1)Уюштуруу (5 мүнөт) | Киса-көбүнчө күмүш чабылып кооздолгон, жанга байланып жүрүүгө ылайыкталган булгаары баштыкча, соорук өтүк-жамбаштын үстү жак бөлүгүнө чейин жете кийилүүчү өтүк, айчык-жарым ай түспөлүндө тартылган белги, саймалап түшүрүлгөн түр, же оюу, олпок-ак олпок деген сөздөн, эпос-грек тилинен алынган, бизче «сүйлөө», «кеп кылуу» деген маанини түшүндүрөт. |
3)Жаңы тема. (10 мүнөт) Кара-Каман аты айтып тургандай эле –кандуу суу. Кан жыттанып күңгүрөнүп, кулдурттап сүйлөгөнсүп, чети шуулдап күчөп жатат. Таң агарып атаары менен Табылды дөбөгө чыгып дүрбүсүн салып караса, төмөнкү кечүүнүн оозундагы калың элдин арасынан бур-бур деген мылтыктын үнү угулат. Байкап караса өйүзгө кар түшүп калыптыр, бүйүз жакты кар тургай жамгыр жок күн чайыттай ачык. Бул көрсө Элдиярдын өнөрү экен, калмактарга кар жаадырып, кыргыздарга нур жаадырып салган. Муну көрүп Табылды токтона албай Элдияр менен Эрмекти издеп аттанып жөнөп калат. Калың эл тарапка көз чаптырса кызыл ала кан көрөт, ошондо Арчаторуну камчылап мында калган баатырлар көргөнго деп бүлүктү, Манас, Манас, Манас деп, баатыр эр мага жанаш деп, Алманбет баатыр келчи деп, жалгызга жардам берчи деп, алымды бүгүн көрчү деп, Чалкалмак канын мен төксөм, калмактар алсын энчи деп карт бөрү Чалкалмакты издеп топ жарып кирип барат. Бир убакта кечүү жакты караса түпөктүү найза колунда, буурул сакалы жайылып, муруту типтик сайылып, кырдач мурун, жаркабак, алгыр бүркүт өңдөнүп Табылдыны көргөндө алдастап ат үстүндө Чалкалмак келе жатат дейт. Ошондо Манастап ураан жат айтып, Алманбет атын бат айтып алмабашын алып колуна, сыр найзасын артып жонуна суу ичинде сайсам деп, сулатып жыгып алсам го Чалкалмакты деп ойлонот Табылды. Ошентип суу ичинде эки дөө айбалтасы менен алышып, аябай башка салышып, кээде жакадан кармай алышып, жалтанбай башка салышып, суу ичинде мылтыгын, кийим кошо сууга малышып урушуп жатат дейт. Мына ошондо Табылды Чалкалмактын саадактай бурул сакалын орой кармап тартты эми, менден алган энчиң деп бир жагын жулуп кайтты эми. Тыталанып кан чыгып, Чалкалмак сыйпалап калат, ошондо суу ичинен чоң таш көрүнүп Табылды менен Чалкалмак эки жакка бөлүнүп кетет. Калган жоокерлер урушун токтотуп Кара-Камандагы суу ичинде урушуп жаткан эки эрди карап туруп калышат. Суу ичинде баатырлар көрүнбөй калат, Элдияр болсо токтоно албай, кырк жигиттке силер жоону алаксытып тургула мен Табылдыга барайын деп барса, суу жээгинде Табылды Арчатору менен суу болуп турат. Барып эле Элдияр колуңдагы чалың кана, качырып жибердиңби колуңдагы олжоону деп жемелеп баштайт. Анда Табылды унчупай туруп анан колундагы бир тутам буурул кыл таштайт да суудан бошотуп жибергенче султан атым өчпөйбү, токсондогу чалды колдон чыгарып жибергенимче, тогошпой эле үйдө жатпаймынбы, акылыман шашып кетип аптыгып мынтык атыпмын, озунуп найза сайыпмын, чоң дайрадан чыкканча, ошого бекер барыпмын, кармашып жеңе албастан карбаластап сакалын жулуп алыпмын, өйүз-бүйүз таңданып эки баатырдын кимиси жеңет деп турганда, катагандан Табылды кур калды дегенден жаман кеп барбы, мындан уят иш барбы, кырк жигит тосуп алдыман Чалкалмак кана деп айтса, ошону кантип угамын деп арманын буулугуп Элдиярга айтып Чалкалмакты жок кылмайынча элимдин алдына барбайм деп сууга кайра түшөт калмактар менен чабышканы. |