СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кара чарчы сүрөтүнүн тарыхы

Категория: Искусство

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кара чарчы сүрөтүнүн тарыхы»

Кара чарчы (чёрный квадрат)

Сүрөттүн аталышы: «Кара чарчы».

Автору: Казимир Малевич.

Жазылган жылы: 1915-жыл

Өлчөмү: 79,5 x 79,5см.

Техника: Май боёк.

Материал: Холст (таар).

«Кара чарчы» сүрөтү дүйнөдөгү белгилүү сүрөттөрдүн бири. Орус живописи боюнча адистешкен Sotheby's аукцион үйүнүн маалыматы боюнча, Казимир Малевичтин "Кара чарчы" сүрөтүнүн болжолдуу баштапкы баасы жыйырма миллион долларды түзөт. Бирок эмне үчүн? Эмне өзгөчө болушу мүмкүн: ак фондо кара чарчы? Мындай нерсени дээрлик ар бир адам чагылдыра алат. Анда эмне үчүн Малевичтин "чарчысы"?

Казимир Малевичтин "Кара чарчы" картинасы орус авангардынын эң маанилүү чыгармаларынын бири болуп эсептелет. Бул абстракттуу көркөм чыгарма ак фондо тартылган жөнөкөй кара чарчы. Малевич кара чарчы абсолюттук тазалыкты жана жөнөкөйлүктү чагылдырып, аны реалдуу дүйнөдөгү объектилердин сүрөттөлүшүнөн бошотулган жаңы искусствонун чордонуна койгон деп эсептеген. «Кара чарчы» картинасы искусстводогу революциянын символу болуп, искусствонун мааниси жана функциясы тууралуу олуттуу талкууларды жаратты. Сүрөт ошондой эле минимализм жана жөнөкөй стилди колдонуу менен мейкиндик жана форма түшүнүгүн билдирет.



Малевич өзү «Кара чарчыны» искусствонун жаңы башталышынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн символу катары сүрөттөгөн. Бул чыгарма искусствонун табиятын жана анын көрүүчүлөргө тийгизген таасирин изилдөө үчүн жемиштүү ой булагы болуп калды. “Кара чарчыны” чечмелөө талаш маселе бойдон калууда. Кээ бирөөлөр аны минимализмдин жана салттуу искусствону четке кагуунун символу деп эсептешсе, башкалары чексиздиктин жана потенциалдын идеясынын көрүнүшү катары карашат. Бул сүрөт абстрактуу искусствонун жана жалпысынан заманбап искусствонун өнүгүшүнө таасирин тийгизип, 20-кылымдын искусствосунун символу болуп калды.

Малевич «Кара чарчы» чыныгы объектилерди, же предметтерди сүрөттөө зарылчылыгынан бошотулган искусствонун жаңы түрүн билдирет деп эсептеген. Бул формага жана түскө негизделген "таза искусство" идеясын чагылдырган. Сүрөт мурунку чектөөлөрдөн бошотулган искусствонун жаңы башталышын символдоштурган. Малевич кара квадратты дүйнөнүн жана бар болуунун негизги элементи болгон "нөл формалар" деп аныктаган. Ал дүйнөнүн бардык формаларын жана бардык түстөрүн өзүнө сиңирип алгандай, аларды пластикалык формулага келтирди, мында кара (түс менен жарыктын толук жоктугу) жана ак (бардык түстөрдүн жана жарыктын бир убакта болушу) уюлдуулугу үстөмдүк кылат.

Кара чарчы картинасы боюнч кызыктуу маалыматтар:

  1. Сүрөт «Кара чарчы» (кара квадрат) деп аталганы менен сүрөт квадрат эмес. Фигуранын тараптары параллелдүү эмес. Бир дагы туура бурч жок. Малевич идеалдуу образга умтулган эмес, антпесе жөн эле сызгыты колдонсо болмок. Автор динамикалуу, кыймылдуу форма түзгүсү келген.

  2. «Кара квадрат» сүрөтүндө Малевич кара түстү колдонгон эмес.

  3. Кара чарчыдан сырткары дагы эки чарчы бар. Алар кызыл чарчы жана ак чарчы. Кара чарчы - бул үнөмдөөнү, кызыл чарчы – бул революцияны ал эми ак чарчы – таза иш-аракетти билдирет.



Сүрөт учурда Москва шаарындагы мамлекеттик Третьяков галереясында сакталып турат.