта. Апаң сени базардан ашка керектүү азык түлүктү сатып кел деди. Сен кантип сатып аласың?

Ашка: май, эт, сабиз, пияз, гүрүч.

Эт – жаш эт ачык кызыл түстө жаңы болсо жалтырап турат майы саргайып кетсе эт эски же картаң мал, жыты жок болушу керек.

Гуруч – таза, сыныгы жок, жыты жок, маңызы каттуу болушу керек. Аланга гүрүч көбөйөт даамдуу аш болот майда көбүрөөк жейт сууну жакшы көтөрөт.

Гүрүчтүн сорттору: Аланга, мустакыл, авангард, прогрес, казакстан. Пакистан, девизра.

-Эки окуучунун соодасынын жыйынтыгын чыгарабыз.

Алган соодасын өзү айтып берет. Окуучулар кемчилдигин айтышат. Баалашат.

  • Дагы 2 окуучу чыгышат.

1 сатуучу

1 сатып алуучу

Бул балдар күн аябай ыссык мезгилде соода кылышат.

М: бул балага апасы балык, жумуртка, сметана, кефир, творог, жүзүм, дарбыз алып кел деп базарга жөнөттү.

Жумуртка – кулака силкитип көрүү керек

Үн чыкпаса - таза

Үн чыгарса – эски

Үйдө сууга салып текшерсе болот. Сууга чөксө жаңы, учу чөгүп арты көтөрүлсө орто жаңы жесе болот, суунун бетине калкып калса эски.

Балык – териси тунук, көзү тостоюп чыгыптурса, бакалоору кызыл болсо кармаганда колго жабышпаса жаңы болот. Көзү бооз ичине кирип кетсе, бакалоору карайып кетсе, териси кара дак болуп кармаганда колго илешип жабышса эски болот.

Сметана, кефир – срогу жаңы каробкасы ишибеген болушу керек морозилникте тоңбогон болуш керек.

Творог – сүт азыктарында эң аз срок коюлат. Срогу 5 күн. Ыссыкта ачып суусу чыгып кетет.

  • Сатып алуучунун соодасын балдар жыйынтыктап кемчилдиктерин айтышат. Баалашат.

  • Жакшы балдар!

- Мындан мурунку теманы өздөштүргөнуңөр жакшы.

- Менин маанайым жакшы!

- Кана балдар маанайыңар жакшыбы?

В) Жаңы теманы өтүү.

- Балдар бүгүнку жаңы темабыз менен таанышалы.

- Бүгүнкү темабыз.

- Кагаздан түрдүү буюмдарды жасоо.

- Балдар дагы бир жолу өткөн темабыздын бирине кайрылып көрөлүчү.

- Биз дастаркондогу маданият, дастарконду жасалгалоо, идиштерди сервиздөө деген теманы өткөнбүз.

- Ушул маданият жөнүндө сүйлөшөлү.

Суроо: Дастаркондун четинде кантип отуруу керек?

  1. Колду жууп келип олтуруш керек.

  2. Столго түз отуруп, чыканакты столго чыгарбоо керек.

  3. Тамактануу мезгилинде катуу сүйлөбөө керек, ооздо тамак менен сүйлөбөө керек.

  4. Газета окуп олтуруп жеген да ден соолукка зыян.

  5. Чоңдордон мурда тамакка кол салбоо керек.

- Туура балдар дастаркондо олтурганда ушул эрежелерди сактасаңар, айрыкча башка жерге мейманга барганда сылык болсоңор, силердин тарбияңардын мыкты экенин көрсөтөсүңөр.

Суроо: Дастарконду сервиздөө дегенди кандай түшүнөбүз?

Сервиздөө бул – дастарконду таза идиштерди коюп тамактануу үчүн даярдоо.

  • Ачык маанай менен таза жагымдуу дастаркондо тамактануу ден соолук үчүн пайдалуу.

  • Үйгө мейман келген мезгилде же үйбүлөлүк майрамдарда дастаркондун кооздугун чыгаруу үчүн салфетканы колдонсок болот.

Г) Практикалык иш

- Анда чогубуз менен салфетканы гүл кылып кооздоп жасаганды үйрөнөбүз.

- Ар бир окуучуга экиден кызыл, экиден көк салфетка берем.

- Мен көрсөтүп турам мага карап балдар жасашат.

Д) Бышыктоо

- Балдар!

- Азык түлүк сатып алганды, дастарконду жасаганды, салфетка менен кооздогонду жакшы өздөштүрүпсүңөр. Үйрөнгөнуңөрдү турмушта колдонсоңор болот.

Е) Баалоо

Сабакка активдүү катышкан балдарды баалайм.

Ж) Үйгө тапшырма

- Ар бир окуучу бирден актай барак алып келгиле.