Просмотр содержимого документа
«Канада мамлекетине ЭГМ»
Канада мамлекети
Предметтик мугалими:
Анарбекова Гулжан Анарбековна
КАНАДА
Канаданын «Визиттик карточкасы»
Аяна: 9 984 670 км² Калкы : 34 213 000 киши. (2010) Борбору: Оттава Официалдуу тили : англис, француз
Акча бирдиги: канадалык доллар
Парламентарийдик система менен конституциялык монархия
Канаданын желеги
Герби
- Канада (англисче – Canada; французча – Le Canada) – Түндүк Америкадагы мамлекет.
Канаданын экономикалык-географиялык жайгашуусу
Канада – федеративдик мамлекет. Ал 3 аймактан жана 10 провинциядан турат .
Провинциялар (батыштан чыгышка карай) Британская Колумбия Альберта Саскачеван Манитоба Онтарио Квебек Нью-Брансуик Остров Принца Эдуарда Новая Шотландия Ньюфаундленд и Лабрадор
Аймактары (батыштан чыгышка карай) Юкон Северо-Западные территории Нунавут
Провинцияларды бaшкapуу лeйтeнaнт-губepнaтopлop тарабынан ишке ашырылат. Аларды провинциялык өкмөттүн сунушу боюнча генерал-губepнaтop дайындайт. Провинцияларда бир пaлaтaлуу мыйзам чыгapуу жыйыны иштейт. Жергиликтүү өз алдынча бaшкapуу органдарына графтык жана oкpугдук кеңештер, муниципaлитeттep кирет.
Constitution monarchy
The Supreme Court
Queen Elizabeth II
Parliament Hill
Мамлекеттик түзүлүшү
- Канада – федеративдик мамлекет. Бaшкapуу формасы – кoнституциялык монархия. Мамлекеттин расмий башчысы – британдык монарх (1952-жылдан Елизавета II Канада королевасы титулунa да ээ). Анын милдетин Англия кopoлу Канада премьер-министринин кеңеши менен дайындаган генерал-губepнaтop аткарат. Мыйзам чыгapуу бийлиги монархка жана эки пaлaтaлуу парламентке таандык. Төмөнкү палата – Общиналар палатасы. Общиналар палатасынын дeпутaттapы жалпы шайлоодо 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку палата – Сенат. Ceнaтopлopду премьер-министрдин кеңеши боюнча гeнepaл-губepнaтop региондордон дайындайт. Аткapуу бийлиги монархка таандык бoлгoну менен өкмөт – министрлер кабинети иш жүзүнө ашырат. Министрлер кабинетин премьер-министр башкарат. Ал Общиналар палатасындагы көпчүлүк opунду ээлеген партиянын лидерин дайындайт. Өкмөт Общиналар палатасынын алдында жооптуу
Climate
Moraine Lake in Alberta's Banff
The Horseshoe Falls in Niagara
Канаданын жаратылыш ресурстары
Канада түрдүү кен байлыктарга бай: цинк (жалпы запасы боюнча дүйнөдө Австралиядан кийинки 2-орунда), вольфрам (Кытайдан кийинки 2-орунда), уран (Австралия, Казакстандан кийинки 3-орунда), коргошун (Австралия, АКШ, Казакстандан кийинки 4-орунда), нефть (Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда), газ, никель, жез, темир, алтын, калий тузу, молибден, алмаз ж. б.
Гидроэнергетикалык жана токой ресурстарын дүйнөлүк мааниге ээ
Биринчилерден болуп Канадага индеецтер жана эскимостор отурукташкан
Канаданын калкы
- Калкынын саны- 34 213 000 киши. (2010)
- эмгекке жарамдуу курактагы (15–64 жаштагы) калктын үлүшү 69,2%. Калкынын орточо жашы 39,1 жыл. Орто эсеп менен 100 аялга 98 эркек туура келет (1970-жылдарга чейин аялдарга караганда эркектер көп болгон). Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 80,3 жыл (эркектердики 76,9, аялдардыкы 83,8 жыл); бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Калкынын орточо жыштыгы төмөн, 1 км 2 жерге 3 адам туура келет. Алар аймак боюнча өтө ар түрдүү отурукташкан
Религиясы
- Канаданын калкынын 77%и христиандар, анын ичинде 43,6%и католиктер, 29,2%и протестанттык түрдүү деноминациялардын өкүлдөрү, 1,6%и православныйлар; ошондой эле 2%и мусулмандар, 1,1%и иудейлер, 1%и буддисттер, 1%и индустар жана башка.
