СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Калпактуу козу карындар

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

§61. Калпактуу козу карындар

Просмотр содержимого документа
«Калпактуу козу карындар»

Калпактуу козу карындар

Калпактуу козу карындар

1. Козу карын өсүмдүкпү же өзүнчө тирүү организмби? 2. Эмне үчүн айрым козу карындарды жесе болот, айрымдарын болбойт?

1. Козу карын өсүмдүкпү же өзүнчө тирүү организмби?

2. Эмне үчүн айрым козу карындарды жесе болот, айрымдарын болбойт?

Топтук иш 1 – топ: «Бир споранын укмуштуу сапары» 2 – топ: «Козу карын тууралуу талаш» 3 – топ: «Козу карындардын жашыруун сыры» 4 – топ: «Чоң атанын акылман сөзү» 5 – топ: «Жамгырдан кийинки сыр» 6 – топ: «Козу карындан жасалган тамак» 7 – топ: «Козу карындардын жашоо образы» 8 – топ: «Козу карын менен дарак симбиозу — микориза»

Топтук иш

1 – топ: «Бир споранын укмуштуу сапары»

2 – топ: «Козу карын тууралуу талаш»

3 – топ: «Козу карындардын жашыруун сыры»

4 – топ: «Чоң атанын акылман сөзү»

5 – топ: «Жамгырдан кийинки сыр»

6 – топ: «Козу карындан жасалган тамак»

7 – топ: «Козу карындардын жашоо образы»

8 – топ: «Козу карын менен дарак симбиозу — микориза»

1 – топ: «Бир споранын укмуштуу сапары» Жамгырдан кийин токой ичи өзгөчө жыттанып турду. Биология сабагында мугалим окуучуларды токойго алып чыкты. Алар чоң козу карындын астын карашканда майда пластинкаларды жана түтүкчөлөрдү көрүштү. — Бул жерде споралар пайда болот, — деди мугалим. — Споралар шамал аркылуу таралып, жаңы козу карындарды өстүрөт. Айбек лупа менен карап: — Демек, козу карындардын “уругу” спора турбайбы! — деп таң калды. Мугалим башын ийкеп: — Ооба. Спора жерге түшүп, жипче сымал грибница пайда кылат. Кийин андан жаңы козу карын өсүп чыгат, — деди. Балдар козу карындардын пластинкалуу жана түтүкчөлүү түрлөрү болорун да билишти. Экскурсиядан кийин алар токойдогу ар бир козу карын жаратылыш үчүн маанилүү экенин түшүнүштү.  Суроолор 1.  Окуучулар кайда барышты? 2.  Козу карындын астынан эмнелерди көрүштү? 3.  Споралар эмне үчүн керек? 4.  Споралар кандай жол менен тарайт? 5.  Спорадан эмне пайда болот? 6.  Балдар кандай жыйынтык чыгарышты?

1 – топ: «Бир споранын укмуштуу сапары»

Жамгырдан кийин токой ичи өзгөчө жыттанып турду. Биология сабагында

мугалим окуучуларды токойго алып чыкты. Алар чоң козу карындын

астын карашканда майда пластинкаларды жана түтүкчөлөрдү көрүштү.

— Бул жерде споралар пайда болот, — деди мугалим. — Споралар шамал

аркылуу таралып, жаңы козу карындарды өстүрөт.

Айбек лупа менен карап:

— Демек, козу карындардын “уругу” спора турбайбы! — деп таң калды.

Мугалим башын ийкеп:

— Ооба. Спора жерге түшүп, жипче сымал грибница пайда кылат. Кийин

андан жаңы козу карын өсүп чыгат, — деди.

Балдар козу карындардын пластинкалуу жана түтүкчөлүү түрлөрү болорун

да билишти. Экскурсиядан кийин алар токойдогу ар бир козу

карын жаратылыш үчүн маанилүү экенин түшүнүштү.

Суроолор

1. Окуучулар кайда барышты?

2. Козу карындын астынан эмнелерди көрүштү?

3. Споралар эмне үчүн керек?

4. Споралар кандай жол менен тарайт?

