Просмотр содержимого документа
«Кайрымдуулук улуулук»
Класстык саат
Сабактын темасы: Кайрымдуулук – улуулук
Сабактын максаты: а) окуучулар кайрымдуулук сапат жɵнүндɵ түшүнүккɵ ээ болушат.
б) бирɵɵгɵ кайрымдуулук жасоону үйрɵнүшɵт.
в) балдарды кайрымдуу болууга үгүттɵɵ, жол кɵрсɵтүү.
Сабактын тиби: Жаны теманы түшүндүрүү
Сабактын методу: Айттып берүү, түшүндүрүү
Сабактын жабдылышы: Дептер, ватман, маркер.
Сабактын жүрүшү
Уюштуруу: Саламатсынарбы, балдар? Маанайынар жакшыбы? Сабакка жакшы даяданып келдикпи? Бугун кайсы күн жана кайсы ай?
Уй тапшырма: суроо – жооп аркылуу текшерүү
Жаны тема: Балдар бүгүн биз силер менен агын сууга салыштырылган адамдык асыл сапат тууралуу сɵз кылабыз. Бул асыл сапат кайрымдуулук. Кайрымдуулук деп эмнени түшүнɵсүңɵр?
Кайрымдуулук карындаш – түгɵнбɵгɵн казына болот.
Кайрымсыз жүргɵн туугандан, кайрымдуу болгон дос жакшы.
Кайрымдуу адам – боорукер, сезимтал, кɵңүлү назик келет. Колунда барын кыйналган бирɵɵ менен болушуун каалайт.
Ар дайым кɵңүлүндɵ кедей – кембагалдарга садага берүү керек деген ой болот. Толуп-ташкан байлыгынан эмес бирɵɵгɵ берген садагасынан ырахат алат.
Бышыктоо: ролдоштуруп аткаруу
Садага берүү – кайрымдуулук
Бир карыянын кɵздɵрү азиз эле. Ошондуктан намаз окуй турган бɵлмɵсүнүн эшиктин алдына чейин жип тартып койгон эле. Эгер кайыр сурап тилемчи келсе, ошол жиптен кармап эшикке чейин басып садага берчү. Балдары:
- Ата, неге мынча озунду убара кыласыз? Сиздин ордунузга бул ишти биз дагы кылабыз го - дешти.
Ошондо карыя балдарына:
- Кишинин ɵз колу менен кембагалга садага бериши, аны ар кандай жамандыктардан сактайт,- дейт.
Жыйынтыктоо: Силер буга чейин кайрымдуулук кылып кɵрдүңɵр беле?
Кайрымдуулук кандай болот экен?
Кайрымдуулук кайра кайтып келерин билдик э?
Баалоо:
Уйгɵ тапшырма: Жаттоо
Ким башкага ыраа корсо жарты нан,
Ырыскысы бутун болот артынан.
Кайрымдуу бол акылдуу кыз, жаш жигит.
Жоомарт адам алыс санаа дартынан
Жоомарттык бул – кɵк асмандай кененден
Тоодой бийик, Ысык – Кɵлдɵй тереңден
Жоомарттык бул – бар дүйнɵдɵн сырткары
Сɵзгɵ дагы берешен бол дегенден