Чарбасы
Эл аралык адистешкен өнөр жайлары:
- Тоо-кен өнөр жайы ,
- Түстүү металлургия,
- Жыгач өндүрүү жана кагаз иштетүү өнөр жайы,
- Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы .
Чарбасы
- Канада уран өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер
Чарбасы
- Канада алмаз өндүрүү боюнча 2-орунда
Карьер "Дьявик" (Diavik)
Чарбасы
- Канада энергоресурстарды экспорттойт
Теплица - небоскреб
Туризм
- Рекреациялык тейлөөнүн жана аны менен байланыштуу мейманкана, ресторан бизнестеринин мааниси зор. 2005-жылы Канадага келген 36 млн туристтин 14,4 млну АКШлыктар; Кытайдан келген туристтердин саны тез өсүүдө. Туризмден түшкөн киреше 14 млрд долларды түзөт. Туризмдин негизги борборлору: Квебек, Монреаль, Торонто, Ванкувер. Туристтерди, ошондой эле табигый объектилер кызыктырат
Түндүк токой алкагы
Айыл чарбасы
- Айыл чарба продукцияларын негизги өндүрүүчүлөр – адистешкен ири чарбалар; ферма жеринин орточо өлчөмү 300 га. Фермалардын көбү Канаданын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Канада буудай жыйноо боюнча (2007-жылы 26,8 млн т ) 5–6-орунду ээлейт. Жыйналган буудайдын 80%ке жакыны экспорттолот. Ошондой эле арпа, канола, жүгөрү, соя, нокот, жашылча, кара күрүч, күн карама, кара буудай жана башка да эгилет. Өлкөнүн түштүгүндөгү айрым жерлерде алма, алмурут, шабдалы, өрүк, алча, гилас өстүрүлөт; жүзүмчүлүк да өнүккөн. Накта канадалык продукт – ак чечек ширеси (2006-жылы 30 млн л өндүрүлгөн; дүйнөлүк өндүрүштүн 80%ке жакыны); ширенин 70%ке жакыны Квебек провинциясында өндүрүлөт. Айыл чарба өндүрүшүнүн башкы аймагы – Манитоба, Саскачеван, Альберта провинцияларынын Түштүк бөлүктөрү; негизги адистешүүсү – дан эгиндерин өстүрүү (буудайдын 50%тен ашыгы Саскачеван провинциясынан жыйналат); жайытта багылган эт багытындагы мал жана эт-жүн багытындагы кой чарбалары.
Чарбасы
Виннипег — айыл чарба продукцияларынын борбору
Транспорту
- Өлкөнүн түштүгүндө негизги транспорттук коридор-тилке (Атлантика менен Тынч океанынын жээктериндеги портторду байланыштырган жана жарыш жаткан бир нече темир жана автомобиль жол магистралдары) түзүлгөн. Ошол коридорду жээктей көптөгөн ири транспорт түйүндөрү жайгашып, негизги транспорт агымдары өтөт.
- Автомобиль жолунун узундугу 1408,8 миң км (2006); Деңиз транспорту аркылуу сырткы сооданын кыйла бөлүгү өтөт (экспорттун 64%и, импорттун 42%и). Темир жолунун узундугу 74,6 км (2006). Түтүк транспортунун жалпы узундугу 360 миң кмден ашык, анын 316,8 миң кми газ, 45,7 миң кми нефть жана нефть продукту өткөргүч труба. Кеме каттоо Ыйык Лаврентий жана Улуу көлдөр аркылуу өтүп (узундугу 3,8 км), Атлантика океанынын портторун деңиз кемелери Улуу көлдөрдүн порттору менен байланыштырат. Паромдук байланыштар да арбын. 1300дөн ашык аэропорту бар. Ири аэропорттору: Торонто, Ванкувер, Монреаль, Калгари, Эдмонтон.
Ири шаарлары
- Шаар калкы 80%тен ашык; айылда жашагандардын 3 / 4 ү айыл чарба өндүрүшүндө иштебейт. Ири шаар агломерациялары: Торонто (2007-жылы калкы 6324,5 миң), Монреаль (3763,7 миң), Ванкувер (2254,4 миң), Оттава (1152,7 миң), Калгари (1140,9 миң), Эдмонтон (1031,9 миң).
Монреаль
Торонто
Оттава —саясий борбор
Монреаль
— француз маданиятынын, моданын жана финансынын борбору
Калгари
Галифакс
Ошава — автомобилдин борбору