5. Спорадан эмне пайда болот?

6. Балдар кандай жыйынтык чыгарышты?

2 – топ: «Козу карын тууралуу талаш»

Биология сабагында мугалим окуучуларга суроо берди:

— Козу карындар өсүмдүкпү же жаныбарбы?

Класста ар ким ар башка жооп бере баштады. Айбек:

— Алар өсүмдүк, анткени жерде өсөт, — деди.

Айдана болсо:

— Жок, жаныбарга окшош. Анткени даяр азык менен азыктанат, — деп жооп берди.

Мугалим жылмайып түшүндүрдү:

— Козу карындар өзүнчө дүйнөгө кирет. Алардын пластиддери жок болгондуктан

фотосинтез жүргүзө алышпайт. Ошондуктан даяр органикалык заттар менен

азыктанышат.

Окуучулар микроскоптон козу карындын жипче сымал бөлүктөрүн көрүштү. Мугалим

алардын грибница деп аталарын айтты. Андан кийин козу карындардын спора аркылуу

көбөйөрүн жана чексиз өсө аларын түшүндүрдү.

Сабактын аягында окуучулар козу карындар өсүмдүккө да, жаныбарга да окшош

белгилери бар өзгөчө организм экенин билишти

Суроолор

1. Мугалим окуучуларга кандай суроо берди?

2. Козу карындарды эмне үчүн өсүмдүк деди?

3. Айдана эмне үчүн жаныбарга окшош деди?

4. Козу карындар эмне үчүн фотосинтез жүргүзө албайт?

5. Козу карындардын жипче сымал бөлүктөрү эмне деп аталат?

6. Козу карындар кандай жол менен көбөйөт?

3 – топ: «Козу карындардын жашыруун сыры»

Биология сабагында мугалим окуучуларга үстөлдүн үстүнө ар түрдүү козу карындарды коюп келди.

Балдардын баары кызыгуу менен карап турушту.

— Балдар, козу карындар жөн гана токойдо өсүүчү организм эмес. Алар адамга чоң пайда алып келет, —

деди мугалим.

Айбек таң калып:

— Кандай пайдасы бар? — деп сурады.

Мугалим түшүндүрүп баштады:

— Козу карындын 90 пайызын суу түзөт. Ошондуктан алар жумшак жана ширелүү болот. Мындан

тышкары курамында А, D, Е, РР жана В тобундагы витаминдер бар. Ошондой эле калий, кальций, темир

жана йод сыяктуу пайдалуу заттар кездешет. Бул заттар адамдын ден соолугу үчүн абдан маанилүү.

Айдана:

— Демек, козу карын пайдалуу тамак турбайбы! — деди кубанып.

Мугалим башын ийкеп:

— Ооба, бирок бардык козу карындарды жей берүүгө болбойт. Айрымдары уулуу болгондуктан

адамдын ден соолугуна зыян алып келет, — деп эскертти.

Андан кийин окуучулар козу карындардын медицинада дары жасоодо,

жаратылышта сапрофиттер- чиритүүчү, нан бышырууда жана сыр даярдоодо

колдонуларын билишти.

Сабактын аягында балдар козу карындардын жаратылышта да, адамдардын

жашоосунда да мааниси чоң экенин түшүнүштү.

Суроолор

1. Мугалим сабакка эмнелерди алып келди?

2. Козу карындын канча пайызын суу түзөт?

3. Козу карындын курамында кандай витаминдер бар?

4. Кайсы пайдалуу минералдар кездешет?

5. Козу карындар кайсы тармактарда колдонулат?

6. Мугалим кандай коопсуздук эрежесин айтты?

4 – топ: «Чоң атанын акылман сөзү» Нурсултан чоң атасы менен тоого барды. Жолдо алар ар кандай козу карындарды көрүштү. Нурсултан эң кооз көрүнгөн козу карынды үзөйүн деди. Чоң атасы аны токтотуп: — Балам, кооз көрүнгөндүн баары пайдалуу боло бербейт. Айрым козу карындар уулуу болот, — деди. Ал уулуу козу карын адамдын ден соолугуна чоң зыян келтирерин айтып берди. Суроолор: 1.  Нурсултан ким менен барды? 2.  Ал эмне кылгысы келди? 3.  Чоң атасы эмне деп айтты? 4.  Уулуу козу карын эмне үчүн зыяндуу? 5.  Коопсуздук эрежесин айт. 6.  Сен чоң атаңдын кеңешин укмак белең?

