СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кан айлануу. Системасы

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Усулдук жардам үчүн алынган 

Просмотр содержимого документа
«Кан айлануу. Системасы»

Сабактын темасы: Кан тамырдын тγзγлγшγ жана аткарган кызматы.

Сабактын билим берγγ максаты: Окуучу кан тамырдын тγрлɵрγ, тγзγлγшγ, аткарган кызматын, кандын организмде айлануусун. Туюк кан айлануунун чоң жана кичине тегерегин, лимфа суюктуктарынын организм γчγн маанисин окуп тγшγнγшɵт.

Сабактын ɵнγктγрγγчγлγк максаты: Тушунγктɵр картасын тγзγγнγ, схема боюнча иштɵɵ кɵндγмдɵрγн жогорулатышат.

Сабактын тарбиялык максаты: Туура тамактануу, дене тарбия кɵнγгγγлɵрγн жасоо, алгачкы медициналык жардам берγγгɵ тарбияланышат.

1.Жагымдуу маанай тартуулоо. Жаңы билим берγγчγ, Бышыктоочу.

Усулу: SEA методу

2.Ɵтγлгɵн теманы кайталоо

3.Жаңы темага ɵбɵлгɵ тγзγγ

4.Рефлексия

5.Бышыктоо γчγн тестик тапшырмаларды берγγ

6.Баалоо

7.Υйгɵ тапшырма берγγ

1) Жообу «Б» тамгасы менен башталган суроолор

-Ич келте кеайсы муунак буттуулардан жугат? (бит)

-Адреналин гормонун кайсы без иштеп чыгат? (бɵйрɵк γстγндɵгγ без)

-микробдор адамдын кайсы бɵлγгγнɵ кирип кетет? (былжырлуу челге)

-скелетти ишке келтирγγчγ ткань ( булчуң)

-Канды зыяндуу -зхаттардан тазалайт ( боор)

-Эң негизги бɵлγп чыгаруучу орган ( бɵйрɵк)

-Мээ бɵлγк кайда жайгашкан? (баш)

-Жал ооруган коз карашты эмнеге салыштырабыз? (боор ооруган)

-Адреналин гормону канда кɵбɵйγп кетсен адам кантип эмоцияга алдырат? (бакырат)

-Жандуу жаратылышты окуткан илим ( биология)

-Жандуу жаратылышты илим катары киргизген окумуштуу (Жан Батист Ламарк)

Ошол кγнкγ число менен башталган сандар катышкан биологиялык маалыматтарды окуу.

Окуучулар тема боюнча стикке ɵзγнγн суроолорун жазышат.

-Кан эмне γчγн суюк, ɵңγ кызыл?

-Эмне учγн кан бир аздан кийин ɵзγнɵн-ɵзγ токтойт?

-Эмне γчγн бир жерибизди кессек жγрɵгγбγз ошол жерде жγргɵндɵй согот?

-Эмнеге катуу сокку жегенде кɵгɵрγп калат?

-Кандан башка дагы организмде суюктуктар барбы?

-Кан эмне γчγн жγрɵккɵ жана ɵпкɵгɵ барат?

Суроолорду бири-бири менен алмашышып, болжолдуу жооп издешет.

-кандын составында эритроциттер, тромбоциттер, лейкоциттер, кан плазмасы болот.

-Тромбоциттеги фибрин белогу эритроциттерди тосуп калат

-кан организмди айланып келип, жγрɵккɵ берет. Жγрɵктɵн кан ɵпкɵгɵ келип вена каны артерия канына алмашат.

-капиллярлардын керегелери жука болгондуктан жарылып кетип кɵгɵрγп калат.

-ɵпкɵдɵ канн кычкылтекке байыйт.

-адамда болжол менен 150 миллиард капилляр бар.

-кан тамырларда рецепторлор жайгашкан.

Аткарган милдети жана тγзγлγшγ боюнча кан тамырлар 3кɵ бɵлγнɵт.

1.Артериялык(ɵңγ ачык кызыл кан)чың,солкулдак,чоюлгуч

2.Веналык (кочкул кызыл)жγрɵккɵ келет бир аз жука ,серпилгич

3.Капилярлар(майда кан тамырлар)керегеси бир кана клеткадан турат.30%кан бар.

Кан тамырдын керегелери 3 катмардан турат: ички ,ортонку,сырткы

Эпителий катмар-жылмакай, кан кенен жылат.

Жылма катмар-чоюлуп, кысылып турат.

Тутумдаштыргыч ткань- байланыштырат, нервдер жайгашат.

Кан айлануунун 2 тегереги болот.Аны 17-кылымда Ульям Гарвей(анг окумуштуусу)ачкан.

Сол карынчадан оң дγлɵйчɵгɵ чейинки кандын жγрγшγ -кан айлануунун чоң тегереги деп аталат.

Сол карынчадан кычкылтекке каныккан артериялык канды толтого , андан мээге, ички органдарга, кол, бут, денеге таратат. (капиллярларынан клеткаларга кычкылтек,азык зат келет) Кайра капиллярларга кɵмγр кычкыл газы ,керексиз заттар ɵтɵт.

Демек, артерия кызыл каны веналык кочкул кызыл канга айланат. Капиллярлар вена кантамырларына ɵтɵт. Эки кɵңдɵй венага кошулат. Жогорку-баштан,колдон,моюндан,кɵкγрɵктɵн келет. Астынкысы –бут,ички организм,тулку бойдон келет.

Оң карынчадан сол дγлɵйчɵгɵ чейинки кандын басып ɵткɵт жолу- кан айлануунун кичине тегереги деп аталат. Оң карынча жыйрылып, ɵпкɵ артериясына жиберет .Ɵпкɵдɵгγ кɵбγкчɵлɵрдγ капиллярлар курчоп, кычкылтек канн (вена канны артерялык канга айланат)

Вена каны кычкылтекке каныгып, артерия канына айланат . Андан кийин ɵпкɵ веналары жана атерия канны сол дγлɵйчɵгɵ куят. Ɵң,сол карынча жыйрылганда кан бир убакта эки тегерек боюнча жγрɵт.

Лимфа системасы.Лимфа (Б,Т)тамырларда болот. Лимфоциттер 2ге бɵлγнɵт.1)тγзсγз суюктук бар лимфа деп аталат.Эритроцит ,тромбоциттер жок. Жолдорунда лимфа бездери бар.(моюнда,колтукта,тизеде,чыканакта,кɵɵдɵндɵ,курсакта болот)

Лимфа системасынын негизги милдети : 1) белокту организмге2) керектγγ заттарды канга ɵткɵрγγ.3) майларды ичегиден соруп алуу.4) иммунитетти пайда кылууга катышуу.микроорганизмдерден сактоо.

Лимфа капиллярлары , клетка аралык суюктук да кирет. Лимфа тамырларына ɵтγп, кɵкγрɵк тγтγгγ аркылуу моюн веналарына куят.

Жыйынтыктоо: Кан айлануунун чоң, кичине тегереги, лимфа тγйγндɵрγ,артерия,вена,капилляр терминдерине аныктама бересиңер.

Бышыктоо:

- Кан айлануунун чоң, кичине тегерегин ким ачкан?

-Эмне γчγн капиллярлардын саны артерия,венага караганда ɵзгɵчɵ кɵп?

-Б лимфоциттин мааниси кандай?

-Т лимфоциттин мааниси кандай?

Окуучуларды баалоодо этап сайын калыптадыруучу баалоону пайдаланам.

Υйгɵ тапшырма: 37-параграф 49-50-51- сγрɵттɵрдγ альбомго тартып келгиле.Терминдерди негиздеп келγγ.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!