СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Караева Жийдекан эжеден интервю

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Караева Жийдекан эжеден интервю»

Ɵрнөктүү өмүр.

( Караева Жийдекен)

-Саламатсызбы эже. Мугалимдер майрамыңыз менен куттуктайм!

- Ырахмат.

- Сизге алгачкы эле суроом эмгек өргөңүз кандай өтүп жатат ?

- Буйруса жакшы! Эс алуум жакындарымдын курчоосунда өтө сонун өтүп жатат. ( Күлүп)

- Ушул эле суроону улай. Сиз көп жылдан бери окуучулар менен иштешип келе жаткансыз .окуучулардан деги эле мектептен алыс болгондо сизде кандай сезимдер болду ?

- Ой! Менде кызык сезимдер болду . Мектепти, окуучуларымды ойлонбогон күнүм болбой жатат. Күндө бир маал жакшы окуган окуучуларымдын туура жооп берип ,мени сүйүнткөндөрүн бейбаш окуучуларга жинденип,ачууланганымды эстеп алып күлүп коём.

- Эмгек таржымалыңыз жөнүндө жана мугалимдикке ким түрткү берген? -Кичине кезимде эле мугалим болсом деген көкүрөгүмдө көксөө бар эле . Ошентип, ата-энемдин , жакындарымдын жардамы менен мугалимдик кесипти аркалап калдым. Азыркы А. Мамыров мектебине 1989-жылы конкурстун жыйынтыгы менен директор болуп шайландым. Ал чоң жоопкерчиликти алгандан кийин жумуштун ысык -суугун көтөрдүм . Ыйлаганда,жыргаганда, кээде керээли кечке мектепте болуп, үйгө кечинде эле барган күндөрүм да болду. Бирок аны түшүүнү менен кабыл алган үй-бүлөмө дагы чоң рахмат . 2009-жылы эмгек өргүүсүнө чыгып, 2010-жылы директорлук орунду тапшырып бердим!

- Жыйынтыктоочу сөз сизде .

- Биринчиден менин атыман мектептин коллективине жана окуучуларга ысык салам! Жана бүт мугалимдерди келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктайм! Кааларым чын ден - соолук , узун өмүр, бакыт таалай жана эч качан жүздөрүңүздөрдөн жылмаю кетпесин . Силер болсо жакшы окуп көптөгөн ийгиликтерге жетишкиле. Мектеп менин үйүм, силер болсо менин үй-бүлөөмсүңөр . Келечекте силерден көптү күтөм!

-Маегиңизге чоң рахмат!



Маектешкен: Эсенбекова Толгонай.