4 – топ: «Чоң атанын акылман сөзү»

Нурсултан чоң атасы менен тоого барды. Жолдо алар ар кандай козу карындарды көрүштү. Нурсултан эң кооз көрүнгөн козу карынды үзөйүн деди.

Чоң атасы аны токтотуп:

— Балам, кооз көрүнгөндүн баары пайдалуу боло бербейт. Айрым козу карындар уулуу болот, — деди.

Ал уулуу козу карын адамдын ден соолугуна чоң зыян келтирерин айтып берди.

Суроолор:

1. Нурсултан ким менен барды?

2. Ал эмне кылгысы келди?

3. Чоң атасы эмне деп айтты?

4. Уулуу козу карын эмне үчүн зыяндуу?

5. Коопсуздук эрежесин айт.

6. Сен чоң атаңдын кеңешин укмак белең?

5 – топ: «Жамгырдан кийинки сыр» Түнү менен жамгыр жаап өттү. Эртең менен окуучулар токойго экскурсияга чыгышты. Нымдуу жерлерде ар кандай козу карындар көп чыгып калганын алар байкашты. Айдана кызыл калпактуу, үстү ак тактуу кооз козу карынды көрүп, аны сүрөткө тарткысы келди. Ошол учурда биология мугалими келип: — Бул мухомор деп аталат. Сыртынан абдан кооз көрүнгөнү менен уулуу козу карын, — деди. Ошондой эле жамгырдан кийин козу карындар көбөйөрүн, анткени алар нымды жакшы көрөрүн жана спора аркылуу көбөйөрүн түшүндүрдү. Балдар токойду кызыгуу менен карап, ар кандай козу карындардын пайда болушуна таң калышты.  Суроо 1.  Экскурсия учурунда балдар токойдон эмнени байкашты? 2. Айдана көргөн кооз козу карын кандай аталып, кандай өзгөчөлүгү бар эле? 3. Мугалим мухомор тууралуу кандай маанилүү эскертүү берди? 4. Жамгырдан кийин козу карындардын көбөйүшүнө эмне себеп болот? 5. Козу карындар кандай жол менен көбөйөт? 6.  Белгисиз козу карынга жолукканда сен кандай аракет кыласың?

5 – топ: «Жамгырдан кийинки сыр»

Түнү менен жамгыр жаап өттү. Эртең менен окуучулар токойго

экскурсияга чыгышты. Нымдуу жерлерде ар кандай козу карындар көп

чыгып калганын алар байкашты.

Айдана кызыл калпактуу, үстү ак тактуу кооз козу карынды көрүп, аны

сүрөткө тарткысы келди. Ошол учурда биология мугалими келип:

— Бул мухомор деп аталат. Сыртынан абдан кооз көрүнгөнү менен уулуу

козу карын, — деди. Ошондой эле жамгырдан кийин козу карындар

көбөйөрүн, анткени алар нымды жакшы көрөрүн жана спора аркылуу

көбөйөрүн түшүндүрдү.

Балдар токойду кызыгуу менен карап, ар кандай козу карындардын пайда

болушуна таң калышты.

Суроо

1. Экскурсия учурунда балдар токойдон эмнени байкашты?

2. Айдана көргөн кооз козу карын кандай аталып, кандай өзгөчөлүгү

бар эле?

3. Мугалим мухомор тууралуу кандай маанилүү эскертүү берди?

4. Жамгырдан кийин козу карындардын көбөйүшүнө эмне себеп

болот?

5. Козу карындар кандай жол менен көбөйөт?

6. Белгисиз козу карынга жолукканда сен кандай аракет кыласың?

