СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 27.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Кара-Кытайлар"

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Кара-Кытайлар"»

Кара-Кытай мамлекети.

Кара кытай —этноним. "Манас" эпосунда кыргыздардын кытай деген этноним менен аталган эпикалык башкы душманы. "Кыргыз элинин бытырандылыкка учурап, баскынчылар тарабынан күч менен ар кайсы жакка таратылып сүрүлүшү тарыхта чыныгы болгон факт. Бул окуя 10-кылымда моңгол тилине жакын тилде сүйлөгөн Кара-Кытайлардын (алардын дагы бир аты — кидан) баскынчылык менен кол салып, кыргыздардын мамлекеттигин бузган чабуулуна туура келет... Кыргыз урууларынын тарыхта эң күчтүү мамлекет болуп турган учурунда кол салып бирдигин бузган кидандар (кара кытайлар) болгондуктан, элдин өмүрүндөгү мындай оор кезең эпосто из калтырбай койгон эмес. Ошондуктан эпос боюнча кыргыздардын душманынын "кара кытай", "кытай" деп аталышы, тилде да "кара кытайдай каптап" деген ылакаптын пайда болушу кокустан эмес" — деп Б. М. Юнусалиев көрсөтсө, Б. Жамгырчинов да "Манас" эпосунун алгачкы тарыхый негизи К. к-лардын чабуулдарына каршы күрөшү мезгилинде пайда болгондугун белгилейт. Орхон-Эне-Сай жазууларында К. к. түрктөрдүн чыгышында жайгашкан күчтүү душманы катары бир нече ирет эскерилген. Ал кытай жазмаларында 8-кылымдан тартып белгилүү. К. к-лар алгач Манжуриянын түштүгүн мекендеген эл. Мусулман жазууларында К. к. жалпы эле кытай деген түшүнүктө колдонулган. 10-кылымдын башында 916-ж. ченде (тунгус, кээ бир булактарда моңгол тилинде сүйлөгөн эл К. к-лар Тынч океандан тартып, түндүгү Байкөл (Байкал), түштүк - батышы Тянь-Шанга чейинки аралыкты ээлеген күчтүү империяны түзгөн. В. В. Бартольд менен А. Г. Малявкиндин маалыматгары боюнча К. к. сулалесинин борбору Түндүк Кытайда болуп, ал Ляо (Кытай жазмаларында) деп аталган. Сулалени негиздеген Абаоцзи (Ила-Абула) 840-ж. эне-сайлык кыргыздардын карамагында болгон Түн. Моңголияны басып алып, Ордо Балыкты талкалап, бийлигин чыгыш Түркстанга чейин кеңейтет. Орхондогу Билге канга арнап тургузулган эстеликти бузуп, өзүн даңазалаган жазууну чегүүгө буйрук кылат. Кытайда кыйла мезгилге чейин бийлик жүргүзгөндүктөн, кытай маданиятын дээрлик кабыл алат. Түш. Кытайдагы Сун сулалесинен алман алып да турган. 1125-ж. тунгус тилинде сүйлөгөн чжурчжендер Сун сулалеси менен биригип К. к-лардын сулалесин жок кылат. Елюй Да-ши башчылык кылган К. к-лардын тобу Орто Азияны басып кирип, Си Ляо (Батыш Ляо) деген мамлекетин түзөт. К. к. империясынын башында Гуркан аттуу башкаруучусу болгон. Мусулман жазууларында Гуркан " Кандардын каны" деген маанини билгизген. К. к-лар маникей дининде болушкан. К. к-лардын батышка карай келиши эки жол менен өтөт.

