Просмотр содержимого документа
«Кара Кыргыз автономиялык областы»
КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛАСТЫНА 90 ЖЫЛ
Билим берүүчүлүк максаты-
Окуучулар Совет бийлигинин улут саясатын жана кыргыздардын улуттук мамлекетинин түзүлүшү анын мааниси тууралуу билишип, көрүнүктүү инсандардын ишмердүүлүгүн таанып билишет.
Өнүктүрүүчүлүк максаты-
Окуучулар тарыхый окуяларды окуп-үйрөнүү менен билим жана билгичтигин калыптандырышат жана өз алдынча окууга көнүгөт.
Тарбия берүүчүлүк максаты-
Окуучулар өз Мекени жөнүндөгү ой жүгүртүүсү калыптанып жана ой чабыты кеңейип,Ата Мекенин сүйүүгө, тарыхый эстеликтерди сактоого тарбияланышат.
Улут маселесинин чечүүдөгү алгачкы кадамдар
Советтик улуттук кыргыз мамлекетинин түзүлүшү жана өнүгүшүнүн этаптары:
1-мезгил.
Октябрь революциясынын жеңишинен Түркстан АССРинин түзүлүшүнө чейин.Бул мезгил кыргыз жеринде биринчи советтердин түзүлүшү жана алардын бекемделүү мезгили болгон.
2-мезгил.
Кыргызстандын Түркстан АССРинин курамына кирген мезгили. 1917-жылдан 1924-жылдын 14-октябрына чейин.
3-мезгил.
РСФСРдин курамында ККАОнун түзүлүшү. 1924-жылдын 14-октябрынан 1926-жылдын 1-февралына чейин. ККАО 1925-жылдын 25-майынан тартып КАО деп атала баштаган.
4- мезгил.
РСФСРдин курамында Кыргыз АССРинин түзүлүшү. 1926-жылдын 1-февралынан 1936-жылдын 30-декабрына чейин.
5-мезгил.
Кыргыз ССРинин мезгили.
1936-жылдын 30-декабрынан 1990-жылга чейин.
6-мезгил.
1990-жылдын 15-декабрынан башталган суверендүү Кыргызстан. Ал эми 1991-жылдын 31-августунан тартып Эгемендүү Кыргыз Республикасы. СССР 1991-жылдын декабрында жоюлуп, союздук республикалар өз алдынча эгемен мамлекеттерге айланды.