6 – топ: «Козу карындан жасалган тамак» Эртең менен Нурбек апасы менен базарга барып, жаңы козу карындарды сатып алышты. Апасы түшкү тамакка козу карындан даамдуу тамак жасоону чечти. Үйгө келгенде апасы козу карындарды жакшылап жууп, туурады. Анан пияз, сабиз кошуп, майга кууруп бышырды. Үйгө жагымдуу жыт тарады. Нурбек тамак даяр болгуча чыдабай күттү. Дасторкон үстүндө ал биринчи болуп козу карындан жасалган тамакты татып көрдү. — Абдан даамдуу экен! — деди ал кубанып. Апасы Нурбекке козу карындан тамак жасоо даамдуу гана эмес, эң башкысы — коопсуз болушу керек экенин түшүндүрдү. Суроо: 1.  Нурбек апасы менен кайда барып, эмнени сатып алышты? 2.  Апасы козу карындан кандай тамак жасоону чечти? 3.  Козу карын тамакка чейин кандай даярдыктар жасалды? 4. Тамак бышканда үйдө кандай өзгөрүү болду? 5. Нурбек тамак тууралуу кандай ой айтты? 6. Сен козу карындан жасалган тамакты кантип элестетесиң?

6 – топ: «Козу карындан жасалган тамак»

Эртең менен Нурбек апасы менен базарга барып, жаңы козу карындарды

сатып алышты. Апасы түшкү тамакка козу карындан даамдуу тамак

жасоону чечти.

Үйгө келгенде апасы козу карындарды жакшылап жууп, туурады. Анан

пияз, сабиз кошуп, майга кууруп бышырды. Үйгө жагымдуу жыт тарады.

Нурбек тамак даяр болгуча чыдабай күттү. Дасторкон үстүндө ал биринчи

болуп козу карындан жасалган тамакты татып көрдү.

— Абдан даамдуу экен! — деди ал кубанып.

Апасы Нурбекке козу карындан тамак жасоо даамдуу гана эмес, эң

башкысы — коопсуз болушу керек экенин түшүндүрдү.

Суроо:

1. Нурбек апасы менен кайда барып, эмнени сатып алышты?

2. Апасы козу карындан кандай тамак жасоону чечти?

3. Козу карын тамакка чейин кандай даярдыктар жасалды?

4. Тамак бышканда үйдө кандай өзгөрүү болду?

5. Нурбек тамак тууралуу кандай ой айтты?

6. Сен козу карындан жасалган тамакты кантип элестетесиң?

7 – топ: «Козу карындардын жашоо образы» Бир күнү биология сабагында мугалим окуучуларды токойдогу козу карындардын жашоосу менен тааныштырды. Алар ар түрдүү жерлерде өсүп чыккан козу карындарды байкап, таң калышты. Мугалим козу карындар эки негизги топко бөлүнөрүн түшүндүрдү. Биринчи топ — сапрофиттер . Алар өлгөн өсүмдүктөрдүн, жалбырактардын жана жыгач калдыктарынын үстүндө өсүп, аларды чиритип, табиятты тазалайт. Экинчи топ — мителер . Алар тирүү өсүмдүктөрдүн же дарактардын үстүндө өсүп, алардын азыгын пайдаланып, зыян келтириши мүмкүн. Окуучулар козу карындар табиятта жөн гана өсүмдүк эмес, өзүнчө маанилүү “тазалоочу” жана “жашоого таасир этүүчү” организмдер экенин түшүнүштү. Суроо: 1.  Козу карындар кайсы жерде жана кандай шартта өсөт? 2.  Сапрофит козу карындар кандай азыктанат? 3. Мителер деген козу карындар эмнеси менен өзгөчөлөнөт? 4. Алар табиятта кандай роль ойношот? 5. Сапрофиттер менен мителердин негизги айырмасы эмнеде? 6. Сен козу карындарды кайсы топко кирет деп ойлойсуң жана эмне үчүн?

7 – топ: «Козу карындардын жашоо образы»

Бир күнү биология сабагында мугалим окуучуларды токойдогу козу

карындардын жашоосу менен тааныштырды. Алар ар түрдүү жерлерде

өсүп чыккан козу карындарды байкап, таң калышты.