К. к-лардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстан аркылуу өтөт. Бирок ал Табгач кан Хасандын уулу Кашкарлык Арслан кан Ахмедден сокку жеп, кол башчысы анда өлгөн. Бул согуш 1128-ж. болгон деп болжолдонот. Араб жазуу булактарында мусулман элдеринин ичинен К. к-ларга биринчи болуп Баласагун кан баш ийген деген кабар айтылат. Ибн Ал-Асирунын маалыматында 16 миңден турган К. к-лардын бөлүгү Жети-Сууга Арслан кандын (Сулеймандын) мезгилинде эле келип орношуп, кийин жергиликтүү көчмөн калктар менен сиңишип кеткен. К. к-лар эпосто кыргыз элинин айыгышкан жоосу иретинде сүрөттөлөт: "Биздин кыргыз аз болот, Кара кытай, манжу журт Биздин журтка кас болот" (Саякбай Каралаев, 2. 8).

Тегерегин карабай

Алоокенин Коңурбай

Чымын жанын аябай

Каңгайдын дөөсү өлгөндө

Мен эмне болом — деп,

Кара кытай көп журтум

Кай бетим менен көрөм — деп (Курама варианты, 2. 217).

К. к-лар 10-кылымда Чыгыш Түркстандагы көчмөн калктар сыяктуу эле Чынгыз кандын мамлекетине туруштук бере албай, өзүлөрүнүн мамлекеттик абалынан ажырап, кийин казак, кыргыз элдеринин калыптанууу процессинде аралашып кеткен. Балким, кыргыз элинин уруулук курамында кытай, манжу деген эски аттардын сакталып калышы, ушул тарыхый факты менен да түшүндүрүлүшү мүмкүн.

К. к-лардын "Манас" эпосунда эпикалык душман катарында чагылгандыгына колубузда болгон анын көптөгөн варианттарына караганда 16-кылымдын башында жазылып калган "Мажму ат-таварих" кол жазмасы көбүрөөк ишенимдүү маалыматтарды берет. Кол жазмадагы Манас баатыр жөнүндөгү окуялар менен кыргыз уруулары тууралуу тарыхый-этнографиялык маалыматтар эпостун тарыхый жана анын өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн аныктоо боюнча маанилүү фактыларды берет. "Мажму ат-таварих" боюнча Манас баатырдын негизги душманы Жолойдун тарабында солон, шибе элдери катышкандыгы айтылат. "Манас" эпосунун кийинки варианттарында да кыргыздын башкы душмандары болгон калмак-кытайлар жаатында солон, шибе деген элдин өкүлдөрү катышат. Демек, солон, шибе деген конкреттүү элдердин ысымдары салттык түрдө сакталып келатышы да бекеринен эмес. Бул элдердин өткөндөгү тарыхы да К. к-лар менен байланышат. Мына ошол "Мажму ат-таварихте" сүрөттөлгөн Жолой менен К. к-лардын башчысы Елюй Да-шини бир адам деп эсептөөгө болот. К. к-лардын негизги бөлүгү (жаңы келишкенде) азыркы Түн. Кыргызстандын аймагына жайгашып калышкан. Алардын калдыгы "кара-кытай", "кытай" деген ат менен кыргыз элине кошулган. Чаткал кыргыздарынын арасында "кара-кытай" уруусунун басымдуу болушу бекеринен эмес, уламыштарга караганда алардын Чаткал өрөөнүндө Күлбөскан деген башкаруучусу болгон экен. Ошентип, байыркы кыргыздардын бирдиктүү мамлекет болуп турган кезде (9—10-к.) баскынчылык кылган К. к-лардан жапаа тартышы, быты рандылыкка, бүлүнчүлүккө жана калың кыргынга учурашы байыркы "Манас" жомогунун чыгышына себеп болушу мүмкүн.

Кара-кытайлардын бир бөлүгү түндүктө өз алдынча Найман хандыгына биригишет. Ляо династиясынын өкүлдөрүнүн бири Елүй Даши тиешелүү эли меиен адегенде түндүк тарапка Енисей кыргыздарын көздөй кире качкан. Бирок кыргыздар аны өз журтунан кубалап чыгарат. Елүй Даши өзүнө тиешелүү уруулар менен батышка качып олтуруп, Эмил өзөнүнүн боюна (Азыркы Кытайдын Казахстан менен чек арасына жакын жер) орношот. Мында ал бытыранды кытай качкындарын чогултуп, бир катар түрк уруулары менен союз түзгөн. 1129-ж. карата ага 40 минге жакын түтүн баш ийген. Е1лүй Даши өзүн «гурхан» (хандардын ханы) деп жарыялаган. Мамлекети Кара-кытайлар хандыгы деп аталган. Вул убакта өз ара ырксыздыктарга жана чырдашууларга баткан карахандардын Чыгыш кагандыгы алсызданып калган болучу. Түрктөрдүн, карлуктардын жана кангылардын көчмөн уруулары Баласагындын башкаруусуна каршы чыгышкан Орто кылымдар тарыхчысы Жувейни мындай деп жазган: «Баласагындын ханы …Өзүнүн начарлыгын жана алсыздыгын моюнга алып гурханга элчилерин жиберди, кангылардын жана карлуктардын зтекүрчулүгүнө жана эомбулугуна даттанып, Гурхандын вз ордосуна келишин, өзүн бардык туйшүктэрдөн куткарышын өтүнду, өз мамлөкетинин аймагыңдагы бүткүл бийликти ага өткөрүл бөре тургандыгын билдирди. Гурхан Баласагынга женсп, падыша тактысына олтурду, Афрасиабдын (караханийлердин) урлактары хандык наамдан айрылды». Чыгыш кагандыктын жерлерин өзүнө оңой эле багындырган жана карахандар династиясын бийликтен четтеткен гурхан жаңы Сн Ляо (Батыш Ляо) мамлекетнн негиздеп, Баласагынды (кара-кытайча Хосун ордо) өзүнүн башкы шаарына айландырды. Ошентип, кара-кытай баскынчылары Енисей дарыясынан Сыр-Дарыяга чейинки зор аймакты башкарып калды. 1134-ж. Елүё Даши мурда жоготкон Ляо империясын чжурчжендерден кайра тартып алууга аракеттенген. Каракытай хандыгы куралгандан көп өтпөй, алар Енисей кыргыздарына дагы бир жолу чабуул жасагая. Бул чабуулдан кийин ал жактагы чакан Кыргыз ээликтери бир топ алсызданган. Кээ бир тарыхый маалыматтарга караганда Енисей кыргыз ээликтери бул мезгилде абдан начарлап, карамагындагы уруулар бир нече бөлүктөргө бөлүнгөндүгү, кыргыз тайпаларынын ар тарапка бытырап кеткендиги белгилүү. Бирок, кыргыздар бир кылымдай убакыт согуш жүргүзүп, каракытайларга моюн сунган эмес. 1141-ж. көчмөн карлуктар Батыш Карахандар каганына каршы көтөрүлүшкө чыгып, кара-кытайларды жардамга чакырышат. Махмуд Ибн Мухаммед каган болсо жардам сурап селжук султаны Санжарга кайрылат. Эки аскер кошууну Самарканддын түндүк-чыгышындагы Катван талаасында жолугушат. 1141 -ж. сентябрдагы салгылашууда кара кытайлар селжук-караханий аскерлерин талкалап, көп убакыт өтпөй бүткүл Батыш кагандыктын жерлн да багындырып алышкан. Гурхан мында Карахандар династиясын биротоло жок кылган эмес, анын вассалдык көз карандылыгына канааттанып, аскерлерин Чүй өрөөнүнө алып кетет. 