Мугалим козу карындар эки негизги топко бөлүнөрүн түшүндүрдү.

Биринчи топ — сапрофиттер . Алар өлгөн өсүмдүктөрдүн,

жалбырактардын жана жыгач калдыктарынын үстүндө өсүп, аларды

чиритип, табиятты тазалайт. Экинчи топ — мителер . Алар тирүү

өсүмдүктөрдүн же дарактардын үстүндө өсүп, алардын азыгын

пайдаланып, зыян келтириши мүмкүн.

Окуучулар козу карындар табиятта жөн гана өсүмдүк эмес, өзүнчө

маанилүү “тазалоочу” жана “жашоого таасир этүүчү” организмдер экенин түшүнүштү.

Суроо:

1. Козу карындар кайсы жерде жана кандай шартта өсөт?

2. Сапрофит козу карындар кандай азыктанат?

3. Мителер деген козу карындар эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

4. Алар табиятта кандай роль ойношот?

5. Сапрофиттер менен мителердин негизги айырмасы эмнеде?

6. Сен козу карындарды кайсы топко кирет деп ойлойсуң жана эмне үчүн?

8 – топ: «Козу карын менен дарак симбиозу — микориза» Бир күнү биология мугалими окуучуларды токойго алып чыкты. Ал жерде дарактардын тамырлары жер астында жашырылган козу карын жипчелери менен тыгыз байланышта экенин түшүндүрдү. Мугалим бул байланыш микориза деп аталарын айтты. Бул учурда козу карын дарактын тамырына жабышып, топурактан суу жана минералдарды сиңирүүгө жардам берет. Ал эми дарак козу карынга даяр органикалык азыктарды берет. Окуучулар бул эки организм бири-бирине жардам берип, чогуу жашай аларын көрүп таң калышты. Табияттагы мындай достук байланыш экөөнө тең пайда алып келери аларга кызык болду. Суроо: 1.  Мугалим окуучуларды кайда алып барды? 2.  Козу карын менен дарактын ортосундагы байланыш эмне деп аталат? 3.  Микоризада козу карын даракка кандай жардам берет? 4. Дарак козу карынга эмнени берет? 5. Бул байланыш экөөнө тең кандай пайда алып келет? 6. Табиятта мындай “достук байланыштын” маанисин сен кантип түшүндүрмөксүң

8 – топ: «Козу карын менен дарак симбиозу — микориза»

Бир күнү биология мугалими окуучуларды токойго алып чыкты. Ал жерде

дарактардын тамырлары жер астында жашырылган козу карын жипчелери

менен тыгыз байланышта экенин түшүндүрдү.

Мугалим бул байланыш микориза деп аталарын айтты. Бул учурда козу

карын дарактын тамырына жабышып, топурактан суу жана минералдарды

сиңирүүгө жардам берет. Ал эми дарак козу карынга даяр органикалык

азыктарды берет.

Окуучулар бул эки организм бири-бирине жардам берип, чогуу жашай

аларын көрүп таң калышты. Табияттагы мындай достук байланыш экөөнө

тең пайда алып келери аларга кызык болду.

Суроо:

1. Мугалим окуучуларды кайда алып барды?

2. Козу карын менен дарактын ортосундагы байланыш эмне деп

аталат?

3. Микоризада козу карын даракка кандай жардам берет?

4. Дарак козу карынга эмнени берет?

5. Бул байланыш экөөнө тең кандай пайда алып келет?

6. Табиятта мындай “достук байланыштын” маанисин сен кантип

түшүндүрмөксүң

Үйгө тапшырма §61. «Калпактуу козу карындар» боюнча класстер түзүү Жегенге жарактуу жана уулуу козу карындардын 3 өкүлүн жазуу «Козу карындардын жаратылыштагы мааниси» темасында 5 сүйлөм жазуу

Үйгө тапшырма

§61. «Калпактуу козу карындар» боюнча класстер түзүү

Жегенге жарактуу жана уулуу козу карындардын 3 өкүлүн жазуу

«Козу карындардын жаратылыштагы мааниси» темасында 5 сүйлөм жазуу