1158-ж. Хорезм кара-кытайларга багыныл берет. Хорезм шахы гурханга алтын менен 30 мнц динар салык төлөөгө милдеттенген. Кара-кытайлар багындырылган жерлерден салык алып турушкан. Гурханга түздөн-түз багынган аймакта калкты каттоо жүргүзгөн болучу. Батыш Ляодо көчмөндөрдүн 84,5 мин үй-бүлөсү жашап турган, алар эркектерди аскердик кызматка берген. Ар бир түтүн казынага бир алтын динар өлчөмүндө салык төлөөгө милдеттүү болгон. Шаар калкы андан да көбүрөөк салык төлөгөн. Мисалы, Баласагындын тургундарынан түшкөн салык казынанын кирешелеринин ондон бир бөлүгүн түзгөн. Кара-кытайлар башка диндерге карата чыдамкай мамилеси менен айырмаланышкан. Алар буддизмге сыйынуу менен исламды кысымга алышкан эмес. Ошентсе да алар Орто Азия элдеринин маданиятына маанилүү таасир көрсөтө алышпаган. Өлкөнү башкаруудагы башаламандыктар жана ваосалдык ээликтердин борборго баш ийбөөгө умтулуулары кара-кытайлардын мамлекетин алсыратат. 1208-ж. Чыкгыз хан Иртышта талкалаган найман жана меркит уруулары гурхандын жерине качып келишкен. Найман падышасынын уулу Күчлүк гурганха кызматка өтүп, өз элинин калдыктарын чогултат да, Жетн-Сууга орношот. Ошондон бир жылдан кийин Батыш Ляо оор жагдайга дуушар болот. Чыгышта мурда кара-кытайлардын бийлик алдында болгон уйгур чакан ээлиги бөлүнүп чыгып, Чыңгыз хандын букаралыгына өтөт. Батышта Хорезм шахы Мухаммед жана Мавераннахрдагы караханийлердин башкаруучу династиясындагы анын союздашы Осмон ибн Ибрагим Баласагунга жортуул уюштурат. 1210-ж. август-сентябрда Хорезм менен Мавераннахрдын бириккен күчтөрү кара-кытайларды Талас суусунда тосот. Кан суудай аккан салгылашуудан дарманы кеткен эки армия тең артка чегинишкен. Ач-жыланач кара-кытайлардын армиясы кайра тартып баратканда, жолдогу өз ээликтерин тоноп, бүлгүнгө учурата баштаган. Талоончулардын чоң тобу Баласагунга жеткенде, шаардын адамдары дарбазаларды жаап алышкан. Аскерлерге өз баш калаасынын дубалдарына чабуул коюуга туура келген. «Кара-кытайлардын артынан мусулмандардын аскерлери келатышат» деген айын кепке ишенишкен шаардыктар жан аябай салгылашьш, 16 күнгө туруштук беришти. Баласагундун кайгылуу окуясьш Жувейни мындайча сүрөттөгөн: «Акыры кытайлардын аскерлери, …шаарга киришти, кылычтары менөн кыя чаап эч кимди аяшлады. Үч куи, үч түн бою алар адамдарды өлтүрүштү. Өлтүрүлгендердун арасында жети миң кадыр-баретуу, аттуу-баштуу адамдар бар болучу. Гурхандын аскерлери олжого тунду…» Зомбулуктун жана мамлекеттин бузулуш кырдаалын каракытайлардын экинчи бир бөлүгү болгон наймандардын башчысы Күчлүк пайдаланды. 1210-ж. эле ал Өзгөнгө кол салып, гурхандын казынасын басып алган, бир жыл өткөн сон кара-кытайлардын падышасын туткунга түшүрөт. Бирок Күчлүктүн абалы бекем эмес эле. Карамагындагы калк аны бийликти күч менен тартып алган зулум катары адилеттүү эсептеп, баш ийүүнү каалаган эмес. Чыгыш Түркстандын шаарларынын көтөрүлүшү төрт жылга созулду. Аларды наймандар 1214-ж. гана зорго басышты. Батышта Хорезмшах Мухаммед күчөдү, ал өзүн гурхандын закондуу мурасчысы деп эсептеген. Чыгышта болсо Чыңгыз хан өзүнүн саатын күтүп турган. Бул учурда Кыргызстандын эле эмес, Азия менен Европанын көпчүлүк өлкөлөрүнүн тарыхында да жаңы этап башталган. Бардыгын кыйраткан монгол-татар жортуулу жакындал келаткан.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!